www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурайым Рысмамбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (142)

0 343

“Инфоком” мамлекеттик номерлерге тендер жарыялады

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” ишканасы автоунаа номерлерин жасоого каражаттарын сатып алууга тендер жарыялады. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиргендей, сатып алууга каралган акча  64 424 800 сомду түзөт. Сынакка арыз берүү 2019-жылдын 25-июнуна чейин болот. 2016-жылдын 1-июнунан тартып “Инфоком” ишканасы жаңы үлгүдөгү мамлекеттик номерлерди чыгаруу өткөн.   Булак:NazarNews.kg

0 188

АУДИО - Япония менен Орусия салттуу эмес коркутуулар туурасында сүйлөштү

Япония жана Орусия ядердик куралдарды таратпоо, андан тышкары салттуу эмес коркунуч боюнча кызматташууну улантууну сүйлөшкөндүгүн Жапониянын Тышкы иштер министри Таро Коно билдирди. Эки өлкөнүн дипломаттиялык жана коргонуу мекемелеринин башчылары "2+2" форматында жолугушкан. “Биз салттуу эмес коркутууларга каршы туруу жаатында, аймактык жана эл аралык коопсуздукта ядердик куралданууну жайылтпоо маселелерин талкуулоону улантабыз. Мындан ары да Орусия менен Япониянын эл аралык деңгээлде ...

0 252

АУДИО - Новопавловкадагы “эң майлуу” мектепке жаңы директор келди

Аудиофайл 30-май 2019, 16:54 Нурайым Рысмамбетова

Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбиялык комплекс-лицейинин директору болуп Умралиева Самаркүл Кыдырмаевна дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Буга чейин директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Элнура Музаева дайындалган. Бирок мугалимдер кабыл албай, ал кайра кетүүгө аргасыз болгон. Жаңы директорду жамаатка тааныштыруу үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Максат Молдалиева келди. ...

0 85

Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган. Аталган ...

0 171

Ошто медресенин окуучусу 8-класс балага бычак сайды

Ош шаардык ооруканасынын алган жаратынан каза болгон 8-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалымат боюнча, 15 жаштагы Самат Акматов теңтушун бычак менен сайып жиберген. “Шектүүнү кармадык. Анын айтымында, ал медреседе окуйт. Болжолдуу маалыматтарга караганда, экөө мектептин айланасында айтыша кеткен. Урушуп жатып, бири экинчисин курч нерсе менен сайып жиберген. Иликтөө иштери жүрүүдө”, - деп айтты ИИБ.

0 888

АУДИО - Азиз Батукаевдин иши боюнча прокурор кармалды

Аудиофайл 30-май 2019, 15:00 Нурайым Рысмамбетова

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча прокурор кармалды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, кармалган прокурор мурда спецпрокуратурада иштеген. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карап үй камагына чечим чыгарды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, кармалган прокурор Нарын облустук прокуратурада иштейт. Азырынча бул маалыматты ИИМ менен Башкы прокуратура тастыктай элек. Булак:NazarNews.kg

0 1206

Жеңишбек Жумакадыр: «Тойдун сценарийин баштан-аяк өзүм жаздым…»

Ак таңдай акындардын алпы, сөз багып, кыргыздын каадасын, наркын даңазалып жүргөн инсан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр тун кызы Кереметти турмуш жолуна узатып, күйөө балалуу болду. Сезилип дүйнө башкача, Сезимдер толкуйт таптаза. Сүйүнтсүн эки баламды, Сиздердин берген ак бата. Күмөнү жок сүйүнүп, Күйөө балам ийилип. Кан кудаң турса жылмайып, Кандай сонун, тирүүлүк! Эки кудагый жанашып, Элечек башта жарашып. Кубаныч ...

0 205

АУДИО - Кыргызстан түрмөлөрүндө кирпич чыга баштады

Аудиофайл 30-май 2019, 14:58 Нурайым Рысмамбетова

Беловодскиде жайгашкан №16 түзөтүү колониясында чийки кирпич чыга баштаганы маалым болду. ЖАМКнын берген маалыматына караганда, бул атайын демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашкан. Апрель айында ишке кирген абактагы ишканада, ачылгандан бери 700 миң кирпич өндүрүлүп, анын 450сү сатылып кеткен. Ошондо болжол менен бир күндө 40 миң кирпич өндүрүлүүдө. Бир кирпичтин баасы 5,5 сом болууда.  Учурда 120 жазасын өтөп жаткан адам ...

0 307

АУДИО - ФОТО - Эмомали Рахмондун үйүнө дагы бир Эмомали Рахмон келди

Аудиофайл 30-май 2019, 12:56 Нурайым Рысмамбетова

Тажик президенти Эмомали Рахмондун улуу баласы  - Рустам Эмомали бир канча күн мурда уулду болуп, наристенин ысымын чоң атасынын атынан Эмомали деп коюшту. “Муну менен Тажик президенти хан тактысын  түбөлүк менчиктештирип 20 жылдан кийинки Эмомали Рахмондун келишине даярдыктарды көрүп жаткан жокпу?”- деген суроо туулбай койбойт. Дүйшөнбү шаарынын мэри, 31 жаштагы Рустам Рахмондун  экинчи уулу. Анын улуу баласынын аты – Анушервон. Тажикстандын ...

0 1730

АУДИО - Депутат: Премьер-министрдин кайын эжеси министрликти көмүскө тейлөөдө

Аудиофайл 30-май 2019, 12:29 Нурайым Рысмамбетова

Азиз Батукаевдин иши боюнча камалган дарыгерлерди коргоо митингинин артында Мухаммедкалый Абылгазиевдин кайын эжеси “Эргене” фондунун башчысы Таалайгүл Сабырбекова турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Евгения Строкова билдирди. Анын айтымында, саламаттык сактоо министрлигиндеги оптималдаштыруу системасына каршы дарыгерлердин митингинде, ошол убакта башка митингчилер камалган бирок, соттоло элек дарыгерлерди колдоп чыгышкан. “Аталган акциялардын уюштуруучуларынын бири – “Эргене” фондунун ...

0 200

АУДИО - Кыргызстандын карызы 12 миллион долларга кыскарды

Аудиофайл 30-май 2019, 11:41 Нурайым Рысмамбетова

Финансы министрлигинин маалыматында, 2019-жылдын алгачкы үч айлыгында мамлекеттик карыз 12 миллион сомго кыскаргандыгы жазылган. "Жыл башында мамлекеттик карыз 4 миллиард 464 миллион сомду түзсө, 31-март күнү бул көрсөткүч 4 миллиард 452 миллионго түштү", — деп жазылат билдирүүдө. 31-марттагы маалыматка караганда, КРдин тышкы карызы — 3 миллиард 792 миллон долларды (85 пайыз), ичкиси — 660 ...

0 713

АУДИО - Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды

Аудиофайл 30-май 2019, 11:27 Нурайым Рысмамбетова

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тыңшоочу аппарат тууралуу маалыматы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы билдирди. Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы аталган маалыматты КРнын ККне “Жеке адамдын кол тийбестигин бузуу”, “ Жазышуунун сыры” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”  беренелери менен каттаган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, болуп өткөн окуянын ...

0 199

АУДИО - Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн жаңы курамына кол койду

Аудиофайл 30-май 2019, 11:00 Нурайым Рысмамбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри, Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри, Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Булак:NazarNews.kg

0 283

АУДИО - Михаил Саакашвили Украинага кайтып келди

Аудиофайл 30-май 2019, 10:28 Нурайым Рысмамбетова

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили 29-майда Украинага кайтып келди. Аны түмөндөгөн адамдар «Миша!» деп ураан чакырып тосуп алды. Украинанын президенти Владимир Зеленский буйрукка кол коюу менен Саакашвилиге украин жарандыгын кайтарып берди. Мамлекеттик чек ара кызматы болсо Одесса облусунун экс-губернаторунун өлкөгө киришине тоскоолдук болбой турганын айткан. Эске салсак, Зеленскийге жазган катта саясатчы аны ...

0 84

ФОТОРЕПОРТАЖ — Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйыны

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 28-29-майында эки күндүк иш сапары менен Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында болду. 28-майда Мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстан Республикасынын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулашты. Казакстандын тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө Келишимге кол коюунун 5 жылдыгына карата жана ошондой эле ...

0 2287

АУДИО - Раим миллион Генерал Данияр Абдыкаров менен Аслан Сартбаевди жараштырды

Аудиофайл 29-май 2019, 18:07 Нурайым Рысмамбетова

ИИМдин мурунку орун басары генерал Данияр Абдыкаров “Азия Ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаевден 10 миллион сом талап кылган соттук арызын кайтарып алды. Сартбаевдин айтымында, эки тараптын элдешүүсүнө Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку жетекчиси Райымбек Матраимовдун эмгеги чоң. “Генерал Данияр Абдыкаров намысыма жана беделиме доо кетти деген арыз менен 10 миллион сом талап кылган. Бирок ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 486

АУДИО - КСДП ЖЭБ (ТЭЦ) боюнча камалгандарды колдоп митингге чыгат

Аудиофайл 29-май 2019, 17:39 Нурайым Рысмамбетова

КСДП болжол менен 7-8-июнда митинг өткөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. “Биздин саясый туткундарыбызды колдоо иретинде тынчтык жыйналышын өткөрөбүз. Мен Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов жана башка жасалма жол менен күнөөлөр тагылгандарды айтып жатам. Бул тизмеде албетте УКМКнын 9-кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев да бар. Саясый туткундардын камалгандарына бир ...

0 111

АУДИО - “Акнеттин” мурунку кызматкерлери соттошууда

Аудиофайл 29-май 2019, 17:00 Нурайым Рысмамбетова

“Биздин “Акнетте” иштеген айлыгыбызды бербей, Руслан Абдумажитовго байланыштырып мыйзамсыз иштен айдашты. Биз анын адамдары экенбиз”, - деп билдирди бүгүнкү маалымат жыйынында “Акнеттин” мурунку коммерциялык директору Ольга Лаврова. Анын айтымында, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы “Акнетте” тинтүү иштерин жүргүзүп жатканда, ал ММКларга Абдумажитовдун арызы боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын айткан. “Андан 6 күн өткөндөн кийин, ...

0 92

Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында оор турмуштык кырдаалга кабылган балдардын электрондук базасы түзүлдү. Демилге Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын тапшырмасы менен ишке ашырылды. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү Маалыматтар базасы Кыргыз Республикасындагы БУУ Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосу менен иштелип чыкты. Балдарды коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан чараларга карабастан, балдарга карата жасалган кылмыштардын санынын өсүү тенденциясы сакталууда жана балдар ...

0 298

АУДИО - Азимжан Аскаров милицияга Кайрылуу жөнөттү

Аудиофайл 29-май 2019, 15:58 Нурайым Рысмамбетова

2010-жылдагы Оштогу кандуу окуяларга байланыштуу өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров Базар – Коргон райондук милициясы Азизбек Өскөнбаевге кайрылуу катын жолдоду. Аскаровдун айтымында, ал милиционер Сулаймановдун өлүмүнө - эч кандай тийешеси жок. Ошондой эле ага каршы көрсөтмө берген 17 адамга куран карматып, көрсөтмөлөрүн кайра бердиртүүнү өтүнгөн. “Эгер, куран кармап, мурдагы мага каршы берген ...

0 96

АУДИО - Президент Эрдоган Азербайжанды куттуктады

Аудиофайл 29-май 2019, 15:50 Нурайым Рысмамбетова

Президент Рэжеп Тайип Эрдоган, Азербайжан Республикасын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты. Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасы Твиттерден бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Азербайжан Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгын чын дилден куттуктаймын. Дос жана боордош Азербайжан элине жана президенти Илхам Алиев тууганыма жеке өзүмдүн жана улутумдун атынан салам жолдоймун»,- деди. Президент Эрдоган ушул эле билдирүүсүн Азербайжан түркчөсү менен да бөлүштү.

0 132

АУДИО - Өкмөттүн курамы жаңы төрт министрге толукталды

Аудиофайл 29-май 2019, 15:00 Нурайым Рысмамбетова

Бүгүн, 28-майда Кыргызстандын экономика министрлигине Мамлекеттик каржы көзөмөлдүн башчысы Санжар Муканбетовдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик курулуш комитети бекитти. Андан тышкары, Самат Кылжыев – Аппараттын жетекчи кызматына, Эркинбек Чодуев — Айыл-чарба министри кызматына, Дастан Догоев – Мамлекеттик маалымат технологиясы жана маалымат комитетинин төрагалыгына коюлган талапкерлиги депутаттар тарабынан бир добуштан колдоого алынды.

0 279

АУДИО - Айыл-чарба министрине талапкер, министрдин орун басары 3-курстун студенти

Аудиофайл 29-май 2019, 14:52 Нурайым Рысмамбетова

Айыл-чарба министринин орун басары, аталган министрликке өкмөт башчы тарабынан көрсөтүлгөн Эркинбек Чодуев К.И. Скрябина атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин 3-курсунун студенти экендиги белгилүү болду. Бул тууралуу парламенттин отурумунда депутат Абдыбек Дюшалиев билдирди. Абдыбек Дюшалиевдин айтымында, Чодуев министрдин орун басары болуп турганда бул тармакта эффективдүү иш алып бара албасын көрсөттү. Ал премьер-министр көрсөткөн талапкерин дагы бир ...

0 407

АУДИО - Депутаттар Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүүсүн сурады

Аудиофайл 29-май 2019, 14:03 Нурайым Рысмамбетова

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев жана Максат Сабиров, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы кызматында турууга акысы жок экендигин айтышты. “Сиздин бажаңыз жана туугандарыңыз жөнүндө ушундай маалыматтар тарап жаткан убакта, сиз ушул кызмат ордуңузда турууга акыңыз барбы?”, - деп сурады Максат Сабиров. Мухаммедкалый Абылгазиев бул суроого так жооп берген жок. Исхак Масалиев, премьер-министр ...

0 113

АУДИО - Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чакан курамындагы жыйынына катышууда

Аудиофайл 29-май 2019, 13:29 Нурайым Рысмамбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышууда. Учурашуу жана сүрөткө түшүү аземдеринен кийин ЖЕЭК Жогорку кеңешинин мүчөлөрү чакан курамда жолугушууга кетишти, анын жүрүшүндө ЖЕЭК алкагында интеграцияны мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулоо пландалууда. Андан соң мамлекет башчылары Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына кеңири курамда катышышат. Булак:NazarNews.kg

0 153

ИИМ: "Акнеттин" жетекчилиги камалды

“Акнет” ЖЧКнын ишин иликтөөнүн алкагында “Акнет” ЖЧКнын президенти А.К., “Строй сеть” ЖЧКнын башкы директору Б.Е. жана “Строй сеть” ЖЧКнын бухгалтери Л.И. аттуулар кармалышты.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди. 2019-жылдын 27-март күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнөн “Акнет” ЖЧКсынын негиздөөчүсү Р. Абдумажитованын арызы боюнча “Акнет” ЖЧКсынын ...

0 198

АУДИО - "Чиновниктерге" бюджеттин эсебинен автоунаа жана эмерек сатып алууга тыюу салынат

Аудиофайл 29-май 2019, 11:14 Нурайым Рысмамбетова

Кыргызстандын аткаминерлерине мамлекеттик бюджеттен эмеректерди жана автоунаа сатып алууга тыюу салынат. Аталган токтомго толуктоолор Жогорку Кеңештин отурумунда талкууланууда. ЖК депутаты Кенжебек Бокоев белгилегендей, аткаминерлер мамлекеттин эсебинен автоунаа сатып алуу менен айдоочуларына айлык төлөтпөшү керек. Бирок, бул чектөө тез жардам унааларына тийешеси жок. Алгач депутаттар жогорудагы тизмеге оргтехникаларды да кошуп, кийин кайра мындай пункту алып салышты. Унаага ...

0 883

АУДИО - Бишкектеги мектепте окуучулардын мушташынан бир окуучу каза болду

Аудиофайл 29-май 2019, 13:54 Нурайым Рысмамбетова

Бишкекте №48 мектептин окуучулары мушташып, 9-класстын окуучусу каза болду. Бул маалыматты шаардык ички иштер бөлүмү тастыктады. “28-майда түндө Шаардык 3-балдар ооруканасына  жеткинчекти оор акыбалда,  эс-учун жоготкон калыбында алып келишкен. Доктурлар “102” кызматына билдирип, окуя болгон жерге  дароо ыкчам-иликтөө тобу келишкен”, - деп айтты ШИИБден. Маалыматка ылайык, шаардагы биринин жанында 27-майда кечке маал жашы жеткинчектер арасында мушташ чыккан. ...

0 296

АУДИО - Экс-мэр аялын өлтүргөнүн мойнуна алды

Аудиофайл 29-май 2019, 09:50 Нурайым Рысмамбетова

Тегерандын рефарматор мэри катары белгилүү болгон Муххаммед Али Нажафи аялын өлтүргөнүн мойнуна алгандыгын Тегерандын прокурору 28 – майда билдирди. Маалыматка ылайык, бир канча жеринен ок жеп каза болгон Митра Остад кечээ, 28-майда үйүнөн табылган. Ал мэрдин экинчи аялы болгон. Буга чейин, экс-мэр Мухаммед Али Нажафи  жаш кыздар бийлеген иш-чарага катышкандыгы үчүн сынга алынып, ...

0 126

АУДИО - Бишкекте билимге ынтызар кыздардын көргөзмөсү өтүүдө

Аудиофайл 29-май 2019, 09:34 Нурайым Рысмамбетова

Кыргызстандын аймактарындагы, билимге ынтызар кыздардын сүрөттөрү илинген көргөзмө ачылды. Көргөзмөдө Кыргызстандын жети облусунан 11 жаштан 19 жашка чейинки билимге ынтызар тандалып алынган 46 кыздын сүрөттөрү коюлган. Анда кыздар негизинен программист, дизайнер, мугалим, журналист, дарыгер, адвокат, жазуучу, архитектор кесибине ээ болгусу келгенин айтышкан. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин жардамы менен уюштурулган иш-чаранын максаты айыл жериндеги максаттарын ...

0 158

Тарых музейи боюнча айыпталгандар келишим түзүп алышкан

Тарых музейин оңдоо иштери боюнча төрт күнөөлөнүүчү өз алдынча кызматташуу тууралуу келишим түзүшкөн. Бул тууралуу Башкыпрокуратурадан билдирди. Тактай кетсек, Мамлекеттик курулуштун башчысынын орун басары Алмазбек Абдыкаров, жарандык турак-жай курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков, анын орун басары Улукбек Матисаков, “СМУ – 3” ЖЧКсынын ээлеринин бири Айдарбек Мендээвге козголгон кылмыш иштери өз-өзүнчө бөлүндү.  

0 470

АУДИО - Алмамбет Шыкмаматов, асмандагы айды айтпай, жердеги элди айтсаңчы...

Аудиофайл 28-май 2019, 15:51 Нурайым Рысмамбетова

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот - укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Орусиянын паспортун алган кыргызстандыктарга Кыргызстандан жер тилкесин алууга уруксат берүү маселеси көтөрүлдү. Мындай мыйзам долбоорунун автору Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, бул  кыргызстандык мигранттардын жерге болгон укугун камсыздоо үчүн абзел. “Расмий так маалыматтар боюнча, кыргызстандык 600 миң мигрант Орусиянын паспортун ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 260

Пара алуу менен милиция кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги абийирсиз жана коомдун алдында милициянын аброюна шек келтирген кызматкерлерден өз катарын тазалоодо. Жазадан эч ким кутула албайт. Коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү планында ИИМдин жетекчилигинин позициясы-кызматкерлердин мыйзамдарды бузушканы аныкталган учурда, күнөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу. Кылмыштарды жасалмалап, жашырган милиция кызматкерлери дагы бар же өздөрү мыйзамсыз иш-аракеттерди жасашып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышат. Ички иштер министрлиги ушундай фактылар аныктала ...

0 243

АУДИО - Өкмөттүн аппарат жетекчисине Самат Кылжыевдин талапкерлиги жактырылды

Аудиофайл 28-май 2019, 15:02 Нурайым Рысмамбетова

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында өкмөттүн аппарат жетекчиси  кызматына Самат Кылжыевдин талапкерлиги жактырылды. Мындай чечим өкмөттүн бүгүнкү отурумунда кабыл алынган. Самат Кылжыев 2018-жылдын майынан баштап, каржы жана насыялык саясат бөлүмүн жетектейт. Өкмөттүн аппаратынын мурунку жетекчиси Шамиль Асымбеков өткөн жумада кызматтан кетүү арызын жазган. Булак:NazarNews.kg

0 551

АУДИО - Эдиль Байсалов, Дастан Догоев жана Эрмек Ибраимов жаңы кызматка дайындалды

Аудиофайл 28-май 2019, 12:44 Нурайым Рысмамбетова

Бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук  боюнча комитетинин жыйынында Эдил Байсаловдун Кыргызстандын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчи кызматына талапкерлигин бекитишти. Ошону менен катар, Эрмек Ибраимов  Кыргызстандын Беларуссиядагы элчиси болуп дайындалды. Ар бир элчинин иштөө мөөнөтү 4 жыл. Андан тышкары, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси кызматына Дастан Догоев дайындалды. Булак:NazarNews.kg  

0 195

АУДИО - КСДП Алмазбек Атамбаев менен соттошууга даяр

Аудиофайл 28-май 2019, 12:19 Нурайым Рысмамбетова

КСДП Алмазбек Атамбаев менен соттошууга даяр. Бул тууралуу партиянын төрагасы Сагынбек Абдрахманов билдирди. Ал белгилегендей, 3-апрелден бери Атамбаев партиянын төрагасы эмес. “Телеканалдардын жардамы менен мурдагы президент туура эмес маалымат берүүдө. Ал ордун Асель Кодураңовага калтырганы жалган. Биз укуктук жактан өзүбүзгө ишеним болгондуктан соттошууга барабыз”, - деп айтты С.Абдрахманов. Булак:NazarNews.kg

0 404

АУДИО - Премьер-министр Айыл-чарба министрине Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдобойт

Аудиофайл 28-май 2019, 11:42 Нурайым Рысмамбетова

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, Айыл-Чарба министрлигине 28 жаштагы жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдобогон себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу ал, бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин жыйынында айтты. Премьер-министр белгилегендей, кадр тандоодо жаштыкка эле маани берип туруп алган туура эмес. “Тилек Токтогазиев – жаңы көз караштагы жаш ишкер. Күнөскана ...

0 91

АУДИО - Түркия менен Куба мамлекети биргеликте ракка каршы дары-дармек чыгарат

Аудиофайл 28-май 2019, 11:30 Нурайым Рысмамбетова

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги, рак вакцинасы жана ракка каршы дарыларды биргелешип өндүрүү максатында Куба менен бирдикте жумушчу топ түзүү чечимине келди. Ушул алкакта Кубанын жогорку даражалуу делегациясынын Түркияга келиши күтүлүүдө. Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, кубалык кесиптеши Хосе Анхель Портал Миранда менен 72-Дүйнөлүк Саламаттык сактоо ассамблеясына кошулуу үчүн барган Швейцариянын Женева шаарында жолугушту.

0 127

АУДИО - Өкмөт башчы Дастан Догоевди жаңы кызматка сунуштоодо

Аудиофайл 28-май 2019, 11:05 Нурайым Рысмамбетова

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн, 28-майда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин карайт. Догоевди бул орунга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Дастан Догоев буга дейре Мамлекеттик ...

0 156

АУДИО - Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат

Аудиофайл 28-май 2019, 10:54 Нурайым Рысмамбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. 28-29-майда, Казакстан Республикасынын Нур-Султан шаарында, Мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат. Жыйындын жүрүшүндө эл аралык ишмердүүлүккө, санариптик күн тартип, жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү жана ЕАЭБ алкагында мындан аркы интеграциялоого тийиштүү 20дай ...

0 198

АУДИО - Биринчи май райондук салык кызматкери пара менен кармалды

Аудиофайл 28-май 2019, 10:27 Нурайым Рысмамбетова

24 – майда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Биринчи май райондук салык кызматынын кызматкери О.М. пара менен кармалды. Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер жеке ишкерден патентти кайра каттап берүү маселесин чечүү үчүн акча талап кылган. Аталган иш боюнча сотко чейинки өндүрүш кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, кармалган шектүү СИЗОнун убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүүдө. Булак:NazarNews.kg

0 214

АУДИО - Эмиль Жамгырчиев премьер-министрдин өкүл баласы эместигин ачыктады

Аудиофайл 28-май 2019, 10:37 Нурайым Рысмамбетова

“Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен туугандык жайым жок экендигин расмий билдирем”,- деп айтты Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын төрагасы Эмиль Жамгырчиев. Анын айтымында, өкмөт башчы ага жакын да, алыс да тууган эмес. Абылгазиевдин ага өкүл аталыгын төгүндөдү. “Менин өкүл ата, өкүл апам такыр башка адамдар. Мындай ушактар кайдан чыгат таң калам. Биздин кээ ...

0 194

АУДИО - Укук коргоочу Калича Умуралиева кызматка дайындалды

Аудиофайл 28-май 2019, 10:32 Нурайым Рысмамбетова

“Биздин укук” коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева Бишкек мэриясынын карамагындагы “Шаардагы парктар” ишканасынын директору болуп дайындалды. Мындай сунуш мэрия тарабынан берилген. К.Умуралиеванын айтымында, ал былтыр Бишкектин жашыл зоналары боюнча изилдөөдө катышкан. Анын натыйжасында, совет мезгилинен кийин эс алуу парктары качан, ким сатканы аныкталып, бир топ сунуштар пайда болгон. Умуралиева эми ошол сунуштардын бардыгын ишке ашырууга камынууда.

0 98

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Булак:Nazarnews.kg

0 475

АУДИО - Башкы прокуратура КСДП ны кайра каттоо иши боюнча кылмыш ишин козгоду

Аудиофайл 27-май 2019, 17:19 Нурайым Рысмамбетова

Башкы прокуратура КРнын КК нин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен падалануу” беренеси боюнча КСДП кайра катталгандыгы тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин арызынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, УКМК да карала турган иште күнөөлүүлөрдү тергөө тактайт. Белгилей кетсек, арыз Юстиция министрлигиндеги аткаминерлердин үстүнөн жазылган. Министрдин орун басары Башкы прокуратурада сурак берип чыкты. Эске салсак, Юстиция министрлиги  электрондук базасында КСДП нын ...

0 214

АУДИО - Экономика министри кызматына Санжар Муканбетов ат салышат

Аудиофайл 27-май 2019, 17:02 Нурайым Рысмамбетова

Экономика министринин креслосуна Мамлекеттик каржы көзөмөлдүн башчысы Санжар Муканбетов талапкер. Эске салсак, 24-майда Олег Панкратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү арызын жазган. Ага бүгүн президент кол койду. Санжар Муканбетов азыркы кызматына 2018-жылы келген. Ага чейин бир канча ай ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун өкмөтүндө өкмөт башчы болуп иштеген. Булак:NazarNews.kg

0 106

Эрдоган ТКТРнын Премьер-министри Татарды куттуктады

Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри болуп шайланган Эрсин Татар менен ТКТРнын вице-президенти жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай менен телефон аркылуу байланышып куттуктады. Бул тууралуу TRT.net сайты жазып чыкты. Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер-министри болуп шайланган Эрсин Татар менен ТКТРнын вице-президенти жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай менен телефон аркылуу байланышып куттуктады. Президент Эрдоган, телефондогу сүйлөшүүсүндө ТКТРда ...

0 238

АУДИО - "Мерседес Бенц" 13 жашар кызды коюп кетти

Аудиофайл 27-май 2019, 16:19 Нурайым Рысмамбетова

Бүгүн, 27 - майда Профсоюз жана Кайназаров көчөлөрүнүн кесилишинде “Мерседес Бенц" унаасы 13 жаштагы шайтан арабачан кызды сүзүп кетти. Маалыматка ылайык, 45 жаштагы айдоочу К.Т. Профсоюз көчөсүндө түндүккө беттей жүрүп бара жатып, Кайназаров көчөсү менен кесилишкен жерде шайтан араба тепкен кызды сүзүп алган. Кыз Кайназаров көчөсү аркылуу түштүктөн түндүктү карай келе жаткан. Жыйынтыгында, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 522

АУДИО - Дамир Мусакеев СИЗОдогу шартка даттанбайт

Аудиофайл 27-май 2019, 15:33 Нурайым Рысмамбетова

Кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн деген айып менен камакка алынган УКМКнын 9 - кызматынын мурунку башчысы Дамир Мусакеев  СИЗО-1 абагындагы шарттарга даттанбайт. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтымында, аталган борбордун кызматкерлери бүгүн Мусакеевге барып жолугушкан. “Ал мурунку күч түзүмдөрү менен бирге отурат. СИЗОнун кызматкерлерине Дамир Мусакеевдин ...

0 154

АУДИО - Британиядагы элчиликке Эдиль Байсаловдун талапкерлиги каралат

Аудиофайл 27-май 2019, 15:11 Нурайым Рысмамбетова

Эртең, 28-майда парламенттин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитети, Кыргызстандын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчилигине Эдиль Байсаловдун  талапкерлигин карайт. Андан тышкары, комитет Эрмек Ибраимовдун талапкерлигин Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилигине карашат. Элчини дайындоого профилдик комитеттин чечими жетиштүү. Азыр Улуу Британияда Гүлнара Исакова элчи болуп турат. Ал бул кызматка 2015-жылы дайындалган.  Булак:NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83