47 жаштагы Нурханбек Момуналиев Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган. 1999-жылы Чүй университетин, 2006-жылы президентке караштуу Башкаруу академиясын, 2015-жылы Дипломатиялык академияны аяктаган. Ал өкмөттүн аппаратына 2005-жылы келген жана 2010-жылга чейин инспектор, бөлүм башчы, аппарат жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн, президенттин, премьер-министрдин аппараттарынын жетекчисинин орун басары болуп эки жыл иштеген.
Мамлекеттик кадр кызматын 2012-жылы кыска убакыт башкарган. 2012-2016-жылы ...