www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жыл, январь
0 3421

Азамат Исакбаев: “Кечеги эле базардагы кызыл кулак, бүгүн кыйкырган депутат, жан сакчы менен шоопуруң чиренген чиновник болуп чыга калып жатпайбы”

31-январь 2017, 23:58 Гүлжан Шерипбаева

-Жаш болсоңуздагы айылыңызга таанылып, элдин жүгүн колго алып келе жаткан жаштардын катарын толуктай экенсиз. Алгач, өзүңүз тууралуу маалымат бере кетсеңиз? -Мен,1987-жылы Ош областына караштуу Кара-Кулжа районунун Чалма айылында төрөлгөнмүн. Бактылуу бала кезим 7-класска чейин ошол айылда тай-ата,тай-энемдин колунда өттү. Андан кийин Чүй областына караштуу Сокулук районуна өз ата-энемдин колуна келип ошол жерден тарбияланып чоңойдум. Үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусумун. Ата -энем ...

0 1794

Түркмөн президенти 8-мартка айымдарга ыр белек кылат

31-январь 2017, 23:46 Айдар Нуралиев

Түркмөнстан президенти Аялдардын эл аралык майрамына карата айымдарга бир нече ыр камдап койду. Бул тууралуу анын Ахал облусуна барган сапары учурунда белгилүү болду. Президент 8-март күнү айымдар үчүн жаңы ырларын аткарып берет. Алардын арасында “Бакыт нуру” аттуу чыгармасы дагы бар. Гурбангулы Бердымухамедов музыкалык талантын буга чейин эле көрсөткөн. 2011-жылы “Ак гүлдөрүм сага арналат” аттуу ырды аткарып, сөзүн өзү жазганын айткан. Бирок бул ...

0 537

Пакистанда Мумбайдагы терактка шектелген адам камалды

31-январь 2017, 23:07 Айдар Нуралиев

Пакистан бийлиги 2008-жылы 166 адамдын өмүрүн алган Мумбайдагы террордук кол салууга шектелген адам үй камагына алынганын билдирди. Хафиз Саидди камакка алуу чечими 30-январда, АКШ менен Индиянын көп жылдык басымынан кийин кабыл алынды. Бул Исламабад менен Саиддин эркиндикте жүргөндүгүнө нааразылыгын билдирип келген Нью-Делинин ортосундагы чыңалган абалды өзгөртүшү мүмкүн. Лахордогу дин кызматчысы Хафиз Саид мындай буйрук Вашингтондон келгенин билдирип, айыптоолорго каршы сот аркылуу күрөшө ...

0 491

Донбасстагы чыңалуу: Киев дагы үч жоокер каза тапканын маалымдады

31-январь 2017, 22:54 Айдар Нуралиев

Тараптар Донбасста кырдаал курчуп баратканын билдирип жатышат. Соңку күндөрү согуштук аракеттер курчуп жаткан Украина чыгышында дагы үч аскер кызматкери каза тапканын Донбасстагы операция жүргүзүп жаткан украин армиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Дагы 20 киши жаракат алган. Жекшембиде Донецктин чет жакасындагы Авдеевка районунда ок атышуулар жанданганы кабарланып, азырга чейин уланып жатат. Дүйшөмбүдө Украинанын Коргоо министрлиги беш аскер кызматкери набыт болуп, он үч аскер ...

0 770

Порошенко Германияга сапарын токтотту

31-январь 2017, 22:48 Айдар Нуралиев

Украина президенти Петр Порошенко Авдеевкадагы кырдаалдын курчушунан улам Донбасстагы абалды жөнгө салуу үчүн өзүнүн администрациясына Үч тараптуу байланыш топтордун жыйынын уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу Украинанын «5-каналына»  президенттин администрация башчысынын орун басары Константин Елисеев билдирди. Үч тараптуу байланыш топторунун кийинки жолугушуусун 1-февралда Минскте өткөрүү пландалган. Бирок Елисеевдин айтымында, топтун чукул жыйыны белгиленген күндөн эрте болушу керек. 29-январь күнү эртең менен куралдуу жикчилдер украин ...

0 716

ВИДЕО - Элиза Орозова өзүн таба албай жүрөбү?

31-январь 2017, 21:32 Гүлжан Шерипбаева

Уккулуктуу ырлары менен элге таанылып, өзүн абдан назик алып жүрүүсү менен айырмаланган ырчы Элиза Орозова акыркы учурда сахнада көп көрүнбөй калды. Акыркы жазган ырлары өтпөй, тарткан клиптери көрсөтүлбөй калган Элиза эми стилин да өзгөртүп жибергендей... Кыскасы, учурда өзүн таппай, изденүүнүн үстүндө жүрөт экен. Эмгегинин акыбети кайтып, жакшы жаңылыгы менен бизди кубантсын дегибиз келет. Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

0 1163

ӨКМ министри К.Боронов Дача СУУдагы жабыркагандар менен жолукту

31-январь 2017, 20:58 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, 31-январда ӨКМ министри К.Боронов, КР саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев жана Чүй облусунун губернатору Дача СУУ айылына барып, авиа кырсыктан жабыркагандар менен жолукту. Жолугушууда, авиа кырсыктан жабыркаган жергиликтүү тургундар материалдык чыгымдарды жана турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылышкан.  Эске сала кетсек, каргашалуу кырсык 16-январда болуп өтүп, 39 кишинин өмүрүн алган. Ал кырсыкта бир үй-бүлөөдөн бир эле бала аман калып, ал турсун бир үй-бүлөө ...

0 5128

Аида Салянова, ЖК депутаты: "Мени коркутуудан пайда жок. Мен укугумду тек гана мыйзамдын негизинде коргойм"

31-январь 2017, 21:01 Гүлжан Шерипбаева

Урматтуу достор! Адвокат Улан Джумаковдун бүгүн УКМКга баралбай турганыбызды, бүгүн Жогорку Кенештин комитететинде мен жазган мыйзам карала турганы жөнүндө жазган билдирүүсүно карабай мени колдоп, бүгүн УКМК га барганыңыздарга чоң ыраазычылык билдирем. Сурак мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө адвокаттан тергөөчүгө кат жөнөтүлгөн. Биздин суракка барбарыбызды алар жакшы билген. Анткени, адвокаттын "16.00 дон 17.00 же 18.00 го жылдыргыла", деген суранычына такыр болгон эмес. Мени коркутуудан пайда жок. Мен ...

0 2467

Сүрөт - Аяна Касымова, ырчы: “Аша чаап боёнгонду жактырбайм”

31-январь 2017, 18:19 Гүлжан Шерипбаева

Көптөгөн хит ырларды аткаруу менен интернет жылдызына айланып, кыргыз сахнасынан орун алган Аяна Касымова аттуу жаш ырчы кыз бар. Учурда ал аткарган ар бир ыр өз угармандарын таап, эл оозунан түшпөй келүүдө. Биз бул ирет Аяна менен чыгармачылыгы тууралуу эмес, сулуулук туурасында кеп кылабыз. Төмөндөгү чакан экспериментибиз үчүн Аяна таң эрте бизге макияжы жок келип, кызыктуу маек куруп берди. - ...

0 718

Назарбаев алдыда аткарылчу иштер тууралуу билдирүү жасады

31-январь 2017, 17:25 Гүлжан Шерипбаева

Президент Нурсултан Назарбаев «Казакстанда өндүрүштөрдү түзүү боюнча» Кытай менен биргелешкен инвестициялык программалардын алкагында бир катар долбоорлорду жүзөгө ашыруу иштери башталганын билдирди. «Кытай тарап менен макулдашууга жетиштик. Объектилер аныкталды. Эми конкреттүү иштеш керек. Алар казакстандыктар үчүн 20 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзчү заманбап өндүрүштөр болот. Бүгүнкү күнгө карата алты долбоорду ишке ашыруу башталып, эки долбоор каралууда», – деп жазылган Назарбаевдин элге ...

0 5279

Аида Салянова УКМК да сурак берүүдө

31-январь 2017, 17:02 Гүлжан Шерипбаева

Ушул тапта УКМКда саат 16:00 бери Аида Салянова кылмышка шектүү катары чакырылып сурак берүүдө. Эске сала кетсек, бул тууралуу маалыматты ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев журналистердин жыйынында билдирген жана Салянова эч жакка качып кетпей тургандыгын, учурда УКМКга барууга даярданып жаткандыгын кошумчалаган. Депутат ага кошумча Аида Саляновага козголгон кылмыш иши туура эмес экендигин кошумчалады. Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

0 954

Өлкөдө Атамбаевдин байлыгы тууралуу маалымат сурап жатышат

31-январь 2017, 16:37 Гүлжан Шерипбаева

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге расмий кайрылуу жолдоп, байлыгы тууралуу маалыматты сурайт. Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңеште өткөргөн басма сөз жыйынында билдирди. Текебаев Атамбаевдин буга чейин көп айткан “байлыкты мага кудай берген” деген сөзүн сындап, быйылкы “Ыйман жылында” байлыгын кантип топтоп жатканын сурамакчы: -“Кыргызавтомаш”, “Автомаш-Радиатор” деген фирмалары бар экен. Бирок мен иликтесем, ал ишканаларда Атамбаевдин бир ...

0 2235

Ахматбек Келдибеков, “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын тең-төрагасы: “Келдибеков президенттик шайлоого барат экен, штаб ачыптыр” деген сөздөрдүн баары жалган"

31-январь 2017, 16:23 Гүлжан Шерипбаева

“Майдан.kg” гезитинин окурмандарынын тандоосу менен 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча “Жылдын адамы” наамына татыган Жогорку Кеңештин экс-спикери, кыргыз элинин чыныгы патриот, мекенчил инсандарынын бири – Ахматбек Келдибеков бир нече жылдан бери сот процесстерине шылтоолоп, маек бербей келгени белгилүү. Басма сөзгө чыкса да, негизинен сот ишине байланыштуу гана суроолордун тегерегинде кеп салып берчү. Ошону эске алганда, бүгүнкү Ахматбек мырзанын маеги көп жылдан берки ...

0 750

Тайырбек Сарпашев, мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы: "Бакиевдин 1 гектардан ашуун жер 2 миллион 500 сомго башка колго сатылган"

31-январь 2017, 14:58 Гүлжан Шерипбаева

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңеште Максим Бакиевдин мүлктөрүнүн сатылышы боюнча убактылуу комиссиянын отурумунда, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев агынан жарылды. Ал өз сөзүндө, Максим Бакиевдин 1 гектардан ашуун жер 2 миллион 500 сомго башка колго сатылганын эл өкүлдөрүнө айтты. Ага кошумча жердин баасы 3 миллион доллардан ашык экендигин жана бул жерде өзүнүн күнөөсү жоктугун  "сүттөн ак" экенин айтып сыздады. Ага ЖК депутаты Алмамбет ...

0 933

Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды

31-январь 2017, 14:26 Гүлжан Шерипбаева

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-январда өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Мамлекет башчысына укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалымат берилди. Улан Исраилов мындан тышкары Президентке өлкө ички иштер органдар системасын реформалоо алкагында ички иштер органдарынын ишинин натыйжасын арттыруу ...

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83