www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6445)

0 1054

Нургазы Мусаев: "Кайда биздин миңдеген адамдарга дем болгон, элге шык берген, кайраттуу, харизмалуу Мелис Мырзакматов?"

Белгилүү журналист Нургазы Мусаев көпчүлүк талкуу кылган Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жаңы имиджине төмөнкүчө баа берди. "Мырзакматовдун жаңы имиджи мага жакпады! Учурда Мелис Мырзакматовдун имиджинин үстүнөн ким иштеп жаткандыгын билбейм. Мобу фотодогу Мырзакматов мага жакпады. Үлпүлдөгөн, көлөкөдө өскөн, вилка менен тамак жеген назик киши бизди карап турат. Кайда баягы миңдеген адамдарга дем болгон, элге шык берген, кайраттуу, харизмалуу Мелис Мырзакматов? Бовойт мындай имидж. Эл ...

0 216

Руслан Казакбаев: “Окуучулар жаз чыгаары менен чатырга, кыш киргенде клубда окуп жатышат. Биздеги билим берүүнүн абалы ушундай”

Бейшемби күнү өткөн (28-февраль) Жогорку Кеңештин пленардык жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында депутат Руслан Казакбаев Нарын облусундагы Ак-Талаа, Кочкор райондорунун бир катар мектептери авариялык абалда экенин тизмектеп берди. Депутаттын билдирүүсүндө Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы мектептин, Кочкор районундагы Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарындагы мектептердин окуучулары учурда авариялык абалдагы имараттарда, кооптуу жагдайда окуп жатышканын, ошондой эле Сары-Булак айлындагы бала бакча да ошондой абалда экенин кабарлады. Ошону ...

0 183

Сооронбай Жээнбеков: Эгемендүү мамлекетибиздин туусу ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берсин!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн белгиси – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктайм! Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат. Биздин башкы максатыбыз – Кыргызстанды ...

1 1830

Сыргайым: "Жыйырмадан көп жолу операция столуна жаттым..."

Маңдайыбызга кандай тагдыр жазылбасын, жашообузду түркүн түскө боёп кооздоп алуу да, башка нукка салып кунарсыз кылып алуу да өзүбүздөн көз каранды. Каарманым Сыргайым бул дүйнөгө мүмкүнчүлүгү чектелип келсе дагы бийик максат, ой-тилектери менен алга гана умтулат. Жаш экенине карабай чакан бизнес ачып, азыр аны өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп жаткан кези экен. “Башымдан жыйырмадан ашык операция өттү” Менин ата-энем Талас жергесинен болгону менен борбор ...

0 235

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна жана Бишкек шаардык сотуна 1ден талапкерди, Жалал-Абад облустук сотуна — 9 жана Баткен облустук сотуна 4 талапкерди судьялык кызмат ...

0 1394

Турсунбек Акун: “Абылгазиев башка премьер-министрлердей болуп, жасаган ишин пиар кылып мактанган жок”

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-Акыйкатчы Турсунбек Акун менен сынга кабылган өкмөт башчы тууралуу баарлашты. -Турсунбек мырза, өкмөттүн ишине ичи жылыбагандар четтен чыгат. Мухамметкалый Абылгазиев чындап эле ишин жөндөй албай жатабы? -Анын кызматына көз арткандар аны каралап, ал кылган иштерди жокко чыгаруунун аракетин көрүп жатышат. Мен билгени Мухамметкалый Абылгазиев мурда иштеп кеткен премьер-министрлердей болуп, жасаган ишин пиар кылып мактанган жок. Унчукпай ишти бүткөрүп ...

0 551

Канат Исаевдин чыныгы жүзү ачыла баштадыбы?

2014-жылдын ноябрь айында Казакстанда “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын” түзүлгөндө ошол кездеги  Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев Кыргызстандын ассоциацияга мүчө болушун расмий тастыктап казактардын документине кол койгон. Канат Исаев бул документке кол койгондо бир гана көк бөрүнү, көк пар деп өнүктүргүнгө эле эмес, оодарыш, тыйын эңмей, бүркүт салмай, кыз куумай, жамбы аттуу, тогуз коргоол өӊдүү кыргыздын улуттук оюндардын да ...

0 298

Тимур Шабданбеков КР УКМКнын төрагасынын орун басары — 9-кызматынын начальниги кызматына дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Президенттин башка буйругу менен Шабданбеков Тимур Маратович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 1529

Жалгыздык адамды тез карытат

Жалгыздык сезимин ар бир айым башынан өткөрөт. Кээ бири чындап эле жалгыз калса, кай бирлери үй-бүлө, достору менен бирге болгон учурда дагы жалгыздык сезими менен жашап келишет. Бул сезим бир жылдан ашык созулган учурда ден соолукка терс таасирин берери изилденген. Жалгыздыктын түрлөрү Ар бир адамдын башына келген жалгыздык сезими анын бактылуу болушуна тоскоол болуп келет.Бул сезимдин эки түрү болот жана буга коомдун ...

0 937

КТРКнын айынан Ак үйдө интрига күч алды

Азыр эле КТРКнын башкы директорлугуна койгон талапкерлер менен кошо өтүп жаткан жыйында Илим Карыпбеков келип, суроолорго жооп берип, аягында КТРКнын башкы директорлугуна койгон талапкерлигин алып салгандыгын билдирди.  Мындай кадамга баруусуна Карыпбеков: «КТРКга жетекчи болуусун көпчүлүк каалабай жатышат жана коомдук каналга менден мыкты башчы келсин»,- деген пикирин айтты. Бирок Илим Карыпбековдон мыкты ким келбесин, бардыгы бийликтен көз каранды болоору бештен белгилүү. Учурда Ак ...

0 595

Эски базардын ачылышы жана эсирген депутаттар…

Чолпон-Ата шаарында чоң трассанын боюнда жайгашкан илгерки базар кайрадан ачылганы жатыптыр. Бул тууралуу бизге, жергиликтүү тургундар билдиришти. Тактап айтканда ал базарды мындан бир нече жыл мурда, трассадагы тыгынды пайда кылып, эс алуучуларга жолтоо болуп, коопсуздук жагынан коркунуч келтирип жаткандыктан жабууга туура келген. Анын үстүнө базардын көлөмү да өтө кичине, тар. Шаардын сыртында жаңы базар ачылып, ишке киргизилген. Бирок, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин ...

0 299

Насыр Мусаевди калкалаган кимдер?

Былтыр апрель айында ант берген "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Насыр Мусаевдин ишке чыкпаганын 10 айдан ашып, сессия жыйындарына бир да жолу келген эмес. Майыптык араба менен келип, эжелеп ант берип кеткенден бери ЖКга басып келген жок. Албетте, кыргыз коомчулугу гумандуулукту баарынан бийик коюп, ар кандай кырдаалга туура баа бергенге аракет кылат эмеспи. Бирок, Насыр Мусаев мыйзамды сыйласа болмок. "ЖКнын Регламентине ылайык, депутат ...

0 359

Кенжебек Бокоев: "Мыйзам келечекте мага кесепети тийип калбасын деп жазылбайт"

Коррупционерлер соттуулугу алынып салса да, Жогорку Кеңештин депутаттыгына. Президенттикке талапкер болбосун деген чек коюлган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Мына ушул мыйзам долбоорунун күңгөй-тескейин билүү максатында мыйзамдын автору Кенжебек Бокоевди кепке тарттык. -Кенжебек мырза, коррупционерлердин соттолгондугу алынса да кызматка келбесин деген чек коюлган  мыйзам жаздыңыз. Сиз ошол мыйзамдын кайсыл бир учурда өзүңүз  курмандыгы болуп калбайсызбы? Азыр Текебаев да өзү жазган айрым ...

0 976

Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери: "Каракчыны баатыр кылып, "Манас" орденин тагып коюш эки сааттык эле жумуш болуп калды.."

Көп учурда ачык айтып ак сүйлөгөн Адахан Мадумаров менен Кыргызстандагы айрым жагдайлар тууралуу сүйлөштүк. -Адахан Кимсанбаевич, Атамбаев менен бирдикте  жазда кырдаалды курчушуна салым кошот деген кептер айтыла баштады го. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? -Мен эч качан бир адамга кызмат кылган эмесмин. Аны элдин баары билет. Чындыкка дал келбеген мындай маалыматты Акүйдүн акырынан жем жеп жүргөн азаматтар  айтып жүрүшөт.  Бирок ...

0 264

Казакстан Кыргызстанга койгон чектөөлөрдү алып салууга даяр имиш..

Астанада кыргыз азык-түлүгүнө салынган тыюу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү. Казакстан тарап чектөөнү алып салууга даяр экенин билдирди. Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар фитосанитардык карантиндик көзөмөлдү күчөтүү маселеси боюнча жол картасына кол коюшту. Документ 17 пункттан турган конкреттүү иш-чаралардын тизмесин камтыйт. Баштапкы пункттар Кыргызстандын фитосанитардык кызматы тарабынан 2019-жылдын февраль айынан июль айына чейин аткарылышы керек. Билдирүүдө чектөө ...

0 441

Манас Арабаев Кыргызстандан чыгып кеткенби?

Баягы атагынан чатагы көп, сотторду тейлеген Манас Арабаев деген бар эле. Президенттик аппаратта иштеп турганда, сотторду чүлүктөп алганы сынга алынып, президент Сооронбай Жээнбеков иштен алган. Шектүү иштерге аралашканы да билинип, тергөө органдары сурап жаткандай болгон. Анан эле «Кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп дымы чыкпай калган. Укук коргоочу Чолпон Жакупова Манас Арабаевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча коңгуроо какты. Булак: "Фабула"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2615

Төшөктөгү кылыгын видеого тарткан кыз өзүн асып салган

Коомчулуктун басмырлаган сөзүн көтөрө албай өмүрү менен кош айтышкан кызын энеси ак табытка салып, акыркы жайына узаткан. Кыязы өз өмүрүн кыйганга себепкер болгон каргашалуу бул видеону таратууга Тициана Кантонеге бир нече гана секунд кеткен деп жазды ВВС кайгылуу окуя туурасында. 2016-жылдын апрель айында Неаполдогу Муньяно-ди-Наполи аймагынын жашоочусу, 31 жаштагы Тициана Кантоне сексуалдык маанидеги бир нече видеону WhatsApp менен беш кишиге жөнөткөн. Анын бири ымаласы ...

0 183

Дастанбек Жумабеков бир катар мамлекеттик, социалдык мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды

Бүгүн 1-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков бир катар мамлекеттик, социалдык мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдыңкы кызматкерлерине Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Алгач Төрага Дастанбек Жумабеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, сыйлык ээлерине экономика, маданият, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. “Сиздер өз тармактарыңыздар боюнча зор ...

0 171

ИИМ: Сүйүн Өмүрзаков Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү менен жолукту

Бүгүн, 2019-жылдын 1-март күнү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү ИИМдин Сагын Наматбаев атындагы музейине барышты. 20 ашык коомдук алдын алуу борборлорунун (аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар комитетинин өкүлдөрү) 40 жакын өкүлдөрү, андан сырткары милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча тескөөчүлөрү ИИМдин музейин көрүп чыгышты. Аталган иш-чара Коомдук алдын алуу ...

0 148

Turkey ONE фондунун көмөгү менен Түркиянын салттуу даамдары Оскар сыйлыгын тапшыруу салтанатында тарттуланды

Дүйнөгө атагы чыккан жылдыздар катышкан Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде Түрк даамдары тартылды. Түрк ашканасынын атагын алыска таанытуу максатын көздөгөн Түркиянын “Орток муундар интеграциясы” (T-ONE) фондунун көмөгү менен Түрк даамдары бул жылы да Оскар сыйлыгынын салтанаттуу аземинде тартууланды. Лос-Анжелесте өткөрүлгөн Оскар сыйлыгын тапшыруунун 91-салтанаттуу аземинин катышуучуларына тартуулана турган тамак менюсун даярдоо үчүн Түркиянын ашпозчулары Йигит Мирзаоглы менен Жихан ...

0 852

Сагынбек Абдрахманов: “Атамбаевдин “партияны өткөрүп берем” деген сөзү аргасыздан болууда”

- Сагынбек мырза, сиздер мурунку президент Алмазбек Атамбаевди КСДП партиясынан  чыгарабыз деп аракет кылып жатасыздар. Экс-президент өзү “Партияны өткөрүп берем” деп айтты. Анын ушул сөзүнө ишенесиздерби? Ал киши партияны башка адамга таштап кетсе, кыймылдын ишин токтотосуздарбы? – 2017-жылы 11-августта Атамбаев президент кезинде, азыркы президент Жээнбеков премьер-министр болуп, экөөсү жакын дос, бир команда болушуп ынтымакта иштешип жатканда эле Атамбаевдин партияны узурпациялап, өзүн ...

0 225

Курсан Асанов: "Жаңы кодекстер менен мыйзамдар жана “Коопсуз шаар” долбоору ишке киришти"

ИИМ. Жаңы кодекстер менен мыйзамдар жана “Коопсуз шаар” долбоору  ишке  киришти 2019-жылдын 1-мартында Кабар маалыматтык агенттигинде Кыргыз  Республикасынын  ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Курсан Асанов тарабынан журналисттерге маалымат жыйын өткөрүлдү. Министрдин орун басары соттук-реформанын алкагында ИИМде жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп төмөнкүлөрдү баяндап өттү. ИИМде  Бүгүнкү күндө ИИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы ПЖ № 124 “Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынган айрым ...

0 7311

Зордукчу жыныс мүчөсүнөн ажырап ... Балдарынын атасын бензин куюп, өрттөгөн ...

Бир үйдө чогуу жашаган жеңесинин көзүн кайын сиңдиси менен күйөө баласы түн ортосунда тазалап, денесин каналдагы сууга ыргытып жиберишкен. Адам өмүрүн алгандар маркумдун кыркы өткөнгө чейин кылганын жашырып жүргөнү менен укук коргоо кызматкерлери алардын изине түшкөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги февраль айындагы өлкө аймагындагы соттук өкүмдөрдү барактап, адам көз жумган, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн окуяларды тизмектеди. Ага сөрөй... Үч баласы бар 28 жаштагы киши мас ...

0 542

Абдил Сегизбаевди УКМК калкалап жатат

«Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов УКМК менен Башкы прокуратура «Белизгейт» иши боюнча Абдил Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянат пайдаланганын жашырып, аны биротоло калкалоого өтүп алганын айтып чыкты. Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» партиясынын үч мүчөсүнө жасалма документтердин негизинде оор айып коюп, каралаган саясий буюртмага укук коргоо органдарынын азыркы жетекчилери көз жуумп, «материалдарга «өтө жашыруун» деген белги коюлган» деген шылтоо менен ага укуктук ...

0 270

Майлуу-сүттүү кызматтардын “ширесин” соргон Бактыбек Ашировго сурак жокпу?

Тагдырдын күлүк тулпары так маңдайына алтын такасы менен балч эткизе эле тепкен бирөө бар эмес беле. Бактыбек Аширов деген эрке талтаң. Бала болуп башына жүн чыкканы майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап жүрдү. Же бир кыйраткан ишин көрө алган жокпуз, же бир жетекчи катары ооз толтуруп айтчу реформасын көргөн жокпуз. Эт менен челдин ортосунда иштеп жүрдү. Башкача айтканда, кызмат аркалаган жөндөмү гана эт менен ...

0 350

Жумадилде уулу “зам” эмес, “сам” болгусу келет…

Жакында эле «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп барган Мурадил Жумадилде уулу жашабай жатып интриганы мыкты өздөштүргөн неме турбайбы. Дегенибиз, Жумадилде уулу «Кыргызалтынга» көчүгү батып-батпай жатып, орун басар эмес, жетекчи болуу максатында интрига уюштурганы кандай? Жетекчиси Алмаз Алимбековду Жогорку Кеңештеги «шефтерине» (ред. Жумадилде уулу Жогорку Кеңештин тоо-кен тармагын тескеген комитетинде жетекчи болуп жүрүп «Кыргызалтынга» барган) жамандап келип атып, Алимбековдун маселесин ...

0 1052

Кеңешбек Дүйшөбаев: “Мени пирожкиге акча сурап жүрчү деп Атамбаев айтты, ошол айтканы боюнча бир дагы далили, фактысы жок экен. Тамеки боюнча болсо, мен өмүр бою тамеки чеккен эмесмин”

– Кеңешбек агай, силер 3 саясатчы биригип, Атамбаевдин маегинде айтылган маалыматтар чындыкка жатпайт, ал киши ушак айтып, ар-намысыбызга шек келтирди деп сотко доо арыз менен кайрылган элеңиздер. Бүгүн силердин доо арызды караган сот Атамбаевден үч саясатчынын ар бирине 100 миң сомдон айып өндүрүлсүн деген чечимди чыгарды. Чечимге ыраазы болдуңуздарбы? – Биз жарым-жартылай ыраазы болдук десек туура болот. Анткени, биздин ар-намысыбызга, адамдык ...

0 132

Сооронбай Жээнбеков Россиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-мартта, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды. Константин Чуйченко баштаган РФ делегациясы Кыргызстанга кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиясынын 21–жыйынына катышуу үчүн келген. «Кыргыз-Россия кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын жаңы сапаттуу деңгээлине чыкты. Акыркы жылдары Кыргызстан жана Россиянын ортосунда ишенимдүү мамилелер бийик деңгээлде орноду. Үстүбүздөгү жылдын март айына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик ...

0 1121

Абылгазиев кайсы министрлерди “курмандыкка” чалат?..

Жакынкы арада өкмөттүн курамы өзгөрүп, бир канча министр кызматынан кол жууганы турат. Алсак, коомдун сынына дамамат туш болуп, жемеден башка ырыстуу сөз укпаган билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эмил Осмонбетов отставкага кетээри айтылууда. Азырынча булардын ордуна кимдер келээри такталып ...

0 158

Нурбек Мурашевди эбак эле жумуштан айдаш керек эле..

Жыл башында айыл чарба министри Нурбек Мурашев дыйкан-фермерлерге кайрылып, «келаткан жазда картөшкөнү көбүрөөк айдагыла, мурунку жылдагыдай болбойт. Жакшы баада коңшу Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрунө саттырып берем» деген сөзү коомчулукту дагы бир жолу ойго салды. Бул боюнча академик Жамин Акималиев менен ЖКнын экс-депутаты, учурда фермер Өмүрбек Абдрахмановго кайрылып, оюн угуп көрдук. Жамин Акималиев: «Министр маселени түшүнбөгөн жигит экенин даана көргөзүп койду» – Жамин ага, ...

0 377

Шухраттын башы “шабашкадан” чыкпай калдыбы?

Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы агенттиктин директору Шухрат Сабиров жалаң «шабашка» менен шугулданып калганы боюнча кептер көптөн бери айтылып келет. Бирок, премьер-министр тарабынан эч кандай чара көрүлө элек. Монополисттер менен «жең ичинен» иш жүргүзүп, элдин жон терисин тилип жатканы жанды кашайтууда. Тамак-аш, жашылча өсүмдүк, кийим-кече, айтор кайсы жагын караба, эч бир аракет болгон жок. Ал эми кара майдын дүң жана чекене ...

0 224

Жанар Акаев акыйкаттыктан тайып, ушак менен апыртмага өттүбү?

Парламентте эл үнүн айтып, чындык үчүн күрөшкөн саналуу эле депутат бар. Ошолордун бирөөсү Жанар Акаев. Жанар жаш болсо дагы жалындуу сөздөрү менен эл сүймөнчүгүнө арзыганы чындык. Бирок, Акаевдин жакында “Марал” радиосунан “Кыргызмунайгаз” ишканасы боюнча айткандары депутаттын фактыга таянбастан, апыртмаларга ооп кеткендей элес калтырды. Радионун “Путиндин сапарында “Кыргызмунайгазды” сатуу каралабы?” деген суроосуна, Жанар “Өкмөттүн “Кыргызмунайгазды” өнүктүрүү боюнча эч кандай саясаты жок. Буга ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 281

Ноокенде каза болгон окуучунун өлүмүнүн чоо-жайы

27-февраль 2019, 18:21 Перизат Кутманалиева

2019-жылдын 24-февраль күнү саат 20:20 чамасында, Ноокен районунун аймактык ооруканасынын тез жардам кызматынын тарабынан Ноокен РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Ноокен районунун Масы айылында жайгашкан Сай-Мала участкасынын Тоскоол сайдын жардын болжол менен жыйырма метр төмөн тарабында бейтааныш азият улутундагы 15-20 жаштардагы эркек баланын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат түшөөр заматта Ноокен РИИБнүн тергөө-ыкчам тобу аталган жерге чыгышып, окуя болгон жерде ...

0 370

“Садагаң кетейин” Сарыбаева, көрсө диктор экен да…

27-февраль 2019, 18:14 Перизат Кутманалиева

КТРКнын Байкоочу кеңешине ызы-чуу менен мүчө болуп шайланган Атыргүл Сарыбаеваны КТРКга эч бир тиешеси жок адам дешти эле. Көрсө, бул айым 1995-1997-жылдары КТРКда диктор болуп иштеген жайы бар экен. Анан калса, ошол дикторлук карьерасы аяктап калганда дикторлук курсту да окуптур. Диктор болуп бүткөндөн кийин бул боюнча билимин жогорулатымыш эткени да кызык экен. 47 жаштагы бул айымды Жекшеевдин жакын кишиси экен, бийликтин ...

0 359

Туй аке Сокени эмнеге тескери кадамдарга түртүүдө?

27-февраль 2019, 18:08 Перизат Кутманалиева

Акыркы учурда бизнес-класска түшкөндөр капысынан эле Атамбаевге учурап калышчу болду. Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов да Дубайга учуп бараткан учакка отура калып, өзү да күтпөгөн тейде экс-президентке кезиккен жомогун айтуудан чарчай элек. Бирок, бул боюнча Туй байкенин айтканы куудулдар айтмакчы, “эки ачакей, үч ачакей” чыгып жатканы өзүнө сезилбей жаткандай. Айрым маалымат каражаттарына Дубайга президент Жээнбековдун түздөн-түз өтүнүчү менен ал жакта ...

0 431

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди Президенттин энчилүү сааттары менен сыйлады

27-февраль 2019, 17:42 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27 февралда, мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди ак ниет эмгеги жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйлады. Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен төмөнкүлөр сыйланды: - Абдыкулов Улан Аманбайевич – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешинин төрагасы; Абдырахманов Уланбек Кадыркулович – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой ...

0 274

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Баягы Атамбаев жок, руху, духу түшкөндөй көрүндү…”

27-февраль 2019, 17:38 Перизат Кутманалиева

– Турсунбек мырза, саясатчылар биригип, чоң күчкө айлануу аракетин башташыптыр. Жазында бийликти олку-солку кылган аракеттер ишке ашып кетпейби? – Кыргызстанда бир жаман адат пайда болду. Жазында же күзүндө эл көтөрүлөт деген сөзгө элди ынандырууга аракет кылышат. Чынында эл чындап чыга турган болсо, жазды же күздү күтпөйт. Жылдын 4 мезгилинде, керек болсо кычыраган кышта деле чыга берет. Азыр эл көчөгө чыга турган ...

0 311

Эки айылды эриктирбеген, эки адамды бириктирбеген тикенектүү Роза

27-февраль 2019, 17:28 Перизат Кутманалиева

Жаны жай албаган, үйүндө тынч жатпаган, издегени жамандык, уюштурганы жаңжал жандарды элибизде “Эки айылды эриктирбеген, эки адамды бириктирбеген” деп коюшат. “Элдик көзөмөл” аттуу коомдук бирикменин активисти катары өзүн таанытууга аракет жасап келе жаткан Роза Маманова аттуу айымды ошолордун катарына кошсок болобу? Ал тууралуу айтылган аңыздар менен арызданууларга ишенсек, бул айымдын жүрүм-туруму, кылык-жоругу ошондой эле ойлорго түртөт. Учурда Р.Маманова Мамлекеттик кадр кызматынын ...

0 145

Окумуштуулар Кыргызстан-Кытай мамилеси жана эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу кандай ойдо?

27-февраль 2019, 17:19 Перизат Кутманалиева

Жакында И. Арабаев атындагы университетте тегерек стол болуп өттү. Анда Кыргыз-Кытай мамилесине басым жасалып, учурда коомдо айрым күчтөрдүн түртмөлөөсү менен биздин өлкөдөгү кытай жарандарына каршы маанайды жаратып жаткан аракеттерге көңүл бурулду. Тегерек столго  аталган окуу жайынын ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абдырахманов, философиялык илимдердин кандидаты, профессор, Коммунисттик партиянын лидери Клара Ажыбекова, саясый серепчи Бакыт Бакетаев, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт ...

0 146

Сооронбай Жээнбеков: Элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур болгон жагдайды анализдөө керек

27-февраль 2019, 17:12 Перизат Кутманалиева

«Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур? Мына ушул жагдайды анализдөө керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясында. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жоктугун, мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбаганын белгиледи. «Көпчүлүк ...

0 118

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи: “Шанхай кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясын түзүү – учур талабы!”

27-февраль 2019, 16:26 Перизат Кутманалиева

Он жылдай убакыт мурда ШКУ парламенттик ассамблеясын түзүү маселеси көтөрүлгөн, бирок анда бул демилге ишке ашпай кагаз жүзүндө гана калып кеткен. Азыр белгилүү саясий серепчи Бакыт Бакетаев бул маселеге кайра кайрылууга убакыт келип жетти деп эсептейт. Геосаясий күчтөрдүн орун которушуусунун алмашуу шартында бул импульс Кыргызстандан чыгып, парламенттик ассамблея болсо Бишкекте түптөлүп, отурукташуусу абдан зарыл. “ЕККУ жана Европа биримдиги сыяктуу бардык эл ...

0 157

Президент аткаминерлерге: Кабинетте отура бергенди токтоткула!

27-февраль 2019, 16:26 Перизат Кутманалиева

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги мамлекеттик филармонияда өтүп жаткан аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалогдо аткаминерлерди сыртка чыгып иштөөгө чакырды деп жазып чыкты Фейсбуктагы "Цитата" тайпасы. "Мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып кетет элем. Иш бөлмөдө отура берүүнү токтоткула. Аймактарды кыдырып, өнөктөш, инвестор издегиле. Биз менен кызматташууга көптөгөн уюмдар кызыкдар. Алар менен иштеше билүү керек", — деди Жээнбеков. Президент көптөгөн долбоорлорду донор жана насыя берүүчүлөр каржылагандыктан, ...

0 173

Кудайбердиевадан элдин кускусу келип калды

27-февраль 2019, 16:09 Перизат Кутманалиева

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева дегениңер Кудай ургандай эле жетекчи болду го. Анын дарегине эмне деген гана сындар айтылбады. Ушунча жылдан бери бир алгылыктуу жасаган иши жок. Алгылыктуу иш жасап пайда келтире албаса да, билим берүү тармагын талкалап зыян кылбаса болот эле. Тилекке каршы, бул тармактын тамтыгы чыгып, коррупция күндөн-күнгө күчөп жатканы кашкайган чындык. Ал эми министрлик ар кандай жолдор менен ...

0 156

Суракматов Бишкекти эмес, жеке бизнесин гүлдөтүп жатабы?

27-февраль 2019, 15:59 Перизат Кутманалиева

Бишкектин  мэри Суракматов катуу иштеп жаткан түр көрсөтүп келтканына көп эле болду. Эл деле анын ар кандай ыкмаларды колдонуп шымаланганына көнүп калгандай. Айтор, анын кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылык бизнестерин да укмуштай гүлдөтө баштаганы тууралуу кептер тар чөйрөдө кеп болууда. Маселен, ал Бакиевдин тушунда Бишкек шаардык кеңешин  жетектеп, кызматтык укуктарын ашыкча пайдалануу менен курулуш тармагы боюнча бирден-бир монополист болуп келгени ...

0 226

Кувейттиктерди Кыргызстанга тартыш керек

25-февраль 2019, 12:27 Перизат Кутманалиева

Эль-Кувейт шаарында Кыргыз делегациясы өлкөнү тааныштырды. Анда кыргызстандык чыгармачыл топ өзүнүн чыгармасын тартуулашты. Аны менен катар улуттук баалуулуктарды билдирген иш чара эң жогорку денгээлде өттү. Ага Маданият жана маалымат министри Азамат Жамангулов баш болуп катышты. Иш чаранын максаты - экономикалык иш чараларды жандандыруу болуп саналат.  Кувейттин жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстан тууралуу сюжеттерди тартып, өз каналдарынан көрсөтүшөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм ...

0 2403

Депутаттын иске ууланган үй-бүлөсүнүн 5 жаштагы кызы оор абалда

25-февраль 2019, 12:19 Перизат Кутманалиева

Талас районунун Кара-Суу айылында түтүнгө ууланып адамдар каза болгон үй-бүлөдө жабыр тарткан кыз Бишкектеги ооруканага которулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга туугандары билдиришти. Маалыматка караганда, үй-бүлөнүн атасы Т.И.нин эжеси Г.И.нин айтымында, түтүнгө ууланган баланын абалы жакшы. Бирок 5 жаштагы кыздын абалы оор бойдон калууда. «Бизде чоң жоготуу болду. Өлүктү жашырдык, анан өзүбүздүн оюбузду айтууну чечтик. Бүгүнкү күндө балабыздын акыбалы жакшы. ...

0 1378

Гүлшайыр Садыбакасова экөөнү тынчытаар бекен?

25-февраль 2019, 11:56 Перизат Кутманалиева

"Кыз бурак" тобунун мурдагы ырчы кыздары Айжамал Кабылова менен Кенже Дүйшееванын ортосундагы кайым айтышуу Инстаграмда уланууда. Бул тууралуу кечээ Айжамал Кабылова Кенже Дүйшеевага жооп кылып окуянын жүрүшүн жазды. Буга жооп кылып Кенже Дүйшеева: "Өкүнүчтүү! Дагы эле өз оюң пикириң жоктугуңду көрсөттүң! Сени бүткүл кыргыз элинин алдында түз эфирге чакырам! Бетме бет! Кел!", -деген пост жазып чыгып ага кошумча "Сага жазып беришкени ...

0 525

Замирбек Сыдыков тергөөчүсү Нурдин Алыбаевди коррупциялык иштерге айыптоодо

25-февраль 2019, 11:34 Перизат Кутманалиева

Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну Замирбек Сыдыков аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Нурдин Алыбаевди коррупциялык иштерге айыптап жатат. Анын айтымында, 2018-жылдын ноябрь айында болгон жол кырсыгына күнөөлүү адам ошол тергөөчүнүн айынан жоопко тартылбай жүрөт: - Тергөөчү күнөөлүү тараптын кызыкчылыгына иштеген. Авария болгон күнү кагышкан эки айдоочунун унааларын ордунан алмаштырып койгон. Бул иштин болгонуна төрт айга жакындап калса да эч ким ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 432

Адамды коюп кеткен кылмышкер кармалды

25-февраль 2019, 11:26 Перизат Кутманалиева

12-февралда Москва районундагы Беловодск айылында, Бишкек-Ош жолунун боюнан 64 жаштагы адамдын өлүгү табылган. Маркумдун сөөктөрү бир нече жеринен сынганы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматы маалымдады, - деп жазат "Азаттык". Бул иш Жоруктар кодексинин 297-беренеси ("Жол кыймылынын эрежелерин жана автоунаа айдоо эрежелерин бузуу") боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектүү аныкталып, кармалды. Чүйдүн 32 ...

0 145

Инновацияларды колдоо борборлорун ачууда демилгелүү иштер

25-февраль 2019, 11:17 Перизат Кутманалиева

“Кыргызстандын  өнүгүшү үчүн 100 идея”, “Идеялар жарманкеси”, “Кубулжу балдар ырлары”, “Биз XXI кылымдын болочок интеллектуалдарыбыз”, “Мыкты инновациялык долбоор”, “Чакан жана орто ишканалар менен иштешүү”, “Ойлоп табуучулар жана жаратмандардын жаңы мууну”, анын ичинде окуучулар үчүн техникалык ийримдерин жана технологиялык инновацияларды колдоо борборлорун ачуу максатында демилгелүү иштер жүрүүдө. Бул багыттагы маалыматтар менен тааныштырып КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83