www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6677)

0 256

УКМК Атамбаевге торпок ташып калганбы?

УКМКнын бүгүнкү күндөгү кызматкери Кой-Таштагы Атамбаевге торпок алып барганы тууралуу тасма жарыкка чыкты. Атамбаевдин тарапкерлеринин айтуусунда Атамбаевди колдоо үчүн УКМК менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы генералдары менен полковниктери келген. Бирок тасмада анын бири көрүнбөйт. Булак: «NazarNews.kg»

0 101

Депутаттарга жаман сөз айтса жакшы деп эсептешет

Быйылкы жылы парламентке айрыкча көп сын пикирлер айтылды.Спикер депутаттарга сын-пикирлер көп айтылып жатканы алардын эң мыкты иштеп жатканы  деп эсептейт. Жогорку Кеңеш бир жыл ичинде 102 мыйзам долбоорун, 600дөй токтом долбоорун, 20 миңдей элдин кайрылуусун кабыл алып, 3 миңдей жыйын өткөргөн. Өз ишин 27-июнда аяктаган Жогорку Кеңеш  регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жер -жерлерде ...

0 207

Илмиянов мамлекеттин рулун башкарам деп иши сотко өттү

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы шопуру жана мамлекетин рулун башкарган, камактагы Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. УКМК Илмиянов алдамчылык менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган факты тергелип бүткөнүн 3-июлда билдирди. 10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды. Илмияновду жоопко ...

0 208

«Карга баласын аппагым»-дейт спикер депутаттардын санын азайтууга каршы

Спикер Жумабеков басма жыйынында депутаттардын санын 35ке чейин азайтуу боюнча айрым сунуштарга жооп берип, «бул туура эмес, анда 35 президент болуп алат. 120 болгону эле туура», - деди. Спикердин көз карашы боюнча  депутаттарга сын-пикирлер көп айтылып жатканы алардын жакшы иштегени деп эсептейт. Жогорку Кеңеш бир жыл ичинде 102 мыйзам долбоорун, 600дөй токтом долбоорун, ...

0 207

Атамбаевдин кол тийбестигин алуу мыйзамдуу болдубу?

Жогорку Кеңеш өз ишин аяктаганына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабеков басма сөз жыйынын өткөрүп жатып Атамбаев жөнүндө билдирди. Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент укугунан ажыраткан. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берген. Дастан Жумабеков  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламент өз ишин аткарганын, мында мыйзам бузуу болбогонун айтты. Булак: «NazarNews.kg»

0 4767

Мугалимдердин айлыгы кырк пайызга көтөрүлөт

Мугалимдердин айлыгы кырк пайызга көтөрүлөт бул тууралуу пресс-конференцияда Жогорку Кеңештин төрагасы  Дастан Жумабеков билдирди.  Бул тууралуу 2019-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтып өткөн. Эми парламент бул ишке белсенип кире баштаптыр.Буюрса мугалимдер айлыгын кырк пайызга көтөрүп бапырап эле жатып калчудай. Булак: «NazarNews.kg»  

0 280

ЖК түкүрүккө болгон айыпты кыскарткан, эми жол эрежесин бузгандар үчүн айып кыскарат

Бет кабын эми чече баштаган Жогорку Кеңештин төрагасы бүгүн пресс-конференция өттү. Күзүндө депутаттар кыскартууга белсенип киришет. Ошондой эле күзүндө жол эрежесин бузгандар үчүн айыппулга азыраак пул төлөп калат. Быйылкы жылдын эң үлкөн окуяларынын бири парламенте түкүрүккө болгон айыппулдун көлөмү кыскарды. Бул тууралуу спикер Дастан Жумабеков  баса белгиледи. Азыркы учурда жол эрежесин бузгандар үчүн айып жогору болуп жаткандыктан, түкүрүктөн кийин эле кокодон ...

0 453

Билим министриби же ката министриби? Нарын облусунда ката аттестаттар таратылды

Ката деген Билим, илим  министрлигинде көнүмүш адатка айланды. Нарын облусунун Кочкор районундагы Жунушалы кызы Сайнап орто мектебинде кайрадан ката аттестаттар таратылды. Ката “среднюю реднюю школу” деп кеткен. “Среднюю школу” деген сөздү чала моңол орусча билгендер түшүнөт. Ал эми “реднюю школу” дегенди министр Гүлмира Кудайбердиева новатордук кылып жаңы эле киргизбесе, мындай сөз кыргызда да, оруста да жок. Билим министри мурун бир-эки ...

0 444

АКШ Кой-Таштан кооптонуп турат

АКШнын мамлекеттик департаментинин өз жарандарына болгон Кайрылуусун Кыргызстандагы АКШтын элчилиги жарыя кылды. Бул Кайрылууда республикадагы АКШтын жарандарына Кой-Таш тарапка баруудан карманып турушун сунуш кылат.Бул сактануу дипломатиялык миссиянын сайтында жарык көрдү. Андан тышкары АКШ жарандарына түштүктө Көк-Жар айылына, чыгышта Чоң –Таш айылына баруудан да сактанып турушу айтылат. Ал эми Штаттын өкмөт кызматкерлерине бул тарапка барууга тыюу салынды. Учурда бул тарапта экс-президент ...

0 552

Атамбаев бийликте турганда оңдурган эмес, андан запкы жегендер али тирүү

Бул бийлик атаандаш журналисттерди каматуу ʏчʏн антидемократиялык методдорду колдонгон. Парламент депутаттары эл ыйык туткан Конституцияны бузушуп, журналисттерди жазалап 5 жылга чейин каматуу ʏчʏн Кочкарева даярдаган мыйзамды кабыл алышкан. Мындай антидемократиялык методду ал эмес журналисттерди  ѳлтʏрʏп, кээ бир журналисттерди жазалап сабатып койгон авторитардык мамлекеттер да кабыл алган эмес. Ал эми Фарид Ниязов пресс-катчы болуп турган Аскар Акаевдин заманында «Асаба», «Столица», «Республика» ...

0 692

Ат көтөргөн Кожомкул балбандын тукумдары барбы?

Кожомкул балбандын 130 жылдыгына карата жылкы көтөрүү боюнча мелдеш болду. Кожомкулдун чөбүрөсү Орозалы Кожомкулов 300 килолук атты көтөрүп элдин эсин эки кылды. Мындай мелдеш Кожомкулдун көзү өткөн соң Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: 1. Күрүчбек уулу Уларбек Бишкектен жылкыны жерден 20 см өйдө көтөргөн. Автобилдин ээси болду. 2. Панфилов районунан Кум-Арык айылынан Байыш Жумабековго таандык болду, ал жерден 15 ...

0 437

Рысалиев-Ирсалиев тандеми премьер-министрдин кекиртегине тыгылган сөөк болобу?

Иманкадыр Рысалиевдин дүбүртү көптөн бери эл оозунда жүрөт. “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун жетекчиси, мунун секретариатынын жетекчиси катары айлыгы 5000 евро эле, бир евронун курсу 78 сом 21 тыйындан болгондо эле айына 380 000 сом айлык алып турган. Жубайы Сабырбекова Таалайкүл “Эргене” коомдук фонду менен рак оорусун көзөмөлдөйм деп өкмөттөн  1 500 000 сомду жана оорулуулардын запкысын азайтам деген шылтоо ...

0 1352

Илмиянов Сегизбаев кармашынан улам, Сегизбаев Ак үйдөн алысыраак УКМКга кетти беле?

Атамбаев президент болуп турганда анын шопуру Илмиянов мамлекеттин рулун башкарып турганы белгилүү. Илмиянов башкаларга жолборс болгону менен, Атамбаевдин алдында чычканга айланчу. Арийне, “Икрам Саттарович” - деп артынан башкалар чуркап, парламенттик, президенттик жана жергиликтүү шайлоолорду жана жогорку эшалондогу кадр маселесин Илмиянов чечип калган. 2011-жылы Жогорку окуу жайында окутуучу болуп иштеп жүргөн Сегизбаев түз эле президенттин кеңешчиси болуп чыга келет. “Чычканга кебек ...

0 316

Трамп диктатор деп кимди айтты же кара жүздүүлөргө төрөөгө тыюу салган Аргентина президентинби?

Японияда болгон дүйнөлүк жыйырма лидердин саммитинен соң, Дональд Трамп Кореяга аттанды. Ал жерден Түндүк Корея менен Түштүк Кореяны бөлүп турган 38 паралеллге барып, Түндүк Корея тарапты аттаган биринчи АКШ президенти болду. Ким Чен Ын менен кайра-кайра жолугушуп жаткан себеби, 2020-жылы АКШда президенттик шайлоо болот, ядролук куралы бар Түндүк Кореяны тизгиндеп туруш керек. Ким Чен Ындын позициясы  эл аралык соодада тыюу ...

0 2239

Кимдердин КСДПда кызматы өйдөлөйт, эмне ксдпчыларга кылмыш кылууга уруксат берилди беле?

КСДПнын накта жүзү кандай эле? Оолуккан Артыков сыяктуулар ГАИ-МАИлерди киши ордуна көрүшчү эмес, жүз миңдеген айлык алып жаткан депутаттардын айлыгын көтөрбөсөк болбойт дечү. СССР убагында парламенттик номенклатура буга окшош алдым-жуттумдарга депутаттык бийлик бермек түгүл, «эки бутун бир кончко салып» койчу. Анткени, ал кезде мыйзам катуу иштөөчү. КСДПда Артыков сыяктуулар көкөлөдү, чоң кызматтарда  болушту, ага да тоюшпай Кыргызстанга ээлик кылгысы келишти. Буга СДПКнын көмүскө ...

0 2885

Шаки  Атамбаевди, Бабановду, Максим Бакиевди, Акаевди  багып келди, андан көрө элди бакпайбы?

Шаки деген элдин эсебинен байып жалаң чоңдорду көздөп келген Ат-Башынын кулуну бар. Ат-Башыга аттын башынан эстелигин курганы болбосо элге эч иш жасабай чоңдорду көргөндө шымын булгап, жата калып саламын берип,  соолуп калат. Эми анын мурунку заманын кеп кылбай эле койолу. Максим Бакиевдин алдында мамык төшөк болуп жатканда , бийлик алмашып кетет. Чет мамлекетте качып жүргөн Кубаныч Кадыров келип ИИМ министрине ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
1 4091

 Ак үй  “Мисс-мира” болгонсуп, Атамбаев эмнеге кызматтарга сулуу кыздарды  гана алган?

Атамбаев чоң кызматка алганда башы иштегендерди эмес, башы иштебесе да өңдөрү сүйкүмдүү кыздарды тандап алыптыр. Атамбаев алган сулуу кыздар өз ишин актай албай бардыгы бүгүнкү камакка талапкер. Эми бардыгын айтпайлы ирдүүлөрүн эле айталы: 1. Салянова Аида: 2011-2015-жылдары Башкы прокурор. 2015-жылдан куугунтукталып, азыркы учурда камакта жатат. 2. Жамашева Феруза: 2012-жылдан 2018-жылга чейин Жогорку Соттун төрайымы, Азиз Батукаевди качырганы үчүн ...

0 561

Садырды  Сарууну сапырды деп сары изине түшкөндөр кимдер?

“Кухняда” кужулдап коюшуп куурагандар эмки  “куралдуулар” алдында шоона эшпей калышты. Чет мамлекетте жүрүп Садыр Жапаров Мекенин сагынды, эли аны сагынып тосуп алганы баргандардын арасында камалгандар болду. Талгарбеков деген колхоз-совхозду тараткан кочкор мүйүз кочкорлук саясатчы бар, бир күнү дүүлүгүп кетип эле, бийликти алам деп катуу кыйкырды эле, камактан запкысы көрдү. Өзү жалгыз көргөн жок Марат Султанов ...

0 661

Мени колдойт деген ишенимде жүргөн Путинден Атамбаев үмүтүн үзсө да болот

Атамбаевдин   кол тийбестигинен айрылганын  Путин “досу” ойлоп койдубу?  Буга чейин мени колдойт деген ишенимде жүргөн Орусиядан да Атамбаев үмүтүн үзсө болот. 2016-жылдын башында Орусия Кыргызстан мамилеси катуу курчуп кеткен. Ал эмес “Регнум” басылмасы 2016-жылдын 26-январында  карама-каршылыктын рейтинги боюнча Сауд Аравиясы, Молдовадан ашты деп жазган. 2016-жылы сентябрда Путин иш сапары менен Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстанга келет. Ал мезгилде Үркүнгө ...

0 2061

Атамбаевдин ата-тегин сүргөн “арзыматы” Кытайга кыргызды саткысы келип жатабы?

Кытайдын акыны Ли Бого Кыргызстанда эстелик курууну ойлобошубуз керек, эмнеге? “Дедкасым” Атамбаевдин заманында  ата-тегин Шао-Маого жеткизип Кыргыз Эл Баатырына татыктуумун деп жүргөндө, Атамбаевге санжырасы жакпай калат да  “Манас” орденин эле берип койот. Ал жазган санжырасы жасалма экени белгилүү. Анткени, “Дедкасымдын” жазгандары боюнча Атамбаевдин аталары Ноорузбай Алымбек датка менен катарлаш Коконду алган адам экен. Бир айтканы боюнча аталары Пулатхан менен чогуу ...

1 957

Көп пенсия алгандарга акча кошпой эле, азыраак пенсия алгандарга жакшылап эле кошпойбу?

Байлар акча үчүн ыйлабайт, кээ бир байлар пенсиясын эл үчүн кечип койот. Жамин Акималиев деген кыргыз бар. Ал учурунда депутат, академик болуп жүрүп итапкан пенсия алмак. Бирок ушундай да кыргыздар болот экен, эл ушинтип кыйналып турганда пенсия албайм деп,бюджетке аз да болсо  үнөм кылыптыр. Эми башка деле акчалары жетет эле биздин ач көз чиндерине, наамдарына 100 миңдеп пенсия алып жүрөт. ...

0 272

“Финпол” пара менен колго түштү, “Ишенген кожом сен болсоң, алды-артыңан тал карма” беле?

Ушуларга окшогон адамдарга да ишенип жүрөбүз, бирок УКМКнын укуругу узарып баратат керек болсо финполдун ичинен кан өткөзүп калды. Финполдун ыкчам көзөмөлдөө бөлүмүнүн ачендиги Арзымат Жакишев 5 миң доллар алып жаткан жерден колго түштү. Бул шоркелдей мындай “таттуу акчанын” далайын ишкерлерден сындырып жүрүп көнсө керек, бул ирет да Арзымат “арзыматчылыгын” кылып жанталашканы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 326 беренси менен ...

0 818

Күзгө жетпей мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөбү?

Бул тууралуу президент Жээнбеков 2019-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеште элге Кайрылуусунда баса белгилеген. Элге так болуш үчүн орусча айтылган текстинен которбой эле берели: «Зарплата учителей будет повышена осенью, не позднее начала учебного года. Правительство сейчас занято соответствующими расчетами. Бог даст, у наших учителей в школах с нового учебного года будет уже другая зарплата». Президент Жээнбековдун мугалимдердин айлыгын көтөрүп жатканына рахмат. ...

0 367

Коррупцияланышкан жерге келген министр ишти эмнеден баштады?

Айыл чарба министрлигинин коррупцияланышканы тууралуу уу-дуу кеп эмгиче тарай элек. Бул жерде атка минерлер менен алыпсатарлар биригип алышып ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан, Тажикстандан айыл чарба продукцияларын ЕАЭБге кирген Орусия, Казакстанга салыгы жок өз товарыбыз жок деп сатышып, кыргыздын имиджин кетирген. Мурун айыл чарба министринин орун басары болуп келген Эркинбек Чодуев министр болор менен ишин айыл чарбада иштеген дыйкандар ...

0 3881

Салянов куугунтуктун айынан саясий өлүмгө кабылганын ИИМде моюнга алышты

Саляновдун өлүмү боюнча ар кандай версиялар айтылып келаткан. Бирок кандайдыр себептер менен саясаттын негизинде өлтүрүлгөн деген версия четке кагылып келаткан. Ички иштер министринин маалымат кызматы Саляновдун өлүмү саясий негизде болгон деп кабарлады. Анткени, аны өлтүргөндөр каракчылык кылып, үйүндөгү оокаттарына тийишкен эмес. Эгер каракчылык кылып киришсе анда, алар үйдү тоноп, үйдөгү кымбат баалуу  дүнүйөлөрдү алып кетишмек. Бул жерден дагы бир версия ...

0 215

Эркектердин укугун БШК төрайымы Шайлдабекова канчага тебелейт?

Эркек байкуштарды биздин мамлекетте гана тебелеп-тепсейт, ал эми демократиялуу мамлекеттерде эркекпи, аялбы, титулдук улуттун өкүлүбү же титулдук улуттун өкүлү эмеспи, жашпы, карыбы ага карабайт. Биздин мыйзамда кандай? Жогорку Кеңешке талапкер болгон партияларда чектөө киргизилген: 1. Бир жыныстуулардын саны 70 пайыздан ашпаш керек, бизде эркектер саясатта басымдуулук кылат, демек аялзатынын саны 30 пайыз болуш керек. 2. 15 пайыз талапкер титулдук калктын өкүлү эмес, ...

0 221

«Жаш келсе парага, кары келсе чарагабы?»

Мурун башкача «Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» болчу? «ТЭЦте» авария болуп эл тоңуп турганда Бишкектеги эң кымбат ресторанда баласына той берип, миңдеген кишилерди чакырган, Айбек Калиев бул акчаларды кайдан тапкан? Же анын «ТЭЦ»  менен тиешеси жок беле? Жок дегенде эл тоңуп жатканда тоюн койо турса болмок. Айбек Калиев эксперт болуп жүрүп тез эле 2012-жылы Өнөр жай жана энергетика министринин ...

0 231

Чегирткелер каптай баштады, булардын түбүнө жетпесек болбойт, бирок кандайча?

Чегирткелер кыргызга каптап далай ирет боз үйдүн жабуу, үзүк-боолорунун тамтыгын калтырбай жеп кыргыздарга бүлүк салып кетчү дешчү эле илгеркилер.  Акыркы жылдары химиялык каражаттарды мындай зыянкечтерге каршы колдонуп,  чегирткелердин сансыз тукумунун түбүнө жетип келатабыз. Чегирткелердин 18 жылда бир чыгып каптай турган түрлөрү да бар. Баткен шаарынын айлана –тегерегин чегирткелер каптап айыл-чарба өсүмдүктөрүн жайлап кете баштаптыр. Азыркы учурда химиялык каражаттарды пайдаланып жатса да ...

0 359

Жайкы эс алуу келатат, президенттер кайда барып эс алышат?

Атамбаев быйыл каякта эс аларын билбейм, балким “караңгы жерде” эс алып калар. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Эрдоган менен достук мамиледе жүргөндө Түркияга барып Жер ортолук деңизге бутун салып, чөмүлгөндү баалоочу. Бирок, Эрдоган менен достук мамилеси үзүлгөн соң, Кытай, Индия сыяктуу мамлекеттерге барып эс алып калган. Аны туурашып берметтей болгон Ысык-Көлүбүз турса да атка минерлер чет мамлекеттерге барып эс алып ...

0 782

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосун эмнеге “кара мышык” аралап кетти?

Кыргыз элинде жакшы салттар бар эле, эки эр чатакташа кетсе, ортосуна аксакалдар түшө калып жараштырып коюшчу. Бүгүнкү жөнөкөй аксакалдарды теңсинбей эч ким укпайт, ал эми атка минер аксакалдар “дүжүр чалдарга” айланышкан. “Дүжүр чалдар” жышма болуп алышкан, ошондуктан экөөнө калыстыкты айткандын ордуна кайра бири-бирине кайраштырып, жышып келатат. Эң эле өкүнүчтүүсү ушул. Атамбаев - Жээнбеков тандеми 2017-жылы президенттик шайлоодо бирге чыгышып, ошол ...

0 643

Ураалап уранды жаптык эле, эми уранды ураалап ачабызбы?

Уран тууралуу жылма сөздөр башталды. Жогорку Кеңеште Уранды иштетүү боюнча маселени өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрдү.Урандын казылышын колдой турган Кожобек Рысбаев сыяктуу депутаттар деле жок эмес. Ал: «Уранды сатпасак радиоактивдешип кетип, элге зыяны тийет, жаңы технологиялар менен аны казып, ташып жоготуш керек. Уран бул акча, сиздин айлык, биздин айлык. Уранды сатпасак айлыкты каяктан алабыз? Урандан өлүп калабыз деп түшүнбөй эле ...

0 315

Кытай менен дос болсоң, наркескенди ала жүр

Бүгүнкү Кытай курт-кумурскадай жыбырап, калкынын өсүшүн басаңдатуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп жатышат.  Кытайдын тамак азыктарында ар кандай генофондго каршы заттар кошулуп жатканы жаңылык деле эмес. Эми кытайлыктар элин азайта албай жатышса, кыргыздарга элдин азайганы зыян, ансыз деле калкыбыздын саны чамалуу. Негизи арзандыгына карап Кытайдан келген азык заттарды албашыбыз керек ал түшүнүктүү. Бирок өзүбүздүн эле алыпсатарлар Кытайдын жасалма ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 468

Айыл чарба министрлиги коррупционерлердин уюгуна айланып кеткенби?

Политехтин «балын соруп» өскөн Акылбек Жапаров деген депутат бар, малга паспорт бербесем асынып өлөм деп жүрчү, жакында курсташын айыл чарба министри кылыптыр. Эми бул министрлик «чапкан аттай» эле кетет деп жүрсөк, накта былыктары чыкты. Айыл чарба министрлигинин атка минерлери менен тил табышып алган кылмышкерлер тобу эл аралык тийиштүү документтерди жасап, ЕАЭСке кирбеген Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерден шектүү айыл чарба продукцияларын сатып ...

0 279

Грузиндер менен кыргыздарды салыштырууга болобу?

Грузия парламенттик шайлоодо босогону алып салды. Эми канча партия парламенттик шайлоого катышса алган добуштарына карай орундар бөлүштүрүлөт.Азыр кыргыздар үчүн грузиндер менен теңелүү мүмкүн эмес. Бизде босогону алып салса Кыргызстандын 200дөн ашуун партиясы бүт катышат. Бул жагын бөркүңүзлөй көрүңүз, анткени 2011-жылы президенттик шайлоого жүздөй киши талапкер болгон. Эми да партия аттуунун бары жабалактап тоскоолдуктар болбосо талапкердигин коюп чыгышы мүмкүн. ...

0 719

Швейцарияга “учуп” кеткен алтындарыбыз кайра артка кайтабы?

Алтынга чуулганып жаткан Кыргызстанда алтындын запасы жок. Кумтөрдө жаткан алтын дүйнөдө жетинчи орунду ээлеп 700 тоннадан ашык алтын бар деп баалашкан. Кумтөр менен келишимди балдардын келечегин ойлоп түзгөндө казынабызда алтындын запасы болмок, болжол менен азыркы тышкы карыздарыбыздан кутулуп калмакпыз. Кумтөр менен төрт-беш келишим түзүлгөн. Бары тең канадалык инвесторлор менен кыргыз бийлигинин кызыкчылыгын көздөгөн. Андан тышкары Макмал жана башка ...

0 1065

Министрлер ката кетире берсе болобу?

Ката жазуу бүгүнкү Билим, илим министринин «кредосуна» айланды. Окуу китептериндеги кетирип жаткан ката тууралуу «бешиктен бели чыккан балдардан» өйдө билет. Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келгенде Орус-кыргыз окумуштуу, илимпоздору чогулуп форум өткөрүшкөн. Мындай уяттуу жерде Билим, илим министри жакшылап көз салып койсо болмок. Бирок, ошол форумда жазылган сөздөр ката жазылып көпчүлүк аны окуган кыргыздар кирерге ...

0 177

Кулматов калп айттыбы же чын эле кедейби?

Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишин карап жатышат. Ал да жөн жаткан жок алты миллион мамлекетти алты жыл башкарса да алты жүзгө жетпеген элди чогулта алыптыр. Анын командасында ким бар эле? Мисалы, Бишкек шаарынын экс -мэри Кубанычбек Кулматов жана анын туугандары элди алдап келишкен алар 405 миң сом таптык деп декларацияга жазышкан. Бул тууралуу киреше жана мүлктөр жөнүндөгү декларацияда айтылат.Мамлекеттик ...

0 164

Малайзия –экономикалык жактан кандайча өнүгүп кеткен?

Кызыгы Малайзия да,Кыргыз Республикасы да эгемендүүлүк күнүн бир күндө 31-августта белгилешет. Мурун Малай Федерациясы аты менен белгилүү болгон Малайзия 1957-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздыкты алып, эгемендүү мамлекетке айланган. 1963-жылы бул мамлекет британдардын колониясы эсептелген Чыгыш Малайзияны кошуп алып, ошондон баштап Малайзия атала баштаган. Кыргыздар менен окшоштуктары малайлар ислам динин тутушат, мурун соода точкаларында, өндүрүштө жалаң башка улуттун өкүлдөрү ээлеп, титулдук ...

0 527

Атамбаевдин даңазасын чыгарып жүргөндөр бүгүн каякта?

Атамбаев президент болуп турганда өз даңазасын чыгаруу үчүн чоң аракет кылды. Анан тойбой кетти окшойт, ата-тегин даңазалай баштады. “Жарма” тарыхчы молдо “Касымды” чакырып жатпайбы Беш-Күңгөйдөгү дачасына, менин “Ата-тегимди” таап бер деп. Молдо “Касым” Атамбаевди чакырганда жетип барды. Атамбаевди көргөндө бортоктоп барып эле сулк жыгылыптыр. Атамбаевдин жансакчысы кийин ИИМ министри болгон Улан Исраилов бетине суу чачса, ...

0 166

Кыргыздын каргышы кайсы президентке тийет?

Кыргыз мамлекетинде 4 президент алмашты, кимир бирөөлөр 3 эле болгон деп азайтат. Үчпү,  төртпү сумма өзгөрбөйт. Кыргызстан Борбор Азияда бийлик алмаштыруу боюнча чемпион. Бир убакта кыргыздын башында Кудаян деген хан болгон. Кыргызга калмактар басып киргенде ал гареминдеги кыздар менен көңүл ачып, кыргыздын жигиттерин калмакка каршы көтөрбөй койот. Кыргыздар кырылат, биринин атасы, биринин баласы өлөт. Дайнын таппай тирүүлөрү Анжианга тентийт. Жок ...

0 516

Кочкоров Улукбек качан “улуйт” ?

Министрлердин арасында Кочкоров Улукбек деген жаш, жаңы демилге менен иштей турган  министр бар. Жашы деле күн улап эмки жаштарга орун бошотуп баратат, ал эми ишинин үзүрүн ким көрүп жатканы белгисиз. Атамбаев президент кезинде  парламент депутаттарын тандап кийирчү, “Лык.лык, лык семиз лыкылдаган ким семиз” –деп. Атамбаевге кирип барган депутаттар, уруксаты жок эле чөгөлөп жыгылып “Журт атасы” элдин бары жыргап ...

0 307

Бишкекке мэр болуп келгендердин барына кылмыш иши козголду, азыркы мэрдин иши кандай?

Бишкекке мэр болгон Нариман Түлеев камалып келди, Кубаныч Кулматов менен Албек Ибраимовдордун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал эми дагы бир Бишкекке мэр болгон Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп соттолгону калганда жандосу Атамбаев президенттик бийлигине таянып  алып калган. Бүгүн Бишкекке өзү кыргыз, бирок кыргызча билбеген Азиз Суракматлов мэр. Суракматовдун өз эне тили кыргыз тилин үйрөнүүгө далалаты чоң, айтарыбыз Феликс Куловго ...

0 112

Биткоинге эл ишенеби?

Азыркы дүйнөдө бардыгы оомалуу-төкмөлүү. Социалдык тармактарды криптовалютага айланган Биткоин интернеттик тармакта чоң оюнга айланган.Биткоиндин  башка акчалардан айрымасы бир ылдый түшүп, бир өйдө көтөрүлүп турат. Бүгүнкү күнү дүйнөдөгү 1 миллард 700 миллион адамга чейин ишенип колдонууда турган Биткоиндин курсу кайрадан көтөрүлүп баратыптыр.Акыркы мезгилде Биткоиндин наркы 2-3 эсе көтөрүлүп баратканы тууралуу атайын маалымат таратып жатышат. Кыргыздарда деле Биткоинди колдонгондор болсо ...

20-июнь 2019, 10:27 | 112
0 1798

Атамбаев өгөй баласына неге ишенбейт, анан эл ага ишенеби?

Раиса Атамбаева Атамбаевдин экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси. Экс-Канайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү.Экс-ажонун мурдагы шопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан ...

0 315

“Революциянын бульдозеру” Бекназаровдун бешенеси кимге жакпайт?

“Революциянын бульдозеру” аталган Бекназаровдун турган турпаты бардык бийликке жакпайт. Бул жөнүндө ойлонуштуруп көрөлү: 1. Акаевдин бийлиги учурунда Бекназаровду белин бүктөп камакка тыгып салган. Себеби, Аксылык Түштүктүн кулуну депутат Бекназаров Үзөңгү-Куушту эмне үчүн  Кытайга беребиз деп Акаевдин тамагына тыгылган сөөк болгон. Турдакун Усубалиев, Акылбек Жапаров, Темир Сариев сыяктуу Түндүктүн тың чыкмалары өз жерин Кытайдан “аяшпай” берип жаткан соң Бекназаровго эмне шам? Ушул ...

0 298

Президенттер ортосунда достук жок, эки эл жакшы болсо жакшы, эки эл жаман болсо жаман

Атамбаев президент болуп турганда: “Путин менин жан кыйбас досум” же “Эрдогандай дос бул дүйнөдө табылбайт” – деп көп айтчу. Путин досу Атамбаев президенттен кеткени келип –кетип эле жүрөт, бирок досун чакырып учурашканын уккан киши жок. Ал эми Эрдоган досу менен Атамбаев бийлик башында турганда эле бири-бирин сүйбөй калган. Атамбаев Эрдоганга каршы чыккан Гүленди колдогон жок, бирок Эрдоган досу менен “Жылкыга ...

0 482

Нобель сыйлыгына канча мусулман татыктуу болгон?

Нобель сыйлыгы эл аралык эң жогорку сыйлык. Жыл сайын эң мыкты илимий иликтөөлөргө, революциялык жаңылык бере турган ачылыштарга жана коомго жана адабиятка сиңирген эмгектери үчүн берилет. 1901-жылы уюштурулган Нобель сыйлыгына миңге жетпеген адам гана лауреат болгон. Ошолордун ичинде төмөнкү мусулмандар бар: Надя Мурад Сексуалдык зордуктоого каршы чыккан Мурад муратына жетип Нобель сыйлыгына ээ болду, деги канча мусулман Нобель сыйлыгын жакында алды.Надя Мурад- ...

0 251

Президенттерди ким башкарат?

Борбор Азиянын түркүгү болуп келген, союз убагында Орто Азия аталган мамлекеттер бар. Булар демократия жолуна түшкөн, чын эле Борбор Азияда демократия орноду беле? 1. Өзбекстан, президенти Шавкат Мирзияев. Шавкат Мирзияев 2003-жылы Ислам Каримовго жагып өкмөт башчысына келген. Ошол бойдон өкмөт башчысы катары ак кызматын аткарды. 2016-жылы Ислам Каримов бу дүйнөдөн өткөн соң Өзбекстанга президент болду. Азыркы күндө мамлекетти туура жолго алпарам ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 123

Марксисттик көз караштагы Байпакбаев товарларды кымбаттатуу үчүн жаралганбы?

Бензинди кымбаттатабыз, бала бакчасына тамакка элден акча чогултабыз деген элге каршы мыйзамдарды ойлоп тапкан Байпакбаев дагы “Балп” этип  байпагын тескери кийди. Маркстын “Капиталына” сугарылып өскөн Экмат Жүрүкбаевичтин товар-акча-товар деген идеяны туу тутканы көрүнүп турат. Эми ал кыргыз ишкерлерине бут тоскон мыйзамдарды даярдап турмушка ашырганы турат. Экмат Жүрүкбаевичтин марксисттик көз карашы  боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн пиво продукцияларына акциздик марка ...

0 506

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 8-майында кабыл алынган. Ысытылган тамекиси бар буюмдарга жана электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн никотин камтыган суюктуктарга акциз салыкты киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Булак:NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83