www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6401)

0 128

ИИМ КМК: Каракчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан  бейбаштык, адамды уурдоо, карактоо үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Өткөн жылдын февраль айында белгисиз адамдар тарабынан  опузалап акча талап кылуу максатында шаар тургунун урдоо уюштурулган. Түнкү маалда Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү менен  Молодой гвардия бульварынын кесилишинен кылмышкерлер карактап кол салышкан: 26 жаштагы шаар тургунун күч колдонуп автоунаага салышып, эл жок жерге алып ...

0 177

Төрага Дастанбек Жумабеков Талас облусунун активи менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулады

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Талас облусундагы иш сапардын алкагында аймактын активи менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Облустагы олуттуу көйгөйлөрдү көтөрүшкөн жергиликтүү эл, “Таза суу" долбоору, жайыттардын абалы, мектеп, оорукана жана жол сыяктуу инфраструктуралык маселелерге токтолушту. Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган айрым маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, кээ бир көйгөйлөрдү чечүү боюнча ...

0 467

Назарбаевдин тандаган жолу Путинге абдан жакты дейби?

30 жыл кыңк эткизбей такты ээлеп олтурган 78 жаштагы Нурсултан Назарбаевдин жоругу мансаптын башында олтурган көптөгөн президентерге абдан жакты. Ушул жолду ойлоп тапкан Нурсултан мырза мансаптын таттуулугун дагы бир жолу айгинелеп койду. Ооба, тээ илгертен бери эле мансапты эч ким оңой менен берген эмес. Эми минтип мансапты сактап калуунун жаңы жолун ойлоп тапкан кайран Нурсултан мырза, өлкө башчыларына жаңы жолду көргөздү. ...

0 200

Акчага сатылган бул заманда керек болсо жолду тосуп

Борбор шаарыбыздагы архитектурасында чоң катачылыктар жатканы бир кезде суу үстүнө калкып чыккан чамындыдай калкып чыгып, акыры дагы бир чоң чыр чыгары турган иш болуп калды көрүнөт. Анткени шаарыбызда жайгашкан чоң суу аккан жана катуу жамгырда сел агуучу чоң каналдардын жээгине план боюнча 50 метр алыстыкта турак үйлөр салынышы керек болучу. Бирок, каналдын жээгиндеги бак олтургузулчу жерлерди бул жакты тейлеген жетекчилер ижара ...

0 434

Экс-мэр Мырзакматов аппак экен го?

Акыркы кабарларга таянсак Оштун экс мэри М.Мырзакматов сүттөн ак, аны жөн гана жерден күнөөлөп, эч кандай коррупциялык ишке катышпаса дагы  кылмыш ишин ойдон чыгарып токуп, жөн жерден эле эч жаман иш кылбаса деле кубалап жиберишкенин айтып Мелис мырза агынан  жарылды. Андан дагы Турциянын отелинен ажого жолугуп кала жаздап, бирок өзүнүн кадырын сактап жолукпаганын айткан. Тактап айтсак Мелис Мырзакматовго 2014-жылы кылмыш иши козголуп, ...

0 107

Бишкекте ”Жибек жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт

2019-жылдын 5- 28-апрелинде Г. Айтиев атындагы Улуттук Көркөм Сүрөт музейинде “Жибек Жолу” интерактивдүү көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө  көрүүчүлөрдүн баарына арналган. Көргөзмөнүн идеясы: Интерактивдүү ыкмаларды колдонуу аркылуу көрүүчүлөргө Улуу Жибек жолу боюндагы өлкөлөр жөнүндө негизги маалыматтарды  берүү, шаарларды жана мамлекеттерди бириктирген  бул байыркы жана жаӊы жолдун азыркы статусун жана келечегин көрсөтүү.  Бул болсо адамдар жана элдер ортосундагы урмат-сыйды, достукту бекемдеп, соода-сатыктын жана туризмдин өнүгүшүн камсыздайт. Кыргызстан - ...

0 511

Мандатты бериңизчи "бажалуста"

Юрист Клара Сооронкулова “Жогорку кеңеште  мандатты жеке менчик катары кармап олтурган депутаттар жок эмес. Парламентке барып иштебесем дагы ал мандат меники, анткени мен аны акчага сатып алгам деген түшүнүк бар” деп айтты. Бул айтылган сөздүн артында эмне жатканы баарына түшүнүктү болсо керек. Анткени мыйзам боюнча 30  жумуш күнү ишке чыкпаган депутат же кызматкер ордун бошотуп бериш керек. Бирок, парламентте сабакка ...

0 1202

Биз күйөө балабыздын жаман сапатын сенден укпай эле койгонубуз оң...

Бул жашоо албетте ар тараптуу тагдыр менен курчалганы анык. Андыктан буга чейин жашоодо эмне деген гана окуялар болуп өткөн жана дагы боло бермекчи.Эмесе сиздерге сабак болуш үчүн болгон окуядан кеп учугун чыгарсак. Албетте бул окуя жакында эле болгон. Эмесе сөз башынан болсун: Айгерим өзү сүйүп-күйүп, атасы менен апасынын тилин албай Эрмекке турмушка чыгат. “Сүйүү” деген назик сезимди бийик тутуп. Бардык нерсе ...

0 109

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Россиянын Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине даярдык көрүү маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты президент басма сөз кызматы билдирди. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдык  көрүү маселелери жана ошондой эле тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер талкууланды. Министр Чыңгыз Айдарбеков Президент Владимир Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында ...

0 576

Сыдыгалы молдокенин дубасы

Тээ илгери тактап айтканда 1932-жылдары Таластын Кара-Буура районунда болгон окуяны сиздерге баян кылууну эп көрдүк. Ошол кезде Сыдыгалы деген чоң молдоке болгон экен. Ал киши учурунда ушунчалык элге алынган, салган деми илдетке кабылган адамдарга тез тийип, илдеттеринен сакайып кетчү экен. Бир күнү жогору жактан буйрук болот. Анткени ошол кездерде динге карата катуу басым жасалып, дин адамдарын дагы камакка ала баштайт. Убагы ...

0 323

Кытайда 110 миллион жылдык куш фосили табылды

Кытайдын түндүк батышында ичинде жумуртканын калдыктары болгон 110 миллион жылдык куш фосили табылды. "Sciencemag" интернет сайтында берилген кабарга караганда Пекиндеги Кытай билимдер академиясынын омурткалуу палеонтология жана палеонтология институтунан доктор Алида Баиллеул жана доктор Жингмаи О Коннонун группасы өлкөнүн түндүк батышында денесинин ичинде жумуртка бөлүкчөлөрү болгон куш фосилин тапты. Батиллеул таранчынын чоңдугунчалык куш фосилинин мыкты сакталгандыгын айтып, иликтөөлөрдүн натыйжасында куштун ичиндеги кээ бир клеткалардын ...

0 485

Россиялык миллиардерлер аныкталды

Forbes журналы Россияда 2018-жылы актив жана дивиденддерин сатуу менен 11 миллиард доллардан ашык киреше көргөн байлардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу маалыматты sputnik.kg маалымат агенттиги билдирди. Биринчи орунга ишкер Сергей Галицкий чыкты. Ал чекене соода менен алектенген "Магнит" ишканасынын 29 пайыз акциясын сатып 2,44 миллиард доллар пайда көргөн. Андан кийинки сапта саясатчы Михаил Прохоров турат. Миллиардер Brooklyn Nets баскетбол клубундагы 49 пайыздык үлүшүн сатып, 1,77 ...

0 109

Газпром соодада улуттук акча колдонуу үчүн аракет кылууда

Орусиянын энергетика фирмасы Газпромдун башкаруу кеңешинин төрага орун басары Андрей Круглов жаратылыш газ соодасынын улуттук акча бирдиги менен жасалышына  аракет кылышкандарын билдирди. Круглов Белорусиянын борбор шаары Минскте журналисттерге берген маалыматта Орусия өкмөтүнүн жаратылыш газ соодасынын улуттук акча бирдиги менен жасалышын колдогондугун белгиледи. Өзгөчө Кытай менен жаратылыш газ соодасынын рубль жана юан менен ишке ашырышарын айткан Круглов : «Бул тармакта иштерибизди аткаруудабыз. ...

0 3768

ВИДЕО - “Жора” деген ысым менен белгилүү болгон актёр Аскат Эрбаев ырчылык өнөргѳ бет алды

Анын бул кадамын жактыргандар да, жактырбагандар да бар. Бул боюнча Аскаттын ѳз оюн билип, башка жаңылыктары менен да таанышыңыз. Аскат мырза, чыгармачылыктан алыстап кеткен маалда эмне менен алек болуп жүрдүңүз? Буга чейин жеке жашоо менен эле алышып жүрдүм. Турмушту эрте баштайсыңбы, кеч баштайсыңбы, баары бир биринчи тепкичтен баштап басуу керек экен. Мен 33 жашымда турмуш курдум. Үй-бүлөнү камсыздоону бир калыпка салууга бир ...

0 5984

Өзүмөн кичүү жигит менен жашайм, бирок корком...

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жаш баланы үстүнө киргизип алган аялдын каты жарыяланды. Өмүрүмдү жумушка арнап койгом. Жашым 40тан ашты, ишкерлик менен алектенем. Сыртка товар экспорттоп, соода кылам. Өзүм эле эмес, бир туугандарымды да бутуна тургуздум. Айтор, жашоом жакшы. 20 жашымда турмушка чыгып кайын журт, күйөөм менен жылдызым келишпей, бир жылдан кийин ажырашып кеткем. Балалуу да болгон эмеспиз. Ошондон баштап ...

0 858

Жапаровдун жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн

Адвокат Шарабидин Токтосунов камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтү жети жарым жылга чейин кыскарышы мүмкүн экенин билдирди. Жаңы ишке кирген Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексине байланыштуу Жапаровдун ишин кайра кароо 23-мартка белгиленген. Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 341

Кытайда химия заводунда жарылуу болду

Кытайдын чыгышындагы Цянсу аймагында бир химия заводунда чыккан жарылууда 44 киши каза болуп, 640 киши да жараланды. Синьхуа агенттигинин кабарына караганда айыл – чарба дарыларын өндүргөн химия заводунда чыккан жарылууга заводдо чыккан жана жайылган өрт себеп болду. Жаралуулардын дарылангандыгы жана булардан токсонунун абалынын оор экендиги билдирилип, завод таандык болгон фирманын жогорку мартабалуу жетекчилеринин да дарыланып жаткандыгы белгиленди. 2 километрге жакын аянтка жайылган, ичинде ...

0 315

Камактагы атасын бир көрүүгө зар болгон Мар Байжиев. Драматург тууралуу 6 факты

Бүгүн кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиевдин туулган күнү. Көп кырдуу инсан, кадырман аксакал 84 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкардын чыгармачылыгы жана өмүрүнөн кызыктуу фактыларды сунуштайт. Аккан арыктан суу агат. Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келип, балалыгы Ысык-Көл облусунда, кийин Фрунзе шаарында өткөн. Атасы белгилүү тилчи, окумуштуу Ташым Байжиев. Ал Касым Тыныстановдун шакирти болуп, анын жетектөөсү менен кыргыз ...

0 188

ӨКМ тик учак сатып албайт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы вертолет сатып алууга акчасы жок экенин маалымдады. Мекеменин статс-катчысы Азамат Мамбетов эски тик учакты оңдоо үчүн үч жарым миллион доллар керек экенин билдирди. 2018-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында бир эле бузук тик учак бар экени маалым болуп, ар кандай кырсыктарга жаңы вертолет керек деген демилге көтөрүлгөн. Анда жаңы учакты сатып алуу үчүн 10 миллион доллар керек экени ...

23-март 2019, 12:27 | 188
0 470

Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Атамбаев жети жылда кландык башкарууну туу чокусуна жеткирген”

А. Шыкмаматов: Анын убагында 20га жакын адам саясий себеп менен кесилип кеткен. -Экс-президент А. Атамбаевдин 17-мартта Форумдун алдында Аксы окуясына арналган эскерүү ишчарасында сүйлөгөн сөздөрүнө кимдер кандай пикирлерин айтышты? - Атамбаевдин бул айткандары азыркы бийликке оппозиция эмес, ич күйдүлүк, кек, өч алуу, жеке ызаа деңгээлиндеги гана сөздөр. Атамбаевдин эң биринчи максаты азыркы президенттен бардык ыкманы колдонуп өч алуу: элди бөлүпжаруу, баш ...

0 821

Мээрбек Мискенбаев коомдо кландык башкарууну жүргүзүп, өз билгенин жасап келгенби?

Өз башындагы төөнү көрбөй... Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деген чын окшобойбу. “Айкөл АлаТоо” коомдук уюмунун жетекчиси Мээрбек Мискенбаевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда. Мискенбаев болсо сүттөн ак экенин айтып, актанып, карганганын токтотпой келет. Аталган коомдун мүчөсү, Мискенбаевдин үстүнөн 2016-жылы эле укук коргоо органдарына кайрылып, анын ууру экенин айтып келаткан Марийпа Алыкулова өз чындыгын айтууда. Анын айтымында, 2011-жылы коом “Кыргызкөмүр” ...

0 1134

Эдил Байсалов: “Атамбаев Жээнбеков анын колундагы куурчак болбой койгонуна ич күптү кылып, жер тепкилеп атат”

Э. Байсалов: Атамбаевдин бүгүнкү “спектаклдерине” чекит коюлушу керек. -Экс-президент А. Атамбаевдин 17-мартта Форумдун алдында Аксы окуясына арналган эскерүү ишчарасында сүйлөгөн сөздөрүнө кимдер кандай пикирлерин айтышты? - Атамбаевдин ою, максаты боюнча, ал көшөгөнүн артында аталык катары отуруп, жалпы эл шайлаган президент анын колундагы куурчак болуп, иш жүзүндө бийликти мурдагыдай эле жүргүзө бериши керек болчу. Сапардын, Абдилдин, Индиранын колу менен өзү дайындаган “түкүрүк өкмөттү”, ...

0 519

Алмазбек Акматалиев, саясий серепчи: “АШАнын аргументтеринин деңгээли Мискенбаевдин айткандарынын деңгээлине түшүп кетти!”

А. Акматалиев: Текебаев, Талгарбеков, Садыр Жапаровдордун иштеринен кийин АШАнын саясий куугунтук тууралуу айтканга укугу барбы?! -Экс-президент А. Атамбаевдин 17-мартта Форумдун алдында Аксы окуясына арналган эскерүү ишчарасында сүйлөгөн сөздөрүнө кимдер кандай пикирлерин айтышты? - Атамбаевдин 17- марттагы айткандарынан чыгарчу башкы жыйынтык ушул! Экспрезидент сындап эле тим болбостон, маселени чечүүнүн жолдорун да сунуш кылышы керек! Андай болбосо анын Мискенбаевден кандай айырмасы бар? АША “эмне ...

0 274

Сүрөт - ИИМ: ИИМдин Борбордук аппаратында Коомдук кеңештин ачык отуруму өттү

2019-жылдын 22-мартында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин отуруму өтүп, ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору  Курсан Асанов, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Конокбай Өскөнбаев, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги  Эмир Солтонгельдиев жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү катышышты. Иш-чарада коррупцияга каршы аракеттенүүгө, 2018-жылга карата ИИМдин коррупцияга ...

0 357

Президент Сооронбай Жээнбеков: Шаарлардагы жана айылдардагы жашоочулар жакын арада региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы ийгиликтерди көрүшү керек

«Шаарлардагы жана айылдардагы жашоочулар жакынкы арада региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы ийгиликтерди көрүшү керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу мекендештерим! Урматтуу биздин эл аралык өнөктөштөр! Урматтуу жергиликтүү бийликтин башчылары, ишкерлер жана ...

0 286

КР БШКнын жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуусу!

Урматтуу  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 18-мартындагы ПЖ №41 Жарлыгы менен Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас ...

0 728

Камчыбек Ташиев Москвага барган эмес!

Камчыбек Кыдыршаевич эч кандай Кремлде жүргөн жок. Жалган маалымат таркаткан болбойт. Бул тууралуу маалыматты Шүкүрбек Эркебаев билдирди. Ага кошумча, "Ташиев, элин сүйгөн патриот инсан. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн элин сатпайт, айрым басылмалар ага көө сыйпап жатат" деп билдирди. Эске салат кетсек жергиликтүү басылмалардын бири саясатчы Камчыбек Ташиевди Москвада жүргөндүгүн кабарлаган. Булак: NazarNews.kg

0 429

УКМК ККК: Айыл өкмөт башчысы пара алып жаткан учурунда кармалды

2019-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тарабынан жер мыйзамдары чөйрөсүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын кыянаттык менен пайдалануу фактыларын алдын алуунун алкагында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кен-Булун айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучусу, 1967-ж.т. С.Д. 1000 АКШ долларын алып жаткан учурунда  кармалды. Такталгандай 2007-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кең-Булун айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн жалпы ...

0 313

Макгрегор Диас менен үчүнчү ирет беттеше турганын убадалады

Ирландиялык мушкер реванш алуу мүмкүнчүлүгүн бергендиктен каршылашын сыйлай турганын айткан. Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор америкалык Нейт Диас менен үчүнчү ирет беттеше турганын убадалады. Бул тууралуу Р-Спорт басылмасы жазып чыкты. Бул тууралуу sputnik.kg билдирди. 2016-жылдын март айында UFC беттешинде Диас ирландиялык мушкерди муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошол эле жылдын август айында калыстын чечими менен Макгрегор Диасты утуп кеткен. "Мелдеште мен Диастан утулуп ...

0 485

Журналист Бабырбек Жээнбеков дүйнөдөн кайтты

Журналист, экс-чиновник Бабырбек Жээнбеков 68 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.  Маркум акыркы жылдары узакка созулган дарттан жабыркап жүргөн. 2018-жылы Түркияга барып операция болуп келгени маалымдалган. Эмгек жолун 1967-1968-жылдары Талас облусунун Киров районунда мектептен баштаган. Бабырбек Жээнбеков “Алиби” жана башка бир нече гезиттерди негиздеген. 2013-жылы кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигин жеттектеген.  Булак: NazarNews.kg

0 204

Жогорку Кеӊештин 2-апрелдеги жыйынында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу маалымат угулат

Жогорку Кеӊештин 2-апрель күнү өтө турган кезектеги жыйынында Өкмөттүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында 2019-жылдын 13-марты күнү Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө маалыматы премьер-министрдин катышуусунда угулат. Депутаттар узакка созулган талаш-тартыштан кийин ушундай чечимге келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 19-мартта өткөн ...

0 722

Астанада Нурсултан деген аталышка каршы чыккандар кармалды

Астанада шаардын аталышын Нурсултан деп өзгөртүүгө каршы чыккандар кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 21-мартта Астананын акимчилиги жайгашкан аянтта баш калаанын аталышын өзгөртүүгө каршы акция өткөнү жаткан. Бирок чогулган онго жакын кишини полиция автобустарга салып кетти. Шаршембиде казак парламенти коңшу өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаевдин урматына борбор шаар Астананын аталышын Нурсултан деп атоо тууралуу сунушту колдоп, Баш мыйзамга өзгөртүү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 339

Мурда бир нече жолу соттолгон адам автоунааны уурдап кетип, сатып жиберген

2019-жылдын 11-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБге шаардык кичирайондордун биринин жашоочусу 2003-жылы чыккан “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны айдап качуу жөнүндөгү арызы менен кайрылган.  Кылмышкерлер үйдүн жанында турган автоунааны түнкү маалда укукка жат түрдө ээлеп алышкан. Ленин РИИБи тарабынан автоунааны айдап качуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталган. Багыттамалар бардык нөөмөт бөлүктөрүнө жана кызматтарга жөнөтүлгөн. Аталган кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тартылган. ИИМдин КМКнын кызматкерлери комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, мурда зордуктоо жана баңгизаттар ...

0 224

Жайнак башкы каналды жайына келтире алабы?

Ошентип менеджерликтин алчы-таасын көрсөтүп, КТРКны төрт жыл башкарган Илим Карыпбеков кызматтан сыйынча кетти. Эмгек жамааты аны жакшы маанайда узатты. Албетте, экинчи мөөнөткө калууга болгон аракетинен майнап чыкпады. Анткени жогору жактагы “жүндүү билектер” башка кишини каалашты да ошол буйругу натыйжада жүзөгө ашты. Жаандан кийин чыга калгандай болгон сансыз талапкерлер болсо таранчыдай болуп тебилди. Кандай болгон күндө да таалайлуу менен талашып кереги ...

0 172

Казактар парламенттик өлкөгө оойбу?

Коңшу казактар деле негизи кыргызга тектеш келишээри маалым. Эки күн мурда бул өлкөнүн президенти Нурсултан Назарбаев бийлигин өткөрүп берди. Ошондон кийин айрым төбөсү көрүнгөн коомдук ишмерлер казакстан парламенттик өлкөгөөтпөсө болбойт, анткени эркин элдин талабы теңчилик жана көз карандысыздык деп коңгуроо кага башташты. Чамасы отуз жылга чукул калкты башкарган президенттик бийликтен алар заарканып калышкандай. Биздин абалга кайрылсак кээ бир тилин оозуна батыра ...

0 3169

Прокурорду өлтүргөн бала

Бир-эки жылдан бери сот, прокуратура кызматкерлерине өлкө башчысы тарабынан орундуу сындар айтылып келе жатканы айкын. Сырттан караган адамга прокурор болобу, сот болобу, кудайдын дагы алы жетпөөчүдөй туюлаар эле бир кездери. “Кайдан кулак чыгарса казанчынын өз эрки” дегендей, алар кааласа, соттойт. Кааласа, алчуусун алып, соттоло турган адамды актап жиберет. Дал ушундай ойлор мээбизге сиңип калган. Эмесе, өз ой толгоом менен көп эле ...

21-март 2019, 11:52 | 3169
0 978

Эмнеге Акаев чебелектеп калды?

Кыска аралыкта өлкөдөн качкан биринчи президент Аскар Акаев кыйла “кычкылдуу” маалыматтарды берүүгөүлгүрдү. Ат тезегин кургатпай өзүнүн көптөн берки санаа чектирген ойлорун эптеп ортого жаадырып калайын деген академиктин деги эмне максаты бар?  Максаты бирөө-кантип кыргызстанга кайрадан келүүгө болгон аракет. Бирок,анысынан майнап чыгабы,кеп ошондо. Ал орус басылмасына берген маегинде 2005-жылкы “Жоогазын” революциясында  Американын үлүшү чоң экендигин белгилептир. Ал эми экинчи президент Курманбек Бакиев ...

0 385

Орозова куйтуланбайт экен

Кезинде, болгондо да катаал мезгилде  Баткен облусун жетектеген Карамат Орозованын айрым эркектерге салыштырмалуу адамдык сапаттары бар экени коомчулукта белгилүү. Кийин парламентке келди эл өкүлү болуп. Учурда ал жөн гана элге көрүнүп калуу үчүн микрофонго жулунбайт. Эгерде маселе койсо да маанилүү  жагына оодарып сүйлөйт. Мына ушул артыкчылыгы менен элдин жылуу пикирине арзыды. Өткөн жумада болсо беш депутаттын ичинде болуп чыр чыккан Баткен жергесине ...

21-март 2019, 10:48 | 385
0 264

Көп баштуу КСДПнын келечеги кандай болот?

Дегеле тарыхта мындай болгон эмес. Маселен, кожоюндары качып кеткен партиялардын тамтыгы ошол замат чыгып, азыр ошол “Алга Кыргызстан” менен “Ак Жолду” оозануудан ичиркенишет. Тилекке каршы ошол партиянын “калдыктары” эми деле чоң бийлик бутактарында жармашып отурушат. Алар кадимкидей элге сиңип кетишти. Эпчилдери көрүнүктүү адамдарга куда-сөөк болуп, жарма достукка өтүп ымалашып, жармакташып кетүүгө жарашты. Бирок, бул ирет коомчулуктун көкүрөгүндө уюп калган партия ...

0 135

Президент Сооронбай Жээнбеков Нооруз майрамы менен кыргыз элин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: "Кымбаттуу мекендештерим! Сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы.  Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты.  Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс ...

0 118

ИИМ: Нооруз майрамына байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өтүштү

“Нооруз” майрамына байланышкан иш-чараларды өткөрүү учурунда ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында бир катар тиешелүү чаралар көрүлөт. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, диний-экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдү  алдын алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана коргоолучу обьекттерди, андан сырткары ИИОнун административдик  имараттарын кайтаруу, Нооруз майрамына даярдануу жана өткөрүү учурунда  укукка жат иш-аракеттирди жүргүзүүнү алдын алуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүшөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерде уюштуруучулук жана практикалык ...

0 143

Кореяда “Манас” эпосуна арналган атайын көргөзмө болуп өттү

Көргөзмөдө кум менен сүрөт тартуу, эпостун тарыхындагы сүрөттөр жана Кыргыз элинин маданий каада-салттары, кол өнөрчүлүк жөнүндө эпикалык окуялар жана көркөм тасмалар менен чагылдырылган сүрөттөрү санариптештирилип “Манас” китептери корей тилинде гана көргөзүлдү. Мындан тышкары мини-боз үйлөрдү чогултуу, кагазга эпостогу сүрөттөрдү тарттуу боюнча дагы өзүнчө мастер-класстар уюштурулду. Көргөзмөгө катышып жатып Кыргыз Элчиси Динара Кемелова Азия маданият борборунун Президенти Ли Жин-сиг мырза менен дагы ...

0 702

Жан кейитпей, жасалма акча жасап жан баккандар

Маалыматка ылайык, 8-март күнү Алай РИИБдин кызматкерлери жасалма акча менен Алай районунун Чий-Талаа айылынын дүкөндөрүндө соода кылып жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары 1997- жылы туулган Т уулу Б., 1997- жылы туулган К уулу М., жана 1996-жылы туулган З уулу А., аттуу жарандарды кармашкан. Аталаган жарандар, Чий-Талаа айылынын тургуну 1979-жылы туулган К.К., аттуу жарандын дүкөнүнө барышып 50 сомдук “Кока-Кола” суусундук, ...

0 332

Дарига Назарбаева Сенаттын төрайымы болуп шайланды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева казак парламентинин жогорку палатасы – Сенаттын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.  Бүгүн президент катары ант берген Касым-Жомарт Токаев Сенатты жетектөөгө Назарбаеванын талапкерлигин сунуш кылды. 55 жаштагы Дарига Назарбаева буга чейин Сенаттын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетин башкарган. Ага чейин вице-премьер-министрдин кызматын аркалаган. 65 жаштагы Касым-Жомарт Токаев 20-мартта ант берип, президенттик ...

0 580

Миллиондорду чогулткан “Сапат” салык төлөөдөн качууда

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди. - Биз эмне үчүн бул ишканалар Соцфондко төлөмдөрдү төкпөй жаткандыгы боюнча анализ жүргүздүк. Алар тиешелүү сумманы төлөшү үчүн чара көрүү керек болчу. Компаниялар эбегейсиз суммадагы карызды чогултуп, андан соң кечип жиберүүгө жол бербеш керек. Мындан бюджетке 500 млн. сомго жакын зыян келүүдө,- деп кайрылды депутат Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге. Ал ...

0 328

Депутаттар малдай өлтүрүлүп жатса, карапайым эле кайда барат?

Маалыматка ылайык, ошол күнү болжол менен саат 03:05те ИИББнын нөөмөт бөлүмүнө эркек адамдын өлтүрөлгөндүгү тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге тез арада жетип келген ыкчамтергөө тобу азия түспөлүндөгү 20-25 жаштагы адамдын бычакталып жаткандыгын көрүшкөн. Бул факт ички иштер органы тарабынан катоого алынып, “Адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки териштирүү учурунда өлтүрөлгөн 29 жаштагы Тилек Сеитбеков Чүй районундагы ...

0 194

Ноокатта он чөө атылып жок кылынды

Бул жөнүндө Ош-Баткен аңчылар коомунун тескөөчүсү Улукбек Сейдалиев кабарлады. Маалыматка караганда, жырткычтарды жок кылуу максатында жүрүп жаткан атайын рейд мындан ары Ош облсунун бардык райондорунда дагы улантылат. Бул иш-чараны Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Оштогу жетекчисинин орун басары Турат Сатимбаев өзү жетектеп атат. - Жырткычтар соңку тапта айыл чарбасына жана коен, суур, кекилик, кыргоол сыяктуу жапайы жаныбарларга кесепетин ...

0 445

Равшан, сен жалап-жуктабаган АША калдыбы?!

Ал жерде сага орун жок! Кечээ эле Атамбаевди “тепкилеп” келаткан Равшан Жээнбеков 17-мартта Атамбаевдин тарапташы экенин билдирип, бүгүнкү бийликтин дарегине ачуу сөздөрүн “жаадырды”. Анын мындай хамелеондой кубулмалыгын сынга алгандар көп болууда. Бул боюнча Султанбек аттуу интернет колдонуучу да Azattyk.org сайтына төмөнкүдөй пикирин жазды: - Айланайын Равшан, кудайды карап бетпак болбойсунбу? Оппозиция деген ыймансыздар менен абийирсиздер, кудайдан жөө качкандар менен ууру-кескилер, бандиттер ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 409

Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат, же Атамбаевдин айткандарынын канчасы чын да, канчасы калп?

Жаз келди... Саясат кайнай баштады... Бийликти узурпациялагандыгын мойнуна алды Адатта цивилдүү өлкөлөрдө жалпы улуттук деңгээлдеги тарыхый окуяларды бийликтегилер менен оппозициячылдар, башка ар кандай багыттардагы, көз караштардагы саясый күчтөр биргеликте белгилешет. Андай окуялар жалпы улутту бириктирүү үчүн кызмат кылат. Тилекке каршы, Аксы окуясын экс-президент Алмаз Атамбаев жана анын айланасындагылар эл менен бийликти кайраштырып, ынтымакты ыдыратып, аймактарды бөлүп жаруу максатында пайдаланышкандыктарына бардыгыбыз ...

0 495

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери: «Чегарага чектеш аймакта жашагандардын турмушун көрүп жүрөгүм ооруду...»

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү киришип, тажик коллегасы менен чек ара сызыгын толук тактабаса бул чыр токтобойт. - Камчыбек Кыдыршаевич, сиздин Баткенге чек ара жаңжалы башталар замат жөнөп кеткендигиңизди ар кандай кабыл алышты. “Кырдаалдан пайдаланып жеңил пиар жасап жатат”- дегендер да чыкты... - Ким кандай кабыл алат, бул ал адамдын өз эрки. Менин табиятым ушундай, элимдин башына оор иш түшкөндө жөн гана ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83