www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6401)

0 128

Идлибде эки жардыруу болду

19-февраль 2019, 10:03 Перизат Кутманалиева

Сирияда аскердик оппозиция менен режимге каршы топтордун текшерүүсү астындагы Идлиб облусунун борборунда бомба жүктөлгөн эки унаанын бири биринин артынан жардырылышы менен 13 жаран каза болуп, 50 жаран жараланды. Идлиб шаар борборунун эл көп болгон проспектилеринен Кусурда бири биринин артынан бомба жүктөлгөн эки унаа жардырылды. Идлиб жарандык коргоо директору Мустафа Хаж Юсуф : «Түшкү сааттардан кийин биринчи жардыруу Кусур проспектисинде болду. Окуя болгон жерге келген ...

19-февраль 2019, 10:03 | 128
0 218

Сүрөт - Депутаттар Курманжан Датканын музейинен кабар алды

19-февраль 2019, 09:43 Перизат Кутманалиева

18-февралда Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы сөз кызматы билдирди. Көчмө жыйындын алкагында комитет мүчөлөрү Гүлчө айылындагы Курманжан Датканын музейинде болуп, тарыхый-маданий жайдын абалынан кабар алышты. Белгилей кетсек, аталган музейде Курманжан Датканын колдонгон буюмдарынан баштап, уулдары Камчыбек менен Абдылдабектин кымкап чепкендерине чейин сакталган. Улуу ...

0 570

ВИДЕО - Тергөө: Артыкбаев ТЭЦ боюнча чечим кабыл алган эмес жана келишимдерге кол койгон эмес

18-февраль 2019, 14:56 Перизат Кутманалиева

Парламенттин жыйынында Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө депутаттык комиссиянын жыйынтыгы тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышын кароо учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Самидин Сагынбек уулу депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Осмонбек Артыкбаев Энергетика министри болуп турган кезде ТЭЦ боюнча чечим кабыл албаганын айтты. Ал ошондой эле компанияны тандап алуу боюнча чечим, ошондой эле 389 млн доллар көлөмүндөгү келишим ...

0 890

Жол эрежесин бузган-бузбаганын айдоочу uslugi.gov.kg сайтынан билсе болот

18-февраль 2019, 13:14 Перизат Кутманалиева

Баарыбызга маалым болгондой, 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Борбордун алгач 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комлекстери коюлду.  Жол эрежесин буздубу же жокпу, айдоочу uslugi.gov.kg сайтынан биле алат. Азырынча бул порталда бузуу фактылары тууралуу маалымат жок экенин көпчүлүк айдоочулар айтууда.  Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 12-февральдан тартып, бузуулар боюнча 10 күндүн ...

0 302

Кыргыз-Өзбек чек арасынан 500 миң сомду чапчыган контрабанда буюмдары табылды

18-февраль 2019, 12:44 Перизат Кутманалиева

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынан ичинде контрабандалык жол менен келаткан товарлары салынган он кап табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Каптарды Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылындагы түштүк-батыш бажы бөлүмүнүн кызматкерлери эки өлкөнү бөлүп турган "Достук" өткөрүү пунктуна жакын жерден табышкан.  Мүшөктөрдүн ичинде 500 миң сомго бааланган жеңил футболка жана фартуктар болгон. Аларды Өзбекстандан Кыргызстанга белгисиз адамдар алып киришкени маалым болду. Булак: NazarNews.kg  

0 366

Мелис Турганбаев абактардагы шарттарга нааразы

18-февраль 2019, 12:30 Перизат Кутманалиева

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Мелис Турганбаев Бишкектеги колонияларды кыдырып, аталган абактардын иши менен жакындан таанышып чыкты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев ЖАМК төрагалыгына 8-февраль күнү дайындалган. Колонияны кыдырып чыккандан кийин Турганбаев инфраструктуранын объектилеринин абалы жана медициналык жабдуунун жетишсиздигине нааразы болду. Андан соң жетекчи №32 жатак колониясына барганы айтылат. Сапарынын жыйынтыгы менен Турганбаев жыйын куруп, тез арада аткарылышы ...

0 206

Сүрөт - Кургак учуктун алдын алуу

18-февраль 2019, 12:29 Перизат Кутманалиева

Быйылкы жылдын 24-февралынан 24-мартка чейин Жалал-Абад шаарында кургак учук оорусунун алдын алуу жана эртерээк аныктоо боюнча бир айлык акция жүрөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан тиешелүү буйрук чыккандыгын шаар мэриясынан билдиришти. Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын аталган буйругу менен бир айлык акция убагында аткарылуучу иш-чаралар планы бекитилген. Анда шаардык кургак учукка каршы күрөшүү диспансери жана шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору тарабынан аткарылуучу иш-чаралар ...

0 353

Мусакеевге козголгон кылмыш иши жасалмабы?

18-февраль 2019, 12:17 Перизат Кутманалиева

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголду. Ага карата Мусакеев УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда мамлекет тарабынан курулган 15 батирди өзүнүн адамдарына берген деген кеп козголууда. Ошондой эле белгилүү компаниялардын биринен айына 100 миң доллар пара алып турган деген шектенүүлөр айтылып жатат. Бирок мындай айыпты Дамир мырза куугунтук, чагым катары баалоодо. Анын жүйөсү боюнча ал Атамбаевди сатпай, позициясында бек ...

0 314

«Базар-комдорду» эске салган Нурматов

18-февраль 2019, 12:13 Перизат Кутманалиева

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайын сатууну сунуш кылууда. Анын жүйөсү боюнча спорт сарайынын эскилиги жетип, ар кандай иш-чара өткөрүүгө шарты туура келбей калды. Депутаттын айтымында, борбордук футбол стадионунун ордуна жаңы спорт сарайы салынышы керек. Ал эми футбоддук стадионду шаардын чекесине чыгарган оң. Коомчулукта депутаттар сат дегенден башканы билишпейби деген сындар арбын айтылды. Чындыгында мындай ...

0 931

Сариев кайрадан сазга тыгылды

18-февраль 2019, 11:56 Перизат Кутманалиева

Өкмөт алмашат дегенден бери Темир Сариев жанданды. Президенттик шайлоодон кийин болгону 42 миңдин тегерегинде гана добуш алып, катуу соккудан эсин жыя албай жаткан. Эми өзүн премьер-министрдин креслосунан көргүсү келип, «Москва колдойт» деген сөздөрды чыгарттырып пиарын баштады. Бирок атаандаштары тарабынан күтүлбөгөн жерден аңга чабылды.  Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабаддиева: "Сариев 2005-жылы бизнесимди рейдерлик жол менен басып алууга аракет жасаган", - деп айыптап ...

18-февраль 2019, 11:56 | 931
0 515

Курманкул Зулушев, эл өкүлү: "Учурдагы кырдаал ошол адамдын өзүнүн да башына түшүшү мүмкүн"

18-февраль 2019, 11:52 Перизат Кутманалиева

2017-жылдын июнь айында президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстанда сот реформасы абдан ийгиликтүү жүрдү, биз соттор корпусунун үчтөн эки бөлүгүн жаңыладык, материалдык техникалык базасын да чыңдадык, биздин соттор башкача иш алып бара баштады” деп жарыялаган. Бирок кийинки президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасына байланыштуу жыйындарда жарандардын кайрылууларынын 70 пайызы сотторго нааразы экенин белгилеп, андыктан реформаларды тездетүүнү айтып келе жатат. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) ...

0 434

Көсөөнүн акылы түштөн кийин.,.

18-февраль 2019, 11:48 Перизат Кутманалиева

Күздөн бери дыйкандар картошкасын сата албай кыйналды. Эмгектери акталбай, асты ит бекер сатышты. Чириген картошка министр Нурбек Мурашевдин кабинетине чейин жетти. Бирок Мурашевдин бети чымырап койгон жок. Көсөөнүн акылы түштөн кийин дегендей, дыйкандардын картошкасы чирип, андан калганын арзан кармата бергенден соң, 71 миң тонна картошка сатылбай калыптыр деп Өзбекстанга сүйлөшүүгө кетиптир. Мына министрдин деңгээли. Эми дагы келип алып сүйлөшүп келдим, быйыл ...

18-февраль 2019, 11:48 | 434
0 473

"Атың чыкпаса, жер өрттө"

18-февраль 2019, 11:45 Перизат Кутманалиева

Көп жылдардан бери сыйлап, урматтап жүргөн инсаным жигиттик сөзүнөн тайганына байланыштуу, соңку эки күн ичинде терең ойлонуп, мен дагы КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигимди коюуну чечтим. Жаңы эле ишенимдүү адамым тиешелүү документтерди КТРКнын босогосундагы кутучага салып кайтты. Айрыкча мага окшогон жөнөкөй журналисттер КТРКнын мындан аркы тагдырына кайдыгер карап тура албайт. Анткени, Кыргызстандагы мен журналистмин дегендердин 90 пайызы дал ушул дөөтү колдогон ...

18-февраль 2019, 11:45 | 473
0 1265

Cтилист жол кырсыгына учурап, комада жатат

18-февраль 2019, 11:33 Перизат Кутманалиева

Бишкекте белгилүү стилист Асел Мамбеткалиева жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу анын курбусу Facebook баракчасында билдирди. Асел Мамбеткалиева учурда комада жатат. Туугандары ага жардам топтоодо. Анын үч баласы бар. Булак: NazarNews.kg

0 3392

Назира Аалы кызы: "Өлөйүн деп, өзү араң басып жүргөн кыргызым да, өтүп баратып жөн өтпөй бир тээп өтөт"

18-февраль 2019, 15:25 Перизат Кутманалиева

КТРКда Назира Аалы кызы аттуу беделдүү, сулуу, билим десе билими, жөндөм десе жөндөмдүү айымыбыз бар. Ал аталган каналдын "Маданият, тарых жана тил" каналынын продюсери болуп эмгектенет. Продюсер айым жакында эле өзүнүн Фейсбук баракчасына өзү иштеп жаткан каналындагы акыркы интернет айдыңындагы ызы-чууга айланган пикирлер тууралуу жазды. - Биз биякта туруп алып, кан Манастын улуу урпагыбыз, нурдан жаралып, күндөн бүткөн касиеттүү элбиз, Европа элин ...

0 534

Коопсуз шаар "кооптуу" шаарга айланганда...

18-февраль 2019, 11:19 Перизат Кутманалиева

"Коопсуз шаар" долбоору 12-февральда ишке киргени жалпыга маалым. Коомчулук муну чыдамсыздык менен күтүп келген. Бирок, иш жүзүндө көптөгөн адамдар жумуштарына кечигип азап чегишсе, окуучулар мектепке кечиккени менен коштолду. Бир чети бул ыкма киргенин шаар тургундарына жакшы жаңылык болду десек жаңылышпайбыз. Бирок, мындан түшкөн айып пул кимдин чөнтөгүнө түшөт деген күмөн суроо жаралат. Андан көрө ошол айдоочулук күбөлүктү берип жаткандагы коррупциянын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1132

Кемерово: Кара кар жаады

18-февраль 2019, 10:45 Перизат Кутманалиева

Орусиянын Кемерово облусунда кара кар жаап, интернет колдонуучулардын бүйүрүн кызытты. Губернатордун орун басары Андрей Пановдун айтымында бул иштеп жаткан заводдордо атмосферага болгон зыяндуу заттарын абага чыгаруудан улам болгон. - Ошондой эле автотранспорт, фабрикалардын иштөөсү дагы абага терс таасирин тийгизип жатканынан болду, - дейт губернатордун орун басары. Ал эми тургундар жергиликтүү "Краснокаменская" фабрикасынын иштешинен улам мындай кар жаап жатканын айтышууда. Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

18-февраль 2019, 10:45 | 1132
0 892

Курсандын кулагы интригадан чыгат...

18-февраль 2019, 10:30 Перизат Кутманалиева

ИИМдеги интриганы Курсан Асанов жүргүзөөрү көптөн бери айтылып жүрөт. Кептөр Курсанды ичи тар, көрө албас катары сыпатташууда. Анткени кимде-ким кызматка көтөрүлүп, жылдызы жанса эле Курсан мырза дароо жаманатты кылып жаздырып, ушактап жибермейди адатка айлантып алганын ИИМдеги аттуу-баштуулар кеп кылып жүрүшөт. Мына кечээ жакында Бишкектин ИИБне КанатЖумагазиев дайындалаары менен каралоо кампаниясы жүрдү. Мунун артында Курсандын кулагы чыкканы айтылды. Минтип ичине таруу айланбай ...

0 374

Батыралиев түрмөдө эс алабы?..

18-февраль 2019, 10:27 Перизат Кутманалиева

УКМКнын Антикоррупция кызматы өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптарга (гемодиализ менен дарыланган) мөдициналык жардам көрсөтүүдөгү сатып алууларга байланыштуу мыйзам бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул факты боюнча аудит дайындалган. Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 107 млн. сомдон ашык каражатка зыян келтирилгени аныкталган. Натыйжада 7-февралда мурунку саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, билип туруп пайдасыз ...

18-февраль 2019, 10:27 | 374
0 705

Өкүл баланын доору

18-февраль 2019, 10:23 Перизат Кутманалиева

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери Эмил Жамгырчиев аталган кызматка 2018-жылы капитан наамы менен келип, арадан бир жыл өтүп-өтпөй подполковник болуп алганына эсин жыя албай таң калгандар арбын. Ал түгүл буга кесиптештери нааразы болушууда. Мындай сыйкырдын артында ким турат деп иликтегендер премьер-министр Мукан Абулгазиевдин «кулагын» дароо таанышты. Көрсө, Абулгазиеа Жамгырчиевдин өкул атасы болот экен. Кезинде Улан Исраилов деген капитан төрт жылдын ...

18-февраль 2019, 10:23 | 705
0 748

Илмиянов менен Ибраимов эми пара алган деп айыпталууда

18-февраль 2019, 10:15 Перизат Кутманалиева

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов чет өлкөлүк фирмадан кылмыш ишин жаптыруу үчүн 150 миң доллар акча алгандыгы тастыкталганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Тергөө иштери уланып жаткандыктан Илмияновдун мүлкү камакка алынган. Дал ушундай эле көрүнүш менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов да айыпталды. Дамир Сагынбаев экс-мэр Албек Ибраимов иш бөлмөсүнөн 250 миң жана 20 миң АКШ ...

0 388

Шамкеев 109 миллион сомду айлык кылып «жеп койду»

18-февраль 2019, 10:13 Перизат Кутманалиева

Мамлекеттик импотекалык компаниянын төрагасы Бакыт Шамкеев өз жоорун өзу чукуду. Компанияда иштегендердин жылдык маннасына 109 миллион сом сарпталаары маалым болду. Аталган компанияда 41 кызматкер иштейт. Төрага өзү 51 миң сом айлык алаарын шардана кылды. Ошондо калган кызматкерлер төрагадан аз айлык алыш керек. Бирок реалдуу чындык такыр башка. Эгер 109 миллион сомду 12 айга бөлсөк, ошондо компанияда 41 кызматкердин ар бирине 222 ...

0 367

Сүрөт - Ымыркайды ыргытып ойногон. Малайзияда россиялык үй-бүлө кармалды

18-февраль 2019, 10:02 Перизат Кутманалиева

Бир нече күн мурда интернетте эркек киши 3-4 айлык баланы көчөдө ыргытып ойноп, аны эл тегеректеп турган видео тараган. Бул тууралуу мааыматты sputnik.kg маалымат агенттиги билдирди. Малайзияда баласын ары-бери ыргытып ойногон россиялык жаш үй-бүлө полицияга кармалып, бул кадамын түшүндүрүп бергенден кийин бошотулду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Бир нече күн мурда интернетте эркек киши 3-4 ...

0 165

Австралияда акула кишиге кол салды

18-февраль 2019, 09:53 Перизат Кутманалиева

Австралиянын Жаңы Түштүк Галлер (NSW) провинциясындагы Белонгил жээгинде акуланын кол салуусуна дуушар болгон серфер ооруканага жаткырылды. NSW Полициясынан берилген маалыматка караганда, Byron Bay аймагындагы Белонгил жээгинде эртең менен жолдоштору менен серф кылган бир кишинин акуланын кол салуусуна дуушар болгону белгиленди. Жээктен орто эсеп менен 15 метр алыстыкта болгон окуяда бутунан жаракат алган 41 жаштагы адамдын, серф тактайынын үстүнө жатып алып жээкке жектени ...

0 131

ИИМ: Былтыр Кыргызстанда 36 сайт жабылды

18-февраль 2019, 09:48 Перизат Кутманалиева

2018-жылы Кыргызстанда 36 интернет-сайт экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды тараткан деген негизде жабылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин билдиргенине караганда, жалпысынан былтыр милиция органдары мындай багыттагы 91 маалыматты, 70 сайтты жана 21 аккаунтту аныктап чыккан. 36 сайт соттун чечими менен жабылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, Кыргызстанда 21 уюмдун иши деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таанылып, соттун чечими менен алардын ишмердүүлүгүнө ...

0 324

Сүрөт - ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев Коомдук кеңештин жаңы курамы менен жолукту

16-февраль 2019, 15:17 Перизат Кутманалиева

2019-жылдын 15-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде министр, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин Коомдук кеңештин жаңы курамы менен жолугушуусу өттү. Коомдук кеңештин  мүчөлөрү менен жолукканда Кашкар Джунушалиев Коомдук кеңештин алдына жооптуу тапшырмалар коюлгандыгын белгиледи. Эң башкысы-бул коомдук ишенимди жана жарандардын колдоосун камсыздоо, милиция менен коомчулуктун ортосундагы кызматташуунун натыйжалуу өнөктөштүк моделин калыптандыруу. Баарыбыз  жакшы  билгендей, жогорудагы тапшырмаларды аткаруу кыйынга турат, ошондуктан биз Коомдук кеңештин  активдүү иштешине ишеним артабыз”-деп белгиледи. Министр, бүгүнкү ...

0 294

Дастан Сарыгулов: "Атамбаев бийликти өз колуна алуу үчүн саналуу эле кадам жетиштүү болгон"

15-февраль 2019, 20:15 Перизат Кутманалиева

— Атамбаев кантип бийликтин баарын колуна топтоп, басып алды? — Бул бир эле айда, бир эле жылда болгон жок. Акырын, жылып олтуруп, 2–3 жыл убакытта бийлик бир кишинин колуна өттү. Биринчи кадам- элдин өкүлү, элдин бийлиги болуп таанылган Жогорку Кеңештин депутаттарынын моюнуна укурук, бутуна тушоо салынып, тилдерин кыскартып салышкан. — Аны кантип ишке ашырды? — Конституциянын 2-беренеси, 4-тарамында “Депутат жашыруун, тикелей (түз) шайланат” деп жазылып турат. Демек, ...

0 959

Ажонун атасы: "Маселе чечилет… Алардын ак жеринен абакта отурганын көрүп, менин да жүрөгүм канталап турат..."

15-февраль 2019, 19:02 Перизат Кутманалиева

Ажонун атасы 1990-жыл... Ош шаары, Өзгөндөгү апаат... же Шарип акенин бейнеси туурасындагы кечиккен учкай кеп “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” Аалы Токомбаев Адам баласынын улуулугу, анын көзү эбак өтүп кетсе да ал туурасында тирүүлөр арасында жылуу сөздүн айтылып келгенинде деп билем. Бул ирет, Шарип аке тууралуу кеп кылмакчымын. Шарип аке тирүү кезинде эле эл арасында легендага айланган инсан болчу. Мен сөз кыла турган ...

0 4116

Мирбек: "Үйдөгүлөр сүйгөнүңдөн баш тартып, жеңеңе үйлөн дейт..."

15-февраль 2019, 16:43 Перизат Кутманалиева

Жашоодо ар кандай окуялар боло берет эмеспи. Ар бир адамга жараткан ар түрдүү сыноолорду берет тура. Эгерде ошол сыноолорду жеңип чыксак гана келечегибиз жакшы болот. Бүгүнкү каарманыбыз башынан өтүп жаткан оор сыноолорду эл менен бөлүшкүсү келип, ват сап аркылуу төмөндөгүлөрдү айтып берди. Анда, кеп башынан болсун. Атым Мирбек. Үй бүлөөдө үч бир тууганмын. Байкем, иним жана мен. Нарын областында төрөлүп өсүп, шаарга ...

0 2929

Аруузат: "Мурунку күйөөмдүн көзүнө көрүнүп жашайм деп..."

15-февраль 2019, 16:29 Перизат Кутманалиева

Учурда жашоосуна жетиштүү материалдык байлык топтогондордун саны арбын. Базар экеномикасына өткөнү байлыкка жетип, оюндагы нерселерди аткарган жарандардын саны да көп. Ачыгын айтканда курсагы токтордун саны арбын, бирок бактылуу адамдардын саны аз. Анын себеби, адам баласы байыган сайын өзүмчүл болуп туугандардан, достордон, жакын адамдардан алыстап, жалгыздыкка ыктап калары да анык. Дүйнөсү түгөл болсо дагы, жашоосуна бир нерсе жетишпеген, жан дүйнөсү жарды, ...

0 298

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2019-жылдын январь айынын ичинде келип түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

15-февраль 2019, 16:21 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына 2019-жылдын январь айында 1284  жарандардан кайрылуулар келип түшкөн (2018-жылы ушул эле мезгилде  — 1073), алардын ичинде: — Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 1051 (2018-жылы — 822); — Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 100 (2018-жылы — 62); — «Ишеним телефондору» аркылуу кайрылган жарандар — 89 (2018-жылы — 118); — Коомдук кабылдамаларга келип маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган жарандар — 33 (2018-жылы — 55); — Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфирлери» аркылуу кайрылган жарандар — 11ди түздү ...

0 422

109 миллион сомду айлык кылып «жеп койгон" Шамкеев

15-февраль 2019, 16:15 Перизат Кутманалиева

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бакыт Шамкеев өз жоорун өзү чукуду. Компанияда иштегендердин жылдык маянасына 109 миллион сом сарпталаары маалым болду. Аталган компанияда 41 кызматкер иштейт. Төрага өзү 51 миң сом айлык алаарын шардана кылды. Ошондо калган кызматкерлер төрагадан аз айлык алыш керек. Бирок реалдуу чындык такыр башка. Эгер 109 миллион сомду 12 айга бөлсөк, ошондо компанияда 41 кызматкердин ар бирине 222 ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 463

Эми свет өчсө Өткүрбекке чалабызбы?

15-февраль 2019, 15:09 Перизат Кутманалиева

Кечээ Жогорку Кеңеште Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ТЭЦти модернизациялоо боюнча каралып жаткан маселеде сөз сүйлөп, "өкмөт карыздан кутулуш үчун электр энергия болгон бааны жогорулатыш керек" деди. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги, универсалдуу кадрды Башкы прокурор кылган экен, бали. Өз ишин эптей албай жатып, карыз менен электр энергияда "пок" барбы? Өткүрбек мырза, кечээ парламентге да мындай жоболондуу жоругу менен коомчулуктун тепкисинде калды. Социалдык тармактарда, жарандык ...

0 367

Исаковдун соту жабык өтөт экен. Эмнеге?

15-февраль 2019, 14:52 Перизат Кутманалиева

Камакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соту 18-февралга белгиленди. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов фейсбук баракчасына жазды. "ТЭЦти модернизациялоо иштери боюнча угуулар 18-февралда саат 16:00 гө белгиленди. Соттук отурум жабык өтөт жана ага журналисттер киргизилбейт",- деп билдирген. Мунун себеби азырынча белгисиз. Саясатташып кеткен резонанстуу соттук процесстин жабык өтүшү эмнеден кабар берет? Эгер соттук териштирүүгө массалык маалымат каражаттары киргизилбесе, анда соттун эркиндигине кантип баа ...

0 511

Исхак Масалиев: “Мен экс-президенттерден кол тийбестикти алып салуудан баш тартканым жок”

15-февраль 2019, 14:32 Перизат Кутманалиева

– Исхак Абсаматович, бир жума мурун эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги жөнүндө сөз кылганда, “Эгер мен башкы прокурор болсом бүгүн эле камап коймокмун” деп күпүлдөп жаттыңыз эле, азыр кол тийбестикти алуу жөнүндөгү өзүңүз демилгечи болгон мыйзам долбоор экинчи окууга келгенде каршы болуп жатасыз го. Пикирди өзгөрттүңүзбү? – Пикир өзгөргөн эмес, мен ошол эле пикиримде турам. Биз берген мыйзам долбоорунда кол ...

0 368

Атамбаевдин фирмалары эмнеге салык төлөбөйт?

15-февраль 2019, 14:02 Перизат Кутманалиева

Ошто Жалил Атамбаев деген «көпөс» бар. Укук коргоо органдары, мамлекеттик кызматтын баары Жалилдин алдында тизе бүгүп, айтканын айткандай аткараары көптөн бери эле сөз болуп келе жатат. Мындан улам, Жалилдин күргүштөп киреше тапкан фирмалары мамлекетке бир сом салык төлөбөй турганы маалым болду. Алсак, Жалил Атамбаевдин ОсОО «Агро Доор» деген фирмасы 2015-жылы 34 миллион 493 миң 767 сом оборот кылып, киреше салыгына бир ...

0 508

Шадиевди Жолдубаева качырган тура

15-февраль 2019, 13:36 Перизат Кутманалиева

Бу Шадиев деген неме бекер качкан эмес экен. Коррупцияга күрөштүн башталышы Шадиев менен башталып, Шадиев менен эле бүтө тургандай элес калтырууда. Жумасына “жубарымбектин” колу туткактыгы боюнча маалыматтардын жаңы жагдайлары куру болбойт. Эми дагы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ага карата дагы бир кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтууда. Кечээ ЖКнын жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов Шадиев боюнча Башкы ...

0 202

Биздин эл тартипке муктажбы?

15-февраль 2019, 13:30 Перизат Кутманалиева

Премьер министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши менен куттуктап, өз сөзүндө "Биздин эл тартипке муктаж болуп, сагынып калышыптыр",-деди. Деген менен эмне биздин жарандар тартипсиз беле? Же биздин коррупционер чиновниктер тартиптүүбү? Карапайым калктын намысына тийген Өкмөт башчыбыз, тартипти коюп, картөшкөнүн маселесин чечип берсе болот эле деги. Дыйкандардын деле убал сообу бар да акыры. Кол чатырды көтөрүп, аялдар менен ары-бери баскандан майнап ...

15-февраль 2019, 13:30 | 202
0 235

КТРКнын эмгек жамааты Карыпбековдун калышын суранып жатабы же кетишинби?

15-февраль 2019, 13:21 Перизат Кутманалиева

КТРКнын учурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн экинчи мөөнөткө кайра шайланууга талапкерлигин коюп жатканын жар салды. Бул чечимди кабыл алышына КТРКдагы кызматкерлер суранып жатканын эске алып ушул кадамга барганын айтып өтсө, айрым ЖМКлар Карыпбеков КТРКнын эмгек жамаатын мажбурлап экинчи мөөнөткө калтырууну ниет кылууда деп жазып чыгышты. Буга катар эле ал "Марал" радиосуна берген маегинде "экинчи срокко өлүп кетсем дагы барбайм" деп айтканы элдин ...

0 267

Сүрөт - УКМК ККК: Эл аралык байланышты мыйзамсыз камсыз кылган кылмыштуу топ кармалды

15-февраль 2019, 13:04 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын ККК УКМК «Альфа Телеком» ЖАК мамлекеттик байланыш операторунун коопсуздук дирекциясы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында, атайын жабдыктарды жана абоненттик номерлерди колдонуу менен аталган мекемеге эл аралык трафикти мыйзамсыз  жеткирген фактысы аныкталды. Такталгандай, аталган адамдар атайын жабдыктын жардамы менен бир канча ай ичинде жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келишкен. Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул мыйзамсыз иштердин ...

0 1264

Атыргүл Сарыбаева: “Чынардын, «мен кыйынмын, башка оппоненттерим КТРКнын «к» тамгасын билбейт» деген ою өтө жаңылыштык”

15-февраль 2019, 12:57 Перизат Кутманалиева

Өткөн аптада  КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир мүчөсү  Жогорку Кеңеште депутаттардын добуш берүүсү менен бекитилип, анын жыйынтыгы коомчулук арасында чоң талкууну жаратты. Алгачкы добуш берүүдө Чынар Капарова озуп чыгып, бирок экинчи ирет добуш берүүдө Атыркүл Сарыбаева алдыга чыккан. Гезитибиздин өткөн санында Чынар Капарованын маеги жарык көргөн, бул ирет, Сарыбаева деген ким, анын максаты эмне, мына ушул суроолорго жооп алдык. -Атыркүл айым, КТРКнын  ...

0 1542

Гүлзат Мамытбек: “Күйөөм чекеме тапанча такап...”

15-февраль 2019, 12:53 Перизат Кутманалиева

-Гүлзат айым, кепти Талант мырза менен таанышкан күнүңүздөн баштасак? -Талант экөөбүз бир айылда жашап, бир мектепте окуганбыз. Менден алты жаш улуу. Талант мектепти бүтүп, шаарга окууга кеткен. Жайында айылга келип ата-энесине жардам берчү. Окуумду ийгиликтүү аяктап, шаарда окусам дегенде эки көзүм төрт эле. Ошол маалда Талант экөөбүз айылдаш дос катары сүйлөшүп калдык. Бат эле тил табышып кеттик. Алты айдай кыз-жигит болуп ...

0 450

Каптагаев бийликке коңгуроо какты

15-февраль 2019, 12:27 Перизат Кутманалиева

Өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына белгилүү коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: «Саламаттыкты сактоонун экс-министрн Батыралиевге карата кьшмыш иши козголгону туурасындагы кабарга карата жарандык коомчулукта кескин пикирлердин айтылып жатканы жебенин башка жакты көздөй бурулганын тастыктап турат. Коомчулук коррупция менен күрөшүү деген ураанга, аны ишке ашыруунун усулдарына жана темптерине башкача көз менен карай баштады. Бир жыл мурда бул маалыматты ураалап кабыл алышмак. Бул эми бийликтегилерге кагылган коңгуроо ...

0 286

Керкакшык жолбун иттерди каякка жайгаштырабыз?

14-февраль 2019, 17:58 Перизат Кутманалиева

Бишкек шаардык Кеңешинде жолбун иттерге жай табуу, каражат бөлүү тууралуу маселе көтөрүлдү. Иттин жатаканасын жакшырталы, жаңы шейшептер, жаздык менен камсыздайлы. Тамагын кубаттандырып, витамини көп азыктарды бышырып берели. Мончого түшкөн кезде импорт шампундарды пайдаланалы иттин деле ысык жаны бар да. Кыйын доктурларды жалдап, мурдагы көз караштан арылалы. Акчаны “досубуздан” аяган болбойт. Аларды атканды токтотуп көздүн карегиндей сактоого, ыңгайлуу жайлар менен камсыздоого ...

0 808

Галдирбайларды пахтакойгучтар алмаштырды

14-февраль 2019, 17:29 Перизат Кутманалиева

Амалдуудан сөз качып кутулбайт турбайбы? Үч жыл мурда Галдирбай деген термин абдан көп пайдаланылып, куудулдар эле эмес ак жакалуулар деле ушул терминге басым жасап калышкан. Анан баары эскиргенде кайра жаңы терминдер пайда болот экен. Маселен, ушул тапта пахта койгучтар деген кычкыл сөз таратылып жатканы бекерден эмес. Аны да кыраатына келтирип айтканды билиш керек. Надира Нарматованын ушул лексикону бүгүнкү күндө кеңири ...

0 1005

Мелис Турганбаев: "Түрмөлөрдө күнөөсүз отурган адамдарды мыйзамдын алкагында каратып, эркиндикке чыгаруу зарыл"

14-февраль 2019, 12:07 Перизат Кутманалиева

- Мелис байке, сиз ушул кызматка келгени интернет сайттарда, соц тармактарда чуру-чуу чыга түшту. Бул көрүнүштү коомчулуктун сизге карата каршы пикири катары түшүнсөк болобу? - Жо-ок. Андай эмес да. Мына мен жумушка келгени жогорку жетекчилик, ошол эле ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери куттуктап келип атышат. Бул биринчи жагы. Экинчи жагына келсек, карапайым эл мени колдойт. Көпчүлук адамдар ишеним артып атышат... Ал эми айрым сайттар, ...

0 3016

Назым Осака: "Тирүүлөй көмүлдүм..."

14-февраль 2019, 11:45 Перизат Кутманалиева

Казакстандагы белгилүү блогер жана жапон маданиятынын сүйгөн Назым Осака айымдын окуясы көпчүлүк адамдарда пайдалуу болот деген ишеничтебиз: “Бир мезгилде Жапонияда жашап калдым. Себебин билбейм,бирок депрессияга кабылдым. Өзүмдү таштап салып,салмагым 75 кг ашты, үйдө пижамачан эле жүргөнгө көнүп,2-3 күндөп жуунбай да калдым. Жадагалса тишимди да жуубай калганмын. Акыр аягы жашоо учунчалык кызыксыз болуп, мындан ары жашагым да келбей калды. Абалымды байкаган жапон улутундагы курбум ...

0 791

Канат Жумагазиев: "Адил Турдукуловду коомдук тартипти бузганы үчүн кармагам"

14-февраль 2019, 11:35 Перизат Кутманалиева

Агезде Мелис Турганбев ИИМдин жетекчиси болчу, Канат Жумагазиев Биринчи Май РИИБсинин начальниги болчу. Чындык үчүн айтыш керек, ошондо милиция кызматкерлери Биринчи Май РИИБге Адил Турдукулов баш болгон активисттерди кармап барышып, иштерин сотко жөнөтүшкөн. Андан кийин айып пул төлөө менен чыгып кетишкени белгилүү, Мына ушул жана кийинки жагдайлар боюнча Канат мырзага учкай суроо салдым. - Канат мырза, сиз Адил Турдукуловго кысым кылып, кайсы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 318

Балык башынан сасып жатканда эбин тапкан шылуундар ишин токтотмок беле?

14-февраль 2019, 11:10 Перизат Кутманалиева

Биздин жергиликтүү элдин короосундагы малдын этин, сүтүн, жумурткасын, жер-жемиштерин, жашылчасын эмнеге чанып, арзан кытайлардын азык-түлүгүнө качырып жатабыз? Анткени кембагал кардарлар ошондой сапаты төмөн, арзан тооктун этине, жасалма жумурткасына, пакеттеги кургак сүтүнө, куксисине, күрүчүнө айла жоктон азгырылып жатышат. Бул да болсо үй-бүлөлүк бюджеттин тартыштыгынан дегенге толук негиз бар. Кыйма-чийме болуп Кытайга каттаган кызыл кулактык кылып жанын баккандарга болсо баары бир. Алар эптеп ...

0 2202

Адил Турдукулов: "Мага Турганбаев менен Жумагазиев "боёнгон" кыздар менен "борчиктерди" жөнөтүшүп, чагым жасашкан.."

14-февраль 2019, 10:54 Перизат Кутманалиева

- Адил мырза, Мелис Турганбаев менен Канат Жумагазиев боюнча сын пикирлерди жазып атасың, сыры эмнеде? - Беш жыл мурун биз, «Жаңы муундун» мырзалары жападан жалгыз жогорку бийликке карата каршы митингдерди өткөзүп жүрчүбүз. Ошол убакта бизге карата Акүйгө жагыныш үчүн Бишкек милициясынын жетекчиси Мелис Турганбаев жана Биринчи Май районунун милициянын жетекчиси Канат Жумагазиев одоно күч колдонуп, бир нече жолу мыйзамсыз кармап, камашкан. ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83