www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазгүл Урманбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (2980)

0 211

Өкмөт эки учак сатып алат

22-январь 2019, 12:34 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын өкмөтү ички каттамдарды аткаруу үчүн 2 учак сатып алат. Бул боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда билдирди. Кубатбек Бороновдун айтымында, учактын үлгүсү жана суммасы азырынча такталып жатканын, 2 ай аралыгында өкмөт бир чечимге келишерин билдирди. Булак: NazarNews.kg

22-январь 2019, 12:34 | 211
0 515

Гүлмира Кудайбердиева, Билим берүү министри: "Электрондук кезек" 15-февралдан баштап ишке кирет

22-январь 2019, 12:26 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкек шаарындагы мектеп директорлору менен жыйын уюштуруп, "электрондук кезек" системасы жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Жыйында пилоттук долбоор катары киргизилип жаткан "электрондук кезек" автоматташтырылган маалыматтык системасын иштетүү боюнча айрым маселелер талкууланды. Ошондой эле долбоорду даярдагандар мектеп директорлорунун суроолоруна жооп беришти. “Электрондук кезек" – мамлекеттик мектептерге 1-класска кабыл алуудагы ...

0 136

Милиционер катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө башталды

22-январь 2019, 12:11 Жазгүл Урманбетова

21-январь түнү Бишкектин Анкара көчөсүндө “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү автомашина менен “Тойота Авенсиc” автоунаасы кагылышып, экинчи машинедеги жүргүнчү аял каза болгон. Ал эми эки машиненин айдоочулары оор акыбалда ооруканага жеткирилген. Алдын ала тергөөнүн маалыматында “Мерседес Бенцтин” айдоочусу милиция кызматкери экени айтылып жатат. Бирок милициянын аты-жөнү, кызматы ачык айтыла элек. Учурда Бишкек шаардык милициясы факт боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлады. Социалдык тармактарда бул жол ...

0 399

Калыстык калыстыгын кылбай койду, желегибиз дагы бир башкача көрүндү

22-январь 2019, 12:03 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы оюн өткөргөн. "Ак шумкарлар" 3:2 эсеби менен БАЭдан утулуп калды. Матч Абу-Даби шаарынын “Зайед Спорт Сити” спорт стадионунда өткөн. Букмекерлердин БАЭнын эсебине болгон төлгөсүнө карабастан оюн абдан кызыктуу жана оор болду. “Ак шумкарлар” атаандаштарына өздөрүн ким экендигин көрсөттү. Кураманын устаты Александр Крестинин оюнчуларды абдан жакшы даярдап, Азия Кубогуна алып келип, плей-оффко өткөргөн. Кыргыз футболчуларынын оюну ...

0 304

Мыйзамсыз жүк кармалды

22-январь 2019, 11:34 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда мыйзамсыз алынып келинген жүк ташуучу унаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Volvo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа аткезчилик менен алынып келинген. Бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 2 миллион 171,7 миң сомду түздү. Материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Эскерте кетсек, 2017-жылы Кыргызстанда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тарткан фактылар аныкталган. Учурда камакта 120дан ашуун кымбат баалуу унаалар турат. Булак: NazarNews.kg

22-январь 2019, 11:34 | 304
0 259

Алмаз Асангазиев: "Кыргыз мигранттары которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат"

21-январь 2019, 18:28 Жазгүл Урманбетова

Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев: «Статистика боюнча 750 миң мекендештерибиз башка өлкөлөрдө иштешет, алардын 630 миңи Россиянын аймагында. Кыргыз мигранттар которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат»- дейт. “Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 млрд сомдон ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым”, – дейт Имангазиев. Чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң ...

0 218

Кыргыз тилинде коомдук жайларда көбүрөөк сүйлөшөлү

21-январь 2019, 18:04 Жазгүл Урманбетова

"Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан", -деп айтылган сөздөр азыркыга чейин актуалдуу болуп келет. Ооба, кыргыз тилинде азыр Бишкек шаарынын жашоочулары көп сүйлөшпөй келет. Мунун себеби эмнеде? Анткени кыргыз тилинин аброюу кеткен. Кыргызча айрымдарына сүйлөсөң, кайра орусча жооп бергендерге кыжырың келет.  Кантсе дагы, кыргыз тилин бала бакчадан баштоо керектигин канчадан бери айтылып келатса дагы, бул жаатта эч бир ...

0 556

Ысык-Көлдүк дыйкандар: «4 сом болсо да өткөрбөсөк жүздөгөн тонна картошкабыз бөөдө күйүп кеткени жатпайбы»

21-январь 2019, 16:54 Жазгүл Урманбетова

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмоналиев жумушчу сапары менен Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнө барды. Өкүл Талды-Суу айыл өкмөтүнө бара жатканда Түп айылындагы №2 лицейге кирип, абалы менен таанышып чыккан. Ичке-Суу айылындагы 2015-жылы башталып, ушул кезде пайдубалы гана бүткөрүлгөн жаңы имарат менен таанышып, тиешелүү адамдарга мектептин курулушун колго алууну тапшырды. Ал эми Талды-Суу айылында жеке ишкер Т.Бекбоевдин күнөсканасына барып, бадыраңдын ...

0 178

Сузак: Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу комплексинин жоюлушуна каршы тургундар чыгышты

21-январь 2019, 16:32 Жазгүл Урманбетова

Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу комплексинин жоюлушуна каршы болгон 20дан ашык айыл тургуну бүгүн мектептин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Нааразылык акциясына чогулгандар “Аким элге каршы, кетсин!”, “Комплекстин жоюлушуна каршыбыз” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат. Алар комплекстин жоюлушуна Сузак районунун акими Эрмек Омошев кызыкчылыгы бар экенин айтып, анын кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулгандар менен эч ким жолуккан жок. Булак: NazarNews.kg

0 349

Экотехинспекциянын облустук бөлүмүнүн жетекчиси авариядан каза тапты

21-январь 2019, 16:17 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көл облусунда жол кырсыктан улам Экотехинспекциянын облустук бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Абдрахманов каза болду. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, жол кырсык 20-январда саат 20:15 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда катталган. Бишкек шаарында 1974-жылы туулган Мирлан Абдрахманов «Тойота-Ленд Крузер 470» унаасы менен бара жатканда рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен ал катуу ...

0 381

Тверь: 17 жаштагы кыздын өлүмүнө кыргыз жараны себеп болду

21-январь 2019, 16:02 Жазгүл Урманбетова

Россиянын Тверь шаарында 17 жаштагы кызды унаа сүзүп кетти. Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсү боюнча, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн кызды сүзүп кеткен №208 маршруттук таксини Кыргызстандын жараны башкарып бара жаткан.  Жабырлануучу катуу жаракат алган эмес. Жол кырсыкка жол чырактын бузулуп калганы себеп болушу мүмкүн. Булак: NazarNews.kg

0 225

Мэр Cвердлов районунун акимин дайындады

21-январь 2019, 15:45 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин Свердлов районунун акими болуп Мурат Осмонов дайындалды. Тиешелүү буйрукка баш калаанын башчысы Азиз Суракматов бүгүн, 21-январда кол койду. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Осмонов буга чейин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы болгон. Кесиби боюнча физик-инженер, юриспруденция боюнча да билими бар. Буга чейин райондун мурдагы акими Самарбек Болотбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Булак: NazarNews.kg

0 131

Дастан Бекешов, депутат: "Дары-дармектерди БУУнун уюмдары аркылуу сатып алуу методун колдонуу сунуш кылынат”

21-январь 2019, 15:36 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин комитети "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жөнүндө каралып жатат. Мыйзам долбооруна ылайык, дары-дармек каражаттарын сатып алууга бюджеттен чыгымдар жыл сайын көбөйүп жатат. Депутат Жанар Акаев мыйзам долбоорлорунда Кыргыз мамлекетине кандай пайда алып келет деген гана кызыкчылык болушу керектигин айтты.  Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастан Бекешевдин айтымында, бул мыйзам долбоору Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда кайра квалификациялоодон өткөн сапаттуу дары-дармек каражаттарын, медициналык ...

0 342

Чубак ажы Жалилов 44 жашка толду

21-январь 2019, 15:18 Жазгүл Урманбетова

Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак Жалилов Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында 1975-жылы 21-январда туулган. Атасы Тажибай Жалилов математика мугалими, ал эми апасы Гүлжамал Сакыева англис тили боюнча мугалим. Чубак Жалилов үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси. Чубак Жалилов 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргыз ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы Умм аль-Кура эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ...

0 400

Cвердлов районунун акими кызматынан кол жууду

21-январь 2019, 15:10 Жазгүл Урманбетова

Бишкектеги Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков кызматынан кетти. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Самарбек Болотбеков башка кызматка которулуп жатканына байланыштуу иштен кетүү тууралуу арызын жазды. Бүгүн ал райондук коллегиянын акыркы пландык отурумун өткөрдү. Самарбек Болотбеков кызматтан кетүүсү тууралуу маалымат берген жок. Ал районду 2016-жылдын 13-июлунан тартып башкарып келген. Булак: NazarNews.kg

0 607

Жигити жылаңач түшкөн сүйүктүүсүнүн сүрөтүн социалдык тармакка жүктөп салгандыгы үчүн...

21-январь 2019, 15:01 Жазгүл Урманбетова

Чүй облусунда жигит сүйлөшкөн кызынын жылаңач түшкөн сүрөтүн социалдык тармакка жүктөп салгандыгы үчүн кыздын байкеси, жигитти металлдан жасалган курал менен ичине сайып салган. Аталган кылмыш иши боюнча сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтына жарыяланды. Тергөөнүн маалыматына ылайык, өткөн жылдын жай мезгилинде саат 18:00 чамасында дарыкананын жанынан металлдан жасалган курал менен соттолуучу, карындашынын жигиттин ичке сайып салган. Жигит алган жаракатынан улам ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 192

Жаңы Кодекс боюнча жарандар сотко кайрылды

21-январь 2019, 14:41 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда өткөн митинг учурунда кармалып, 3000 сомдон айып пул төлөөгө милдеттендирилген 21 жарандын үчөө Биринчи май райондук сотуна арызданды. Алардын бири, “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин мүчөсү Бактыбек Нуралы уулу салынган айыпка макул эмес экенин айтты. - Бизди “Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине каршылык көрсөткөн” деп айып пул салышты. Бирок иш жүзүндө мен аларга каршылык кылган эмесмин. Ошондуктан бул айыпка ...

0 269

Япон тилине ашык болгон Айна

21-январь 2019, 14:14 Жазгүл Урманбетова

Айна Долотбаева Япон тилин кичине кезинде эле жактырчу. Ал мектепти аяктагандан кийин дароо эле япон тилин тандаган. Ишеналы Арабаев атындагы Чыгыш тилдер жана маданияты институтун ийгиликтүү бүтүрүп, ошол эле университетте аталган тилден сабак бере баштайт. Ал өзүнүн япон тилинен билгендеринин баарын студенттерге үйрөтүүгө далалат кылган. Көп изденүү жана эмгектин натыйжасында ал сынак аркылуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, Кыргыз -Япон борборунда учурда ага окутуучу ...

21-январь 2019, 14:14 | 269
0 669

Жол кырсыгы 33 жаштагы аялдын өмүрүн алды

21-январь 2019, 13:11 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 21-январда Бишкектеги 7-Апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 33 жаштагы жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. 33 жаштагы жүргүнчү окуя болгон жерден каза тапты. Айдоочу жана дагы бир жүргүнчү ооруканага жеткирилди. Булак: NazarNews.kg

0 353

Ашым Зайналиевге карата иш токтотулду

21-январь 2019, 12:55 Жазгүл Урманбетова

Бишкектин Октябрь райондук соту жабыркоочу тарап доосу жок экенин айткандан кийин өзүн табып деп атаган Ашым (Хашим) Зайналиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Соттук териштирүү учурунда жабыркоочу тарап Зайналиев материалдык чыгым төлөп бергенин билдирген. Зайналиев сот залынан бошотулуп, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Булак: NazarNews.kg

0 785

Ооруканада жаткан аялы менен баласын күйөөсү күндө келип сабап кетет

21-январь 2019, 12:50 Жазгүл Урманбетова

Кечээ, 20-январда саат 22:00 чамасында Бишкектеги онкологиялык илдетке чалдыккан балдардын хосписинде баласы менен жаткан келинди күйөөсү сабап кеткен. Бул тууралуу аталган хосптстин негиздөөчүсү Динара Аляева билдирди. Анын айтымында, коомдук тартипти бузуп, аялын сабаган жаранды милиция кызматкерлери саат 24:00до келип кармап кетишкен. Бирок, аялы сабалган боюнча билдирүү келип түшсө дагы, укук коргоо органдары өздөрүнүн тилинде “Семейка” деп коюп, 1 сааттан кийин коё беришкен. “Аталган ...

0 157

“Өлкөнүн маданий символу” макамы калпакка берүү сунушталууда

21-январь 2019, 12:28 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда ак калпакка “өлкөнүн маданий символу” деген макам берүү сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында талкууланат. Долбоордун авторлору – “Республика – Ата Журт” фракциясынан Экмат Байбакпаев жана “Бир Болдон” Бакирдин Субанбеков. Буга чейин кыргыздын улуттук баш кийими – калпакты мазактагандарды жазалоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук ...

0 369

Бегалы Мурзалиев, цирктин кызматкери: "2015-жылдан бери жылкыларды өзүмдүн чөнтөгүмдөн багам. Айлыгым 7 миң сом"

21-январь 2019, 12:06 Жазгүл Урманбетова

Цирктин айланасындагы чырдан улам анын кызматкерлери бүгүн митингге чыгышты.  Цирктин чыгармачыл жамаатынын жетекчиси Бегалы Мурзалиевдин айтымында мурда союз учурунда цирти тушүнгөн адамды коюшчу. Ошол учурда аюу, аркар, кулжадан өйдө бар болчу. 17 жылдан бери ушул жумушту аркалап келатам. Азыр 6 атыбыз бар. 2-3 ат менен эч нерсе көрсөтө албайт экенсиң. Жамаат цирктин кайра жандандырууну каалайт. Өкмөт башы, министрлер башка өңүттө иш ...

0 174

Цирктин кызматкерлери митингге чыгышты

21-январь 2019, 11:47 Жазгүл Урманбетова

Буга байланыштуу цирктин эмгек жамааты бүгүн, 21-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына митингге чыгышты. Митингде алар өздөрү сунуштап жаткан цирктин артисти Аида Акматованы гана директор кылып берүүнү талап кылышууда.  Буга чейин маалым болгондой, Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Эскерте кетсек, цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. ...

0 223

Цирктин жетекчилигине төрт адамдын талапкерлиги коюлду

21-январь 2019, 11:40 Жазгүл Урманбетова

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Мамлекеттик циркти жетектегиси келген талапкерлердин программалары менен таанышууда. Министр Азамат Жаманкуловдун айтканы боюнча, азыр төрт кишинин талапкерлиги каралып жатат. - Азыр талапкерлердин программаларын, концепцияларын карап жатабыз. Бир кишиге токтолуп, чечим чыга элек. 2-3 күндүн ичинде жетекчини коюп калышыбыз керек, - деди ал. Эки айга жакын убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына нааразы болгон Мамлекеттик цирктин кызматкерлери бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин ...

0 143

Мухаммедкалый Абылгазиев 51 жашка толду

21-январь 2019, 11:26 Жазгүл Урманбетова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 20-январда 51 жашка толду. Өкмөттүн басма сөз кызматы өкмөт башчы өздүк майрамды адатта үй-бүлөсүнүн курчоосунда белгилей турганын билдирген. Россия Федерациясынын өкмөтүнүн жетекчиси Дмитрий Медведев М.Абылгазиев менен телефон аркылуу байланышып, мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалады. Эки тарап кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, келечектеги кызматташуунун перспективалары тууралуу сүйлөштү. М.Абылгазиев 1968-жылдын 20-январында Нарындагы Кочкор районунда жарыкка келген. Булак: ...

0 136

Нарын: Жүк ташуучу унаа үйдүн ичине кирип токтогон

21-январь 2019, 11:21 Жазгүл Урманбетова

Нарын шаарындагы "64" аймагында жол кырсыгы катталды. Окуянын күбөсүнүн айтымында, кырсык 19-январдан 20-январга караган түнү орун алган. Анда жүк ташуучу чоң фура башкарып бараткан айдоочу шаардын кире беришиндеги үч кошкон жолдон бурулам деп жатып, жолдун чекесиндеги турак үйлөрдүн бирин сүзүп алган. Анын кесепетинен үй жараксыз абалга келген. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Белгилей кетсек, кырсык болгон жер Бишкек-Торугарт унаа жолунун бөлүгү болуп саналат.

0 318

Cатыбалдиев менен Артыкбаевге жемкорлук айыбы тагылды

21-январь 2019, 11:03 Жазгүл Урманбетова

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен депутат Осмонбек Артыкбаевге жемкорлук айыбы тагылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу билдирди. Анын айтымында, Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевдин тийиштиги бар делген Бишкек ЖЭБи боюнча тергөө аяктады. Учурда материалдар менен таанышуу башталды. Осмонбек Артыкбаев азыр Улуттук травматология жана ортопедия борборунда дарыланууда. Ал бир канча жолу операция болду. Жантөрө Сатыбалдиев УКМКнын тергөө абагында. Материалдар сотко 25-январдан кийин келип ...

0 305

Азия Кубогу: 21-январда "Ак шумкар" Бириккен Араб Эмираттары менен ойнойт

21-январь 2019, 10:45 Жазгүл Урманбетова

20-январда кечинде Азия кубогундагы финалдын 1/8 бөлүгүнүн оюндары башталды. Буга чейин Кыргызстан менен бир тайпада ойногон кытай футболчулары жекшембиде Таиланд менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп, 1/4 финалдык бөлүккө жолдомо алды. Иран командасы Оманды 2:0 эсебинде ишеничтүү жеңип, кийинки финалдык бөлүккө өттү. Ал эми Иордания оюнга чейин Вьетнамдан күчтүү болгону менен кечээ негизги убакытты 1:1 эсебинде жыйынтыктап, пенальтиден 4:2 эсебинде утулуп, чемпионат менен ...

0 263

Бажы тарифи жөнүндө Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

19-январь 2019, 18:44 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КРнын расмий сайтына маалымат чыкты. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган. Мыйзам «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимине, Бажы бирлигинин Бажы кодексине, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ жөнүндө ...

0 552

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматына жаңы жетекчи келди

19-январь 2019, 18:27 Жазгүл Урманбетова

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматына жаңы жетекчи дайындалышына кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен аталган мекемени милициянын подполковниги Олег Запольский жетектейт. Ал буга чейин кызматтын жетекчисинин орун басары болуп иштеген жана ыкчам-издөө башкармалыгын жетектеп келген. Эскерте кетсек, Олег Запольский белгилүү журналисттер, “Дело№…” гезитинин ээлери Светлана Красильникова менен Виктор Запольскийдин уулу. Булак: NazarNews.kg

0 409

Аскердик тармактагы жаңы дайындоолор

19-январь 2019, 18:09 Жазгүл Урманбетова

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков аскердик тармактагы бир катар дайындоолорду жасады. Алсак, Талантбек Эргешовду Улуттук гвардиянын командачысы, ал эми Акылбек Ибраевди Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кылып дайындады. Нурлан Кирешеев Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары болду. Кирешеев буга чейин Кургактагы аскерлердин командачысы болчу. Бул кызматтын иши Алмазбек Карасартовго жүктөлдү. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 541

Чыңгыз Шамшиев, АУЦАнын вице-президенти: "Робот жасай албаган кесиптерге үйрөтүү - мезгил талабы"

19-январь 2019, 17:56 Жазгүл Урманбетова

Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин вице-президенти Чынгыз Шамшиев "Мамлекеттик башкаруудагы инновациялар жана кызматтар" аттуу конференцияны ачып жатып, учурда кесипке болгон мамиле өзгөргөнүнө токтолду. - Учурда робот кыла албаган кесиптерди студенттерге окутушубуз керек. Бул учур талабы. 5-10 жылдан кийин мисалга, бухгалтер кесиби эч кимге кереги деле тийбей калат. Биздин өлкөдө болбосо дагы аталган кесип өнүккөн өлкөлөрдө жокко чыгат. Эмгек рыногунда суроо талап чоң болуп ...

0 1528

Кара дуба Ак үйдү курутабы?

19-январь 2019, 17:32 Жазгүл Урманбетова

Акыркы убактарда ак үйдү кара дуба окуп биротоло бууп салышыптыр деген аңыз кеп жылымжып тарай баштады. Ал тургай жалаң ушундай шойкомдуу имиштер менен алектенген жазмакерлер бар. Качан болсо да алар саясаттын “желесине” түшүп алып бийликтеги байлар тууралуу укмуштай божомолдорду токуп, канткенде ошондон кутулушаары тууралуу акылдуу сунуштарын бежирешет. Болгондо да мурдагы, азыркы ажолорго чейин “прогноз” берип коомчулуктун көңүлүн бурдурууга аракетин жасашкан кези. Сапар ...

19-январь 2019, 17:32 | 1528
0 495

Кеп чынынан бузулбайт!Биз өлкөнүн туруктуу болушуна кызыктарбыз...

19-январь 2019, 18:08 Жазгүл Урманбетова

Саясатка аралашкандардын баары эле элди артынан ээрчитүүгө маш деп эч ким аныктап айта албайт. Бираз тепкичтен өйдөлөсө эле өзүнүн мурдун көрө албаган далай саясатчы сөөрөйлөр керек болсо сокур амбициясы үчүн түрмөнүн боткосун жегенге татыктуу болушканын коомчулук жакшы билет. Бирок, ошентип караңгы жерде күркүрөсө деле эркиндикке чыккандан кийин мурдагысын унутуп баягыл эле арабага түшүп каларына не дейбиз? Көрсө саясат деген кудум ...

0 902

Иранда кулаган учак менен Жеңиш Разаковдун кандай байланышы болушу мүмкүн?

19-январь 2019, 17:02 Жазгүл Урманбетова

Кечээ жакында, тактап айтканда, 14-январда Кыргызстандан учкан жүк ташыган самолёт Иран аймагынан кырсыкка учурап, 16 экипаж кайтыш болду. Самолёт Тайланддан Кыргызстанга учуп келип, 30 тоннадан ашык эт, буудай жүктөп кеткени айтылды. Бул окуя коомчулукта ар өңүттө талкууланып жатат. Көпчүлүк бул кырсыктын айынан Кыргызстандан коррупциялык жол менен эт ташып бизнес кылгандардын былыгы ачылышы мүмкүн экенин кеп кылышууда. Анткени граждандык аэропортко аскердик жүк ...

0 352

Роза Отунбаева: "Өкмөттүк сайттар жогорку деңгээлде иш алып барбайт"

19-январь 2019, 16:33 Жазгүл Урманбетова

Экс-президент Роза Отунбаева кечээги Борбор Азиядагы Америкалык Университетиндеги болгон "Өлкөнү санариптештирүү" боюнча өткөн конференцияда "Өкмөттүк сайттар жок дегенде эмне кызмат аткара турганыңарды жазып койгулачы" деп суранды. - Коңшу мамлекеттин сайттарына баш баксаң, бардык кызматтарын көрүүгө болот, - деп айтты. Аталган конференцияга КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, аталган окуу жайдын жетекчиси Чыңгыз Шамшиев жана башкалар катышты.  Белгилей кетсек, мамлекеттик сайттар өзүнун ...

0 544

Ар дайым жөн иштебей, ызы-чуу менен жүрө берсең...

19-январь 2019, 16:05 Жазгүл Урманбетова

Данияр Абдыкаров деген генерал «Манас» аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын директору болуп дайындалды. Маалым болгондой бул кадр коомчулукта эң жек көрүнгөн, дайыма сын менен келаткандардын бири. Ал быйыл жайында ИИМден орун басарлык кызматтан кеткен. ИИМге орун басары болуп 2016-жылдьш башында дайындалган эле. Анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир топ сын айтылып келет. Буга чейин Абдыкаров эмгек өргүүсүнө ...

0 864

Жолдубаевага тартылган тузак

19-январь 2019, 15:51 Жазгүл Урманбетова

Кылмыш иши козголоор алдында, чабыла турган капканды “далысынан сезип” Америкага качкан Кыргызстандын мурдагы биринчи-вице-премьер-министри, экс-депутат Аскарбек Шадиевди Биринчи Май райондук соту 25-декабрда он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган. Ал арада мурдагы аткаминерге кылмыш ишинин кеч козголушуна, мүлкүнүн дээрлик баарынын сатылып кеткенине байланыштуу ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароо талабы коюла баштады. Аскарбек Шадиевдин кылмыш ишиндеги ...

19-январь 2019, 15:51 | 864
0 351

Аскарбекке баш ооруткулары келбейт...

19-январь 2019, 15:40 Жазгүл Урманбетова

Эгерде Кыргызстанда дүйнө-мүлкү калган болсо Шадиевдин жанын коюшмак эмес. Анткени байлык дегенде жантыгынан жата калган ачкөздөр бизде толтура да. Тилекке каршы Аскарбек куу экен кетерде болгон ири мүлктөрүн кызылдай акчага сатып туруп анан сапарын улаптыр. Андай болгон күндө деле чоң жылдызы бар чиновниктерге ооз басырык таштабаганда башкаларга окшоп бул эргул деле түрмөдө эки көзүн тостойтуп отурмак. Кызылдары, каралары байдын “таманын” ...

0 539

4-жолу бала сабалды: 3 жаштагы бала сабалганы үрөй учурду

19-январь 2019, 15:19 Жазгүл Урманбетова

Чүйдө үч жаштагы наристе сабалганы атайын рейд учурунда аныкталды. Бул учурда соцтармактарда кызуу талкуу жаратууда. Кантип энеси өз баласын ур-токмокко алсын деген суроо туулат. Негизи психологдордун айтымында, апасы психологиялык ооруга чалдыгышы мүмкүн. Ошондой эле, адамдардын жашоо-турмушу жакшы болуп, барчылыкта жашаса, ата-эне эч качан балдарын уруп-сабоого барбайт. Демек, социалдык абал да начар болгондуктан, балдарынан болгон күчтөрун чыгарып жатышат.  Жыл башталаары менен эле ...

0 392

Кытайда жумуштан абдан чарчаган адам каза болду

19-январь 2019, 14:55 Жазгүл Урманбетова

Кытайдын Чунцин шаарында жол полициясынын кызматкери аябай чарчагандан өзүнүн иш бөлмөсүндө каза тапкан. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Каза болгон 55 жаштагы Цзян Жуйхуаны анын кесиптеши тапкан. Ал 24 саат бою нөөмөттө тургандан кийин көчөдө жол кыймылын башкарууга чыкмак. Бирок ал сыртка чыкпагандыктан анын кесиптеши Цзяндын иш бөлмөсүнө барганда ал ээси жок жатканын көргөн. Цзян Жуйхуа ооруканага жеткирилип, дарыгерлер ...

1 1488

ВИДЕО: Кыргыз жараны Кремлдин алдына барып түкүрдү

19-январь 2019, 14:21 Жазгүл Урманбетова

Бул жолу Кремлдин алдына тамеки чегип бараткан кыргыз жаранынын видеосу интернетте орун алды. Ал "мына эч ким эч нерсе дебейт экен, "смело" келип Кремлдин алдына түкүрө бергиле", - деп айткан. Эске салсак, учурда бизде коомдук жайларда түкүрбөө боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Муну айрымдары коомдук жайлардагы жат көрүнүштөр деп атын өзгөртүүгө сунуштар берилип жатат. Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

0 500

Орус менен кытайга асылбагылачы!

19-январь 2019, 13:44 Жазгүл Урманбетова

Жазгандарыңарды үстүртөдөн эле окуп көрүп жаныңдан түңүлөсүң. Силерге эмне жагат деги. Жан дүйнөңөр жабыркап, жамандык эле тилеп тургандайсыңар, жашооңор кандай экенин билсе болобу? Кытай басып келе жатат деп каңкуулайсыңар. Кыргыздарга кысым жасап жатат деп жанында жүргөнсүп жамырайсыңар. Орустун аркасында адам болуп, мамлекеттүүлүккө жетип отурганыңарды унутуп койдуңар. Ошол орустардын аркасында жакындарыңар оокатын кылып жүргөнү жадыңарда жок. Орустардын жардамы да жакпайт. Ушунчалык ...

0 230

Мерилин Монронун бир ууч чачы сатыкка коюлду

19-январь 2019, 13:32 Жазгүл Урманбетова

Америкалык белгилүү актриса Мэрилин Монронун чачын "Moments in Time" долбоорунун негиздөөчүсү Гэри Цимент 16,5 миң долларга сатыкка койгонун "Forbes" басылмасы жазып чыкты. Актрисанын бир ууч чачы ал 1959-жылы чач тарачка барганда кыркылган. Аны Кеннет Баттелл сактап койгон. Баттел 1958-жылдан 1962-жылга чейин актрисанын жеке чач тарачы болуп иштеген. Маалыматка ылайык, Монронун чачы атайын айнек идишке салынган. Булак: NazarNews.kg

0 198

«Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

19-январь 2019, 13:05 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 5-декабрында кабыл алынган. Мыйзамды кабыл алуунун максаты — айыл чарба (өсүмдүк, мал чарбачылык, канаттуулар, аарычылык), балык чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө жана аларды кайра иштеткендерге жеңилдетилген кредиттерди берүү маселелерин жөнгө салуу. Мыйзам расмий жарыялангандан тартып 15 күндөн ...

0 296

«Маша жана Аюу» мултьфильминдеги эпизод Гиннес китебине кирди

19-январь 2019, 12:36 Жазгүл Урманбетова

«Маша жана Аюу» мултьфильминдеги «Маша+ ботко» эпизоду Ютубдагы көп көрүлгөн анимациялык ролик катары Гиннестин китебине кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган эпизод 3,4 миллиард жолу интернет колдонуучулар тарабынан көрүлгөн. Аталган эпизоддо Аюу Машага ботко жасап берет, бирок ал Машага жакпай калып, Маша өзү ботко жасап, аны бардык токойдогу жаныбарларды тойгузат. Белгилей кетсек, аталган сюжет 2013-жылы тартылган. «Бүгүнкү күндө Ютубдагы эң ...

0 220

“Азиянын фильмдери” сынагында “Дарак ыры” тасмаcы мыкты деп табылды

19-январь 2019, 12:09 Жазгүл Урманбетова

Дакка шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда “Дарак ыры” тасмасы “Азиянын фильмдери” сынагында мыкты тасма деп аталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди. Маалыматка ылайык, Бангладештин борбору Даккада болгон фестиваль 10-январда башталып, 18- январда жабылуу аземи болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан 5 тасма катышкан. Мыкты тасма аталган “Дарак ырын” режиссер Айбек Дайырбеков тарткан. “Дарак ыры” тасмасы былтыр жаз айларында жарыкка чыккан. Белгилей ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 893

Сот кызын чынжырга байлап койгон жаранга өкүм чыгарды

19-январь 2019, 11:53 Жазгүл Урманбетова

Ошто атасы кызын чынжырга байлап койгон маалымат тараган. Соттун жүрүшүндө, айыпталуучу кызы аларды укпай үйдөн качып кеткендиги үчүн ушундай кадамга барганын айткан. Ош шаардык соту кызын чынжырга байлап койгон жаранды 3 жылга коомдук иштерде иштөөгө өкүм чыгарды. Кыздын атасы күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жасаган ишине өкүнө турганын кошумчалаган. Ал кызы үйдөн качып кетип көпкө табалбай, милиция парктан кармап келгенде, тарбиялоо ...

0 670

Мадумаров менен Жапаров биригип, катарларына Текебаевди, Бабановду тартышса…

18-январь 2019, 16:06 Жазгүл Урманбетова

Жакында эле Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсү болгону, экөө биригүү жагынан бир кепке келишкени ыраспы? Мындан сырткары Өмүрбек Текебаевге, Өмүрбек Бабановго да сунуш түшө турганын эшиттик. Ошондо парламенттик шайлоого карай «Бүтүн Кыргызстан», «Мекенчил», «Ата Мекен» жана «Республика» партиялары бириксе, албетте, өлкөдөгү топ жара турган күчкө айланышары ажеп эмес. Бирок, алдыда дагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна бир топ убакыт бар, көз ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83