www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (7207)

0 70

Ар бир төрөлгөн наристе 50 миң сом карыз болуп төрөлөт

Каржы министри Кыргызстандын тышкы карызы 2019-жылдын 31-мартына карата 4 миллиард 452,22 миллион (мунун 660 миллионго жакыны ички карыз) доллар экенин, ( кыргыз сому менен 310 миллиард 986,13 миллион сом) бул карыз акчаны ар бир жаранга бөлүштүрүп эсептегенде, 695,65 доллар боло турганын маалымдады. Бул көрсөткүчүң кыргыз акчасы менен 50 миң сомго жакын каражат болот. Демек, ар бир төрөлгөн наристебиз төрөлөрү ...

0 113

Генерал Мирзаматов башкаларга жалган күбөлүктөрдү да жасап берген

2017-жылы өкмөт башчынын токтому менен мекемелер аралык комисия тузүлгөн. Ал комиссия "мен союз мезгилинде ооган согушуна катышкам" ~ деп, өкмөттөн айына 6 миң сом пенсия алган ардагерлерди текшерүүгө ала баштаган. Натыйжада 200ге жакын адам ал согушка катышпай эле, 7 жылдан бери, тааныш-билиш аркылуу "ооган согушунун ардагери" деген жалган күбөлүк жасатып алышканы ачыкка чыккан. Алардын ана башында генерал Рысбек Мирзаматов ...

0 251

Кел-кели келдиби?

Өмүрбек Субаналиев Акаев, Бакиевдин башкаруу заманында чоң кызматтарды ээлеп, өзүн көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок Атамбаев заманында четке сүрүлүп, бош жүрдү. Эми Жээнбеков заманында багы кайрадан ачылып, кызматка келген. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болгонуна деле көп боло электе, УКМКнын башчысы Идирис Кадыркулов кызматтан кетти. Анын кызматтан кетиши, Субаналиевге оомат алып келчүдөй болуп тургансыйт. Көпчүлүк, бул кызматка аны татыктуу кадр ...

22-май 2019, 13:58 | 251
0 420

ТЭЦти ТЭОсу жок модернизациялаган Айбек Калиев кылмыш ишинде бир катар документтер жок дегиси келеби?

Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо 386 миллион доллардын 111 миллиондон ашууну «изин суутуп» кеткени тергөөдө аныкталган. Тактап айтсак, модернизациялоо ишинде жабдуулардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 2-3 эселеп көбөйтүлүп көрсөтүлүп, эптеп эле 386 миллион доллар деген сумманы чыгаруу аракети жасалган экен. Ошентип бул коррупция ишине айыпталып бир нече экс-чиновниктер камакка алынып, алардын үстүнөн соттук териштирүүлөр жүрүп атканы белгилүү, деп жазат Беспредел KG-КР. Мына ...

0 139

АУДИО - Кол тийбестикти алуу мыйзамына кол койду

Аудиофайл 22-май 2019, 12:15 Кызгалдак Жакыпова

Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамына кол койду. Бул мыйзам долбоорунун авторлору депутаттар Масалиев менен Зулушев. Аталган мыйзам долбоорун 111 депутат колдоп, 3 депутат каршы добуш берген. Экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселеси ишке ашканы менен, бул маселе бир топ оор процедуралар менен коштоло турган болуп калды. Ушул себептен улам, мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири Масалиев өзүнүн жазган мыйзам ...

0 834

АУДИО - Кармалды, кармалган жок – сүйөт же “сүйбөйт”

Аудиофайл 22-май 2019, 12:08 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук госпиталдын көз хирургия бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева операция үчүн 30 миң сом пара алгандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалганы, бирок көп өтпөй үй камагына чыгарылганы ЖМКларда кабарланган. Анын адвокаты Иманбаевага эч ким кармабаганын, операция боло турган адамга керектелүүчү дары-дармекке кеткен каражаттар Салтанат айымдын чөнтөгүнөн төлөнгөнүн, оорукчан адам бекер операция болгонун айтты. Айтор, бул жагы да анчалык чындыкка кошпой тургансыйт. ...

0 153

Сүрөт - Узарбек Жылкыбаев: "Мигранттар аш бербей, завод курса"

Москвадагы сапардан. Узарбек Жылкыбаев: «Кайсы жерде болбосун элибиздин нарктуулугу, жигиттердин намыскойлугу сыймыктандырат. Озубуздун миграциядагы жарандарыбыз- эн реалдуу инвесторлор. Анткени алар байыса да эч жакка кетип калбайт. Жер-жерлерде ишкерликке шартты тузуп тим болбой, колдоону колго алабыз. КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин Москвадагы мекендештер менен жолугушуудагы сөзүнөн үзүндү: - Урматтуу мекендештер, туура силер өлкөбүзгө өтө чоң жардам берип келе жатасыздар. ...

0 914

Райымбек Матраимов менен түз сүйлөшкүңүз келеби? - Анда анын төрүнө кош келиңиз...

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кыргыз элине "кайта-кайта" айта берип таанылткан ылакап аты "Райым миллион" Фейсбук социалдык тармагына  Райымбек Матраимов өзүнүн жеке баракчасын ачты.  --Урматтуу фейсбук колдонуучулары! Буга чейин соцтармактарда катталган эмес элем. Бирок, көпчүлүк мекендештеримдин суроолору боюнча фейсбук баракчамды ачтым. Мындан ары жакындан баарлашып турабыз деп ойлойм, - деп пикир жазып калтырган. Андан сырткары Матраимов өздүк баракчасына өзүнүн жана ...

0 281

Алтынбек Сулайманов менен Мурашевдин кадырына «Кара көлөч» антисыйлыгы ыйгарылды

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге Бизнес жана базарлар ассоциациясы «Кара көлөч» аттуу антисыйлык ыйгарышканы белгилүү болду. Бул тууралуу Тикенек жазып чыкты.  Мындай сыйлык өлкөбүздүн ишкерлеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында ыйгарылган.  Демек, аталган министр өзүнүн ишин жөндөй албай, жөн гана креслого күч келтирип отурганын түшүнүүгө болот. Чындыгында эле Айыл чарба министрлигинин иштей албай жатканынан улам дыйкандар ...

0 218

Жамшитбек Калилов качкан эмес Кыргызстанда эле...

Тендердин айынан чыр чыгып, кызматынан кеткен КР транспорт министри Жамшитбек Калиловду айрым жергиликтүү басылмалар Кыргызстандан "кычык-пычыктан" көрүнбөй калды же “жылт” койду деп жазып чыккан эле. Бактыга жараша мурдагы  министр ушул тапта Кыргызстанда. Учурда сот иштери менен алек болуп жаткандыгын ишенимдүү булактар билдирди. Баса, мурдагы транспорт министри Калиловдун орун басары 50 миң АКШ долларын сол чөнтөккө ...

0 119

Аскер Алиев, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору: “Мекемеде тартип орноп көмүү үчүн көр ээлеп коюуга тыюу салынды”

-Аскер Тукешович, биз билгенден сиз мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү баскычтарынан баштап30 жылдан бери эмгектенип келесиз. Бул эмгектериңиз бааландыбы? - Туура. Мен 1989-жылдан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, Фрунзе шаарынын Ленин райондук аткаруу комитетинин катардагы кызматкеринен баштап ар кандай жетекчилик кызматтарда иштедим. Мамлекет жетекчилиги ишеним көрсөтүп1995-жылдан 2001-жылга чейин Токтогул районунун башчылыгына, андан кийин Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясына, 2007-2009-жылдары Аксы райондук ...

0 60

Аймактарды өнүктүрүү жылында 91 мектеп өзгөчө статус алган

Быйыл 2265 мектепте 50 миңден ашык бала 11-классты, 96 миңдей бала 9-классты бүтүрөт. Санариптештирүүнүн алкагында 1866, башкача айтканда, 89 % мектепке интернет туташтырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 91 мектеп өзгөчө статус алды. 30 мектеп ар кандай лаборатория, окуу жабдыктары менен жабдылды. 2018-2019-окуу жылында 5-6-класстар жаңы ...

0 85

"Ачык өкмөттүн" улуттук форуму жыйын өткөрөт

«Ачык өкмөттүн» улуттук форуму кезектеги жыйынын өткөрөт. Анда катчылыктын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин кеткенине байланыштуу жаңы жетекчини дайындоо жол-жобосу талкууланат. Бул тууралуу форумдун мүчөсү Эркинай Убышева билдирди. Мындан сырткары «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруудагы, мекемелердин ишмердүүлүгү жана аларды менчиктештирүүдөгү ачыктык маселелери көтөрүлөт. Мунун алдында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлү Пьер фон Аркс кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусуна жооп кайтарып, ...

0 179

Мындан ары Huawei смартфондорунда Google иштебейт

Аудиофайл 21-май 2019, 17:26 Кызгалдак Жакыпова

Google компаниясы Android оперативдик системасын камтыган кытайлык Huawei маркасындагы телефондорго чектөө киргизет. Мындан ары жаңы чыгарылуучу смартфондордо Google жана Gmail сыяктуу тиркемелер иштебейт. Мындай чечимге Дональд Трамп кол койгон. Буга себеп, соода тармагындагы АКШ менен Кытайдын тирешүүсү экени айтылууда.  Ал эми Google Play жана Google Play Protect тиркемелери Huawei смартфондорун колдонуучуларга өз кызматын улантат. Бул жаңылык тууралуу Huawei компаниясы билдирүү ...

0 113

"Улуттукэнергохолдинг" ишканасы жоюлабы?

Мындай демилге буга чейин да сөз болуп келген. Ал демилге «Республика — Ата Журт» партиясы тарабынан мурда дагы айтылган болчу. Кечээ ЖКнын отун-энергетика комитетиндеги жыйында «Республика — Ата Журт» фракциясы өкмөткө «Улуттукэнергохолдинг» ААКны жоюуну тапшырды. Аталган партиянын депутаттары Улуттукэнергохолдинг өзүнүн түзүлүү максатын актаган жок дешти. Түзүлгөнүнө канча жыл болсо да жарытылуу жылыштардын болбогонун айтып, энергетика министрлигин түзүүнү сунушташты. Ошондой эле өкмөткө ...

0 50

"Мобильник" компаниясынын лицензиясын кайтарып алды

Мындай кадамга "Мобильник" электрондук капчыгынын Улуттук банктын талаптарын бузуп келгени себеп болгон. Бул тууралуу банктын сайтында жарыяланды. Мындан тышкары, "Моменталдуу төлөмдөрдүн бирдиктүү системасынын" лмцензиясы убактылуу токтотулду. Бул дагы "Мобильник" капчыгына тагылган айып менен күнөөлөнүп жатат. Улуттук банк "Мобильник" компаниясынын лицензиясын ушул жылдын февраль айында эле убактылуу чектеген. Анда электрондук капчыктын колдонуучулары айрым операциялар сапатсыз болуп жатканын айтып, даттанышкан. Мындан соң бир ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 694

АУДИО - Түндүк-түштүк жолунун бактысын Азия банкы ачмай болду

Аудиофайл 21-май 2019, 17:16 Кызгалдак Жакыпова

Түндүк-Түштүк жолунун жалпы узундугу - 433 чакырым. Азыр анын Балыкчы шаарынан Кочкор айылына чейинки, Кочкор айылынан Эпкин айылына чейинки бөлүгүндөгү 68 чакырым жолду каржылоо маселеси калды, калган бөлүгү толугу каржыланып бүттү. Ошондон улам, буга чейин Азия өнүктүрүү банкы менен каржы маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев билдирди. Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы Түндүк-Түштүк жолунун күрулушуна 78 ...

0 1668

Азимбек Бекназаров, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айткан сөзүн ачыкка чыгарды

Саясатчы Азимбек Бекназаров, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айткан сөзүн ачыкка чыгарып, «Жаңы ОРДО» гезитине берген маегинде айткан. Аппаратыңдагылар сага баш ийбейт, башка күчтөргө баш ийет деп катуу айтканыңыз чындыкпы?  —Ошентип эле катуу айттым. Фактылап далилдеп да айтып берсем, ошондойбу деп калды. Кошоматчыларды эмес, күчтүү адамдарды жаныңа топто дедим. Биринчи жолукканда эле дипломатиялык этиканы кармап сүйлөшөлүбү же илгеркидей Соке, Азике болуп ...

0 181

“Коопсуз шаар” долбоору конучуна кирбесе болду

Өткөн жумада эле жол эрежени бузгандардын саны 108 миң 137ге жеткендиги расмий белгилүү болду. Тийиштүү мекеменин түзгөн протоколдорунун ичинен “Коопсуз шаар” долбоорунун ишинин жыйынтыгы менен 42 миң 168 эреже бузуунун акчасы төлөнгөн. Бул жалпы сандын 44,5 пайызын түзөт. Учурда “Коопсуз шаардын” биринчи этабы ишке ашып, экинчисине даярдыктар башталды. Маалыматтарга караганда калаанын ар жерине кошумча 19 камера орнотулган. “Коопсуз шаар” ...

0 138

Депутат Бокоев өз мыйзамын артка кайтарып алды

ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорун артка чакыртып алды. Ал мыйзам долбоорунун негизин, кандай кылмыш болсо да, бир эле жылга соттолгон жаран соттуулугу жоюлуп же алынып салынган күндө да, жөнөкөй участкалык милиционер, МАИ кызматына орношо албайт, биздин прокуратура, УКМК сыяктуу укук ...

0 154

АУДИО - Пара… Пара… Пара… Дуемся!

Аудиофайл 21-май 2019, 15:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын ишенген кызматы эле УКМК болчу. Баардыгы жашыруун болгондуктан бул мамлекеттик мекемеде баардык сырлар катылып, ал тургай көп кылмыш иштердин баяны толук бар деген да түшүнүк бар. Бул туурасында "Факты.kg" гезити жазып чыкты.  Анан калса, өлкөдөгү болуп жаткан ар кандай теңирден тескери иштердин, аты жаман коррупциянын деле сазынан сууруп чыгат деген ишенген тармак дагы ушул мекеме болчу. Милициянын деле ...

21-май 2019, 15:32 | 154 | Аудиофайл
0 1336

АУДИО - Жамшитбек “жылт” бериптир дейби?

Аудиофайл 21-май 2019, 15:31 Кызгалдак Жакыпова

“Тендер – теңин бер, жол салуу – кол салуу” сөздөрү уялаган транспорт министрлигинин “колу туткак” орун басарынын иши кечээ каралып башталды. Бул тууралуу "Факты.kg" гезити жазып чыкты. Белгилүү болгондой ошол кездеги министр Калиловдун ою жаман орун басары ири суммадагы пара алып жатканда кармалган. Бул иш боюнча белгилүү болгондой, аталган кылмышка байланыштуу тергөө аяктап, 2-майда соттук териштирүү башталмак. Бирок, күбөлөрдүн ...

21-май 2019, 15:31 | 1336 | Аудиофайл
0 393

АУДИО - Ош базарына жакын жерден жигитти бычактап кетишти

Аудиофайл 21-май 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

20-майга караган түнү Бишкектеги "Ош" базарына жакын жерден бир жигит бычакталганын окурман билдирди. Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков мындай факты болгонун ырастады. Бул тууралуу "Мантыш" гезити жазып чыкты. "Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги супермаркеттин жанынан 22 жаштагы жигит бычакталган. Окуя 20-майда саат 3:00дөр чамасында болуп, кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери дароо келген", - ...

0 88

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды

Аудиофайл 21-май 2019, 14:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды. Элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке ...

0 147

АУДИО - Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Аудиофайл 21-май 2019, 14:27 Кызгалдак Жакыпова

«Ачык Өкмөт» долбоорунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын 18-майда расмий билдирди. Иманкадыр Рысалиевдин мындай кадамга «КТМобайл» компаниясынын айланасындагы окуяларга байланыштуу барган. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссиянын 17-майдагы жыйынында «Альфа Телеком» (Мегаком) ишканасынын башкы директору Акылбек Жаманкулов Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуу болгонун ачыктап, «үй бүлөңдү ойло, каматам, түбүңө жетем» деген СМС билдирүүлөр бар экенин айткан ...

0 475

АУДИО - Батукаевдин артынан, Акун, Рысалиев, Атаханов камалабы?

Аудиофайл 21-май 2019, 14:18 Кызгалдак Жакыпова

Далай кыргызды азапка салып, кулагын кескен кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан тергелип жатышы коомчулуктун алкоосуна арзууда. Кыңыр иш кырк өтсө да казылып, күнөөкөрлөр өз жазасын алсын деген талап жаңырып жаткан чагы. Анткени, мамлекетте мыйзамдуулук орноп, тартип өкүм сүрмөйүн өнүгүү болбойт. Буга чейинки тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалган эле, ушул жумада мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева суракка чакырылып, андан кийин ...

0 93

"Кыргызтелекомдун" бир эле филиалы 4,7 миллион сомду майга коротобу?

Мамлекеттик каражатты сарамжалдуу пайдалануу боюнча маселе коомчулукта тынбай көтөрүлгөнү менен кулагы дүлөй чиновниктердин угар түрү жок. Өлкөнү сыйлабаган жегичтерге мыйзам алкагында катаал шарттарды киргизбесс болбой калды. Анткени, сатып алуулар боюнча өкмөттүк сайтка башбаксаң төбө чачың тик турат. Бирөөсүн эле мисалга тартсак, «Кыргызтелекомдун» Чүй облусундагы филиалы 5 миллион сомго чукул каражатка, тактап айтканда 4 миллион 682 миң сомго күйүүчү майга ...

0 149

Ибраимов менен Кулматов абакта калды

Кечээ Бишкек шаардык соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин карады. Айта кетсек, 2-май күнү Бишкектин Ленин райондук соту айыпталуучулардын тергөө абактагы мөөнөтүн эки айга узарткан. Ага макул болбогон жактоочулар шаардык сотко даттанып, экөөсүнүн бөгөт чарасын өзгөртүүнү, үй камагына чыгарууну жана кылмыш иштерин бөлүп кароону өтүндү. Сот бул өтүнүчтөрдүн барын четке кагып, экөөнү тең абакта калтырды. Эске ...

0 82

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 11-апрелинде кабыл алынган. Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде кайталанып жаткан жоболорду жокко чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиндеги «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шилтемелерди туура ...

0 185

АУДИО - 10 жылдан кийин кандай самолётто учабыз?

Аудиофайл 21-май 2019, 14:23 Кызгалдак Жакыпова

Улуу Британиянын жаңы технологиялар боюнча борбору авиажүргүнчүлөрдү ташуу тармагында бурулуш жасаганга даяр. Алар самолёттордун терезелерин алып салып аларды самолёттун узундугу менен барабар болгон сенсордук дисплей менен алмаштырууну пландашууда. Мындай экрандар самолёттун тышына орнотулган камера аркылуу сыртты ичкериге көрсөтүп турат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында терезелер жүргүнчү ташыган самолёттор үчүн керексиз жүк экен. Терезесиз жалаң дубалдан турган самолёт бекем болуп, жука да жасалат. ...

0 448

Адам териси менен мукабаланган китеп

Гарвард университети дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын катарында турат. Университет аны бүтүрүп чыккан миллиардерлердин көптүгү жана абдан чоң китепканасы менен даңкы чыккан. Дал ушул китепкана Гарварддын атын жаман жагынан дүңгүрөттү. Жакында китепкана кызматкерлери китептерди кайрадан тизмектеп жатышып сырткы мукабасы шек туудурган 3 китеп таап алышкан. Адистердин жардамы менен бул китептердин мукабасы адамдын терисинен жасалгандыгы белгилүү болду. Бир китептин тышы адамдын али ...

0 135

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Аппарат Жетекчиси Шамил Асымбековду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.     

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 112

Мурат Мукамбетов Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду

Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.  Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш  операторун түзүүнүн, Ачык Өкмөт Улуттук форумунун Катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды.  

0 343

Алмазбек Атамбаев доого жыккан юристтер соттон утуп алды. Ошондо Дача СУга кулаган жүк Атамбаевдикиби?

Жогорку Сот өткөн жумада экс-президент Алмазбек Атамбаев жана юристтер Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунованын ишине чекит койду. «Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди», — деп айыпка жыгылган юристтердин иши каралып, алар сот доочуга өндүрүп берүүчү 10 миллион сом айып пулду төлөбөй турган болушту. Бул чечим дароо күчүнө кирет жана даттанууга жатпайт. Эске сала кетсек, буга чейин 2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек ...

0 878

АУДИО - Азимбек Бекназаров: “Матраимовдун маселе чечкендей, кызматта жок”

Аудиофайл 21-май 2019, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров, жергиликтүү “Жаңы ОРДО” гезитине эл арасында кызуу талкууга алынган Райымбек Матраимов тууралуу пикирин билдирди. --Атамбаевдин учурунда маселени шопур чечип калган болчу. Азыр Матраимовду ошондой абалга жеткирип, коркунуч жаратчу фигура катары көрсөтүп жаткан жокпу? —Шопур кандай маселе болбосун ачык чечкен. Матраимовдун маселе чечип жатканын билбейм. Ал азыр кызматта жок. Атамбаев ...

0 719

АУДИО - Эки депутаттын эрөөлү

Аудиофайл 21-май 2019, 10:48 Кызгалдак Жакыпова

Акыйнек айтышуу шаар кеңешине да жетиптир. Эми депутат болгон элдин талабын айтып, талашып тартышса эмнеге болбосун. Бирок, бул эки депутаттын тиреши башкада. Эки депутаттын этикага сыйбаган кайым айтышы социалдык тармактарда талкууга түштү. Бул депутаттардын жүрүм-туруму сынга кабылган алгачкы учур эмес. Көчөдөгүдөй эле кер-мур айтышкан Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттар Жумабек Салымбеков менен Канатбек Музуралиев калаадагы маанилүү маселенин деле талашып жатышкан жок.

21-май 2019, 10:48 | 719 | Аудиофайл
0 160

АУДИО - Адалсынган "бажанын" оозунан, 950 евро чыгыптыр

Аудиофайл 21-май 2019, 10:38 Кызгалдак Жакыпова

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюму каржылаган эл аралык "Ачык өкмөт" уюмунун катчылыгынын башчысы Иманкадыр Рысалиевдин айланасындагы азыркы ызы-чуу, анын өкмөт башы Абылгазиевдин бажасы экени менен эле токтоп калган жок. Улам түрдүү жагдайлар орун алып жатат. Буга чейин Мегаком менен келишим түзүп 345 млн.сом төлөтмөкчү болгон "КТ Мобайл" чатагы менен башталган чыр, акыры аларды жумуштан ажыратып, аягы өкмөт башынын өлөсөлө ...

0 168

Топчубек Тургуналиев: “Мамлекеттик идеология деген бар, улуттук идеология жок”

Президент Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечимин былтыр 12-декабрда, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирип арадан көп өтпөй  Манас жана Чыңгыз Айтматов академиясын түзүү тууралуу жарлыкка кол койгону жалпыбызга маалым. Академиянын максаты «Манас» эпосун, кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу.

0 110

Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 10-апрелинде кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү. Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2 кодексине жана 8 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтканда: Токой кодексине, Салык кодексине ...

0 2589

Мухамедкалый Абылгазиев күйө баласын "Кыргыз Почтасына" биринчи орун басар кылган

Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин күйө баласы Урматбек Жакыпбековду «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасына биринчи орун басар кылып дайындаган. Өкмөт башчынын кан досу Саламаттыкты сактоо министирлигин башкарса, Абылгазиевдин бир тууган иниси досу жетектеген министирликте баңги заттар башкармалыгын көзөмөлдөйт деп депутат Ырыскелди Момбеков айтып чыккан. Буга чейин Иманкадыр Рысалиев «Ачык өкмөт» проектисинде жогорку кызматта иштей тургандыгы, ал премьер-министрдин бажасы экендиги ачыкка чыккан. ...

0 822

​Кубат Оторбаевдин атасы Табылды Оторбаев кайтыш болду

Кыргызстандын педагогика тармагы орду толгус жоготууга учурады. 2019-жылдын 18-майында көп жылдар өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого жумшаган кадырлуу педагог, эл агартуунун отличниги Табылды Оторбаев 75 жаш курагында каза болду. (Сүрөттө:солдо). Табылды Оторбаев 1944-жылы 18-августта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Атасы Абдырашит II Дүйнөлүк согушка аттанып, окко учкандан кийин Табылды Оторбаев таякелеринин колунда өскөн. Ат-Башы дарыясынын жээгиндеги Кызыл көпүрөгө жакын жердеги ...

0 3467

Мурдагы экс-президент Курманбек Бакиев салтка айланып калган ооз ачаар кечесин өткөрдү

Мурдагы экс-президент Курманбек Бакиев салтка айланып калган ооз ачаар кечеси Россия Федерациясына караштуу Санкт-Петербург шаарында өткөрдү. Аталган кечеге катышкан Россиядагы кыргызстандык мекендештерге мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары куттуктоосун окуп берди. Урматтуу Россия Федерациясындагы мекендештер!  Сиздерди Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Салиевичтин атынан ыйык Рамазан айы менен куттуктаймын. Ушул Улуу Рамазан айында жалпыңыздарга жакшылык каалайбыз! Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдө ...

0 67

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкуловду кабыл алды. Жолугушууда учурдагы абал жана эки өлкөнүн кызматташтыгынын келечеги тууралуу маселелер талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатында Казакстан негизги өнөктөштөрдүн бири экенин жана Кыргызстан мындан ары да ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. «Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташтык ...

0 69

Төрага Дастанбек Жумабеков Сербия Элдик Скупщинасынын Төрагасынын орун басары Веролюб Арсич менен жолугушту

Бүгүн, 20-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынына байкоочу катары катышкан Сербия Республикасынын Элдик Скупщинасынын Төрагасынын орун басары Веролюб Арсич менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарынын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Парламенттик-демократиялык өнүгүү жолун тандап алган Кыргызстан ...

0 1206

Өкмөт башчынын бажасынын Ачык Өкмөттөгү айлыгы 5000 евро болгон

Премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин айлыгы 5000 евро болгон, бул тууралы Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева билдирди. Иманкадыр Рысалиев Аскар Акаевдин пресс-катчысы болгон, кийин министрликке чейин жеткен. Курманбек Бакиевдин учурунда дагы чоң кызматтарда иштеген. Рысалиевдин уулу "КТ мобайл" компаниясында директордун орун басары болчу. Ишке кире элек компанияда Иманкадыр уулу Эрназар 300миңден ашык айлык алып жүргөн деп айтылат. Өкмөт башчынын бажасы ...

0 40

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Тажикстан Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров жолугушту

Бүгүн, 20-майда Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея Кеңешинин (ЖККУ ПА) көчмө жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Тажикстан Республикасынын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров жолугушту. Жолугушууда эки коңшу өлкөнүн саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштары талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстан Тажикстан менен болгон алакаларды арттырууга ...

0 242

Жан сакчыны эми эл сактайт

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы жан сакчысы, УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевди укук коргоо органдары дембе-дем коркутуп-үркүтүп, мыйзамсыз жол менен 20 млн сомдон ашуун мүлк топтогонсуң деп жатышы карапайым калк арасында да нааразылыкты жаратып баштады. Жан сакчынын киндик каны тамган Тоң районундагы Бөкөнбаев айылынын жашоочулары тынчтык митингге чыгышты. Анда чыгып сүйлөгөн КСДП партиясынын мүчөлөрү, айылдаштары менен жоро-жолдоштору, туугандары плакат-лозунгдарды ...

0 160

Коомчулук Президенттен "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча жумушчу топтун курамынан Иманкадыр Рысалиевди четтетүүнү суранат

"Мекенчил" партиясынын теңтөрагасы, коомдук активист Мелис Аспеков фейсбуктагы баракчасы аркылуу Президентке кайрылуу жолдоду. Кайрылууда төмөндөгү маани камтылган; "Урматтуу Президент "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча жумушчу топтун курамынан Иманкадыр Рысалиевди четтетүүнү суранабыз. Өкмөт башчынын бажасы сиздин идеяларыңыздын тазалыгына шек келтирди. Муну менен катар Өкмөт башчы туугандык байланышты күчөтүп, быйылкы жылы сиз приоритеттүү деп эсептеген сиздин "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча жакшы оюңузга көлөкө түшүрүп, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 35

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Мамлекеттик думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда  ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы Кеңешинин көчмө жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Россия Федерациясынын Федералдык  жыйынынын Мамлекеттик думасынын Төрагасы  Вячеслав Володин менен жолугушту. «Биз союздаш жана стратегиялык өнөктөш болгондуктан, Россия менен кызматташуу биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Россиялык достор менен болгон ар бир жолугушуу биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө кошулган салым ...

0 77

Өкмөткө кыргыз ай, күн, жыл календары тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди

“Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү” илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктары жөнүндөгү маселе Социалдак маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 20-майдагы жыйынында каралды.. Талкуу жүрүшүндө кыргыз ай, күн, жыл календары тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыга турганы белгилүү болду. Бул боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп иш алып барат. Мындай милдет Өкмөткө тагылып, аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды 2019 – жылдын ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83