www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазгүл Урманбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (2980)

0 493

Өзгөн: Чайканада эмгектенген айым көмүрдүн исине ууланып каза болду

14-январь 2019, 15:45 Жазгүл Урманбетова

Өзгөн шаарында 35 жаштагы аял чайканада көмүрдүн исине ууланып көз жумду. Маркумдун 37 жаштагы эжеси да жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыгышты. Аталган окуя 12-январда "Батма эне" деген кафеде болгон. Эже-сиңди ошол чайканадагы бир бөлмөдө жатып эмгектенишкен. Булак: NazarNews.kg

0 1574

Өмүрбек Бабановдун тагдырына Руслан Казакбаев балта чабат...

14-январь 2019, 15:21 Жазгүл Урманбетова

Руслан Казакбаев деген Өмүрбек Бабановдун “бөрк ал десе баш алган” желдети” бар. Акаев учурунда Тышкы иштер министрлигинин чет элге виза берүүчү бөлүмүн жетектеп, ал жерди өзүнүн жеке менчик туристтик компаниясындай пайдаланып оңбогондой олжого туйтунган, деп жазат Jele.kg.  Кийин капитал топтогон соң жердеши Бабановдун “этегине эрмешип” чоң саясаттын даамын татып депутат болгон. Ушул эргул кийинки кезде, өзүнүн мээ чөйчөгүн “полный отключение» ...

0 262

Канат Осмонов: “Биздин уюм эмгекчилерди коргоо эмес эле кордоо уюмуна айланып баратат

14-январь 2019, 15:05 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн, 14-январда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мүчөсү жана Кыргызстан токой тармактагы кызматкерлер профсоюзунун төрагасы Канат Осмонов маалымат жыйынын өткөрдү. Анын алкагында Канат Осмонов Кыргыз Республикасынын профсоюз федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун бир катар мыйзамсыз иштери боюнча жана профсоюздар федерациясынын башкы штабындагы акыбалы тууралуу маалымат берди. Канат Осмонов маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстан профсоюздар федерациясына көңүл буруп коюшуна Президент, Өкмөт жана Жогорку Кеңешке кайрылды. Анын айтымында, аталган ...

0 893

Каныбек Осмоналиев: “Президенттен бир кадам оңго же солго баса албаган өкмөттөн эмнени күтсө болот?”

14-январь 2019, 18:27 Жазгүл Урманбетова

NazarNews.kg маалымат агенттиги коомчулукта  өкмөттүн ишине алымсынбагандар күндөн-күнгө көбөйө баштаганын эске алып,  профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиевди кепке тарттык. Өкмөттүн чабалдыгы боюнча айрым суроолорго жооп алууга аракет кылдык. -Каныбек агай, өкмөт неден аксап жатат? Эмнеге чабал болуп жатат? -Бул суроонун актуалдуулугу Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эле курч болуп келүүдө. Президенттин ыйгарым укуктуулугу Баш мыйзамда абдан айлакерлик менен жазылып калган. Эч нерсеге жооп бербей ...

0 338

Иранда Манас аэропортунан учуп чыккан учак кырсыкка учурады

14-январь 2019, 16:59 Жазгүл Урманбетова

Бүгүн Бишкектин Манас эл аралык аэропортунан 7:16да учуп кеткен Иранга таандык "Boeing 707" учагы Иранда кулап түштү. Курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу азырынча так маалымат жок.  Бирок, түрдүү булактардын бири-бирине кошпогон маалыматтар тарап жатат. Маселен, бири бортто тогуз киши болгон десе, экинчиси курмандыктардын санын 16 деп жатышат.  Булак: NazarNews.kg

0 240

Ротациянын пайдасынан кесепети көбүрөөк тийип калышы мүмкүнбү?

14-январь 2019, 14:25 Жазгүл Урманбетова

Өкмөттө президенттин былтыркы демилгесин ишке  ашыруу максатында ротациянын күңгөй-тескейин талкуулап жатышат. Чынында ротациянын президент айткандай колдоого аларлык да жагы бар. Ошол эле учурда анын кесепети да болуп калышы ыктымал. Анткени, кыргыз чиновниктери табиятынан кошоматчылардын  тилине киргенге маш. Кошоматчылардын таасирине бат эле арбалып калчу чиновниктерди эске алсак, ротациянын зарылчылыгы деле жок окшойт деген ойго кептелесиң. Анткени, кошоматчылар жетекчини эч качан жакшы жакка ...

0 449

Баркыңды билбегенге кор болгончо...

14-январь 2019, 14:21 Жазгүл Урманбетова

Акыркы кездерде “кысканган сүннөт” деген сөздү бетке кармап, жөн жерден аялдарын кызганып, ишке чыгарбай да коюп жатышат. Бул эми ашыкча кеткендик экенине баам салсак болот. Ооба, ар нерсенин чеги менен болгону артык, бирок чектен сырт кыскана бергенден ишеним кетет анан болбогон нерсе үчүн уруш чыгып, бири-бирине карата болгон кадыр барктын кеткенине жол ачылат. Жакында кызганычтын айынан жөн жерден наристе каза болуп, ...

0 393

Грузиянын президентинен үлгү алсак болмок

14-январь 2019, 14:08 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз чиновниктери чоң айлык алганы аз келгенсип, коррупциялык схемаларды ишке киргизишет. Ал жетпей жаткансып, алган ири суммадагы судаларды да кечтирип жиберишет. Кечээ жакында шайланган  Грузиянын  президенти Саломе Зурабишвили  мамлекеттин эсебинен жан баккандарга  үлгү болуп, айлыгынан баш тартты. Кыргызстандагы чиновниктер болсо жеп-ичкени аз келгенсип, персоналдык пенсионер болуп, чоң суммадагы пенсия алышат. Башкача айтканда, мамлекеттин эптеп-септеп тапкан бюджети жардылардын аз-маз айлыгын, пенсия, пособиесин эске албаганда ...

0 517

Кулап түшкөн самолеттун учкучтары аман-эсен

14-январь 2019, 13:54 Жазгүл Урманбетова

Иранда 14-январда кулап түшкөн жүк ташуучу "Boeing 707" учагы Кыргызстандын "Манас" эл аралык аэропортунан учуп чыккан. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты. Учак дүйшөмбүдө эртең менен саат 7:16да учуп кеткен. Ал Тегеранга жакын жердеги "Пайам" аэропортуна конушу керек болчу. "Reuters" агенттиги Ирандын мамлекеттик телеканалына таянып кабарлагандай, бортто тогуз киши болгон. Түрдүү маалымат булактары курмандыктардын саны 9дан 16 кишиге чейин экенин жазып жатышат. Жергиликтүү ...

0 1432

Курсан Асановдун таянганы ким?

14-январь 2019, 16:10 Жазгүл Урманбетова

Кээ бир басылмаларда Курсан Асановго да тийишип чыгышты “сегиз жылдан бери, бир креслону кучактап бербей олтурат, шымы деле жыртылып бүттү го” деп. Айкандай элге эч нерсе жакпайт, бир орунда олтурса да, улам иш ордун которсо да кеп кылып чыккан адатка айланды. Бирок, бир орундан жылбай, бир кызматты аркалаган союз тараганы болгон эмес.  Ал эми Курсан Асановдун жылбай олтурганынан шек алгандар “таянганы ...

0 4057

Экс-министр Молдомуса Конгантиевди сагынгандар бар экен!

14-январь 2019, 18:30 Жазгүл Урманбетова

Тээ Бакиевдин учурунда министр болуп, тартип сакчыларын колго алып, алардын талабына жооп бергендей иштерди аткарган Молдомуса Конгантиев мырзаны, тартип сакчылары берилүү менен мактап “анын учурунда тартип орноп, иш да алдыга жылган” деп ооздору толо жагымдуу сөздөрдү айтышты. Айткандай, "жакшы кишинин артынан, дайыма жакшы сөз ээрчийт” деп бекер айтылып калбаса керек. Молдомуса мырзанын жасап кеткен иштери эсте калган үчүн анын дарегине карата ...

0 7983

Чубак ажы эмнеге ачууланды?

14-январь 2019, 11:42 Жазгүл Урманбетова

Дин аалымы, белгилүу Чубак ажы Жалилов Базар -Коргонго өз иштери менен барып калып, алдынан чыккан капкара паранжы кийип алган жаш келинди токтотуп алып катуу урушту: -Сен эмнеге динге көө сүйкөп, паранжы тагынып алдың. Курандын кайсы жеринде “паранжы кийип жүзүңдү жап” деген жери бар. “Паранжы жамынганга дин да ширят да жол бербейт” деп катуу ачууланды. Чын эле паранжы жамынган динге көлөкө түшүргөн ...

14-январь 2019, 11:42 | 7983
0 1006

Экс-президент Роза Отунбаева: "Азимжан Аскаровдун соттук ишине кийлигишсем, өлкөдө жаңжал чыкмак"

12-январь 2019, 18:35 Жазгүл Урманбетова

Мурунку тышкы иштер министри, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева "Евразиянет" интернет басылмасына интервью берди. Анын саясатка келиши 2010-жылдын жана андан кийинки 20 айына туш келди. Убактылуу Өкмөткө келген президенттин моюнуна оор иш туш келди. Кыргызстанды бутуна тургузуу үчүн ал бардык күчүн жумшаган айым болду. Өткөн жумада ал Нью-Йоркто Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн майрамдоо үчүн  Колумбия университетиндеги  Гарриман институтунда болгон. Ал жерде  Евразианет басылмасы ...

0 500

Түрк жарандары жасалма паспорт менен Казакстан аркылуу өтүүгө аракет кылышкан

12-январь 2019, 17:48 Жазгүл Урманбетова

 11-январда “Ак-жол” өткөрүү пунктунан Түркиянын үч жараны жасалма паспорттор менен Кыргызстандан Казакстанга өтүп кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, Түркиянын жарандары чек ара көзөмөлүнөн өтүп жатышканда атайын кызматтык паспортун көрсөтүшкөн. Текшерүүдө паспорт жасалма экендиги аныкталган. “Түркиянын жарандарын дыкат текшерүүгө алганда, алар Кыргызстанга жасалма документтер менен келгендиги аныкталды. Мындан тышкары өлкөдөн башка жасалма паспорт менен ...

0 979

Чириген картошкалар министрдин кабинетине чейин кирди

12-январь 2019, 17:21 Жазгүл Урманбетова

Кайран гана эмгек, талаада калып, кейиштүү үшкүрүктү пайда кылды. Жазында, айыл чарба министири Нурбек Мурашев оозу мурду кыйшайбай туруп, дыйкандарга убада кылган эле “күзүндө картошканын баасы өсүп, жакшы кирешеге маарыйсыңар” деп. Ишенчээк ак көңүл эл, министр деген абройлуу атка татыктуу, мамлекеттин өкүлү айткан сөзгө ишенип, кургандар картошканы колдорунан келишинче көп айдап алышып, азыр сата албай убара болуп, көңүлдөрү эч нерсени ...

0 297

ЖКнын депутаты Махабат Мавлянова Ноокат районунун бир нече айылдарынын тургундары менен жолугуп, бата алды

12-январь 2019, 16:54 Жазгүл Урманбетова

Депутат айым өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасында Ош жергесине барганын жазды. Эл өкүлү шайлоочулар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрү менен тааныш. Мен Ноокат районубуздун шайлоочулары менен жайкы_жолугуушумда, бир нече жылуулук системасы эскирип иштебей калган соц объектилерди көрүп келгенден кийин республикалык бюджеттен акча бөлдүрүп берүү үчүн аракет жасагам. кубанычтуу кабарыбыз менен бөлүшө кетсек! Бүгүнкү күнү акча бөлүнүп, жылытуу системасы орнотулуп жаткан объектилер төмөнкүлөр; Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу №17 үй ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 573

Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басары дайындалды

12-январь 2019, 16:17 Жазгүл Урманбетова

Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басары дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта, Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басары болуп Эрлан Атантаев дайындалды. Эскерте кетсек, Эрлан Атантаев буга чейин Патрулдук милиция башкармалыгында жетекчинин орун басары, Ысык-Көл ОИИБнын башчысынын орун басары кызматында иштеп келген. Булак: NazarNews.kg

0 521

Өлкөгө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Индиянын премьер-министр Нарендра Модинин расмий сапары менен келишет

12-январь 2019, 15:30 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанга Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Индиянын премьер-министр Нарендра Модинин келүүсү күтүлүп жатат. Бул тууралуу КР президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Си Цзиньпин мамлекеттик, ал эми Моди иш сапар менен келмекчи. Визиттер июнь айында өтө турган ШКУ саммитинин алкагында уюштурулууда. Булак: NazarNews.kg

0 655

Айдоочулук күбөлүк жаңыланды

12-январь 2019, 15:34 Жазгүл Урманбетова

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн болбогон жогорку сапаттагы пластиктен жасалат. Бул Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктүн төртүнчү мууну. Анын 10 жыл колдонуу пландаштырылган. Бул туурасында транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча атайы бланкалык продукцияны, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү киргизүү боюнча өткөн жыйында айтылды.  Белгилей кетсек, учурдагы айдоочулардын күбөлүгү мөөнөтү бүткүчө жарактуу, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат. Айдоочулук күбөлүктү жана атайы бланкалык ...

12-январь 2019, 15:34 | 655
0 286

Ысык-Көл: Христиандардын көрүстөндөрүн бузгандар изделип жатат

12-январь 2019, 14:54 Жазгүл Урманбетова

Ысык-Көлдө христиандардын көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалагандарды милиция издеп жатат. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов билдирди. 11-январда саат 20.30дар чамасында Ананьево айылдык милиция пунктуна жергиликтүү тургундардан маалымат түшүп, христиандардын көрүстөнүндөгү эстеликтердин талкалаганы кабарланган. Социалдык тармакта окуя болгон жерден сүрөттөр да жарыяланды. Баардыгы болуп 89 көрүстөн талкаланган. Эске салсак, былтыр да Көл кылаасында дал ушундай окуя болгон. Анда христан көрүстөндөрүнөн тышкары, мусулмандардын ...

0 416

Москва: "Жасалма" паспорттор менен иштеп жүргөн кыргыздар колго түштү

12-январь 2019, 14:20 Жазгүл Урманбетова

2019- жылдын 9-январында Кыргызстандын Россиядагы элчилигине Кыргыз жарандары атайын арыз менен кайрылышкан. Арызда алар иштеп жаткан компания аларды жумуштан алып ордуна жасалма кыргыз паспорту бар башка мамлекеттин жарандарын жумушка алышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Элчиликтин кызматкерлери Москванын полиция кызматкерлери менен биргеликте текшерүү учурунда жасалма кыргыз паспорту менен иштеп жүргөндөр аныкталды. Элчилик кыргыз жарандарын элчиликтен гана документ алууга үндөйт. Булак: NazarNews.kg

0 3504

Бир кыздын куну пансионатпы?

12-январь 2019, 17:38 Жазгүл Урманбетова

Иса Өмүркуловдун баласы жаш кызды сүзүп кеткени, мындан бир топ жыл мурда коомчулуктун бүйүрүн алган эле. Азыр ал иш унутулуп калса дагы, депутаттын артынан баягы эле сөздөр ээрчигени ээрчиген... Жаш кыздын өмүрүн алганы үчүн, кыздын куну катары анын атасына Иса Өмүркулов эмнени гана кылган жок. Бала үчүн кайран ата менен эне эмнеге гана барбайт. Иса мырза баласы үчүн акчасын көтөрүп чаап, тааныштарын ортого ...

12-январь 2019, 17:38 | 3504
0 677

Каптагаев калмакпы?

12-январь 2019, 13:14 Жазгүл Урманбетова

Саясат айдынында төбөсү көрүнүп, билерман аталган Эмил Каптагаевди калмак деп чыккандар да бар. Ооба, билебиз, тээ илгертен кытай менен калмак кыргыздын душманы болуп келгенин. Бирок азыр мезгил өзгөрүп, жашоо шаңы башка нукка бурулду. Бизди калмакпы же кытайбы главный акчасы болсо болду, башкара берген бул адат болгон. Бирок Каптагаев калмак болгону менен жакшы адам экенин билебиз, бир жаман жери каны баары бир ...

12-январь 2019, 13:14 | 677
0 319

Жаңы конуштардын жолу оңолот дейби?

12-январь 2019, 13:21 Жазгүл Урманбетова

Уккан кулак ишенбей турат. Кечээ жакшы жаңылык угулду, “Быйыл борбор шаарыбызды курчаган 47 жаңы конуштун жолдору оңолот”деген. Бул жакшы жышаан, бирок жолду оңдогондор сом менен эмес доллар менен жеп, жолго бөлүнгөн акча чачырап кетип сапатсыз жолдор салынып калчу эле. Анан чоңдор эмес, замдары сурак берип, бир шылтоо табылып, башчылар аппак болуп чыга  калганы адатка айланбадыбы? Быйылкы жылы оңдоло турган жолдон ...

0 654

Чиновниктер  эмес, Чубак ажы кадырлуубу?

12-январь 2019, 12:20 Жазгүл Урманбетова

Белгилүү аалым, өзүнүн чет элден алган билими менен көпчүлүккө кадыры сиңген, айтылуу Чубак ажы Жалилов калыс сүйлөгөн сөзү менен жаамы журтка тез алынып, жакшы сапатын көргөзө алды. Учурда бир гана акчаны ойлоп, көпчүлүк эл көр оокат менен алп урушуп, чоңдор коррупцияга берилип, элге көңүл бурбай калганда карапайым эл руханий жактан аксап, кыйналып турган кезде Чубак ажы Жалилов өзүнүн таасын айткан кептери ...

0 292

Музаффардын крышасы...

12-январь 2019, 11:14 Жазгүл Урманбетова

Жогорку кеңештин жакында эле мандатын тапшырган депутаты, ага чейин Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүн жетектеп турган Музаффар  Исаков, мамлекетке тиешелүү жер тилкелерин соодалап жибергендиги боюнча айыпталып, 7 жылга шарттуу кесилди. Ага карата жеңил жаза берилип калгандыгы боюнча бир топ нааразы пикирлер айтылууда. Жалал-Абаддык укук коргоочу Анарбай Орозов, Сузак району чыгарган өкүмгө нааразы экенин билдирип, облустук сотко даттанаарын билдирди. Тоок уурдаганга 9 ...

12-январь 2019, 11:14 | 292
0 301

Жол кире 12 сом болобу...

11-январь 2019, 18:26 Жазгүл Урманбетова

Бишкек шаардык мэриясы маршруттук унаалардагы жол кире акысын 12 сомго көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Максим Ситников кабарлады. Маалыматта, аталган демилгени эми шаардык кеңеш карап чыгышы керектиги айтылат.  Маршруттук унаанын айдоочулары  мындан сырткары да, экинчи катардан кайрылып, жүргүнчүлөрдү каалаган жерден алып, түшүрүүнү да суранышканын вице-мэр билдирди. Булак: NazarNews.kg

11-январь 2019, 18:26 | 301
0 323

Мигранттын баласын жеңеси өлтүрдү

11-январь 2019, 17:09 Жазгүл Урманбетова

Ош облустук балдар ооруканасына 2019-жылдын 10-январь күнү, болжол менен саат 15.00 чамасында Ош шаарынын тургуну 2016-жылдын 2-сентябрында туулган жаш наристе келип түшкөн, ал абасы (баланын атасынын агасы) тарабынан жеткирилген. Врачтар баланы кароо учурунда бала ооруканага чейин эле каза болуп калгандыгын кабар беришкен. Баланын ѳлүмү тууралуу ак халатчандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына да маалымдашкан. Ош ШИИБнын атайын ыкчам- иликтѳѳ тобу тарабынан бул ...

0 1449

Исхак Масалиев Өмүрбек Текебаев тууралуу үн катты

11-январь 2019, 16:20 Жазгүл Урманбетова

Президент ырайым көрсөткөн жок деп абакта жаткан Өмүрбек Текебаев тууралуу ар кыл пикирлерди саясатчылар активдүү жазып жатышат. Анын арасында ЖКнын депутаты Исхак Масалиев өзүнүн Фейсбук баракчасында төмөнкүчө билдирди: - Текебаев тууралуу. Роза Исаковна жана фракциялардын лидерлери президентке кайрылуу жазышканы үчүн азаматтар, “ жаман” президент баш тартты. Негизи ушундай. Бирок… мыйзам боюнча соттолгон “эрежеге ылайык” өзү кайрылыш керек. Текебаев кайрылуу жазгандан такыр баш ...

0 1042

Депутат Дастан Бекешов кимдин заказын аткарат?

11-январь 2019, 14:33 Жазгүл Урманбетова

Интернет айдыңында Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес эл аралык уюмдардын жемин талашкан Дастан Бекешов деген макала чыкты. Жогорку Кеңеште Дастан Бекешов аттуу депутат бар экенин билет эмеспизби? Ошол депутат 2018-жылдын августунда КР өкмөтүнө ««Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күндүк мөөнөттөгү визасыз режим киргизүү боюнча» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору киргизилгени маалым. Бул мыйзам долбоору Кыргызстандын территориясына визасыз кире турган өлкөлөрдүн тизмесин ...

0 384

«Ош базары» соода комплесинин жетекчилиги "колу туткактар" менен күрөшүүнүн амалын тапты

11-январь 2019, 14:05 Жазгүл Урманбетова

Ош базарынын аймагында соодагерлер менен кардарларды чөнтөк уурулардан сактоо милдетин жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери аткарышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «Ош базары» соода комплесинин жетекчилиги фирма менен сүйлөштү. «Ленин акимчилиги жума сайын базардын аймагында соодаларды уюштуруу боюнча иш алып барууда. Муниципалдык администрация менен күзөт агенттиги биргелешип иш алып баруунун алкагында, базардын адамдар өтө турган жолдору таштандыдан арылды», -дейт маалыматта. Булак: ...

0 208

Ооганчынын атын жамынгандардын саны - 73тү түзөт

11-январь 2019, 13:26 Жазгүл Урманбетова

Бир жыл ичинде "ооганчы" деген атты жамынып жүргөн дагы 73 киши аныкталган. Аскердик прокуратуранын маалыматы боюнча, алардын мамлекетке тийгизген зыяны 24 млн. сомду түзгөн, - деп жазат "Азаттык". Дооматка кабылган адамдардын өздөрү комиссиянын тыянагы эртелей жарыяланып, "жалган ооганчылар" деп бир жактуу аныктама берилгенине нааразы. УКМКнын, ИИМдин, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы), ооганчы-ардагерлердин өкүлдөрү кирген мекеме ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 229

Ысык-Көл району: Жаңы күчүнө кирген мыйзамдардан улам, талаш-тартыштар көбөйдү

11-январь 2019, 12:51 Жазгүл Урманбетова

 Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын сот-укуктук реформанын алкагында 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген тартип бузуулар жөнүндө, Пробация жөнүндө Кодекстерин талкуулоо болду. Талкулоого Ысык-Көл районунун аймагындагы укук коргоо органдары, МАИ кызматкерлери, сот өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештер менен бекитилген Бузуулар жөнүндө иштерди кароо коммиссияларынын мүчөлөрү жана Бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары, мамлекеттик, ...

0 187

Жогорку Кеңеш элчилердин кандидатурасын карайт

11-январь 2019, 12:42 Жазгүл Урманбетова

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 15-январдагы жыйынында АКШга, Россияга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчилерди дайындоо маселесин карайт.  Массалык маалыматтарга чыккан материалдарга ишенсек, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулова, Россиядагы элчи кызматына Аликбек Жекшенкулов, Түштүк Кореядагы элчиликтин жетекчилигине Динара Кемелова жана АКШдагы элчи кызматына Болот Отунбаевдин талапкерлиги каралууда. Белгилей кетсек, Кемелова учурда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары болсо, Болот ...

0 195

Мэрия: "Маршруттук транспорттун баасы анализ жүргүзгөндөн кийин гана көтөрүлөт"

11-январь 2019, 12:37 Жазгүл Урманбетова

Маршруттук таксилер жүрбөй калса, борбор калаадагы калктын орто катмарына бир катар оордук жаратаары айтпаса да белгилүү. Таң эрте жумушка, окууга баруу үчүн аялдамага чыккан жарандарга, студенттерге, жөнөкөй карпайым элге кыйынчылык туудурат. Бишкектин тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз өкүлү Гуля Алмамбетова кабарлады "Азаттыкка". - Биз азыркы учурда күйүүчү майдын жана транспорттун тетиктеринин баасы өсүп жатканын көрүүдөбүз. Бирок маршруттук ...

0 603

Кытай Кыргызстандын мамлекеттик долбоорлоруна $2,1 млрд. кайтарымсыз каражат берген

11-январь 2019, 11:49 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстанда кытайлык инвесторлордун 397 ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары бар. Бул тууралуу  Кубатбек Боронов өлкө аймагындагы Кытай жарандарына байланыштуу абалга түшүндүрмө берип жатып билдирди. - Кытай башкы инвесторлорубуздун бири болуп саналат. Кытай инвестициялаган ири ишканалардан түшкөн салыктын көлөмү 2018-жылы – 3,8 млрд. сомду (2017-жылга салыштырмалуу өсүү 20%) түзгөн,- деп билдирди Кубатбек Боронов. Анын айтымында, Кытай мындан сырткары, Кыргызстандын мамлекеттик долбоорлоруна 2,1 млрд. АКШ ...

0 245

Футбол: Кыргызстан-Корея беттешет

11-январь 2019, 11:28 Жазгүл Урманбетова

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Футбол боюнча Азиянын Кубогуна арналган беттештердин бүгүн, 11-январдагы тайпалык раундунун 2-турунда 3 матч белгиленген. Бүгүнкү оюнду Дубай шаарында Палестина менен Австралиянын курама командалары башташат. Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да Абу-Даби шаарында Кытай жана Филиппин курама командалары оюн талаасына чыгышат. Бишкек убактысы бонча саат 22:00дө Аль-Айн шаарындагы стадиондо Кыргызстандын футболчулары Азия Кубогундагы экинчи беттешти Кореянын командасына ...

0 427

Президент бут кийим сатып алды

11-январь 2019, 10:54 Жазгүл Урманбетова

2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Мамлекет башчысы "чү" дегенде эле, Чүй облусунун Сокулук районунан баштады. Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушууда 2019-жылды "Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылы деп жарыялады. Президент санариптештирүү боюнча коңшу өлкөлөрдөн артта калып жатканыбызды билдирди. Бирок, бул жаатта тынымсыз иш алып бараарын билдирди.  2018-жылды «Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялаганын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун тургундарынын жолдорду, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди ...

0 457

Президенттин шайлоо штабынын материалдары боюнча тергөө иши жыйынтыкталды

11-январь 2019, 10:44 Жазгүл Урманбетова

2018-жылдын 27-ноябрында Нурбек Токтакуновдун “Фейсбук” социалдык тармакка Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча билдирүүсү жарык көргөн. Билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн алдын ала тергөө иши жыйынтыкталды. “Тергөө ишинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, республиканын шаардык, облустук жана райондук шайлоо штабдарынын башчылары жана кызматкерлери суралган. Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүлү Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу Кыргыз ...

0 259

Болот Отунбаевдин кандидатурасы АКШ жана Канада элчилик кызматына көрсөтүлдү

10-январь 2019, 18:47 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев АКШга жана Канадага элчиликке көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Маалыматка ылайык, ЖКнын профилдик комитети Отунбаевдин талапкерлигин карайт. Эске салсак, Болот Отунбаев Россиядагы Кыргызстандын элчиси кызматында 2016-жылдан бери иштеп келген, анын ордуна Аликбек Жекшенкулов сунушталууда. Булак: NazarNews.kg

0 1130

Түштүк магистралда туура эмес төшөлгөн тратуарга 55 миллион сом жумшалган

10-январь 2019, 18:05 Жазгүл Урманбетова

Токтоналиев жана Түштүк магистралдын кесилишиндеги велосепед жолунун кээ бир жерлери бузулууда. Өткөн жылы Түштүк магистралда жөө өтүүчү аймакты курушкан. Жолдун жалпы узундугу 7,2 чакырымды түзөт жана жарык, отургучтар, таштанды урнасы, эки аялдама комплекси орнотулган. Мындан тышкары велосипед тебүүчү жол да жайгашкан. Буга шаардык бюджеттен жалпы 55 миллион сом жумшалган. Аталган жайда курулуш иштери аяктагандыгы тууралуу мэрия билдирген. Мэрия аталган тратуарды кайра калыбына келтирээрин ...

0 2701

ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевдин уулун сабап кетишти...

10-январь 2019, 19:10 Жазгүл Урманбетова

"Түндүк" Бажысынын мурунку башчынын орун басарын мурда бажыда иштеп кеткен кызматкери сабап салды. Ал болсо мурунку ИИМдин экс-министри Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил экени белгилүү болду. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты. Белгилүү болгондой, окуя өткөн жылдын 27-декабрында Лебединовкадагы кафелеринде орун алган. Белгисиз адамдар "Түндүк" бажысынын орун басары Автандил Конгантиевге кол салган. Натыйжада Конгантиевдин кабыргасы жана бет жаагы сынган. Кол салгандардын арасында, такталбаган ...

0 324

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчиcи кызматына сунушталды

10-январь 2019, 17:39 Жазгүл Урманбетова

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Россиядагы элчи кызматына көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен маалымдашты. Мындан ары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Жекшенкуловдун талапкерлигин аталган кызматка карайт. Жекшенкулов өзү бул маселе боюнча комментарий берген жок. "Баардыгы экинчи күнү билинет, азырынча эч нерсе айта албайм", — деди ал. Эске салсак, Аликбек Жекшенкулов буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп иштеген. Ал эми 2005-2007-жылдары Тышкы иштер министрлигин башкарган. Жекшенкулов ...

0 454

Өмүрбек Текебаевге ырайым берилбейт

10-январь 2019, 17:28 Жазгүл Урманбетова

Президент аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын катчысы Кырккелди Кыдырбаев массалык маалымат каражаттарына билдирди. Ал мындай чечимди Текебаев өзү арыз жазбаганы үчүн кароого негиз жана предмет жок экендиги менен түшүндүрдү. 25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. “Мунапыстын жалпы принциптери жана ...

0 1526

Сатыбалдиевдин соодасы бүттү көрүнөт

11-январь 2019, 12:58 Жазгүл Урманбетова

Калтардай буйт берип, акчанын күчу менен өкмөт башчылык кызматка чейин жеткен Жантөрө Сатыбалдыевдин соодасы бүтүп, жашоо сапарындагы оюндап четтеп турган кези. Ушул күн келээрин билгенде беш колду эмес, манжанын учун эле колдонуп, ач көздүккө берилбесе, курган киши жашоо шаңын күлүп жайнап өткөрүп жүрөт беле ким билет? Кайран гана көр дүнүйө, кимди гана азгырбайт.  Курган жан ай, ачкөздүккө берилген Акаев менен Бакиевден ...

0 1828

Милициянын подполковнигин атып кетишти

10-январь 2019, 16:13 Жазгүл Урманбетова

Милициянын подполковниги, Нарын облустук  ИИББсинин улук опери Касымалиев Күнболотту 9-январдын түнү өлтүрүп кетишкени ЖМКлар жазып чыгышты. Маркумду кечээ түндө  Бишкектеги туугандарынын үйүнөн тааныштары чакырып кетишкен. Окуянын чоо жайы кандайча болгону тууралуу азырынча такталып жатат. Учурда Касымалиевди өлтүрүүгө шектүү катары милицияда мурун иштеп кетишкен эки шектүү кармалып, сурак берип жатышат. Колго түшкөндөрдүн арасында бир адам мурун түрмөгө олтуруп чыкканы далилденди. Ал 37 жашта эле. Анын сөөгү ...

0 941

Урмат Акунов, активист: "Бүгүнкү күнгө чейин Дача Судагы жабыркагандар жана биздин үй-бүлө акыйкаттыкты, чындыкты күтүп келебиз"

10-январь 2019, 14:53 Жазгүл Урманбетова

Алмазбек Атамбаев акты кара кылып, караны ак кылып, бурмалап, адам укуктарын тебелеп, акыйкат чындыкты чыркыратып тебелеп, эл үнүн укпастан, элирип, өзүм билемдигин жогору коюп келген. Дүйнөгө аты таанылган аэропорт "Манастын" жанына Дача Су конушуна ээси жок самолет кулап, бүгүнкү күндө канчалаган балдар ата-энелер айрылып, эч нерсени көрбөгөн балдар уйкудан ойгонбостон, оо дүйнөгө сапар алганы,  Атамбаев мамлекет башчысы катары, элдин атасы катары көңүл ...

0 387

Атамбаевдин күйөө баласы Футбол Федерациясынын башчылыгынан кетти

10-январь 2019, 14:01 Жазгүл Урманбетова

Кыргызстандын Футбол Федерациясы бүгүн экс-президенттин күйөө баласы Семетей Султанов аталган федерациянын президенттигинен өз каалоосу боюнча кетти. Бул маалыматты аталган федерациясынан билдиришти. «Мен бул чечимге көптөн бери ойлонуп, жыйынтык чыгардым. Учурда Азия Кубогу болуп жаткан чакта мен ушул чечимди кабыл алдым.Биздин жамаат Азия Кубогуна чыгууга укук алсак, ушундай болот деп мурдатан эле чечип койгонбуз. Бул ишке ашты. Эми мен кыргыз футболу ишенимдүү алдыга жылды деп ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 863

Атамбаевдин сунушу менен Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткен

10-январь 2019, 13:08 Жазгүл Урманбетова

Алмазбек Атамбаевдин Шайлоо штабынын эсепчиси Надира Сатыгул кызы өлкөдөн чыгып кеткенин алгачкы жолу “Апрель” каналындагы маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев билдирген. Кийин ал коопсуздугунан чочулганы үчүн ушундай кадамга барганын КСДПнын өкүлдөрү да ырастап, бирок кайсы өлкөгө кеткенин айтышкан эмес. Шаршемби күнү экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январда Индияга эс алууга барары белгилүү болгон. Кундуз Жолдубаева ал партиялык иштерден улам кыска мөөнөткө эс алууга барып ...

0 3104

Алмакан Бекова, парапсихолог: "Паспортуңарда эмне үчүн "кыргыз" деген улутуңар жоголгонунун түпкү тамыры..."

10-январь 2019, 12:54 Жазгүл Урманбетова

NazarNews.kg маалымат агенттигине белгилүү парапсихолог Алмакан Бекова жакында эле Орусиянын Москва шаарына барып келген. Кыргыз неберелеринин  жаркын келечегине кайдыгер карабаган инсандын бул тууралуу толук оюн берүүнү туура көрдүк. - Жакында эле Москвага барып келдиңиз, эмне максат менен бардыңыз? - Биринчиден көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, Кудай буйруса менин небере, чебере, кыбыра, тыбыраларымдын жашоосу жакшы болот экен деп, сүйүнүп, ушул иштин артынан жүрөм. Бул сөз ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83