www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махабат Алымбекова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (123)

0 1069

БШК менчик каналда үгүт жүргүзүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрдү

14-апрель 2017, 10:10 Махабат Алымбекова

Кыргызстанда менчик телерадиокомпаниялар аркылуу шайлоо үгүтүн жүргүзүүгө тыюу салуу сунушталууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Ариповдун билдиргенине караганда, шайлоодо бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү принцибин жетекчиликке алып ушундай сунуш киргизүү тууралуу чечим кабыл алынды.Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү сунушу чет элдик өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкканы айтылууда. Маселен, Ариповдун белгилешинче, Жапонияда шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин үгүт жүргүзүү укугу мамлекеттик телерадиокомпаниялар аркылуу гана ...

0 950

АКШ Ооганстандагы ИМ тобуна өзөктүк эмес ири бомба менен сокку урду

14-апрель 2017, 09:49 Махабат Алымбекова

Америкалык аскерлер Ооганстандын Нангахар провинциясында дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомбаны колдонду. Пентагондун билдирүүсүнө караганда, GBU-43 бомбасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 7:32де «Ислам мамлекети» согушкерлери пайдаланып келген Ачин районундагы туннелдер комплексине ташталды.Аскер мекемесинин басма сөз катчысы Адам Стамп тарыхта бул GBU-43 бомбасын алгачкы жолу согуштук багытта колдонуу болгонун билдирди. Айтымында, анын жарылуу күчү 11 тонна тротил өлчөмүн түзүп, кыйратуу радиусу ...

0 1379

Петербургдагы теракт боюнча сегизинчи киши кармалды

07-апрель 2017, 13:21 Махабат Алымбекова

Петербург метросундагы жардыруу иши боюнча сегизинчи киши кармалды. Орусиянын Тергөө комитетинин билдиришинче, алардын ичинен алтоо Петербургда, экөө Москвада колго түшүрүлгөн. Алардын батирлерин тинтүү учурунда "Площадь Восстания" станциясында калтырылган бомба сыяктуу жардыруучу түзүмдөр табылган. Бул арада мекеме кармалгандардын терактка кандай тиешеси бар экенин так айткан жок. 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда поезд жардырылып, 14 киши набыт болгон. Элүүдөн ашуун адам жаракат алган. Терактты жанкечти жасаганы ...

0 1791

Жоголуп кеткен 11 жаштагы кыздын жансыз денеси БЧКдан табылды

07-апрель 2017, 01:20 Махабат Алымбекова

Бүгүн, 6-апрелде саат 09:48де Бишкек чоң Чүй каналынан жоголуп кетип, издөөдө жүргөн 11 жаштагы Асел Төрөбекованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ басма-сөз кызматы билдирди. Милициянын издөө иштери жыйынтык бербей, сууга чөгүп кетиши ыктымал деген божомол менен куткаруучулар тартылган. ӨКМдин куткаруучулар тобу тартылып, кыздын денеси БЧКдан табылды. Булак: NazarNews.kg

0 929

Орусияда электр энергиясын уурдагандарды алты жылга камоо сунушталууда

03-апрель 2017, 21:39 Махабат Алымбекова

«Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттары электр энергиясын уурдоо жана электр түйүндөрүнө мыйзамсыз кошулуу үчүн алты жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышты. Документке ылайык, уурулук тууралуу өз ыктыяры менен билдирген жана келтирилген чыгымдын орду толтурулган учурда кылмыш жоопкерчилиги алынат. Депутаттар «мунай куурларын зыянга учуратуу же жараксыз абалга келтирүү тууралуу» учурдагы беренеге толуктоолорду киргизүүнү сунуштап жатышат. Демилгечилердин айтымдарында, бул ...

0 1212

Атамбаев өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүүнү сунуштады

03-апрель 2017, 20:46 Махабат Алымбекова

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү өнүктүрүүнүн 25 жылдык "Жол картасын" түзүп коюуну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин бешинчи жыйналышында айтты. - Эмнеге биз 2040-жылды тандадык? Анткени, 2040-жылы кыргыз эли убагында Шиберден Азияга чейин аймакты камтыган Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгы белгиленет. 2041-жылы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 50 жылдыгы белгиленет, - деди мамлекет башчы. Атамбаев саясий оюндар ...

0 1878

Өзбекстан жараны газга болгон карызынан улам өзүн өзү өрттөдү

31-март 2017, 20:56 Махабат Алымбекова

30-мартта Өзбекстандын Наманган облусунун 47 жаштагы тургуну үстүнө бензин куюп, өзүнө өрт койду. Ал денесинин 100 пайызы күйүп ооруканага жеткирилген, бирок кечке жакын кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Коңшуларынын айтымдарында, ал бир канча күн мурда көгүлтүр отунга болгон карызын доолап келген газ ишканасынын кызматкери менен чатакташып кеткен. «Ал өзүн сарайда өрттөгөн. Чуркап барган аялы өрттү өчүрүүгө аракет кылган, бирок жалын ага ...

0 1568

АКШ эми Сирия президентинин отставкасына кызыкдар эмес

31-март 2017, 20:33 Махабат Алымбекова

Сирия маселесинде Дональд Трамптын администрациясы үчүн президент Башар Асадды бийликтен кетирүү эмес, өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты жеңилдетүү боюнча Вашингтон менен кызматташууга даяр өнөктөштөрдүү табуу маанилүү. Бул тууралуу АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли билдирди. Бейшембиде Асад тууралуу суроо Түркияда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсонго да узатылган. Жооп катары ал дагы учурдагы администрация Асаддын отставкасын мурдагы президент тушундагыдай талап ...

0 1280

Анкара Сирия түндүгүндөгү аскерий операциясы аяктаганын билдирди

30-март 2017, 16:35 Махабат Алымбекова

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аскердик операциясынын ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Ошол эле маалда ал жакынкы убактарда Сирияда жаңы операциялардын башталуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.,-деп жазат Борбор Азия жаңылыктары. «Мындан ары ИМ же башка топтор тарабынан биздин коопсуздугубузга коркунуч туулса, анда жаңы операциялар башталат», — деп билдирди Йылдырым. Түркия куралдуу күчтөрүнүн өткөн жылдын августунда башталган «Евфрат калканы» операциясынын жүрүшүндө түрк ...

0 756

Иванка Трамп атасынын атайын кеңешчиси болду

30-март 2017, 15:13 Махабат Алымбекова

АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп президенттин атайын кеңешчиси кызматын ээледи жана өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик кызматтар үчүн каралган этикалык эрежелерди сактоого милдеттүү болот. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө жазылган,- деп билдирет Борбор Азия жаңылыктары.  Билдирүү сенатор-демократтар президенттин кызынын ишине байланыштуу кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Федералдык этика башкармалыгына жолдонгон катты жарыялагандан бир нече сааттан кийин чыкты. Сенаторлор президенттин кызынын ...

0 1638

Акыйкатчы: бийлик менен жарандык коомдун ажырымы тереңдеп баратат

30-март 2017, 15:02 Махабат Алымбекова

Өлкөдө бийлик менен жарандык коомдун ажырымы тереңдеп баратат. Мындай пикирин акыйкатчы Кубат Оторбаев “Сөз эркиндиги жана тынчтык митингдеги укуктар” деп аталган тегерек үстөлдө сүйлөп жатып билдирди. «Бийлик менен коомдун анын ичинде оппоненттер ортосунда дагы консенсуска келүү зарылчылыгы бар. Өзгөчө бийликтин оппоненттерине болгон айыптар мыйзам негизинде алынган, четке кагылгыс, салмактуу далилдер менен бекемделиши талапка ылайык болушу керек. Тилекке каршы, иликтөө жана сот ...

0 993

Транспорт министрлигинин төрт кызматкери көчкү алдында калып каза болду

28-март 2017, 10:43 Махабат Алымбекова

Түнкү кырсыктагы издөө иштерине жалпысынан ӨКМдин 52 куткаруучусу тартылып, ал эми министр Кубатбек Боронов окуя болгон жерге жөнөп кеткен. Түндө саат бирлер чамасында Бишкек — Ош жолунда көчкүнүн алдынан ичиндеги төрт адамды менен №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын алып чыгышкан. Бул туурасында ӨКМ ден кабарлашты. Каза болгондор Транспорт министрлигинин Жол-тейлөө кызматынын төрт жумушчусу экени белгилүү болду. ...

0 1368

Көп батирлүү үйлөргө багытталган электр энергиясын соода, өнөр жай объектилерине берүүгө тыюу салынат

27-март 2017, 14:37 Махабат Алымбекова

Бүгүн, 27-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Жер пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электрэнергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктерижөнүндө” мыйзамдарга) 3-окууда каралды. Демилгечилер – депутаттар Сабиров М.Э., Бакиров М.И., Жунус уулу Адыл, Өмүркулов И.Ш., Турускулов Ж.К., Мавлянова М.Э. Аталган маселе боюнча демилгечилердин бири депутат Жыргалбек Турускулов бандама жасады. Мыйзам долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Долбоор ...

0 14399

Адахан Мадумаров: «Бүгүн Атамбаевди катуу сындап жатамбы, эртең Атамбаев бийликтен кеткенден кийин аны коргойм, тийбегиле дейм»

27-март 2017, 14:12 Махабат Алымбекова

— Адахан Кимсанбаевич, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин биздин президенттин Европада сүйлөгөн сөзүнө жооп бергенин көрсөңүз керек. Суроо берген журналист Алмазбек Атамбаев “Евроньюс” телеканалы аркылуу “2010-жылы казактар чек арасын жаап, бизге блокада кылганда адам өмүрү кыйылган күндөр болгон” деп айткан сөзүнө токтолду. Мен дагы биринчи суроону президентибиздин ошол сөзү тууралуу бергим келип жатат. Президенттин коңшу мамлекетке доомат койгону туура эле болдубу? — Мен көп ...

0 868

Барак Обама президенттик ишмердиги жөнүндө китеп жазат

27-март 2017, 10:21 Махабат Алымбекова

АКШ экс-президенти  Барак Обама  чыгармачылыка киришти.  Ал  президенттик ишмердиги жөнүндө  китеп жазат. Бул туурасында The Washington Post  гезити өз булактарына шилтеме кылып билдирди. Мемуарларын  жаратуу үчүн  Барак Обама  Тынч океанындагы  Тетьяора аралын тандап алган.   Белгилүү  болгондой Обама аралда  көп убакыт өткөрүүнү пландап жатат.  Китеп  экс-президенттин  Ак үйдөгү ишмердиги  жөнүндө болот.  Бул  Обаманын алгачкы саякаты эмес. Буга  чейин ал жубайы Мишель Обама менен   Кариб ...

0 1292

Аба ырайы: Жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

27-март 2017, 10:11 Махабат Алымбекова

Өлкө аймагында 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Бишкек—Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138-чакырымдарда, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдарда, (Көк-Бел ашуусу) 351-365-чакырымдарда, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолундагы 65-110-чакырымдарда, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман—Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), Бишкек—Нарын—Торугат унаа жолунун (Долон ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1250

Минскте дагы ондон ашык активист кармалды (видео)

27-март 2017, 09:38 Махабат Алымбекова

Минскте ишембиде Эркиндик күнүнө карата өткөн жүрүш маалында кармалгандарды бошотууну талап кылган уруксатсыз акциянын ондон ашык катышуучусу кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» беларус кызматы билдирди. Ишембиде оппозициянын акциясында полиция жүздөгөн адамды кармаган, арасында 20дан ашык журналист бар экени кабарланган. "Жаз" деп аталган укук коргоо борборунун кеңсесин тинтүү маалында 57 адам кармалган. Адамдардын жапырт кармалышын АКШнын Минсктеги элчилиги айыптаган. Дипломатиялык өкүлчүлүк Беларус бийлигин ...

0 4769

Сүрөт - Садыр Жапаровду колдоп УКМКнын алдына миңден ашуун киши чогулду

25-март 2017, 18:30 Махабат Алымбекова

Садыр Жапаровдун тарапташтары митинге чыкты. Маалым болгондой, миңден ашуун киши УКМКнын алдына чогулушту. Алар  Жапаровго эркиндик, бошоткула деген максат менен чыгышкан.  Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 227-берене (барымтага алуу), 113-берене (өлтүрөм деп коркутуу), 341-берене (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу), 234-беренесинин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон. «2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында болгон митинг учурунда нааразычылык акциясынын катышуучулары облустук мамлекеттик администрациянын имаратынын алдында токтоп турган ...

0 51924

Чукул кабар: Садыр Жапаров камакка алынды

20-апрель 2017, 01:37 Махабат Алымбекова

Садыр Жапаров Кыргызстанга келди.  Анын берген маалыматы боюнча, "Мен Кыргызстанга келдим, Азиз Батукаевдей кылып кармагандай кылмышкер эмесми"- дейт. С.Жапаров. Укук коргоо оргондары дароо камакка алышты.  Эске салсак, көп жылдар бою чет мамалекетте жүргөн Садыр Жапаров  көп өтпөй ал Кыргызстанга келүүсүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  Булак: Nazarnews.kg

0 3939

Чукул кабар - Сүрөт: Садыр Жапаров Кыргызстанга кирип келди

20-апрель 2017, 01:38 Махабат Алымбекова

Садыр Жапаров Кыргызстанга келди.  Анын берген маалыматы боюнча, "Мен Кыргызстанга келдим, Азиз Батукаевдей кылып кармагандай кылмышкер эмесмин"- дейт. С.Жапаров.  Эске салсак, көп жылдар бою чет мамлекетте жүргөн Садыр Жапаров  көп өтпөй ал Кыргызстанга келүүсүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  Булак: Nazarnews.kg

0 7772

Чукул кабар: "Садыр Жапаровдун кармалышына жарым саат калды"

25-март 2017, 12:07 Махабат Алымбекова

Учурда Садыр Жапровдун келиши күтүлүүдө. Садыр Жапровду тосуп алууга тарапташтары жана милиция кызматкерлери бара-бара көбөйүүдө.Анын кармалышына жарым саатай убакыт калды. Укук коргоо органдары С.Жапаров келээри менен кармаганга даря турушууда. Эске салсак, көп жылдар бою чет мамалекетте жүргөн Садыр Жапаров  көп өтпөй ал Кыргызстанга келүүсүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  Булак: Nazarnews.kg  

0 13988

Сүрөт - Чукул кабар: "Бийлик Садыр Жапаровду тосуп алууга даяр"

25-март 2017, 17:59 Махабат Алымбекова

Учурда Садыр Жапаровдун келиши күтүлүүдө. Садыр Жапаровду тосуп алууга тарапташтары жана милиция кызматкерлери чогулушкан. Тосуп алууга элдин санынан дагы милиция кызматкерлери көбүрөөк экени байкалууда.  Эске салсак, көп жылдар бою чет мамалекетте жүргөн Садыр Жапаров  көп өтпөй ал Кыргызстанга келүүсүн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.  Булак: Nazarnews.kg

0 1253

Атамбаев: Кыргызстанда үчүнчү революция болбойт

25-март 2017, 10:00 Махабат Алымбекова

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргызстанда үчүнчү революция болбой тургандыгын» билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн 2005-жылдагы март революциясына арналган гүлбактын ачылышында айтты. «Владимир Путин менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында мен ийгиликсиз тамашалаган окшойм, бирок Кыргызстанда үчүнчү революция болбойт. Мага ишенип койгула. Азыр өлкө таптакыр башка, ал үчүн эч кандай негиз жок. Толкундоолор болбойт. Толкундоолорду жараткандардын бардыгы тең мыйзам алдында жооп беришет. Оюндардын, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83