www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2017-жыл, октябрь
0 2724

Өмүрбек Бабановдун креслосу «кыйчылдай» баштадыбы? «РАЖ» фракциясында жаңжал кызып барат

31-октябрь 2017, 17:33 Айнура Абдиназарова

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын ичиндеги толкундоолордун артынан эле саны боюнча КСДПдан кийинки эле фракция болуп саналган «Республика-Ата Журттун» лидерин алмаштыруу жаңжалы кызый баштады. Бул маалыматты «24.kg» маалымат агенттигине аталган фракциянын мүчөлөрүнүн бири Зарылбек Рысалиев тастыктады. Ал – бул бунт анын колу менен жасалып атат деген маалыматты төгүнгө чыгарды. «Мындай маанай фракцияда күчөп баратканын билем. Бирок, Өмүрбек Бабановду алмаштыруунун уюштуруучусу мен эмес. Мен ...

0 1234

Казак бийлиги неге акты кордоп атат, же бирди көрөөрдүн белгисиби?

31-октябрь 2017, 17:25 Айдар Нуралиев

Казакстандын Алматы шаарында Кыргызстандан барган сүт азыктарынын үч түрүн чогултуп туруп, таштандыга таштап жок кылышканы маалым болду. Жалпысынан 127,8 килограмм сүт азыктары жок кылынган экен. Бул кадамды кандай бааларыбызды да билбей калдык. Себеби, кыргыз эли эзелтеден акты сыйлап келген калк болгон. Эзелтеден ошол сүт азыктары менен оокат кылып, улуттук тамак-аштарыбыз да негизинен сүт азыктарынан жасалган. Сүттү эч качан төккөн эмес, негизи ...

0 5052

ВИДЕО - Кайрат Кыргыз деген "шайтан" ырчы чыкты дейт. Сиз жаңы ырчынын стилине кандай баа бересиз?

31-октябрь 2017, 16:56 Айдар Нуралиев

Акыркы учурда кыргыз шоу-дүйнөсүндө жаңы ысымдар пайда болуп, кээ бирлери өзүнүн мукам үнү менен жаңы күйөрмандарды табышса, айрымдары стили менен элди таң калтырууда.  Мына ушундай жаңы ырчылардын катарын Кайрат Кыргыз аттуу ырчы толуктады. Кайрат Кыргыздын алгачкы видео клиби учурда коомчулукта талкуу жаратып жаткан учуру. Айрымдардын айтуусунда "шайтан" ырчы аталса, кээ бирлер "Кыргызды уят кылбай Кайрат Кыргыз дебей эле койбоптур" деп ырчынын стилин катуу сынга ...

0 1197

Кыргыз-казак чек арасындагы маселени Дүйнөлүк соода уюму талкуулады

31-октябрь 2017, 16:20 Айдар Нуралиев

Кыргызстан менен  Казакстандын ортосундагы чечилбей келе жаткан чек ара маселеси бүгүн Дүйнөлүк соода уюмунун Токио шаарында өткөн форумунда каралды. Анда форумдун катышуучулары мамлекеттер ортосундагы чек арада кризистик абал жаралып, жүздөгөн автоунаалар бир нече жумадан бери чек арадан өтө албай жаткандыгын белгилешти. Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы катчысы Кунио Микурия суроого жооп берип жатып, бул маалыматты эске алаарын билдирди. Ал эми, ДСУнун башка катышуучулары Казакстан сыяктуу технологиялык ...

0 673

Өзбекстан менен Түркия стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетти

31-октябрь 2017, 15:46 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын тышкы иштер министри Камилов, Өзбекстан теле каналына президент Шавкат Мирзиеевдин өткөн аптада Түркияга жасаган расмий сапарын талкуулап берди. Өзбекстан-Түркия карым-катнаштары стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирилгени маалымдалды. Өзбекстандын тышкы иштер министри Камилов, Өзбекстан теле каналына президент Шавкат Мирзиеевдин өткөн аптада Түркияга жасаган расмий сапарын талкуулап берди. Камилов, Өзбекстан жана Түркия карым-катнаштарынын тарыхта алгач ирет стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткирилгенин белгилеп өттү. Мирзиеевдин өткөн аптада президент Режеп ...

0 644

Орус пропагандасын Фейсбук аркылуу АКШдагы шайлоочулардын жарымы көрүп турган

31-октябрь 2017, 15:06 Гүлжан Шерипбаева

АКШдагы шайлоочуларга таасир этүү үчүн жайгаштырылган 80 миңдей постту Фейсбукта америкалык 126 миллиондой киши көрүп чыккан болушу мүмкүн. Ар кыл саясий реклама жана башка үгүт материалдарды камтылган постторду Орусияда катталган аккаунттар чыгарып турушкан. Бул тууралуу Фейсбук Конгресске жолдогон докладда айтылат. Буга чейин Твиттер да Москванын пропагандасын жайылткан Интернетти изилдөө агенттигине таандык аккаунттарды аныктаган. Эки компаниянын өкүлдөрү бүгүн Конгресстин укуктук маселелер боюнча комитетиндеги ...

0 818

«БАКЫТ КАТЫН» шайлоочуларга жөнөткөн талапкерге чара көрүлөбү?

31-октябрь 2017, 14:40 Айдар Нуралиев

Президенттик шайлоонун алдында бул кызмат ордуна ат салышкан талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановдун атынан көптөгөн шайлоочуларга жашаган дареги боюнча «Бакыт каты» барганын жакшы билебиз. Ал катта тоодой убадалар берилип, анан дагы дал ошол катты жөнөткөн талапкерге добуш берүү чакырыгы жасалган. Баарынан кызыгы бул талапкер кантип бардык шайлоочулардын жашаган даректерин, аты-жөндөрүн толугу менен билип алган деген суроодо болуп атат. Буга ЖК депутаты Ирина ...

0 1349

Cүрөт - Ачык натура: эмнеге агрессивдүү сексуалдуулук жакшы сатылат?

31-октябрь 2017, 14:12 Айдар Нуралиев

Адатта, бир коомдо агрессивдүү сексуалдуулукка тыюу салуулар жана чектөөлөр бар. Бирок, азыркы батыш дүйнөдө секс башаламандык гендердик үчүн күрөштүн бир тарабы катары таасир берип калды. Мунун айынан дүйнөгө атактуу ырчы айымдардын сахнанын төрүндө жасаган кылык-жоруктары, ачык кийингендери көпчүлүк үчүн таң калыштуу. Анан да сурамжылоолорго таянсак, агрессивдүү сексуалдуулук баардык нерседен тез жана жакшы сатылып кетээри бизге белгилүү болду. Төмөндө таанымал ырчы ...

0 620

Жалал-Абад Областтык Клиникалык ооруканасында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат

31-октябрь 2017, 13:55 Айнура Абдиназарова

Жалал-Абад шаарынын гана эмес, бүтүндөй областтын элинин саламаттыгынын сакчылыгында турган областтык клиникалык оорукананын материалдык-техникалык базасы улам чыңдалып баратат. Азыркы тапта оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү толугу менен оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлүүдө. Бул тууралуу клиникалык оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаев билдирди. Анын айтымында, аталган бөлүмдүн имараты тээ 1986-жылы курулуп, ошондон бери капиталдык ремонттон өткөрүлгөн эмес болчу. Имараттын эскилиги жетип, бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө, бейтаптар менен ...

0 1907

2 жаштагы кызын муунтуп өлтүргөн ата 20 жылга эркинен ажыратылды

31-октябрь 2017, 13:13 Айнура Абдиназарова

Өз кызын муунтуп өлтүргөн Россиянын жараны Казакстандын Караганды облусунда соттолуп, 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу казакстандык маалымат караттары жазып чыгышты.  Берилген маалыматка ылайык, өз кызын мыкаачылык менен өлтүргөн деген айып менен үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү Темиртау аймагынын жаоочусу кармалган. Иликтөөлөрдүн негизинде атасы мас болуп 2-жаштагы кызын сабап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Учурда, кылмышкер өз жазасын алып, кыздын апасына 2 млн тенге ...

0 2207

Рустам Маманов киши жейби?

31-октябрь 2017, 14:50 Айнура Абдиназарова

Акчасы арбын болгон менен акыл-көрөңгөсү анчейин эмес Рустам Маманов деген бар. Ар качандан бир качан акылына эмес, акчасына ишенип ооз көптүрүп сүйлөйт. Анысын адатка айлантып, өнөр кылып алган. Алыс барбай эле, жакындагы эле жоругун айтсак жетиштүү болот. Мына президенттик шайлоо өттү. Шайлоодо Бабанов утабы же Жээнбеков жеңеби деген суроо кабыргасынан коюлду. Ич ара түкүнчө президент болот деп мелдешкендер чыкты. Алардын арасында ...

31-октябрь 2017, 14:50 | 2207
0 3411

Сүрөт - Женнифер Лопес буга чейин бир дагы эркек менен бактылуу болбогонун моюнга алды

31-октябрь 2017, 12:33 Айдар Нуралиев

Дүйнөнүн атактуу ырчы айымы Женнифер Лопес буга чейин бир дагы эркек менен бактылуу болбогонун моюнга алды. Азыркы таптагы сүйүктүүсү Алекс Родригес менен укмуш бактылуу болуп жатканын коомчулукка жарыялады. Ырчы айым өз сөзүндө "Мага буга чейин бир дагы эркек тартуулабаган бакытты Алекс мага белек кылды" деп билдирди.  Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

0 847

“Ак каргалардын” орду абакта

31-октябрь 2017, 12:08 Айнура Абдиназарова

Коррупция боюнча кылмыш иши козголгон “Бир бол” фракциясынын депутаттары Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаров эмнеге камалбай жүрүшөт деген жообу жок суроолор коомчулукта дагы да болсо арбын. Булар эмне ичсе-жешсе деле сүттөн таза, кардан ак болуп, эркиндикте элге акыл айта беришеби? “Ак карга болушса да абакка отургузуш керек эле деп ызырынгандар көп. Бийлик коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко сүйрөп жаткан Алмамбет ...

31-октябрь 2017, 12:08 | 847
0 4337

Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу маалыматтар ачыкка чыкты

31-октябрь 2017, 11:43 Айнура Абдиназарова

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу маалыматтар ачыкка чыкты. Бул тууралуу өзбекстандык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алардын берген маалыматына караганда, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун урматына ачылган расмий сайттын ачылышында Каримовдун үчүнчү баласы тууралуу кеп айтылган. "Үч баласы жана алты небереси менен баарлашуу Ислам Каримовго ар дайым бакыт тартуулачу. Жубайы Татьяна Акбаровна анын жардамчысы, досу болуп, 47 жыл бирге өмүр сүрүшкөн" - деп ачылыш ...

0 1857

Казаков Таласка баргандан коркобу?

31-октябрь 2017, 11:20 Айнура Абдиназарова

Талас облусунун жетекчиси Даир Кенекеев вице-премьер-министр кызматына секирик жасагандан бери анын орду бош турат. Учурда облуска ким жетекчи болоору чечиле элек. Чуркагандар көп болгону менен талапка ылайыктуусу жок болуп жатыптыр. Анткени Таласта кырдаал олку-солку болуп тургандыктан, ал жерге элдин тилин таап ынандыра сүйлөй алган, кадыр-барктуу, ишти тартып кете ала турган кадр керек. Азырынча ылайыктуу кадр чыкпай, кимди алып барабыз деген суроонун ...

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83