www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (8401)

0 504

Некролог - Маркум Темирбаев Ашырбек Мойдуновичдин үй-бүлөсүнө Ак үй тарап көңүл айтты

16-июль 2019, 21:06 Кызгалдак Жакыпова

16-июлда 67 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Темирбаев Ашырбек Мойдунович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Темирбаев Ашырбек Мойдунович 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Эмгек жолун 1973-жылы Челябинск облусундагы Бакал шахта башкармасында өткөөлчүнүн жардамчысы, андан соң Кемеров облусундагы Дзержинский атындагы шахтада өткөөлчүнүн жардамчысы катары баштаган. 1975-жылы ...

0 398

ВИДЕО - Согушу жок өлүм, кыямат келдиби?

16-июль 2019, 19:24 Кызгалдак Жакыпова

Индиянын Ассам штатында тынымсыз жааган жаандан улам суу ташкындары күчөдү. Жаратылыш кырсыгынан 800 миңден ашуун киши жабырланып, 6 киши дүйнөдөн көз жумган. Азыр Брахмапутра, Беки, Бхарели, Дхансири жана Путимари дарыялары көтөрүлүп, аты аталган штаттардын 33гө жакын аймагын ээлеп алган. Жергиликтүү аба ырайын изилдөөчүлөр жаан аталган аймакта дагы 2 күн нөшөрлөй тургандыгын айткан.   Андан сырткары чет элдик ММКлар мындай ...

0 229

Жеңиш Разаков түштүк кореялык медициналык буюмдарды өндүрүү заводунун филиалынын ачылыш салтанатына катышты

16-июль 2019, 18:45 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бишкек шаарындагы «Би Кей Медикеар» түштүк кореялык медициналык буюмдарды өндүрүү заводунун филиалынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма-сөз кызматы маалымады.  Вице-премьер-министр компанияны ачылышы менен куттуктап, өндүрүштү өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады. «Бишкекте медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча цехтин ачылышы биздин өлкөнүн жана Корея Республикасынын ортосунда эки жактуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн ...

0 458

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Бишкектеги ооруканалардын биринде Ашырбек Темирбаев каза тапты

16-июль 2019, 18:24 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Бишкектеги ооруканалардын биринде Ашырбек Темирбаев каза тапты. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди. Эске сала кетсек Ашырбек Темирбаев 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Ал 66 жаш курагында жүрөк оорусунан кайтыш болду. Ашырбек Темирбаев бир нече мамлекеттик кызматтарды аркалап,  2012-жылдан бери өкмөттүн парламенттеги өкүлү кызматын аркалап ...

0 262

Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды

16-июль 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда кол койгон Жарлыкка ылайык Панкратов Олег Михайлович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.  

0 181

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

16-июль 2019, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы — Мамлекет башчысынын кеңешчиси Дастан Догоевди жана МТБМКга караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды. Президентке өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча милдеттердин аткарылышы тууралуу маалымат берилди. «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ...

0 619

Жогорку Кеңештин депутаттары Турцияда Мырзакматов менен жолугушабы?

16-июль 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

Бул жөнүндө VB.KG редакциясына өздүк булактардан билдиришти. Эске салсак, Дастан Жумабековдун жетекчилиги астында парламенттик делегация Турцияга расмий сапар менен жөнөп кеткен. Делегациянын курамына депутаттар Алмазбек Акматов, Талант Мамытов, Искендер Гайыпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров жана Канатбек Исаев киргизилген. Редакция мурда жазгандай , булардын акыркы экөөсү Москвада "Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Эми Искендер Гайыпкулов ...

0 281

Фоторепортаж - Төрага Дастанбек Жумабеков Түркиянын Президенти менен бирге «15-июлдун курмандыктарын эскерүүгө» арналган иш-чарага катышты

16-июль 2019, 14:40 Кызгалдак Жакыпова

Төрага Дастанбек Жумабеков Анкара шаарында Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен бирге «15-июлдун курмандыктарын эскерүүгө» арналган иш - чарага катышты. Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, мындан үч жыл мурда Түркияда төңкөрүш аракети жасалып, Анкара шаарында 250дөн ашуун адам каза тапкан. Булак: NazarNews.kg

0 259

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бейтапканасы ачылды

16-июль 2019, 12:35 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бейтапкана/госпиталынын ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы өз сөзүндө жазаларды аткаруу кызматынын бардык кызматкерлерин жана ардагерлерин, ошондой эле медициналык кызматкерлерди госпиталдын ачылышы менен куттуктап, жаңы бейтапканада сапаттуу медициналык кызматтар көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди. «Бүгүн укук коргоо органдарында, анын ичинде жазык-аткаруу тутумунда оңдуу өзгөрүүлөр байкалууда. Биз репрессиялык мамиледен ...

0 501

ВИДЕО - Жээнбековдун портрети менен ойногон мэриянын кызматкерлери кечирим сурашты

16-июль 2019, 12:09 Кызгалдак Жакыпова

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун портрети менен ойногон Бишкек мэриянын кызматкерлери жумуштан алынат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти. Айта кетсек, социалдык түйүндөрдө Сооронбай Жээнбековдун портрети менен кесиптешин ургулап жаткан кыска видео жарык көргөн. Анда кызматкерлер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы премьер-министр болуп турган кезинде өкмөттүн жыйынынан аткаминерлердин бирин “Чык эшикке” деп сыртка кууп чыккан сөзүн кайталап айтышкан. Ал эми бул видеодон ...

0 247

Курман айтка карата миң кой сатып алууга тендер жарыяланды

16-июль 2019, 11:08 Кызгалдак Жакыпова

Катар мамлекетинин кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү алдыда боло турган курман айтка карата миң кой сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу аталган уюм тараткан маалыматта айтылат. Ага ылайык, курман айт күнү муктаждарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга эт таратылып берилет. Тендерди жеңген тарап эки жашка чейинки, 20 килодо ашык эт берген койду жеткирүүгө милдеттүү. Ошондой эле ...

0 187

Токаев: "Маселенин баары өкмөттүн аракетине жараша болот"

16-июль 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 15-июлдагы жыйынында өлкөдөгү турак-жай маселесин акыркы кездери күчөп кеткен «социалдык курч маселе» деп атады. Токаев өкмөт бул маселени «дайыма өз көзөмөлүнөн чыгарбашы керектигин» билдирип, министрлер кабинетинен бул боюнча сунуштарды берүүнү өтүндү. «Биз белгилүү бир адамдардын турак-жай боюнча ашкере талаптары бар деп айта алабыз. Бирок мындан маселе чечилип калбайт. Мунун баары өкмөттүн аракетине жараша болот», ...

0 176

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

16-июль 2019, 10:52 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов жогорку окуу жайына документ тапшырды. Ал Самарканд мамлекеттик университетинин биологиядан сабак берүү медодикасын, ошондой эле Ташкент медициналык академиясынын Термез филиалынын дарылоо жана педиатрия факультетин тандады. Буга чейин Өзбекстанда 72 жана 78 жаштагы пенсионерлер жогорку окуу жайларына документ тапшырганы кабарланган. Өзбекстанда быйыл абитуриенттер үчүн жаш курак чектөөсү жоюлду жана бир эле учурда бир багытта үч жогорку окуу ...

0 165

Абылгазиев Балыкчы шаарындагы айланма жолдун курулушун аяктоону тапшырды

16-июль 2019, 10:42 Кызгалдак Жакыпова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Балыкчы шаарынын айланма жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Өкмөт башчы курулуш иштери жүрүп жаткан тилкелерди көрүп чыгып, жалданма уюмдар жана жергиликтүү жашоочулар менен маектешти. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, учурда Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолун реконструкциялоо долбооруна ылайык Балыкчы шаарынын айланма жолунда жасалма курулуштарды ...

0 148

Демократтар Трампты расист деп айыптоодо

16-июль 2019, 10:12 Кызгалдак Жакыпова

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттерге» Конгресстеги демократ аялдар тууралуу жазган билдирүүсүнөн кийин кескин сынга кабылды. Демократтар аны расизм үчүн айыптап жатышат. «Өздөрү өкмөтү толук бечел, жемкорлукка баткан, колдорунан эч нерсе келбеген мамлекеттерден чыккан Конгресстеги «прогрессивдүү» демократ аялдар Кошмо Штаттардын элине, дүйнөдөгү эң улуу жана кубаттуу өлкөнүн бийлиги кантип иштеши керек экенин айтып жатышканына көз салуу... Булак: NazarNews.kg  

0 503

Алмазбек Атамбаев: "Россияда, башка өлкөлөрдө досторум көп"

16-июль 2019, 09:54 Кызгалдак Жакыпова

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн аймагынан чыгып кетүү боюнча, 15 - июль күнү Кой - Таштагы чогулган жыйында журналистердин суроосуна жооп берип атып өз пикирин айтты.  «Мен өлкөмдөн эч жакка кетпейм. Мүмкүн 1-2 күнгө башка жерге барып келеттирмин. Бирок бул үчүн белгилүү мүмкүнчүлүктөр жана шарт болушу керек. Эгерде ушундай учур болуп калса мүмкүн сыртка чыгып келем. Бирок мен Кыргызстандан чыгып кетип, өлкөмдү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 224

Сот экс-депутат Ыргал Кадыралиевага 50 миң сом доо илди

16-июль 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Ленин райондук соту экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын үстүнөн жазылган учурдагы депутат Сагындык Келдибаевдин арызы боюнча чечимин чыгарды. Соттун канцеляриясынан алынган маалыматка караганда, Ыргал Кадыралиеваны Сагындык Келдибаевге моралдык компенсация катары 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Эске салсак, доо арызды Келдибаев өткөн жылдын июнь айында жазган. Буга Ыргал Кадыралиеванын маалымат жыйынында депутатты Россиянын жараны деген билдирүүсү себеп болгон. Келдибаев алгач ...

0 212

Жогорку сот бүгүн Текебаевдин ишинин жаңы жагдайларын карайт

16-июль 2019, 09:34 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу бүгүн, 16-июлда карап чыгат. Отурум кечки саат төрткө белгиленгенин партиянын юристи Таалайгүл Токтакунова маалымат булактарына билдирди. Өмүрбек Текебаевдин жана аны менен кошо соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын ...

0 1100

ВИДЕО: Ысык-Көлдүн тургундары президент Жээнбековго КАЙРЫЛУУ жасады

15-июль 2019, 17:31 Кызгалдак Жакыпова

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Биздин сизге кайрылганыбыздын себеби, Ысык-Көлдүн кулуну элдин уулу Садыр Жапаровдун азыркы учурда адилетсиз соттордун чечими менен абакта жатканы, баардык эле кыргыз элине белгилүү жана жүрөгүн оорутуп турат. Сиз шайлоо үгүттөрү жүрүп жатканда Кудай алдында ыйманыңыз таза экенин, эл сизди тандап шайласа тек адилеттүүлүктү бекем тутунаарыңызды баса белгилеп айтып жатасыз. Элге убада кылган ар бир убадаңызды кайталап ...

0 350

Эрдоган С-400дөр тууралуу маалымат берди

15-июль 2019, 17:13 Кызгалдак Жакыпова

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Орусиядан С-400 системаларын сатып алуусунун максаты, аймакта тынчтык жана улуттук коопсуздуктун корголуусу экенин айтты. Президент Эрдоган, газета жана телеканалдардын башкы редакторлору, айрым жазуучу жана академиктер менен Стамбулда «Вахдеттин» комплексинде жолугушту. Түркиянын С-400дөрдү сатып алып согушка даярданбагандыгын белгилеген Эрдоган: «Тынчтыкты жана өз улуттук коопсуздугубузду коргоого аракет кылып жатабыз. Коргонуу өнөр жайыбызды өнүктүрүүгө карата берки баардык ...

0 1068

Кыргызстандан чыгып кеткен Бусурманкул Табалдиев Түркияда...

15-июль 2019, 16:22 Кызгалдак Жакыпова

Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда ИИМ билдирди. --"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиевдин кайда экендиги такталбагандыгына байланыштуу ага издөө жарыяланды. Сотко чейинки өндүрүш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп билдирди ИИМ. Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, Бусурманкул Табалдиев Түркияда болушу мүмкүн. Анткени ...

0 516

Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин апааты тууралуу айтылды

15-июль 2019, 16:02 Кызгалдак Жакыпова

Нарын районунун Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жаткандыгы боюнча 2019-жылдын 8 июлда маалымат түшкөн.  Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы билдирди.  Маалыматтын негизинде Нарын райондук ветеринардык башкармалыктын жана ветеринардык лабораториясынын адистери менен биргеликте клиникалык кароо жүргүзүлдү жана жугуштуу ылаңдардын белгилери аныкталган жок.  Мындан сырткары өлгөн малдардан анализ алынып лабораториялык изилдөө жүргүзүлүп, изилдөөнүн жыйынтыгында “Нитрат ...

0 242

Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу күтүлүүдө

15-июль 2019, 15:55 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы жолу тажик лидери бул жерде 1993-жылы болгон. Эмомали Рахмон Исфарадагы иш сапары 20-25-июлга белгиленген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, ал жерде Рахмон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат. Ворух айылдык кеңешинин төрайымы Мехринисо Рахматованын айтымында, жергиликтүү жашоочулар Тажикстан башчысын тосуу үчүн кызуу даярдык көрүшүүдө. “Биз үйлөрдүн тышын сырдап, жолдорду асфальттап жатабыз. Жашоочулар президенттин келишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Баардык маселелер ...

0 196

Аида Салянованын тарапташтары президентке кайрылышты

15-июль 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тарапташтары анын бөгөт чарасын өзгөртүүгө чакырган жана ишти президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алышын өтүнгөн кайрылууга топтолгон колду бүгүн, 15-июлда президенттин коомдук кабылдамасына тапшырышты. Алар бул кайрылууга жети миңдей киши кол койгонун билдиришти. Анда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Аида Салянованы негизги күнөөкөр кылуу аракети жүрүп жатканы айтылат. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты ...

0 198

Аттестаттарды ката жазган кызматкерлерге чара көрүлдү

15-июль 2019, 14:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандагы ката менен чыккан аттестаттар алмаштырылып, бир кызматкер жумуштан алынды. Бул тууралуу “Учкун” ачык акционердик коомунун директору Дайыр Кенекеев билдирди. “Жумушта каталар болот экен, 222 миңдин ар бирин текшерип чыга албайт экенбиз.”Среднюю реднюю” деген каталары менен 24 даана аттестат чыккан. Анын негизинде бөлүм башчы жумуштан алынып, 690 сом берип документтер кайра жасалып берилди. Алты кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды”, — ...

0 279

Дастан Сарыгулов: "Нарындыктар малсыңар", "Таластыктар эл эмес" деген сөздү акылы бар адам сүйлөйбү?

15-июль 2019, 14:38 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин оозунан жакшы сөз чыкпайт. Бул тууралуу бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген кине менен айыпталып, шарттуу кесилген саясатчы Дастан Сарыгулов билдирди. Мурдагы мамлекеттик катчынын айтымында Алмазбек Атамбаев жалган - чынды кошуп, жоопкерчиликти сезбей сүйлөй бергендиктен, ал анын өздөрүнө көңүл бөлбөйт. -Мен анын сөзүн таптакыр укпайм. Ал ойду - тоону, чын - калпты сүйлөй берет. Жоопкерчилигин сезбейт. ...

0 449

Сатыбалдиев процессти өткөрүү шарттарына арызданды

15-июль 2019, 13:54 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча ачык отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда. Отурумдун башталышында айыпталуучулар процестти өткөрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүнү суранышты. Мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев залдын ичи ысык жана тар экенин белгиледи. Аны менен бирге мындан мурда кененирээк бөлмө берилери убада кылынганын эске салды. Соттун айтымында, бул нерсе андан көз каранды эмес. ...

0 6410

ВИДЕО - Съездбек Искеналиев элде жок ыр жаратты...Атамбаев аны концертине чакырдыбы?

15-июль 2019, 13:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандагы ортоңку муундагы кадыр-баркуу ырчылардын катарын толуктаган Съездбек Искеналиев эл катарында өзүнүн мыкты алып жүрүүсү, сабырдуулугу менен айрымаланат. Анын жеке репертуарында 60га жакын ырлары бар. Аталган ырчы өзүнүн күйөрмандарына “Кыргыз ааламы” деген ырын тартуу кылгандыгын  NazarNews маалымат агенттигине кабарлады. --Бул ырымдын сапатын өзгөртөйүн дедим. Анткени азыр ырлардын аранжировкасы окшош болуп, бири-бирин туурагандай. Эмне көп, ырчы көп? Жеңил желпи ырларга ...

0 1015

Эмилбек Каптагаев: "Бажыканада жалгыз эле Раим Матраимов иштептирби?"

15-июль 2019, 12:37 Кызгалдак Жакыпова

"Пушкинге жармашып Дантес тарыхта калды" - деп күлүп калчу элек, ошол сымак Раим Матраимовду эрмектей калып далай кишилер саясий упай топтоп алчудай болуп калды...аларга оңой, тобокелчилиги жок, машакаты жок жол ачылды ... өздөрүн баатыр кылып көрсөтүүгө... Учурда "Раим темасы" өтө эле "майлуу-сүттүү" темага айланды да калды... Матраимовдун маселесин бийлик чыгынып ары же бери кылып чечкичекти эптеп буту менен басып, ...

0 5016

Назира Айтбекованын кандай экенин кайын энеси ачыктады

15-июль 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Алып баруучу Назира Айтбекованын кайын энеси Роза Кенжешова мурдакы келини менен коом алдында ачык сүйлөшүп алууга даярдыгын билдирди. Бул тууралуу Facebook баракчасына жазды. «Атын чыкпаса жер өрттө дегенсип, бул айбан Назира Айтбекова кайра-кайра биздин үй-бүлөнү массалык маалымат каражаттарында тынчтык бербей кууратмай болду. Үч жылдан бери унчукпай койсок, башка чыгып кетмей адатын койбоду. Уулум менен ажырашканда бири-бирин сый менен, доо тийгизбей жүрөлү деген ...

0 208

Төрага Жумабеков Түркияга кетти

15-июль 2019, 12:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 15-июль күнү Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түркияга расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. “Иш сапардын алкагында Дастанбек Жумабековдун жогорку деӊгээлдеги, тагыраак айтканда, Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу күтүлүүдө. Ошондой эле, Жогорку Кеӊештин төрагасы “15-июлдун курмандыктарын” эскерүүгө ...

0 187

Кытай экономикасынын өсүшү 1990-жылдардагы деңгээлге түштү

15-июль 2019, 11:53 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылдын экинчи жарымында Кытайдын экономикасы 6.2 пайызга өстү. Бул 1990-жылдан берки эң төмөн көрсөткүч. Дүйнөдөгү экинчи ири экономиканын солгундаганы дүйнө жүзүнө таасир этет деген тынчсыздануулар айтылууда. Бээжин экономикалык өсүшкө түрткү берүү үчүн салыкты азайтып, банктар тоңдуруп турчу акчанын көлөмүн төмөндөттү. Бул аркылуу Кытай бийлиги базарда көбүрөөк акча жүгүрүп калат деп үмүттөнүп жатат. АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода согушу да ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 140

Элчи К.Өмүралиев ТУУЖдун төрагасы М.Шентоп менен жолукту

15-июль 2019, 11:16 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу болуп ѳттү. 2019-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу болуп ѳттү. К.Өмүралиев жана М.Шентоп Кыргызстан менен Түркиянын парламенттер аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилешти ...

0 192

Теңизбек Абжапаровдун абалы сыноодо…

15-июль 2019, 11:11 Кызгалдак Жакыпова

Ушул жылдын 18-июлунда КРнын Салык кызматынын жалпы кеңешмеси өтөт. Бул тууралуу өздүк булактардан маалым болду.  Анда быйылкы 2019-жылдын 6 айындагы салык жыйноонун маселелери ортого салынып, планга чыкпаган бир катар жетекчилердин жоопкерчилиги каралаары айтылууда. Ошол эле маалда жыйынга Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевдин да катышаары, ал былтыр аталган кызматтын башына дайындаган Теңизбек Абжапаровго 2019-жылдын бюджетинде бекитилген милтеттемелерди аткарбагандыгы үчүн чара көрөөрү ...

0 157

Аида Салянованы эркиндикке чыгаруу боюнча кол топтоо башталды

15-июль 2019, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы башпрокурор Аида Салянованын тарапташтары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү суранычы менен кол топтоону башташты. Эске салсак, экс- башпрокурор мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган. Салянованын сиңдиси Чинара Турдалиеванын айтымында, тарапташтары жана туугандары президен Жээнбековго петиция даярдашты. Ага азыр жети миңдей кол коюлду. "Биз мамлекет башчысынын сот чечимине аралашуусун суранган жокпуз, ...

0 177

Кадыралиева менен Келдибаевдин талашына байланыштуу сот чечими чыкты

15-июль 2019, 10:59 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеваны аны менен соттошуп келген депутат Сагындык Келдибаевге 50 миң сом моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирди. Келдибаев «Азаттыкка» мындай чечим 5-июлда чыкканын билдирди: - Эгер моралдык чыгымды төлөсө, мен ал каражатты балдар үйлөрүнө котором. Ыргал Кадыралиева бул ишке байланыштуу бир аз убакыттан соң комментарий берерин айтты. Сот чечиминде белгиленгендей, 2018-жылы Кадыралиева ...

0 146

УКМКнын мурдагы башчысына издөө жарыяланды

15-июль 2019, 10:56 Кызгалдак Жакыпова

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевге кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу ишинин алкагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. ИИМдин Тергөө комитети Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде сотко чейинки тергөө иштерин жасап жатат. Ал Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча маселеге байланышкан. "Аталган иликтөө иштеринин алкагында учурда кайсы жерде жүргөнү белгисиз болгон ошол кездеги Коргоо кеңешинин экс-катчысы ...

0 181

Түштүк Кореянын премьер-министри Кыргызстанга келет

15-июль 2019, 10:24 Кызгалдак Жакыпова

Түштүк Кореянын премьер - министри Ли Нак Ен 17-июлда расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Түштүк Кореянын премьер - министринин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков жана премьер - министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугары күтүлүүдө. Өкмөт башчылардын жолугушуусунда эки тарап саламаттыкты сактоо, медицина, электрондук өкмөт, транспорт жана инфратүзүм тармактарында кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашмакчы. Андан тышкары,  кыргыз - ...

0 598

Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу бүгүн акыркы сапарга узатылат

15-июль 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн 15-июлда, маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу акыркы сапарга саат 10:00дө Кара-Жыгач конушунда узатылат. Бул тууралуу маркум жубайлардын кызы Индира билдирди. Жайыл районунун аймагынан Көкөмеренге кулаган унаадагы 5 адамдын акыркысы — Илимбек Абдылдаевдин денеси 14-июлда саат 11:10 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 7-8 чакырым төмөн тараптан табылды. Буга чейин Молдакун Абдылдаевдин, анын жээн небересинин, жубайынын жана айдоочунун денеси табылган.  30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга ...

0 162

Түрк кондитери Путинге арнап пирог жасады

15-июль 2019, 09:20 Кызгалдак Жакыпова

Түркиянын Бурса шаарынын кондитери Хасан Аджар Россиянын президенти Владимир Путинге түрктөрдүн улуттук пирогун  жасап белек кылды. Аджар бул белегин Россиянын С-400 зенит-ракеталык комплексинин Түркияга келишине арнаган. ​Ал жасаган тамагы Путинге тез жетет деген ниетин билдирип, президентке "Тамагыңыз таттуу болсун", — деди. Түрк кондитери 2012-жылы 2023 метрлик бөрек жасап, Гиннестин рекорддор китебине кирген. Белгилей кетсек, Түркия С-400 зениттик-ракета комплексинин төрт ...

0 155

Кыйноону алдын алуу борбору Саляновага байланыштуу ЖАМКга кат жолдойт

15-июль 2019, 09:09 Кызгалдак Жакыпова

Кыйноону алдын алуу улуттук борбору камактагы мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын саламаттыгына байланыштуу жагдайга көңүл бурууну өтүнүп Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчилигине кат жолдойт. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Салянованы көрүп чыкканын "Азаттык" радиосуна 14-июлда билдирген. Салянова Сулаймановго саламаттыгы начарлап, кыйналып жатканын айткан. Буга чейин Аида Салянованын адвокаты анын ден-соолугуна кабатыр болуп, дарыланышы керектигин ...

0 194

Өмүрдүн чыныгы баркы, бактысы да ишенимде! Айтматовдун учкул кептери...

14-июль 2019, 20:20 Кызгалдак Жакыпова

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун учкул сөздөрүн сунуштайбыз. Кулагыңарга күмүш сырга болсун! Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы Александр Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн. 1956-1958-жылдары ...

0 298

Баткендеги үрөй учурган жол кырсык

14-июль 2019, 20:09 Кызгалдак Жакыпова

Окуя болгон жерге ӨКМден жети куткаруучу барып, каза болгон айдоочуну унаадан алып чыгышкан. Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Кара айылында эки унаа кагышып, 36 жаштагы айдоочу окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү маалымат булактарга кабарлады. Маалыматты ӨКМ да тастыктап, кырсык бүгүн, 14-июлда, саат 08:30дар чамасында болгонун билдиришти. Маалыматка ылайык, Honda Odyssey менен оор жүк ташуучу Howo унааcы ...

0 292

Кандын башын кан жейтти токтотсо болобу?

14-июль 2019, 19:22 Кызгалдак Жакыпова

Тирүүлүктө жашоо токтобойт Чексиз ойлор мээңди мыжыгат. Кадимкидей кол менен катуу кармагандай мээң лукулдайт. Жүрөгүң опкоолжуп кетет. Мамлекетти мурда, азыр бийлеп турган дөө-шаалардын кыл чайнашкан кармашынан бут алдыңдагы жер солкулдап турганына кантип кайыл болмоксуң? Анткени кыргыз өлкөсү болбосо кайдагы жашоо болмок эле? Өз өлкөң, өз үйүң, өз бир боордошторуң, мекендештериң бар үчүн жашоо керемет экенине ынанасың. Эзелтеден бери жер үстүнөн ...

0 170

Кыйноонун алдын алуу борбору Саляновадан кабар алды

14-июль 2019, 19:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыйноонун алдын алуу борбору Бишкектин №1 тергөө абагында кармалып турган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын абалынан кабар алды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов кабарлады. Анын айтымында, Салянова ага саламаттыгы начарлап, кыйналып жатканын билдирген. «Өзүнүн айтымы боюнча, «чынында эле кыйналып жатам» дейт. Күн ысык, камерасында желдеткич бар экен, аны иштетсе ооруп калып жатыптыр. Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик ...

0 225

АҢГЕМЕ: "Сүйүү сагынган гүлдөр"

14-июль 2019, 18:30 Кызгалдак Жакыпова

Гүл эжеге жолуккан күн эсимде. Ошол күн күз жамгыры аябай төккөн түндүн эртеси болчу. Айланада, бак-дарактарда, жалбырактарда, терезелерде, жолдордо көз жашка, шүүдүрүмгө окшоп тамчылар мөлтүрөп турган. Серүүн тарткан теребел жамгыр жыттанып, эрте күздүн салкын жели жүзүңдү аймалап, чачтарыңды учуруп, бут алдыңда жалбырактар каалгып, кусалуу сезимдер, жашоомо өзгөрүү, сүйүү эңсеген өзгөчө таң эле. Курулушта түнкүсүн иштечүмүн, таң эрте  жаткан батириме ...

0 165

Чүйдө түрмөгө нашаа алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

14-июль 2019, 17:36 Кызгалдак Жакыпова

Чүй облусунун Петровка айылындагы түрмөгө 3 киллограммдан ашык нашаа алып кирүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, милиция сөз болуп жаткан кишини түрмөнүн жанынан кармаган. Текшерүү маалында анын жанынан жети ором нашаа табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Булак: NazarNews.kg

0 438

АҢГЕМЕ: "Кудуктан чыгып келе жаткан чындык"

14-июль 2019, 17:04 Кызгалдак Жакыпова

Илгери бир жолу Чындык менен Жалган жолугушуп калышкан экен. Жалган «бүгүн күн жакшы болуп турат» деп Чындык менен учурашыптыр. Чындык асманды карап айланасына көз чаптырып чын эле бүгүн жакшы күн экендигине ишенет экен. Алар чоң кудукка чейин чогуу барышат. Жалган колун сууга салып, «жагымдуу жана жылуу экен, эгерде кааласаңыз чогуу чөмүнсөк да болот» деп Чындыкка кайрылыптыр. Чындык дагы шекшип ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 167

Нарын облусунда жер титирөө катталды

14-июль 2019, 16:36 Кызгалдак Жакыпова

Нарын облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 14-июлда саат 08:36да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Эпкин, Туз, Ак- Чий, Чолпон айылдарында - 3 балл, Кум-Дөбө, Комсомол, Көк-Жар айылдарында - 2,5 балл жана Кочкор айылында - 2 баллга чейин ...

0 179

Путин менен Зеленский Донбасстагы абалды талкуулашты

14-июль 2019, 16:14 Кызгалдак Жакыпова

Орусия президенти Владимир Путин биринчи жолу Украина президенти Владимир Зеленский менен телефондо сүйлөштү. Өлкө башчылары Украинанын чыгышындагы абал жана туткундарды алмашуу маселесин талкуулашты. Президенттер “Норманд форматында” сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу да кеп козгошту. Буга чейин Орусия президенти “Норманд төрттүгүнө” мүчө өлкө башчыларынын жаңы жолугушуусун Украинанын Жогорку радасындагы шайлоодон кийин уюштуруу керек экенин айткан. Путин сүйлөшүү форматын кеңейтүүгө каршы болгон ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83