www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Бостон

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (370)

0 3756

Жөн жерден түшкө кире берчү 6 нерсе

26-июнь 2017, 03:47 Камчыбек Бостон

 1. Кутуча Эгер түшүңүздө кутучаны бат баттан көрүп турсаңыз, анда жашоодо өзүңүздү алдап жашап келесиз. Өзүңүздүн чыныгы эмоцияларыңызды айланадагылардан гана эмес, өзүңүздөн да жашырасыз. Мүмкүн, кандайдыр бир сыр жүрөк өйүп келет. Же качандыр бир убакта туура эмес чечим кылганыңызды моюунуңузга алгыңыз келбей жашап келесиз. Эгер кутуча бош болсо анда терең көңүл калуу болгон. Эгер көп кутучалар чар жайыт чачылып жаткан болсо, ...

0 2196

Бердибек Жамгырчиев: "Кыздарды жээрип сен асылба"

26-июнь 2017, 01:49 Камчыбек Бостон

Кыз деген аруузат, асыл да, Кыздарды жээрип сен асылба. Эшектей мээңди бүт төгүп, Эртерээк алмаштыр акылга. Ак сөздүн өзгөрбөйт чындыгы, Аял не атайын кылдыбы? Чак түштө тепкилеп ит болдуң, Чатырың ордунан жылдыбы?.. Көөдөнүң көр болуп калганбы? Көзүңө шайтан чок салганбы? Эси жок нааданым ойлончу? Энеден туулганың жалганбы? Көз жашты бир далай көлдөттүң, Дарактан чириген сөңгөксүң. Төбөңө бир ...

0 3055

Бердибек Жамгырчиев: "Мени күтпө..."

25-июнь 2017, 21:47 Камчыбек Бостон

Ашыктыктан турганда таңдай катып, Ак сүйүүдөн ууртасаң кандай бакыт. Бүт тамырга жалын от тараар эле, Бүлүк салган сезимдер жандай басып. Бирок ал күн ортодон алыс калган, Биз бөлүндүк бир жүрчү багыттардан. Баары өчүп жүрөктүн тереңинен, Үмүт деген жапжалгыз жарык калган... Тагдыр бир күн бутуңдан тушаганда, Мени эстеп бекерге кусаланба. Карт убакыт баардыгын унуттурат, Кайран өмүр алыска узаганда. Мейкиндикте калса да өз тилегиң, Мени ...

0 1022

Таирбек Ерматов: "Эх Россия, Россия!!!"

25-июнь 2017, 21:48 Камчыбек Бостон

Эх Россия, Россия карыз кечкен. Неге кечтин? сурайын алып беттен. Балким булар ордуна жашырынып. Мекенимдин бир жерин алып кеткен. Эх Россия жөндөн-жөн кечпедиң да. Ушундан да бир нерсе, эптедиң да. Атабызды коноко айтып алып. Бир кычыка байкушту кептедиң да. Өзүңдүн да карызың толтурадыр. Неге кечтиң? мунуң да "халтурадыр". Бизге кысым көп эле жасап койдуң. Ишеничим калбады баркыңа бир. Жооп издеп жүрөмүн алыстардан. Айтаар бекен ...

0 3168

Түркиянын президенти намаз учурунда өзүн жоготту

25-июнь 2017, 20:45 Камчыбек Бостон

Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган ыйык рамазан айындагы майрамдык кечеде намаз учурунда эс учун жоготкон. Бул тууралуу CNN телеканалы билдирди. Маалыматка караганда, Стамбул провинциясындагы Аташехир шаарындагы Мимар Синан мечитинде намаз учурунда күтүлбөгөн жерден түрк президентинин канты диабети көтөрүлүп, өзүн жоготкон. Дарыгерлер дароо медициналык жардам көрсөткөн соң Эрдоган өзүн жакшы сезип калган.  Булак: "5news.kg"

0 1083

СҮРӨТ- Ошто Орозо айт намазга миңдеген адам катышты

25-июнь 2017, 20:18 Камчыбек Бостон

Бүгүн 25-июнь күнү Ош шаарында ыйык Орозо айт намазы Борбордук аянтта окулду.  Иш чарага шаар жетекчилери катышып, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жалпы момун мусулмандарды ыйык орозо айт майрам менен куттуктады. “Орозо бүткөн күнү элибизге кубаныч, салтанат тартуулаган улуу Айт майрамы куттуу жергебизге жакшылык алып келсин. Ылайым жаман сөздөн, суук көздөн, көңүл кирдеткен жаман окуялардан алыс бололу.  Бүгүнкү күнү кылынган дубалар ...

0 1409

СҮРӨТ - Бүгүн Москва шаарында Айт намазында В.Путиндин атынан куттуктоо окулду

25-июнь 2017, 19:17 Камчыбек Бостон

Москванын борбордук мечитинде бүгүн айт намазы окулду. Айт намазына 10 миңден ашуун Москвадагы бардык улуттун өкүлдөрү  катышты. Айт намазда Россиядагы момун мусулмандардын муфтийи Рафиль Гайнутдин сөз сүйлөп мусулмандарды айт майрамы менен куттуктады, ошол менен эле Россиянын президентти Путиндин атынан  куттуктады.  Намаз жергиликтүү убакыт боюнча 8:00 дө башталып 10-15 мүнөткө созулду.  Камчыбек Бостон, "NazarNews.kg" Москва шаары

0 1570

Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрү ижарага алган унаа менен оодарылып кетишти

25-июнь 2017, 13:21 Камчыбек Бостон

Ош шаарында эки өспүрүм ижарага алган жеңил автоунаа менен жолдон чыгып, оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына Ош облустук ИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, 24-июнда эки мектеп бүтүрүүчүсү аттестат берүү аземинен кийин Mercedes Benz үлгүсүндөгү унааны ижарага алып, Кара-Сууга жөнөшкөн. "Окуучулар шаар сыртына чыкканда, 17 жаштагы айдоочу рулду башкара албай даракты сүзүп, оодарылып кеткен", — деп маалымат кызматынан кабарлашты. Өспүрүмдөр ...

0 2993

Тажикстанда күйөөсү менен кайнисине уу берип өлтүргөн деп шектелген аял кармалды

24-июнь 2017, 21:35 Камчыбек Бостон

Тажикстандын Турдишох Пянджск районунда 37 жаштагы аял күйөөсү менен кайнисин ууландырып өлтүргөн деп шектелип колго түштү. Бул тууралуу 23-июнда Тажикстандын Ички иштер министрлиги маалымат булактарына кабарлаган. Шектелип кармалган аял өз көрсөтмөсүндө каза тапкандарды эмнеге жана кандай жол менен ууландырганын айтып берген. Белгилүү болгондой, шектүү 43 жаштагы күйөөсүнө турмушка чыккан күндөн тартып, жолдошун жана анын туугандарын, айылдаштарын жек көрүү менен ...

0 4484

Турсунбай Бакир уулу президенттикке ат салышат

24-июнь 2017, 14:47 Камчыбек Бостон

"ЭрК" партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу быйыл күздө өтчү президенттик шайлоодо ат салышат. Орозо бүтөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берерин "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы партиянын 25 жылдык маарекесине арналган курултайда президенттикке талапкер көрсөтүү маселеси каралып, Турсунбай Бакир уулу сунушталган. Талапкердин программасы да даярдалган. Бакир уулу партияда 25 миңдей мүчө бар экенин кошумчалады. Ал буга чейинки өткөн президенттик шайлоолордо да ...

0 2049

Меккеде жан кечти өзүн-өзү жардырды

24-июнь 2017, 14:40 Камчыбек Бостон

Сауд Аравиянын полициясы Мекке шаарындагы Аль-Харам мечитинде жардырууну алдын алды. Бул тууралуу BBC жазып чыкты. Маалыматта полиция кызматкерлери жан кечти жайгашкан имаратты курчоого алган учурда ал өзүн-өзү жардырып жиберген. "Жардыруудан имарат урап, 11 адам жаракат алган. Алардын катарында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар", — деп жазылат кабарда. SPA маалымат агенттигинин кабарлашынча, террорчуну полиция курчоого алып, атышуу болгон. Эске сала кетсек, Аль-Харам мечитинин ичинде улуу ...

0 633

Орозо айт күнү Оштогу автобустар менен троллейбустар элди акысыз ташыйт

24-июнь 2017, 14:17 Камчыбек Бостон

Орозо айт күнү Ош шаарындагы автобустар жана троллейбустар элди акысыз ташыйт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, шаар жетекчилигинин буйругуна ылайык муниципалдык автобустар менен бир күн кечке шаар тургундарын жана конокторун акысыз ташыйт. Булак: "NazarNews.kg"

0 1743

Кичинекей мамлекетибизде жылына 22 миңдей аял аборт жасатат

24-июнь 2017, 13:55 Камчыбек Бостон

Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала. Бойдон алдыруу, тукумсуздук — мунун баары үй-бүлө пландоодогу көйгөйлүү маселелеринин бири. Саламатгык сактоо министрлигинен билдиргендей, өлкө боюнча бир жыл ичинде болжол менен 22 миң аял бойдон алдырса, анын 200гө чукулу 17 жашка чейинки кыздар. «Убагында билинбегени менен аборт кийин тукумсуздук, сезгенүү оорулары, атургай рак оорусуна алып келет» дейт Эне жана баланы коргоо улуттук ...

0 2291

Москвада бычакталган Кыргызстандык кыздын сөөгү бүгүн алынып келинет

24-июнь 2017, 13:44 Камчыбек Бостон

22-июнда Москва шаарындагы “Бейрут” кафесинде кыргызстандык кызды мекендеши бычактап салган. Бул маалымат ММКЛарга чыгары менен 22-июнда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери окуя болгон жерге барган. Каза болгон кыз 1986-жылы туулган С.Г. экени белгилүү болгон. Ал мекендешинин колунан каза тапкан. Кылмышка шектелип Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну кармалган. “Элчилик маркумдун туугандары менен байланышты. Кыздын сөөгү 24-июнда мекенине жөнөтүлөт”,-деп жазылат маалыматта. Булак: "kaganat.kg"   

0 2850

Бийликтин жүрөгүн түшүргөн Аида Салянова

24-июнь 2017, 13:15 Камчыбек Бостон

Учурда  алсыз бийлик Аида Салянованы «темир айымды» сындыра албайт, анткени алар калдыркан, өздөрү бат эле айрылып калаарын түшүнбөй жатышат. Кудай бар да, «бирөөгө ор казсаң, өзүңө зындан» демекчи, бийликтин калптары четинен чыгып, кемеси күндөн-күнгө чөгө баштады. Айласы кеткен бийлик жаш баланын кылыгын кылып, күчтүү оппоненттерин каралоо ирээтинде болбогон «дешевый-черный» пиарларды ойлоп таап жатышат. Бийликтин ойлоп тапкан кара пиарлары, четинен калп болуп чыгып, калптары ашкереленип жатат. «Белизгейт» боюнча да ...

0 805

Айт намазы эртең саат 7:30 да окулат

24-июнь 2017, 12:45 Камчыбек Бостон

Кыргызстанда Орозо айт намазы 25-июнда саат 7:30да окулат. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, намазга чогулуу саат 6:00дө башталат. Бир саат дин аалымдарынын насааттарына орун берилет. Саат 7ден 7:30га чейин муфтийдин жана бийлик башындагылардын куттуктоолору элге жеткирилет. Бишкекте намаз муфтий Максат ажы Токтомушевдин башчылыгында Эски аянтта окулат. Ага премьер-министр жана шаар мэри баштаган аткаминерлер катышат. Андан тышкары, бардык мечиттерде, облус борборлорундагы аянттарда ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 939

Каныбек Иманалиев: "Сириядан Кыргыз аскерлери тажырыйба топтоп келет"

23-июнь 2017, 21:01 Камчыбек Бостон

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев кыргыз аскерлери Сирияга жөнөтүлүшүнө каршы эмес. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары болгон Иманалиевдин айтымында кыргыз аскерлери мындан жакшы тажыйырба топтоп келет имиш. Эл өкүлү аскердик доктринага ылайык өлкө террорго каршы аракеттерге катышууга милдеттүү экенин айтат. Кыргызстан ЖККУнун мүчөсү катары эл аралык келишимдердин негизинде кайсы аймактагы чатактарга аскерлерин  жөнөтөрүн  өзү  чечерин, бул ...

0 723

Сарпашевдин ордун 30 жаштагы Дастан Догоев басты

23-июнь 2017, 04:30 Камчыбек Бостон

Дастан Догоев буга чейин кызматынан өз калоосу менен кеткен Тайырбек Сарпашевдин орун басары болуп иштеп келген. Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы жетекчиси болуп Дастан Догоев дайындалганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду. Догоев мурда аталган кызматтын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган.  Дастан Догоев 1986-жылдын 3-августунда туулган. Жогорку билимин "Бизнес-менеджмент" адистиги боюнча Британиянын Кавэндиш ...

0 2871

Кыргыз аскерлери Сирияга жиберилиши мүмкүн, Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат

23-июнь 2017, 04:26 Камчыбек Бостон

Акыркы чечим кабыл алына элек. Бирок Россия Кыргызстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Мамлекеттик думанын Коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов РИА Новости агенттигине Россия Сирияга Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын тастыктады.  Мурдарак түрк президентинин өкүлү Ибрагим Калын Россия Сирияга аталган эки өлкөнүн аскерлерин киргизүү сунушун айтканын билдирген.  "Учурда Кыргызстан жана Казакстандык кесиптештер менен бул ...

0 989

Кадамжайлык 97 жаштагы Буузар апа биринчи жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүе алмай болду

23-июнь 2017, 04:03 Камчыбек Бостон

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылынын 97 жаштагы тургуну Буузар Мамаражапова соттун чечими менен биринчи жолу туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууга укуктуу болду. Бул тууралуу Кадамжай райондук юридикалык консультация кызматынын жактоочусу Шайдулла Садиров билдирди. Анын айтымында, 1920-жылы Буузар Мамаражапова төрөлгөн мезгилде азыркыдай документ берүү болгон эмес. Ал 1956-жылы турмушка чыгып, күйөөсүнүн фамилиясына өтүп, чарбалык китепке каттоого алынган. Ошол бойдон Ош облусунун Фрунзе ...

0 1232

Жездесин өлтүргөн жаран кармалды

23-июнь 2017, 00:37 Камчыбек Бостон

Токтогул районунда жездесинин өлүмүнө шектүү делген жаран кармалды.  Бул тууралуу ИИМнин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 19-июнь күнү Токтогул шаарындагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон адамдын денеси табылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында, каза болгон кишинин кайниси  кармалган. Кармалган жаран өз күнөөсүн мойнуна алып, жездеси экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам аталган окуя болгонун айткан. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө. Булак: "fakt.kg"

0 1445

Кыздан айырмасы жок "селфилешкен" саясатчылар

23-июнь 2017, 00:34 Камчыбек Бостон

Кечээ жакында эле аткаминерлерибиздин Кремлге барып жасаган кыймыл аракеттери элдин күлкүсүнө калгандан сырткары  кыжырларын кайнатты. Аткаминерлерибиздин мындай кылыктарынан соң, күзгү алдынан чыкпай, ичке оозун оймоктой кылып чийип, кичине көзүн болушунча боёп, өзүн-өзү сүрөткө тартып Инстаграмга жүктөгөн кыздардан айырмалары жок экенин түшүндүк. Анткени алар бир кадам таштаардан мурун, мага ушу нерсе жарашабы же болбосо туура келеби деп ой жүгүртпөдү. Бизди ...

0 2332

Атамбаев: "Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү боюнча Медведев менен сүйлөштүм"

23-июнь 2017, 00:28 Камчыбек Бостон

Мамлекет башчы кыргызстандыктардын айдоочулук күбөлүгү боюнча маселени Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушууда козгогон. Натыйжада орус өкмөт башчысы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айдоочулук күбөлүктөрүнүн Орусияда таанылышы боюнча тапшырма бергенин президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Москвада мигранттар менен жолугушууда билдирди: - Мен бүгүн бул суроону Дмитрий Анатольевичке бердим. Беларустарга бул маселени чечип берип, бизге эмнеге чечилбей жатышканын сурадым. Ал ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн айдоочулук ...

0 637

Москвада канализациядан чыккан газга ууланып, 5 адам каза болду

23-июнь 2017, 00:17 Камчыбек Бостон

Москва шаарында канализацияга кирчү кудукта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан адамдар ичинен чыккан газга ууланып, алардын бешөө каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү куткаруу кызматына шилтеме берип ТАСС басылмасы жазып чыкты. "Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 5, ал эми 1 адам жабыркаган. Кырсык Москва шаарынын батыш тарабында орун алган. Ыкчам куткаруу кызматынын өкүлүнүн билдиргенине караганда маркумдар метан - газ абалындагы ...

0 835

Атамбаев: "Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм"

21-июнь 2017, 19:56 Камчыбек Бостон

Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу бүгүн Москвадан билдирди. Ал баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Кремлде орус президенти Владимир Путин менен жолукту. - Орусия тараптан абдан чоң реалдуу каржылык жардам көргөзүлгөнүн белгилеп кетким келет. Бүгүн да каржы министрлерибиз Кыргызстандын Орусия алдындагы калган карыздарынын баары кечилүүсүн караган протоколду алмашышты. Мен Кыргызстандын келечегин Орусиясыз элестете албайм, - деди Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз ...

0 7704

Атамбаев Путиндин колтуктаганга үлгүрдү, Путин колун тартып алды

21-июнь 2017, 19:45 Камчыбек Бостон

Россиянын президенти менен Кыргызстандын президентинин жолугушуусун «Коммерсант» басылмасы жазып чыкты. “Президент Владимир Путин Кыргызстандын баардык карызын кечип, “Чоң рахмат” деген сөзгө татыды. Бул кадамы менен Владимир Путин Алмазбек Атамбаев алып келген талапкерди колдоорун билдиргендей болду. Эки өлкө башчынын жолугушуусу мамлекеттик (расмий жана иш сапар жолугушуудан ылдыйраак) деңгээлде өтүп жатат. Бул жолугушуу Кыргыз элине “Россия шайлоодо Атамбаев кимди көргөзсө, ошону ...

0 840

"Мекенчил" партиясы шайлоодо башка талапкерди колдоп чыгат

21-июнь 2017, 20:06 Камчыбек Бостон

“Мекенчил” партиясы шайлоодо башка талапкерди колдоп чыгат Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров төрагалык кылган “Мекенчил” партиясы алдыдагы президенттик шайлоодо Жапаровдун өзүнүн талапкерлигин көрсөтпөйт. Бул тууралуу партиянын активисттеринин бири Данияр Малабеков “Азаттыкка” билдирди: - Камакта жаткан лидерибиз жакынкы күндөрү президенттикке аттанып жаткан кайсы бир талапкер менен биригип, аны колдоо боюнча билдирүү таратат. “Мекенчил” партиясы жана анын мүчөлөрү учурда лидерибиздин билдирүүсүн күтүп жатат.  ...

0 979

Баткенде айдоочулар кардарларын акысыз ташып жатышат

21-июнь 2017, 19:07 Камчыбек Бостон

Баткен-Ак-Татыр каттамында жүргүнчү ташып жан баккан 25 айдоочу Кадыр түн урматына 21-июнь күнү ооз бекитилгенден баштап ооз ачаарга чейин жүргүнчүлөрдү акысыз ташып жатышат. Баткен шаарынан Ак-Татыр айылына чейин жол алыстыгы 40 чакырым.  Жол акы ар бир жүргүнчүгө 80 сомдон. Мусулмандардын ыйык Рамазан айынын этегиндеги Кадыр түн быйыл 21-июндан 22-июнга караган түнгө туш келди. Кадыр түн - орозо айынын 27-түнүндө ...

1 15854

Карылар үйүндөгү апа: "Биз жумушка кеткенде токторду кармап өлөсүң деп..."

19-июнь 2017, 18:00 Камчыбек Бостон

Баланын жарык дүйнөгө алып келип, бал сүтүн берип чоңойткон бул аты ыйык болгон эне эмеспи. Алардын  кадырын билген да билбеген да адамдар арбын. Айрымдары ата-энем деп ичкен ашын жерге койсо, айрымдары баарына кол шилтеп басып кетишет. Бир убакта балдарым деп  жаштыгын,  ал күчүн, ден-соолугун  кетирген Таалайгүл апа (аты өзгөртүлдү)  азыркы учурда борбор шаарыбыздагы карылар  үйүнүн биринин  жашоочусу. Ал бул жашоо ...

0 926

ИИМдин Орусиядагы өкүлү алмашып Аскат Алиевдин ордуна Раим Салимов болду

19-июнь 2017, 17:40 Камчыбек Бостон

Милициянын полковниги Раим Салимов Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Буга чейин Салимов ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчи орун басары болуп иштеп келген. “Салимовго эки өлкөнүн министрликтеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жаатында гана эмес, укук бузууларды алдын алуу боюнча дагы активдүү иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлдү” , - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

0 842

"Ата Мекен" партиясы президенттикке Өмүрбек Текебаевден башка талапкер чыгарбайт

19-июнь 2017, 17:13 Камчыбек Бостон

Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов бүгүнкү маалымат жыйында журналисттердин "Текебаевдин талапкерлиги артка кайтарылса, башка талапкер чыгабы?" деген суроосуна жооп берип жатып айтты. Ошондой эле ал тергөө абагында жаткан Өмүрбек Текебаев президенттикке негизги атаандаш болгондуктан бийлик аны шайлоого жеткирбөө аракетин көрүп жатканын айтып чыкты. Депутаттын пикиринде бийлик Текебаевдин президент болушунан коркуп жатат. "Жадакалса мыйзамды түшүнбөгөн жарандарыбыз Текебаевге бийлик тарабынан саясий ...

0 699

Камчыбек Ташиев: "Өлкө кыйын абалда турганда элибиздин башын бириктирип, кырдаалдан алып чыга турган лидер керек"

19-июнь 2017, 17:04 Камчыбек Бостон

Бүгүн улуттук филармонияда, “Ак Шумкар” партиясынын съезди өтүп анда негизги маселе катары Темир Сариевди президенттикке көрсөтүү маселеси каралды. Анын жүрүшүндө саясатчы Камчыбек Ташиев сөз сүйлөдү. "Мен даярдыгы жок келгендиктен өз оюмду айтайын. Урматтуу делегаттар, "Ак Шумкар" партиясынын мүчөлөрү, Темир Сариевди президенттикке талапкер катары көрсөткөнүңүздөр менен куттуктайм жана бул чечимди колдойм. Өлкөнүн бириктирүү боюнча үмүтүңүздөр ишке ашат деп ишенем", - ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 595

Америкалык жылдыздар Бейонсе менен Жей Зи эгиз наристелүү болду

19-июнь 2017, 08:52 Камчыбек Бостон

Америкалык белгилүү жылдыздар Бейонсе менен Жей Зи эгиз наристелүү болду. Бул тууралуу маалыматты кечээ, 18-июнда "People басылмасы тастыктады. Бирок наристелер кайсы күнү, саат канчада, канча килограмм салмакта жана уул же кыз төрөлгөнү тууралуу жылдыздар так маалымат беришкен эмес. Белгилей кетсек, 2017-жылдын февраль айында Бейонсенин кош бойлуу экени чет элдик басылмалардын башкы жаңылыгына айланып, анын кош бойлуу сүрөтү интернетте "жакты" ...

0 948

Конфедерациялар Кубогу: Португалия менен Мексика тең чыгышты

19-июнь 2017, 03:22 Камчыбек Бостон

Орусияда өтүп жаткан Конфедерациялар Кубогунда "А" тайпасында экинчи оюн Казань шаарында орун алды. Анда Европа чемпиону Португалия Мексика менен 18-июнда кез келди. Роналду баштаган курама команда "чү" дегенде эле чабуулга өттү. 21-мүнөттө Пепе кошумча сокку узатып, эсепти ачкандай болгон. Бирок, калыстарга жардамчы иретинде пайдаланыла баштаган видеокайталоо бул учурда офсайд катталганын билдирди. 35-мүнөттө Роналдунун пасынан Куарежма эсепти ачты. Мексикалыктар чабуулун ...

0 624

Португалияда токой өрттөнүп 57 киши күйүп кетти

19-июнь 2017, 02:43 Камчыбек Бостон

Дагы 60 чамалуу киши жабыркаганын өлкөнүн премьер-министри маалымдады. Бийликтер өрттөн набыт болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал экенин айтышууда. 17-июнда Португалияда аба ырайы өтө ысып, айрым аймактарда күндүн табы 40 градустан ашкан. Өрт өлкөнүн борбордук аймагын бат эле чулгаган. Өрттү өчүрүүгө 1,5 миңден ашуун кызматкер тартылган. Азырынча тилсиз жоонун кесепети тууралуу так маалыматтар жок. Жергиликтүү басылмалар мынчалык чоң масштабдагы өрт ...

0 1110

Балдар абагында 47 бала кармалып турат

19-июнь 2017, 02:37 Камчыбек Бостон

Алардын ичинен 23 бала кылмыш жоопкерчилигине сот тарабынан тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатса, 24 өспүрүм кылмышка шектелип, тергөө абагында кармалып турат. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев "Азаттык" үналгысына билдирди. Акыйкатчы балдар абагын борбор калаага жакын жерге көчүрүп келүүнү сунуштоодо: - Балдар колониясы союз убагында 300 балага эсептелип курулган экен. Имараты эски, сыз. Ошондуктан, балдар абагын жаңы, заманбап имаратка, шаарга ...

0 1940

Абакта жаткан Өмүрбек Текебаев Президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазды

18-июнь 2017, 22:40 Камчыбек Бостон

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев быйыл күздө 15-октябрда өтө турган президенттик жарышка катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгынан билдиришти. “Өмүрбек Текебаев соттолгон эмес, шайлоого катышууга толук укугу бар. Анын камакка алынганына карабастан, шайлоого катышуу боюнча арызын жазды. Учурда тиешелүү документтер өткөрүлүп, БШК документтерди кабыл алганы боюнча аныктама берди. Эми ...

0 1143

Ыйык Рамазан айы жыл ичиндеги соопторду чогулта турган ай

18-июнь 2017, 21:17 Камчыбек Бостон

Орозодо адамдарга күнү бою тамак-аш, суудан баш тартып, руханий жактан өзүн азыктандырып, жаман кылык-жоруктардан тазаланууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондуктан мусулмандар ыйык айды чыдамсыздык менен күтүшүп, ушул айда жакшы тилектерди тилеп, соопчулук иштерин көбүрөөк жасаганга аракет кылышат. Ыйык Рамазан айы мусулман үй-бүлөсүндө молчулуктун жана кубанычтын айы. Таңдан күн батканга чейин орозо кармап, күнү бою тамак-аштын бардык түрүнөн баш тартышып, колун жаман ...

0 1748

Сот курбусун өлтүргөн баланы 16 жылга эркинен ажыратты

18-июнь 2017, 10:44 Камчыбек Бостон

Ош шаардык соту калаа тургуну, 1994-жылы туулган Нурсултан Насировдун өлүмүнө шектүүлөргө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Айыпталуучу К.Б. күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Маалыматта ал жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турганы айтылган. Мындан тышкары, шектүүлөрдүн дагы экөө жети, дагы экөө беш жылга эркинен ажыратылды. Ал эми Кылмыш жаза кодексинин 63-беренеси ...

0 587

Конфедерациялар Кубогунун алгачкы оюнунда Орусия Жаңы Зеландияны утуп алды

18-июнь 2017, 09:59 Камчыбек Бостон

17-июнда футбол боюнча Конфедерациялар Кубогу Орусияда старт алды. Салтка айлангандай, аталган мелдеш Дүйнө чемпиондугуна бир жыл калганда өткөрүлөт. Алгачкы оюнда Санкт-Петербург шаарында Орусия Жаңы Зеландия менен ойноду. Бул оюнга өлкө президенти Владимир Путин да стадиондон күбө болду. Оюндун жүрүшүндө үй ээлеринин аракети күчтүү болуп, 31-мүнөттө эсеп ачышты. Коноктордун коргоочусу өз дарбазасына киргизип алды. Экинчи таймда Федор Смолов оюнга чекит ...

0 885

Москвадагы Кыргыздар жарамазан айтып, чогулган каражатты муктаж болгондорго бөлүп беришти

17-июнь 2017, 20:52 Камчыбек Бостон

Москвада жашап, иштеп жаткан Кыргыз жарандары кайрымдуулук жарамазанын уюштурушту. Алар чогулган каражатты муктаж болгондорго берип жатышат. Уюштуруучулардын бири Зулпидин Нурматов күтүүсүз барган жарамазанчыларды эл кубануу менен тосуп алганын айтат. Маалым болгондой жарамазан айтуу сунушу алгач интернет колдонуучулары арасында талкууланып, андан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшала турган болгон. "Жарамазан айтып негизинен Кыргыздар иштеткен ишканаларга барып жатабыз. Өзбек чайханаларында кардарлардын көпчүлүгү кыргыздар ...

0 821

Өспүрүмдүн өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин иши сотко өттү

17-июнь 2017, 20:13 Камчыбек Бостон

Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери жана Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысынын үстүнөн өспүрүмдүн өз өмүрүнө кол салуусуна байланыштуу козголгон кылмыш иштер тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирет. Эки милиционердин үстүнөн КЖКнин 304-305, аймактык бөлүмдүн башчысынын үстүнөн 305-беренелери менен УКМК тарабынан козголгон кылмыш иштер тергелип, аларга айыбы угузулуп сотко жөнөтүлдү. Учурда бул ...

0 8801

Камчыбек Бостон: "Башка бирөөнүн кучагында экениңди элестетсем..."

17-июнь 2017, 17:19 Камчыбек Бостон

Түн ортосу. Көп кабаттуу үйдүн балконунда жүздөгөн майда жарыктарды тиктеп, түнкү шаарга суктанып турам. Миңдеген жарыктын арасынан сени таап алчудай тиктегеним тиктеген. – Үшүдүм... Жок, эшик суук эмес, шамал деле жок. Сен жок үшүдүм... Сенин жылуу кучагыңсыз... Дүкүлдөп соккон жүрөгүңдүн дабышын сагындым. Ичимдеги бушайман ойлор жүрөгүмдү тилип жаткандай сезилет. Токтобос убакыт акыры өзүнүкүн алып тынды. Жеңилдим... Түгөнбөчүдөй сезилген бактылуу күндөр да ...

0 755

Бүгүн Орусияда футбол боюнча Конфедерациялар Кубогу старт алат

18-июнь 2017, 01:36 Камчыбек Бостон

Бүгүн, 17-июнда Орусияда футбол боюнча Конфедерациялар Кубогу башталат. Анда ар бир континенттин чемпион аталган өлкөлөрү күч сынашат. Бул мелдешке жалпы 8 команда катышат: үй ээси Орусия, Дүйнө чемпиону Германия, Европа чемпиону Португалия, Азия чемпиону Австралия, Түштүк Америка чемпиону Чили, Түндүк Америка чемпиону Мексика, Океания чемпиону Жаңы Зеландия жана Африка чемпиону Камерун. Конфедерациялар Кубогу бир жылдан кийин өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна ...

0 654

Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

17-июнь 2017, 11:05 Камчыбек Бостон

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон иш-сапарынын алкагында 20-июнь күнү Кыргызстандын маданият күндөрү Кремлде өтөт. Иш-чарага 200дөн ашык артисттер катышат. Кыргызстандын маданият күндөрү Орусиянын Москва, Казань жана Уфа шаарларында өтөт. Орусиядагы Кыргызстан маданият күндөрүндө “Курманжан датка” жана “Атанын керээзи” көркөм фильмдери, живопись сүйүүчүлөрү үчүн көргөзмө жана симфониялык оркестрдин концерти көрсөтүлөт. Кыргыз маданиятын даңазалаган программа Кремль сарайында биринчи жолу коюлат. Иш-чарага эки ...

0 1244

Кадамжайда 1 тонналык бука 150 миң сомго сатылды

17-июнь 2017, 08:48 Камчыбек Бостон

Бул тууралуу Ак-Турпак айыл аймагындагы «Миң чынар» асыл тукум фермердик чарбасынын ээси Акжол Имаров кабарчыга билдирди. Анын айтымында, буканын бою 170 см чейин жеткен. Касапчылар букадан сөөгүнөн тышкары 600 кг таза эт алууга боло турганын айтышкан. «Бул буканы 4 жыл мурун Бишкек шаарындагы чарбадан алып келгем. Аны менен бирге 50 баш кунаажын жана 1 баш бука алгам. Бүгүн сатылган бука ...

0 581

Бишкек-Алматы жолундагы кырсыктан эки адам күйүп кетти

17-июнь 2017, 08:39 Камчыбек Бостон

Кырсык 16-июнь таңга жуук болгонун казакстандык булактар жазып чыгышты. Казакстандын Алматы облустук ички иштер департаменти да кырсыктан эки адам күйүп кеткенин ырастады. Маалыматка караганда, жол кырсыгы Бишкек-Алматы трассасынын 118-чакырымында болгон. Бишкектен Казакстанды көздөй кетип бараткан Mitsubishi Galant автоунаасы каршылаш тилкеге чыгып, «КамАЗ» үлгүсүндөгү машинеге урунган. Окуяга күбө болгондор жардам берүүгө жетишкен эмес, эки автоунаа тең күйүп кеткен. Жүк ташуучу ...

0 1177

Акча кантип пайда болгон?

17-июнь 2017, 00:51 Камчыбек Бостон

Англис философу Томас Гоббс  мамлекетти тирүү организм,  акчаны болсо анын каны деп атаган. Акча кантип пайда болгон? Алгачкы тыйындар биздин заманга чейинки доордо учурдагы Түркиянын азиялык бөлүгүндө пайда болгон. Аны менен катар эле Байыркы Кытайда да алтындан тыйындарды жасап, пайдалана башташкан. Бул эки өлкөдөн тыйындар менен соода жүргүзүү, аларды жасоо Грецияга өтүп, анын ар бир шаары тыйындарга өздөрүнүн колдоочусу болуп саналган ...

17-июнь 2017, 00:51 | 1177
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 465

Алмазбек Атамбаев Путиндин чакыруусу менен 19-июнда Орусияга барат

16-июнь 2017, 20:31 Камчыбек Бостон

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик иш сапары менен 19-июнда Орусияга барат. Бул тууралу бүгүн, 16-июнда маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди. Анын айтымында, Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен барат. "Иш сапар 19-июндан 24-июнга чейин созулат. Президент Кыргыз-Орусия дипломатиялык мамилесине 25 жыл толгондугуна байланыштуу барат. Анда эки өлкөнүн стратегиялык мүнөздөгү кызматташуусу талкууланат. Ошондой эле ЕАЭБ ...

0 976

Бүгүн Аида Салянованын соту болот

16-июнь 2017, 09:57 Камчыбек Бостон

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Саляновага байланыштуу ишти карай баштайт. Бул тууралуу адвокат Улан Жумаков “Азаттыкка” кабарлады. Алгач ишти кароо Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлүп, кийин соттолуучу тараптын "Юстиция министрлиги Ленин районунун аймагында жайгашкан" деген өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна которулган. 9-июнда адвокаттын келбей калганына байланыштуу сот бүгүнкүгө жылган. Салянова ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83