www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жыл, февраль
0 332

Түрмөдө өлгөн аялдын туугандары анын оор жумушта иштегенин айтышууда

28-февраль 2019, 18:15 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын №42 колониясында 62 жаштагы Сайжура Гадаева каза болду. Маркумдун туугандары ал саламаттыгы начар экенине карабай, түрмөдө оор жумуштарда иштегени үчүн көз жумду деп эсептешет. "Түрмөдө анын оорулуу экенине ишенишкен жок, мазакташты, иштөөгө мажбурлашты. Эми колониянын кызматкерлери соттолуучулардан текшерүү учурунда “эч нерсе көргөн жокпуз” деп айтасыңар деп талап коюп жатыптыр. Түрмөнүн башчысы соттолуучуларды эки саат тик тургузуп, кысым көрсөтүп, опузалат жатат ...

0 284

Бурулайдын өлүмү: Кылмышкерлер күчөтүлгөн режимде жазасын өтөйт

28-февраль 2019, 17:29 Кызгалдак Жакыпова

27-февралда Бишкек шаардык соту Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын адвокаты Есения Рамазанова билдирди. Былтыр декабрда райондук сот негизги айыпталуучу Марс Бөдөшевди Бурулай Турдаалы кызынын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу өкүмүн чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов «Ала качуу» беренеси менен жети жылга эркинен ажыратылган. 20 жаштагы Бурулай Турдаалы ...

0 290

Зумураткан Манапбаева,Чыңгыз Анарбек уулунун апасы: «Уулум абакта өлүп калабы деп корктум»

28-февраль 2019, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

2018-жылдын 17-июнунда Москва шаарында таксист болуп иштеген мекендешибиз Чыңгыз Анарбек уулу кырсыкка кабылган.Тактап айтканда, футбол чемпионаты учурунда жол четинде кетип бараткан америкалык футбол күйөрмандарын койдуруп алган эле.Ошол учурда уулу үчүн жардам сураган эненин ыйы азыр да көпчүлүктүн эсинде. Эми ал күндөр артта калып, мекендешибиз боштондукка чыкты.Сегиз айдан бери күйүттөн арылбай, бүгүн кубанычтан ыйлап отурган эне менен маектештик.  - Эже, уулуңуз эркиндикке ...

0 294

Таалайбек Карыбеков: “Орун басарым мага билгизбей, 15 тонна жанармайды мыйзамсыз сатып алыптыр”

28-февраль 2019, 16:26 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ жакында эле президенттин иш башкармалыгына караштуу кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасына (КМАЧ) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кызыгып калды. Укук коргоо органдарынын мындай көңүл буруусуна аңчылык чарбасынын Токмок нефтини кайра иштетүүчү заводунан 14920 литр жанармайды мыйзамсыз сатып алганы себеп болду. Бул боюнча кылмыш иши да козголду. КР каржы полициясына бул чарбанын мурдагы директору Таалайбек Карыбеков кайрылган. Экс-директордун айтымында, ...

0 637

Илим Карыпбеков: "Коштошпойм, кайрадан жолукканча КТРК"

28-февраль 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

КТРКнын азыркы башкы директору Илим Карыпбеков экинчи мөөнөткө баруу үчүн ат салышып жаткн болчу. Бүгүн, байкоочу кеңештин мүчөлөрү талапкерлер менен маектешип жатат. Анын жүрүшүндө Илим Карыпбеков шайлоого баруудан баш тарта тургандыгын билдирди. «Менин экинчи мөөнөткө барып жатканымды социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында мөөнөтүм бүтсө кетем деп убада бердим эле ошол убадама туруп жатам», — деди ал. Ал мындан сырткары ...

0 272

Махабат Мавлянова: “Альтернативалык жолду биринчи, экинчи фаза боюнча текшерсе болот”

28-февраль 2019, 15:34 Кызгалдак Жакыпова

- Комитетте түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу графиктен кечигип жатканы айтылды. Мунун себеби эмнеде? – Транспорт министринин айтымында, тоннелди казганда жер борпоң чыгып атыптыр. Алдын ала долбоор боюнча жер катуу болушу керек эле. Ошонун натыйжасында долбоор боюнча күнүгө 3 метрден казуу пландаштырылса, азыр факт жүзүндө 70 сантиметрден гана илгерилеп жатат. Ал эми каржылоо жагынан жумушту артка тартчу эч кандай себептер жок. – Кечээ ...

0 316

Атамбаев үчүнчү революцияга кам көрсө, саясый туткундардын тарапташтары колдошобу?

28-февраль 2019, 15:09 Кызгалдак Жакыпова

  Эки жактын тирешүүсү чегине жеткенге жакындап калды. Бир жагы «бийликтин күчү менен басам» десе, экинчи жак «элдин күчүн колдоном» дейт. Бул табигый процесс. «17-март же 6-7-апрелде жаңы бийлик энесин үчкоргондон тааныйт» деген кептер тарап жатат. Албетте, «эл толкуса сел» дейт. А биздин эл азыр толкуйбу – бул чоң маселе. Бир эмес эки революция жасап, бирок элдин пайдасына жакшы натыйжа бербегенден кийин ...

0 348

"Азия Ньюс": "Редакция Ахматбек Келдибековдун аброюна шек келтирген материалдарды толугу менен төгүндөп, жокко чыгарат"

28-февраль 2019, 14:38 Кызгалдак Жакыпова

«Азия Ньюс» гезитинин 2018-жылдын 12-апрелиндеги санында «Ахматбек Келдибеков «Кара-Суу» чайканасынан Молдомуса Конгантиевден кагуу жеди» деген материал жарык көргөн. Анда «Келдибеков «Кара-Суу» чайканасынан Конгантиевден кагуу жеди. Кызып алган Ахмат жула сүйлөйт. Аңгыча Молдомуса аке чыдабай «Ахмат, эмне деп сүйлөп атасың? Алымбек датканын ордуулук, антип айтпа! Этекке жабышпа, уят болосуң! Тарых-санжыраны биз да билебиз» дейт. Аңгыча эле ызаланган Келдибеков опурула «Алайдан чыккан ...

0 180

Нодирбек Каримов: “КСДП съездге чакырса барабыз, чакырбаса жок”

28-февраль 2019, 14:31 Кызгалдак Жакыпова

Социал-демократтар партиясы менен Жогорку Кеңештеги фракциясынын ортосунда ажырым пайда болгондон бери ортодогу айрым депутаттарга кыйын болду. Атамбаевге ыктайын десе бийлик тараптан кысымга кабылат, Жээнбековчуларга оосо Атамбаев тарап «мени сатып кетти» деген атка калат. Анүстүнө Атамбаев 2020-жылкы шайлоого «өзүм түптөгөн партиямдын тизмесин баштап барам» деп жар салды. Эл арасында кеп-сөз жүрүүдө, «Атамбаевдин акчасы көп экен, эмитен миллиондорду таратып жатыптыр, сөзсүз шайлоодо ...

0 233

Атамбаев башкалардан миллиондорду кыйын өндүрчү эле, мында өзү төлөмөй болду

28-февраль 2019, 14:16 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн арыз жазган үч саясатчы Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаевдердин ишин карады. Сот Алмазбек Атамбаевди ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө жана «Апрель» телеканалын туура эмес маалымат таратканы жөнүндө төгүндөө берип, доогерлерге эфирдик убакыт берүүгө милдеттендирди деп билдирет КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева. Булак: NazarNews.kg  

0 240

Нурбек Мурашев: “Мага кызматтан кетүү кыйынчылык деле жаратпайт. Бирок мен…”

28-февраль 2019, 13:52 Кызгалдак Жакыпова

—Нурбек мырза, картошка маселеси бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп жатпайбы. Жакында Өзбекстанга барып, сүйлөшүү жүргүзүп келдиңиздер. Бул маселенин чоо-жайын толугураак айтып берсеңиз? —2016-2017-жылдары Кыргызстандын картошкасынын 80 пайыздан ашыгыраагы Өзбекстанга экспорт болгон. 2018-жылы да Өзбекстанга экспорттоо пландалган. Бирок тилекке каршы, өткөн жылы Өзбекстанга бизден тышкары Россия, Казакстан, Пакистан мамлекеттеринен картошка көп киргендиктен баа төмөн болду. Себеби, Өзбекстанда картошкага 20 пайыз НДС бар. ...

0 113

Сооронбай Жээнбеков: Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз

28-февраль 2019, 13:46 Кызгалдак Жакыпова

«Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар жогору. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт», - деп эске салды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков шаршемби, 27-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда. Программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет — жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички ...

0 112

Улан Примов: «Инвесторлор лицензия ала албай арабөк абалда отурат, демек, салыктык төлөмдөр түшпөйт, бюджет толбойт, калк көйгөйү чечилбейт деген сөз»

28-февраль 2019, 13:16 Кызгалдак Жакыпова

Инвесторлорго жардам берүүнү ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Айыл чарба министрлиги алардан кум-шагыл иштетүүгө маалымкат алуу үчүн 500-1000 доллар сурашууда. Ушинтип отурсак, өлкө экономикасын кантип өстүрөбүз? Бул тууралуу депутат Улан Примов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. «Ушу тапта Президент коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатат. Менимче, министрликтердин мындай жосунун аны жокко чыгаруу аракети катары бааласак да болот. Өнөр жай комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов ...

0 5201

Айжан: "Кызымдын башкадан экени 13 жылдан кийин билинип калды.."

28-февраль 2019, 12:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыз сыры-сезимтал кыздын жүрөк үнү.Кыз сыры-махабаттын таттуу ирмеми.Кыз сыры-кызганычтын жүрөк муунтуп, жүлүн сыздаткан кыйноосу.Рубрикабыздын кезектеги каарманы жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Айжандын абалына карата ой-пикириңиз болсо, редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок. “Жолдошум мени таштап кетти" ...Жолдошум Мелис менен таанышканда 21 жаштагы турмуштун ачуу-таттуусун тата элек ишенчээк кыз ...

0 585

Мурат Суталинов түрмөдө өлүп калса, бийликтин бетине чиркөө болот

28-февраль 2019, 12:33 Кызгалдак Жакыпова

Абактагы Мурат Суталиновдун бөйрөгү 4-баскычтагы рак илдетине чалдыкканы, ошондой эле өпкө-боору жана жүрөгү да ооруй турганы айтылып, буга чейин дарыгерлер тарабынан тастыкталып, сотко көрсөтмө берилгени ырас. Түрмөдөн мындай оор илдетти дарылоого болбой турганы маалым. Ошол эле кезде ЖАМК да анын мүнөзү жакшы экенин, эркиндикке чыгарууга каршы эместигин билдириптир. Ал эми 15-февралда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев УКМКнын экс-төрагасы ...

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83