www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махабат Алымбекова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (123)

0 2087

Атамбаевдин кызы атасына ыры үчүн ыраазычылык билдирди

15-июнь 2017, 13:04 Махабат Алымбекова

Алия Шагиева анын искусствого болгон шыгы атасынан калганын айтып, атасы жаш кезинде сүрөт дагы тартканын кошумчалады.  Президенттин кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook баракчасына атасын мыкты аткарган ыры менен куттуктаганын жазып чыкты.  Шагиева өзүнүн билдирүүсүндө атасы үчүн ачык кат тартканын жазат. "Ичине эмне деп жазганымды көрсөтпөйм. Себеби, аруу, таза нерселерди баарына жар салгым келбейт. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, жакшы көрөм! ...

0 1705

Түркияда жашаган өзбек ырчысы өзбек чек арачыларын "эл душмандары" деп атады + АУДИО

13-июнь 2017, 15:26 Махабат Алымбекова

Мекенинде баркталбай Түркия жарандыгын алган өзбек ырчысы жана композитор Абдулазиз Карим социалдык түйүндөр аркылуу видеокайрылуу жолдоп, Өзбекстан чек арачыларын “эл душманы” деп атады.  44 жаштагы ырчы мындай кайрылуу жолдоого Өзбекстандын чек ара кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери себеп болгонун айтты. Ырчы ырастагандай, 10-июнда Өзбекстандын чек ара кызматкерлери анын 76 жаштагы атасын өзбек-казак чек арасында кармашкан. Ырчынын атасы Түркиядан коңшу Казакстан аркылуу Өзбекстанга келе ...

0 726

Бакиевдердики делген "Витязь" пансионаты Маданият министрлигине өткөрүлдү

13-июнь 2017, 11:34 Махабат Алымбекова

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун алдындагы «Витязь» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүлдү. Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн маалымдашкандай, тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин Маданият маалымат жана туризм министрлигинде өз кызматкерлерин бекер амбулатордук медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн дарылануу-профилактикалык мекемеси болбогондуктан аталган пансионат Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына ...

0 14731

Текебаевге карата тарыхта жок чечим чыкты - ВИДЕО

13-июнь 2017, 10:25 Махабат Алымбекова

Текебаевге карата тарыхта жок чечим чыкты - ВИДЕО

0 2908

Казактар бир күндө Атамбаевдин калпын чыгарды! Бул өлкөбүз үчүн жакшыбы, жаманбы? Ким сасыткы: журналисттерби же?..

12-июнь 2017, 13:56 Махабат Алымбекова

Кыргызстандын президент Алмазбек Атамбаев неге калп айтып, элдин башын айлантууда? Кечээ, 11-июнда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш менен биргеликте басма сөз үчүн берген маалымат жыйынында «Эгер, мен Астанадагыдай ЭКСПО көргөзмө уюштуруп, ага 3 млрд сарптачу болсом, мени булар (сасыткы саясатчылар менен журналисттер дегени – ред.) тирүүлөй өрттөп жиберишмек. Болбосо жол куруу үчүн 1 млрд сом, ...

0 1542

Чубак ажы: Бизге Аха Хандын, диндеги демократиянын кереги жок, шийиттер кайдан келсе ошол жакка кетсин (Видео)

10-июнь 2017, 10:53 Махабат Алымбекова

Чубак ажы: Бизге Аха Хандын, диндеги демократиянын кереги жок, шийиттер кайдан келсе ошол жакка кетсин. 

0 4097

Иса Өмүркулов камака алынат экен

09-июнь 2017, 12:01 Махабат Алымбекова

Конституциянын өзгөрүшүнө өзгөчө салым кошкон депутат Иса Өмүркуловдун учурда саясаттагы абалы оор болуп турат. Атамбаев экөөнүн ортосун кайсыл кара мышык аралаганы белгисиз, ал тууралуу тескери маалыматтар жетээр жерине жетиптир. Учурда ага карата кылмыш ишин козгоо боюнча кыймыл-аракеттер көрүлүп, керек болсо СДПКдан биринчи камала турчу депутат болуп калышы да мүмкүн экен. Бакиевдин тушунда жакшылык көрбөгөн Өмүркулов эми досу Атамбаевдин бийлиги да жакшылык ...

0 736

Өзбекстанда футболчулар ортосунда болуп өткөн массалык мушташ интернетке жарыяланды - ВИДЕО

09-июнь 2017, 11:17 Махабат Алымбекова

Өзбекстандын футбол боюнча клубдар арасында 4-июнь күнү өткөн чемпионатта «Сурхан» (Термез) менен «Андижан» клубдарынын футболисттери ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу Podrobno.uz. порталы жазды. Ал эми кечээ, 8-июнда мушташтын видеосу интернетке жарыяланып, бир күндүн ичинде көрүүчүлөрдүн саны 56 000 ден ашты. Төмөндө видеосун сунуш кылабыз. Ак формадагылар «Андижан», ал эми сары форма кийгендер «Сурхандын» оюнчулары.

0 1897

Видео - Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти М.Азизов «Ала-Тоону» кыргызча ырдады

09-июнь 2017, 10:24 Махабат Алымбекова

Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти, Ташкенттеги Мукими театрынын жетекчиси, белгилүү актер жана режиссер Миразбек Азизов «Ала-Тоо» чыгармасын кыргыз тилинде ырдады. Чыгарма Ош шаарындагы Бабур театрынын сахнасында аткарылган. Видеону ушул шилтеме аркылуу көрө аласыздар https://www.facebook.com/sanjarbeke/videos_by​​​​​​​ Булак: turmush.kg

0 2389

Ооз ачырган окуя. Аскадан кулаган илбирсти турист видеого тартып калды

07-июнь 2017, 14:15 Махабат Алымбекова

Гималайда тоо боорунан кетип бараткан илбирс капысынан кулап, ылдыйды көздөй түштү. Гималайда асканын бетинде кетип бараткан илбирстин кулап түшкөнүн туристтер видеого тартып калган. Тасманы экспедициянын катышуучусу Майкл Биркхид жарыялаган. Видеодон жол тандап кетип бараткан илбирстин капысынан кулап кеткенин көрүүгө болот. Бийиктиктен катуу түшкөнүнө карабай ал ордунан туруп, жолун улаган. "Биз Гималайда тоодон кулаган илбирске күбө болдук. Видеону ушул шилтеме аркылуу ...

0 706

ӨКМ: абайлагыла, бүгүн катуу шамал күтүлүүдө!

07-июнь 2017, 10:23 Махабат Алымбекова

Бүгүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар түшүүсү, ал эми кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. "Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп, дыйканчылык аймактарында 20…25 градус, тоолуу райондордо 7…12 градус жылуу болот. Бийик тоолуу райондордо нөлдөн…5 градуска чейин жогорулайт", — деп айтылды синоптиктердин кабарында. ӨКМ мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана ...

0 637

АКШда баңгизат саткан адам Facebook баракчасынын түз эфиринен кармалды (Видео)

06-июнь 2017, 11:16 Махабат Алымбекова

АКШнын полиция кызматкерлери баңгизат сатуу менен алектенген адам үйүндө Facebook баракчасынын түз эфирине чыгып, кылмыш жолу менен тапкан акчаларын көрсөтүп мактанып жатканда кирип келди. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазып чыкты.  

0 4729

Темир тор артындагы Текебаевдин 8 жашар кызы менен жолугушуусу элди ыйлатты - ВИДЕО

05-июнь 2017, 17:00 Махабат Алымбекова

Бүгүн, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунда башталган Өмүрбек Текебаевдин соттук процессинде конвойлор жубайы Айгүл Текебаева менен учураштырышпай коюшту. Ал эми кичүү кызы, 8 жаштагы Айсараны да жолуктурбарганга жасаган аракеттерине карабай элдин сүрөөсү менен Текебаевдин адвокаттарынын бири Таалайгүл Токтакунова колунан жетелеп барып учураштырды.  

0 787

Депутат журналист Бабакуловдун макаласына баа берүүнү талап кылды

01-июнь 2017, 14:06 Махабат Алымбекова

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айрым депутаттар улуттар аралык кастыкты козуткан адамдардын жоопкерчилигин күчөтүп, атүгүл жарандыктан ажыратууну сунушташты. Буга журналист Улугбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жазган макаласы себеп болду. Эл өкүлү Мурадыл Мадеминов июнь коогасынан кийин тынчтык зор күч менен орногонун айтып, кастыкты козуткан адамдарды жарандыктан ажыратуу маселесин көтөрдү. - Азыркыга чейин каргашалуу июнь калабасында балдарын жоготкон аялдардын көз жашы тыйыла элек, жүрөктөрү ооруп ...

0 1090

Орусия Сириядагы ИМ позицияларын суу алдындагы кемелеринен аткылоодо

Жер ортолук деңизде жайгашкан орусиялык “Краснодар” суу алдында жүрүүчү кемеси жана “Адмирал Эссен” фрегаты төрт “Калибр” аттуу канатуу ракеталарын Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун позицияларын көздөй коё берди. Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлагандай, бутага Пальмирадагы ИМдин объектилери алынды. Ал жерде жоочулардын бөлүктөрү жана оор техникалары жайгашкан. “Краснодар” кемеси ракеталарын суу алдынан коё берди. Коргоо министрлиги Москва ракеталык сокку туурасында АКШ, Түркия, Израилди дароо ...

0 2214

Трамп протоколду бузуп, дүйнө лидерлерине мобилдүү телефон номерин берүүдө

АКШ президенти Дональд Трамп мобилдүү телефонунун номерин бир катар чет өлкө жетекчилерине берүү менен дипломатиялык протоколду бузуп, коопсуздук кызматынын тынчсыздануусун жаратты. Бул тууралуу The Washington Post гезити маалымдоодо. Трамптын мобилдүү телефонунун номерин Мексика президенти, Канада премьер-министрине берген. Канада өкмөт башчысы Жастин Трюдо ага чалып жиберүүгө дагы үлгүргөн. Трамп Франция президенти Эммануэль Макрон менен дагы телефон номерин алып-беришкен. Басылманын маектешинин айтымында, АКШ президенти ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 920

Улуттук университеттин ректорлугуна экс-министр Канат Садыков дайындалды

30-майда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Канат Садыковду ректор кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору болуп мурдагы билим берүү министри Канат Садыков дайындалды. Бул кабарды окуу жайдын маалымат кызматынан тастыкташты. Ага ылайык, 30-майда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Канат Садыковду ректор кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койгон. "Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү ...

0 1969

18 жаштагы Нурбол Youtube каналынан айына 2 миң долларга чейин табат

Кыргызстандык колдонуучунун тастыкталган Youtube каналында 100 миңден ашык киши катталган. Нурбол Эрланов 18 жашта. Анын Youtube каналына 100 миңден ашык киши катталгандыктан ага компания тарабынан жакында эле "күмүш" баскыч берилди. Анын Youtube каналы KZ KG Tube деп аталып, компания тарабынан тастыкталган. Учурда каналга 180 миңден ашык киши жазылган. Эрланов Sputnik Кыргызстан агенттигине эки жыл мурда өз каналына "элдик ...

0 5289

Бизнестин эң жогорку чегине жеткен миллиардер Стив Джобстун армандуу акыркы каты

- Мен өзүм, бизнестин эң жогорку чегине жеткен, байлыктын, акчанын ачуусун да, таттуусун да татып көргөн адаммын. Өзгөлөрдүн көзүнө менин өмүрүм өксүгү жок, жалаң жакшы күндөрдүн курчоосунда өтүп жаткандай сезилчү. Аттиң, а чынында менин өмүрүмдө акча жана жумуштан башка нерседен ырахат алып, кубанган күндөрүм аябай эле аз болду. Байлык, дүнүйө, мүлк. Булар өмүрдүн бир бөлүгү гана, менин өмүрүм ушулардын курчоосунда ...

0 747

Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге толугу менен ишенерин билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнерге  толугу менен ишенерин билдирди. The New York Times кабарлагандай, Трамп күйөө баласы миллиарддаган долларларды үнөмдөөгө жол ачкан программалардын үстүнөн иштөө менен өлкө үчүн чоң иш жасап жатканын айткан. Бул арада президент Твиттердеги баракчасында ММКларды Акүйдөн чыккан жалган маалыматтарды таратууга айыптады. АКШда Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен былтыркы ыктымал байланыштарын иликтөө улам тереңдеп баратат. ...

0 674

Манчестердеги терактты уюштурууга шектелип 14чү шектүү кармалды

Британ полициясы жекшембиде 22 адамдын өмүрүн алган Манчестердин концерттик залындагы терактка байланыштуу тинтүү иштерин жүргүзгөнүн жана жардырууну уюштурууга шектүү катары 25 жаштагы адам кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, полиция тарабынан шаардын чыгыш бөлүгүндө кармалган шектүү терроризмге айыпталууда. Муну менен бул иш боюнча кармалгандардын жалпы саны 14 адамге жетти. Полиция жардыруу боюнча тергөө иштерин улантууда жана анын алкагында терактты аткарган жанкечти Салман Абедиге байланышы ...

0 707

Египеттеги зыяратчыларга кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Египеттеги христиан-зыяратчыларга кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алды. Экстремисттер 32 адам өлтүрүлгөнүн билдиришүүдө. Египет бийлигинин маалыматында окуядан 29 адам каза таап, 13ү жаракат алганы жана алар ооруканада экени айтылат. 25-майда куралчан топ өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Минья провинциясындагы монастырга бараткан зыяратчылардын автобусуна кол салган. Окуядан кийин Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ливиядагы машыгуучу базаларына абадан сокку ...

1 8211

Анжелика Айчүрөк Иманалиева менен сотто сүйлөшөт

Айчүрөк Иманалиева кечээ Анжелика Бекболиева тууралуу пост жазган, анда өткөн-кеткен көп кызыктуу окуялардын бетин ачкан. Ал эми Анжелика аны жөн эле каралап атканын айтып, төмөндөгү посту жазып Айчүрөк устатына жооп берди. Бардыгыныздар билгендей эле мен чон сахнаны Айчурок Асылбековна аркылуу тааныгам.Ыраазычылыгымды билдирем ар дайым. Бирок эл алдына Сиз мени аша чаап каралап баштадыныз.Ушул күнгө чейин унчукпай сиздин улуу башынызды ...

0 1746

Сапар Исаковдун атасы каза болду

Жумакадыр Исаков 1939-жылы 27-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында төрөлгөн.  КР президент аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковдун атасы Жумакадыр Исаков 78 жашында каза болду. Маалыматты президенттин аппаратынан тастыкташты. Билдирмеге ылайык, Жумакадыр Исаков 1939-жылы 27-августта Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында төрөлгөн. Кийин Жалал-Абад, Ош облустарында партиялык кызматтарда иштеген. Биздин редакциянын жамааты Сапар Исаковдун атасы жарык дүйнө менен коштошкондугуна байланыштуу терең кайгыруу ...

0 539

Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-майда Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 42-жыйынына катышуу үчүн келишкен КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери менен жылуу учурашып, аларды коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Президент Алмазбек Атамбаев КМШ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук көбүнчө атайын кызматтар ...

0 760

Филармониянын аймагынан бомба изделүүдө

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имаратынын аймагына бомба коюлду деген маалымат келип түшкөндүктөн ал жер курчоого алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Бомба тууралуу билдирүү милицияга саат 7:37де келип түшкөн, учурда окуя болгон жерде УКМКнын саперлору иштеп жатат. Филармониянын аймагында жарылуу болду деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматты милиция төгүндөдү.  

0 2012

Меланья жолдошу Дональд Трамптын сунган колун экинчи ирээт түртүп салды (ВИДЕО)

АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Меланьяга колун сунса, ал кармабай койгон видео интернетке таркаган. АКШ президенти Дональд Трамп Рим папасы Франциск жана италиялык лидерлер менен жолугушуу үчүн Ватиканга келди. Шейшембиде Air Force One авиалайнери Римдеги Леонардо да Винчи аэропортуна конду Трамптын жубайы Меланья конуу учурунда кайрадан Трамптын колун кармабай койду. 

0 864

Трамп Рим папасы менен жолугушуу үчүн Италияга келди

АКШ президенти Дональд Трамп Рим папасы Франциск жана италиялык лидерлер менен жолугушуу үчүн Ватиканга келди. Шейшембиде Air Force One авиалайнери Римдеги Леонардо да Винчи аэропортуна конду. Трамп Италияда 24 саатка жакын болуп, андан соң Европа биримдигинин жана НАТОнун жетекчилери менен жолугушуу үчүн Брюсселге барат. Андан соң ал кайрадан Италияга келип, бейшембиде Сицилияда өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн “Чоң жетилик” саммитине катышат. Трамп менен ...

0 641

Өзбекстанда Борбордук банктын төрагасы көз жумду

Ташкентте 67 жашында Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Файзулла Муллажанов каза болду. Ал бул кызматты акыркы 14 жылдан бери аркалап келген жана америкалык Global Finance журналынын версиясы боюнча 2015-жылы эң мыкты улуттук банктардын башчыларырын тизмесине кирген. Маалыматтарга караганда, Муллажанов акыркы эки-үч жылдан бери бөйрөгү ооруп, диабет менен жабыркап келген. Өткөн жылы бөйрөктөрү иштебей калгандыгына байланыштуу гемодиализ ала баштаган. Маркум бүгүн түштөн кийин ...

0 5850

Меланья жолдошу Дональд Трамптын сунган колун түртүп салды

Жубайына сунган колу сууган Трамп ыңгайсыз абалда калды. АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Меланьяга колун сунса, ал кармабай койгон видео интернетке таркады. Бул тууралуу РИА Новости Newsweek порталына шилтеме берип жарыялады. Окуя Трамптын Израилге расмий иш сапары менен барып, Тель-Авива аэропортуна конгондо болгон. Видеодо көрүнүп тургандай, Американын өлкө башчысы аялына колун көпкө чейин сунган. Алгач Меланья аны көрмөксөн болуп, кийин күйөөсүнүн ...

0 1723

Муфтият битир-садаганын баасын бекитти

Чогулган каражат комиссия түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде муктаждарга таратылат.  Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди.  Ошондой эле битир-садага буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 ...

0 687

Нетаньяху АКШнын Жакынкы Чыгыштагы лидерликти колго алганын кубаттады

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушуусунда алгачкы ирет аймактагы тынчтыкка жетишүү мүмкүндүктөрүн байкаганын билдирди. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Иерусалимде өткөн биргелешкен маалымат жыйынында Нетаньяху Трамп менен тыгыз кызматташтыкта иштөөнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. "Жалпы коркунучтар душмандарды өнөктөштөргө айлантат", - деди Нетаньяху. Өз кезегинде Трамп дагы Ирандын согуштук дараметин бекемдөөсүнөн кооптонгон араб өлкөлөрү менен Израилдин көз караштары жакындай баштаганын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 739

Манчестердеги жардыруудан 19 киши мерт кетти

Улуу Британиянын Манчестер шаарындагы жардырууда 19 киши мерт кетип, 50 чамалуу адам жараат алды. Жардыруу 22-майда, америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концертинен кийин болду. Жардыруунун себеби азырынча белгисиз. Бирок жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, полиция муну терракт катары сыпаттоодо. BBC полицияга шилтеме кылып билдиргендей, жардыруу болгон жерден алыс эмес жайдан экинчи жардыргыч зат табылды. Учурда жардыруу болгон жерде саперлор иштеп жатышат. Концерттик зал жана ...

0 4702

Алия Шагиева: "Апам көз айнек тагынып алып дагы деле базар аралайт"

Өлкө башчынын кызы аны сарамжалдуу болууга тарбиялаган апасынын эмгегин айтып өткөн.  Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасына акча үнөмдөөнү апасынан үйрөнгөнүн жазып чыкты. Өлкө башчынын кызы өз постуна жакында эле болуп өткөн окуяны баяндап берген. Анда индустардын дүкөнүнө кирген Алия чүпүрөктөн тигилген 950 сомдук сумканы жактырып, сатып алгысы келсе да олку-солку болгон ирмем чагылдырылган. "Жолдошум көпчүлүк ...

0 1057

Жырткычтын кызды сууга сүйрөп кеткен видеосу тарады

YouТube каналына суу арстаны кызды көйнөгүнөн тиштеп, сууга сүйрөп кеткен видеосу чыкты. Окуя Канаданын Ричмонд шаарында болгон. Алгач жырткыч адамдардын жанында эле жайбаракат сүзүп жүргөн. Бир маалда эле жээкке отура калган кызды көйнөгүнөн тиштеп, сууга сүйрөп кеткен. Наристени жырткычтын артынан эле сууга секирип түшкөн эркек киши куткарып калды.  

0 12428

Эң бай араб Кыргызстан тууралуу оюн айтты

Мишаль Кану журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, анын жооптору жагымсыз болорун эскертти.  Бириккен Араб Эмираттарында эң бай адам катары эсептелген Мишаль Кану "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanSummit 2017" IX эл аралык экономикалык саммитинде Кыргызстан жана Борбор Азиянын башка мамлекеттери жөнүндө пикири менен бөлүштү. "Аталган региондон Казакстан менен гана иштешсе болчудай. Ал эми Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө бизнес жасоо ...

0 1411

Жаңы клип: Мирбек Атабеков - "Жолуктун неге"

Мирбек Атабеков - "Жолуктун неге"

0 2749

Кытайда операция маалында мушташып кеткен хирургдардын видеосу тарады

Мушташты биринчи аял дарыгер баштап, эркек хирургду чаап жиберген, мындайды күтпөгөн доктур жооп иретинде кесиптешин бир нече ирет чапкылап ийген. Кытайдын ооруканаларынын биринде хирургдар ортосунда мушташ чыгып кеткен. Окуянын видеосу Shanghaiist маалымат порталынын Facebook баракчасына жарыяланды. Операция залында аял жана эркек дарыгерлердин ортосунда пикир келишпестик жаралып, аял эркек хирургду чаап жиберген, мындайды күтпөгөн эркек кесиптешин бир нече жолу согуп салган. ...

0 1172

Акаев: Венгриядагы гранттык окууга ЖК, өкмөттө иштегендердин балдарынын тизмеси кетти

КСДП фракциясынын депутаты жөнөкөй окуучулардын документтери табышмактуу түрдө жөнөтүлбөй калгандыгын баса белгиледи. Венгрия сунуштаган гранттык орундарга жалаң Жогорку Кеңеш менен өкмөттө иштегендердин балдарынын тизмеси кеткен. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. Эл өкүлү жөнөкөй окуучулардын документтери табышмактуу түрдө жөнөтүлбөй калгандыгын баса белгиледи. "Венгрия менен 25 студентти акысыз окутуу боюнча грантка кол коюлган. Бирок ...

0 1568

Түз эфир учурунда аялдын төшүн кармап алган ВВС журналисти кепке калды (ВИДЕО)

Кийин журналист бул кылыгы үчүн өзүнүн Twitter баракчасына "бардыгы кокусунан болуп кетти" деп кечирим сураган.  BBC телеканалынын алып баруучусу Бен Браун түз эфирди үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган аялды түрткөн маалда колу төшүнө тийген. Күтүлбөгөн окуя YouTube сайтына жарыяланганын РИА Новости билдирди.  Браун Брадфорд шаарынан BBC телеканалынын саясий журналисти Норман Смиттен маек алып жаткан учурда бейтааныш кыз камеранын алдына келип, "фантастика" ...

0 1026

КСДП партиясы президенттикке талапкерин тандады

Бүгүн, 17-майда, КСДП партиясынын саясий кеңеши жыйын куруп, президенттикке талапкерин тандады. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталына Жогорку Кеңеш депутаты Осмонбек Артыкбаев билдирди. Анын айтымында саясий кеңештин мүчөлөрү учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигине токтолушту.  "Алты-жети талапкердин ичинен Сооронбай Шарипович Жээнбековду президенттикке жылдырууну туура таптык",-деди ал. Эскерте кетсек, буга чейин бир катар пратиялар; "Республика-Ата Журт" Өмүрбек Бабановду, "Өнүгүү-Прогресс" Бакыт Төрөбаевди, "Ак Шумкар" Темир Сариевди талапкер ...

0 1401

Дүйнөдөгү эң кир жер аныкталды

Тынч океанда жайгашкан Хендерсон аралынын аянты 4,3 гектар жерди ээлейт. Адистердин баамында аралдагы таштандынын салмагы 17,6 тоннаны түзөт.  Тынч океанда жайгашкан Хендерсон кичи аралы дүйнөдөгү таштанды көп жаткан жер деп аталды. Бул тууралуу РИА Новости АКШнын Улуттук академиясында жарыяланган докладга шилтеме берип кабарлаган.  Маалыматка ылайык, Жаңы Зеландия менен Латын Америка ортосундагы Тынч океанда жайгашкан Хендерсон аралынын аянты 4,3 гектарды түзөтт. ...

0 866

Самаркандда кайрадан эшектер уурдалууда (видео)

Өзбекстандын Самарканд облусунун тургундары эшектери уурдалып жатканына даттанып, мындан улам алардын айрымдары колбаса жебей калганын айтышууда. Жергиликтүү жашоочулардын билдиришинче, акыркы он күндүн ичинде облустун Пайарык районунда кеминде эки эшек жоголгон. Кийинчерээк уурулар эшектерди союп, терисин алып кеткени белгилүү болгон. «Эшектин териси кымбат деп жүрүшөт. Мага бир эшектин териси 100 долларга сатылат деп айтышкан», – деди райондун жашоочуларынын бири. Райондо эшектер уурдалып жаткандыгы ...

3 9279

Малайзияда адам келбеттүү козу туулду

Фермер жаңы туулган козу жаныбарга караганда жүндүү наристеге окшош экенин айтып берди. Малайзияда Фельда шаарчасындагы фермалардын биринде адам келбеттүү козу туулду. Бул тууралуу Улуу Британиянын Тhe Mirror басылмасы жазып чыкты Ибрахим Басир аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн сарайынан көргөн козунун сүрөтүн социалдык тармакка жарыялаган.  Анын айтымында, козу жаныбарга караганда жүндүү наристеге көбүрөөк окшош.  "Мен абдан таң калып жатам. ...

0 1321

Екатеринбургда Кыргызстандын жараны таяк жеп каза болду

Учурда окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары териштирип жатат.  Россиянын Екатеринбург шаарынын темир жол аймагында Кыргызстандын 24 жаштагы жараны сабалып, алган жаракатынан ошол жерде каза болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Тергөө бөлүмүнө таянуу менен билдирди. КРдин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча учурда кырсыктын чоо-жайын укук коргоо органдары териштирип жатат.  

0 1008

Түркияда сойкулукка шектелген 22 кыргызстандык кармалды

Орусия, Казакстан, Дубай жана Түркиядагы кыз-келиндерибиз жөнүндө жакшы кабар укпай калдык окшойт. Дегеним, акча табуунун жеңил жолун издеген кургурлабыз жогорудагы өлкөлөрдө бир-экинден эмес топ-тобу менен кылтакка илинип, өлкөбүздүн, улутубуздун бетине чиркөө болуп келатат. Мына кечээ эле 12-майда, Түркиядан көңүл чөгөргөн кезектеги кабар келди. Анда аталган өлкөнүн Анталия деген шаарында сойкулукка шектелген 22 кыргызстандык кармалыптыр. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлиги маалымдайт. ...

0 2483

Аба ырайы кескин өзгөрөт

2017-жылдын 16-майы күнү күндүзү жана 17-19-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу  ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.  Алардын берген маалыматына караганда. 2017-жылдын 16-майы күнү күндүзү жана 17-19-майларда туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, 17-18-майларда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан ...

12-май 2017, 16:41 | 2483
0 1231

Төлгөсү төп келбей…

Айтылуу «Манас» эпосунда Каныкей апабыз төлгө кылып Тайторуну чапканы бар эмеспи, анын сыңары биздин азыркы чиновниктер дагы ат чаптырып төлгө кылып калышыптыр. Өткөндө 9-май күнү каскадер Үсөн Кудайбергенов менен улуу актер Сүймөнкул Чокморовду эскерүү жана Жеңиштин 72 жылдыгына карата «Ак Кула» ат майданында ат оюндары болуп өтүү. Аталган ат оюндарында саясатчы Өмүрбек Бабановдун өзүнүн «Греция» деп аталган кунанын төлгө кылып ...

12-май 2017, 11:58 | 1231
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 860

Петербург терактына шектелген 6 кишиге айыбы угузулду

Орусия Тергөө комитети 11-майда Петербург метросундагы теракт боюнча алты кишиге айып такты жана алгач ирет алардын ысымдарын атады. Тергөө комитети тараткан маалыматка ылайык, Бахрам Эргашев, Ибрагимжон Эрматов жана Махамадюсуф Мирзаалимов террордук акт уюштуруу, жардыруучу затты мыйзамсыз алуу, сатуу жана сактоого айыпталышууда. Кийинчерээк ушундай эле беренелер менен Сейфулла Хакимов, Аъзамжон Махмудов жана Дилмурод Муидиновго дагы күнөө тагылды. Маалыматка караганда, теракт иши боюнча жалпысынан 10 ...

0 596

"Манчестер Юнайтед" менен "Аякс" Европа Лигасынын финалына чыкты

Европа футбол Лигасынын жооптук жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФА сайтына жарыяланды. "Манчестер Юнайтед" өз талаасында "Сельта" менен ойноп 1:1 эсебинде теңме-тең аяктады. Алгачкы оюнда "Юнайтед" 1:0 эсеби менен утуп чыккан, эки оюндун жыйынтыгы аркылуу ал финалга чыкты. "Аякс" жарым финалда “Лион” менен ойноп,1:3 эсебинде утулуп калган. Биринчи оюнда "Аякс" 4:1 эсебинде уткандыктан, 2:0 менен турнирдин финалына жолдомо алды. Европа Лигасынын финалдык беттеши ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83