www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камчыбек Бостон

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (370)

0 600

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов жаштар арасында Азия чемпиону болду

16-июнь 2017, 09:51 Камчыбек Бостон

Тайбэйдеги Тайчунг шаарында күрөш боюнча жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медаль тагынды. 74 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз алгач үй ээсинин спортчусун, жарым финалда кытайлык балбанды жеңген. Финалда өзбек балбаны менен кез келип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк бербей утуп алды. Бул жеңиш менен ал Азия чемпиону аталды. Белгилей кетсек, Акжол Махмудов буга чейин ...

0 671

Бишкекте оңдоп түзөөдөн өткөн 4 унаа жолу ачылды

16-июнь 2017, 09:45 Камчыбек Бостон

Бишкектеги капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаадагы 29 унаа жолунда оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Мэриянын билдиришинче учурда 4 негизги жолдордо оңдоп-түзөө иштери аягына чыкты. Маалыматка караганда Иманалиев көчөсүндө унаа жолундагы тилкелерге бөлүп туруучу сызыктарды чийүү жана жарыктандыруучу жабдууларын орнотуу уланууда. Жарыктандыруу иштери Медеров, Достоевский жана Гагарин көчөсүнүн тротуарын оңдоо, жол белгилерин коюу иштери уланып жатат. Кытайдан берилген гранттын негизинде 2017-2018-жылдар аралыгында жалпы 49 ...

0 895

Президенттикке талапкерлер кыргыз тилин орто деңгээлден жогору билиши керек

16-июнь 2017, 07:13 Камчыбек Бостон

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли атайын тест менен сыналат. Ошондой эле талапкердин курагы 35тен 70 жашка чейин болууга тийиш. Чет элдик жарандыгы жок жана Кыргызстанда 15 жылдан кем эмес жашаган болушу кажет. Соттуулугу бар кишилер талапкерликке катталбайт. Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

0 511

Кыргызстан-Индия беттешинде фудболчу Антон Землянухин кабыргасын сындырып алды

16-июнь 2017, 06:56 Камчыбек Бостон

13-июнда Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгуу үчүн Кыргыз футболчулары Индиянын футболчулары менен беттеш өткөргөн. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Кыргыз курама командасынын жарым коргоочусу Антон Землянухин Индиянын дарбазачысы менен кагылышканда жаракат алган. Ал оюнду уланта албай, анын ордуна футбол талаасына Эдгар Бернхард чыккан. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Антон Землянухинди дарыгерлер оюн талаасынан көтөрүп чыгып кетишкенден кийин ооруканага жеткиришкенин кабарлаган. Футболчу Антон ...

0 756

Базар-Коргон районунда 7-класстын окуучусу коноко келген бөлөсүн кокустан атып алды

16-июнь 2017, 00:44 Камчыбек Бостон

Маалым болгондой, окуя Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Акман айылындагы мал кармаган  сарайда 13-июнда саат 17:30 чамасында болгон. Үй ээсинин 7-классты аяктаган уулу А.Н. мылтык менен ойноп жатып, капыстан чыгарган ок Бишкек шаарынан конокко келген 11 жаштагы Ж.Р.нын жоон санына тийген. А.Н. туугандарын чакырып барганча, 11 жаштагы бала алган жаракатынан улам каза болуп калган. Бул фактыны Жалал-Абад ОИИБ да ...

0 873

Таласта жашы жете элек кызга үйлөнгөн жаранга кылмыш иши козголду

16-июнь 2017, 00:34 Камчыбек Бостон

Таластын Бакай-Ата районунда жашы жете элек кызга үйлөнгөн жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Акыйкатчы институтунун облустагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева билдирди. Анын айтымында, 2016-жылы Кең-Арал кыштагында 16 жаштагы кыз айылдашына турмушка чыккан. Бирок 23 күн жашагандан кийин зордук-зомбулукка кабылганын айтып, төркүнүнө кетип калган. Кыз облустук Акыйкатчыга кайрылган соң, факт боюнча облустук милиция кылмыш ишин козгогон Булак: "azattyk.kg"

0 629

Ноокенде үч жыл мурда киши колдуу болгон келиндин сөөгү табылды

16-июнь 2017, 00:26 Камчыбек Бостон

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айылында жарандык никеде жашап жүргөн келинди токмоктоп өлтүрүп, жашыруун жерге көмүп салган кылмыш иштин бети ачылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2014-жылы Достук айылынын 27 жаштагы тургуну 21 жаштагы аялын сабап өлтүрүп алганы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Былтыр Ноокен райондук милициясы бул боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргөн. Бирок келиндин сөөгү ...

0 1315

Владимир Путин "Ордуңузга кимди коюп кетесиз?" деген суроого жооп берди

15-июнь 2017, 22:10 Камчыбек Бостон

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-июнда түз эфирде Орусиянын жашоочуларынын суроолоруна жооп берди. 4 саатка созулган түз эфирдин соӊунда Путин "Президенттиктен кетерде ордуӊузга кимди коюп кетесиз?" деген суроого жооп узатты. "Кимдин президент болушун Орусиянын жарандары чечет. Аймакты, районду, шаарды, облусту же өлкөнү ким башкарарын тандоо шайлоочунун гана колунда экенин унутпашыбыз керек. Кийинки президенттин алдында көптөгөн милдеттер турат. Жарандардын кирешесин көбөйтүү, жакырчылыкты ...

0 658

ИИМ: "Мал уурдоого шектүү топ кармалды. Алар 2 жылда 150дөй бодо мал урдашкан"

15-июнь 2017, 15:22 Камчыбек Бостон

Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын аймагынан мал уурулук менен шугулданган топтун изине түшүп, шектүүлөрдү кылтакка илишти. Алар Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан 2 жылдын ичинде жалпы 150 баштай уй, жылкыларды уурдоого шектелип жаткандыгын бүгүн, 15-июнда министрликтин басма сөз кызматы жарыялады. Кармалган 3 адам баары Ош облусуна караштуу Алай районунун тургундары. Алардын бири 44, экинчиси 43 ...

0 409

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

15-июнь 2017, 15:11 Камчыбек Бостон

Кыргызстанда күзүндө өтчү президенттик шайлоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жети жумушчу топne түздү. Бул тууралуу БШКда өтүп жаткан басма жыйында белгилүү болду. Маалыматка караганда, жумушчу топтор: - шайлоого катышуу боюнча жарандарга маалымат жеткирүү, шайлоо жараянына даярдык көрүү; - үгүт иштерин жүргүзүүдө эрежелерди сактоо; - президенттикке талапкерлерден жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн документтерди кабыл алуу; - шайлоочулардын арыз-даттанууларын карап чыгуу; - көзөмөл-ревизия жүргүзүү; - ыкчам чара көрүү; - ...

0 732

Флойд Мейвезер менен Конор Макгрегордун беттеши 26-августа өтөт

15-июнь 2017, 14:53 Камчыбек Бостон

Америкалык боксчу Флойд Мейвезер эрежесиз уруш боюнча UFC уюмунун чемпиону Конор Макгрегор менен ушул жылдын 26-августунда Лас-Вегаста беттешет. Беттеш бокстун эрежелери менен өтөт. Бул тууралуу боксчу өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады. Мейвезер спорттук карьерасын 2015-жылы токтоткон. Ал жалпы 49 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишүү менен рекорд койгон. Буга катар ал 5 салмак категориясында чемпиондукту камсыздаган. Эми ал Конор Макгрегор менен ...

0 475

Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Бишкектеги өкүлүн "Даңк" медалы менен сыйлады

15-июнь 2017, 14:42 Камчыбек Бостон

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 15-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз жериндеги туруктуу өкүлү Александр Аванесовду "Даӊк" медалы менен сыйлады. Президент уюмдун өкүлүн Кыргыздагы миссиясынын бүтүшүнө байланыштуу кабыл алып, БУУ менен Кыргыздын кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн медаль тапшырган. Атамбаевдин пикиринде, Аванесов өлкөдө жемиштүү иштеди. Жолугушууда тараптар коррупция менен күрөшүү, сот, шайлоо, укук коргоо системиндеги реформаларды талкуулашканын президенттик ...

0 511

Москвада сууга түшүп кеткен кыргыз кызы куткарылды

15-июнь 2017, 14:36 Камчыбек Бостон

Москвада дарыядагы суу тосмого түшүп кеткен Кыргыз жаранынын өмүрүн күзөтчүлөр сактап калышты. Бул тууралуу Москва шаарынын Жарандык коргонуу департаменти маалымдайт. Кечээ, 14-июнда таңкы саат 6.40та шаардын түндүк-батышында «Строгино» станциясынын күзөтчүлөрү кийими менен суу тосмого түшүп кеткен аялга жардам беришкен. Ал 1984-жылы туулган Кыргыз өлкөсүнүн жараны экендиги аныкталып, "Тез жардам" кызматы шаардык ооруканага жеткирген Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

0 3531

Ахматбек Келдибеков: "Президенттикке мындан ары да ат салыша берем"

14-июнь 2017, 21:21 Камчыбек Бостон

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков кечээ, 13-июнда ушул жылдын 15-октябрында өтө турган перзиденттик ат салышууга катыша тургандыгын кабарлаган.  Бирок Жогорку сот менен БШК Акматбек Келдибековдун соттуулугу 2-17-жылдын 8-ноябрда гана алынарын чоочугандай эле жар салды. Президенттикке талапкер болгон Ахматбек Келдибеков мындан аркы кадамын төмөндөгүдөй түшүндүрдү. "Президенттикке мындан ары да ат салыша берем.  Ат салышуума тоскоолдук жок. Соттолгон деген статусту алдырып коюунун ...

0 542

БШК: "Президенттик шайлоону өткөрүүгө 671,5 миллион сом кетет"

16-июнь 2017, 12:12 Камчыбек Бостон

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү президенттик шайлоодогу чыгымдардын жалпы сметасын 671 миллион 502 миң сом деп бекитти. Бул каражаттын болжол менен 538,8 миллион сому биринчи тур, калган 132,6 миллиону экинчи тур үчүн каралды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда БШКнын отурумунда айтылды. Маалым болгондой, Борбордук шайлоо комиссиясы бул сметаны өкмөткө жиберет. Өкмөт анын негизинде кыржылоону камсыз кылышы шарт. Айта кетсек, Жогорку Кеңеш ...

0 500

Базар-Коргон районунда аял аттан кулап сууга агып кетти

14-июнь 2017, 20:33 Камчыбек Бостон

Жалал-Абад облсунун Базар-Коргон районунда атчан аял сууга агып кетип, изделип жаткандыгын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. "2017-жылдын 13-июнь күнү саат 09:00 чамасында Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Көсө-Терек айылындагы Жинди-Суу жана Күрөбөз суусу бириккен жерге 46 жаштагы аял аттан жыгылып агып кеткен. Сууга агып дайынсыз болуп жаткан аял Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну экендиги аныкталды. Ал суунун жээгинде минип келаткан аты үркүп, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 522

Криштиану Роналду 5 жылга камалышы мүмкүн

14-июнь 2017, 20:26 Камчыбек Бостон

  “Реалдын” футболчусу Криштиану Роналдунунун үстүнөн Испаниянын прокуратурасы сотко арыз берди. Буга анын 2011- жана 2014-жылдардын аралыгында түшкөн кирешесинен 14,7 миллион евро салык төлөбөй койгону себеп болгонун чет элдик ЖМКлар жазууда. Айрым маалыматтарга караганда, аталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, Роналду бул аракети үчүн 15 айдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Эгерде ошол эле учурда футболчу тергөөгө активдүү катышса, сот айып ...

0 808

Лондондо өрттөнүп жаткан 27 кабаттуу үйдүн ичинде жашоочулар камалып калган

14-июнь 2017, 14:18 Камчыбек Бостон

Лондондун батыш жагындагы 27 кабаттуу үй бүгүн, 14-июнда өрттөндү. Чет элдик маалымат каражаттары Лондондогу өрттөн коргоо кызматына таянып, өрт имаратты толугу менен каптаганын жазууда. Маалыматка ылайык, кырсыктан кеминде 30 адам жабыркаган деп болжолдонууда. Медициналык "Тез жардам" кызматы азырынча өрттөн жабыркагандардын так санын аныктай элек экенин кабарлаган. Кырсык жергиликтүү убакыт боюнча 05:54тө башталып, 15 мүнөттөй убакыт аралыгында үйдүн бардык кабаттарына ...

0 905

Өлкөбүздө эми "Эмгек сиңирген ата" наамы ыйгарылып башташы мүмкүн

14-июнь 2017, 12:57 Камчыбек Бостон

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина "Эмгек сиңирген ата" наамын ыйгарууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Депутат энелер үчүн наам бар, ал эми аталар үчүн жок экенин белгилеп, "ата макамын көтөрүү үчүн ушундай наам берүү керек" деген оюн айтты. Эмгек жана социалдык министринин орун басары Лунара Мамытова бул сунушту карап көрүү керек экенин билдирди. Айта ...

0 512

4 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу тергөө иштери бүткөнчө үй камагында болот

14-июнь 2017, 03:46 Камчыбек Бостон

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында 4 жаштагы кызды сүзгөн 16 жаштагы айдоочу тергөө-иликтөө иштери бүткөнчө үй камагында болот. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Буга чейин айтылгандай, кырсыктан жабыркаган кыз Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасына жаткырылган. Анын баш сөөгүндө ачык жаракаты бар экендигин, баш мээси чайкалганын аталган оорукананын башкы дарыгери Данияр Шайбеков билдирген. Айдоочу тартип сакчылар ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83