www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазгүл Урманбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (2980)

0 130

ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка жана башка укук бузууларга шектелгендерди кармашты

04-март 2019, 20:17 Жазгүл Урманбетова

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бейбаштыкка жана башка укук бузууларга шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2018-жылдын сентябрь айынын аягында ички иштер органдарына Баткен облусунун Б.А. аттуу жараны кайрылып, мыйзамга каршы иш-аракеттер менен анын укугун тепселенгендер жөнүндө билдирген. Кечинде телефон аркылуу чалышып, Бишкек шаарындагы “Вефа Центр” соода борборунун жанында чогулууну белгилешип, ...

0 591

Медербек Коргонбаев: "Эки дөө кырылышса, ортодо чымын өлөт"

04-март 2019, 20:03 Жазгүл Урманбетова

2020-жылда өтө турчу шайлоого карата ойлор. Жээнбеков менен Атамбаевдин саясаттагы бренди. Мындай пикирин Медербек Корганбаев билдирди.  Алмазбек Атамбаевдин алдыдагы шайлоого катыша тураары тууралуу билдирүүсүнөн кийин, Ак үйдөгүлөр бул аларга эмне алып келээрин жакшы түшүнүп турушат. Атамбаев өзүнүн үстүнө мурунку оппозиционердин кемселин кайра кийип алгандай элес калтырат. 2018-жылдын башында ал үчүн оор күндөр болду. Башынан көп стресстерди өткөрдү. Учурда Атамбаев мурунку досу менен сөз ...

0 429

Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылыш аземи болду

04-март 2019, 19:02 Жазгүл Урманбетова

Жыл сайын жыйырмага жакын кыргыз дарыгери Түркияда медициналык адистиктер боюнча окутулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. Бишкекте кыргыз-түрк достук ооруканасы ачылды. 72 орундуу оорукана жергиликтүү жарандар менен катар эле башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да тейлет. Ошондой эле, аталган жайда 21 орундуу реанимациялык бөлүм да иштемекчи. «Тараптар 3 жыл бою оорукананы биргеликте башкарып иш алып барышат. Ошондой ...

0 388

11 жаштагы окуучуну маршруттун айдоочусу сүзүп кетти

04-март 2019, 18:49 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу окуучуну сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты ЖМКлар таратышты. Кырсык бүгүн Ахунбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. «Айдоочу 11 жаштагы бала тыюу салынган жерден өтүп бара жатканда сүзүп алган. Учурда жабырлануучу ооруканада, унаа болсо айып төлөөчү жайга киргизилди», -деп билдиришти башкармалыктан. Булак: NazarNews.kg

0 4055

Мурат Суталинов: "Өлүмгө даяр эмесмин!"

04-март 2019, 18:45 Жазгүл Урманбетова

2016-жылдын 29-июлунда Кыргызстандын Жогорку Соту мурунку кабыл алынган соттордун чечимин өз күчүндө калтырган. Мурунку президент Курманбек Бакиевге 30 жыл сырттан өкүм чыгарылган.Ал эми Жаныш Бакиев менен экс-премьер-министр Данияр Үсөнөвдорго өмүр бою сырттан соттолушкан. Ал эми Марат Бакиев 27 жылга кесилген. (УКМКнын мурунку жетекчиси) Мурат Суталинов 20 жылга абакка кесилген. Ал эми Мурат Суталинов абакта орун алып калганда, анда онкологиялык оорусу бар экендиги аныкталган . Акыркы жылдары анын оорусу күч ...

0 752

Төраганын ката жазылган каты чындык болуп чыкты. Дастан Жумабеков отур "2" сага дегендей эле болду го..

04-март 2019, 14:34 Жазгүл Урманбетова

Дастан Жумабековдун атынан жазылган кат чындык болуп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы үн катты. Жогорку Кеңештин Аппаратынан Ибраим Нуракун уулу билдиргендей өткөн аптада социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады. Тилекке каршы, аталган документте чыны менен эле одоно каталар орун алган.  Айрым маалымат булактарында белгиленип жаткандай, бул катты Жогорку Кеңештин Төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдүн ...

0 114

ЖАРЫЯ: Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу болот

04-март 2019, 09:14 Жазгүл Урманбетова

2019-жылдын 4-мартында Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М. Бакиров, А. Жээнбеков, М. Айнакулов, А. Акматов, А. Жапаров, Р. Туманбаева, К. Бокоев, Э. Токтошев демилгелеген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ...

0 785

“Жогорку Кеңеште кылмыш иши бар 10 депутат мандатын тапшырбай отурат”

02-март 2019, 18:45 Жазгүл Урманбетова

“Жогорку Кеңеште кылмыш иши бар 10 депутат мандатын тапшырбай отурат” деп маалымат жыйында Топчубек Тургуналиев жарыя кылган. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраевге кайрылды. Самат Ибраев: “Топчуке кылмыш иши козголгон депутаттардын аты жөнүн, деги эле толук маалыматты кайдан алганын билбейм. Бизде кайсы бир депутаттардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал иш кайра жабылган учурлар болуп жүрөт. Мыйзам боюнча ...

0 218

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо боюнча жарлыкка кол койду

02-март 2019, 18:24 Жазгүл Урманбетова

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди. Жээнбековго Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна жана Бишкек шаардык сотуна бирден талапкерди, Жалал-Абад облустук сотуна — 9 жана Баткен облустук сотуна 4 талапкерди ...

0 575

Кубатбек Боронов: "Энергокомпаниялар эл аралык уюмдардан каражат алышы керек"

02-март 2019, 18:10 Жазгүл Урманбетова

Кечээ КСДП фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетика тууралуу билдирүү жасап жатып электр энергия үчүн төлөмдөрдү кайра карап чыгуу керек экенин билдирди. Анын айтымында электр жана энергетика тармагын тейлөө үчүн кошумча каражат булактар табылбаса бул сектор өзүнө тагылган милдетин аткара албай калат. Себеби убакыт өткөн сайын электр энергиясын колдонуучулар көбөйүүдө. Акылдуу эсептегичтерди койгондон кийин жоготуулар 22%дан 12%га чейин төмөндөгөн. Азыр иштелип ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 841

Айдоочулар абайлагыла: Эми саатына 10 чакырымдан ашыра айдоо эреже бузуу болуп саналат

02-март 2019, 17:55 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда 4-марттан тарта кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирет. Ага ылайык, ылдамдыкты саатына 10 чакырымдан ашыра айдоо эреже бузуу болуп саналат. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди. 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык, айдоочулар ылдамдыкты саатына 20 чакырымга чейин жогорулатып айдай алчу. Башкача айтканда, жолдогу ылдамдык 40 деп чектелсе, айдоочу саатына 60 чакырым ылдамдык менен жүрүүгө мүмкүндүгү бар болчу. Ал эми ...

0 353

Ысык Көл облусунун ИИБнын жаңы жетекчиси Улан Асанбаев болду

02-март 2019, 17:42 Жазгүл Урманбетова

Ысык Көл облусунун ИИБнын жаңы жетекчиси Улан Асанбаевди ИИМ министри Кашкар Жунушалиев өздүк курамы менен тааныштырып жаңы жетекчиге ийгилик каалады. Облустун ички иштер башкармалыгына башчы болуп барган Улан Асанбаев да өзүнө көргөзүлгөн ишеним үчүн ыраазычылыгын билдирди. Белгилей кетсек, Улан Асанбаев мурда да бул тармакта жетекчи болуп иштеген. Булак: NazarNews.kg

0 306

КТРКнын креслосу алтынданбы?

02-март 2019, 17:33 Жазгүл Урманбетова

КТРКда жетекчи болуп кимдер гана иштебеген. Эл билет алар жогору жактын сөзүн сүйлөп, мактап-жактап жатканын. Элеттегилер эле көрбөсө, азыр сыналгыны койсоң башың айланат ар кандай каналдардан. Алар да бир "чоңдордуку" экени жашыруун эмес. Эптеп эле бир канал ачып алып, билгенин жасап жатышат.  Бирок, биринчи канал элдин-мүдөө талаптарын аткаруусу керектигин эстен чыгарбашыбыз керек эле... КТРКнын экинчи кабаты шоу-бизнеске айланып кеткен. Жарнамадан эле канча ...

0 679

Cамара: Жол кырсыгынан биздин атуул каза болду

02-март 2019, 17:06 Жазгүл Урманбетова

Россиянын Самара облусунда жол кырсыгы катталып, анда 1986-жылы туулган кыргыз жараны каза болду. Бул туралуу Россиянын маалымат булактары жазды. Маалыматка ылайык, LADA Largus Cross үлгүсүндөгү унаасы карама-каршы тилкеге чыгып, Hyundai Solaris унаасы менен сүзүшүп кеткен. Жыйынтыгында 3 адам каза болүп,4 адам ооруканага жаткырылды. Булак: NazarNews.kg  

0 201

Токтогул районунун акими болуп Таалайбек Жайылов дайындалды

02-март 2019, 17:01 Жазгүл Урманбетова

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими болуп Таалайбек Жайылов дайындалды. Бул тууралу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Жайылов буга чейин аталган райондогу Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген. Токтогул районунун мурдагы акими Майорбек Сатымкулов өз милдеттерин так аткарган жок деген негиз менен кызматынан кол жууган. Белгилей кетсек, "Аймактарды өнүктүрүү" жылында ишинде тийиштүү талаптарды аткарбаган 6 райондун акими ...

0 3025

Жан сакчысын алмаштырган Жээнбеков Сооронбай

02-март 2019, 17:12 Жазгүл Урманбетова

Жан сакчы (Телохранитель) абдан көп талаптарга ээ болуусу керек. Саясатчылардын, алардын ичинде өлкөнүн биринчи адамын ар дайым коргоп жүрүү деле ар кимдин колунан келе бербесе керек. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси Токтосун Сабыров өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Президенттин башка буйругу менен Тимур Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын ...

0 158

Абдывахап Нурбаев, эл өкүлү: "Абаны булгабоо үчүн жаңы мыйзам жазылат"

02-март 2019, 16:35 Жазгүл Урманбетова

1 мартта  «Таза аба» («Чистый воздух») аттуу долбоор Жогорку Кеештин жыйынында каралды. Аталган долбоорду Жогорку Кенештин айрым депутаттары көтөрүп чыгышкан. Маселени чечүү агында тиешелүү тармак менен эл аралык жана коомдук мекеме, ишканалар менен бирге көз карандысыз эксперттер катышты.   Депутат Абдывахап Нурбаевдин айтымына караганда, абаны булгоо маселеси биринчи орунда экенин жана мындан кантип чыгуу сунуштарын белгиледи. Буга байланыштуу тийиштүү мыйзам кабыл алып, кескиндүү ...

0 171

Саясатчылардын айткан сөздөрүнө ишенбей калган эл

02-март 2019, 14:39 Жазгүл Урманбетова

Саясатчылардын элди алдаганына деле көнүп калды окшойт. Анткени шайлоодо аткарган сөздөрүнүн бири да жок. Аткарылбайт. Иш жүзүндө кылынган иштер жокко эсе, баары барактын бетинде калып калган... Алардын 80% айткандары мурунку эле сөздөр. Башка эч өзгөрүү деле жок. Аны кылабыз, муну кылуу керек деп коюп эле жүрүшөт. Анан дагы бири-бири менен урушуп койгондо алар эмес сен кирээрге жер таппай кетесиң. Cаясатка жаштар ...

0 160

Нобель сыйлыгынын ээси Жорес Алферов 89 жашында каза болду

02-март 2019, 14:16 Жазгүл Урманбетова

Нобель сыйлыгынын ээси, Жорес Алферов 89 жашында дүйнөдөн каза болду. Мындай маалыматты "Интерфакс" маалымат агенттиги таратты. Жорес Алферов 13 мартта 1930-жылы Витебск шаарында төрөлгөн. Ал көптөгөн сыйлыктардын ээси болуп саналат. Россия Илимдер Академиясынын вице-през иденти болуп 1991-жылдан тартып 2017-жылга дейре иштеген. 2000-жылы ал жогорку ылдамдыктагы оптоэлектрониканы ойлоп тапкандыгы үчүн Нобель сыйлыгына татыган. Булак: NazarNews.kg

0 465

Жапаров жакшы ойду айткан

02-март 2019, 09:41 Жазгүл Урманбетова

Акылбек Жапаров "ар бир облусту ар кайсы өнүккөн өлкөгө бөлүштүрүп берели"- деген пикири менен көпчүлүктүн кызуу талкуусунда калган. Эми ошол айткан пикирин ЖМКлардын бирине төмөнкүчө түшүндүрүп берди. "Ким эмне жардам берем десе, макул боло бериптирбиз. Көп өнүккөн мамлекет көмөк көрсөтүптүр, алардын арасында Россия 661 миллион доллар бериптир. Мисалы, Россия Чүй облусуна жардам берсе, Япония Баткен же Ысык-Көл облусуна жардам берсе, мына Европа ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 100

Хусилердин кол салуусунда 5 бала каза болду

02-март 2019, 09:31 Жазгүл Урманбетова

Йеменде хусилердин Ел  - Худейде шаарында пулемет менен жасаган кол салуусунда 5 бала каза тапты. Йемен армиясына караштуу Амалика күчтөрүнүн басма сөз борборунун  твиттерден берген маалыматына караганда хусилердин Худейденин түштүгүндөгү Ет  -  Тухайтанын батышында орун алган Төмөнкү ен  - Насыр мааласында пулемет менен жасалган кол салууда экөөсү бир үй  - бүлөдөн болгон 5 бала каза болду. Маалыматта бир пулемет огунун балдар ойноп ...

0 261

Баштыгынын илгичи жүрүп бараткан поездге илинип калып, рельске сүйрөлүп каза болду

01-март 2019, 18:01 Жазгүл Урманбетова

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы метродо 39 жаштагы жарандын баштыгынын илгичи жүрүп бараткан поездге илинип калып, рельске сүйрөлүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, кырсык 21-февраль күнү болжол менен саат 7:20 чамаларында Grand Central Terminal бекетинде орун алган. Алгач полиция жабыркаган жарандын киийими поездге илинип калып сүйрөп кеткен деп божомолдошкон, бирок видеокөзөмөл аркылуу караганда анын баштыгынын илгичи илинип ...

0 143

Айдоочулар айып пулду 4-марттан тартып төлөй баштайт

01-март 2019, 16:36 Жазгүл Урманбетова

Жаңы киргизилген "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан эреже бузуулардын айып пулу 4 мартка чейин узартылды. Бул маалыматты ИИМдин ГУОБДДнын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Иманалы Саркулов атайын пресс-конференция уюштуруп жатып айтты. Анын айтуусунда ушул убакытка чейин жалпы жол эрежесин бузуулардын саны 17 миңди чапчыды.  - Ушул жылдын 4 мартынан тартып «КРдагы жол эрежелери» жана Бузуулар боюнча Кодекс күчүнө кирет, - деди ...

0 575

"Кумтөрдөн" түшкөн киреше Акаевдин үй-бүлөлүк бюджетине түшүп турган

01-март 2019, 15:42 Жазгүл Урманбетова

Өзүлөрү тынбай айткан 86 адамдын каны менен бийликке келген Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, ж.б Кыргызстанды өркүндөтүп өстүрүп жиберет дегенге эч ким ишенбей калды. Канчалык ичи таардык кылып, азыркы мыжроо бийлик айткысы келбесе да, К. Бакиев Кытай Эл Республикасынан 250 (эки жүз элүү) млн доллар инвестиция тартып келип, Кара-Балтадагы нефти кайра иштетүүчү заводунун курулушун баштаганын айтып койгонубуз калыстык болор. Ал заводдун долбоордук ...

0 184

Жүргүнчү: "Эмне эле өзүнчө идеальныйсыңбы?"

01-март 2019, 15:23 Жазгүл Урманбетова

Коомдук транспортто элдер ар дайым эле бири-бири менен уруша бербейт. Бирок, дал ушул жайда көп учурда адамдардын көйгөйлөрүн аргасыздан угасың. Ал эми бул жолу Бишкекте №175-маршрутканын айдоочусун жүргүнчү кыз уят сөздөр менен сөккөндүгү интернет желесинде абадай тарап, эл эки жаат болуп комментарийлерин калтырып жатышат. Бул тууралуу видео интернет тармагына жарыяланды. Аталган коомдук транспорттун айдоочусу, жол эрежесин бузуудан баш тартып, жүргүнчү каалаган ...

0 750

Атамбаевге абакта орун даярдалып жатат

01-март 2019, 14:56 Жазгүл Урманбетова

Бийликти күч менен басып алууга айыпталып соттолуп чыккан Жалал-Абад облусунун мурунку губернатору Бектур Асанов менен мурунку депутат Кубанычбек Кадыров чоң саясатка аралашууга белсенип жатышат. Бул тууралуу саясатчылар маалымат жыйынын өткөрүп жатып билдирүү жасашты. Жыйындын жүрүшүндө, Кубанычбек Кадыров экс-президент кылмыштуу топ түзүп, коррупциялык иштерди жасагандыгын белгилешти. Экс-депутаттын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин орду түрмөдө, - дейт. Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин учурунда аталган адамдар абакта мөөнөтун ...

0 462

Дастан Жумабеков ката жазат экен...

01-март 2019, 14:43 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган каты социалдык тарматка кызуу талкууга алынып жаткан чак. Талкууга алынган кат грамматикалык каталар, орусча-кыргызча аралаш жазылган. Бул кат фейк-аккаунт аркылуу тараган. Бирок катта Жогорку Кеңештин фирмалык бланкы, мөөрү жана төраганын колу коюлган. Катта жаңы кабыл алынган Бузуулар тууралуу айтылган. Кызыктуусу, кат кыргызча жазылып, орусча бүткөн. Булак: NazarNews.kg

0 81

Сатуучуну мылтык менен коркутуп, 63 миң сомду алып кеткен

27-февраль 2019, 18:16 Жазгүл Урманбетова

Бишкекте кафенин кассасынан акча уурдаган жаран кармалганы маалым болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган жаран Бишкектеги кафелердин бирине кирип, кассирди тапанча менен коркутуп, 63 сомду алып кеткен. Кылмышка шектүү деп 35 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө. Булак: NazarNews.kg

0 227

Көк бөрү федерациясынын жаңы президенти болуп Искендер Кадыркулов шайланды

27-февраль 2019, 17:52 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайы болуп өттү. Федерациянын делегаттары катышкан курултайда президент Жыргалбек Саматов жыл ичинде федерациянын аткарган иштери боюнча отчёт берди. Курултайдын жүрүшүндө Астана шаарында өткөн Түрк тилдүү элдер ассоциациясынын жыйыны тууралуу кеп козголуп, "ага катышып кыргыз көк бөрүсүнүн намысын коргогон жок" деген жүйө менен көпчүлүк делегаттардын добушу аркылуу Жыргалбек Саматов ээлеген кызматынан бошотулду. Жаңы президенттик орунга Көк бөрү боюнча кыргыз курамасынын мурдагы ...

0 224

Нурсултан Назарбаевге каршы чыккандар кармалып жатат

27-февраль 2019, 17:05 Жазгүл Урманбетова

Казакстандын борбор шаары Астанада учурдагы Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда «Нур Отан» партиясынын курултайы өтүп жаткан Төбөлсүздүк сарайына жакын жердеги аянтка чогулган ондогон адамдарды полиция кармап кеткени интернетте жабыла көрүлүп жатат. Окуя болгон жерде жүргөн «Настоящее время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушкованын айтымында, Астанада жыйналгандардын колунда кандайдыр бир жазуулар же талаптар болгон эмес. Ушундай эле окуя Алматы шаарында да болду. Алматыдагы «Нур ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 186

Жабык эшиктин артында өткөн ЖЭБ чыры

27-февраль 2019, 16:25 Жазгүл Урманбетова

Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция иши боюнча баштапкы соттук угуу жабык өтүп жатат. 18-февралда болгон соттук жараянда соттолуучулардын жактоочулары алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок сот аны канааттандырган эмес. Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошевдин билдирүүсүн таратты. Анда ЖЭБди модернизациялоо боюнча иш ачык каралышы керектиги белгиленген. Аталган ишти ...

0 162

Өкмөт "плагиат" менен алектенеби?

27-февраль 2019, 16:12 Жазгүл Урманбетова

Жакында эле "Бузуулар тууралуу" мыйзам Өкмөт тарабынан демилгеленип, күчүнө киргендигин ким гана билбейт. Аталган токтом боюнча Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу колу коюлуп, өкмөт тарабынан бекитилип, аткарууга берилген. Бирок бул элди ызы-чуу кылган мыйзамдарды өкмөт өзү жазбай, көчүрүп алганы фактылар менен тактайлы. Себеби, бул чийки мыйзамдарды элге “тартуу” кылган өкмөт өзүнүн аппараты менен Белоруссиянын 2008- жылкы кабыл алынган токтомун которуп да койбой, башка мамлекеттин ...

0 264

Сооронбай Жээнбеков: "Уйду канчалык жакшы карасаң, көп сүт берет"

27-февраль 2019, 15:53 Жазгүл Урманбетова

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференцияга катышууда. Конференциянын жүрүшүндө, Сооронбай Жээнбеков бизнести уйга салыштырды. “Ушундай салыштырмага кечирим сурайм, бирок бизнес уй карагандай эле. Уйду канчалык жакшы карасаң, ошончо көп сүт берет. Жергиликтүү бийлик бизнестин камын көрүп, налогдон бюджетке акча түшүрүш керек”,-деп билдирди Президент. Президент ишкерлер өзүнүн ишин ...

0 350

Алмазбек Атамбаев менен жолуккусу келбегендер четтен чыга баштады

27-февраль 2019, 15:24 Жазгүл Урманбетова

«КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын лидери, Чүй облусунун мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаев менен эмнеге жолугушкусу келбей жатканын 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтып берди. Анын билдирүүсүнө караганда, экс-президент бир канча жолу аны менен баарлашууга аракет кылып, баардык маселелерди чечүүгө белсенген. Бирок, Сагынбек Абдрахманов буга макул болгон жок. Айтымында, мурда Алмазбек Атамбаев аны жана кыймылдын мүчөлөрүн сөгүп, урушкан. «Эми мен аны менен ...

0 147

Каир: 10 адам көз жумду

27-февраль 2019, 15:14 Жазгүл Урманбетова

Каирде поезд рельстен чыгып кетип, күйүп кетти. Андан 10 адам каза таап, 20 адам жабыркады деп жазат Masrawy сайты. Бул кырсык бүгүн эртең менен Рамсис станциясында орун алган. Эске салсак, буга чейин АКШнын Нью-Йорк штатында ушундай эле кырсыктан улам 3 адам көз жумган. Булак: NazarNews.kg

27-февраль 2019, 15:14
0 270

"48 сааттын ичинде жоголуп кет" аттуу өткөөл курактагылар арасында жаңы коркунучтуу оюн чыкты

27-февраль 2019, 14:56 Жазгүл Урманбетова

Социалдык тармактарда өспүрүмдөр арасында коркунучтуу жана өз жанын кыйганга мажбур кылган оюн чыкты. анын максаты үйдөн эч ким билбегендей чыгып кетип, издөөгө илинип калуу болуп саналат. Эмне себептен үйдөн чыгып кеткендигин да эч ким билбеши керек, канча адам издесе, ошончо жакшы. Мэриянын Билим берүү департаментинде бул тууралуу маалымат түшкөнүн жана бул тууралуу кат алышканын да ММКларга билдиришти. - Бул тууралуу ...

0 85

Нарын: Жол кырсыгынан 3 адам каза болду

27-февраль 2019, 14:05 Жазгүл Урманбетова

Нарын районуна караштуу Орто-Нура айылында жолдо «Ауди» жана «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаалары кагышып, үч киши набыт болду. Үчөө тең «Ауидинин» жүргүнчүлөрү болгон. Нарын облустук ИИБнин маалыматы боюнча маркумдардын баары Орто-Нура айылынын тургундары болгон. Мындан тышкары дагы үч киши түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилгени маалым болду. Алардын бири «Ауди» автоунаасынын айдоочусу болуп чыкты. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Булак: NazarNews.kg

0 127

Мэрия: 3 вице-мэр, бир аким жана айрым шаардык кызматтардын башчылары кызматынан алынып...

27-февраль 2019, 13:42 Жазгүл Урманбетова

Бишкек мэриясынын жетекчилик курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Тактап айтканда, 3 вице-мэр, бир аким жана айрым шаардык кызматтардын башчылары кызматынан алынып, ордуна жаңы жетекчилер келди. Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бул кадрдык жүрүштөрдү шаар мэринин иштин натыйжалуулугун арттырып, жетекчилердин жоопкерчилигин жогорулатуу аракети катары мүнөздөдү.  Бишкек мэриясынын шаар курулуш иштерин караган вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев ордун бошотуп, шаардык суу чарба кызматын жетектөөгө кетти. Анын ордуна мэриянын ...

0 60

Экмат Байбакпаев, депутат: "Калпакты шылдыңдоого жол бербеш керек"

27-февраль 2019, 13:27 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланууда. Мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилип, демилгечи депутаттардын бири Экмат Байбакпаев бүгүнкү күндө ак калпак өлкөнүн визиттик карточкасы болуп калганын айтты. "Тилекке каршы, калпакты итке кийгизген фактылар да болду. Бул мыйзам долбоорунда улуттук баш кийимди коргоо меселеси көтөрүлүүдө. Аны шылдыңдоого жол бербеш керек", - деди депутат. Анын айтканына депутат Дастан Бекешев: "Жазылган ...

0 64

Бишкек-Кара-Балта автожолуна 1 млн 600 миӊ сом жумшалат

27-февраль 2019, 13:10 Жазгүл Урманбетова

Бишкек-Кара-Балта автожолунун ар чакырымынын курулушуна болжол менен 1 млн 600 миӊ сом жумшалат. Бул тууралуу транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде автомобиль жолдорунун абалы жана автомобиль жолдорун реконструкциялоо жана куруу боюнча ратификацияланган мыйзамдардын ишке ашырылышы тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди. Жыйын жүрүшүндө депутат Тынчтыкбек Конушбаев Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу качан аяктай турганына жана ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 90

Өкмөт Кытайдан 56 млн. долларга грант сурайт

27-февраль 2019, 13:00 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда жол куруу боюнча 13 ири долбоор ишке ашып жатат. Анын төртөө ар түрдүү себептер менен белгиленген мөөнөттөн артта калууда. Депутаттар насыяга салынып жаткан жолдордун курулушу өз убагында бүтпөй жатканын сынга алып, өкмөттү ыкчам иштөөгө чакырышты. Ушуга чейин жол тармагына 2 млрд. доллардан ашык насыя алынса, анын 1 млрд. доллардан көбү Кытайдын Эксимбанкына таандык. Өкмөт эми аталган банктан 56 млн. доллар ...

0 73

Президент: "Системалуу иш жүрбөй жатат"

27-февраль 2019, 12:45 Жазгүл Урманбетова

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү багытында системалуу иш жүрбөй жатат деген пикирин ал бүгүн Бишкекте “Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог" деп аталган жыйында сүйлөп жатып билдирди. Президент бул үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алды. Ошону менен катар акимдердин укугун кеңейтүү керек экенин белгиледи. Мамлекет башчынын пикиринде, жергиликтүү бийликтин ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн атайын критерий иштеп чыгуу зарыл жана аймактарды өнүктүрүү ...

0 515

Интернет булактарында төө минген министр кызуу талкууга алынды

25-февраль 2019, 18:04 Жазгүл Урманбетова

Ал сүрөттө маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун төө минип турганын көрүүгө болот. Сүрөткө көпчүлүк "Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт" деген макалды мисал кылып, азыр министирдин төө минген кези экен да деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда. Айрымда төө арык экен дешсе, башкалар айланасында тегеректеген эл көрүнбөйтго деп тамашага салууда. Булак: NazarNews.kg

0 2693

Гүлшайыр Садыбакасова: "Экөөсү тең элдин алдына чыгып кечирим сурашы керек"

25-февраль 2019, 17:47 Жазгүл Урманбетова

"Кыз бурактын" кыздарынын чыры жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын көңүл жаздымында калган жок. Бул тууралуу Садыбакасова өзүнүн инстагрмадагы жеке баракчасына: "Кыздарыма, балдарыма ыйман, ынсап, сабыр бер! Адашкандардын акыл-эсин кайтарып, тообосун жандыра көр!", -деп пост жазып чыкты. Постко коомчулук ар кыл пикирлерин жазып калтырышууда. "Мен азыр эки кызыма да нааразы болуп турам. Мен ортодо калдым. Экөөсү тең элдин алдына чыгып кечирим сурашы керек. Мага ...

0 121

«Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл биргелешип башкарат

25-февраль 2019, 17:26 Жазгүл Урманбетова

Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл биргелешип башкарат. Бул мөөнөт аяктаган соң оорукананы башкаруу укугу биротоло кыргыз тарапка өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, жыл сайын Кыргызстандын 20 дарыгерин Түркияда окутуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган «Кыргыз-түрк достук ооруканасы» 2018-жылдын сентябрында ачылган. 150 кишиге ылайыкташкан бейтапкананын курулушуна Түркия акча бөлгөн. Курулуш иштери ...

0 246

Өмүрбек Текебаевдин ишин БУУнун Адам укуктары боюнча комитети карайт

25-февраль 2019, 16:49 Жазгүл Урманбетова

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин иши тууралуу документтер БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине тапшырылды. Бул жөнүндө "Адилет" укуктук клиникасы маалымат таратты. Ага ылайык, Текебаевдин иши комитеттин кароосуна кезекке коюлду, бирок азырынча качан каралары так белгисиз. Мурдараак "Адилет" клиникасы “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо тууралуу өтүнүчүн Жогорку cотко жиберген. Клиниканын жетекчиси Чолпон Жакупованын “Азаттыкка” ...

0 156

Санкт-Петербургда расмий түрдө ишке орноштуруу борбору ачылат

25-февраль 2019, 16:34 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын жана Тажикстандын миңден ашык жараны Санкт-Петербургда расмий түрдө ишке орношууну каалайт. Бул тууралуу аталган шаардын эмгек ресурстары борборунун сайтында маалымдалат. Жыл аягына чейин кезекте турган бардык жарандар иш менен камсыз болот. Россияга мигранттарды кабыл алууну уюштуруу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын аймагына 4 борбор ачылат. Булак: NazarNews.kg

0 252

№4 төрөтканада 28 жаштагы айым 4 эм ымыркайдын энеси болду

25-февраль 2019, 16:11 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги №4 төрөтканада 28 жаштагы эне 4 эм ымыркайды жарыкка алып келди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бирине келиндин туугандары маалымдаган. Аталган маалыматты төрөт үйүнүн кызматкерлери тастыктады. Белгилүү болгондой, наристелер бүгүн, 25-февралда таңкы саат 5тер чамасында жарыкка келген. Төрт жылдан бери бала күтүп келген жаш эне "кесарево" жолу менен төрөгөн. Ымыркайлардын үчөө кыз, бирөө эркек бала, учурда алардын абалы жакшы. Булак: NazarNews.kg

0 290

Москва: 33 жаштагы кыргыз жаранынын сөөгү мекенине алынып келинет

25-февраль 2019, 15:51 Жазгүл Урманбетова

33 жаштагы Улукбек Топчуевдин сөөгүн жакындары Кыргызстанга алып келишет.  Бир нече күн мурун социалдык тармактарда поезд коюп кеткен кыргызстандык мигранттын сөөгү Москвадагы өлүкканалардын биринде экени кабарланып, анын жакындары изделип жаткан. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга чет мамлекеттерден эки жүздөн ашуун мигранттын сөөгү келген.  Белгилей кетсек, "Жүк - 200" Миграция кызматынын жетекчиси Медербек Айдаралиевдин маалыматына караганда, азыркы мыйзамга ылайык, сөөктү жеткирүүгө 20-30 миң ...

0 209

Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

25-февраль 2019, 14:23 Жазгүл Урманбетова

Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. Маминдин талапкерлигин президент Нурсултан Назарбаев сунуштап, мажилистин депутаттары колдоп берди. Акордонун маалымат кызматынан кабарлашкандай, Назарбаев жаңы премьерди дайындоо боюнча Жарлыкка кол койду. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83