www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жыл, июль
0 132

Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды

20-июль 2019, 18:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү машыктыруучулардын эмгек акысын – 50%, дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын – 20% көбөйттү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Кабыл алынган токтом 1500 дөн ашуун машыктыруучулардын жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин 400 гө жакын кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтөт. Белгилей кетсек, ...

0 137

Замирбек Аскаров Нью - Йорк шаарындагы саясий форумга катышты

20-июль 2019, 18:09 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Вице - премьер - министри Замирбек Аскаров Нью - Йорк шаарында Туруктуу өнүгүү боюнча саясий форумдун жогорку дэңгээлдеги Сегментине 16 -  19 - июлунда катышты. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Катышуунун алкагында Вице - премьер - министр Замирбек Аскаров Жогорку деңгээлдеги сегментте чыгып сүйлөп, ПРООНдун Администратору Ахим Штайнер, БУУнун экономикалык жана социалдык маселелери боюнча Башкы ...

0 299

Маматкадыр Тиллебаев: "Касиетүү кыргызыма кут жанаар, кыйчалышкан кыйын күндөр бүт калаар"

20-июль 2019, 17:30 Кызгалдак Жакыпова

Жакын калды жаңылануу болору,  Кудай колдоп кут береке конору.  Жаңы дооруң тан калтыраар дүйнөнү,  Мүңкүрөбө,башты көтөр жогору. Ырыскыңды ар ким талап жеп келди, Ар ким сени жыргатамын деп келди.  Сен кыргызсың сенин каның башкача, Жаркыраган коомду кураар кез келди. Касиетүү кыргызыма кут жанаар, Кыйчалышкан кыйын күндөр бүт калаар.  Биз биригип таза коомду курганда, Дүйнө жүзү бизди көрүп суктанаар. Улуу элсиң жанат чолпон жылдызың,  Дагы чыгат Бакай, ...

0 139

АКШ менен Орусия жаңы өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүлөрдү өткөрөт

20-июль 2019, 17:42 Кызгалдак Жакыпова

АКШ менен Орусиянын өкүлдөрү өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу жаңы келишим түзүүнүн келечегин баалоо максатында шаршембиде Женевада жолугушат. Бул тууралуу Reuters агенттиги Дональд Трамптын администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлүнө шилтеме кылып жазды. Басылманын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Ак үй анын жыйынтыгында Кытайдын катышуусунда өзөктүк куралдарды чектөө тууралуу үч тараптуу келишим түзүү ыктымалдыгы боюнча ...

0 160

Улугбек Ормонов: "Чет өлкөгө чыгуу планымда жок"

20-июль 2019, 16:47 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты, Улугбек Ормонов, "Чет өлкөгө чыгуу планымда жок", деп "Де - Факто" гезитине маек курган. Депутаттар жайында эс алат деген эле аты болбосо шайлоочулар менен жолугуп, алардын пикирин угуп жатабыз. Өзгөн районунан шайланган эл өкүлдөрү Сузакты, Өзгөндү кыдырдык, калктын пикирин уктук. Учурдан пайдаланып эл менен жолугуудан сырткары жеке иштерди да бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азырынча Кыргызстанда элемин. Чет ...

0 278

Министрдин дары - дармек бизнесин кеңейкен Боронбаева

20-июль 2019, 15:51 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөттүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчилигине ушул жылдын март айында Элнура Боронбаева аттуу «айым - пааша» келгенин билсеңиз керек. Тээ мурунтадан эле бул тармакта коррупция тереңдеп, а түгүл тамырлап кеткени кеңири айтылып келет. Дары - дармекти көзөмөлгө алган бул тармакты Элнура айым таптакыр тазалай албасадагы ирээтке келтирет го деген ишенимибиз бар эле. Тилекке каршы ал жактагы коррупциянын «сормо сазы» Боронбаеваны деле «бооруна ...

0 268

Эне тилин билбеген Жамангулов элди сүйүп жыргатабы?

20-июль 2019, 15:22 Кызгалдак Жакыпова

Тил жоголсо улут жоголот, муну биз тарыхтан жакшы билебиз. Кечээки эле Союз учурунда тилин жоготкон ондогон улуттар оруска сиңип жок болду. Биз дагы ошол шордуулардын катарына кирип калышыбыз мүмкүн эле, багыбызга жараша Союз ыдырап, түндүгүбүз көтөрүлдү. Бирок, маңкурттук сезимден ажырай албай койдук. Мамлекет эне тилдин урматтоочу чараларды көрбөстөн, тескерисинче элди шылдыңдагансып, кыргыз тилин билбегендерди кастарлап, төргө чыгарып жатат. Маселен ...

0 321

Мамлекетти шыйрагындай көрбөй көпкөн конокторду ордуна койчу орган барбы?

20-июль 2019, 14:55 Кызгалдак Жакыпова

«Жамандын үйүн коногу бийлейт» деген ата - бабанын нарктуу сөзү бүгүн бизге куп гана жарашып турат. Кайсы тармакты карабагын кечээ босогодон эптеп киргендер бүгүн кутуруп, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илишүүдө. Буга чейин итке калпак кийгизип кыргызды шылдыңдаган «Бишкек Парктын» төшү түктүү кожоюндары кечээ күнү кыргыз тилинде сүйлөөгө тыюу салгандыгы ачыкка чыгып, элдин кыжырын кайнатты. Тактап айтсак, Абдулбасит Давлат аттуу жаран ...

0 267

Тышкы мамилелер чыңалууда

20-июль 2019, 14:30 Кызгалдак Жакыпова

Уюмунун (ЕККУ) өкүлү Арлен Дезирди шейшемби күнү кабыл алып, сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусунун маселелерин талкууланды. Министр Айдарбеков ЖМКлар жана социалдык тармактар менен жигердүү иштешүүнүн маанилүүлүгүн, ошол эле учурда «фейк жаңылыктар» сыяктуу көрүнүштөргө каршы туруу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу зарылчылыгын белгилесе, Ален Дезир Кыргызстандагы плюрализмдин жогорку деңгээлин, сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу ...

20-июль 2019, 14:30 | 267
0 186

Азиз Суракматов: "Эс алууга убакыт жетишпейт"

20-июль 2019, 14:08 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаарынын мэри, Азиз Суракматов, "Эс алууга убакыт жетишпейт", - деп "Де - Факто" гезитине маек курган. —Эл эс алган убакта биз иштейбиз. Күнү - түнү чуркап, баарын карап, тиешелүү адамдарга тапшырма берип, кайра аны көзөмөлдөп, анан иш кагаздарды караганча эле кеч кирет. Борбор калааны гүлдөгөн шаарга айлантып, тазалыгы менен үлгү боло турган шарттарды түзүүгө болгон аракетибизди жумшап атабыз. Коомчулук ...

0 3060

Илим Карыпбеков: “Бул мени миң ирет ыйлатты, миң ирет кичинекей жан дүйнөмдү сыздатты”

20-июль 2019, 13:42 Кызгалдак Жакыпова

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык баракчасына каалаган адамына “чымчып” тийишип жазып калат. Ал тургай тайэнесин тамшанта сүйлөттүрүп саясатка аралаштырып жиберет. Илим Карыпбеков кезектеги ички сырын арак тууралуу ачыкка чыгарды. Башыңды, жаныңды, жакшылыгыңды, мээнетиңди жеген арак. *** Мен аракты биринчи жолу 9 класста ууртап көрдүм. Бир классташымдын туулган күнү экен. Ал авторитет сөрөйүбүз эле, атаман. Анын туулган күнү ...

0 399

САТИРА: “Боло берет турмушта. Особенно кыргызда”

20-июль 2019, 13:33 Айдар Нуралиев

“Мамлекет үй-бүлөдөн башталат” - деген таасын сөз бекеринен айтылбаса керек. Дегеним, буга чейин келинчегим (бул экинчиси) экөөбүздүн чакан мамлекетибизде стабилдүүлүк бекем эле сакталып келген болчу. Балээнин баары  элге белгилүү куудулдар Абдылда Иманкулов менен Тынар Курбаналиевдин  МАИге байланышкан сатирасынан башталды. Ушул сатираны көргөндөн кийин эле  “Ажо биз тараптан болот” дегенсип келинчегим мени кадимкидей теӊине албай басынта баштады. Анын минтип өзгөргөнүнө ...

0 568

БОЛГОН ОКУЯ: "Ээсин издеген кол"

20-июль 2019, 12:19 Кызгалдак Жакыпова

Мадали колунан көөрү төгүлгөн жыгач уста эле. Айылда ал кишинин алдынан кыя өткөн жан болчу эмес, улуу - кичүү дебей "Мадакелеп" урматтап турушчу. Ал да өз баркын билгендиктен, анча - мынча кишини басынтып да койчу.  Бир күнү эшик жасап жатканда аскерде чогуу кызмат өтөгөн теңтушу келип калып, ишин токтотуп, ага дасторкон жайып, арак - шарабын жайнатып сыйлайт. Досу шашылыш ...

0 428

Атамбаев Россияга бара тургандыгын айтты

20-июль 2019, 11:39 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президенттин өлкөдөн чыгып же кайра киришине кепилдик бар - жогу туурасында журналистерге пикирин билдирди. "Кийинки аптада бир - эки күнгө Россияга барып келейин деп жатам. Бир - эки күнгө барып келишимди кээ бирөөлөрдүн каалабагандыгы көрүнүп турат. Кудай буюрса, учуп барып келем. Тараптар, мени чакырган адам баарын камсыздаганга аракет кылып жатат. Бирок баары бир Кудайга, өзүңө, чыныгы досторго ишенип, бардыгына даяр ...

0 316

Аз камсыз болгон үй - бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду

20-июль 2019, 11:07 Кызгалдак Жакыпова

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору электрондоштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, социалдык паспорт — аз камсыз болгон үй - бүлөлөрдүн жашоо - шартын көрсөтүп турган база. Ал жактан арыз ээлеринин канча баласы бар экени, кирешеси, мамлекеттен канча акча алары, майыптыгы бар - жогун толугу менен көрсө болот. «Бул документти электрондоштуруу менен эми арыз ээлери ар ...

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83