www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурайым Рысмамбетова

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (171)

0 561

Назгул Мамытова: "Кожобек Рыспаев, "мен саясий сойку эмесмин" деп жатат"

Бүгүн, 23-майда Октябрь райондук сотунун судьясы Майрам Дүйшембиева "Ачык саясат" гезитинен Кожобек Рыспаевге карата 300 000 сом өндүрүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Ачык саясат” гезитинин редактору Назгүл Мамытова Фейсбук баракчасына жазып  чыкты. “ЖК депутаты Кожобек Рыспаев, "мен саясий сойку эмесмин, мен партиядан партияга секирген эмесмин, мен Куловду саткан эмесмин, Атамбаевди саткан эмесмин, менин позициям туруктуу, мен өз кызыкчылыгымды ойлогон ...

0 243

УКМК тыңшоочу аппарат тууралуу маалыматты “чагым” деп атады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 24-майда, Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун Форум ишканасындагы иш бөлмөсүнө, УКМК тарабынан берилип,  тыңшоочу аппараттар орнотууга мажбурлангандыгы тууралуу маалыматты төгүндөдү. УКМК, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынны билдирүүсүн “чагым”, “пиар” катары баалады. Экс-президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев муну Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн коркунуч катары мүнөздөгөн. Булак:NazarNews.kg

0 540

Министр Кашкар Жунушалиев "Азия ньюс" гезитине "жооп берди"

Эгерде коомдо ар кандай деңгээлде үй-бүлөлүк башкаруу тууралуу сөз болуп жаткан болсо, анда анын ИИМге эч кандай тиешеси жок. Бул “Азия news” гезитинен чыккан маалыматтан улам айтылды. Аталган макалада көрсөтүлгөндөрдүн ар бирине токтоло кетели: Бишкек ШИИББнын Октябрь РИИБүнүн орун басары А.Бекназаровдун атасы министрдин досу деди. Анын атасы менен министрдин эч кандай достугу жок. Октябрь РИИБүнүн орун басары кечээ көктөн түшө ...

0 417

ВИДЕО - УКМКны жаңылоо боюнча тегерек столдо ызы-чуу болуп кете жаздады

Бишкекте УКМКны реформалоо боюнча өткөн тегерек стол кайым – айтышуу жана катышуучулардын жыйынтыгы менен аяктады. Тегерек столдун уюштуруучулары ким экендиги белгисиз. Рита Карасартова менен Равшан Жээнбеков жыйынды алып барууда. Рита Карасартованын айтымында, сөз доклад даярдагандарга эле берилип жатты. “Антитеррор” бирикмесинин өкүлдөрү сүйлөйлү деди, бирок аларга сөз берилген жок.  Жактоочу Нурбек Токтакунов, аталган ...

0 665

КСДП, Атамбаев менен Ниязовдун иш бөлөмөсүнө  тыңшоочу аппарат коюлгандыгын айтууда

“Форумдун” өкүлүнө өзүн УКМКданмын деп тааныштырган жаран тыңшоочу аппаратты жумушуна коюуга мажбурлаган. Бул тууралуу жергилктүү ММКлар билдирди. “Ал Алмазбек Атамбаевдин жана Фарид Ниязовдун кабинетине коюуга эки тыңшоочу аппаратты берди. Бирок, операциянын талканы чыкты. “Форумдун” кызматкери бул тууралуу дароо мурунку мамлекет башчысынын коопсуздук кызматына билдирген”, - деп кабарлайт КСДП. Бул тууралуу тасманын датасы 2019 –жыл 23-майды көрсөтүп ...

0 200

Министр, “Кара көлөч” анти сыйлыгынын ээси Нурбек Мурашев кызматтан кетти

Айыл – чарба министри Нурбек Мурашев өз каалоосу менен кызматынан кетти. Мындай маалыматты өкмөттүн  басма сөз кызматы билдирди. Ал кызматтан кетүү боюнча арызын кечээ, 23-майда жазган. Бирок, анын арызына кол коюлдубу же жокпу белгисиз. Н. Мурашев ээлеген кызматында 3 жыл иштегенине карабай, өкмөттүн сынга эң көп кабылган министри болду. Мындан бир аз мурда Улуттук иштиктүү клубу ...

0 289

 Non Stop дуетинин мурунку ырчысы Максат Садырбеков үйлөнөт

Мурунку Non Stop тобунун ырчы жигити Максат Садырбеков визажист Айсулуу Молдоева экөөнүн үйлөнүү той күнүн кабарлады. Үлпөт той ушул жылдын 6-июнунда  баш калаадагы тойканалардын биринде өтөт. Эки жаш бир канча жылдан бери сүйүү мамилесинде болгон, ушул кышта Максат сүйүктүүсүнүн колун сурап, эми тойго даярдык башталды. “Жакында биздин жашообуздун жаңы барагы ачылат. Бизди курчаган жакындарыбызга, досторубузга, профессионалдарга бардыгына колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деп ырчы ...

0 131

ФОТОРЕПОРТАЖ – «Аймактар үчүн Таза суу» Форуму

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында өткөн «Аймактар үчүн Таза суу» Форумуна катышты. Мамлекет башчысы анда сөз сүйлөп, өлкө аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуунун негизги көйгөйлөрүнө жана зарыл чараларга токтолду. Иш-чарада ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Азия боюнча вице-президенти Алан Пиллу, Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым ...

0 535

Сооронбай Жээнбеков: Жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реаблитиациядан өткөрүү күтүлүүдө

Сооронбай Жээнбеков: Жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реаблитиациядан өткөрүү күтүлүүдө, каржылоо 500 млн. сомго көбөйтүлөт « Жакынкы беш жылдын ичинде Кыргызстандын 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумунда сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекет башчысы баса белгилегендей, ...

0 456

ВИДЕО - Төрөбай Зулпукаров: “Гендер” сөзү транссексуалдар жана гомосексуалдар дегенди камтыйт"

ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаров, парламенттин кезектеги жыйынында кесиптештерине аял менен эркектин тең укуктуулугу тууралуу сөз жүргөндө “гендер” сөзүн колдонбоого чакырды. “Гендер” деген сөз терминин артында транссексуалдар, гомосексуалдар, агендерлер, бигендерлер деген түшүнүк да камтылып калат. Бизге бул терминди сырттан таңуулоодо. Келгиле, бул ыплас таңуулоодон алысыраак бололу. Бизге андан көрө “эркектер жана аялдар” - деп сүйлөө жакшы”, - деп ...

0 218

Фоторепортаж - Кашкар Джунушалиев  Талас облусуна барды

Кашкар Джунушалиев  Талас облусунда болгон иш сапарында ИИМдин  мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 23-май күнү Кыргыз Республикасынын  ички иштер министри Кашкар  Джунушалиев  кызматтык иш сапары менен Талас шаарына келди.  Кыргыз  Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Талас  ОИИБдин  кызматкерлери жана ардагерлери  менен жолугушту. Талас облустук биргелешкен ооруканасынын имаратында жайгашкан  медициналык ...

0 394

Саакашвили Зеленискийден украин жарандыгын кайтарууну өтүндү

Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кайрылып, ага украин жарандыгын кайтарып берүүнү өтүндү. Бул тууралуу Зеленскийдин администрациясына кат жиберген Саакашвилинин адвокаты билдирди. Зеленскийге жазган катта саясатчы аны Украинанын Конституциясын жана эл аралык укуктарды бузуу менен аны жарандыктан ажыратышканын белгилеген. Ага 2015-жылы Петр Порошенко украин жарандыгын берүү менен аны ...

0 368

АУДИО - Аида Касмалиева: Шаар четиндеги конуштарды мыйзамдаштыруу керек

Аудиофайл 23-май 2019, 16:46 Нурайым Рысмамбетова

Бүгүн Жогорку Кеңеште ар кандай маселелерди караган жыйындын жүрүшүндө, ЖКнын төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Бишкектин четиндеги конуштарда жашаган жарандардын маселесин кабыргасынан койду. Анда депутат турак-жай курууга сатылып кеткен мыйзамсыз жерлер боюнча маселе көтөрдү. Касымалиева Өткөн жума Бишкектин четиндеги жаңы конуштарды кыдырып чыкканын билдирди. "Алсак, Ак Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Жар, Ак-Бата, Дордой-1, Дордой-2 кошуштарында абал өтө ...

0 274

ВИДЕО – “Веселый молочник” сүт азыктарынын колдонуу мөөнөтүн кантип оңдошкону тууралуу тасма тарады

Интернет желесинде колдонуучулар, “Веселый молочник” ишканасынын сүт азыктарынын колдонуу мөөнөтүн маркер менен оңдоп жатышкан тасманы талкуулоодо. Видеоролик кечээ, 22-майда bulak.kg сайтына чыккан. Видеодогу сүйлөшүүлөрдөн улам окуя Кыргызстанда болгондугун аңдоого болот. - Ушинтип элеби ээ?! “Веселый молочник” каймагын кайра жасоого болобу”, - деп каткырган адам кадр сыртында сүйлөөдө.  - 30  набы? Жок, биз, 28 не жылдырабыз. 30 нун эмне кереги бар? - 4 ...

0 302

АУДИО - Депутат: “Эс алуу багында кайсы күркүл там салганы жатат?”

Аудиофайл 23-май 2019, 11:55 Нурайым Рысмамбетова

6-кичи районундагы эс алуу бакчасынын жанында көп кабаттуу имаратты куруу күтүлүүдө. Бул тууралуу 23-майда парламенттин отурумунда депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, ага райондун жашоочулары кайрылган. Алар эс алуу багында “Бишкек курулуш” компаниясы көп кабаттуу элиталык үй курганы жаткандыгын билдирген. Жашоочуларды таң калтырганы, куруучу компания кайсы негизге таяп, эс алуу жайынан үй курууга жер бөлдүрүп алган.   “Жашоочулар ...

0 394

Башкы прокуратуранын колу - Нарын шаардык сотуна жетти

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Нарын шаардык сотунун мурунку соту Жапар Эрматовго каршы сотко чейинки өндүрүштүк ишин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык сотунун мурунку соту ЖАМК №24 мекемесинин башчысынын  милдетин аткаруучусунун кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча көрсөтмөсүн так караган эмес. “Сот, ЖАМКнын негизсиз көрсөтмөсүндөгү, соттолуучунун ден соолугу жөнүндөгү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 180

АУДИО - Сооронбай Жээнбеков «Аймактар үчүн Таза суу» Форумуна катышат

Аудиофайл 23-май 2019, 10:36 Нурайым Рысмамбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форумуна катышат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы аппаратынан билдирди. Иш-чарага Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын Президенти Сума Чакрабарти, министрликтер жана ведомстволордун, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканалардын директорлору, донорлук коомчулуктун өкүлдөрү чакырылды. Форумдун катышуучулары бүт өлкө боюнча суу менен камсыздоо, санитария ...

0 228

Экс-министр Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды

Азиз Батукаевди камактан чыгаруу иши боюнча камакка алынган мырдагы Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды. Анын баш коргоо чарасы кечээ, 22 – майда кечинде Биринчи май райондук соту тарабынан каралган. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Д.Сагынбаева ушул жылдын 15-майында, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев ...

0 1488

ИИМ Шамиль Атаханов боюнча билдирүү таратты

Кечээ, бир катар маалыматтык агенттиктерде кармалган Шамиль Атаханов ИИМдин кызматкерлеринин иш-аракетине нааразычылыгын билдирген билдирүү жарыяланган. Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов экс-вице-премьер-министрдин жактоочусунун кайрылуусу менен Убактылуу кармоочу жайга барган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору прокуротурага даттануу арызын жибергенин жана жооптуу милиция кызматкерлери жазаларын ала тургандыгын билдирген маалымат жасаган. Борбордун ...

0 258

Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2019-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Ушул Мыйзамдын негизги максаты (концепциясы) өнөр жай объекттерин куруу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди чечүү болуп саналат. Өнөр жай объекттерин куруу курулуштардын жана ишке киргизүүчү комплекстердин кезектүүлүгүн эске алуу менен, долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жолу ...

0 121

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан ЖККУ алкагында регионалдык интеграцияны мындан ары тереңдетүү маселесине маани берет

"Кыргызстан ЖККУ алкагында аймактык интеграцияны мындан ары тереңдетүү маселесине биринчи даражалуу маани берет», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйынына катышуучулар менен жолугушуусунда. Мамлекет башчысы Уюм түзүлгөн мезгил ичинеде ЖККУну мындан ары өркүндөтүү жана дараметин бекемдөө багытында максаттуу иштер жүргүзүлгөнүн баса белгиледи. Кыргызстандын Уюмга төрагалыгынын алкагында мурда жарыяланган жол улоочулукту ...

0 134

Адвокат: “ ЖЭБди  модернизациялоодо  эмнеге парламенттин жоопкерчилиги каралбайт”

Свердлов райондук сотунда ЖЭБди (ТЭЦ)  модернизациялоо боюнча кылмыш ишин караган соттук отурум өтүүдө. Соттук отурум Инара Гилязетдинованын судиялыгы алдында өтүүдө. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов, ЖЭБди модернизациялоодо жабырлануучулар эмнеге парламентти күнөөлөбөйт деген маселени көтөрдү.  “Парламенттин макулдугусуз TBEA менен келишим түзүлбөйт болчу да”, - деп айтты Токтакунов.   Жабырлануучу тараптын  өкүлү Урмат Камбаров, бул маселени  ...

0 165

Сооронбай Жээнбеков индиялык Сушма Сварадж айымды кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды. Эки тараптуу кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алмашуу болуп, мамлекеттер аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери жана Кыргыз-Индия өнүгүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын апрель айындагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визит менен келиши күтүлүп жатканын белгиледи. ...

0 159

Түркия кыргызстандыктардын бекер дарылануу квотасын көбөйттү

Түркия кыргызстандык бейтаптардын бекер дарылануусуна квотаны көбөйттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, кошумча квота бөлүү боюнча келишимине 72- Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын келишиминдеги жолугушунун жүрүшүндө эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев жана Фахреддин Коджа кол койгон. Министрлер андан тышкары, саламаттыкты сактоо жаатында бир катар иштерди талкуулап, кыргыз-түрк достугу ооруканасын ...

0 130

Путин, Макрон жана Ангела Меркель телефондон сүйлөшүштү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Сирия, Украина жана Иран тууралуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты. Кремлдин маалымат борборунан билдирилгендей Путин, Макрон жана Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Телефондогу сүйлөшүүдө Сирия маселеси каралганы белгиленген билдирүүдө, «Путин, Сириянын түндүк батыш жагындагы абалды ыраатуулукка жеткирүү, жарандарды коргоо жана террор коркунучун жок кылуу ...

0 280

Кашкар Джунушалиев эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушту

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин төрагалыгы алдында Кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, андан сырткары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары Курсан Асанов, Мирлан Каниметов, алдыңкы кызматтардын башчылары болушту. Бул ...

0 368

Чек арада тажик чек арачылары ок атты

Бүгүн 22-майда да кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан чочулоо жараткандыгы кабарланууда. Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары асманга эки ирет ок аткан Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты ырастады. “Бүгүн, 22-майда аталган мазарга 21-майда жакынын көмгөн жарандар келип, куран окуп жаткан учурда ...

0 742

Кармалган Шамиль Атаханов укук коргоочуларга милициянын үстүнөн арызданды

Кыйноолорду алдына-алуу Улуттук борборунун кызматкерлери экс-вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун жактоочусунун келип жолугууларын суранган кайрылуусуна көңүл бурушту. Анын айтымында, борбордун кызматкерлери тезинен ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына келип Ш. Атахановго жолугушкан. “Атахановдун арызында  кармоо тууралуу токтомду 21-майда кечки 20:00 де алган. Андан кийин аны  эч кандай медициналык кароосуз, убактылуу кармоочу жайга алып келген. Себеби, Атаханов буга чейин эки инфаркт алган адам катары ...

0 385

Премьер-министр Дастан Догоевди жаңы кызматка сунуштоодо

Премьер – министр Мухаммедкалый Абылгазиев Сооронбай Жээнбековго Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитетине төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Кечээ Абылгазиев Мамлекеттик байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевди кызматынан бошоткон. Догоев президенттин кеңешчисинен тышкары, биометрикалык паспорт боюнча тендердеги коррупциялык иштин фигуранты болчу. Эске салсак, Дастан Догоевдин коррупциялашкан  биометрикалык паспорт боюнча өткөн тендерге тийешеси бардыгы тергөө иштеринде айтылган. Аны УКМКга суракка да ...

0 466

Түркмөнбашынын энеси оор акыбалда

Түркменистандын президентинин энеси Огулабат Бердымухамедова оор акыбалда жаткандыгын TurkmenYurt жазып чыкты. Жашы жетип калгандыктан жана өнөкөт ооруларынын айынан Огулабат дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болгон. Туркмен Юрт ТВден кабарлагандай, учурда ал немец дарыгерлер тобунун карамагында. Азыр президенттин энесин жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырышкан. Ал жакта Түркменистандын Саламаттыкты сактоо министри, оорукананын башкы дарыгери жана бөлүм башчы жүрөт. Түркиянын Салматтыкты сактоо министрлигинин маалыматында, ...

0 3523

Жанар Акаев жетекчи болуп шайланды

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин чечими менен депутат Жанарбек Акаев Жогорку Кеӊештин Армения Республикасы жана Грузия Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Армения Республикасы жана Грузия Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун 2019-жылдын 16-майында өткөн жыйынында достук тобунун башчылыгына депутат Жанарбек ...

0 478

Башка аялдын документи менен көз жарган эне кармалды

Бүгүн, 22 – майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин алдында түзүлгөн жумушчу топтун Баткен областындагы жыйыны улаантылды. Иш чаранын максаты Эмгек, миграция жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын талдап, аларды ишке ашыруунун механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат. Баткен ОИИБнин криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча өкүлү Улукбек Мамытовдун белгилешинче, төрөтканада дагы адам ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 251

Өкмөттүн чабалдыгынан Кыргызстан күйүүчү майсыз  калат

Кыргызстан башка рынокторго жөнөтүлүүчү Казакстандан келүүчү күйүүчү майсыз калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер Ассоциациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык,  Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда күйүүчү майды бажы төлөмсүз жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Муну менен Кыргызстандын соода тармагы казак тараптын бензинди экспорттоо тизмесинин алдыңкы сабында болчу. “Биздин өкмөттүн сүйлөшүүлөрү кечеңдеп жаткандыгына байланыштуу мунайзаттарын ...

0 385

Депутаттар: “КТ Мобайлдын” коррупциясын ачкан Акылбек Жамангуловго куугунтуктоолор болууда

«КТ Мобайлдын» тегерегинде чыккан чуудан кийин «Альфа Телекомдун» директору Акылбек Жамангуловго басым болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында бир катар депутаттар билдирди.  А.Жамангулов мурда “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты болчу. Анын жакындарына текшерүүлөр барып, анын мурунку бизнестерин текшерип жатышат. Комиссиядан ушул жагына да көңүл бурушун сурайт элем”, - деп айтты депутат Зиядин Жамалдинов. “Жамангулов коррупциялык системаны ачып, ...

0 273

Музейден эки сүрөттү уруксатсыз алып кеткен Юристанбек  Шыгаевге иш козголобу?

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы аныкталды. Бул факты боюнча атайын комиссия түзүлүп иликтеп жаткан. Комиссияда кызматтан алуу боюнча да сунуш бар болчу. Маалыматка ылайык, ал эмгек өргүүсүндө жүрүп, кызматтан кетүү ...

0 292

Москвада Кыргызстандын жасалма документтери менен паспортторун  колдонуп жүргөндөр кармалышты

Кыргыз Республикасынын жарандарына келген өлкөлөрүнүн мыйзамдарын бузбоо сунушталат. Мамлекеттик мекемелердин ар кандай тактамаларын алуу,  каттоону жасатуу жана узартуу сыяктуу мыйзамсыз жана ортомчулук  кызматтарын сунуш кылган алдамчылардан алыс болууга чакырат.  Жогорудагыдай кызматтарга барып, жасалма документтерди колдонуу менен  жарандар өздөрү кылмышка барып жатышат. Мыйзамды билбегендик кылмыш  жоопкерчилигинен бошотпойт. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союзга киргенден кийин, Борбор Азиянын өлкөлөрнүн жарандары Россиядан жумушка орношуу үчүн жасалма кыргыз паспортторун ...

0 136

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешчиси, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Айыл чарба, транспорт, коммуникация тармактарында, кичи жана орто ишкерликти колдоо жана ошондой эле Кытайдын тажрыйбасын эске алуу менен санариптештирүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Муну менен бирге эл аралык уюмдардын жана «Бир алкак — бир жол» платформасынын алкагында эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин ...

0 250

Бакыт Шаршембиев кызматынан бошотулду

Бакыт Шаршембиев КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, бүгүн, 21-майда, Шаршембиев Бакыт Нурджановичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Булак:NazarNews.kg

0 199

Шамильбек Асымбеков КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министринин кызматынан бошотулду

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, бүгүн, 21-майда, Асымбеков Шамильбек Уметовичтин отставкасы кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси — министринин кызматынан бошотулду. Булак:NazarNews.kg

0 220

Кыргыз – тажик чек арасында чырдын себеби аныкталды

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Кара-Бак айылындагы чек арадагы тиреш көрүстөндүн айынан чыккан. Жашоочулардын берген маалыматында, пикир келишпестиктин себеби болгон көрүстөн чек арада жайгашкан. Буга чейин кыргызстандыктар колдонуп келген мүрзөгө тажик чекарачылары кирип келип, кыргыздарды жолотпой койгон.  Алар жаан-чачын болгон учурда мүрзөнүн атайын жабдыктар коюла турган бастырмасына да ээлеп, пайдаланып башташкан. Кара-Бак айыл ...

0 641

Султан Раев: "Шыгаевдин музейден эки сүрөт  алып кеткени акылга сыйгыс"

Маданияттын экс-министри, белгилүү драматург Султан Раев, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук кол-өнөрчүлүк искусство музейинин директору, эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдын Николай Сверчковдун “Ат ити менен”, экинчиси - Бакуниндин портретин  үйүнө алып кетип, бузулган абалда алып келген кылыгын түшүнө албай турганын билдирди. Раевдин айтканына караганда, ал бул тууралуу бир канча күн мурда эле билген. “Бул тууралуу кесипкөйлөр гана иликтебесе, ...

0 227

Өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама киргизди. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Премьердин сунуштамасына эмне себеп болгону айтылган жок. Ага президенттен кандай жооп болгону азырынча белгисиз. Буга чейин Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетовду иштен алган. Бул чечим "КТ Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коому, улуттук уюлдук байланыш операторунун ...

0 488

Өкмөт башчы Абылгазиевдин балдары кайда окушат, эмне менен алек?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев төрт баласын тарбиялоодо. Алардын үчөө студент. Өкмөттүн басма-сөз кызматынан билдиргендей, улуу кызы Ажар Борбор Азиядагы Америка университетинде, экинчи кызы Саадат “Ала-Тоо” эларалык университетинде окуйт. Уулу Абир да “Ала-Тоо” университетинде билим алууда. Ал эми кичүү уулу Кайрат бала-бакчага барат. Булак:NazarNews.kg

0 2331

ВИДЕО - Токмоктогу киши өлтүрүүгө күбө болгон 13 жаштагы баланын өмүрү коркунучта

Жергиликтүү  ММКларга Токмоктогу 31 жаштагы жалгыз эне Марина Щербакова кайрылган, ал Токмокто Ички иштер бөлүмү анын суранычын, жазган арызын карабай жатканын айтып, милиция бандиттердин кызыкчылыгын көздөп жаткандай деген шегин да жашырган жок. Маалыматка караганда, М.Щербакованы жана анын төрт баласын өлтүрүп кетебиз деген коркутуу болуп жаткан. Себеби, аялдын 13 жаштагы уулу Максим, катуу соккудан каза тапкан ...

0 372

Украинада Петр Порошенко Мамлекеттик саткынчылыкка айыпталууда

Украинанын экс-президенти Виктор Януковичтин админстрация башчысынын орун басары Андрей Портнов, Петр Порошенконун үстүнөн укук коргоо органдарына арыз жазгандыгын Lenta.ru. жазып чыкты. Портнов, Порошенкону мамлекеттик саткынчылык, бийликти басып алууга далаалаттануу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптоодо. Маалыматка ылайык, Порошенкого каршы 10 кылмыш иши ачылган. Алардын арасында, мыйзамсыз баюу, пара берүү ж.б. күнөөлөр койулган. Булак:NazarNews.kg

0 296

ВИДЕО - Америкалык дипломаттар кыргыздын улуттук суусундуктарын алгач ирет ооз тийди

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу жана американын дипломаттарына кыргыз элинин улуттук суусундуктарын ичип көрүп, кандай сезимде болгондугун айтышты. Дипломаттарга курут, чалап жана максым сунушташкан. Элчиликтин өкүлдөрү өздөрүнүн Facebook жана YouTube дагы расмий баракчасында тасмада сезимдери менен бөлүшүштү. Дипломаттардын айтымында, курут сүткө жана кычкылы бар сырга окшош. Дональд Луга курут абдан жаккан. Чалапты – ...

0 198

Украинанын өкмөт башчысы кызматтан кетерин билдирди

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман иштен кетерин жарыялады. Ал өкмөттүн 22-майдагы жыйынында кызматын тапшырып берерин дүйшөмбүдөгү телекайрылуусунда айтты. Мурдагы президент Петро Порошенконун саясий биримдигинин мүчөсү болгон Гройсман кийинки парламенттик шайлоого катыша турганын белгиледи. 20-майда Зеленский Украинанын президенти катары иннагурациядан өтүп, мамлекет башчысы катары толук ишине киришти. Раданын келерки шайлоосу ушул жылдын октябрь айына пландалууда. Депутаттардын ...

0 1645

Бишкек мэринин кеңешчиси, ачык көйнөк кийбөөгө чакырган депутатка "пошла на*уй" деди

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова «Твиттерде» «ачык» үлпөт кийим кийбөөгө чакырган парламенттин депутаты Махабат Мавляновага жооп ирээтинде «пошла нахуй» деп жазды. Гуля Алмамбетова@GulyaAlmambet пошла нахуй Kaktus Media@ Депутат Махабат Мавлянова призвала кыргызстанок не выбирать обтягивающие свадебные платья  370 17:42 - 20 мая 2019 г.   Эске сала кетсек, буга чейин кытай менен кыргыздын арасына ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 266

Трамп Иранды дагы бир жолу коркутту

Трамп Твиттер баракчасынан Иранга байланыштуу чыңалууну күчөтө турчу сөздөрдү айтты. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты. Трамп Твиттер баракчасынан Иранга байланыштуу чыңалууну күчөтө турчу сөздөрдү айтты. Дональд Трамп билдирүүсүндө: «Эгерде Иран согушукусу келсе, бул Ирандын акыры болот. Эч качан АКШны дагы бир жолу коркутпа!»,-деген сөздөргө орун берди. Трамп башкаруучулугу, 2015-жылы кол коюлган атомдук келишимден 2018-жылдын 8-майында чыкканын билдирген болчу. Андан кийин Тегеран башкаруучулугунун мунай зат ...

0 309

ВИДЕО - ИИМдин ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты

ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Өзгөн РИИБи менен биргеликте алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди. ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Өзгөн РИИБи  алдамчылыкка шектелген жаранды кармоого багытталган бирдиктүү ыкчам  иш-чараларын жүргүзүштү. Мурда, ички иштер органдарына Өзгөн районунун жашоочусу алдамчылык  фактысы боюнча арыз менен кайрылып, мыйзамдын негизинде тиешелүү  чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. 2017-жылдын күз ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83