www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перизат Кутманалиева

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (6670)

0 929

ВИДЕО - Интерполдун линиясы аркылуу издөөдө жүргөн шектүү кармалды

Кыргызстан менен Казакстандын ИИМнин бирдиктүү жүргүзүшкөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Интерполдун линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн жаран Алматы шаарынан кармалды. Эл аралык издөөдө жүргөн Чүй облусунун бир нече жолу соттолгон тургуну Казакстандан кармалды. 2019-жылдын март айында Алматы шаарынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы Полиция департаментинин УККБси менен бирдикте Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече жолу соттолгон 1971-жылы туулган ...

0 308

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат, профессор: “Жалпы журтту ыңгайсыздыкка түшүрдү”

Каныбек Осмоналиев: Бул кезектеги эле саясат менен байланыштыруу аракети. -Кыргызстандын саясатын кызтекелер аныктап калганбы? 8-мартта аялдардын укугун коргоо шылтоосу менен уюштурулган гей-парад (ичинде сексуалдык азчылык өкүлдөрү, аларды колдогон саясатчылар дагы бар) сизге кандай таасир берди? – Бул өтө оор маселе! Кечээгидей ачык жана ач кыйкырыктар менен демонстрация кылуунун эмне зарылчылыгы бар эле? Биздин коомдун менталитети жана каада-салттык, негизги диний өзгөчөлүктөрү деген маселе ...

0 293

2018-жылы унааны катуу айдаган айдоочулар 38 аба чубалгысы тартылган устундарын сүзгөн факты катталган

Өткөн 2018-жылы унааны катуу айдаганды жакшы көргөн айдоочулар тарабынан “Северэлектро” ААКынын Чүй, Талас облустары жана Бишкек шаарындагы 38 аба чубалгы устундары сүзүлгөн факты катталган. Акционердик коомго келтирилген чыгымдын суммасы 600 миң сомдон ашат. Көбүнэсе  Чүй облусунун Ысык-Ата жана Жайыл райондорунун айылдарындагы жолдон “шумахер” айдоочулар устундарды сүзүшөт. «Северэлектро» ААКы айдоочуларды жолдо жүрүүдө жол эрежесин сактоону  жана энергообьектилерге келтирген зыянга жоопкер экендигин ...

0 343

Кадрлардын талашын кантип тыйса болот?

Өкмөттө кадрлардын резерви түзүлбөгөндүктөн район акимдерин дайындоодо башаламандыктар байкалып жатат. Эгерде тытыктуу делген кадрлар илгеркидей кагазда тизилип турганда минтип өкмөттүн абийири ачылмак эмес. Ал тургай өткөндө аким тандоо боюнча парламентте да көзгө сайып айтылганы бекер жерден чыкпагандыр? Көрсө Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда акимдин креслосу үчүн күрөш катуу жүрүп, ортодо келишпестиктер пайда болуп кетиптир. Чамасы кландык талаш-тартыштардан башы ооруган өкмөттөгүлөр не ...

0 585

Генерал болуудан сактанып калыштыбы?

Атаганат, экинчи жолку бийлик алмашуунун курмандыгы болгондордун ичинде кылкылдап генералдар жүргөнүн кана кимиңер калпка чыгара аласыңар? Таласка барып тополоңчулардын эсебин табам деген Молдомуса Конгантиевдин не деген кордукту көргөнүн унута элекпиз да, туурабы? Аны кандай гана мыкаачылык менен сабашты дейсиң? Антип фашисттердин генералын кордогон эмес. Камалгандардын ичинен бир гана Бактыбек Калыев оорусуна байланыштуу түрмөдөн эрте бошотулду. Анын үстүнө ал колго түшкөнгө чейин ...

0 727

Байларга сабак болсо кана, атаганат

Ар бир улуттун чыгаан бизнесмендери болот. Өзбек калкынын бактысына жаралган адамы бар экен Алишер Усманов деген. Орус жергесинде жашап жүрүп миллиарддаган байлыкты чогултуп алган бул таанымал бизнесмен жакында дагы бир элди таң калтырган демилгесин айтып чыкты. Усманов бүткүл жыйнаган байлыгын мураскери жоктугуна байланыштуу өз элине-өзбектерге өткөрүп берүүгө даяр тура. Буга чейин эле ал мыкты спортчуларга, таланттуу жаштарга, улуу муундагы атактуу кишилерге ...

0 293

Депутаттарга неге каражат бөлүнөт?

Абсурд. Неге дегенде парламентке келип мандатын алып, элдин “талабына камкордук” көргөн эл өкүлдөрүнө былтыр 750 миллион сом акча коротулганы маалыматтан билинди. Быйыл болсо 800 миллионго чукул сом каражатты мамлекеттин казынасынан бөлүп бергендиги боюнча кабар тарады. Ошондо эмдиги жылы кайрадан ушунча көлөмдөгү акчаны депутаттарга багыттап берсе эки жылда эле 1 миллиард беш жүз миллион сомду бийликтин “эркелери” мойсоп салышат турбайбы? Бул ...

0 222

Айбаттуу аялдар бийликтин мотору боло алабы?

Түзүлгөн кырдаал тайманбаган, курч сөзүн айткан, айбаттуу аялдарды жаратарын мезгилдин “учкундарынан” көрдүк. Маселен, экинчи бийлик алмашуудан кийин партияга киришкен кубаттуу айымдардын көбү парламенттен орун алып, көздөгөн чектерине жетүүүчүн кыйла мээнеттеништи. Ошондо Жылдыз Жолдошова, Бөдөш Мамырова, Надира Нарматова сыяктуу жалын жүрөк эл өкүлдөрү трибунага чыккан сайын маңыздуу кептерин айтып, бийлик башындагыларды улам чыйрыктырып турган. Мындан сырткары 2010-жылы Койсун Курманалиева Таласты бийлеп, ...

0 212

Баткен: Парламент чек арадагы абалды талкуулайт

Жогорку Кеңеш бүгүн 14-мартта жалпы жыйынында тийиштүү жетекчилерди чакырып, чек арадагы абал тууралуу маалыматын укмай болду. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Мындан тышкары кийинки жумада ушул эле маселени комитеттерде кароо чечими кабыл алынды. 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан. “Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, жаңжалдан бир тажикстандык көз жумду. Булак: NazarNews.kg

0 1929

Алмазбек Каримов, медиа-эксперт: “Атамбаев “керек болсо түштүгүңдү бөлүп ал” дегенге чейин барган…”

  А. Каримов: Атамбаев революцияга демөөрчүлөр болгон деп мойнуна алган жайы бар. – Алмазбек мырза, Курманбак Бвкиевдин иниси Адылбек Бакиев 2010-жылкы революцияда бийликти сактап калуу учүн ок аттырышпаганын айтып, Форум тараптан элге атайын курал бөрилгенин айтыптыр. Бирок, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү андай болбогонун айтышат. Сиз кимисинин айтканына ынанасыз? – Ар ким өзүнө ыңгайлуу сөздөрдү айтып, андай эмес, мыңдай деп коңгуроо кага берет. 7-апрелде ...

0 343

Бишкектин мэри актанат, кайдан чыкты гей-парад?

Бишкектин мэри Азиз Суракматов шаар бийлиги 8-мартта өткөн аялдар жүрүшүнө уруксат бербегенин, болгону мыйзам талап кылгандай коомдук тартипти гана камсыз кылып бергенин 11-мартта коомчулукка билдирди. “Бизге жүрүш тууралуу кабар гана берилди. Анда эки маселе болгон: гендердик тең укуктуулук жана аялдардын укугу. Алар жүрүш өткөрүштү, биз коомдук тартипти камсыз кылып бердик. Анда гейпарад же дагы башка акциялар тууралуу эч нерсе жазылган эмес. ...

0 794

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер: “Алмазбек Атамбаев өзү деле кырдаалды түшүнүп, соодасы бүткөнүн сезип сынып калгандай”

  С.Муканбетов: Ал саясый өлүк экенин билбей эле чарпылып атат. А эл болсо билип турат. Андыктан ал, КСДП мененби же башка партия менен барабы толк жок! - Сабыр байке куш келипсиз. Барсызбы? Жок болуп кеттиңиз, бир топко... Эми, баягы узун кебибизди улайлы. Жазда, күздө саясый айдыңды козгоп көнгөн эл эмеспизби. Мына Кудай кааласа кыштан аман эсен чыктык, жаз да кирип келди... ...

0 266

ВИДЕО - ИИМ КМК: Мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого шектелип шаардык ЖОЖдордун биринин кызматкери кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматына Чүй облусунун отуз үч жаштагы Ж.А. аттуу жашоочусу (аял киши) пара талап кылуу жана алдамчылык иш-аракеттери фактысы боюнча арыз менен кайрылып, экзамендик сессияны тапшыруу үчүн акча каражатын талап кылып жаткан шаардык окуу жайдын кызматкерине (аял киши) карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аталган маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө жогорку окуу жайдын кызматкери 2018-2019-жылдары үчүн сессияны тапшырууга 33000 сом акча каражатын талап кылгандыгы маалым ...

0 560

Роза Отунбаевадан экстремизмдин жаңы түрү

Доска позора... бы? Ачыгын айталы, экс-президент Роза Отунбаеванын аялдардын жыйынында ызырына сүйлөгөн сөзүн угуп, уккан кулагыбызга ишенген жок элек. Аны атайылап интернеттен таап окугандан кийин “эжекебизге бир нерсе тийгенби” же бул жаштын, анан жаздын өзгөчөлүгүбү деген ойдо калдык. Анткени, салабаттуу дипломаттан, анын үстүнө көптү көрүп, бир жарым жыл мамлекеттин да башында турган, эбак чоң эне болгон байбиченин оозунан чыга турган сөздөр ...

0 359

Кыргызстандагы энелердин жалпы элге кайрылуусу: «Каргашалуу, кайгылуу окуяларды эскерүү күнүн саясий кызыкчылыгына пайдалангандарды ээрчибегиле!»

Урматтуу кыргыз эли!  Кагылайын уул-кыздарыбыз! Эзелтеден элибиз энелерди урматтап, алардын айткан кебин жерге таштабай келген. Себеби, Эне – бул мээримдүүлүктүн символу эмеспи. Уул-кыздары үчүн эненин жүрөгү ар дайым мээримин төгүп турат. Эл-жерибизде тынчтык болсун, бакубатчылык, бардарчылык, токчулук, молчулук болсун деп тилейт Эне жүрөгү. Эне жүрөгү көптөгөн нерселерди алдын-ала туя алат. Сезгич келет. Ошондон улам биз жалпы Кыргызстандын энелеринин атынан келечек ээлери болгон ...

0 265

Суталиновдун жубайы президенттен ырайым күтөт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Мурат Суталиновдун аялы Гүлнара Суталинова президентке ачык кат жазды. Өз катында ал күйөөсүнө карата адилетсиз сот жүрүп жатканын, кыйноо колдонулганын билдирди. “Мен күйөөмдү “өлүмгө жакындап баратат” деп жазгым келбейт, көпчүлүк эл билгендей анын кайышпас кайраты, кажыбас ички дүйнөсүнүн күчү бар. Ошондуктан мен ишенем, биз биригип бул каргашалуу ооруга туруштук беребиз. Бирок ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 872

Акаев эмне себептен Жээнбековду мактай баштады?

Бизде, дегеле дүйнө жүзүндө бир мамлекеттин экс-президенти бийликте отурган эмки президентти мактаган көрүнүш жок, болсо да сейрек кездешет. Анткени “кардын башын кар жейт, кандын башын кан жейт”,- демекчи, мурунку президенттерди учурунда шакирти, премьер-министр болуп иштеп жүргөн жанындагы эле жакындары революция-төңкөрүш жолдору менен кетирип жүрүшпөйбү. Андан соң “менин бийлигимдин учурунда андай эле, мындай эле...”,- деп жанын жеп актанышат. Бирок Кыргызстандын туңгуч президенти, ...

0 247

Шайлоо убагында кылып берген «Жарык шаар» программаңыз «шейит» кеттиби?

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын башбаканы Бакыт Төрөбаев шайлоо алдында балп эттирген. Бир жылда биз өлкөнүн баарын жарык менен камсыздап, жарык өлкө кылып салабыз деп… Сөздү айтаардан мурда ойлонбогон чоңдордун азабы өттү, эй! Өлкөнү койдум, ушу борбор шаарыбыз дале караңгылык кучагында карбаластап келет. Ал эми Төрөбаев болсо, мурунку сөзүн унуткан. Чадырайып чарба менен алек болгон киши кебетесинде ар кайсы жерде «трактор айдап» жүрөт. Ал ...

0 242

Депутат Кожобек Рысбаев: «Кыргызалтын» компаниясы өзүн реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок»

«Кыргызалтын» компаниясынын штаты чоӊ. Азыр анын аппаратында 120 адам иштейт. Компания башчысы Алмаз Алимбеков дайындалгандан берки 4 жыл аралыгында ишкананы реформалоо жаатында жарытылуу иш жасаган жок. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин башчысы Кожобек Рысбаев «Кыргызалтын» компаниясынын 2018-жылдагы ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Депутат «Кыргызалтын» ...

0 305

Активист Серикжан Билаш "жихадчылык" боюнча айыпталды

Казакстандын Астана шаардык прокуратурасы кытайлык кайрылмандардын жана шинжаңдыктардын укугун коргогон «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билаштын кармалышы тууралуу тушүндүрмө берди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Прокуратуранын маалыматына караганда, активист өткөн айда Алматыдагы иш-чаралардын биринде чогулгандарды «кытай улутундагыларга карш жихадга чакырган" деген айыптын негизинде кармалды. Активистке карата «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча тергөө иштери быйыл 21-февралда, жергиликтүү тургундун арызынан ...

0 294

Cүрөт - Жалал-Абадда 40 казан сүмөлөк кайнатылат

Өлкөдө алгачкы жолу Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү Жалал-Абад шаарында сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт. Анда Курманбек фольклордук талаада 40 казан асылып сүмөлөк кайнатылат. Жергиликтүү бийлик тарабынан демилгеленген бул саамалык бир катар оюн-зооктор менен коштолот жана жеңүүчүлөргө байгелүү орундар менен катар номинациялар ыйгарылат Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекованын айтымында, азыркы учурда  иш-чаранын  сценарийи иштелип чыгып, уюштуруу тобу  тарабынан талкууланууда. Эң негизгиси шаар ...

0 348

КСДП: Партиянын делегаттарын УКМК териштирип жатат

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы партиянын аймактардагы курултайларынын делегаттары тууралуу маалыматтарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чогултуп жатканын кабарлады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү калтырып, «УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы Таабалдиев менен ушул эле райондогу паспорт столунун жетекчисине жазды» деген каттын көчүрмөсүн жарыялады. Анда УКМКнын аймактык жетекчиси каттоо мекемесинен 18 адам жөнүндө чукул арада маалымат жөнөтүшүн талап ...

0 336

Сот Болсунбек Казаковду үй камагына чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Казаков 2018-жылдын 10-апрелинде камакка алынган эле. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып жүргөн коттеждердин сатылышына байланыштуу кылмышка шектелүүдө. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы эки адам камакта олтурат. 2017-жылдын күзүндө Мамлекеттик ...

0 720

Абактан чыккан саясатчылар Атамбаевдин саясатын сынга алышты

Түрмөдөн чыккан саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков жана «Саясий туткундарды коргоо комитетинин» мүчөлөрү Бишкектеги жыйында саясий негизде соттолгондорду актоо боюнча демилгелер талкууланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Чогулгандар өздөрү саясий негизде камакка алынганын белгилеп, бул үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди айыпташты. Алардын көбү мурдагы мамлекет башчы жүргүзгөн саясатты сынга алып, 2011-жылдан 2017-жылга чейин мамлекеттик насыялардан жана бюджеттен уурдалган 5-7-млрд. доллар каражатты ...

0 568

Амалкөй судья Чоткараев миңдеген ишти “тындым” кылып туруп качканбы?

УКМК тарабынан кылмыш иши козголгон кийин өлкөдөн чыга качкан Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараев 1 миң 350 ишти жоготкону айтылууда. Жогорку соттун иликтөөсүнө ылайык, ал эмес абалында машина айдап экспертиза тарабынан тастыкталган бир нече иштин жигин билгизбей «тындым» кылган. Ошондой эле Чоткараев ишемби күндөрү иш карап, секретарь, жардамчыларын мыйзамсыз чакырып, иш алып барган. Жоголгон материалдарды суу алдында калды деп актанып ...

0 560

Тергөөчүлөр пара менен кармалды

Өткөн аптада Ленин райондук милициясынын эки тергөөчүсү пара алып жатып кармалды. Ага чейин Чүйдүн Москва райондук сотунун сот аткаруучусу пара менен колго түшкөн. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Укук коргоочулар мындай көрүнүштөрдү коомдук аң-сезимдин ойгоно баштаганы менен байланыштырып жатышат. Ошол эле учурда коомдук активисттер кармоо, камоо фактыларынан эмне үчүн сабак алынбай жатканын иликтешүүдө. Карга карганын көзүн чокубайбы? Март айынын башында Чүй облусунун Москва ...

0 361

Зайналиев ишине тыюу салган чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылды

Табып Ашым (Хашим) Зайналиев анын элди өз алдынча дарылашынча тыюу салган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 19-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын элди дарылашына, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салган. Буга райондук прокуратуранын өтүнүчү себеп болгон. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгогон кылмыш ишине ...

0 1075

Жер асты өтмөгүнөн чыр чыкты

Жалал-Абад шаарында өткөн жылы курулган жер асты өтмөгүнө дагы 8 миллион 735,2 миң сом керек болууда. Шаар мэриясы шаардык кеңештен быйылкы жылдын бюджетинен ушунча сумманы төлөп берүүнү суранды. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары бул маселе “таза эместигин” айтышып, андан баш тартышты да тийиштүү токтомду чыгарышты. Эгер жер асты өтмөгүнүн таржымалына кайрылсак, аны куруу идеясы 2016-жылы пайда болгон. Борбордук Ленин көчөсүндө унаа ...

0 316

Көчмөндөр оюндарына карата ойлор

Тактоого муктаж жагдай Мамлекет башчысы С.Жээнбеков өткөн айда Баткен облусунда иш сапары менен болгон учурда республикалык деңгээлде жыл сайын көчмөндөр оюндары өткөрүлүп тура тургандыгын билдирди. Быйыл күздө аны Талас облусу баштайт, кийинки жылдары эстафета башка облустарга өтөт. Бирок мында тактай турган бир жагдай бар. Анткени, 2020-жылы Дүйнөлүк 4- көчмөндөр оюндары Түркияда өткөрүлөт. Демек, канча кааласак деле келерки жылы республикалык масштабда көчмөндөр ...

0 963

Пирматов камаларын билип, ооруканага жата калдыбы?

Соңку убакта Исхак Пирматов Жогорку Кеңештин жыйындарына толук кандуу катышпай калганы, «сыркоолоп» жүргөнү эмнеден кабар берет? Жапжаш кычыраган жигиттин буйдалып атканы кандай? А бизге жеткен маалыматтар боюнча, күч органдары Пирматовдун коррупцияга шектүү иштерин иликтеп, камакка алууга аз эле калганы каңкууланууда. Мына ушундай жагдайдан улам, ал качып кетүүгө чолоосу жетпей, түрдүү амалдарды ойлоп атабы? Аз күндө бул боюнча сенсация жаралып, Исхакты камап, ...

0 887

Кубанычбек Кадыров: "Отунбаева мага “Атамбаев алдап жатат”, деп айтып…"

"Сапар Исаков абдан тез көтөрүлдү, ишенимдүү адамына айланды". —2009-жылы болгон президенттик шайлоодо сиз Атамбаевдин ишенимдүү адамы болуп, Ысык-Көл облусуна жоопкер болдуңуз. Ошондо шайлоо күнү Атамбаев талапкерлигин алып салбады беле. Ичип алып ошол кадамга барганбы же башка себептери болгонун уккансызбы? —Анын ичип жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Эмне үчүн алып салганы боюнча мага жеткен маалыматты биринчи жолу айтып жатам. Мага жеткен маалымат боюнча “Максим ...

0 295

“Кыргызалтын” ишканасын холдинг катары түзүү сунушталды

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомун холдинг катары түзүү сунушталып жатат. Бул маалыматты аталган ишканадан ырасташты. Мындай план компанияны өнүктүрүү боюнча стратегияга ылайык иштелип чыкты. Анда холдингдин иштөө багыты кеңейтилип, өлкөдөгү кен байлыктарды издөө, чалгындоо жана инвесторлор менен бирге иштетүү каралган. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Компаниянын жетекчилиги бул өзгөрүү өз кезегинде тоо-кен долбоорлорунда Кыргызстандын кызыкчылыктарын толук кандуу коргоого мүмкүнчүлүк түзөт деп ниеттенүүдө. “Кыргызалтын” ишканасы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 239

«Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу маалыматты президент басма сз кызматы билдидри. Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык төмөндөгүдөй токтом кылынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ...

0 343

Ким Чен Ындын тууганын ууландыруу боюнча шектүү аял абактан чыкты

Малайзия соту «Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын бир тууганын ууландырган»​ деп шек саналган индонезиялык аялды бошотту. Ким Чен Нам 2017-жылы Куала-Лумпур шаарынын аэропортунда киши колдуу болуп өлгөн. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди. Малайзиянын полициясы дароо вьетнамдык жана индонезиялык эки аялды кармаган. Дүйшөмбүдө 27 жаштагы Сити Айсиа сот мындай чечим чыгарарын күтпөгөнүн айтты. Ал эми Вьетнамдын жараны, 30 жаштагы Доан Ти ...

0 204

Орусияда «интернетке эркиндик» аттуу нааразалык акциясы өттү

Орусиянын борбор калаасы Москвада интернет чектөөлөрүнө нааразылык акциялары өткөрүлдү. Москвадагы Сахаров көчөсүндө президент Владимир Путин башкаруучулугунун интернеттеги чыгарылыштарга чектөө киризгени себеби менен «интернетке эркиндик» аттуу акция өттү. Полиция, акциялар башталаарда бетинде ураан жазылган айрым афиша жана шарларды алып таштап, 28 кишини кармап кетти. Ички иштер министрлиги, митингге 6500 киши катышканын жарыяласа, оппозициячыл булактар катышуучулардын санынын 15300 киши болгонун билдирди. Булак: NazarNews.kg

0 1589

11-класстын окуучусу асынып алды

Өспүрүмдүн сарайда асылып турган сөөгүн 8-март күнү жакындары көрүп калышкан. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Азаттыкка» билдирди. Окуучу үй-бүлөдө жалгыз бала болгону, ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөнү, ал өзү чоң атасынын колунда жүргөнү аныкталды. Маалыматка ылайык, бул факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Баланын жакындары андан баш тартышты. Учурда жаш уланды өз өмүрүн кыюуга эмне түрткөнү иликтенүүдө. ...

0 289

Өнүктүрүүбү же популизмге көнүктүрүүбү?

Өткөн жылды Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдө аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялап, бардык бийлик структураларына өнүгүү милдетин койду. Бирок, бул багытта Жалал-Абад шаарынын алдына коюлган милдеттер толук аткарылбады. Деген менен, бул боюнча жогорку бийлик органдары куласа чыгарып, унчуга элек. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев атпай журттан алдында да, массалык маалымат каражаттарынын алдында да өткөн жылы Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу ...

0 303

Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет

«Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын судьяларынын XI курултайында. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу Кыргыз Республикасынын судьяларынын он биринчи курултайынын катышуучулары! Бүгүнкү өтүп жаткан курултай сот системасы үчүн эле эмес, жалпы өлкөбүз үчүн ...

0 2543

“Турмушка чыгаарым менен эле качан жаңылык угабыз дей башташты…”

Ар жума сайын турмуштун сыноосуна кабылган инсандардын тагдырын баяндап келебиз. Бул ирет “баланын бары да, жогу да азап” дегендей, балалуу боло албай азаптанган инсандын тагдырын баяндайбыз. (Каармандын өтүнүчү менен аты аталган жок). Биз жолдошум экөөбүз бир курста билим алчубуз. Окууну аяктап калганда баш кошууну туура көрдүк. Эл катары топурап той бербей эле, чакан чөйрөдө баш кошуп бапырап жашап калдык. Адатта кыз ...

0 197

Кытай космоско байланыш спутнигин учурду

Синхуа маалымат агентигинин маалыматына караганда Кытайдын Космостук технолгиялары академиясы тарабынан өнүктүрүлгөн ChinaSat-6C байланыш спутниги өлкөнүн Шичанг спутник учуруучу борборунан жердин орбитасына учурулду. Long March (Узун жүрүш) -3B ракетасы менен космоско учурулган кеме, телеберүү жана радиолорго жогорку сапаттуу байланыш тейлөөсүн камсыздайт. Жерге синхрондуу орбитада милдетин аткара турган спутник, Кытай, Австралия, Жаңы Зеланда жана Түштүк Тынч океандагы аралдарды камтыйт. Космос темасындагы иштери менен көңүлдү бурган ...

0 237

Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 7-мартында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында 1,2,3-окуудагы мыйзам долбоорлору добуш берүүдөн өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ: - “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу (КМШ) мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.02.98дагы № 44 токтом). 2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ: - “Кыргыз Республикасынын курулуш ...

0 406

ВИДЕО - ИИМ КМК: Ички иштер органдары тарабынан адамдарды уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн атайын операциясынын натыйжасында  адамдарды уурдоо жана опузалап талап кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Кылмыштуу топ зөөкүрлүгү менен айырмалынып,  ири суммадагы акча каражатын талап кылуу менен зомбулук көрсөтүшүп, кыйнап келишкен. Жакында, ички иштер органдарына чет өлкөлүк жаран кайрылып, азият жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы белгисиз төрт адамга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрү боюнча арыз менен кайрылган.  2019-жылдын ...

0 449

ИИМ: Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан өзгөчө оор кылмыш иши үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды

2019-жылдын 5-март күнү Аламүдүн РИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан Аламүдүн айылынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын аймагында өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Казакстандын жараны Абылкасымов Шокан кармалды. Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топтолгон материалдар эл аралык Конвенцияга ылайык экстрадициялоо маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт. ИИМдин Басма сөз кызматы Булак: Nazarnews.kg

0 460

Табылды Акеров, Саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: "КСДП ажырашып экиге болунуп кетсе, Атамбаев утулат!"

-Табылды мырза, КСДПда ажырашуу күч алды. Ал партиянын мүчөлөрү Атамбаев менен калса утабы же ага каршы тарапка өтсө ийгиликке жетишеби? -КСДПнын ар бир мүчөсү партияны Атамбаев менен эле байланшытырбай өзү жана коом үчүн туура чечим кабыл алуулары керек. Атамбаев КСДПны парламенттик шайлоого чейин жетектеп барат. Ал эми анын тизмеси жаш, коррупцияга малынбаган жаңы жүздөрдөн болот деген сөзгө ишенүү кыйын. Себеби, Атамбаев ...

0 826

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: "Эгер шайлоого эски система менен бара турган болсок, мунун аягы үчүнчү жолку кандуу революция менен аяктайт"

Кандай маселе болбосун өз көз карашын ачык айткан, шайлоо системасын өзгөртпөсөк элдин шору дагы 10 жыл кайнап, аягы кан төккөн революция менен акташы мүмкүн деген Азимбек Бекназаров менен кыргыз сяасатындагы айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк. -Азимбек Анаркулович, Атамбаевди жана Апрель телеканалын сотко берген үч саясатчыга райондук сот экс-президент 100 миңден төлөп берсин деген чечим чыгарыптыр. Соттун чечимине канааттандыңыздарбы? -Бул маселе боюнча азыр ...

0 241

Текебаевдин ишин БУУ расмий каттоого алды

“Ата Мекен” партиясынын лидери, ЖК мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча кыргызстандык укук коргоочулардын кайрылуусу расмий каттоого алынды. Ишти Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитетине жиберген “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын билдиргени боюнча, бул комитеттин эксперттери кайрылууну кароого кабыл алышты дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу маалымат укук коргоочуларга 26-февралда берилген. “Адилет” укуктук клиникасы Өмүрбек Текебаевдин ишин кароо өтүнүчү ...

0 313

Зилалиевдин баласы, ата-энеси да кысымга алынуудабы?

Экс-президент А.Атамбаевдин учурунда Мамлекеттик мүлк фонду, Экологиялык жана техникалык инспекция сыяктуу майлуу-сүттүү кызматтарды ээлеп, эбегейсиз байып алган, үйүн тинткенде бир ЗИЛ доллар чыккан Дүйшөнбек Зилалиевдин азыркы абалы мышык ыйлагыдай. Тилекке каршы ал күнөөсүн моюнга алып, кыргыз элинен кечирим суроонун же жеген-ичкенин мамлекетке кайтарып берүүнүн ордуна “ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деп, жантыгынан жата калып актанууда. Ушул жумада болсо анын атынан ага ...

0 264

Абылгазиев социализм курганы жатабы?

  Премьер-министр М.Абылгазиев экономикалык кандай ийгиликтерди жасап жаткандыгын жакшы билбейт экенбиз, анткен менен сүйлөгөндө оозду ачырып, кээде “социализм курулат” дегендей сөздөрүнө ишенгиң да келип кетет экен. Ал өткөн жумада жакынкы жылдары республикабыз дүйнөдөгү алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кошула тургандыгын “Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу конференцияда билдирди. “Бүгүн жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө биздин 730 миңдей мекендешибиз эмгектенишүүдө. Бардык кыйынчылыктарга ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 565

Кийим, килем, оюнчук... Эркекти булар тукумсуз кылат деп ким ойлоптур

Бифенил адамдын саламаттыгы үчүн өтө кооптуу зат деп айтылганына карабай, айрым өндүрүүчүлөр аны буюм-тайымды жасоодо кошуп жиберет. Тиричилик буюмдарынын курамындагы айрым химиялык заттар эркекти тукумсуздукка алып келерин Medical Xpress журналына шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды. Мындай чечимге келүү үчүн Ноттингем университетинин окумуштуулары иликтөө жүргүзгөн. "Кийим-кечек, электр жабдуулардын зымдары, килем жана оюнчуктун курамында кездешчү диоктилфталат, бифенил сыяктуу химиялык заттар эркектин бел суусуна терс ...

0 240

Россияда мусулмандардын саны өсүүдө

Орусия муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин 15 жылдан кийин Орусия калкынын 30 пайызын мусулмандардын төзөрүн айтты. Гайнутдин борбор шаар Москвада катышкан бир конференцияда Орусияда мусулмандык факторунун исламды кабыл алган орустардын санындагы өсүү менен дагы да маанилүү абалга келерин белгиледи. Орусияда мусулман санынын күн өткөн сайын өскөндүгүнө көңүлдөрдү бурган Гайнутдин : «Адистердин болжолуна караганда 15 жылдан кийин Орусия калкынын 30 пайызын мусулмандар түзөт»,- ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83