www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жыл, февраль
0 766

Санкт-Петербургда өлтүрүлгөн 11 жаштагы кыргызстандык баланын өлүмүнүн чоо жайы аныкталды

28-февраль 2018, 19:01 Перизат Кутманалиева

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өлтүрүлгөн 11 жаштагы Салмон Мадумаровдун апасы камактан бошотулду. Бул тууралуу россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 5-февралда каза болгон баланын апасы — 39 жаштагы Н.Мунавар адам өлтүрүү беренесинин негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган. 16-февраль күнү тергөөчүлөр аны камактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч кат жолдошту. «Полиция кызматкерлери анын 26-январь күнү ...

0 569

Таластын элинен мамлекеттин акчасына сатып алынган 1000 тонна буудайды Жоомарт Жумабеков жалгыз жуткан

28-февраль 2018, 18:54 Перизат Кутманалиева

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун мурунку жетекчиси Жоомарт Жумабековго жакында эле 2016-жылы Өзбекстандан жер семирткич сатып алуу иши боюнча мамлекетке 8 миллион сом зыян келтирди деген далилдүү жүйөө менен кылмыш иши козголгон. Мындан баш­ка да анын былык иштери четинен чубалжып чыгууда. Ал аталган фондду жетектеп турганда иштебей эле жемкорлук менен алектенип турган окшойт. Биздин гезит бул фонддун азыркы жетекчиси Гуламжан Анарбаев менен ...

0 937

Рита Карасартова: Фарид Ни­язовду жумуштан кетир­генге эмес сотко бергенге дагы негиз бар

28-февраль 2018, 17:39 Перизат Кутманалиева

– Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу? – Атамбаев айтты эле: “Соке досум, мени билесиң, бир нерсе болсо өзүм алып түшөм” деп. Досунан корктубу? Билбейм. Негизи Фарид Ни­язовду жумуштан кетир­генге эмес сотко бергенге дагы негиз бар. Мисалы, жакында эле Орусияга барып КСДП партиясынын ...

0 418

Король пингивиндери коркунуч астында

28-февраль 2018, 17:08 Перизат Кутманалиева

Илимпоздор глобалдык ысынуунун король пингивиндеринин өмүрүн коркунучка салгандыгын билдиришти. "Nature Climate Change" журналында чыккан эмгекте изилдөөчүлөр климаттык өзгөрүүгө тоскоол болуу үчүн бир нерселер жасалбаса король пингивиндеринин өмүрүнүн коркунучта экендигине көңүл бурулду. Түштүк уюл деңизинде жашоо аянттарынын глобалдык ысынуудан улам тараюсу менен  король пингивиндеринин таркай баштагандыгын белгилеген изилдөөчүлөр пингивиндердин ошол эле учурда тамак табуу аянттарынан алыста жумурткалоого мажбур болгондугун белгиледи. Изилдөөчүлөр ушул ...

0 2920

Тойдо баарын ыйлаткан "Апакем" аттуу ырды казактар домбранын коштоосунда ырдап чыкты

28-февраль 2018, 16:37 Перизат Кутманалиева

- Бул чыгарма Кубаныч досум экөөбүз биргелешип чыгарган чыгарма. Ишен Назаров бизден уруксаат алып ырдаганын баса белгилейин. Бирок уруксаатсыз радио, телеге алып чыккандар автордук укукту жана абийир сотун эске алыңыздар. Ал эми Казак бир тууганыбыз жакшы аткарыптыр, жай олтурушта ырдагандарга бали дегенден бөлөк эч нерсе айта албайм. Төмөндөгү шилтемени басып ырды уга аласыздар.   https://www.facebook.com/100003981691036/videos/1073692922773421/ Бирөөнүн чыгармасы менен пайда, кадыр табайын дегендерге эскертүү ирээтинде ...

0 687

Кыздарды эзиле бооруна кыскан Гульмира Кудайбердиева

28-февраль 2018, 16:17 Перизат Кутманалиева

КР Билим берүү жана илим министри: Кыргызстандын алыскы айылдарынын 10 миңге жакын балдары регондорду өнүктүрүү боюнча иш-чараларынын алкагында бала бакчаларга барууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу министрдин Нарын облусунун Кочкор районундагы жумушчу иш сапарынын алкагында айтылды. “Региондорду өнүктүрүүнүн алкагында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын “Мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун колдоосу менен 120 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылууда. Мындан тышкары, азыркы ...

0 513

“Бөрүбаев окуулары” II конференциясы өтөт

28-февраль 2018, 16:08 Перизат Кутманалиева

2018-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Математика институту тарабынан КР УИАнын 75-жылдыгына арналган “Бөрүбаев окуулары” II Эл аралык илимий конференциясы өткөрүлөт. Конференциясынын негизги максаты – дифференциалдык жана интегралдык теңдемелер, функционалдык анализ, топология жана геометрия тармагындагы заманбап проблемаларды изилдөө методдорун жана татаал системаларды оптимизациялоо методун өнүктүрүү. Ошондой эле илимий мекемелер менен Кыргызстандын ЖОЖдору арасындагы илимий байланыштарды кеңейтүү.

0 689

Адил Турдукулов: Мен буларды эл астында спектакль коюп жаткандай элестетсем

28-февраль 2018, 15:52 Перизат Кутманалиева

– Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу? – Бул жерде кандайдыр бир оюн болуп жаткансыйт. Мен бир жагынан эл астында спектакль коюп жаткандай элестетсем, экинчи жагынан чын эле Жээнбеков ме­нен Атамбаев ортосунда түшүнбөстүктөр башталгандай болуп жатат. Булак: «Майдан.kg»

0 1516

Мен уялбайм... Акчасын чачып, көмүрүн ташып депутат болгон Камчыке...

28-февраль 2018, 14:57 Перизат Кутманалиева

ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев карапайым калктын көпчүлүгү каттап, сапарын улап жүргөн маршруткага эл өкүлдөрү, алардын жардамчылары түшкөндөн уялаарын айтып, жамы журттун жаалына кабылган. Кайрадан бул “эң эле уяттуу депутаттын” айтканына кайрылууга аргасыз болуп, карпайым калктын дагы деле болсо каары Камчыбек мырзага төгүлүп турат. Айрым адамдарга кайрылып “маршрутка менен жүрөсүзбү, ага түшкөндөн уялбайсызбы?” деген обу жок суроону узаттык. Сабира ОСМОНАЛИЕВА, Нарын районунун, ...

0 1525

Фарид Ниязовдон бомба жарылгандай кезектеги спектакль

28-февраль 2018, 14:27 Перизат Кутманалиева

“Фарид Ниязов президенттик аппарат жетекчилигинен кетери тууралуу арыз жазды”- деген кабарды коомчулук “бомба жарылгандай” эле кабыл алганы ырас. Бул жагдайга тебетейин көккө ыргытып сүйүнгөндөр да, бармагын тиштеп өкүнгөндөр да көп болду. Бирок, Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын канаттандырбай койгондон кийин кубанычын койнуна жашырбагандардын жаагы жабылып эле калды го чиркин! Ошондой кийин, айрымдар кайрадан “Кыргызстанды Атамбаев эле башкарып жатат”- деген тыянакка келишиптир. Кээ ...

0 753

Көңүлгө көк талкандай тийген “Бусик”

28-февраль 2018, 14:12 Перизат Кутманалиева

Өлкөбүздүн башка аймактарын айтпай эле коёлу, борбор калаабыз Бишкектеги коомдук транспорттун абалы мышык ыйлай турган эле абалда. “Бусик” деп аталган жеке менчик кичи автобустардын эскилиги менен антисанитардык абалынан да айдоочулардын оройлугу жүргүнчүлөрдүн көңүлүнө көк таштай тийип бүттү. Баарынан да жин тийгендей бири бирин кубалап жүргөн унаалар акыркы кезде аварияга көп учурап, адам өмүрү кыйылган учурлар да катталууда. Элдин аларга карата ...

0 3870

Түркияда кызганычтын айынан кайниси Кыргызстандык аялды муунтуп өлтүрдү

28-февраль 2018, 13:40 Перизат Кутманалиева

Анталияда кызганычтын айынан Кыргызтандын жараны Катерину Четинди кайниси Мехмет Четин муунтуп өлтүрдү. Бул жөнүндө Haberturk маалымат агенттиги жазып чыкты. Белгилүү болгондой, Мехмет Четин Катеринди күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жүрөт деп шекшип жүргөн. Мына ушул күмөн ойлор менен аны муунтуп өлтүрүп койгон. Окуя болгон соң ал полицияга өзү барган жана кылмышын моюнга алган. Полиция Мехмет Четиндин үйүнө барып маркум аялдын сөөгүн табышкан. Маркумдун жолдошу чет жерде карыздарынан ...

0 600

Сапар Исаков: "Чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксаат берүүнү жөнөкөйлөштүрүш керек"

28-февраль 2018, 13:19 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков чет элдик жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүнү жеңилдетүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кемешменин жүрүшүндө Өкмөт башчы чет элдик жарандардан, анын ичинде инвесторлордон, ишкерлерден, жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринен уруксат берүү процесси ачык эмес, өтө жай жана ыңгайсыз деген нааразычылыктар түшүп жатканын белгиледи, – «Биз инвесторлорду жана жогорку окуу жайларга мыкты окутуучуларды тартып жатабыз, ал эми мамлекеттик ...

0 651

Асель Алымбаева, бизнес-тренер: " Илья Кусакин маркетинг жана сатуу боюнча эң баалуу маалыматтарды бермекчи"

28-февраль 2018, 13:01 Перизат Кутманалиева

Акыркы күндөрдө бизнес, ишкерлик боюнча бир нече курстар, семинарлар, тренингдер байма-бай өтүлүп, коомчулукка ишкерлик боюнча ар түрдүү маалымат берип келишет. Мындай иш-чаралардын өткөрүлүшү коомчулуктун бул жаатта маалыматка суусап турганынан кабар берет. Мына ушул жаатта коомчулукка кыргыз тилинде ишкерлик боюнча билим берүү максатында «Мен ишкермин» клубу ачылганы турат. Бул кандай клуб, кандай максатта ачылганы тууралуу негиздөөчү Асель Алымбаеванын өз оозунан уксак. – ...

0 1125

Түркияда кыргызстандык аял 25 жылга кесилди... Кордукка чыдабаган мекендешибиз күйөөсүн жоолук менен муунтуп качып кеткен

28-февраль 2018, 12:31 Перизат Кутманалиева

Түркияда кыргызстандык аял чогуу жашаган коньялык эркекти өлтүрүүгө айыпталып 25 жылга эркинен ажырады. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмасы Haberler жазып чыкты. Окуя 2016-жылдын август айында болгон. 24 жаштагы эркектин сөөгү өзүнүн батиринен табылган. Кийин негизги шектүү катары аны менен чогуу жашаган 23 жаштагы кыргызстандык аял кармалган. Ошондой ...

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83