www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 191

КСДПнын басма сөз кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктады

17-сентябрь 2019, 21:03 Айдар Нуралиев

КСДПнын басма сөз кызматынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү менен куттуктады. Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сизди туулган Күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Акыркы убактарда Сиздин ысымыңызга канчалык ыпылас, ойго келбеген калп менен жалааны жаап жатышканына карабай, Сиз партиялаштарыңыз, баарыбыз үчүн, ошондой эле Сиздин өлкөгө, кыргыз элине өтөгөн ак кызматыңызды жакшы билген миңдеген кыргызстандыктар үчүн чыгаан Инсан жана саясатчы катары үлгү болуп кала ...

0 226

Максат айылынан 700 киши эвакуацияланды деген маалымат чындыкка дал келбейт

17-сентябрь 2019, 20:40 Айдар Нуралиев

Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынан 700 киши эвакуацияланды деген маалымат чындыкка дал келбейт, жергиликтүү бийлик тарабынан жөнөкөй жарандарды эвакуациялоо иши жүргөн эмес. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.  Кечинде жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү коопсуздук үчүн жакынкы айылдардагы туугандарыныкына өздөрү кеткен. Алар негизинен аялдар, кары-картаңдар жана балдар. Эртең менен айылдыктар өз үйлөрүнө кайра ...

0 332

Тажик тарап дагы кыргыз тарап дагы бири-бирине “ме” деди

17-сентябрь 2019, 20:18 Айдар Нуралиев

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Тажикстандагы иштериндеги ишенимдүү өкүлү эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон чатакты талкуулаш үчүн чакырылган эле. Эки тараптын маалыматына караганда, чатактын натыйжасында төрт чек арачы, анын ичинде Кыргызстандын бир, Тажикстандын үч чек арачысы курман болгон. Эки тарап жоопкерчиликти бири-бирине жүктөдү. Жолугушууда тажик тарап ...

0 531

Эмил Каптагаев чек ара меселесин чечүүнүн эки жолун айтты

17-сентябрь 2019, 20:09 Айдар Нуралиев

Чекара маселесин тезинен чечүүнү талап кылып жаткандар бир нерсени так түшүнүштөрү зарыл - жер талаш жөн эле жай отуруп сүйлөшүп чечип коюучу маселе эмес. Чечүүнүн биринчи жолу - СОГУШ. Мындай болсо талаш жерди күчтүүсү алат. Экинчи жолу - КЕЛИШҮҮ. Мындай жолдо биз дагы, алар дагы кайсы бир талаш болуп турган жерлерден баш тартышыбыз зарыл, бул жерди биз алалы, ал ...

0 781

Мухаммедкалый Абылгазиев каза болгон Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды

17-сентябрь 2019, 19:55 Айдар Нуралиев

Баткен облусунун Исфана шаарында аскердик милдетин өтөө маалында каза болгон Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Чек арачыны акыркы сапарга узатууга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары,  вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Р. Муминовдун кесиптештери катышышты. Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана ...

0 116

АУДИО - Чек арада азырынча кырдаал тынч

Аудиофайл 17-сентябрь 2019, 19:53 Айдар Нуралиев

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Максат айылынан 752 тургун көчүрүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар кабарлады. --Кечээ кырдаал курч болуп кеткенде Максат айылынын тургундары абалдын чыңалуусуна байланыштуу, өз үйлөрүнөн убактылуу чыгып кетишкен. Алар Эски оочу айылынын мектептерине жайгаштырылды, учурда эркектер жашаган жерине кетти, аялдар калышты. Азырынча кырдаал тынчып калды. Ок ...

17-сентябрь 2019, 19:53 | 116 | Аудиофайл
0 718

Төрөлгөн айы боюнча жан дүйнөнүн символу

17-сентябрь 2019, 19:49 Кызгалдак Жакыпова

Адам өзүн өзү биле элек. Чындыгы ошондой. Анткени адам өзүн өзү таануучу миңдеген ыкмалар бар экен. Анын бири жан дүйнөнүн символун билүү үчүн туулган айыңызды айтыңыз. Январь - улуу Элдин баары сизди үлгү кылып, сизге карап түздөнгөн табигый лидерсиз. Кандай гана кыйынчылык болбосун тез жана максаттуу чечүүдө сиздин эркиңиз күчтүү жана кайраттуусуз. Айланадагыларга мамиле кылууда эмоцияңызды көзөмөлдөй аласыз. Сиздин ...

0 1913

БОЛГОН ОКУЯ: "Кайтар дүйнө"

17-сентябрь 2019, 19:25 Кызгалдак Жакыпова

20 жашымда мени таштап кеткен жигитке баш тегеретме окуттуруп койгон элем. Анан көзү ачыктын көрсөтмөсү боюнча, дубанын таасири жигитке тийүүсү үчүн бир жума бою түн бир оокумда киши көзүнө чалдыкпай, ээн, тынч бөлмөдө шам жагып, маңдайына сүрөтүн коюу менен экөөбүздү бириктире турган дубаны окугам. Бул тууралуу жан кишиге айткан эмесмин. Ошондон кийин жигитим мага кайра кайтып келген, бирок үч айдан ...

17-сентябрь 2019, 19:25 | 1913
0 257

Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы чек ара окуясынын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды

17-сентябрь 2019, 18:58 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен биргеликте Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  Белгилей кетсек, атышуу учурунда 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен он жаран бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук ...

0 171

Кыямат - кайымга ким даяр?

17-сентябрь 2019, 18:55 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы убакта акыр заман жөнүндө көп айтышчу болду. Алтургай, кыямат кайым болчу күнгө атайы даярданып, өздөрүн сюрвивалисттер деп атаган адамдар бар деп уктум. Кул адамдар тууралуу толук айтып бере аласыздарбы? "Сюрвивализм" сөзү "Survival" - деген англис сөзүнөн алынып, бизче жашоого умтулууну түшүндүрөт. Аны эң биринчи колдонгон америкалык журналдын башкы редактору Күрт Саксон. 1975-жылдары дүйнө жүзү атомдук согуш болуп кетеби деп коркунучта ...

17-сентябрь 2019, 18:55 | 171
0 1342

БОЛГОН ОКУЯ: "Өлүп тирилгендер..."

17-сентябрь 2019, 18:49 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуянын болуп өткөнүнө бир топ жыл болуп калды. Окуяны уккан соң табияттын табышмактуулугуна дагы бир жолу таң берип "тобо" деп жакабызды кармап отуруп калганбыз. Ал окуяны өз оозу менен төмөнкүчө баяндап берген. -Мен ал күнү жумушта отургам, - дейт ал, - аңгыча телефон чыр дей  түшкөндөн  алсам,  жакын досторумдун бири Рахман экен. -Мага Мурат керек эле. -Угуп жатам.

17-сентябрь 2019, 18:49 | 1342
0 1215

Тажикстан чек арадагы чырдан үч жоокери өлгөнүн тастыктады

17-сентябрь 2019, 18:27 Айдар Нуралиев

Тажикстан 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун тастыктады. «Азаттыктын» тажик кызматы бул маалыматты 17-сентябрда Согди облусунун акиминин басма сөз катчысы Музаффар Юнусов ырастаганын жазды. Ал телефондон кыска гана маалымат берип, каза болгондордун бирөө полковник, экөө катардагы жоокер экенин айткан. Алар: Овчи-Калача өткөрмө жайынын жетекчиси Рустам Убайдуллоев (35 жаш), Рамазон Исломов (21 жаш) жана Гиёсиддин Суванов ...

0 64

18-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

17-сентябрь 2019, 18:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын аймагында 18-сентябрда жаан жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде абанын температурасы 0…-2° болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28; Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20; Нарында түнкүсүн 1…6, ...

0 64

АКШ Иранга жооп кайтарышы мүмкүн

17-сентябрь 2019, 18:05 Кызгалдак Жакыпова

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сауд Арабиянын улуттук «Saudi Aramco» мунай ишканасына таандык жайларга карай кол салуунун себебинен өлкөсүнүн Иранга аскердик кийлигишүүсүнүн ошондой эле жооп болоорун билдирди.  Трамп Нью-Мексико штатына аттанаар алдында Ак үйдүн алдында журналисттерге маалымат берди. «Saudi Aramco» ишканасына таандык жайларга кол салуунун артында Ирандын болуп же болбогондугу боюнча кыска мөөнөттүн ичинде так жыйынтык ала тургандарын белгилеген Трамп: ...

0 48

Мирлан Мурзаев “Дордойго” кайтып келди

17-сентябрь 2019, 18:00 Нурбек Айдар

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев Түндүк Кипрдин командасы менен түзгөн келишимин бузуп, “Дордойго” кайтып келди. Кыргыз Премьер-Лигасы билдиргендей, Түндүк Кипрдин Футбол федерациясы ФИФА тарабынан таанылган эмес. Ошондуктан, бул чемпиондукта Мурзаев ойносо, улуттук курама команда үчүн Азия жана Дүйнө чемпиондуктарынын тандоо турларында ойной албай калмак. Булак: "NazarNews.kg"

0 80

УКМК улуттар аралык кастыкты козуткан терс мүнөздөгү чакырыктарды жайылтуудан алыс болууга чакырат

17-сентябрь 2019, 17:52 Кызгалдак Жакыпова

Учурда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү “Максат” чек ара районундагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөзүп жатат. Муну менен катар УКМК өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды атайын курчутуп, улуттар аралык кастык аркылуу массалык баш аламандыкты жана ар кыл каршылык акцияларын уюштурууга алып келе турган аракеттерди алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Буга байланыштуу, коомдогу чыңалууну алып келе турган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 69

Улуттук көчмөндөр оюндары. Көк-бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктар чыкты

17-сентябрь 2019, 17:50 Нурбек Айдар

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-бөрү боюнча 9 команда ат салышууда. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында бул 9 команда 3 тайпага бөлүнгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, спорттук оюндар 16-сентябрда саат 16:00дө Райкан Алканов атындагы ат майданында башталган. Көк-бөрү боюнча мелдештин жыйынтыктары: 1-күндүн жыйынтыгы:

0 158

Мадумаров чек ара чырына байланыштуу бийликти сындады

17-сентябрь 2019, 17:34 Кызгалдак Жакыпова

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасында адам өмүрүн алган акыркы окуялар боюнча видео кайрылуу таратты. Мадумаров бийликти сындап, чек ара чырынын алдын алууга мүмкүнчүлүк болгонун жана аны күчөтпөө үчүн азыр да мүмкүнчүлүк бар экенин айтты. Ал үчүн бийлик колунан иш келген адамдарды кызматка коюшу керек экенин кошумчалап, ушул жылдын июль айында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин ...

0 346

Россиядан алган аскерий "Буханкалар" чек араны коргоп жүрөбү?

17-сентябрь 2019, 17:40 Кызгалдак Жакыпова

Орто Азиядагы мыкты дипломатия-бул күчтүү куралдуу күчтөр жана мыкты күч түзүмдөрү. Коңшулар менен ар кандай чыр-чатактар, келишпестиктер Кыргызстан өзүнүн армиясын, куралдуу күчтөрүн жана түзүмдөрүн, ошондой эле армиядагы сандык көрсөткүчтү жок дегенде 30 миңге жеткирмейин болуп тура берет. Мына ушундай пикирин өзүнүн фейсбук баракчасына Медербек Карганбаев аттуу жаран калтырган. Анын айтымында, “Душанбе, Ташкент менен эсеби жок жолугушуулар боло берет, алар артыбыздан ...

0 168

Норвегияда балыкчылар “башка планеталык” балыкты кармап алышты

17-сентябрь 2019, 17:18 Нурбек Айдар

Норвегияда балыкчылар таң калычтуу балык кармап алып, кууруп жеп алышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, норвегиялык Оскар Лундаль аттуу балык кармоо боюнча гид кардарлары менен палтус балыгын кармоо үчүн деңизге чыккан. Туристтер Түндүк деңизиндеги Аннейа аралына жакын жерде балык уулап жатышкан. Лундаль кайырмагына бир нерсе түшкөнүн байкап, кылды тарта баштаган. 800 метр тереңдиктен балык уулап жатышкандыктан, ...

0 388

Садыр Жапаровдун уулу менен кошо кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты

17-сентябрь 2019, 16:54 Нурбек Айдар

Садыр Жапаровдун уулу Дастан менен кошо кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты.  Маалыматка ылайык, К.Д. аттуу 1998-жылы туулган кыз тиешелүү медициналык жардамдарды алган соң 5-сентябрда ооруканадан чыккан. Эске салсак, саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу 22-август күнү саат 22:00 менен 23:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар айылында жайгашкан "Фрунзе" маркетинин алдында болгон жол кырсыгында көз жумган. Ал айдаган мотоциклде 20 ...

0 94

Сноуден WhatsApp менен Telegram мессенжерлерин колдонуда сак болууга чакырды 

17-сентябрь 2019, 18:18 Алтын Булат

Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден  France Inter француз радиостанциасынын эфиринде Вотсап, Телеграм колдонгон чоңдорду сак болууга чакырды. Анын айтымында, бул мессенжерлердин колдонуучуларынын эмне жазып, эмне маалымат бөлүшүп жатканын аңдуу оңой. Эфир учурунда Сноуден, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Telegram, өкмөт башчысы Эдуард Филипп WhatsApp колдонушарын билдирген. Ал жогорку кызматтардагы чиновниктердин WhatsApp колдонуусу чоң кемчилик экенин баса белгилейт.   Ошондой ...

0 93

Чек арадагы чыр-чатак. Киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду

17-сентябрь 2019, 16:44 Нурбек Айдар

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына ИИМдин өкүлдөрү маалымат берип жатып билдиришти. Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков парламенттин укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында окуялардын хронологиясын тизмектеп берди. Эми маалыматтар эртең палатада угулмакчы. Булак: "NazarNews.kg"

0 46

Сирия маселеси тууралуу үчтүк саммиттен биргелешкен маалымат билдирилди

17-сентябрь 2019, 16:27 Кызгалдак Жакыпова

Түркия  - Орусия  -  Иран үчтүк саммитинин биргелешкен маалыматында Сириянын эгемендиги, көз карандысыздыгы, биримдиги жана жеринин бүтүндүгү менен БУУнун принциптерине берилгендик баса белгиленди. Бул тууралуу trt.net.tr жазып чыккан. Сирия маселеси каралган үчтүк саммит президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Орусиянын президенти В. Путин жана Ирандын президенти Хасан Руханинин катышуусу менен борбор шаар Анкарада Чанкая сарайында өткөрүлдү. Саммиттин акырында жарыяланган биргелешкен ...

0 386

«Бышып калган» жумуртка Сапар Исаковду Атамбаев кантип пайдаланган?

17-сентябрь 2019, 16:06 Кызгалдак Жакыпова

Мурунку өкмөт башчысы Сапар Исаков «бышып калган» жумуртка сыяктуу президентти көздѳп жылып келаткан. Албетте, ал жөн эле чыга калган жок. Алгач аны сигарети менен ааламга таанылган, экс-тышкы иштер министри, Сансызбай Иманалиевдин уулу Мурат Иманалиев деген Кытайга  кыргыз жерин алып берген жигит көтөрмөлөгөн. Ага деле жакшылык кылбады. Андан соң аны дагы бир экс-тышкы иштер министри, азыркы Орусиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов ...

0 258

ВИДЕО – “Бир звонок менен иштен айдатам!” деген жигитке МАИнин жообу

17-сентябрь 2019, 15:48 Алтын Булат

Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочунун Иманалы Саркуловдун атын айтып, МАИ кызматкерлерин коркутуп жаткан видеосу социалдык тармактарга таркаганы боюнча жазганбыз.  Бул боюнча жетекчинин пикирин билүүгө кызыгып, ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына дагы кайрылган элек.  Көп күттүрбөй алардан жооп иретинде видео да келди. Анда тууганы болуп жаткан айдоочу менен ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын орун ...

0 91

Мухаммедкалый Абылгазиев: "Биз бардык күчүбүздү чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыкта чечүүгө жумшайбыз"

17-сентябрь 2019, 15:46 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчы кечээ кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясына байланыштуу айылдагы учурдагы абал менен таанышты. Айылдын тургундары менен жолугушуу учурунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, чек ара маселелерин чечүү жана чек арага жакын аймактагы айылдардын ...

0 151

ВИДЕО - Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийди

17-сентябрь 2019, 15:30 Нурбек Айдар

Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийип, бактыга жараша эч ким жабыр таркан жок. Маалыматтарга караганда, бул окуя Орусиянын Новосибирск шаарынан Бердск шаарына бараткан трассада болгон. Машинага чагылгандын тийгени анын артында бараткан унаанын видеорегистраторуна тартылып калган. Эки жолу чагылган тийгенде айдоочусу унаасын токтоткон. Белгилүү болгондой, чагылган тийгенден эч ким жабыр тарткан эмес.

0 201

ИИМ: Кашкар Джунушалиев Баткен облусунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугу багытындагы иш-чараларды көзөмөлгө алууда

17-сентябрь 2019, 15:17 Кызгалдак Жакыпова

ИИМдин башчысы ички иштер органдарынын өздүк курамы менен биргеликте мамлекеттик чек арадагы кыргыз-тажик участкасында   абалды жөнгө салуу маселесин талкуулап, коомдук тартипти камсыздоо менен жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмаларды коюп, андан сырткары башка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен кошо чек арага чектеш райондордун калкына түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды. Министр, чек арадагы  абалды курчутууга жол берилбей ...

0 287

Генералы кѳп, жоокерлери аз, маршал болгусу келген “Коргоо министри” Тердикбаев каякта?

17-сентябрь 2019, 15:15 Кызгалдак Жакыпова

Эрлис Тердикбаев генералы кѳп, жоокерлери аз кыргыз аскерин жетектейт. Тынч убакта жөткүрүп чыга калганы менен, азыркыдай кооптуу кырдаалдарда жашынып алабы ким билет дайны жок. Бирок генерал Тердикбаевдин маршал болгусу келет. Ошондуктанбы, маршал болгусу келген Коргоо мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев жоокерлердин ысымын жатка билет. Керек болсо катардагы жоокер тууралуу «публицистикалуу мемуарларын» жарыкка чыгарган. Аны менен катар  Коргоо министрлигин офицерлерине ...

0 204

Камчыбек Ташиев: “Чек арага саткындарды, саясий сойкуларды жөнөтпөгүлө!”

17-сентябрь 2019, 15:01 Нурбек Айдар

Экс-депутат Камчыбек Ташиев да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылды. Ал өз билдирүүсүндө чек арага саясий сойкуларды, коркокторду жибербөөнү айтып, каза болгон чек арачынын жакындарына көңүл айтты. “Урматтуу эл-журтум! Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду, мен болсо алыс чет жакта болуп калдым, жүрөгүмдү тилип кетти. Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президенти жана бийлик ээлери бар ...

0 292

Тажик тарап менен "сүйлөшүүнү" эңсеген Зулпукаров кайра эмнеге "сүйлөшпөй" калды?

17-сентябрь 2019, 15:21 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин саналуу депутаттары Баткен облусуна барып, абал менен жеринен таанышууну туура көргөн. Алар, Мирлан Бакиров, Мурадыл Мадеминов, Талант Мамытов жана Төрөбай Зулпукаровдор. Бул тууралуу Vesti.kg жазып чыкты. Анда депутат Зулпукаров алар чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча өкмөттүн чечимин ушул жерден көзөмөлгө алуу үчүн келишкен. “Ооба, чек арада кырдаал татаал, биз парламенттик жыйында өкмөт алдында бул жердеги мекендештерге ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 226

ВИДЕО - “Бир звонок менен иштен айдатам!” 

17-сентябрь 2019, 14:46 Алтын Булат

Жогорку кызматта иштеген тууганын айтып,  МАИ кызматкерин коркутуп жаткан айдоочу тууралуу видео социалдык тармактарда таркап кетти.  Анда, жаш жигит өзүн ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын орун басары Иманалы Саркуловдун жээни катары тааныштырган.  Ошондой эле айдоочу өзүн бошотуу үчүн инспекторго ачык эле бир жарым миң сом сунуштаган. Бул тууралуу Саркуловдун пикирин дагы чагылдырууга аракет кылабыз. Булак: "NazarNews.kg"

0 90

Бүгүн Бишкек шаардык соту баңги сатканга шектелген адамдын баш коргоо чарасын карайт

17-сентябрь 2019, 14:34 Нурбек Айдар

Ушул жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө баңги затын сатууга шектелип Роман Пивцов аттуу жаран кармалган. Өздүк булактар берген маалыматка караганда, Роман Пивцов кармалган учурда анын жанынан 500 грамм гашиш табылып, тартылып алынган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ири өлчөмдөгү баңги заттарын даярдоо жана сатуу беренеси боюнча катталып, сотко ...

0 491

Өзүңөрдү баскыла! ... "Баткенге барыш керек!"-деп оолуккандар алигече үйүнөн дагы чыккан жок

17-сентябрь 2019, 14:30 Айдар Нуралиев

“Кыргыз бир жамандыкта, бир жакшылыкта биригет!”-деген сөз бар. Мына кечээ Баткенде чек-арада болгон окуяга ар кандай баа берип, кызуу талкуу жүрүп жатат. Айрымдар, “эмне карап отурасыӊар, кеттик, колуӊарга курал алгыла, элдик кошуун түзгүлө!”-деген чакырыктарды кылышты. Балким алар дагы мекенчилдик сезим менен айтып жаткандыр, бирок “ачуу душман – акыл дос” деген сөз бар. Маселе кызуу кандуулукка алдырып, ал жерге аскерди ...

0 126

Кайып Шер Орусиянын агентиби?

17-сентябрь 2019, 14:23 Алтын Булат

Кийинки күндөрү өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтире, тескери үгүт кылган “эргулдар” пайда болду. Мисалга, өзүн “Апрель баатырымын” деп төшкө койгулап жүргөн Кайып Шер деген бирөө бар.  Ал, “Орусияга кошулбасак, булар сатып түгөтөт” деген сыяктуу бир катар постторун Фейсбуктагы баракчасында бөлүшүп келет. Эми логикасына туура түшүнсөк, оруска кошулсак эле “паракорлор” азайып, “корруппция” түп тамырынан кыркылат. Мындан улам ал Орусиянын шпионубу деген ...

17-сентябрь 2019, 14:23 | 126
0 610

Бекмамат Осмонов менен Сатыбалды Жээнбеков Акаевдик бийликке каршы аттанган кыргыздын мыкты уулдары эле

17-сентябрь 2019, 14:22 Кызгалдак Жакыпова

Бекмамат Осмонов менен Сатыбалды Жээнбековдун буюртма ажалдары өткөн кылымдын аягында бир убакка туш келген. Экөө тең буюртма ажал менен жок кылынган ГКЧП учурунда суу жүрөк Акаев менен Шеримкуловдон айырмаланып КТР  жетекчиси Сатыбалды Жээнбеков ГКЧПга каршы чыгат. Көп өтпөй Акаев менен келише албай Сатыбалды Жээнбеков оппозицияга өтүп, парламентке депутат болот. Ичкиликти оозуна албаган Сатыбалды Жээнбековдун жубайы Токмокко кеткен күнү үйүндө ...

0 143

Конфликт учурунда тажик тарап миномет колдонушкан

17-сентябрь 2019, 13:58 Кызгалдак Жакыпова

16-сентябрда «Максат» чек ара аймагындагы «Футболдук талаасында» орун алган окуя боюнча бүгүн, КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажик коллегасы Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда, Ч.Айдарбеков Тажик Республикасынын чек ара кызматкерлери Баткен облусундагы Лейлек районундагы“Максат” жана “Сай”чек ара постундагы аскерлерге карата курал жарактан ок чыгарбашы керек болчу деген позициясын так билдирди. Ошол эле учурда Ч.Айдарбеков коллегасына Кыргызстандын чек ара ...

0 319

БОЛГОН ОКУЯ: "Ал өлүмдү өзү суранып алды окшойт..."

17-сентябрь 2019, 13:46 Кызгалдак Жакыпова

Мен күйөөм менен болгону он үч жыл гана жашадым. Кудайымдын буйругу экен ал оо дүйнөгө узап кетти. Күйөөмдөн ажыраганыма арадан көп жыл өтүп кетти. Андан эки кыз калды, эркек бала төрөй албадым. Азыр алар күйөөгө чыгып, үйлүү-жайлуу дегендей, неберелүүмүн. Жаткан жери жайлуу болсун, ыраматылык.., жер жамандап барбасын... Жыйырма жашымда ал мени айылдын трактору менен үч-төрт бала болуп кечке маал ...

0 78

ЖоКенин жалпы жыйыны чек ара талашын чечеби? 

17-сентябрь 2019, 15:25 Алтын Булат

“Эртең, 18-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны кезексиз  Кыргыз-Тажик чек ара маселесин карашы керек!” Мындай пикирин бүгүн депутат Исхак Масалиев, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отрумунда билдирди. -Биз чек ара боюнча токтом кабыл алганбыз. Аны кабыл алгандан бери иш тескери кетип жатат. Маселени тезинен чечүү зарыл, -дейт Масалиев. Муну эмне дечү эле, кези ...

0 124

Чек арадагы атышууда жаракат алгандар борбордогу ооруканага жөнөтүлдү

17-сентябрь 2019, 13:20 Нурбек Айдар

Чек арадагы атышууда жаракат алгандардын 10у аскердик учак менен борбордогу ооруканага жөнөтүлдү. Жаракат алгандарга борбордогу медициналык мекемелерде тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт. Кечээ, кыргыз-тажик чек арасында болгон атышууда бир чек арачы каза болуп, 13 кишинин жаракат алганы кабарланган. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо жергиликтүү тургундар. Булак: "NazarNews.kg"

0 1010

Кызматтан кетирген селфи. Шоколадга жуунган чиновник иштен айдалды

17-сентябрь 2019, 13:05 Нурбек Айдар

Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Сергей Морозов өзүнүн IT-сферасы боюнча кеңешчиси Светлана Опенышеваны кызматтан кетирип, ага карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Анын бул кадамга барышына 55 жаштагы кеңешчисинин шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып, Инстаграмм баракчасына жүктөгөнү себеп болгон. Маалыматтарга караганда, Светлана Опенышева Азербайжандагы санаторийлердин биринде эс алып жүргөн учурунда шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып Инстаграммга жүктөгөн. ...

0 70

Руслан Бийбосунов Россиянын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп дайындалды

17-сентябрь 2019, 12:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бийбосунов Руслан Мэлсович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Президентинин башка Жарлыгына ылайык, Салимжанов Бообек Эркинбекович Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулду.

0 60

Чынгыз Эшимбеков Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги Элчиси болуп дайындалды

17-сентябрь 2019, 12:51 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Эшимбеков Чынгыз Казыбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 96

ВИДЕО - Мышыктар менен бала кобранын каршы турушу

17-сентябрь 2019, 12:48 Нурбек Айдар

Индиялык актер Нил Нитин Инстаграмм баракчасына төрт мышык кобрага чабуул кылып жаткан видеону жүктөдү. Анда мышыктар жыланды карап жатканы, ал тургай бирөөсү жыланды бир чапканы тартылган. Жыйынтыгында бала кобра качып кетүүгө аракет кылган. Бул видео социалдык тармактарга тарап, эки күндө эле аны 90 миң жолу көрүшкөн. Булак: "NazarNews.kg"

0 482

Тажикстанга Шадиев “подарить” эткен жерлер Кыргызстан үчүн оор кырдаалды түзүп жатат

17-сентябрь 2019, 14:57 Кызгалдак Жакыпова

Учурда болуп жаткан тажик-кыргыз чыр-чатагынын башаты алыста турат.Тарыхка үңүлүп карсак Акаевдин учурунда Баткен губернатору болгон, Атамбаевдин вице-премьери Аскар Шадиевдин түздөн-түз тиешеси бар. Кыргыз өкмөтүнүн камырабастыгынан улам, соңку отуз жылда Баткендин Лейлек району анклав абалына кептелип бара жатат. 2004-жылы, чет өлкөгө “ыштан” кийип качкан Шадиев, Тажикстанга «белекке» 104 гектар жерди берип жиберген. Лейлек районундагы Максат айылынын алдынан 35 гектар, Максат-Кулунду ...

0 93

Калдарали Маматалиев Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалды

17-сентябрь 2019, 12:47 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Маматалиев Калдарали Капарович Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg  

0 300

Опурулган Опумбаевдин “3500 спецназын” чек ара күтүүдө

17-сентябрь 2019, 12:41 Алтын Булат

Убагында, Кой-Таштагы “№1 терористти...” кармоого ойлонбой команда берген Опумбаев деген УКМКнын башчысы, ал жакка үч жарым миң спецназды алып барбаганына катуу кейиген эле. Мындан улам ой келет, ошол опурулганын ичтен көргөзбөй, чек арадагы кокуйлаган кошуналарга деле көргөзүп койсо кантет.  Эми, ошончо көп очойгон жигиттер чек арада турушса, алардын сүрүн көрүп сестене түшүшөбү деген ой да...  Туура түшүнсө, Орозбек Опумбаев ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 61

«Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайы бир тараптуу жабылды

17-сентябрь 2019, 12:26 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстан бир тараптуу негизде «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтотту. Бирок бул чектөө үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына тиешеси жок, алар «Кулунду унаа жолу» көзөмөл өткөрүү жайын тоскоолдугу жок эле өтө алышат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги башка өткөрүү жайлары ...

0 91

Абылгазиев Баткенге барды

17-сентябрь 2019, 12:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кечээ ок колдонулган чек ара окуясынын натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, ...

17-сентябрь 2019, 12:23 | 91
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83