www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жыл, август
0 446

Президенттин сөзү сууга акты да, кетти

24-август 2019, 11:36 Кызгалдак Жакыпова

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында кен тармагындагы коррупциянын гүлдөп кеткенин маалымдап, бир эле кишиде 41 лицензия бардыгын айткан. Кийин ал 41 лицензиянын ээси катары Жумаев дегендин аты аталган. Эми андан бери бир кыйла убакыт өттү. Жумаевге чара көрүлгөн жок. Тиешелүү органдар бары-жогун эстеп да коюшпады. Президенттин сөзү Коопсуздук кеңешинин жыйынынан чыкпай сууга акты да, кетти. Ал эми Жумаев ...

0 328

Жапаровдун иши дагы кайра каралсын

24-август 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облустук соту саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын апелляциялык арызынын негизинде даттанууну карап чыгып, 16-июлда Аламүдүн райондук соту тарабынан кабыл алынган чечимди күчүндө калтырды. Тактап айтканда, Садыр Жапаровдун мунапыска байланыштуу түрмөдөгү жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сунушун 6 ай мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн кабыл алган эмес. Жапаров 2026-жылдын 5-сентябрында эркиндикке чыгат. Амнистия менен чыкса, жаза өтөө мөөнөтү ...

0 1445

Урмат Акунов:«Азаттык» Матраимовдор менен күрөшөбүз» деп олтуруп, бир тараптуу экенин коомчулукка көрсөтүп коюшту»

24-август 2019, 10:53 Кызгалдак Жакыпова

Учурда Кыргызстандын маалымат айдыңында социалдык тармактарда "Азаттыктын" тагдыры талкуу болуп, аттуу-баштуулардан тарта пикирин айта баштады.  Мурдагы Акыйкатчы, Бакыт Аманбаев менен коомдук активист Урмат Акунов "Азаттык" тууралуу ойлорун айтты. "Урматтуу Фейсбуктагы достор, менин бул посту жазуума “Азаттык» радиосунун азыркы жетекчилигинин аларга айтылган сынды туура кабыл алып, аны оңдоштун ордуна, тескерисинче актанып, сын жазган авторлордун жеке ...

0 123

Кыргыз Республикасынын илиминин эмгек сиңирген ишмери Шукуров Эмил Жапарович дүйнө салды

24-август 2019, 10:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын илими орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 23-августунда 82 жашка караган курагында көрүнүктүү окумуштуу-эколог, география илимдеринин доктору, профессор, биология илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Республикасынын илиминин эмгек сиңирген ишмери Шукуров Эмил Жапарович дүйнө салды. Эмил Шукуров 1938-жылы туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин «биолог-зоолог» адистиги боюнча бүтүрүп, Москва мамлекеттик университетинин биология-кыртыш таануу факультетинин аспирантурасын аяктаган. 1963-2000-жылдары ...

0 1249

Турсунай “Акырында айлам жок боюмдагы наристени алдырттым..."

24-август 2019, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Мен өзүм журналистмин. Бир күнү сауна иштеткен таанышым: “Бул жакка келип бир эс алып кетпейсиӊби. Сага укмуш материалдар табылат”, - деп телефон чалганда айтылган дарек боюнча тез эле жетип бардым. Ал жерде тал чыбыктай ийилген жаш кыздардын казысы салаӊдаган эркектерди тейлеп жатканын көрүп аларга бир чети зээним кейисе, акча үчүн ушундай  ыплас ишке барган өзүӊөр күнөөлү деп бир чети ...

0 212

ИИМ: Адиль Турдукулов жана Валентин Богатырев күбө катарында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына чакырылды

24-август 2019, 09:30 Кызгалдак Жакыпова

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Аламүдүн районунун  Кой-Таш айылындагы массалык башаламандык уюштурууга катышуу жана барымтага алуу фактылары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 244-беренесинин 2 бөлүмүнүн 1,2,3,4 пунктунда (барымтага алуу) жана 264-беренесинин 3-бөлүмү (массалык баш аламандыктар) менен сотко чейинки өндүрүш  иш чаралары жүргүзүлүп жатат. 23-август күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына 7-8 августундагы окуялар боюнча ...

0 432

БОЛГОН ОКУЯ: "Бактымды таппай келем..."

23-август 2019, 19:23 Кызгалдак Жакыпова

"Эркекти барчылыкта, аялды жокчулукта сына деген сөз чын..." Жубайым менен 2 балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. Балдарды талашпай, кезектешип бага турган болдук. Негизги милдетти өзүм алдым. Учурда Россияда айнек заводунда иштейм. Алгач катардагы эле кызматкер болуп киргем. Бара-бара кызматымдан көтөрүлүп, азыр бөлүм башчымын. Айлыгым кудайга шүгүр, балдарды бакканга, Кыргызстанга акча салып турууга жетет. Айылыма чоң, өзүм кыялданган үй салып жаткам, бүтөйүн ...

0 113

“Коопсуз шаар” кытайлардын колуна түшөбү?

23-август 2019, 18:49 Кызгалдак Жакыпова

“Коопсуз шаар II” этабын кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы жеңип алды. Мындай билдирүүнү бүгүн 23-августта журналист Тынчы Атбашингтони өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Мында Тынчы мырза, учурдагы бийликтин жакындарына байланыштуу такталбаган маалыматтары бар экенин кыйытат;   -Мендеги маалыматтар боюнча, бул компанияда мурдагы маалыматтык технологиялар агенттигинин башчысы Бакыт Шаршембиев иштеп жатат. Ал болсо бийликтеги БАЖАЛАР КЛАНЫнын бакыйган өкүлү. Коопсуздугубузду орустардан эми кытайлар колго ...

0 458

ВИДЕО - Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайды тарых музейине өткөрүп береби?

23-август 2019, 18:38 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 23-августта интернетте Кыргызстанга белгилүү бул эки саясатчынын жолугушкандагы видеосу тарады. Маалыматтарга караганда, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу коомдук ишмер, өзүн Кудай атап алган Арстан Алайды Тарых музейинин алдына жолугушууга чакырган.  Экөө жакындан бери бири-бири менен айтышып жатышкан болчу. Белгиленген убакта экөө тең келип, учурашып Тарых музейи тарапка жөнөштү. Көрсө, Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайды өзгөчө маанилүү экспонат катары музейге ...

0 179

АША тарыхка канкор катарында кирип калат!

23-август 2019, 18:22 Кызгалдак Жакыпова

АША өзү ашап, бирок аны Жээнбековго шылтагысы келген 2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин заманына чекит коюлгандай, ушул жылдын 8-августунда Атамбаевшинанын доору биротоло аяктады. Ага Кылмыш Кодексинин 12 беренеси боюнча айып коюлууда. Алардын ичинде адам өлтүрүү, бир нече адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүү, мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо, массалык баш аламандыктарды уюштуруу сыяктуу оор беренелер бар. Тергеп-тескеп, иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аларга дагы жаңы ...

0 124

Кыргызстандын дүйнө жүзүнө сыймыктанчу нерсеси - жалгыз сөз эркиндиги гана калды…

23-август 2019, 18:23 Кызгалдак Жакыпова

Эл аралык алкакта эркин мамлекет катары таанымалбыз. Суверендүү мамлекет катары көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчөбүз. Эң негизги- кошуна колоңдордон эле эмес, жер бетиндеги көптөгөн өлкөлөрдөн айырмаланган артыкчылыгыбыз: аларга салыштырмалуу биздин өлкөдө сөз эркиндиги бар деп эсептейм.Түшүнгөн адамга мунун мазмуну терең. Мындай баалуулук планетанын ар бир эле элинин шыбагасына бурган эмес. Сөз эркиндигинин башкы функциясы - өлкөнүн маховиги, күрөө тамыры ...

0 703

Вольф Мессинг деген ким? Сталин, Гитлер Эйнштейн ага эмнеге суктанган?

23-август 2019, 17:14 Кызгалдак Жакыпова

Вольф Мессинг 1899-1974-жылдары жашап өткөн. Бирок азыркы күнгө чейин мындан кийинки келечекти дагы алдын ала айткан үчүн али күнчө атактуу. Албетте, ал жөнүндө ар ким өз оюн айткан. Ал тургай өзү дагы же Кудайга, же шайтанга кызмат көрсөтүп жатканын билбеген бойдон көзү өтүп кеткен. Ал дайыма өзүнө мен киммин деген суроону көп берген. Бирок ошого жооп таба алдыбы, же ...

0 1631

Орусия компаниясы Жеки Чан менен Шварценеггерди сотко берди

23-август 2019, 16:46 Кызгалдак Жакыпова

«Тайпанын орус фильми» (Русская фильм группы) компаниясы Москванын Арбитраждык сотуна доо арыз менен кайрылгандыгын, бүгүн 23-августа «Ведомости» гезити жазып чыкты. Анда China Film Group кытай кинокомпаниясынын жана Жеки Чан менен Шварценегрдин үстүнөн сотко кайрылып, алардан 216,6 млн рубль өндүрүү боюнча арыз берген. Алардын жүйөөлөрүнө караганда, “Ажыдаардын жашыруун мөөрү” (Тайна печати дракона) аттуу тасманы тартууга жалпысынан 50 млн доллар коротулган. ...

0 872

Досалы Эсеналиевдин ордуна Жекшенкуловдун бараары сөз болууда

23-август 2019, 16:38 Кызгалдак Жакыпова

Азырынча ушундай кеп кетти, болгондо да мындай кептер Ак үйдүн ичинде күжүлдөп атат. Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевге шефтеринин ичи чыкпай, күзгө карай ордуна мурда-кийин Атамбаев менен иштешпеген фигураны Акүй билермандары карап жатышат дейт. (СШЖнын мунусу өзгөчө түндүктүк кадрларга басым жасоого болгон кадамы го?) Учурда бийликтин жогорудагыдай критерийлерине төп келген тизменин сап башында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги ...

0 229

Президент Сооронбай Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж

23-август 2019, 16:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды. «Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине ...

Дагы жүктөө
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83