www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6401)

0 200

Активист Серикжан Билаш "жихадчылык" боюнча айыпталды

Казакстандын Астана шаардык прокуратурасы кытайлык кайрылмандардын жана шинжаңдыктардын укугун коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу тушүндүрмө берди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Прокуратуранын маалыматына караганда, активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга карш жихадга чакырган" деген айыптын негизинде кармалды. Активистке карата «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча тергөө иштери быйыл 21-февралда, жергиликтүү тургундун арызынан ...

0 205

Cүрөт - Жалал-Абадда 40 казан сүмөлөк кайнатылат

Өлкөдө алгачкы жолу Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү Жалал-Абад шаарында сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт. Анда Курманбек фольклордук талаада 40 казан асылып сүмөлөк кайнатылат. Жергиликтүү бийлик тарабынан демилгеленген бул саамалык бир катар оюн-зооктор менен коштолот жана жеңүүчүлөргө байгелүү орундар менен катар номинациялар ыйгарылат Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекованын айтымында, азыркы учурда  иш-чаранын  сценарийи иштелип чыгып, уюштуруу тобу  тарабынан талкууланууда. Эң негизгиси шаар ...

0 266

КСДП: Партиянын делегаттарын УКМК териштирип жатат

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы партиянын аймактардагы курултайларынын делегаттары тууралуу маалыматтарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чогултуп жатканын кабарлады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү калтырып, «УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы Таабалдиев менен ушул эле райондогу паспорт столунун жетекчисине жазды» деген каттын көчүрмөсүн жарыялады. Анда УКМКнын аймактык жетекчиси каттоо мекемесинен 18 адам жөнүндө чукул арада маалымат жөнөтүшүн талап ...

0 248

Сот Болсунбек Казаковду үй камагына чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде камакка алынган эле. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эки адам камакта олтурат. 2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик ...

0 628

Абактан чыккан саясатчылар Атамбаевдин саясатын сынга алышты

Түрмөдөн чыккан саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков жана «Саясий туткундарды коргоо комитетинин» мүчөлөрү Бишкектеги жыйында саясий негизде соттолгондорду актоо боюнча демилгелер талкууланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Чогулгандар өздөрү саясий негизде камакка алынганын белгилеп, бул үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди айыпташты. Алардын көбү мурдагы мамлекет башчы жүргүзгөн саясатты сынга алып, 2011-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик насыялардан жана бюджеттен уурдалган 5-7-млрд. доллар каражатты ...

0 472

Амалкөй судья Чоткараев миңдеген ишти “тындым” кылып туруп качканбы?

УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон кийин өлкөдөн чыга качкан Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев 1 миң 350 ишти жоготкону айтылууда. Жогорку соттун иликтөөсүнө ылайык, ал эмес абалында машина айдап экспертиза тарабынан тастыкталган бир нече иштин жигин билгизбей «тындым» кылган. Ошондой эле Чоткараев ишемби күндөрү иш карап, секретарь, жардамчыларын мыйзамсыз чакырып, иш алып барган. Жоголгон материалдарды суу алдында калды деп актанып ...

0 465

Тергөөчүлөр пара менен кармалды

Өткөн аптада Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсү пара алып жатып кармалды. Ага чейин Чүйдүн Москва райондук сотунун сот аткаруучусу пара менен колго түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Укук коргоочулар мындай көрүнүштөрдү коомдук аң-сезимдин ойгоно баштаганы менен байланыштырып жатышат. Ошол эле учурда коомдук активисттер кармоо, камоо фактыларынан эмне үчүн сабак алынбай жатканын иликтешүүдө. Карга карганын көзүн чокубайбы? Март айынын башында Чүй облусунун Москва ...

0 266

Зайналиев ишине тыюу салган чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды

Табып Ашым (Хашим) Зайналиев анын элди өз алдынча дарылашынча тыюу салган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 19-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын элди дарылашына, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салган. Буга райондук прокуратуранын өтүнүчү себеп болгон. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгогон кылмыш ишине ...

0 962

Жер асты өтмөгүнөн чыр чыкты

Жалал-Абад шаарында өткөн жылы курулган жер асты өтмөгүнө дагы 8 миллион 735,2 миң сом керек болууда. Шаар мэриясы шаардык кеңештен быйылкы жылдын бюджетинен ушунча сумманы төлөп берүүнү суранды. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары бул маселе “таза эместигин” айтышып, андан баш тартышты да тийиштүү токтомду чыгарышты. Эгер жер асты өтмөгүнүн таржымалына кайрылсак, аны куруу идеясы 2016-жылы пайда болгон. Борбордук Ленин көчөсүндө унаа ...

0 223

Көчмөндөр оюндарына карата ойлор

Тактоого муктаж жагдай Мамлекет башчысы С.Жээнбеков өткөн айда Баткен облусунда иш сапары менен болгон учурда республикалык деңгээлде жыл сайын көчмөндөр оюндары өткөрүлүп тура тургандыгын билдирди. Быйыл күздө аны Талас облусу баштайт, кийинки жылдары эстафета башка облустарга өтөт. Бирок мында тактай турган бир жагдай бар. Анткени, 2020-жылы Дүйнөлүк 4- көчмөндөр оюндары Түркияда өткөрүлөт. Демек, канча кааласак деле келерки жылы республикалык масштабда көчмөндөр ...

0 857

Пирматов камаларын билип, ооруканага жата калдыбы?

Соңку убакта Исхак Пирматов Жогорку Кеңештин жыйындарына толук кандуу катышпай калганы, «сыркоолоп» жүргөнү эмнеден кабар берет? Жапжаш кычыраган жигиттин буйдалып атканы кандай? А бизге жеткен маалыматтар боюнча, күч органдары Пирматовдун коррупцияга шектүү иштерин иликтеп, камакка алууга аз эле калганы каңкууланууда. Мына ушундай жагдайдан улам, ал качып кетүүгө чолоосу жетпей, түрдүү амалдарды ойлоп атабы? Аз күндө бул боюнча сенсация жаралып, Исхакты камап, ...

0 763

Кубанычбек Кадыров: "Отунбаева мага “Атамбаев алдап жатат”, деп айтып…"

"Сапар Исаков абдан тез көтөрүлдү, ишенимдүү адамына айланды". —2009-жылы болгон президенттик шайлоодо сиз Атамбаевдин ишенимдүү адамы болуп, Ысык-Көл облусуна жоопкер болдуңуз. Ошондо шайлоо күнү Атамбаев талапкерлигин алып салбады беле. Ичип алып ошол кадамга барганбы же башка себептери болгонун уккансызбы? —Анын ичип жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Эмне үчүн алып салганы боюнча мага жеткен маалыматты биринчи жолу айтып жатам. Мага жеткен маалымат боюнча “Максим ...

0 214

“Кыргызалтын” ишканасын холдинг катары түзүү сунушталды

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомун холдинг катары түзүү сунушталып жатат. Бул маалыматты аталган ишканадан ырасташты. Мындай план компанияны өнүктүрүү боюнча стратегияга ылайык иштелип чыкты. Анда холдингдин иштөө багыты кеңейтилип, өлкөдөгү кен байлыктарды издөө, чалгындоо жана инвесторлор менен бирге иштетүү каралган. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Компаниянын жетекчилиги бул өзгөрүү өз кезегинде тоо-кен долбоорлорунда Кыргызстандын кызыкчылыктарын толук кандуу коргоого мүмкүнчүлүк түзөт деп ниеттенүүдө. “Кыргызалтын” ишканасы ...

0 144

«Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу маалыматты президент басма сз кызматы билдидри. Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык төмөндөгүдөй токтом кылынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ...

0 241

Ким Чен Ындын тууганын ууландыруу боюнча шектүү аял абактан чыкты

Малайзия соту «Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын бир тууганын ууландырган»​ деп шек саналган индонезиялык аялды бошотту. Ким Чен Нам 2017-жылы Куала-Лумпур шаарынын аэропортунда киши колдуу болуп өлгөн. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Малайзиянын полициясы дароо вьетнамдык жана индонезиялык эки аялды кармаган. Дүйшөмбүдө 27 жаштагы Сити Айсиа сот мындай чечим чыгарарын күтпөгөнүн айтты. Ал эми Вьетнамдын жараны, 30 жаштагы Доан Ти ...

0 108

Орусияда «интернетке эркиндик» аттуу нааразалык акциясы өттү

Орусиянын борбор калаасы Москвада интернет чектөөлөрүнө нааразылык акциялары өткөрүлдү. Москвадагы Сахаров көчөсүндө президент Владимир Путин башкаруучулугунун интернеттеги чыгарылыштарга чектөө киризгени себеби менен «интернетке эркиндик» аттуу акция өттү. Полиция, акциялар башталаарда бетинде ураан жазылган айрым афиша жана шарларды алып таштап, 28 кишини кармап кетти. Ички иштер министрлиги, митингге 6500 киши катышканын жарыяласа, оппозициячыл булактар катышуучулардын санынын 15300 киши болгонун билдирди. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1450

11-класстын окуучусу асынып алды

Өспүрүмдүн сарайда асылып турган сөөгүн 8-март күнү жакындары көрүп калышкан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» билдирди. Окуучу үй-бүлөдө жалгыз бала болгону, ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөнү, ал өзү чоң атасынын колунда жүргөнү аныкталды. Маалыматка ылайык, бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Баланын жакындары андан баш тартышты. Учурда жаш уланды өз өмүрүн кыюуга эмне түрткөнү иликтенүүдө. ...

0 210

Өнүктүрүүбү же популизмге көнүктүрүүбү?

Өткөн жылды Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдө аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялап, бардык бийлик структураларына өнүгүү милдетин койду. Бирок, бул багытта Жалал-Абад шаарынын алдына коюлган милдеттер толук аткарылбады. Деген менен, бул боюнча жогорку бийлик органдары куласа чыгарып, унчуга элек. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев атпай журттан алдында да, массалык маалымат каражаттарынын алдында да өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу ...

0 222

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет

«Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу Кыргыз Республикасынын судьяларынын он биринчи курултайынын катышуучулары! Бүгүнкү өтүп жаткан курултай сот системасы үчүн эле эмес, жалпы өлкөбүз үчүн ...

0 2390

“Турмушка чыгаарым менен эле качан жаңылык угабыз дей башташты…”

Ар жума сайын турмуштун сыноосуна кабылган инсандардын тагдырын баяндап келебиз. Бул ирет “баланын бары да, жогу да азап” дегендей, балалуу боло албай азаптанган инсандын тагдырын баяндайбыз. (Каармандын өтүнүчү менен аты аталган жок). Биз жолдошум экөөбүз бир курста билим алчубуз. Окууну аяктап калганда баш кошууну туура көрдүк. Эл катары топурап той бербей эле, чакан чөйрөдө баш кошуп бапырап жашап калдык. Адатта кыз ...

0 132

Кытай космоско байланыш спутнигин учурду

Синхуа маалымат агентигинин маалыматына караганда Кытайдын Космостук технолгиялары академиясы тарабынан өнүктүрүлгөн ChinaSat-6C байланыш спутниги өлкөнүн Шичанг спутник учуруучу борборунан жердин орбитасына учурулду. Long March (Узун жүрүш) -3B ракетасы менен космоско учурулган кеме, телеберүү жана радиолорго жогорку сапаттуу байланыш тейлөөсүн камсыздайт. Жерге синхрондуу орбитада милдетин аткара турган спутник, Кытай, Австралия, Жаңы Зеланда жана Түштүк Тынч океандагы аралдарды камтыйт. Космос темасындагы иштери менен көңүлдү бурган ...

0 157

Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 7-мартында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында 1,2,3-окуудагы мыйзам долбоорлору добуш берүүдөн өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ: - “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу (КМШ) мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.02.98дагы № 44 токтом). 2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ: - “Кыргыз Республикасынын курулуш ...

0 317

ВИДЕО - ИИМ КМК: Ички иштер органдары тарабынан адамдарды уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн атайын операциясынын натыйжасында  адамдарды уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Кылмыштуу топ зөөкүрлүгү менен айырмалынып,  ири суммадагы акча каражатын талап кылуу менен зомбулук көрсөтүшүп, кыйнап келишкен. Жакында, ички иштер органдарына чет өлкөлүк жаран кайрылып, азият жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы белгисиз төрт адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү боюнча арыз менен кайрылган.  2019-жылдын ...

0 372

ИИМ: Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан өзгөчө оор кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды

2019-жылдын 5-март күнү Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн айылынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын аймагында өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Абылкасымов Шокан кармалды. Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтолгон материалдар эл аралык Конвенцияга ылайык экстрадициялоо маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт. ИИМдин Басма сөз кызматы Булак: Nazarnews.kg

0 379

Табылды Акеров, Саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: "КСДП ажырашып экиге болунуп кетсе, Атамбаев утулат!"

-Табылды мырза, КСДПда ажырашуу күч алды. Ал партиянын мүчөлөрү Атамбаев менен калса утабы же ага каршы тарапка өтсө ийгиликке жетишеби? -КСДПнын ар бир мүчөсү партияны Атамбаев менен эле байланшытырбай өзү жана коом үчүн туура чечим кабыл алуулары керек. Атамбаев КСДПны парламенттик шайлоого чейин жетектеп барат. Ал эми анын тизмеси жаш, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөрдөн болот деген сөзгө ишенүү кыйын. Себеби, Атамбаев ...

0 728

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: "Эгер шайлоого эски система менен бара турган болсок, мунун аягы үчүнчү жолку кандуу революция менен аяктайт"

Кандай маселе болбосун өз көз карашын ачык айткан, шайлоо системасын өзгөртпөсөк элдин шору дагы 10 жыл кайнап, аягы кан төккөн революция менен акташы мүмкүн деген Азимбек Бекназаров менен кыргыз сяасатындагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк. -Азимбек Анаркулович, Атамбаевди жана Апрель телеканалын сотко берген үч саясатчыга райондук сот экс-президент 100 миңден төлөп берсин деген чечим чыгарыптыр. Соттун чечимине канааттандыңыздарбы? -Бул маселе боюнча азыр ...

0 178

Текебаевдин ишин БУУ расмий каттоого алды

“Ата Мекен” партиясынын лидери, ЖК мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча кыргызстандык укук коргоочулардын кайрылуусу расмий каттоого алынды. Ишти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине жиберген “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын билдиргени боюнча, бул комитеттин эксперттери кайрылууну кароого кабыл алышты дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу маалымат укук коргоочуларга 26-февралда берилген. “Адилет” укуктук клиникасы Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо өтүнүчү ...

0 233

Зилалиевдин баласы, ата-энеси да кысымга алынуудабы?

Экс-президент А.Атамбаевдин учурунда Мамлекеттик мүлк фонду, Экологиялык жана техникалык инспекция сыяктуу майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп, эбегейсиз байып алган, үйүн тинткенде бир ЗИЛ доллар чыккан Дүйшөнбек Зилалиевдин азыркы абалы мышык ыйлагыдай. Тилекке каршы ал күнөөсүн моюнга алып, кыргыз элинен кечирим суроонун же жеген-ичкенин мамлекетке кайтарып берүүнүн ордуна “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп, жантыгынан жата калып актанууда. Ушул жумада болсо анын атынан ага ...

0 197

Абылгазиев социализм курганы жатабы?

  Премьер-министр М.Абылгазиев экономикалык кандай ийгиликтерди жасап жаткандыгын жакшы билбейт экенбиз, анткен менен сүйлөгөндө оозду ачырып, кээде “социализм курулат” дегендей сөздөрүнө ишенгиң да келип кетет экен. Ал өткөн жумада жакынкы жылдары республикабыз дүйнөдөгү алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошула тургандыгын “Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференцияда билдирди. “Бүгүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө биздин 730 миңдей мекендешибиз эмгектенишүүдө. Бардык кыйынчылыктарга ...

0 478

Кийим, килем, оюнчук... Эркекти булар тукумсуз кылат деп ким ойлоптур

Бифенил адамдын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу зат деп айтылганына карабай, айрым өндүрүүчүлөр аны буюм-тайымды жасоодо кошуп жиберет. Тиричилик буюмдарынын курамындагы айрым химиялык заттар эркекти тукумсуздукка алып келерин Medical Xpress журналына шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды. Мындай чечимге келүү үчүн Ноттингем университетинин окумуштуулары иликтөө жүргүзгөн. "Кийим-кечек, электр жабдуулардын зымдары, килем жана оюнчуктун курамында кездешчү диоктилфталат, бифенил сыяктуу химиялык заттар эркектин бел суусуна терс ...

0 165

Россияда мусулмандардын саны өсүүдө

Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин 15 жылдан кийин Орусия калкынын 30 пайызын мусулмандардын төзөрүн айтты. Гайнутдин борбор шаар Москвада катышкан бир конференцияда Орусияда мусулмандык факторунун исламды кабыл алган орустардын санындагы өсүү менен дагы да маанилүү абалга келерин белгиледи. Орусияда мусулман санынын күн өткөн сайын өскөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Гайнутдин : «Адистердин болжолуна караганда 15 жылдан кийин Орусия калкынын 30 пайызын мусулмандар түзөт»,- ...

0 184

Нурбек Мамбетакунов Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Мамбетакунов Нурбек Тельманович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди. Президенттин башка буйругу менен Коомбаев Закир Казымкулович Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 478

Жаңыгүл Темир: "СДПКңардын жаназасын окуп карылыгыңарды жылуу жумшак үйүңөрдө өткөргүлө"

Мындайча айтканда партия бул бир ойдогу адамдардын уюму да. Бул беш байкуштан эми кайсы партия калды? Атамбаев СДПК жеке фирмасындай менчиктеп алып партияда көбү баш чайкап басып кетти. Ошол эле партия дегенде жан-дилин берип иштеген жаш активист Ринат Самудиновду кубалап салганын эстегилечи? Мындай пикирин Жаңыгүл Темир өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ага кошумча ал,"Самудинов аргасыздан Америкада күн кечирип жүрөт. Ал ...

0 535

Иса Өмүркуловдун Атамбаевге "нерви" кашайды

Иса Өмүркулов экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турганда көзүн май басып калганын белгиледи. Бул тууралуу ал Би-Би-Си радиосуна маек берип жатып билдирди. Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жаткан КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Атамбаев боюнча төмөнкүлөргө токтолду. Анда Атамбаев жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде "Мурмуркулов" деп атаган ысым өзү экенин айтты. Ал мен. Шылдыңдагансып айтып жатат. Мен мындай дейт элем. Азыр ал көп нерсеге ...

0 213

Ыңгайсыз суроолор: Кожобек Жайчыбекович, колу-бутуңузду байлап жатканда неге “маарап” койгонго жараган жоксуз?

Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу жемкорлукту талкуулаган Жогорку Кеңештеги жыйында Кожобек Рыспаев тиешелуү комитеттин жетекчиси катары комитеттен «хоп» деген чечим чыгарып берген. Эми болсо, «кар жаады, из басылды» логикасы менен жоопкерчиликтен кутулуу максатында кылтыңдап: «ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимди комитетке алып келип, эс алууда жүргөнүбүзгө карабай колу-бутубузду кайрып туруп кол койдурган. Кол коюп берүүгө аргасыз болгонбуз…» деп күпүлдөдү. Актануу болбосоң ...

0 432

Иса Өмүракунов: “Отуз баланын атасы болдум”

Үйдөгү эки-үч баланы эле багуу, алардын түйшүгү, жоопкерчилиги канчалык экенин ата-энелер жакшы билет эмеспи. Ал эми “Эне-бала мээрими” коомдук фондунун жетекчиси Иса Өмүракунов 30 балага тарбия берип, өз балдарындай эле камкордук кылып, кем-карчын бүтөп, курсагын тойгузуп, кадимки ата милдетин аткарат. Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан аталган балдар үйүнө барып, ал-акыбалын билип кайттык. -- Иса байке, жеке балдар үйүн ачып, иштеп жатканыңыздын ...

0 874

Бишкекте бала сатып жаткан учурда кармалган аялдар №4 төрөткананын жана Улуттук госпиталдын кызматкерлери болушкан

Бишкекте бала сатууга шектелген уч аялдын бири №4 төрөт үйүндө иштесе, дагы бири Улуттук госпиталдын кызматкери болушкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, шектүулөр баласынан баш тарткысы келген келин менен алдын-ала сүйлөшүп алышкан. Алар келинди баладан расмий баш тартпа деп макулдашып, ал үчүн 20 миң сом убадалашкан. Жаш эне менен наристе ооруканадан чыккандан кийин ижарага алынган борбордогу ...

0 377

Гүленизмдин жашыруун бети

Азыркы кыргыз саясатында экс-президент жана анын мурунку досу — азыркы туруктуу саясий оппонентине айланган Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тирешүү эң актуалдуу тема бойдон калууда. Арийне мурунку президент тарабынан жасалган иштерге жана мамлекеттик маанидеги конкреттүү кадамдарга олуттуу ревизия жасалып, алды кылмыш иштерине айланып, териштирилип жатканына карабастан, экөөнүн тең позициясы бир маселе боюнча азырынча дээрлик бирдей болууда… Экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Түркиядагы соңку төңкөрүш ...

05-март 2019, 15:36 | 377
0 345

Аяна Арстанбекова: “Моделдер жеңил ойлуу эмес, ыймандуу да болушат...”

Бүгүнкү каарманыбыз өзүн ар тараптан сынап, моделдик таланты менен бирге чыгармачылык чөйрөнү айкалыштырган ажарлуу айым Аяна Арстанбекова болмокчу. -- Аяна, сулуулукка кантип кам көрөсүз? -- Ар бир аялзаты сулуулукка кам көрүп, өздөрүн карап жүрүшү шарт. Анын сыңарындай, мен да сулуулук дүйнөсүнө кызыгып, атайын салон ачкам. Учурда сулуулоочу (визажист)  болуп эмгектенүүдөмүн. Өзгөчө модель болгон соң келбетке, тулку бойго дайыма кам көрүү зарыл. Студент ...

0 352

Депутаттардан жеме уккан жетекчилер уялбайт экен да

Өткөн шейшемби кунү Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов Жогорку Кеңештин комитет жыйынына келди. Тоо-ташта жаныбарларды коргоп жүрүп бошобой калганбы, айтор, даярданбай келгендигинен улам депутаттардан жеме укту. Депуттардан тил угуп, 3-класстын баласындай болуп башын шылкыйткан «акбаш» жетекчи Рустамов кайрадан жыйынга даярданып келмей болду. Ушул эле күнү Өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынын төрага орун басары ...

0 418

Бабановдун миллионго жакын акчасын кимдер уурдаган?

Ош облусунун Араван районунда белгисиз адамдар "Кыргызстан коммерциялык банкынын" банкоматтын талкалап ичинен 900 миңден ашык акчасын уурдап кеткен. Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады. Кылмыш февраль айынын  9нан 10на караган түнү катталган. Арадан ай өткөнүнө карабай милиция шектүүлөрдүн изине түшө элек. Себеби уурулар банкоматты алдынан эмес, арткы тарабынан ачкандыктан камера уурулардын бетин тартып алган эмес.  Эске сала кетсек, "Кыргызстан коммерциялык банкы" ...

0 241

Табылды Акеров: «Бүгүн биздин коопсуздугубузга өзүн «долларовый мультимиллионер» атаган адам шек келтирип жатат»

— Табылды мырза, өткөндөгү маегиңизде Кыргызстандагы 2 революциянын себеби А. Акаев да, Бакиев да саясий партияларды тийиштүү деңгээлде өнүктүрбөй, алардын толук кандуу өнүгүшүнө тоскоолдуктарды кылгандыгынан келип чыккан деп айткансыз. Ушундан улам сизге биринчи суроом, Акаев да, Бакиев да эмне себептен саясий партиялардын өнүгүшүнө тоскоолдук кылышкан? — Цивилизациялуу алдыңкы коомдордун дүйнөлүк тарыхы жана тажрыйбасы далилдеп тургандай, саясий партиялар өлкөнүн саясий аренасына бир ...

0 229

Сооронбай Жээнбеков Нурболот Мирзахмедовго кандай тапшырмаларды берди?

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовду кабыл алды. Жаз-жай мезгилинде калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери талкууланды. Нурболот Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу алкагында жасалган иштер жана болжолдонгон иш-чаралар жөнүндө маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4 миңге чукул адам жашайт. 1200гө чукул жерлерде сел коркунучу бар. Коркунучтуу ...

0 855

Камчыбек Жолдошбаев: “10 чакырым канал куруп калктын алкышын алганмын”

—Камчыке, быйыл Ат-Башыга хоккей стадионун куруптурсуз, ошол боюнча кеңири маалымат сурайлы дегенбиз? —Ой, Зулпукаар иним, хоккей деген жөнөкөй эле нерсе, сен андан көрө элге миллиондогон киреше берген канал боюнча сурабайсыңбы? —Мейлиңиз анда ошондон баштайлы… —Эгемендүүлүк алгандан кийин колумда акча пайда болгонун көргөн айылдыктар мага кайрылып, «Кудайым сага берди, бизге бир канал салып бербейсиңби, ата-бабаң ушул жакта турду эле, бизге суу жетпей жатат, куруп ...

0 297

Зилалиев ага басым жасалып жатканын билдирди

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин атынан ага каршы козголгон кылмыш ишинин айланасындагы абал боюнча билдирүү жарыяланды. Анда Залилаевге туугандары жана жакындары аркылуу болуп көрбөгөндөй басым жасалып жатканы белгиленген. «Алсак, менин мүлктөрүмөн тышкары, мага таандык экенин далилдебестен эле дээрлик бардык туугандарымдын мүлкү камакка алынды. Атайын кызмат жакшылап териштирбестен эле эмнеге мынча шашып жатат? Мен ошол адамдардын реакциясын элестетип жатам. Бул маселени сотто чечишип ...

0 301

Динара Койлуева: “Эмдөөдөн баш тарткандар жугуштуу ооруларга чалдыгышат”

Учурда өлкөдө кызамык оорусу күч алып, ага каршы балдарды эмдөө жүргүзүлүп жатат. Бирок, акыркы учурларда балдарды эмдетүү боюнча кайчы пикирлер жаралып, айрым ата-энелер эмдөөдөн баш тартышууда. Өспүрүм балдарды жугуштуу оорулардан сактоо үчүн эмдөө зарыл экенин дарыгерлер ар дайым эскертип келишет. Бул туурасында кенен маалымат алуу үчүн биринчи категориядагы врач-иммунолог Динара Койлуева менен маектештик. -- Акыркы кездерде ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартышууда, ...

0 1937

Гулнара Асанбекова: "Мектеп директору неберемди таяк менен сабаптыр, бизде акыйкаттык барбы?.."

NazarNews.kg маалымат агенттигине Чүй облусунун тургуну Гулнара Асанбекова небересин мектептин директору сабагандыгы ...

0 1334

Эр-Риядда жүргөн 500 адам кыргыздын маданияттын эмес, ышкырып, кыйкырып, тамак талашып кимдин маданияттын көргөзүүдө?

Эр-Риядда өтүп жаткан этно фестивалда кыргыздардын тарыхын, салттын мыкты чагылдырып беребиз деп биринчи 500 адамдан турган топ аттанды эле. Ал эле эмес "Манас" аэропорттун ызы-чуу кылып ителгиден тарта, итибизге чейин биздин маданиятты таанытууга салым кошолу деп чамынып кеткен. Кеткенине көп өтпөй өздөрүн жана кыргыздарды бөлөк өлкөгөлөргө патриот катары, конок катары туура эмес жагынан таанытып жатканын журналист Бегимай Жаныбекова өзүнүн интернет баракчасына ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 572

Сапардын сапары байсалдуу болбой калды

2018-жылдын январь айы суук болуп, андан улам Бишкек жылуулук энергия борборунда авария болуп, шаар тургундары жылуулук жок, бир канча күн суук үйлөрдө жашашты. Ошол күндөн тарта жаңы эле оңдоо иштери жүргөн ЖЭБнун эмне себептен жарылгандыгын, ага кимдер күнөөлүү экендигин аныктоо иштери жүрүп, натыйжада алардын топ башында Сапар Исаков тургандыгы аныкталды. Сапар Исаков ЖЭБна байланыштуу болгон ар бир жыйындарга катышып келгени маалым. ...

0 171

Абдывахап Нурбаев: «Абанын булганышынан улам чыккан кесепеттер олуттуу көйгөйгө айланды, бул багытта шашылыш чараларды көрүү милдети турат»

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан демилгеленген «Таза аба» аба долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүп жатат. Иш-чарага депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда. Депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымында, Кыргызстанда абанын булганышынан улам чыккан кесепеттер олуттуу көйгөйгө айланды, бул багытта шашылыш чараларды көрүү милдети турат. Ошондон улам, депутаттар тобу “Таза аба” долбоорун ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83