www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (8401)

0 170

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Москва шаарына бир күндүк иш сапары менен барды

Аудиофайл 12-июль 2019, 10:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-июлда, Швейцарияга болгон расмий сапары аяктаганда бир күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарында болду. Сапардын алкагында ал Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу форматта өттү. Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Россиянын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ...

0 158

Премьер-министр өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды

11-июль 2019, 20:09 Кызгалдак Жакыпова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча атайын жыйын өткөрүп, алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов акыркы күндөрү Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Нарын облустарынын айрым тоолуу аймактарында сел жүргөн учурлар көбөйгөнүн билдирди. -Биздин айылдар менен шаарларды селден, жер титирөөдөн, жер көчкүдөн коргош үчүн жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алыш үчүн ...

0 205

Forbes эң көп акча тапкан атактуулардын рейтингин жарыялады

11-июль 2019, 19:47 Кызгалдак Жакыпова

Американын Forbes басылмасы эң көп акча тапкан белгилүү адамдардын быйылкы рейтингин жарыялады. Бул жылы тизменин сап башына ырчы жана актриса Тейлор Свифт жайгашкан. Анын бир жылдык кирешеси 185 миллион долларды түзгөн. Экинчи орунга Ким Кардашьяндын сиңдиси, «Кардашьяндар үй-бүлөсү» реалити-шоусунун катышуучусу Кайли Женнер жазылган. Ал бир жыл ичинде 170 миллион доллар тапкан. Рейтингдин үчүнчү сабына 150 миллион доллары менен рэпер ...

0 907

Жантөрө Сатыбалдиев: “Эмнеге бизди сотко кылмышкерлердей кылып, колубузга кишен салып алып келесиңер?

11-июль 2019, 18:32 Кызгалдак Жакыпова

Экс-премьер-министр, Жантөрө Сатыбалдиев, “Эмнеге бизди сотко кылмышкерлердей кылып, колубузга кишен салып алып келесиңер? деп, 10 - июлда өткөн Бишкектин Свердлов райондук сотунда ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактылары боюнча кылмыш ишинин сот процессиндеги жүрүшүндө айткан. “Соттун имаратын милиция менен курчап коюпсуңар, бизди болсо бул жакка  кылмышкерлердей, кол кишен менен байлап алып келесиңер. Биз али кылмышкер деп атала элекпиз да, күнөөсүздүктүн презумпциясы кайда? Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча эч ...

0 512

БОЛГОН ОКУЯ: "Кызганычтан каза болгон келин"

11-июль 2019, 18:16 Кызгалдак Жакыпова

Тоңдун Тогуз - Булак айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну зомбулуктун курмандыгы болду. Каза болгон келин 29 жаштагы күйөөсү менен элдин малын багып жайлоодо жашап журүшкөн. 16-июнь кунүк ызганычтын айынан үй ээси уруксатсыз сактап жургөн мылтыгы менен жубайын төшкө атып жиберген. Алган жаракатынан келин ошол эле жерден көз жумган. Кимдер коргойт, Кырылып бара жаткан келиндерди?! Ай, күнүм толук кезде, Аккан ...

0 934

Путин менен Жээнбеков бүгүн Атамбаевдин тагдырын чечеби?

11-июль 2019, 17:59 Кызгалдак Жакыпова

Журналист Айданбек Акматов бүгүн 11-июлда Кыргызстан президенти С.Жээнбеков Россия президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнө сарасеп салды.  Бүгүн, 11-июлда Москвада Кыргызстан президенти С.Жээнбеков Россия президенти Владимир Путин менен жолугушат. Орус президентинин расмий сайтында, кыргыз президентинин Москвага жумуш сапары жана президент Путин менен жолугушуусу жөнүндө гана маалымат берилген. Эки президенттин жолугушуусунун күн тартибинде кайсы конкреттүү маселе бар экени айтылган эмес. Сооронбай Жээнбеков 10-июлда ...

0 575

Сонунбүбү Кадырова: “Сооронбай Жээнбековдун саясаттагы кадамы туура”

11-июль 2019, 17:39 Кызгалдак Жакыпова

Белгилүү тележурналист Сонунбүбү Кадырова, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун саясатын туура деп эсептейт. Бул тууралуу пикирин NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди. --Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясаты туура. Тилекке каршы учурда жемкорлорду Жээнбеков бир тараптуу камап жатат деген сөздөр тарап жатат. Жемкорлордун жанында жемкор жүрсө жемкорду камайт да, анан мени кармайт беле. Ошол Атамбаевдин жанындагылар коррупцияга чыланып жатса, бийлик ...

0 1107

Улукбек Маматаев: “АША жубайын былыгы билинген соң “Раиса болбой калды...”- деп кетирип, жаңы аял алышы керек болобу?

11-июль 2019, 17:44 Кызгалдак Жакыпова

“Ак калпак” саясий партиясынын төрагасы, Улукбек Маматаев, “АША жубайын былыгы билинген соң “Раиса болбой калды...”- деп кетирип, жаңы аял алышы керек болобу?”, деп “Майдан. kg” гезити менен маек курган.  -Улукбек мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Соке болбой калды...”- деген аталышта өзүнө караштуу “Форум” имаратынын жанында өткөзгөн шоу-митинги жөнүндө кандай ойдо калдыңыз? Олуттуу нерсе уга алдыңызбы? -Ачыгын айтканда, элдин башын айлантуу, ...

0 975

Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат

11-июль 2019, 17:02 Кызгалдак Жакыпова

Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат. Мындай ниетин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димри мырза Ош облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен жолугушуу учурунда билдирди. Индия мелодраммаларындагы кооз табият, тоолор, көлдөр, кышкы табийгат Улуу Британия жана Шотландиядан тартылат. Бул өтө кымбат. Дал ошондой кооз табийгат жылдын 4 мезгилинин керемети Кыргызстанда да бар. Кыргызстандан тартылса, туризмди жайылтууга ...

0 229

Феликс Кулов: "Текебаев акталышы керек"

11-июль 2019, 16:27 Кызгалдак Жакыпова

"Ар - намыс" партиясынын лидери, Феликс Кулов, "Текебаев акталышы керек", деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. -Феликс Шаршенбаевич, мурдагы вице - спикер, «ата - мекенчи» Асия Сасыкбаева эгер 16 - июлда сот Текебаевди түрмөдөн чыгарбаса, «Ата Мекен» партиясы толугу менен оппозицияга кетерин билдирди. Сиз анын мындай позициясын кандай баалайсыз? -Бул туура эмес да. Ачык айтканда, зрелый саясатчы: мындай сөздү айтпашы керек. ...

0 381

Табылды Акеров:“Атамбаев өзүн Кудайдан кийинки адам, акыркы чындык деп билип алган”

11-июль 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

– Атамбаев суракка чакырууга келбей, өзүн мыйзамдан жогору коюп, башкаларды дагы мыйзамга баш ийбөөгө чакырып жаткан жокпу? – Ооба. Атамбаев Кыргызстанды 6 жыл башкарган мезгилде авторитардык  режим орноткон. Бийлигине таянып, ал өзүн Кудайдан кийинки адам, акыркы чындык деп билип алган. Тегереги да аны Кудайдан кийинки чындык катары сезчү. Ошого бүгүн кырдаал өзгөрүп кеткенине карабастан, ал дагы эле ошол образдан ...

0 250

ВИДИО: “Чык эшикке”. Зеленский чиновникти жыйындан кууп чыкты

11-июль 2019, 15:39 Кызгалдак Жакыпова

Украинанын президенти Владимир Зеленский Борисполь шаарында өтүп жаткан жыйында шаардык кеңештин катчысы Ярослав Годунокту залдан “кууп чыкты”. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты. Годунок жыйында сөз сүйлөп жаткандардын биринин сөзүн бөлгөнү үчүн Зеленский: “Көп сүйлөгөн чиновниктер тууралуу дароо интернеттен издеп, маалымат алам. Мурда соттолгон Годунок сенсиңби? Тезинен чыгып кет, чоң муштум, укпай жатасыңбы”,- деп аткаминерди жыйындан кууп чыкты. Президенттин бул сөзүн жыйындын ...

0 228

Манас Арабаевдин эркиндикке чыгып кетиши элге урулган сокку болду

11-июль 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

Өткөн жумада Манас Арабаев үй камагана чыгып кетти. Ага карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөө жана инвесторлордун мүлкүн тартып алуу боюнча айыптар коюлганы айтылган. Андан сырткары, мурдагы режим тушунда адам укуктарын тепселеп, саясый куугугауктарды уюштурганы да ЖМК беттеринде жазылып келген. А реалдуулукга болсо, Арабаевдин күңүрт иштери жең ичинен бычылгаңдай болуп, көп нерсе ачыкталбай, ал эркиндикке чыгып кетти. ...

0 177

Бишкекке Казакстандын премьер-министри келет

11-июль 2019, 15:18 Кызгалдак Жакыпова

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий иш сапары менен Бишкекке келет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Аскар Мамин 12-июл күнү расмий сапар менен келиши күтүлүүдө.  Иш сапардын алкагында ал Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрөт. Булак: NazarNews.kg

0 186

Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы Айбек Абдивалиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

11-июль 2019, 15:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин З-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жөндөмсүз болгондугунан улам Кыргыз Республикасынын ...

0 192

Атамбаев менен жактоочусу Слесаревдин бетине суу чачып ойготуш керекпи?

11-июль 2019, 14:10 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 10-июлда ИИМдин тергөө кызматынан экинчи ирет кайсы бир кылмыш ишине күбө катары сурак берүүгө чакыруу келип түшкөн. Бирок, бул жолу дагы ал суракка баруудан баш тартты. Эске сала кетсек, ага биринчи чакыруу 8-июлда келген. Анда да баш тарткан эле.  Атамбаевдин адвокаты Слесарев «Кол тийбестиги бар адамды суракка чакыруу менен алар мыйзамды бузуп жатышат» деп маалымат булактарынын бирине ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 167

Каргашалуу апрель окуясына Конгантиевдин тийешеси барбы?

11-июль 2019, 14:08 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин райондук соттон акталышы коомчулукта эки ача пикир жаратты. Жактагандар менен жамандагандар эки жаатка бөлүнүшүп... Реалдуу түрдө ой жүгүртсөк, Конгантиев 2010-жылдын 6-апрелинде Таласка барып, элден токмок жеп, жабыр тарткан. (Министр кезиндеги ишмердиги болсо башка кеп.) Ал эми 7-апрелде эл «Форумдан» чогулуп, аянтка баргандан кийинки башаламандыкка, адамдардын өлүмүнө анын тийешеси жок. Баарыбызга белгилүү болгондой, генерал ...

0 154

Паспорт кризисине ким жооп берет?

11-июль 2019, 13:50 Кызгалдак Жакыпова

Азыркы күнү премьер-министр Абылгазиевдин башын катырган олуттуу маселе - бул баардык тендерлерди көзөмөлдөөчү даттануулар боюнча комиссияга бир дагы активист же коомдук ишмер катышкысы келбей, минфин онунчу жолу конкурс жарыялап атканы. Мурунку УКМК жетекчилиги жөн жерден паспорт тендери боюнча кылмыш ишин козгоп, «артык кылам» деп атып, мамлекетке эбегейсиз чоң зыян алып келгенин билебиз. Литвалык «Гарсу Пасаулис» фирмасы тендерден утуп чыкса ...

0 162

Кытайлар мага берчини эмес, мамлекетке пайда келтирүүнү ниет кылат...

11-июль 2019, 13:43 Кызгалдак Жакыпова

Улуу державалардын алдыңкы сабында кытай өлкөсү турганы эмнеге байланыштуу? Элинин эмгекчилдигиненби, тартиптин катуулугунанбы, коррупцияга карата күрөштүн бекемдигиненби? Айткандарыбыздын баарынын жөнү бар. Башкы карманган багыттарында мандем жок. Дагы бир факторду байкоого болот. Ал кандай фактор экенине анда эмесе токтолуп кетели? Кичинекей Кыргызстанда учурда 200дөн ашуун атына заты төп келбеген партиялар бар экенин адилеттик министрлигиндеги маалыматтар тастыктап турат. Буйруса дагы жаңы ...

0 193

Жагынуубу, же жек көрсөтүүбү?

11-июль 2019, 13:45 Кызгалдак Жакыпова

Күч түзүмдөрүнүн тың чыкмалары да бир кылмыш ишти үч вариант менен кароону алда качан өздөштүрүп алышканы белгилүү. Анткени ошол “көмүскө” ыкмалары аркылуу бирөөлөргө кызмат кылууну, же болбосо окуяны башка өңүткө келтирүүнү алдын ала пландаштырып туруп анан ишке өтүшөт. Антпесе курсактары курулдап, көөнү ачылбай, кызматтан жогорулабай санаага батышат. Ошондуктан прокуратура, сот, милиция тармактарындагыларга нааразычылык күчөп жатпайбы? Айрыкча саясат жыттанган иштерге ...

0 166

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, продукцияларды Швейцарияга экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл

Аудиофайл 11-июль 2019, 13:16 Кызгалдак Жакыпова

«Биз биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, продукцияларды Швейцарияга экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Швейцариянын Берн шаарында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу ...

0 1184

АУДИО - Абдраимовдун "ачыла элек сандыгында" "пычыла" элек эмне балээ бар?

Аудиофайл 11-июль 2019, 13:19 Кызгалдак Жакыпова

Экс - министр Туйгунаалы Абдраимов аз күн мурда кызын турмушка узатып, Оштон куда күттү. Той эки тараптын шааниси менен жогорку деңгээлде өттү. Биз да эки жашка бакыт каалайбыз! Учурда эс алып аткан Туйгунаалы Абдраимовго Чүйдүн тыңчыкмалары келишип, саясатка активдүү түрдө аралашуусун суранып атышса, экинчи жагынан Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары азгырышып, бирге болууну айтып атышыптыр. «Жети өлчөп, бир кескен» Абдраимов азырынча ...

0 2123

ВИДЕО - “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” Каныкей япониялык ырчынын ырын уурдаганбы, же япониялык белгилүү ырчы Каныкейдикинби?

11-июль 2019, 12:43 Кызгалдак Жакыпова

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” аттуу рубрикабызды кайрадан окурмандарга тартуулайбыз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз. Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. ...

1 1253

Ширин Айтматова менен Гуля Алмамбетова психикалык жактан оорулуубу?

11-июль 2019, 12:25 Кызгалдак Жакыпова

Коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнө береги эки аял таанымал. Өзгөчө жүрүм - турумдары менен кеп болуп келишет. Эмесе, элди эриктирбей экөөнүн жүзүнө «черткилеп» коёлу. «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, буга чейин экс - депутат Ширин Айтматова акылдан адашкандай акция жасап, Райым Матраимовдун кадыр - баркына шек келтирген сүрөт тарттырып, орунсуз сөздөрдү жаздырган болчу. Коомчулук анын мындай ыксыз жүрүшүнө итиркейи келгенин ...

0 242

Тарых музейинин тагдырына кыйын болду

11-июль 2019, 13:40 Кызгалдак Жакыпова

Кызык суроо бекен? Чынында эле борбордун чок ортосундагы тарых музейинин “бактысы” качан ачыларын билбей баштары маң болуп турган чоңдордун өзүлөрүндө мандем бар. Эл аралык деңгээлде реконструкцияланган, заманбап өңгө келген, мурдагы ажо тарабынан табылган каражаттын амири менен шөкөттөлгөн бул музейди эмнеге ачпай кармап турушат? Бул чоң суроо жаратты. Ал эми буга шектелген Сапар Исаков менен мурдагы ак үйдүн кызматкери Мира ...

0 205

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганы «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады

Аудиофайл 11-июль 2019, 11:31 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганы жана Монголия элин «Наадам» улуттук майрамы менен куттуктады. «Сизди жана Монголиянын боордош элин „Наадам“ улуттук майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Ушул жылы Кыргызстанга жасаган расмий сапарыңыздын алкагындагы Сиз менен жолугушуумду жылуу сезим менен эстейм. Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык жана эки тараптуу күн тартиби боюнча иштиктүү пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Эки өлкөнүн ...

0 345

Азимбек уулуна мүмкүнчүлүк берсин

11-июль 2019, 11:27 Кызгалдак Жакыпова

Жылдар эмес, күндөр өткөн сайын өмүрдүн чети кертилип кете берет. 2000-жылдары Азимбек Бекназаров кырктан эми өткөн кылычтай курч мезгили болчу. Ошондо Акаевдин бийлигине каш кагып, камалган. Аксы окуясынын чордонунда болгондуктан эркиндикти самаган күнөөсүз жердештери окко учушкан. Андан бери карай жыйырма жылга чукул убакыт өттү. Учурда Азикең пайгамбар жашына келген чагы. Бирок, дале болсо бир койчолук алым бар деген сыпатта ...

0 477

АУДИО - Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы Айбек Абдивалиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Аудиофайл 11-июль 2019, 11:25 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин З-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жөндөмсүз болгондугунан улам Кыргыз ...

0 786

ВИДЕО - ФОТО - Нарын шаарында сел үйдүн ичине чейин кирип кетти

Аудиофайл 11-июль 2019, 12:04 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 10-июлда Нарын шаарында турак жайлардын короолорун сел каптады. Бул тууралуу жеринен Бактыгүл Жумабаева билдирди. Кечээ 10-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен үйлөрүбүздү суу каптап кетти. Анткени көчөлөрдө арык жок. Биздин гана эме5с ондон ашуун үйлөрдүн ичине чейин суу кирип кетти. Жергиликтүү бийлик келип кабар алды. Бул чыгымдарды эми ...

0 335

Күбө катары сурак берүүдөн корккон кабылан изинен кайтты

11-июль 2019, 11:00 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент А. Атамбаевдин адвокаты Слесарев: «ИИМ Атамбаевди суракка чакырганга негизи жок болчу. Себеби анын «КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери боюнча» мыйзам менен кепилденген кол тийбестиги бар. Ал эми 15.05.2019-жылы ага киргизилген өзгөртүүлөр Атамбаевге тиешелүү эмес. Конституция боюнча мыйзам аркага иштебейт», - деген жооп жасады. Мындан башка да бир нече жагдайларды айткандай болду. Бирок, биз адегенде мыйзам аркага иштебейт дегени ...

0 181

АУДИО - Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагындагы келишимдер

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:58 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында 10-июлда өткөн Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтер: — Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Швейцариянын Бириккен Соода палатасынын ортосундагы өз ара кызматташтык тууралуу документ; — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм Департаменти менен «Switzerland Tourism» ...

0 168

АУДИО - Равшан Жээнбеков бийликти сындоо менен мамлекеттүүлүккө пайда келтирүүдө

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:51 Кызгалдак Жакыпова

Саясатчынын оозунда эркин сөзү, бай идеясы жана эч кимге көз карандысыз позициясы болушу кажет. Элдин таламын талашуу менен дайыма бийлик агымына каршы сүзүү оңбогондой оор иш. Дал ушул жолдо Равшан Жээнбеков көп жылдардан бери өзгөрбөстөн, мамлекетчил көз карашынан тайбай, коомдогу болуп жаткан окуяларга карата өз чындыгын айтып келатат. Кимдир бирөөлөргө жагынуу, же бийликке кошомат кылуу (!) сыяктуу жат көрүнүштөрдөн жогору ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 421

АУДИО - Батукаевди өлкөдөн качырган чиновниктер эмнеге тегиз жазаланбайт?

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:43 Кызгалдак Жакыпова

Кримтөбөл Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберишкен чиновниктер тегиз түрдө жазаланбай, алаланып атканы коомчулукта кызуу кеп болууда. Маселен, агездеги күч органдарын тейлеген вице - премьер - министр Шамил Атаханов, саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева сыяктуу мурдагы чоңдор аз убакытка камалышып, эркиндикке чыгып кетишкен. ЖАМКнын экс - башчысы Зарылбек Рысалиев курортто жатканы кабарланды. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин өлкөдөн качып ...

0 192

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында 10-июлда Берн шаарында Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы Швейцария менен эки тараптуу мамилелер Кыргызстан үчүн тышкы саясатта эле эмес, экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүүдө да артыкчылыктуу экенин белгиледи. Швейцария парламенттик демократияны курууда, жарандык коом институттарын бекемдөөдө, улуттук өнүгүү программаларын ишке ашырууда Кыргызстанга омоктуу колдоо көрсөтүүдө. Президент өлкөдө инвестициялык климатты ...

0 276

Туалетке баргандан башкасын пиар кылган Аида Касымалиева

11-июль 2019, 10:18 Кызгалдак Жакыпова

Шайлоонун жытын эртелеп сезген Жогорку Кеңештин вице - спикери Аида Касымалиева жеңил пиарга алдырып, ойго - тоого чыкканынан бери жарнамалай баштады. Атургай атка да минип сүрөткө түшүп, өзүнчө кайф алганын көрүп атабыз. Буга чейин чет өлкалөрдү кыдырып, саякатчы баканын образында мактаныл келсе, эми жаратылыш койнуна сүңгүп атканы ачык далил. Түпкүлүгүндө өзүн эл менен көп жолугушкан депутат катары тааныткысы келет. ...

0 195

Депутат Абжалиевдин уулуна байланыштуу кырсыкты эмнеге "тумандатышты"?

11-июль 2019, 10:10 Кызгалдак Жакыпова

Кырсык ар бир адамдын башында бар. Бирок, кандай гана кырдаал болбосун ачык - айкындуулук зарыл. Ысык-Көлдө ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык БМВ Х-7 унаасы катуу ылдамдыкта баратып, «Лексус 300» үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзгөн. Окуя 7-июлда таңга маал 04:35те болгону кабарланган эле. Натыйжада, күлгүңдөй болгон 4 бала каза болду. Алгач кырсык катталгандан тарта эле тийешелүү органдар маалыматты ...

0 328

АУДИО - Атамбаевди камакка алуудан күч органдарынын жетекчилери коркуп атышат

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:22 Кызгалдак Жакыпова

Кой - Таш айылында байма - бай эл менен жолугуп жаткан Алмазбек Атамбаевге суракка чакыруу кагазы барган. Бирок, экс-президент мыйзамсыз кылмыш иши козголгонун, суракка барбай турганын айтып эле келатат. Ал эми күч органдарынын жетекчилери болсо Атамбаевди кармап келүүдөн коркуп атышканы, жүрөктөрү даабаганы айтылууда. Генерал, полковниктер жөн жерден калтырап атышпаса керек. Мүмкүн Атамбаевди кармоо учурунда кан төгүлүп кетүү кокустугу кооптондуруп ...

0 151

АУДИО - Бүгүн Жээнбеков Путин менен жолугушат

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.  Бул тууралуу Кремлдин сайтына жарыяланды. "Эки тараптуу жолугушуу 11-июлда болот", — деп айтылат маалыматта. Жээнбеков Москвага кыска жумушчу сапары менен барары маалымдалды. Жээнбеков 9-июлдан бери Швейцарияда расмий сапар менен жүрөт. Анын сапары бүгүн аяктайт. Булак: NazarNews.kg

0 270

АУДИО - Атамбаев кайрадан суракка чакырылды

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге милиционерлер суракка чакырган экинчи кагазды тапшырды. Атамбаев биринчи чакырууга барбай койгон. Кечээ, 10-июлда, эки укук коргоочу саясатчынын Кой-Таштагы үйүнө барып чакыруу кагазын таштап кетишкен.  8-июлда Атамбаев ИИМдин Тергөө кызматына күбө катары суракка чакырылган. Бирок мамлекеттин мурдагы башчысы "бийлик укуктук талаадан чыгып кетти" деп тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан. Ал ошондой эле суракка чакырган документти көрбөгөндүгүн жана кагаздар ...

0 150

АУДИО - Швейцария Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы ишине канаатанды

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:25 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-июлда, Швейцариянын Берн шаарында Швейцария Конфедерациясынын федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио менен болгон жолугушууда. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда парламенттер аралык жетишерлик активдүү диалог бар экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, Кыргызстан Европа Кеңеши жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы ...

0 177

Маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайынын сөөгү табылды

11-июль 2019, 09:00 Кызгалдак Жакыпова

Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин аялы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, сөөктү, 10-июлда кечки саат 17.20 чамасында Көкөмерен дарыясынан, Арал айылынан ылдый тарапты көздөй 2 чакырым аралыктан табууга мүмкүн болду. Учурда маркумдардын 26 жаштагы уулун издөө иштери уланууда. Абдылдаев, анын аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа ...

0 233

Мэрия: "Быйыл Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылбайт"

10-июль 2019, 20:03 Кызгалдак Жакыпова

Быйыл Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ачылбайт. Бул тууралуу маалымат булактарына "Шаардын парктары" муниципалдык ишканасынын директору Калича Умуралиева билдирди. Жыл сайын Кара - Жыгач токоюнда жайгашкан Пионер жана Комсомол көлдөрүндө сууга түшүү сезону июнь айынын башында ачылат. Бирок аталган эки көлмө тең ачыла элек. Ал эми мэрия Санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун сунуштары аткарылбай, куткаруу каражаттары сатылып алынбагандыктан сууга ...

0 184

Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

10-июль 2019, 19:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бүгүн, 10-июлда бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтер: — «Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

0 205

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Швейцария Президенти Ули Маурер эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты

10-июль 2019, 19:05 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер менен жолугушту. Мамлекеттер башчылары өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен учурашуу учурунда Швейцария Президенти Ули Маурер 25 жыл өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана достуктун духунда өткөнүн белгиледи. «Биз кыргыз тарап ...

0 332

Жалал-Абаддын мэри мончодо кимди сабаган?

10-июль 2019, 18:56 Кызгалдак Жакыпова

Буга чейин бир катар ЖМКлар 4-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин үстүнөн жергиликтүү тургун арыз жазганын жазып чыгышкан. Журналисттердин маалыматына ылайык, “Тагай Бий” мончосунда 3-июлга караган түнү чыр чыгып, Тагаев бир тургунду сабаган. Окуя болгон күнү “Малина ТВ” ютуб каналы тасма жарыялап, анда шаардык оорукананын травматология бөлүмүнүн жетекчиси Кулмамат Капаров сабалды делген тургун жардам сурап кайрылганын тастыктап берген. “Бизге ...

0 4922

Элмира Сатыбалды кызы, айтымчы: “Атамбаевдин камалышына Текебаев зор салымын кошот”

10-июль 2019, 18:38 Кызгалдак Жакыпова

Элмира Сатыбалды кызы Токмок шаарынын тургуну. Жогорку билимдүү, Эл агартуунун отличниги, 28 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Өзүнүн тубаса касиетин илим аркылуу изилдеп чыгып, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен күрөшүп, жашоодогу ак жана кара күчтөрдүн бар экендигине ынанып келет. Тубаса касиети бар Эльмира айымга NazarNews. kg кабарчысы Нуриза Молдошова бир нече саясатчыларды келечекте кандай абал ...

0 247

Финпол 95 миң аттестаттагы катаны териштирүүнү баштады

10-июль 2019, 18:28 Кызгалдак Жакыпова

“Баалардын табели, аттестатсыз, жараксыз” деген жерде “жөнүндөгү” сөзү “ң” тамгасы менен жазылган — “жөнүҢдөгү”. Бирок аттестаттарды бастырып чыгарган “Учкун” полиграфиясынан ката кетиришпегенин, бул шрифттин эффектиси экенин билдиришкен. “Биз муну ката деп эсептебейбиз. Кичинекей шрифттин айынан жана тамгалар жакын жайгашып, басма “Д” тамгасынын куйрукчасы “Н” тамгасы менен катар жайгашкандыктан ушундай эффект жаралып калган”,- деп билдирди өндүрүштүк бөлүмдүн башчысы Нурайым Токтомушева.

0 966

Элмира Сатыбалды кызы, айтымчы: “Садыр Жапаров камактан азыр чыкпайт”

10-июль 2019, 18:07 Кызгалдак Жакыпова

Элмира Сатыбалды кызы Токмок шаарынын тургуну. Жогорку билимдүү, Эл агартуунун отличниги, 28 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Өзүнүн тубаса касиетин илим аркылуу изилдеп чыгып, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен күрөшүп, жашоодогу ак жана кара күчтөрдүн бар экендигине ынанып келет. Тубаса касиети бар Эльмира айымга NazarNews. kg кабарчысы Нуриза Молдошова бир нече саясатчыларды келечекте кандай абал ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 171

Элчи Аликбек Жекшенкулов президент Путинге ишеним грамотасын тапшырды

10-июль 2019, 17:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Элчиси Аликбек Жекшенкулов президент Владимир Путинге Ишеним грамотасын тапшырды. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын алдында сүйлөп жатып Орусия Президенти Владимир Путин буларга токтолду: -Кыргызстан менен мамилелер стратегиялык өнөктөш жана союздаш мүнөзгө гана ээ. Биздин өлкөлөр евразиялык интеграция процесстерине катышууда, мунун ичинде Евразиялык экономикалык союздун алкагында тыгыз өз ара байланышта, ЖККУ багыты боюнча эл аралык жана аймактык коопсуздукту ...

0 209

Араван районунда Мрамор таш даярдоочу цех мраморун чет өлкөгө чыгарып баштады

10-июль 2019, 17:35 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.К.Жылкыбаевдин 2019-жылдын 10-июлунда Араван районунда Мрамор таш даярдоочу цехтин иши менен таанышты. Араван айылынын “Ош – 3000” көчөсүндө «Натурал Стон» ЖЧК сы тарабынан долбоордук сметалык баасы 35,0 млн сом турган мрамор иштеп чыгуучу заманбап цех курулуп, 2019-жылдын апрель айында ишке берилген эле. Мында 16 киши үчүн жумушчу орун түзүлүп, 2 сменада ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83