www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жыл, декабрь
0 8161

Мурдагы президент Курманбек Бакиев кыргыз элин Жаңы жыл менен куттуктады

01-январь 2019, 01:51 Кызгалдак Жакыпова

Урматтуу кыргыз элим, кыргызстандыктар! Кирип келе жаткан Жаңы 2019-жыл кыргыз элине жакшылык, ынтымак-аманчылык, молчулук, токчулук, үй-бүлөөңүздөргө бакыт алып келсин. Жаңырган жыл өлкөбүздө өнүгүүнүн, ынтымак-биримдиктин жылы болуп, Жараткан элибизди жамандыктан, бөөдө кырсыктардан сактасын.   Кыргызстан эл аралык деңгээлде өнүгүп, мамлекеттер арасында мыкты мамилелеш болуп, бийиктиктерге жете берсин. Кирип келе жаткан Жаңы жыл кыргызстандар үчүн эбегейсиз экономикалык жактан өнүгүүнүн жана тынчтыктын жылы болсун. ...

0 353

Россиянын Президенти Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

31-декабрь 2018, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады. «Кыргызстан менен болгон союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү Россияда жогору баалашат. Биргелешкен аракеттер менен биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн, регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөнүн кызыкчылыгында эки тараптуу байланыштардын бүтүндөй комплексин мындан ары карай өстүрүүнү камсыз кылып, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенишүүнү бекемдей ...

0 632

Кувейттин Эмири Сабах аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

31-декабрь 2018, 16:25 Кызгалдак Жакыпова

Кувейт Мамлекетинин Эмири Сабах аль-Ахмад аль-Джабир аль-Сабах Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады. «Мен Сизди Жаңы 2019-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаганга кубанычтамын. Буга байланыштуу мен Сизге чын ниеттен каалоолорумду билдирип, бул Жаңы жыл мусулман калкына жана жалпы адамзат үчүн бакубаттуу болуп, тынчтык жана коопсуздук болушун, дүйнөнүн бардык элдерине жакшылыктарды жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм. Сизге бекем ...

0 1454

ТОЛУК ТИЗМЕ: Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыктарга кол койду

31-декабрь 2018, 15:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 550 адам (анын ичинен 461 — чоң адамдар жана 89 — балдар) кабыл алынды, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 7-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” жана “Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ...

0 324

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

31-декабрь 2018, 15:26 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады. «Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Жаңы 2019-жыл менен чын дилимден куттуктайм. Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык жана  мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», — деп айтылат Казакстан Президентинин куттуктоо телеграммасында. Булак: NazarNews.kg

0 285

Ангела Меркель Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жыл менен куттуктады

31-декабрь 2018, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык Канцлери Ангела Меркель Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкө элин Жаңы жыл менен куттуктады. Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык Канцлери Ангела Меркель куттуктоо телеграммаларында Президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстан элине Жаңы 2019-жылда ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык  каалашты. Булак: NazarNews.kg

0 437

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Премьер-министри жана Жогорку соттун төрайымы менен жолугушту

31-декабрь 2018, 15:20 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда, Жаңы жыл алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Мамлекет башчысы аларды Жаңы жыл менен куттуктап, 2018-жыл жалпысынан натыйжалуу болгонун белгиледи. Ал мыйзам чыгаруучу, аткаруу жана сот бийлигинин мамлекеттин өнүгүшүнө жана элдин бакубатчылыгына багытталган эриш-аркак иш-аракетин белгилеп өттү. «2018-жылы пландар коюлуп, өлкөнүн бардык жашоо тармагында ...

0 167

Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

31-декабрь 2018, 15:18 Кызгалдак Жакыпова

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында Дмитрий  Медведев келерки жыл Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграциялык өз ара аракеттенишүүнүн мындан ары карай тереңдеши менен белгиленерине, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келерине ишеним билдирген. Россия Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев  Кыргызстандын ...

0 5442

Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чынгыз хан кыргыз болгон

31-декабрь 2018, 10:40 Кызгалдак Жакыпова

(жаңыланган акыркы варианты) Кыргызстан эгемен өлкө болгондон бери расмий тарыхы эч өзгөрбөй турганы менен айрым окумуштуулар, тарыхка кызыккан адамдар тарабынан көптөгөн маалыматтар табылса дагы иретке салынып, дале толук иштелип чыкпай турат. Айрыкча, “Монгол доорундагы” тарыхта чаташуулар көп болгондуктан, Чынгыз хан тууралуу тарыхый булактарды өтө тыкан карап чыгууга туура келди. ЧЫНГЫЗ ХАН ЖӨНҮНДӨГҮ ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАР Оригиналын жазган автору белгисиз, кытайча котормосу Пекин шаарынан табылган чоң бир кундуу ...

0 705

Лукашенко Путинге төрт мүшөк картөшкө белек кылды

30-декабрь 2018, 16:20 Кызгалдак Жакыпова

Беларус президенти Александр Лукашенко орус президенти Владимир Путинге жаңы жылдык белек катары төрт кап картөшкө жана чочконун майын (сало) белекке жиберди. Бул тууралуу Беларус президентинин басма сөз катчысы Наталья Эйсмонт маалымдады. Лукашенко КМШнын башка өлкө башчыларына колго жасалган оюнчук балатыларды белекке жиберген. Ал эми Путин Лукашенкого эмне белек кылганы айтылган жок. Лукашенконун Путинге белеги тууралуу маалымат 29-декабрда Москвада эки лидердин жолугушуусунан кийин ...

0 3011

Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мен Осмонбекти ак ниет депутат деп билем”

30-декабрь 2018, 16:54 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, камакта жаткан Осмонбек Артыкбаев тууралуу пикирин билдирди.  --Осмонбек Артыкбаевдин иштери жөнүндө тергөөнүн купуялыгы деп эч нерсени сыртка чыгарбай жатышат. Андыктан коомчулук көп маалыматтан кабарсыз калууда. Ал киши бүгүн министр болуп келип, эртеси ушул проектиге аралашып жатат. 12 сааттын ичинде ал жерде эмне болуп жаткандыгын өзү аңдабай да калышы мүмкүн. Демек аны мажбурлап, ТЭЦ керек тигил бул деп ...

0 1275

Көзү ачыкка ишенесизби? Калыгул бай уулунун учурдагы заманга айткан ыр саптарын караңыз...

30-декабрь 2018, 10:45 Кызгалдак Жакыпова

Учурда аалдын-ала айткан айтымчылар,  тагдырды таш менен карап айткан көзү ачыктар толтура. Бирок өз мезгилдин айтымчы менен олуялары бар. Өз мезгилинин кыраан олуясы Калыгул атанын учурдагы заманга болгон ыр саптарын эске салалы... Узун чөбүн оруп алаар, Кыска чөбүн коруп алаар. Караңгы болуп мурункулар Атадан бала кыйын чыгаар. Жеген-ичкен башчың болоор Акыры барып качкын болоор. Аял билген заман болоор, Эр жигитке жаман ...

0 1666

Күнүнө эки маал душка түшкөн адам чиркей чагып өлүп калды

29-декабрь 2018, 18:15 Айдар Нуралиев

Бул жашоодо бардык нерсени сарамжал кармаганга эмне жетсин. Айтайын дегенибиз, биздин өлкө сууга бай болгон үчүн, сууну ашыкча колдонгондор көп. Өзгөчө аял заты. Анткени сууну алар көп колдоноруна турмуш өзү күбө. Идиш жууйт, кир жууйт жана башка. Айткандай бир аял күндө эки маал душка түшүп, обу жок жышына эле берчү экен. Анан бир күнү көлгө эс алганы барса, чиркей чагып ...

0 525

Жаман министр болгончо...

29-декабрь 2018, 18:12 Айдар Нуралиев

"Министрлерди тез-тез которгон жаман, бирок, жаман министрлер ордунда калса андан жаман” деп айтылгандай, союз кулаганы канчалаган министрлер орун алмашты. Ал турсун премьер министрлер алмаша берип, башка өлкөлөргө дагы кеп болуп бүттүк. Эгер эл менен бийлик өкүлдөрү ишенип шайлаган министрлер ойдогудай иштесе аны ким алмаштырат эле. “Чейрек кылымдан ашык убакыттан бери ажолор кадр тандагандан жолу болбой жатат” деп керек болсо капарайым калк ...

29-декабрь 2018, 18:12 | 525
0 1354

Бабановдун атынан жарыяланган кайрылууну фейк дешти

29-декабрь 2018, 15:34 Айдар Нуралиев

Эдил Байсалов Бабановдун атынан жарыяланган кайрылууну фейк деп атады. Ал кайрылуу Бабановдун баракчасынан эмес, башка жактан жарыяланды деп кошумчалады. Ошондой эле Бабановдун атынан жарыяланган кайрылууга ишенүүнүн кажети жок дейт, ал. Сыягы, Бабановду саясаттан биротоло жок кылгысы келген күчтөр анын атынан кайрылуу жарыялап, ага ишенгендердин үмүтүн биротоло үзөйүн дешкен окшойт. Булак: NazarNews.kg

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83