www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (8401)

0 1865

Элмира Сатыбалды кызы, айтымчы: “Абдил Сегизбаев түрмөгө...”

10-июль 2019, 17:35 Кызгалдак Жакыпова

Элмира Сатыбалды кызы Токмок шаарынын тургуну. Жогорку билимдүү, Эл агартуунун отличниги, 28 жыл билим берүү тармагында эмгектенген. Өзүнүн тубаса касиетин илим аркылуу изилдеп чыгып, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен күрөшүп, жашоодогу ак жана кара күчтөрдүн бар экендигине ынанып келет. Тубаса касиети бар Эльмира айымга NazarNews. kg кабарчысы Нуриза Молдошова бир нече саясатчыларды келечекте кандай абал ...

1 233

Мурдагылар коррупция менен күрөшсө, Равшан Жээнбеков эбак түрмөдө олтурмак...

10-июль 2019, 17:20 Кызгалдак Жакыпова

“Карма ууруну карма деп ууру жүрөт…» “Марал” радиосундагы “Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов менен саясатчы, активдүү демократ Равшан Жээнбековдун өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн, реформалардын абалы жөнүндө бир саатка жакын маегин уккандан кийин, “адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” дегенди эстеп, төмөндөгү фактыларды дагы бир жолу кайталап коюуну чечтик. Анткени, Равшан мырза коррупцияга каршы күрөш системдүү жүргүзүлбөй жаткандыгын айтып, ...

0 199

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Швейцария Президенти Ули Маурердин расмий жолугушуу аземи болду

10-июль 2019, 16:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда бир күндүк расмий визит менен Швейцария Конфедерациясында. Визит Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен расмий жолугушуу аземинен башталды. Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты жана расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

0 157

Кызына дары сатып алуу үчүн дарыкананы карактаган адам 5 жылга кесилди

10-июль 2019, 16:18 Кызгалдак Жакыпова

Токмок шаарынын тургуну Замир Кожоканов дарыканадан 350 доллар карактап кеткен. Бирок ал күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү барган. Ага карабай Замир беш жылга кесилди, мындан тышкары 1000 доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Замирдин айтымында, кызы үчүн дары сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, уурулукка барган. Замир Кожокановдун окуясы социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда. Көптөгөн интернет колдонуучулар сот ишти кайра карап, ...

0 205

АҢГЕМЕ: "Биздин айылдагы Петр биринчи"

13-июль 2019, 11:47 Кызгалдак Жакыпова

"Капитан" бүгүн жумушуна күндөгүдөй шашкан жок. Болбосо демейде талаа жалгыз гана аны күтүп тургандай, таң эртелеп тракторунун көк түтүнүн булата айдоо аянтында жүрчү эле. Азыр болсо апасы койгон чайды шоркурата ичип, анын маңдайында ар нерселерди айтып олтурат. Анан гана көчөгө "көк тулпарын" айдап чыкты. Кечээ колхоз башкармасы: -Бүгүн түнгө чейин иштеп, жумушту жакшы арбыттың. Эртең шашпай эле чыксаң болот, - деген.

0 172

Укук коргоочулар абактагы Цоповадан кабар алышты

10-июль 2019, 15:20 Кызгалдак Жакыпова

Кыйноонун алдын алуу борборунун кызматкерлери кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган лаборант Ирина Цоповадан кабар алышты. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, лаборант өзүнүн абалы тууралуу даттанган эмес. Ошондой эле ден соолугу өтө оор эмес экенин айтып, «буту чирип жатат» деген маалыматтар ырасталбаганын белгиледи. Буга чейин Ирина Цопованын сынган буту ириңдеп кеткени, ал бутунан ажырап калышы ыктымал экени тууралуу маалыматтар ...

0 163

Өзбекстанда адамдын жетиле элек клеткаларын сактоочу банк түзүлөт

10-июль 2019, 14:53 Кызгалдак Жакыпова

Өзбекстанда Алдыңкы технологиялар борборунун базасында адамдын жетиле элек клеткалары сактала турган банк түзүү пландалууда. Мындай демилгени өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлиги көтөрүп чыкты. Маалыматтарга караганда, банк реестри өлкөдөгү профилдик медициналык мекемелерге анемия, онкология сыяктуу олуттуу оорулар менен жабыркаган бейтаптар үчүн жетиле элек клеткалардын үлгүлөрү бар - жоктугу тууралуу маалыматтарды берип турат. Өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, лейкоз оорусу күчөп, адамдын баш ...

0 307

Тарых музейи жана Ат майданы боюнча сот башталды

10-июль 2019, 14:35 Кызгалдак Жакыпова

Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон - Атадагы ат майданын реконструкциялоо жөнүндөгү бириктирилген иштер боюнча соттук угуулар башталды. Иш боюнча айыпталып жаткандар эки гана киши - КРнын аппаратынын эл аралык иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Сапар Исаков жана президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн экс - башчысы Мира Карыбаева. Бирок алардын бири да бул боюнча келишимдерге кол коюшкан да, ...

0 1611

ПРОКУРАТУРА: "Суракматов менен Койчубаковдун өткөргөн тендери мыйзамсыз болуп чыкты"

10-июль 2019, 14:17 Кызгалдак Жакыпова

Маалым болгондой быйыл Бишкек мэриясы 8-апрелде "Электронное билетирование" деп аталган тендердин экинчи этабын өткөргөн. Бул деген, эл бара - бара шаардагы коомдук транспорттордон баштап, кичи автобустарга чейин электрондук билет - карточка сатып алып, ошол боюнча жол кире төлөп калышат дегенди түшүндүрөт. Мына ушул маселе боюнча өткөрүлгөн тендерге (экинчи этапта) үч компания катышып, бардык талаптар боюнча кытайлык "Шанхай Шенту" компаниясы ...

0 482

Молдокматов Жээнбековдун жаагын жаап кылды

10-июль 2019, 13:36 Кызгалдак Жакыпова

"Марал" радиосунда «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов менен Равшан Жээнбеков маек куруп жатып, бири - бирине сын айтты. Маектин жүрүшүндө Молдокматов Жээнбековдун 2001-2004-жылдары Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп турганда Кыргызстандагы болгон завод - фабрикалар баштаган ырыстуу мекемелердин баарын ит бекер сатып, менчиктештирүүгө бергенин айтып, оозун жаап кылды. Бирок Жээнбеков кылган кылмыштуу ишин мойнуна албай, ажаан аялдарча ажылдап жатты. Мындай көрүнүш айласыздан талаа - ...

0 2536

Cвета Тойгонбаева, айтымчы: “Тез арада 7 облуска кан чыгарып түлөө өткөрүү керек”

10-июль 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

Төлгөсү төп келген Светай Тойгонбаева, учурда Кыргызстандагы кан төгүлүүнүн кесепеттери тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине айтып берди. --Кыргызстандын саясый кырдаалы кошуна мамлекеттерге өтө кызык болуп турат. Өлкөдө акыйкаттык орун албайынча саясый стабилдүүлүк орношу кыйын. Кыргыз эли чачылып бара жатат, кыргыздар Кудайга жакпаган кадамдарга барып, бири-бирине болгон нараазчылыгы күчөдү. Жалпы кыргыз эли башын бириктирип, 7 облуска кан ...

0 4405

Дайырбек Орунбеков: "Кырсык айттырып келбейт, айрым наадандар кырсыкты саясатташтырып жатат"

10-июль 2019, 12:58 Кызгалдак Жакыпова

Акыркы күндөрү жол кырсыгы көп катталып, кайгылуу окуялар болуп кетти. Көкөмерен суусуна Молдакун Абдылдаев агабыздын унаасы кулап, айдоочусу, аялы, небереси жана баласы каза болду. Учурда аялы менен баласынын сөөгү табыла элек. Абдылдаевдин кызы Индира элден жардам сурап, жакындарынын сөөгүн табууга көмөк сурап жатат. Мындан тышкары Чычкан капчыгайында жүрөк үшүн алган автокырсык болуп, адамдар набыт болду.  Ысык-Көлдө “БМВ” жана “Лексус” ...

0 191

Бир жылда үй - бүлөдөгү зомбулуктан 50 миңге жакын аял каза болгон

10-июль 2019, 12:55 Кызгалдак Жакыпова

Дүйнөдө 2017-жылы 50 миңге жакын кыз - келин өнөктөштөрү же туугандары тарабынан жасалган зомбулуктан улам каза болгон. Мындай маалымат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын 8-июлда жарыяланган баяндамасында жазылган. Баяндамада белгиленгендей, жалпысынан 2017-жылы кылмышкерлердин колунан 87 миң аял каза тапкан. Ушул эле жылы бардык куралдуу кагылыштардын жыйынтыгында 89 миң киши мерт болгон. Баяндаманын авторлору 2012-жылга салыштырмалуу ...

0 589

Атамбаев кыргызды “кой” деп, бүтүндөй элди кемсинткенди качан токтотот?

10-июль 2019, 12:52 Кызгалдак Жакыпова

Кол тийбестиктен кол жууп айласы кеткен Алмазбек Атамбаев суракка баруудан коркуп ар кандай шылтоолорду айта баштады. ИИМдин тергөөчүлөрү жиберген чакыруу кагазына да моюн сунбай, бүтүндөй кыргыз мыйзамдарын тебелөөдө. Муну менен АША Кыргызстанды, кыргыз элин кыпындай да сыйлабастыгын далилдеди. АШАнын шылтоосу да суу кечпей турат. Ал “бийлик менин оозумду жапкысы келип жатат, мени камаса булар каалаганын жасайт, эч ким баш ...

0 172

Мамлекеттик бюджетине келтирилген зыяндын орду – 31,5 млн. сомго толтурулду

10-июль 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

КР Өкмөтүнө караштуу МБКнын  Контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгы үчүн ишинин жыйынтыгы тууралуу маалыматты аталган өкулчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.  2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча МБКнын укук коргоо бөлүнүштөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 743 факт табылган, алардын ичинен: 1. Бузуулардын бирдиктүү реестринде – 623 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 102 фактыга ...

0 394

Илмияновдун ишине салыкчы да илешкен

10-июль 2019, 12:01 Кызгалдак Жакыпова

Икрамжан Илмияновго 150 миң долларды мыйзамсыз ээлеп алды деп шектелип, Кылмыш - жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча айып тагылган. Ага козголгон кылмыш ишинин алкагында Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы инспектору Шакиров дагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Башкы прокуратура материалдарды карап чыгып, айыптоочу актыны бекитип, кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жиберилген. Эске сала ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2020

БОЛГОН ОКУЯ: " Агайымдан боюма бүткөндө ага турмушка чыктым"

10-июль 2019, 10:54 Кызгалдак Жакыпова

Студент кезде ашык болгон агайына арзуусун арнап, андан боюна бүтүп калганда ага турмушка чыккан Айгеримдин бул баяны кызыктуу экен. Учурунда бири үй - бүлөлүү мугалим, экинчиси жогорку окуу жайын аяктаган жаш селки болгонуна карабай экөө тең жеңил ойлуулукка алдырышкандан кийин, акырында кол кармашып, учурда тагдырдын сыноосун баштарынан өткөрүп жатышкан. Бул каармандын окуясы тууралуу "Багыт.kg" гезити окурмандарга сунуштоону туура көргөн.   

5 2899

Шайлообек Атазов Райым Матраимовдун бир кемчилдигин айтты

10-июль 2019, 10:40 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз элине белгилүү инсан, чемпион, бир канча атаандаштарынын далысын жерге тийгизип, Кыргызстандын желегин чет өлкөлөрдө тааныткан Шайлообек Атазов менен маек куруп учурда коомчулукта талкуу болуп жаткан Райым Матраимов тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине кепке тарттык. --Шайлообек мырза, акыркы күндөрү “EREM” спорт клубун жетектеп келе келе жатасыз, маалыматтарга таянсак аталган клубдун ачылышына кыска мөөнөт болгону менен бир ...

0 179

Өкмөт эки ишкана түздү

10-июль 2019, 10:25 Кызгалдак Жакыпова

Өкмөт Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында "Укук" жана "Соцсервис" мамлекеттик ишканаларды түздү.  Аталган ишканалар мамлекеттик мекемелердин санариптешүүсүнө көмөк көрсөтөт. "Укук" мамлекеттик ишканасы - сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргоо, өзгөчө кырдаалдар, жаза аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгат. Ошондой эле алардын үзгүлтуксүз иштешин ...

10-июль 2019, 10:25 | 179
0 173

Батукаевди эркиндикке чыгарган Эрматов иштен эми бошоду

10-июль 2019, 10:14 Кызгалдак Жакыпова

Президент кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматовду кызматынан убактылуу четтетти. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бул тууралуу жарлыгында "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу жана Башкы прокурорго жазык жообуна тартуу жөнүндө макулдук берилгенине байланыштуу Нарын облусунун район аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жапар Эрматов жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилгени" айтылат. Эрматов 24-июнда ...

0 180

Ош облусу алдыда...

10-июль 2019, 10:05 Кызгалдак Жакыпова

Улуттук статистика комитети Кыргызстан боюнча адамдардын аракечтикке чалдыккан 1179 учуру катталганын маалымдады. Маалыматта: Алардын 128и аялдар болсо, 1051и — эркектер экени айтылат. Алардын сап башында Ош облусу, Бишкек шаары менен Чүй облусу турат. Эң аз факты Ысык-Көл облусунда катталган. Бул маселе аталган аймактарда жашаган калктын санына да жараша болот. Булак: Багыт.kg

10-июль 2019, 10:05 | 180
0 221

УКМКнын мурунку төрагасы Кыргызстандан качып кеттиби?

10-июль 2019, 10:03 Кызгалдак Жакыпова

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгаруу ишинде аты аталып келаткан Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевди өлкөдөн чыгып кетти деген маалыматты бир катар ЖМКлар жазып чыгышты. Расмий органдар азырынча бул маалыматты ырастай элек, бирок аны төгүндөшкөн да жок. Айрым маалыматтарда Табалдиев Түркияга чыгып кетиши ыктымал экени жазылган. Учурда Батукаевдин эркиндикке чыгышы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча жети киши камакта, ...

0 176

"Коопсуз шаардан" 145 млн.сом топтолду

10-июль 2019, 09:53 Кызгалдак Жакыпова

"Коопсуз шаар" долбоорунан төрт айдын ичинде 145 миллион сом топтолгонун өкмөттүн маалымат кызматы тастыктады. Бул мезгилдин ичинде жалпысынан 26 414 айдоочу эреже бузган. Ошончо айдоочулардын ичинен ушул күнгө чейин 42 пайызы айып төлөгөн. Эми бул каражаттын бир бөлүгү Тез жардам кызматынын материалдык - техникалык базасын жакшыртууга жумшалат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Документке ылайык, тийиштүү тараптарга каражат бөлүштүрулгөндөн ...

0 166

Былтыр 59 болчу, быйыл 51...

10-июль 2019, 09:52 Кызгалдак Жакыпова

2018 - жылы 59 бүтүрүүчү президенттин колунан алтын сертификат алган. Быйыл андан аз. Тактап айтканда, эки күн мурун 51 бүтүрүүчү ажонун колунан алтын сертификат алышты. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 221ден 238 баллга чейин алган окуучуларга берилди. ЖРТнын жыйынтыгы боюнча президенттин колунан Бишкек шаарынын 22, Баткендин сегиз, Жалал-Абаддын алты, Таластын беш жана Ош облусунун төрт окуучусу алтын сертификат алды. Ал эми ...

10-июль 2019, 09:52 | 166
0 320

35,7 млн. евро түп орду менен жок болуп кетпейби?!

10-июль 2019, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол койгону маалым болду. Министр Кыргызстан үчүн Евробиримдиктин парламенттик тажрыйбасы абдан маанилүү экенин кошумчалап, 2018-жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жеткенин белгиледи. Деги эле Кыргызстандын билим берүү тармагына чет мамлекеттерден, чет элдик ар кандай ири уюмдардан жыл сайын ондогон, ал ...

0 411

Арабаев үйүндө чалкалап жатып калды

10-июль 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев үй камагына чыкты. Анын баш коргоо чарасын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карап, ушундай чечим чыгарды. Манас Арабаев 2-июнда кармалган. Коомдук телеканалдын курамына кирген «Ала Тоо 24» каналында Кыргызстанда ишкердик менен алектенген кытайлыктар туш болгон мыйзамсыздык тууралуу журналисттик иликтөө чыккан. Ал кармалары менен эле Раиса Атамбаевага көрсөтмө ...

0 834

Өзгөн районунун Кызыл-Кырман айылынын тургундары депутат Улугбек Ормоновго ыраазычылык билдиришти

10-июль 2019, 09:23 Кызгалдак Жакыпова

Өзгөн районундагы Кызыл-Кырман айылынын борбордук көчөсүнүн жолу иштен чыгып, эски асфальтынын тамтыгы кетип, чаң ызгып жараксыз абалга келгенине көп болгон. Ал боюнча айылдыктардын барбаган жери калган эмес, анын ичинде айыл тургундары Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновго да жолду оңдотуп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Акыры депутаттын кийлигишүүсү менен Кызыл-Кырман айылынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөлүп, айылдыктардын көптөн күткөн тилектери ишке ашып отурат. ...

0 146

Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде аңдууга алынганы айтылууда

10-июль 2019, 09:19 Кызгалдак Жакыпова

Жулиан Ассанж Лондондогу Эквадор элчилигинде жүргөндө аңдууга алынган. Бул тууралуу испаниялык "Эль Паис" гезити редакцияга келип түшкөн аудио жана видеожазууларга таянуу менен билдирди. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары билдирди.  Анын коноктор менен болгон жолугушуусун эквадор бийлиги тарабынан жалданган испан күзөт компаниясы жазып алган. Басылманын маалыматына караганда, аңдуу 2012-жылдан тарта жүргүзүлө баштаган. UC Global компаниясы активисттин бардык аракетин көзөмөлдөп, сүйлөшүүлөрүн ...

0 454

Аллергияга каршы май ойлоп тапкан тажикстандык окумуштуу эки алтын медаль алды

10-июль 2019, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

Тажикстандык окумуштуу Мавлуда Давлатмамадова аллергияга каршы май иштеп чыкканы үчүн Ойлоп табуучу аялдардын 12-эл аралык KIWIE 2019 көргөзмө-форумунун жана Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык жеке менчик уюмунун эки алтын медалына ээ болду. Бул тууралуу Борборду Азия жаңылыктары жазып чыкты.  33 жаштагы Мавлуда Давлатмамадова – техника илимдеринин кандидаты, Фармацевтикалык илимий-иликтөө борборунун илимий кеңешинин катчысы. Ал дары чөптөрдүн негизинде аллергияга каршы май ойлоп ...

0 295

Адвокат: Жогорку Кеңеш кабыл алган чечим мыйзамсыз, Атамбаевдин кол тийбестик макамы бар

10-июль 2019, 08:56 Кызгалдак Жакыпова

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев эмнеге мурдагы президент ИИМге суракка баруудан баш тартып жатканын чечмеледи. Алмазбек Атамбаевдин иммунитети бар, парламенттин аны кол тийбестик статустан ажыратуу боюнча токтому мыйзамсыз. Анткени, Жогорку Кеңештин регламенти жана Конституция боюнча Атамбаевге айып тагууга жана кол тийбестик макамынан ажыратууга депутатар укуксуз. Ошондуктан, ал суракка барбайт. Мен ИИМге укуктук жааттагы эреже бузуулар боюнча арыз жиберем”, - деди ...

0 298

БОЛГОН ОКУЯ: "Акжолтой ит"

09-июль 2019, 19:44 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуя мындан көп жыл мурун союз али чачырай элек мезгилде болгон. Анда менин жигиттик курагым эле. Аскердик милдеттен кутулуп, айылга келгениме бир аз гана убакыт болгон. Ошентсе да айылга атагым чыгып өтө тентек элем. Бир туугандарымдын баары жогорку окуу жайын бүтүрүп, бир кесипти аркалап жүрүшкөн. А мен аскерден келген күндөн тартып малга аралашып кеттим. -Кой, балам мал артынан ...

09-июль 2019, 19:44 | 298
0 399

Рабига Сыдыкова, жактоочу: "Салянованын ден соолугу өтө начарлап кетти"

09-июль 2019, 19:17 Кызгалдак Жакыпова

Аида Салянованын абалы соңку эки күндө оорлоп кетти, ал кыйноого кабылууда деп айтса болот. Бул тууралуу бүгүн 9-июлда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Рабига Сыдыкова билдирди: - Мен бүгүн Аида Жеңишбековнаны көрүп, зээним кейип турат. Эки күн мурда көргөм, андан бери ден соолугу аябай начарлап кетиптир. Себеби аны аягына чейин дарылабай, доктурдан шашылыш түрдө чыгарып жиберишкен. Албетте, доктурларга ИИМдин кызматкерлери ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 319

Кыргызда үйгө келген коноктун 7 түрү бар

09-июль 2019, 19:18 Кызгалдак Жакыпова

Эзелтен меймандос келген кыргыз үйүнө келген конок кандай киши экенин, ал канай максатта келгенин аярлай ажырата, байкатпай баамдай билген. Ага жараша конокту бир канча түргө бөлгөн.  МИЛДЕТ КОНОК Качан келер кабарын билдирип келет, канча күнгө каларын билдирип келет. Адатта, булар мансаптагы адамдар болуп, ылдыйкы даражадагыларга конок болот. Кошоматчылар кой соет, колунда жилик койкоет. Түйшүк көбүнесе караламан калктын мойнуна түшөт, «Пил ...

0 975

Төрөбай Зулпукаров: "Мен жаратканга алуучулардан эмес, берүүчүлөрдөн кыла көр деп тилек айтам"

09-июль 2019, 18:45 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин депутаты, Төрөбай Зулпукаров: "Мен жаратканга алуучулардан эмес, берүүчүлөрдөн кыла көр деп тилек айтам" деп, "Факты.kg" гезити менен маек курду. Чоң эненин тарбиясын алгам Мен туулуп өскөн, балалыгым өткөн жер Ноокат районуна караштуу Кара - Таш айылы. Кара - Таш айылы тоо боорунда жайгашкан, тоо тарабынан Кыргыз - Ата суусу Найман каналы аркылуу өткөн өтө кооз айыл. Ата - ...

0 293

Саясатта дос болбойт,кызыкчылыктар гана жашайт...

09-июль 2019, 18:11 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандагы олигархтардын биринчиси катары таанылган Өмүрбек Бабановдун өлкөдөн пысып кеткенине бир жарым жылдан ашты. Ал бизнесин сактап калуу амалында партиянын лидерлигинен, мандаттан баш тарткан. Чамасы ал убакта жүрөгү опкоолжуп ордуна келалбай тургандыктан тойдум байдын кызына дегендей чечимге барса керек. Бирок, мамлекеттеги абал ага оңтойлуу болуп баратканы кайра артка кылчаюуга түрткү болуп жаткандай сезим жаратууда. Колдору мурда бек кармалган достордун ...

0 241

2019-2023-жылдарга азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу Программасы бекитилди

09-июль 2019, 17:34 Кызгалдак Жакыпова

2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу маалыматты КР Аппаратынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.  2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын ишке ашыруу, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана республиканын азык-түлүк рыногунун ички жана тышкы коркунучтарына ыкчам аракеттерди көрүү максатында кабыл алынды.

0 265

Биз эмне үчүн таттууну жакшы көрөбүз?

09-июль 2019, 17:21 Кызгалдак Жакыпова

Жакында окумуштуулар адам таттуу жебей калса начар ойлонуп, депрессияга батып каларын аныкташты. Алтургай айрым таттуу азыктар жеке турмушту да өзгөртүп жиберүү касиетине ээ деп айтышат. Көрсө, шоколад жашоодон рахат алуучу эндорфинди иштеп чыгарат экен. Албетте, шоколад адамдын жеке турмушун толук өзгөртүп жибербейт деңизчи, ашыкча таттуу күчтү алсыратып коет. Ошондуктан татаал кырдаалда, иште бул шоколаддын ордуна белково - углеводдук батончик ...

0 255

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына келди

09-июль 2019, 16:57 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына келди. Расмий визиттин жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп ...

0 1128

Атамбаев эмне үчүн Кызыл Армияга чакырылган эмес? “Дураку закон не писан...”

09-июль 2019, 16:15 Кызгалдак Жакыпова

Ким билсин, балким баары мыйзамдын чегинде, ырааты менен куюлушуп бараткандыр, мүмкүн ...Кандайынан албайлы, бир жагынан  “аскер прокуратурасы АШанын кылмыш иштерин сотко чейинки териштирүүсүн кылдат жүргүзүп, үч депутат (К.Исаев башында турган) анын Түркиядагы, Орусиядагы, дегеле чет мамлекеттердеги байлыктарын тактап келишет” деген маалымат тараса, экинчи жагынан, тагыраагы” Кой-Таштан” партизандык кыймыл күчөп, букалар союлуп, арактар төгүлүп-чачылып, ага тоюп алышкан соң “Форумга” жетип ...

0 1343

Кырсыкка учураган унаа Абжалиевдин уулуна тийешеси жок

09-июль 2019, 15:30 Кызгалдак Жакыпова

Алиярбек Абжалиевдин уулунун катышы бар жол кырсыгы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында «Lexus» жана «BMW Х7» унаалары кагылышып, "Lexsus" автоунаасындагы үч киши каза тапса, бир нече саат мурун кырсыктан жабыркагандардын дагы бири кайтыш болду. Маалыматтарга таяна турган болсок Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу бара жаткан «BMW X7» маркадагы унааны айдоочу Эльдияр ...

0 926

БОЛГОН ОКУЯ: "Ар нерсенин өзүнүн ээси бар"

09-июль 2019, 15:06 Кызгалдак Жакыпова

Бул окуялар Жалал-Абад областынын тоолуу айылдарынын биринде мындан бир нече жыл мурда болгон. Анда биз кичинекей бала элек. Чоң ата-чоң энелерибиз бизге "дарактардын түбүнө заара кылбагыла, ар бир нерсенин өзүнүн ээси бар" деп айтышса, биз кулагыбызга илчү эмес экенбиз. Биздин айылдын дал орто жагында долонолор өсчү колот бар. Ал жер илгери мазар болгон имиш. Ал мазардын азыр да кандайдыр ...

0 331

Элчилик эмне унчукпайт?

09-июль 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

7-июль күнү чакалайдын чак түшүндө Анталия аймагынын Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык М.И. киши колдуу болгон. Бул боюнча элчилик ак дебеди же көк дебеди. Өз жарандары боюнча маалымат албаган элчиликтин кереги барбы? Каякты карап олтурушат? Тиешеси жок жерге жетип барган түрк элчисин көрдүк го. Баласы урушчаактын энеси - болушчаак болуп жетип барды го. А биздикилер унчукпайт. Биздин элчилер биздин ...

09-июль 2019, 14:15 | 331
30 1619

Матраимовдордун атына айтылган “жомоктор” жокко чыкты

09-июль 2019, 14:08 Кызгалдак Жакыпова

700 миллион долларды чыгаруу жөнүндө Финпол Матраимовдун фондуна акча которулганын тастыктаган жок. Тактыкка багытталган, АКШнын Конгресси тарабынан каржыланган “Азаттык” үн алгысы угармандарга берген шартын бузуп, бир жактуу калпыс документтер менен “Исмаил Матраимов атындагы Кайрымдуулук Фондун” жана Кыргыз Республикасынын жараны Раим Матраимовду каралаганы белгилүү болуп, коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Финпол дыкаат иликтеп чыгып 700 миллион АКШ долларын чыгарып кеткен ...

0 159

"Бишкек" ЭЭАнан эмнеге инвестор качты?

09-июль 2019, 13:49 Кызгалдак Жакыпова

«Бишкек» эркин экономмкалык аймагы уюшулган 20 жылдан ашуун убакыттан бери андагы ишканалар төрт эсе азайганы айтылууда. Алгач ал жерде миңден ашуун компания катталса, азыр алардын саны З00гө түшүп кеткен. Анын жарымы гана чындап иштеп жатса, алар да чет өлкөгө чыгып кетүүнү көздөп турушаары айтылууда. Буга аталган аймактагы ишканаларга берилген жеңилдиктердин жоюлушу себеп болгон. Эксперттер бул ыргак менен кетсе, эркин экономикалык аймак ...

0 299

Алтын валюта резервинин көлөмү 2 млрддан ашты

09-июль 2019, 13:39 Кызгалдак Жакыпова

Маалыматтарга караганда Кыргызстандын алтын валюта резервинин көлөмү 2 миллиард 244 миллион 520 миң, долларды түздү. Мындай рекорддук көрсөткүч 2014 - жылдын июль айында да болуп, анча резервдин көлөмү азыркыдан 18,5 миллион долларга көбүрөөк болгон деп айтылат Улуттук Банктын билдирүүсүндө. Ал эми май айына салыштырмалуу 73,5 миллион долларга жогорулаган. Башкача айтканда, саатына 102 миң доллардан өсүүдө. Кыргызстандын эл аралык валюта резервинде валютанын ондон ...

0 533

Финпол: "Азаттыктын" Матраимовдорго байланыштуу иликтөөсү боюнча Айеркин Саймаити тарабынан 2 миллион 300 миң доллар которулган акча өз далилин тапкан жок"

09-июль 2019, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Али Токтакуновдун иликтөөсүндөгү айтылган өлкөдөн чыгарылып кеткен акча каражаттары боюнча тергөө органдары тарабынан видеосюжеттеги факттарды анализдеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга сурамдарды жиберүү жана керектүү документтерди алуу боюнча иштери аткарылганын билдирди. Бул тууралуу маалыматты "Супер.кж" сайты ачыкка чыгарды.  Ошондой эле журналисттик иликтөөдөгү банктык которуулардын документтери бар 500 000 АКШ доллары, 2017-жылдын 13-январдагы 729 000 доллар, 2016-жылдын ...

0 717

Атамбаев эми АКШнын тыңчысы болобу? "Инглиш" тилин суудай билген Равшанчикчи?...

09-июль 2019, 12:54 Кызгалдак Жакыпова

Бийликте турган кезинде Алмазбек Атамбаев башкаларды ар кайсыл өлкөлөрдүн тыңчысы атаганды өтө жакшы көрөт эле. Эми өзү ошол жолойго түшүп жаткан сыяктуу.  Мисалы, азыркы тапта аны мурда өзү «грант жегичтер» деп атап жүргөн бейөкмөт уюмдары колдоого алып жатышканы белгилүү. Болбосо, ал бейөкмөтчүлөр убагында Атамбаевди жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап жүрүшкөн. Алар менен кошо эле АШАны батышчыл саясатчы ...

0 2335

Маматкадыр Тиллебаев: “Алиярбек Абжалиевдин баласы кырсыкка учурады, мындай кырсык эч кимдин башына барбасын”

09-июль 2019, 12:15 Кызгалдак Жакыпова

Эске сала кетсек, Алиярбек Абжалиевдин уулунун катышы бар делип жаткан жол кырсыгы 7-июлда таңга жуук Бактуу-Долоноту айылында болгон. «Lexus» жана «BMW Х7» унаалары кагылышып, "Lexsus" автоунаасындагы үч киши ажал тапкан. Бул окуя учурда социалдык тармактарда каттуу талкууга алынууда. “Бул каргашалуу окуяны кырсык деп коёт, “кырсык каш менен кабактын ортосунда” болуп өткөн окуя эч кимдин башына салбасын”  деген пикирин акын, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 553

Арашандын "периштеси" сурактан качты

09-июль 2019, 11:56 Кызгалдак Жакыпова

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтты. Ал ИИМдин Тергөө кызматынын чакыруусуна ылайык, милицияга бүгүн, 9-июлда күбө катары суракка келүүгө тийиш болчу. Милиция кызматкерлери чакырууну ага кечээ, 8-июлдун кечинде Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Чакыруу келгенден кийин Атамбаев өз үйүнүн алдына кайра тарапташтарын чогулта калып, Апрель телеканалынан барган журналисттерге жооп берип жатып, ал суракка ...

0 284

АУДИО - Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалардын эсебинен мектептерди курууну каржылоо башталды

Аудиофайл 09-июль 2019, 12:08 Кызгалдак Жакыпова

2019-жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн 799,3 млн сом бөлүндү. Финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнүүдө. Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бир нече мектептерге барган жана алардын абалы менен таанышып, коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттарды Бишкек жана Ош шаарларында жаңы мектептерди курууга же ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83