www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызгалдак Жакыпова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (7207)

0 123

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер: “Кумтөрдө” кайталанган кемчонтойлук башка алтын кендерде кайталанбашы керек!”

- Мурат мырза, акыркы мезгилде Кызыл-Омполдогу уран кенинен чыккан чырдын фонунда “Кыргызстанда уран эмес, эч кандай кен казылбасын” дегендердин саны барган сайын көбөйө баштады. Кендер мамлекеттин өнүгүшү үчүн иштеши керекпи же кен казууга таптакыр тыюу салышыбыз керекпи? - Ачыгын айтканда, мен кенди казууга, аны эл, мамлекеттин өнүгүшү үчүн иштетүүгө такыр эле каршы эмесмин. Биз суктанып тамшанган Аравия жалгыз гана ...

0 230

Видео - Башкы прокуратура «Акиф» фирмасына карата акыйкаттык кылабы?!

Жакында «Акиф» фирмасын тартып алуу аракеттери жана судья Боромбаевдин мыйзамсыз чечими» деп аталган макала жарыялаганбыз. Ал макалада «Акиф» фирмасына карата жасалып жаткан ар кандай мыйзамсыз иштерди баяндап жазып, жогорку бийликке калыс чечип берүү маселеси боюнча коңгуроо каккан элек. Бирок эмдигиче маселе чечилбей, «Чубактын кунундай чубалжып» жатканын байкоого болот. Кечээ күнү «Акиф» фирмасынын жамааты Башкы прокуртуранын алдына тынчтык митингине чыгышты. Аталган ...

0 421

Сүрөт - ИИМ: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктады

1945-жылдын 9-май күнү Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган. Кандуу согуш 1418 күнгө созулган. Биздин аталарыбыз жөн гана Жеңиш үчүн гана согушпастан, алар биздин келечек үчүн согушушту, бизге тынчтыкты жана бактылуу турмушту тартуулашты. Биз өзүбүздүн аталарыбызга, чоң аталарыбызга, энелерибизге, чоң энелерибизге ушул жашоону тартуулагандыгы үчүн карыздарбыз. Биз бүгүн гана эмес, ар бир күнү ыраазычылыгыбызды билдирүүгө милдеттүүбүз. Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн ...

0 214

Өзбекстан дүйнө жүзүндө алтын саткан өлкөлөрдүн алдыңкы тизмесине кирди...“К сожелению” Кыргызстан тизмеде жок...

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстандын Улуттук банкы 6,2 тонна алтын саткан өлкөлөрдүн алыдыңкы тизмесине кирди. Бул тууралуу маалыматты дүйнөлүк алтын кеңеши World Gold Council билдирди. Андан сырткары январь-март айларында алтын сатуу боюнча 2-орунга Монголия чыгып,  алтынды экспорт кылган. 3-орунду 1 тонна алтын сатып Тажикстан алган. Буга чейин акыркы 6 жыл ичинде дүйнөлүк Улуттук ...

0 145

Башкы прокуратура КСДП боюнча териштирүү ишин баштады

Башкы прокуратура Юстиция министрлигине карата экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доо арызын канааттандырып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алганы маалым болду. Бул тууралуу КСДПдан маалым болду.  КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Турдукулов буларды айтты: “ 17 күн өткөндөн кийин реестрге киргизишти. Жаңы кодекс боюнча реестрге кирди деген мурдагыча айтканда кылмыш иши козголду дегенди түшүндүрөт. «Юстиция министрлиги партиябыздын «төрагасы» деген жерге башка адамдын ...

0 257

Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: “Президент сөзүндө туруп, уран казууну түбөлүк токтотсо, чоң кадыр-баркка ээ болот...”

Б.Талгарбеков: Мамлекеттин бүгүнкү жоопкерчилиги толугу менен бийликтин мойнунда болгону үчүн  убакытты созбой, тез аранын ичинде чечиши керек. - Бекболот агай, эл уран кенин каздырбоо үчүн болгон каршылыкты көрсөтүп, митингге, жөө жүрүшкө чыга баштады. Бул жагдай эл менен бийликти тирештирип, Кыргызстандагы саясий абалдын курчушуна, бийликке каршы күчтөрдүн күчөшүнө жол ачабы? - Абалдын курчушу же эпке келиши албетте, бийликке көз каранды. Айтайын ...

0 418

Дамира Ниязалиева, ЖКнын экс-депутаты: “Менин кайрымдуулук иштеримдин шайлоого эч кандай байланышы жок”

—Дамира эже,  КСДП экиге бөлүнүп,  ушундай ахыбалга түшүп калганы боюнча эмне айтасыз? —Албетте, өкүнүчтүү маселе болуп калды. Мындай деӊгээлге жетип, бөлүнүп-жарылбай эле койсо жакшы болмок. Бирок ушул маселенин келип чыгышына Атамбаевдин да өзүнүн чоӊ жоопкерчилиги бар. Эмнеге дегенде, Атамбаев убагында премьер, андан кийин президент болуп турганда партияны өзү карабай, жетекчиликти тажрыйбасы,жөндөмү жок адамдарга берип койгон. Ошол мезгилде КСДПнын кыйроо ...

0 143

СҮРӨТ - Тарыхый кинодогу күлкүлүү кадрлар: кагаздан жасалган кофе идиши...

HBO телеканалы 2019-жылы “Тактынын оюндары” сериалынын жаңы промо-ролиги чыккандыгын  жазып чыккан эле. Сериал 2019-жылдын апрель айынан башталса, 2020-жылдын 31-майында аяктай тургандыгын кабарлаган. Башкы ролду ойногон Эмилия Кларк аталган тасма көрүүчүлөрдүн купулуна толот деп айткан. Учурда көрүүчүлөрдүн кызуу талкуусундагы аталган тасма өзбек тилине которулуп, көгүлтүр экрандан коюла баштаган. Эң кызыгы аталган тарыхый кино сериалда күлкү келтире турган заттар түшуп калган. Алсак, тасмада заманбап кагаздан ...

0 388

Дамир Мусакеев мынча мүлктү кайсы акчасына алган?

Экс-президент Алмаз Атамбаев: “мен бийликке, мамлекетти башкаруу иштерине туугандарымы жолоткон жокмун”- деп миң кайталабасын, бирок өзүн тегеректеп жүргөн жакындарын бийликке болушунча эле аралаштырганы кечээги айныгыс чындык. Мамлекетти өзү эле талап-тонобостон, ошол майлуу-сүттүү кызмат орундарын ээлеген жакындары да талап-тоношуп, ири акча жасашып, мүлктөрдү топтошкондуктары бүгүн ачыкка чыгып олтурат. Өздөрү ээлеген кызматтарын тыңгылыктуу аткара алышпаса да, бирок байлык топтоо жагынан алдына ...

0 3236

Раим Матраимовдор тууралуу көпчүлүк билбеген ЧЫНДЫК

Раим Матраимов Кыргызстанда бир канча жылдан бери бардык саясый процессттерде өз алдынча катализатор болуп калды. Бардык жаңылыктардан анын кулагы чыгып турат. Эч кандай маек берип, телеге барбай эле белгилүүлөрдүн сап башында. Матраимов тууралуу кеткен да келген да президенттер сөз кылып, аны менен дос да душман болуу менен ал эң көп талкууланган адамга айланды. Ошентип, эми ылакап аты ...

0 428

Сулайманов Атамбаевге жолугуп, түшүндүрүп койду

Буга чейин белгилүү болгондой “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаковду Оштогу көпөс, өзүм билемдик менен көмүскө бизнес кылып, кутуруп келген Жалил Атамбаев 50 миллион сом айыпка жыгып, сотко доо арыз берген. Себеби, Исаков анын бизнесиндеги былык иштерин чубап чыккан болчу. Исаковду колдоп, журналисттер президентке кайрылуу жолдошкон. Айрым саясатчылар дагы колдоп чыгышкан. Алардын бири “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов эле. Бүгүн ...

0 111

Эркебаев дале бийликтин эркеси

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп Абдыганы Эркебаев шайланды. Белгилүү болгондой бул кызматты 2016-жылдын апрель айынан бери Кыргыз-тандын азыркы акыйкатчысы Токон Мамытов ээлеп келген. 3-майда Токон Мамытов курултайга келип, отчет берген соң, кеңештин мүчөлөрү аны кабыл алып, Абдыганы Эркебаевди төрага кылып шайлады. Ассамблеянын кеңешинин курамы 55 кишиден турат. Эркебаев Акаев доорунан бери чоң кызматтарды аркалап келатат. Бирок кайсыл ишти иштебесин, ...

0 287

ВИДЕО - Өлүктү көтөрүп бара жатып, бийлейбиз деп жерге кулатып алышты

Ганада маркумду жерге берүү аземинде сөөктү көтөрүп бара жаткандар бийге түшүшкөн. Бул тууралуу маалыматты The Pulse маалымат булагы жазып чыкты. Аталган маалымат булагы жазып чыккандай сөөктү көтөрүп бийлеп бара жаткан ганалыктар ортого чыгышкан. Алар аземдин жүрүшүндө табытты көтөрүп бара жатып, алдыга жана арта бийлеп токтоп, артка карай бурулганга аракет кылышат. Тилекке каршы алардын “манёврлары” окшошпой, сөөк салынган табыт жерге ...

0 1051

Алмаматов 12,5 жылга кесилди

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук кубөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду. Мындай чечимди Октябрь райондук соту чыгарган. Эми Алмаматовдун апелляциялык арызын Бишкек шаардык соту 14-майда карайт. Белгилей кетсек, Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Ал айдоочулук күбөлүк берүү маселесинде коррупциялык схема түзүп, адамдардан ийгиликтүү акча чогултуп келген деп айыпталган. Мындан тышкары, бул адам белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн ...

0 160

Битир - садага берүүнү унутпаңыз

Кыргызстандын муфтияты быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар экенин билдирди. Аны базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди, Буудайдан сырткары, ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен берсе болот. Аны базар баасы менен салыштырганда ...

0 905

Боронов болбой калыптыр...

Раиммиллиондун тоюна сыймыктануу менен катышкандардын бири биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов болду. Бул адам Кара-Сууда Матраимовдордун атасын эскерүү иш-чараларына буга чейин да бир нече ирет катышканын ачык айтып, мактанып алды. Иттики десе, Раиммилион өкмөттү кызматтан туура эмес алдыңар деп сотко берип утуп алып, элди таңгалдырып жатса, өкмөттүн бакыйган мүчөсү Раиммиллиондун төрүндө учаны уучтап алып жеп жатканы кайсы акылга сыят? Айтор, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 344

Аткаруучулар тутулду. Буйрук бергендер унутулабы?!

Белгилүү болгондой криминалдык төбөл Азис Батукаевди 2013-жылы бир топ чиновниктер Нарында ден-соолугу мыкты болуп турганда эле» "рак экен, өлгөнү жатат"- деген шылтоо менен аэропорттун VIP залы менен өз мекенине укмуш узатып жиберишкен. Бул кылмыш иши чуулдап барып, басаңдап калган болчу. Быйыл Башкы прокуратура жылдын башында кылмыш ишин кайра жандантып, ишти тергеп баштаган, Тергөөнүн жүрүшүндө онкологиялык оорулар боюнча балдар дарыгери, ...

0 1371

Турсунбек Акун 100 миң долларды Алматыдан алды беле?

Батукаевди абактан чыгаруу демилгесин биринчилерден болуп ошол кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акун айтып чыккан. Жөн эле айтып тим болбостон: "рак оорусуна чалдыгыптыр, 2-3 күндөн кийин өлүп калат" - деп безилдеген. Бирок амалкөй, жеке кызыкчылык үчүн тоону да томкоруп жиберчү жайы бар Акун мындай ишти бекер эле жасабасы бештен белгилүү. Ошентип Батукаев чыгарылгандан кийин Акыйкатчы ийгиликтүү аткарган кызмат акысына 100 миң ...

0 447

Батукаевдин иши боюнча дагы 3 дарыгер камалышы мүмкүн

Батукаевдин чыгып кетиши боюнча кылмыш иши жандангандан бери бул ишке тиешеси бар бир катар адамдардын түн уйкусу бузула баштады. Жогоруда эки дарыгердин камалганын жаздык. Эми жакынкы күндөрү бул ишке тиешеси бар делген дагы 3 дарыгер кармалышы мүмкүн экендигин бизге ишенимдүү булактар кабарлашты. Алар Батукаев абактан чыгарылган 2013-жылы чоң кызматты ээлеп турган. Азырынча аттарын жазбай туралы. Биринчиси Республикалык Кан борборунда ...

0 567

Атаханов менен Бусурманкулов өз чындыгын айтышы керек!

Батукаевди абактан чыгарып, өз мекенине узатуу маселеси боюнча ошол кездеги күч тармактары боюнча вице-премьер министр Шамиль Атаханов менен ошол учурда УКМКны жетектеп турган Бусурманкул Табалдиевдин орду өзгөчө чоң экени айтылып келет. Чынында экөө тең ошол кезде ушул Батукаевдин чыгып кетиши боюнча кызматтарынан айрылышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кутман курак жашына келип калышса да, Батукаевдин чыгып кетишине өздөрү кандай салым ...

0 1526

Баатыр энелерге берген бактагы тикенек роза... жеткен шермендечиликпи же “боптурабы”?...

Бүгүн, Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында депутат Талант Баев, шаар башчылары Баатыр Энелерден 200 сомдон чогултуп, өздөрүнө белек тапшырганы айтып чыкты. Бул тууралуу маалыматты журналист Жалил Сапаров өзүн социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты. Жалил Сапаров, журналист Руслан Калматовдун пикирин кошумчалаган. Руслан Калматов: Бул 2018-жылдын июль айында болгон. 7 баатыр энеге күбөлүк тапшырууга мэрияга чакырышкан. Иш чаранын алдында карыган кемпирлерден тартып ...

0 340

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 14-мартында кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары — ЕАЭБ) Бажы кодексине ылайык, жөнгө салынуусу ЕАЭБине мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылуучу бажылык укук мамилелерин, ошондой эле ЕАЭБ Бажы кодекси жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдер жана актылар ...

0 637

Жусупжан Жээнбеков, экс-депутат:“Эскерүүдөн саясат издебей эле койсок болот эле”

-30дай чиновниктин Матраимовдордн атасынын урматына арналган турнирге барышы Райым Матраимовдун Кыргызстанды көмүскө башкарганынан кабар бербейби? - Райимбек Матраимовдордун атасын эскерип, турнир өткөргөнүнөн саясат издебей эле койсок болот эле. Анткени, атасын эскерип, куран окутуп, жаштарга үлгү болчу сөздөрдү айткандын неси жаман. Балдары бар экен, атасы эскерилип жатат. Менин да атам согуштун катышуучусу. Мен да атам менен агама жыл сайын эс алыш күндөргө ...

0 1607

Марс Сариев: "Темир Сариев Атамбаевдин атынан Раимге белек берген"

Саясий серепчи, кандай кырдаал болбосун өз оюн ачык айткан Марс Сариев менен коомчулукту дүрбөлөңгө салган айрым жагдайлар тууралуу ой-бөлүштүк. -Марс агай, Райым миллиондун атасын эскерүүгө арналган турнирге барган Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, спикер Дастан Жумабековду коштогон депутаттар коомчулуктун сынына кабылышты. Ал турнирге 30дай чиновниктин барышы Матраимовдордун күчтүүлүгүнөн кабар береби же бийликтегилердин аны менен эсептешүүгө аргасыз экенин далилдедиби?

0 3567

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:“Матраимовдор Кыргызстанды көмүскө башкарбаса керек”

-30дай чиновниктин Матраимовдордн атасынын урматына арналган турнирге барышы Райым Матраимовдун Кыргызстанды көмүскө башкарганынан кабар бербейби? -Матраимовдор Кыргызстанды көмүскө башкарбаса керек...Жамандык жакшылыкта катташып жүргөн достор болсо, аяш атасын эскергени барышат да. Анын эмнеси бар экен. Булак: NazarNews.kg

0 1600

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы:“Атамбаевдин 6 жылдагы мыйзамсыз иштерин иликтеген коомдук комиссия түзөбүз”

NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-акыйкатчы Турсунбек Акунду кепке тартып, Атамбаевдин мыйзамсыз ишин иликтеген коомдук комиссия түзүү аракети башталганы боюнча ой бөлүштү. -Турсунбек мырза, курултай өткөрүп жаткан саясатчылардын биринчи маселеси Атамбаевди жоопко тарттыруу экени эч кимге деле жашыруун эмес. Бирок, Сооронбай Жээнбеков силердин бул аракетиңерди 100 пайыз колдоого алабы? -Атамбаевди жоопко тарттыруу, ал башкарган 6 жылдагы мыйзамсыз иштери, ашынган коррупциялык схемаларын ...

0 1793

Алмазбек Акматалиев: “Мурат Суталинов атасынан кечирим сураган”

Саясатчы Алмазбек Акматалиев Мурат Суталиновду азаттыкка чыгышы менен куттуктап, атасынан айткан сөзүн эске салды. -Мурат Суталинов бошогондугу менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бир жума мурун божомолдодум эле сот отурумунда бошойт деп! Кудай жалгап, сөзүм төп келди. Бир окуяны эстедим, бирөөнөн уктум эле. Мурат генералды алганда атасы, ал да генерал Абдыбек Суталиновго келет бир шампанын көтөрүп алып. Анан атасына мактанат: - Сиз да генерал, мен ...

0 791

БОЛГОН ОКУЯ: Китептин ичинен суурулуп чыккан арбак

Окуучулук күндөрдө эмнелер гана болбойт. Далай жолу класс жетекчи, завуч, директорлордун тил уксак да эки күндө ал жемелерди унутуп, кайра эле эски адетибизге түшөбүз. Эх, кандай гана сонун күндөр өттү, чиркин. Классташтар жыйырма жылдыкка чогулганда, ошондогу окуяны эсибизге түшүрүп отурдук. Оо андан бери дээрлик жыйырма жылдан ашык убакыт өтүптүр, Биздин мектеп Алабуканын наркына жакын жерде жайгашкандыктан жок эле дегенде ошол ...

0 973

ТЭК президент Сооронбай Жээнбеков менен Өкмөт башчы Абулгазиевге Кайрылуу жазды

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековго Кыргыз Республикасыныни Өкмөт башчысы М. Д. Абылгазиевге КАЙРЫЛУУ Атамбаевдин мезгилинде "Кыргызгазды" 1 долларга Россиянын "Газпромуна" сатып, кыргыздар дүйнө жүзүнө уят болдук эле. Ошондо Атамбаев: "Кыргызгаздын" 47млн. карызын кошо алды, силерге "Кыргызгаз" керекпи же арзан газ керекпи?, - деп 47 млн. долл. коррупциялык карызды, элдин карызы дегендей айтышкан. "Газпром" Кыргызгазды алары менен газдын баасын 4 ...

0 354

Төлгөнүн адаттан тышкары түрлөрү

Көп учурда ойнолуучу карта же кофенин түбүндө калган уютмасын төлгө кыларын угуп-көрүп келгенбиз. Аалам табышмакка бай демекчи, дүйнө жүзүндө жашаган ар түркүн эл эртеңин же келечегин көрүү үчүн ойго келбеген адаттан тыш төлгөлөрдү да сынап көрүшөт экен. Айрымдары менен тааныштырабыз. *Оомантия - тооктун жумурткаы аркылуу тагдыр белгилерин көрүү. Байыркы славян эли жумуртканы сууга чегип, андан кийин пайда болгон белгилерге карап келечегин ...

0 784

Алмазбек Атамбаев бир сөз менен уктатып койгон Бакыт Төрөбаев Мыйзамга олуттуу өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат

Жакын арада коомдук талкууга Кыргыз Республкасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык Мыйзамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын долбоору сунушталат. Мыйзамдын долбоорун “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев иштеп чыкты. Бул тууралуу маалыматты “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын басма-сөз кызматы билдирди.   Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңеште элдин калың катмарынын кызыкчылыктарын коргогон өкүлдөрдүн катышуусун бекитүү максатында жана мыйзам бийлигинде бир-эки ...

0 140

Күйүүчү майдын баасы кымбаттайт

Жылда жаздын күнү күйүүчү майга болгон баалардын кымбатташы күтүлөт. Ал айдоо жерлеринин тегиз айдап себүү иштерине байланыштуу болчу. Бирок, буга чейин Казакстан менен болгон биздеги баалардын айрымачылыктары 10 сомго тете экенин депутаттар, ал турсун өкмөттүн тийиштүү тармагы деле айтып келген. Ага карабай учурда Бишкектеги май куюуучу жайларда Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы орто эсеп менен 40,5 сом болуп турат. Маалыматтарга караганда Кыргызстанда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 498

Үч көздүү жылаан табылды

Австралиянын Дарвин шаарында үч көздүү жылан табылды. Бул тууралуу маалыматты лента.ру жазып чыкты. Үч көздүү жылаанды жергиликтүү жашоочу жолдун боюнан таап алган. Жылаандын узундугу 40 сантиметр.   Илимпоздордун айтымына караганда, жыландын үчүнчү көзү дагы мыкты көрөт. Бул кадимки эле сиам эгиздери сыяктуу мутация натыйжасы экендигин серпентолог Брайан Фрай айткан. Булак: NazarNews.kg

07-май 2019, 15:36 | 498
0 127

Алкоголь ичимдигин токтотуу мүмкүн эмеспи?

Кыргызстанда аракты токтотуу, той аштарда колдонуу, магазиндерде саттырбоо боюнча бир топ айылдарда жергиликтүү бийлик жана элдердин өздөрүнүн демилгеси менен ишке ашкан учурлардын бар экенине карабай, сырттан спирт ичимдиктерин алып келүү күчөөдө. Экономикалык абалга караганда бул шарттарды мамлекет чектөө жана аларга чара көрүүдө жолдорду таппай жаткандай. Базар экономикасынын шартында кирешелүү бизнестин бир бөлүгүнө айланган спирт ичимдиктери бир тарабынан салыктан, алып сатуудан ...

0 402

Түндөгү жалгыздык же табышмактуу бала

Мен жылда кыш мезгилинде өзүмдүн менчик КАМАЗ машинем менен Минкуш тараптан Кочкор, Көл, Чүй тараптарга көмүр ташыйм. Көмүрдү сатып жиберип эле кайра Минкуш тарапка жөнөйм. Ар кандай ишканаларга же үйлөргө таратып берем. Бул мезгилде үйгө түнөмөй жок, мүмкүнчүлүктү пайдаланып калуу керек. Карызга деле бере берем кийинки келгенде акчасын чогултуп алам. Айтор ушинтип үйбүлөмдү багып күн көрүп келем. Жанымда таякемдин ...

0 228

Уран чуусу кыргыз-орус кызматташтыгына доо кетиреби?

Өткөн айда Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга иш сапары менен келип, маанилүү 17 келишимдерге кол коюп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн, карым-катнаштын өскөнү кубануу менен белгилеген болчу. Кыргызстанда 700дөй биргелешкен ишкана ийгиликтүү иштеп жатканын айтып, мунайгаз тармагында жылыштарды болгонун, "Газпром" Кыргызстанды 2030-жылга чейин газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу боюнча башкы планды ишке ашырып жатканын да баса белгилеген. "Орусиялык ...

0 2499

Суталиновдун жубайы Гульнара кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Бишкек шаардык соту бүгүн, 7-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу камактан чыгарды. Суталиновдун жубайы Гульнара Суталинова өзүнүн социалдык тармагына кыргыз элине жана тарапташтарына: “Мы дома! Всем спасибо! Люблю всех! Пусть у вас все будет хорошо!” деп ыраазчылык сөзүн жазды. Эске сала кетсек, Суталинов 2010-жылдагы апрель ...

0 69

Жогорку Кеӊеште Кыргызстанда радиоактивдүү заттарды иштетүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өтүүдө

Уран сындуу радиоактивдүү заттардын адамдардын ден-соолугуна жана экологияга тийгизе турган кесепетин жакшы билесиздер. Совет доорунда иштетилген урандын калдыктарынан кутула албай жатып, жаӊы кендерди ачуу андан бетер коркунучтуу экени айпаса да түшүнүктүү. Ошондон улам, Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан Кыргызстанда радиоактивдүү заттарды иштетүүгө багытталган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматов коомдук угуу жүрүшүндө билдирди. Баяндамачы жакында ...

0 266

Суталинов кыргыз элинен кечирим сурады, УӨ качан кечирим сурайт...

Мурат Суталинов сот залынан бошотулары менен "Азаттыктын" берген суроосуна Апрель окуясы үчүн элден кечирим сураган. "Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм ...

0 160

Баланын өмүрүн сактап калган ит

Мен акылдуу иттерди мурда кинолордон гана көруп калчумун. Албетте, алар сценарий боюнча тартылып, үйрөтүлүп, кайра-кайра машыгып, анан тартылат эмеспи. Ал эми чыныгы турмушта болгон акылдуу иттерди өз көзүм менен көрө элек болчумун. Бул иттин тарыхы да өтө узак да, кызык да. Аны көчөдө келатып байкем. Экөөбүз кырмандын дубалынын бурчунан адашып жүргөн жеринен таап алган болчубуз. Атам чабан болгондуктан үйдө дагы ...

0 252

Этти экспорттой баштайбыз

Бажы бирллигинин алкагында Кыргызстандын ветеринардык лабораториялар тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин ченемдерине туура келээри айкын болуп, мындай укукка ээ болуш үчүн Кыргызстан бир топ иштерди аткарып, лабораториялар менен жабдылып, ишкерлерге чыгарган өндүрүмүн коңшу өлкөлөргө экспорттоого шарт түзүлдү. Мындай чечимге өкмөт тарабынан кол коюлуп, ага ылайык, Кыргызстандын ветеринардык тутуму Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) ченемдерине эквиваленттүү деп таанылды. Кыргызстан ЕАЭБге кирген учурдан ...

0 950

Бөдөш Мамырова: "Атамбаев Жээнбеков айткан баатырлыктан баш тартып койсо болмок"

Президенттин толкундануу менен айткан Указынан Атамбаев өзү дагы 6 жыл мамлекеттин башында олтурган, ак-караны башынан өткөзгөн адам катары “Мага элимдин берген баасынан жогору наам жок. Мен ыраазымын” деп баш тартып койсо жарашмак, деген пикирин саясатчы, Бөдөш Мамыроов "Жаңы ОРДО" гезитине берген маегинде айткан.  — 2017-жылы экөөбүз маектешкенде Сооронбай Жээнбековдун биринчи Указы боюнча талкуу кылып, Атамбаевге Баатырлыкты шашып берип жиберди деген ...

0 172

Сулайманов: Уранды чалгындоо, иштетүү түбөлүккө токтотулат

Бул тууралуу парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын лидери, талкууланып жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Алтынбек Сулайманов 7-майда уран маселеси боюнча коомдук угууда билдирди. Ушул тапта Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу коомдук угуу өтүп жатат. Аталган мыйзам долбоордун авторлору депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков.

0 341

Шаршембиевдин "шагы" сынды

"Коопсуз шаар" долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жатам деп төш каккылаган Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиевдин коррупцияга байланыштуу кармалды деген маалыматтар желдей тарап барып токтоду. Бул маалыматтан соң коомчулук аны оңду-солду сөз кылып, миллиондогон акчага жасалып аткан проектиден алса алгандыр деп шектенбегендер, анан калса биздин чоңдордун кимиси гана албаптыр дегендей да түр көрсөтүштү. Бирок, ал маалыматты «атайын ...

0 974

Акылбек менен Аалы Раимге эле барган экен

Кара-Суу районунда өткөн Исмаил Матраимов аксакалдын урматына өткөн спорттук турнирге барган ЖКнын депутаттары жакшы эле тепкиге алынып, алды актанып, аягы мактанып тынышты. Абийирдүүлөрү моралдык, этикалык нормаларды сактабагандыгы үчүн элден кечирим сурашса, көптөрү "Раим Миллион" атыккан Раим Матраимовдун агасы, кесиптеши Искендер Матраимов үчүн эле барышканын айтышты. А муногу Акылбек менен Аалы абийрлерин коргогонго деле жараган жок. Эмнесин коргошот эле? Кайсыл ...

0 2640

Кызматтык алмашуулар күтүлүүдө

Узун кулактык кылып уккан маалыматтарыбызга караганда, бийликте бир топ министрлер алмашаары айтылууда. Алардын катарын коомчулукта көбүрөөк иши сынга алынгандар экени белгилүү эле болду. Айыл чарба министри Нурбек Мурашев сап башында экен. Буга чейин Мурашев айыл чарбаны эптей албага-ны катуу талкууну жаратып, чирип кеткен картошкага да анын тийиштиги бар экени айтылып жаткан. Мурашев менен бирге вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, Саламаттыкты ...

0 100

Экспорттоочулар жеңилдетилген насыя ала алышат

«Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоорунун алкагында экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя жеткиликтүү болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 2019-жылдын майынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо» долбоорун ишке киргизет. Анын башкы максаты – өлкө аймактарындагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан ишкердик субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо ...

0 108

Трамптын мурдагы юристи үч жылдык жазасын өтөө үчүн түрмөгө жеткирилди

АКШ президенти Дональд Трамптын адвокаты Майкл Коэн Нью-Йорктон 100 чакырым аралыкта жайгашкан Отисвилл айлындагы түрмөгө жеткирилди. Ал бул жерде үч жылдык жаза мөөнөтүн өтөйт. Коэн журналисттерге берген комментарийинде “чындыкты бөлүшө турган күндү” чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. Ал азыркы өлкө жетекчисинде байкалган ксенофобияны, адилетсиздикти жана алдамчылыкты жектей турганын кошумчалады. 52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12 -декабрда салык төлөөдөн качканы, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 671

Раим келатат, "мурдуңарды" тарткыла

Азыркы тапта "Раим Миллион" атыккан Раим Матраимовдун Кара-Сууда атасына арнап өткөргөн турниринен башка сөз деле болгон жок. Сөз болбогондо кантсин, Кыргыз элитасынын жарымы, депутаттын баарысы ошол жакта жүрсө. Ааламга аты белгилүү болгон Айтматовдун мааракесине барбагандарды ошол жактан көрүп атса, аргасы куруп айтпаганда не десин? Анын үстүнө азыркынын "ап" эткендеринин алдыңкы сабында айтылып, аз жерден камалып, бирок азыркы бийликтегилерге кай ...

0 198

«Северэлектро» ААК Бишкек шаарындагы 6 800 абоненттердин электр энергиясын аралыктан өчүрүүнү мерчемдөөдө...

Шейшемби күнү, 7-майда, “Северэлектро” ААКнын электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 6 800 турмуш-тиричлик абоненттердин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрөт. Алардын карыздарынын суммасы 12,8 млн. сомду түзөт. Бул тууралуу «Северэлектро» ААК басма сөз кызматы билдирди. Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын күндөрүндө ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83