www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазгүл Урманбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (2980)

0 1064

Балбак Түлөбаевдын кызы атасын “Аю” компаниясына кайра жумушка кирүүнү суранган

25-февраль 2019, 14:04 Жазгүл Урманбетова

Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев Facebook баракчасына кызы жазган катты жарыялады. Жетекчинин кызы атасын жакшы көрөөрүн, атасы менен сыймыктанаарын жазып, аны “Аю” компаниясына кайра жумушка кирүүнү суранган. Наристенин айтымында, атасы түнү-күнү мамлекеттик кызматта болгондуктан, атасын суткалап көрбөй калат. Кызы атасын өмүр бою жакшы көрөөрүн жазган. Булак: NazarNews.kg

0 221

"Жөргөмүш адам: Аалам аралап" анимациялык тасмасы "Оскар" сыйлыгына татыды

25-февраль 2019, 13:48 Жазгүл Урманбетова

"Жөргөмүш адам: Аалам аралап" ("Человек-Паук: через вселенные") толук метраждуу анимациялык фильми АКШ киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгын алды. Сыйлык тапшыруу аземи Лос-Анджелестеги Долби театрында өтүп жатат. Аталган категорияда "Келечектен келген Мирай" ("Мирай из будущего") "Иттердин аралы" ("Остров собак), "Суперсемейка 2" жана "Ральф интернетке каршы" ("Ральф против интернета") мультфильмдери да болгон. Буга чейин "Жөргөмүш адам: Аалам аралап" анимациялык тасмасы "Алтын глобус", АКШнын продюсерлер гильдиясынын PGA ...

0 264

Суталиновдун жактоочусу Бишкек шаардык сотуна кайрылды

25-февраль 2019, 13:28 Жазгүл Урманбетова

Мурат Суталиновдун жактоочусу Тимур Карабаев Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди. Адвокаттын айтымында, өсмө (рак) илдетине чалдыккан Мурат Суталинов паллиативдик жардамга муктаж, темир тор артында мындай жардамды алууга мүмкүн эмес. 15-февралда Бишкектеги Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду оорусуна байланыштуу ...

0 523

Талас: “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун инспектору Зульфия Мусаева кызматынан алынды

25-февраль 2019, 13:11 Жазгүл Урманбетова

Эне-баланын өмүрү кыйылган кырсыкка байланыштуу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун Талас филиалындагы инспектору Зульфия Мусаева кызматтан кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка" аталган мекеменин жетекчиси Акылбек Рыспеков билдирди. Ал кошумчалагандай, инспектор 22-февралдан тартып өз арызынын негизинде иштен кетти. Таластын Кара-Суу айылында 20-февралда иске ууланып энеси менен кызы каза тапкан. Курман болгондон келиндин жездеси Марат Ыйманбеков бул каргаша үчүн электр энергиясын төлөнбөгөн карызы үчүн ...

0 398

"Оскар" сыйлгына кыздын көйнөгүн кийип келген актер

25-февраль 2019, 12:55 Жазгүл Урманбетова

Америкалык актер жана ырчы Билли Портер «Оскар» 91-чи киносыйлыгына в экстраваганттуу көйңөк кийип келди деп жазат The Hollywood Reporter басылмасы. Ал аталган иш чарага узун кара көйнөк менен пиджак жана кара көпөлөк тагынып келген.   Бул кызыктуу жана уникалдуу кийимди америкалык модельер жараткан, ал АКШдагы «Подиум» деген сынактын эң жаш жеңүүчүсү болуп саналат. Аталган «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи  в Лос-Анджелестеги «Долби» театрында болуп өткөн. Жазгул Урмамбетова, NazarNews.kg

0 296

ӨКМ: Көпүрөгө кыпчылып калган бала куткарылды

25-февраль 2019, 12:39 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги 12-кичи райондогу көпүрөгө кыпчылып калган бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, көпүрөнүн арматурасына кыпчылып калган 2006-жылы туулган окучуну ӨКМнын кызматерлери чыгарышып, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Булак: NazarNews.kg

0 342

Чүкөдөй башында чөйчөктөй акылы жок болсо да…

07-февраль 2019, 18:47 Жазгүл Урманбетова

Мандат алгандан бери эл керегине жараган канча мыйзам жаза алдыңыз? Чүкөдөй башында чөйчөктөй акылы жок болсо да капчыгынын калыңдыгы менен парламентке келип, бир нече жылдан бери оозун чоюп жүргөн Мирлан Бакиров жарытылуу эч нерсе жасаган жок. Колунан эч нерсе келбеген соң «балык» депутаттардай болуп тынч отурбастан сороктоп чыга калып бир нерсе жасаганга аракеттенген түр көрсөтүп келет. Буга чейин болбогон бир мыйзамдарды ...

0 645

Кылдан кыйкым издөө «Форумдагыларга» майдай жагат

07-февраль 2019, 17:48 Жазгүл Урманбетова

Барган сайын Атамбаев менен бийликтин тиреши күчөп бараткандай. Бул жагы маалыматтык согуштун чыңалуусунан байкалууда. Эгер Акүйдө алдыны көрө билген кеңешчилер болгондо, экс-президентке карата атаканы токтотуп, ага көңүл бурбай коюуну айтмак. Бул утуштун жолу. А канчалык Атамбаевге карата маалыматтык чабуул күчөсө, саясый кырдаал татаалдаша берет. Мындай күрөш ал үчүн пайдалуу. Бийликтин эң башкы максаты – өлкөдөгү стабилдүүлүктү камсыздоо болушу керек. Акүйдүн политтехнологдору ...

0 1037

Чыныбай Турсунбеков: “Мага эски КСДПчылардын позициясы кызык боло баштады”

07-февраль 2019, 17:35 Жазгүл Урманбетова

—Жаңы кодекстер боюнча эмне айтасыз? Азыр шашылыш оңдоп жатышат. Канчалык деңгээлде талапка ылайык оңолот деп ойлойсуз? —Албетте, Жаңы кодексте оркойгон кемчиликтер бар экени көрүнүп калды. Бирок жалпысынан алып караганда – бул сот-укуктук реформанын жүрүшүндөгү бир көрүнүшү катары бааласак болот. Эмнеге дегенде мыйзамдарды өзгөртпөй туруп реформаны жүргүзүү мүмкүн эмес. Чоң топ көп убакыттын ичинде жазган мыйзамдардагы алешемдиктерге коомчулук терс баасын берип жатканына ...

0 391

Дыйкандар "ай караган текедей" болуп калып кете береби?

07-февраль 2019, 16:53 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандыктардын дасторконун түркүн азык-түлүккө, жашылча-жемиштерге мол кылган элеттик фермерлер менен дыйкандардын мээнети деги качан акталар экен деген суроонун жообун так берер эч ким жок. Анткени айыл чарбасына жоопкер болгон министрликтен эл биротоло түңүлдү. Түйшүк менен өстүрүлгөн картөшкөнүн таржымалынан кийин ого бетер үмүт үзүлүп дыйкандардын жаактары түйүлдү. Ал эми этин, сүтүн, жүнүн каерге кымбатыраак өткөрөрүн билбей башы маң болгондор эбак тепсендиде ...

0 968

Туй байке Жээнбековдун бийлигин уят кылууда, эмнеге чара көрүлбөйт?

07-февраль 2019, 16:31 Жазгүл Урманбетова

“Автодорожный” көзөмөл-өткөрмө пунктундагы атышуудан кийин (Дунларов көпүрөсү) буга чейин парда артында болчу көп иштин бети ачылды. Инсайдерлик маалыматка ээ болуу менен бирге биз кадам сайын аткезчи чиновниктердин бири-бири менен болгон байланыштарын таап чыгып жатабыз. Эми баарын кезеги менен айта баштайлы. Көзөмөл өткөрмө пунктунда атышкандар Кубан Кочкорбаев – Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Дастан Бейшенкулов – Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевдин тууганы. ...

0 2484

БОЛГОН ОКУЯ: Кут кармаган бала

07-февраль 2019, 16:38 Жазгүл Урманбетова

Бул окуя союз убагында азыркы Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылында болгон экен. Жайлоодон айылга ат менен келе жатышкан эки  жаш бала, өз ойлору менен алек. Анткен менен жай мезгилинин кечки салкын жели бетти аймалайт. Экөө  айлананы караңгылык каптап калган кезде, агып жаткан чоң суунун кечмелигинен өтүп, жүз кадамдай алдыга жылып калган кезде  кудум нур чачыраган кооз лампочкалардай болгон түстүү жарык алды ...

07-февраль 2019, 16:38 | 2484
0 1914

Беш жүз сом алып, миң сомго штрафной талон жазып берген МАИчилер

07-февраль 2019, 16:38 Жазгүл Урманбетова

“Ойлонбой сүйлөгөн, онтогон ооруга чалынат” деп айтылгандай, өкмөт дагы жаңылып, туура эмес ишти көздөй кадам таштады. Албетте айтып койгон оңой, бирок, иш жүзүнө ашыруу чынында эле чоң эмгекти талап кылары да бар. Айталы дегенибиз айып пулдун жогорулашы МАИ кызматкерлери үчүн абдан ыңгайлуу болуп, карапайым элге кыйын болду. Айткан сөзүбүз супсак болбос үчүн бүгүнкү эле болгон окуяны кеп кылсак, калганын да ойлонуп ...

0 2645

Искендер Гаипкулов: “Атамбаев тараптан Мырзакматовго көп сунуштар болгон…”

07-февраль 2019, 14:54 Жазгүл Урманбетова

– Искендер мырза, мурдагы президент Атамбаев сиздин кан кудаңыз Мелис Мырзакматов менен жолугушкандыгы тууралуу маалымат тарды. Маалыматыңыз барбы, алар кайда, эмне максатта жолугушту? – Мындай маалыматтарды жүзүн ачпаган «фейк» адамдар таратып жатышат. Атамбаев кетип, Жээнбеков бийликке келгенден бери мамлекеттеги саясатчыларды эки фронтко бөлгөн оюн жүрүп жатат. Мелис Жоошбаевич тууралуу ачык эле айтам, ал эч качан Атамбаевдин идеологиясын колдоп, аны менен биригип ...

0 707

Генерал Суваналиевдин Ак үйгө келиши – жаздагы “бороонго” даярдык

07-февраль 2019, 14:50 Жазгүл Урманбетова

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын орун басарлыгына Өмүрбек Суваналиевдин дайындалышы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды. Эске салсак, Өмүрбек мырза Бабановдун эл көзүндөгү таянычы катары жүргөн, шайлоодо кызмат кылган, бирок, ал качып кеткенден кийин мамлекет үчүн иштөөнүн жолун тапканы туура болду. Таластыктар да бийликтин мындай колдоосуна туура түшүнүшүп, баа беришүүдө. Аныгында, президенттин айланасында элге жүзү жарык кадрлардын көбөйүшү зарыл. Эгер эртең кандайдыр бир деңгээлде ...

0 661

ИИМге жаңы жетекчилер дайындалды

07-февраль 2019, 14:32 Жазгүл Урманбетова

ИИМдин Борбордук аппаратынын бөлүмүнүн жана Бишкек ШИИББдин  жетекчилигине өз кесибинин кесипкөйлөрү катары белгилүү болгон адамдар  дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жетектөөчүлүк кызматына дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду. ИИМдин кеңешмесинин кичи залында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 704

Ажолордун тилин таап байыган Арапбаев

07-февраль 2019, 14:20 Жазгүл Урманбетова

«Ак жол» партиясынан бери ушу кезге чейин ажолордун тилин таап, аларга аюу кызматын көрсөтүп  келаткан депутат Азамат Арапаев Кыргызстандагы чириген миллионерлердин бири экени маалым.  Ал түштүк боюнча бышык кирпич чыгаруу жагынан бирден-бир монополист. Маселен ага таандык   «Даннур-Юг» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коому 12 лицензияга ээлик кылат. Алар, Алайдагы: «Чыйырчык-Южный», «Чыйырчык», Аравандагы  “ Кароол –Тоо”, «Кокликтау-2»,  «Кокликтау»,  «Араван» аянты, Кара-Суудагы  «Жилгин-Сай» кени, «Гүлбахар» кени,  «Мады» кени,   «Западное месторождение» участогу, «Центральное месторождение» участогу,  «Ош 9» кени.  Арапбаевге  ...

0 419

Бакиров кайра-кайра балчыкты басып…

07-февраль 2019, 14:10 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештеги  “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров  буга чейин курч маселелерди көтөрүп, түз жүрүп, түз сүйлөгөнү менен элге алынып, бир топ аброй күтүп калган. Бирок акыркы учурларда байкабай сүйлөп, балчыкты кайра-кайра баса берчү болду. Өткөндө ЖК жыйынына чакырылган жетекчини свитирчен келгенин зекигени үчүн катуу сынга кабылган. Эми болсо,  президент,  премьер-министр жана төраганы мамлекеттик камкордукка алуу,  ошондой эле экс-президент, экс-премьер, экс-спикерлер ...

0 343

Бүгүн өзгөр, эртеңкини күтпө!

07-февраль 2019, 14:05 Жазгүл Урманбетова

Убакыт зыпылдап өткөн сайын өмүр чиркин кертилип кетип барат.  Бирок, өмүрдүн кереметин сезүү үчүн жашаган мамлекетиңде туруктуулук, сабырдуулук, анан албетте чындык орношу шарт. Абийирди тепселеген жаман сапаттар аралап кетсе өлкөбүз эч убакта оңолуу жолуна түшпөйт. Айрыкча элдин добушу менен шайланган ажо, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү  акактай таза болмоюнча арамды адалга айландыруу мүмкүн эмес. Анткени  балит иштерге кокосунан малынган чиновниктердин жорук-жосундары акыр-чикир ...

07-февраль 2019, 14:05 | 343
0 8867

КТРКнын “К” тамгасын түшүнбөгөн Сарыбаева

07-февраль 2019, 13:51 Жазгүл Урманбетова

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттарынын КТРКнын  Байкоочу кеңешине бир талапкерди шайлоо маселеси жалпы бийликтин аброюна урулган катуу сокку болуп, тарыхта кара так менен кала турган болду окшойт. Депутаттар түшкө чейин Чынара Капарованы шайлап жиберишип, түштөн кийин бийликтин көрсөтмөсү менен “Алтын үрөн” деген чарбанын ана башчысы, КТРКнын “К” тамгасын деле түшүнбөгөн Атыркүл Сарыбаева дегенди шайлашты. Бийликке ошончо керек “фигура” болсо, аны “грамотна” ...

0 331

“Түкүрүк” авторлору эл кызыкчылыгын канчага саткан? Өкмөт эмнеге унчукпайт?

07-февраль 2019, 13:29 Жазгүл Урманбетова

2019-жыл жаңыраары менен Кыргызстандын калкынын жашоосуна жаңы эреже башталды. 1-январдан баштап 5 кодекс менен эки мыйзам күчүнө кирди. Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу, Жоруктар тууралуу жана Бузуу тууралуу кодекстер ишке кирээри менен кемчиликтери мол экени байкалып, коомчулуктун катуу сынына кабылды. Ал арада бул кодекстердин үстүндө иштеген топко ири өлчөмдөгү каражат жумшалганы ачыкталып, элдин бүйүрүн ансайын кызытты. Жарым жан, чала сабат кодекстерди олчойгон ...

0 303

Лицензия тараткыч Зилалиев

07-февраль 2019, 12:41 Жазгүл Урманбетова

Аз күн мурун Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бир эле адам 41 “алтын” лицензия алганын билдирип, ага таң калып жатканын айткан эле. Кийин алтын кенине 41 лицензия алган адам 51 жаштагы Эрик Жумабаев экени ачыкталды. Ал ИИМде эмгектенген. Учурда Кыргызстандагы бир нече компаниянын кожоюну. Учурда абакта жаткан кен тармагы боюнча мекеменин мурунку төрагасы Зилалиев Кыргызстандын ар кандай кендерине лицензияны көрүнгөн ...

07-февраль 2019, 12:41 | 303
0 429

Айымды коштогон ажо же Жээнбеков – жентльмен!

07-февраль 2019, 12:38 Жазгүл Урманбетова

Социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбеков кол чатыр кармап жаныңда бараткан аялдарды кардан коргошу кызуу талкууланууда. Аталган сүрөттөрдү өлкө башчынын жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев тартып, жарыялаган. Президент бул күнү Бишкекгеги №98 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн барган. Сүрөттөгү аял ошол лицейдин директору Нуриса Иманкулова экени белгилүү болду. Социалдык тармактан сүрөттү көргөндөр «Жээнбеков — жентльмен» деген пикирлерди көп жазышууда. Булак: "Азия ньюс"

0 500

Эдил Байсалов: “Россиянын экинчи аскердик базасын ачуу Атамбаев үчүн Москвага жагынуунун, кошоматтануунун жолу болчу”

07-февраль 2019, 12:35 Жазгүл Урманбетова

– Эдил мырза, эмнегедир парламенттин ишине ичи жылыбагандар четтен чыга баштады. Айрым билермандар 1-2 айдын ичинде тараарын айта башташты. Парламент тарайт деген маселе бышып клдыбы? – Парламенттик шайлоого аз эле калды. Таратканга эч кандай негиз деле жок. Бирок, аларды таркаткан да оңой эмес. Өздөрү болсо таркашпайт. Ошондуктан “парламент тарайт” деп дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. – Ишенбай Кадырбеков “Жогорку Кеңештин регламенти сырттан келген ...

0 343

Кайгуул кызматы кайра жанданабы?

07-февраль 2019, 11:40 Жазгүл Урманбетова

Буга чейин кайгуул кызматы катуу сынга кабылып, иштен четтетилип, жаңыча ишти башташканы баарыбызга маалым. Бирок, туура эмес ойлонулган иштин натыйжасы эч тыянак бербеген соң, кайгуул кызматын кайра жандандырышкан. Арадан аз убакыт өтпөй  анда иштеген МАИ кызматкерлери экинчи жолу сынга кабылып, бул сапар дагы туура эмес багытта иш алып барышып, тактап айтканда бышпаган иштин кесепетинен кайгуул кызматын дагы иштен четтеткен. Эми минтип ...

0 32083

ВИДЕО: Көзүнө чөп салган күйөөсүн көңүлдөшү менен кармап алган аял эки жупту майып болуп калганча сабаган

07-февраль 2019, 12:11 Жазгүл Урманбетова

Өзбекстанда ачууга алдырган аялы күйөөсүн ойношу менен кармап алып өзүнүн бир туугандары менен экөөн тең сабап салган. Бул тууралуу repost  видео жарыя кылган. Өзбекстандын кайсыл бир облусунда тартылган. Бул видеодон үй бүлөсүн ээрчитип келген ачуусун баса албаган аялы унаадан күйөөсү менен биргеликте ойношун сүйрөп чыгып майып болуп калгыча сабаган. Видеодон көргөндөй авто унаанын айнектери талкаланган. Талкаланган айнектеринен эркектин көңүлдөшүн чыгарып алууга аракет кылышкан. Кызынын көзүнө ...

0 975

Жээнбековдорго "тиш салган" Жанар Акаев

07-февраль 2019, 11:00 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев «Калыс Медиа» аттуу сайт иштетип атканы, Ак үйдүн интригалары, алдын ала божомолдор жарыяланганы, ошого катар Асылбек Жээнбековго сын пикирлерди да күчөткөнү байкалат. Убагында КСДП Акаевди депутат кылганына карабай каршы чыгып, өз алдынча эркиндикти тандап, Атамбаевге тил кайрып, каршылаш жээкке өтүп кеткен. А бүгүнку бийлик төбөлдөрүнө эч кандай карыздар болбосо керек. Ошон үчүн Сапар Исаковдун адвокаты ...

0 240

Улан Примов: “Министр Чолпонбаевдин жолтандабас мингени – элди сыйлабагандык”

07-февраль 2019, 10:50 Жазгүл Урманбетова

– Улан мырза, сиз саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып, жаңы автоунаадан баш тартууну кеңеш бердиңиз. Ал эмне болгон автоунаа? – Бүгүнкү күнү жалпы коомчулукта министр өзүнө жаңы жолтандабас алганы кызуу талкууланып жатат. Мен ага ошол коомчулукта болуп жаткан сөздөрдү жеткирдим. Туура эместигин өзү да билет. Бүгүнкү күндөгү «тез жардам» автоунааларынын акыбалын эске алганда, жалпы эле саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү эске алганда, ...

0 492

Депутат Нурбек Тотонов эмнеге балык депутаттардын катарын толуктайт?

06-февраль 2019, 15:31 Жазгүл Урманбетова

Тээ илгери “депутат” деген “болуш” деп аталчу. Болуш болуп шайланган киши эл тагдырын чечкен, алдыны көрө билген, акылга дыйкан, калыс, элдин жүгүн көтөргөн, чыныгы атанын уулу болгон. Болуш болуп шайланыш үчүн эмне деген гана электен өтүп, анан эл тагдырын чечкенге жол ачылган. Ал эми азыр “башы иштеген үчүн ушунча байлыктын ээси болду” деген ойго алдырып, уурулук жана алдоо жол менен байыган кишилерди ...

0 1217

Ажаан аялды кыйнаган жылан

06-февраль 2019, 14:56 Жазгүл Урманбетова

Жашоодо эмне деген гана  сабак боло турган окуялар болот. Бирок, канчалык угуп-билип, ал турсун көрүп туруп дагы ошол сабак боло турган окуяга каршы иш кылып келебиз. Эмесе тилинин азабын тарткан ажаан аялдын жоругу жөнүндө азыноолак кеп учугун чыгаралы, балким тилине алы келбеген аял эле эмес эркектерге дагы сабак болуп калабы деген ойдо. Айша күйөөсүнөн жаш калып, жалгыз баласы Медерди эптеп чоңойтот. ...

06-февраль 2019, 14:56 | 1217
0 695

Өкмөт башчы сүр көргөздү

06-февраль 2019, 13:13 Жазгүл Урманбетова

Мухаммедкалый Абулгазиев илгерки чоңдордой кабагын чытып, премьер министрлик сүр көргөзүп, Осмонбетовго сөгүш берип, анын эки замын иштен алды. Бул эми жакшы жышаан. Айтылган кеп бар эмеспи “адамга сый жарашпайт” деген. Ансыңары  27 жылдан бери шаардык бал муздак жеп чоңойгон назик кызга жасаган аяр мамиледей билермандардын ою менен болуп, көңүлүнө карап сый мамиле жасап, жай сөз менен айткан иштин аягы эмне ...

06-февраль 2019, 13:13 | 695
0 1421

Ак үйдүн алдында жоон топ эл нааразчылык пикетке чыгышты

06-февраль 2019, 14:26 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 100дөн ашык киши Ак үйдүн алдына нааразычылык пикетке чыгышты. Чыгарын го чыгышты, бирок ушул аракеттеринен майнап чыгабы маселе мына ушунда. Алардын талабы 271 жана 295 контр деп аталган жерден 4 сотыхтан жер сатып алышкан. “Эми ал жерге там салбагыла, мыйзамсыз жер” деп там салганга уруксат бербей жатканын эшиттик. Айткандай акыркы кезде эмнегедир жердин чыры көп болуп, туура эмес сатылган жерлердин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 602

Рыскелди Момбековдун “Фабула” гезитин ырчы Айбек Карымов сатып алды

06-февраль 2019, 12:02 Жазгүл Урманбетова

Урматтуу окурман! Бүгүн көптөн көп күттүргөн «Фабула пресс» гезити кайрадан жарык көрүп отурат. Дээрлик 10 жылдын айланасында мамлекетибиздин саясий-экономикалык, маданий-социалдык ургалдуу турмушун, элибиздин жашоо образынын күүсүн үзбөй чагылдырып, маалымат айдыңында чындык үчүн күрөшкөн басылмалардын көч башында турду. Бийликтин артыкчылык-кемчиликтерин тайманбай калыс, так айтып, коомчулуктун көңүлүнөн түнөк тапты. Сөз эркиндигине, демократияга чоң салым кошту. Эми да чындык, акыйкаттыкты туу тутуп, мамлекеттин өнүгүп-өсүшү ...

0 253

Балет театрындагы балит саясатпы же…

06-февраль 2019, 11:38 Жазгүл Урманбетова

Бирөөгө ор казба, казсаң да тайыз каз, өзүн түшүп калышың мүмкүн” деген кеп бар эмеспи, оболу ошол сөз учурда Осмонов Болотко жарашып турган чагы. Опера жана балет театрынын башчысы Болот Салбарович ойдо жок жерден кызматынан алынды. Ага, 19-январда бул театрдын сахнасында өткөрүлгөн «Дота 2» компьютерщиктердик мелдеши себеп болгон. Коомчулук атактуулар ойного сахнада балдардын ойногонунан нааразычылык билдиришкен. Мындан туптуура 4 жыл ...

0 660

Күч органдарынын жетекчилери алмашабы?

06-февраль 2019, 11:14 Жазгүл Урманбетова

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ишенимди актай албай жатканы боюнча сын-пикирлер арбын. Коррупция менен күрөштүн алкагында Өткүрбек мырза өткүрлүгүн көрсөтө алган жок. Эт эмес же чел эмес позицияны карманды. Бийлик башкы прокурордун мындай илең-салаң ишинен майнап чыкпасын түшүндүбү, айтор ээлеген кызматынан башка жакка жылдырмай болуптур. Бирок кайра эле УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына алып барганы жатканын эшиттик. Тилекке каршы, бул кадам ...

0 1231

Нурлан Турсункулов, экс-башкы прокурор: «Туура эмес 5 терек, туура эмес мезгилде отургузулду»

06-февраль 2019, 10:26 Жазгүл Урманбетова

Учурунда юстиция министри, башкы проркурор болуп иштеп, иш билги мыкты жөндөмү менен эл көзүнө илинген Нурлан Турсункулов 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин мезгилдин, саясаттын «курмандыгы» болуп, ак жеринен ийилди. Бирок баарына эл тараза. Биз өткөндү казып, ак-карасын жиликтейли деген максат койгон жокбуз. Балким кези келгенде баары айтылат. Анткени мезгил өзгөрөт, чындык гана өзгөрбөйт. Азырынча биз учурда коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жаңы ...

0 475

«Түкүрүк өкмөттүн» басмайылы бошоду, оомат кимге оойт?..

06-февраль 2019, 10:00 Жазгүл Урманбетова

Жаӊырган жыл чү дегенде эле митинг-пикет жаңжалдар менен коштолду. Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайларга каршы митинг өттү. Өлкөнүн укук коргоо органдарын жана сот тармагын реформалоо иштеринин алкагында 5 кодекс кабыл алынып, натыйжада коомчулукта Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык-процесстик кодекс жана Жазык-аткаруу кодексине байланыштуу сын-пикирлер арбын айтылды. Өзгөчө айып пулдарга карата нааразычылык бүгүнкү күнгө чейин айтылып жатат. Учурда элдин ...

0 214

Президент Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду

06-февраль 2019, 09:41 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимине кол койду. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди. Чечимдин долбоору 2019-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын жана сын пикирлерин эске алуу менен толукталып ...

0 1100

Дүйнө жүзү боюнча мугалимдер канча айлык алышат?

05-февраль 2019, 20:36 Жазгүл Урманбетова

Дүйнө жүзү боюнча мугалимдер канча айлык акы алышат? Маалыматтарга таянсак буга чейин эң көп айлык акы алгандардын алдыңкы тизмесин АКШ ээлеп келген. Калифорния штатында мугалимдердин 2017-2018 жылдардагы айлык акысы, жалпы -75 000 АКШ долларын түзгөн. Алсак так ушул таптарда Германия АКШны артта калтырып, 2018-жылы мугалимдердин маянасы -5 110 долларды чапчып, АКШда өткөн жылы мугалимдердин айлык маянасы -3 558 долларга түшкөн. Ал эми ...

0 657

Түркия Кыргызстандын түштүгүндө интенсивдүү бак өстүрөт

05-февраль 2019, 18:55 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын түштүгүндөгү Кара-Суу районунда түрк ишкерлери интенсивдүү бак өстүрүүнү пландап жатышат. Атайын сорттогу жаңгактар сырты жука, майлуулугу 40%га жогору, 3 жылда мөмөгө кирип, 150 жылга чейин мөмө берет. Маалыматка караганда, эми дыйкандар катуу жаңгак өстүрүүнүн жаңы көчөттөрүн эгишет. Калифорниядан алып келинип жаткан катуу жаңгактын “Чаллер” сорту, эрте түшүм берип, бир түбүнөн 80 килограммга чейин мөмө берет. Адистердин айтымдарында, ...

0 634

Мискенбаев “баатырбы” же уурубу?

05-февраль 2019, 18:37 Жазгүл Урманбетова

2010-жылы 7-апрель күнү Кыргызстандын эл тарабынан мыйзамдуу түрдө шайланган бийлигин, президент К. Бакиевди ал кездеги оппозициянын ана башылары башында турган бир ууч хунта көпчүлүктү Ак үйгө айдактап, басып алышпадыбы беле. Андан соң алар банктар менен дүкөндөрдү Чыңгызхандын желдеттериндей тоношуп, өрттөп, ой да кумарга батышкан. Натыйжада ак эмгеги менен ишкерчилик менен алектенген өзүбүздүн гана жарандар жүз миңдеген товарларын уурдатып, күлү көккө ...

0 240

Пайгамбар жашына тиреп турса да, калеми курч бойдон калууда

05-февраль 2019, 14:39 Жазгүл Урманбетова

Мекен, ата-журт жөнүндө ыйык сезимдерге жык толгон патриоттук “Кыргыз деп, ооруйт жүрөгүм”, “Ыйык ариет”, “Уурдалган бакыт”, “Абийир оту” деген китептердин автору Кабыланбек Балкыбеков биринчи февралда кутман курак белгилеп турган кези. Анын ондогон ырларына белгилүү обончу жана  аткаруучу С.Момбеков, ошондой эле айылдык обончулар обон чыгарып, эл арасында ырдап жүрүшөт. С.Момбеков анын ырларын өзүнүн соц.тармактагы баракчасына да жүктөп, окурмандардын зор алкыш жана позитивдүү  ...

0 376

Кыргыз эли залкар уулунан ажырап, томсоруп турат!

05-февраль 2019, 14:28 Жазгүл Урманбетова

Мамлекеттик, партиялык жана коомдук ишмер Корчубек Акназаров дүйнө салды. Кылымга тете өмүр сүрүп, бүткүл жашоосун Кыргыз Элинин жаркын келечегине арнаган атабызга Элибиз таазим кылуу менен орду толгус жоготууга терең кайгырууда. Корчубек атабыздын Кыргызстандын булуң бурчунда жетекчилик кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, өнүгүшүнө зор салым кылганы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калат деп, ишенебиз. Атабыздын аягына чыкпай калган иштерин шакирттери улантып кетээринде шек жок. Дүйнөдөн ...

0 791

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Президенттин кадр саясатында кетирген  катачылыктары аны  саясий кризиске кептейт”

04-февраль 2019, 11:04 Жазгүл Урманбетова

Равшан Жээнбеков менен өкмөттүн абалы, президенттин кадр саясатындагы мүчүлүштүктөрү  боюнча баарлашып, айрым суроолорубузга жооп алдык. -Равшан мырза, өкмөт ишинен майнап чыгарат деген илгери үмүттү, элдин ишенимин актадыбы? -Кыргыздын тарыхында өкмөттөрдүн бирөөсү да ишеним актаган эмес. Себеби, өкмөттүн реалдуу жана көз карандысыз иштөөсүнө системалык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн эмес. Өкмөт канчалык күчтүү бололу десе да, кайсы бийлик болбосун өкмөт башчылыкка  өз адамдарды алып келген механизмдер ...

0 478

Депутат Эльвира Сурабалдиеваны ким коркуткан?

01-февраль 2019, 18:06 Жазгүл Урманбетова

Ачыгын айтканда Эльвира айым кээ бир мажирөө эркек тааналарга караганда эрдик кылганына эч ким баа бербей келет. Кыз бала болуп туруп, атасынын жолун жолдоп, эл кызматында жүргөнү эле бул түшүнгөн кишиге чоң эрдик. Кээ бир балдар атасындай болуп депутат болгонду койдум, атакелери түптөп кеткен бизнести алып кете албагандар четтен чыгат. Айта турган сөзүбүз такыр башка. Жыргалбек мырзаны атып кетип, али жетилиги бериле ...

0 275

​​​​​​​Акчалай сыйлык алуу үчүн бакан ооз болуш керекпи?

01-февраль 2019, 17:59 Жазгүл Урманбетова

Жакында дагы бир укмуш кеп учугу чыкты. Өкмөт мүчөлөрү “кимде ким, 100 миң сомдон кем эмес коррупциялык иш жөнүндө белги берсе, 30% акчага ээ болот” деп жарыя кылды. Бирок, бул чыгарылган чечим дагы чийки экенин эксперттер айтып чыгышты. Анткени, коррупция жөнүндө кабар берип, аны кармай албай калышса же иш оңунан чыкпай калса, убара кылганы үчүн кабар берген киши кайра акча төлөмөр ...

0 401

Венесуэланы ким колдоодо?

01-февраль 2019, 17:46 Жазгүл Урманбетова

АКШ, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста-Рика, Гватемала бийлиги Венесуэланын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Хуана Гуайдону убактылуу президент деп таанышты. Мексика, Боливия, Куба, Кытай, Түркия жана Россия Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадурону колдошууда. АКШнын президенти Дональд Трамп Улуттук Ассамблеянын төрагасы Хуана Гуайдону Венесуэланын “утурумдук президенти” деп тааныгандыгын жарыя кылды. Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Венесуэланын азыркы президенти ...

01-февраль 2019, 17:46 | 401
0 259

Поездин жол киреси арзандайт - дейби?

01-февраль 2019, 17:31 Жазгүл Урманбетова

Россиядагы, Кыргызстандын  элчилик кызматына ишеним артылып коюлган А.Жекшенкулов  ишти жакшы жышаан менен баштаганы көңүл көтөрдү. Улам эле сын-пикир уга берип тажаган элге, Жекшенкуловдун жасаган  ишаракети жакшы үмүттү пайда кылды. Айткандай, Жекшенкулов орус элинин билермандары менен бир пикирге келип, буга чейин баасы кымбат поезддин жол киресин кыйла арзандатуу керек экенин кеңешти. Бул сунушту туура көргөн Россиянын атка минерлери Жекшенкуловго ыраазы экенин билдиришти. Ушул ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 289

СҮРӨТ - Куткаруучулар 2004-жылкы өспүрүмдү куткарып калышты

01-февраль 2019, 17:02 Жазгүл Урманбетова

Окуя кечээ, 31-январы күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунда катталган. Саат 14:25 ӨКМге Ленин айылындагы Комунарская көчөсүнүн четинде жайгашкан көлмөдөгү муз үстүндө бала ойноп жатып сууга түшүп кетти деген маалымат түшөт. №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулар 5 мүнөт ичинде жетип, дароо куткарганга киришет. Бала суу ичинде, музду карманып турган жээктен 15-20 метр аралыкта. Куткаруучулар аркан байланып, муздун үстү менен барып чөгүп жаткан балага аркан ыргытып, тартып ...

0 1268

Борончу Кудайбергеновго түшүнөн берилген аян

01-февраль 2019, 16:44 Жазгүл Урманбетова

Учурда саясаттын жаман баркы кетип, кадыры түшкөнү да чын. Бакиев тактан кулап, президенттик так талашка 80ден ашык киши кандидатурасын койгондо, алардын катарын толуктап,куудул Борончу мырза да койгону жаамы журтка маалым. Бир күнү Борончу мырза  түш көрөт. Албетте президенттике кандидатурасын койгондон кийин. Түшүндө ушунчалык бийиктикке шаты менен чыгат. Ал жакка чыгыш ушунчалык кыйынчылыкты тартуулайт. Борончу улам бийиктеп жүрүп олтурат. Качан башына жеткени ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83