www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтын Булат

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (116)

0 4

Сын-пикир барбы? Болсо Бишкек мэриясы күтүп жатат

21-сентябрь 2019, 12:12 Алтын Булат

Бишкектин түндүгүнөн түштүгүнө карай кеткен дагы бир жолдун эсеби табылды. Албетте жакшы жагына экенин мэриянын басма сөз кызматы берген маалыматтан байкап, ыраазы болуп турубуз.  Анткени Токтаналиев көчөсүнө унаа каттамын улап туруучу жаңы көпүрөнүн ачылышы боло элек жатып, шаар бийлиги шаардыктардан сын-пикир сурап, (0550) 305-010 номерин кошо көргөзүп жатышпайбы. Чын эле чыгынып, эл үчүн иштейин деген чиновниктер, шаар башына келген ...

0 541

СҮРӨТ - Көчүккө жел үйлөсө, чөнтөгүнөн 20 доллар түшкөн Трамп 

21-сентябрь 2019, 11:28 Алтын Булат

АКШнын президенти учактын бортуна көтөрүлүп бара жатат.  Сапырылган сары чач, желпилдеген галстук менен этеги өйдө карай кайрылган костюм. Бул кадимки Калифорниядагы эле шамалдын күчүн көргөзүп жаткандай эле көрүнүш.  Бирок, ушул шамал америкалык лидердин дагы бир “сырын” ачып салды. Тиги этеги өйдө кайрылган костюмдун астын карасаңар. Трамптын арткы чөнтөгүнөн 20 долларлыктын учу чыгып жүрөт. Эми анын акчасы чөнтөккө эмес банкка ...

0 75

Кыргыз фемидалары сот адилеттиги боюнча жаңылык угуп келишти

21-сентябрь 2019, 09:52 Алтын Булат

«Сот адилеттигинин сапатын  башкаруу: глобалдык тенддер жана тажрыйба» аттуу эки күнгө созулган эл аралык форум Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөрүлдү. Ага Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева жана Сот департаментинин директору Кубанычбек Капаловдор катышып келишкендигин Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.  Анда айтылгандай, 17-18-сентябрында өткөн иш чарага жалпысынан 900гө жакын киши катышкан. Анын ичинде, Эл аралык судьялар ассоциациясы менен Эл аралык сот ...

0 91

Климаттын өзгөрүшүнө мэрия күнөөлүүбү? Же сотпу...

20-сентябрь 2019, 17:14 Алтын Булат

Бишкек мэриясыбы же Бишкектин Биринчи Май райондук сотубу, иши кылса мамлекеттик бул органдар жаратылышты коргоочу топко кыянаттык кылып коюшуптур. Буга капа болгондордун жазгандарын социалдык баракчалардын колдонуучулары бөлүшүштү. Андагы маалыматка туура түшүнсөк, бүгүн климаттын өзгөрүшүнө санааркаган топ борбордук аянтта акциялык жүрүшкө чыгышмакчы болушкан экен. Максаты, көпчүлүктү жаратылышка аяр мамиле кылууга чакыруу болгон. Бирок, мэрия райондук соттун “30-сентябрга чейин калаанын борборунда ...

0 557

Таалатбек Масадыков: “Чек араларда контрабандага кийлигишкен таасирлүү күчтөрдүн кызыкчылыктары бар”

20-сентябрь 2019, 15:07 Алтын Булат

Кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан чыр-чатактар чек арадагы абалдын кандай экендигин көрсөтүп койду. Биз бул маселе боюнча аймактык коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча адис Таалатбек Масадыков менен маектештик. - Таалатбек ага, жакында Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чыры чыкты эле, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүндө чыр басылгандай болду окшойт, бүгүн тажиктер курулуш материалдарын жыйнай башташкандыгы тууралуу маалыматтар тарады. Албетте, ...

0 181

Жогорку Кеңештин “лимити” түгөндүбү?

20-сентябрь 2019, 13:09 Алтын Булат

ЖК депутаттары эмнеге эле мурду жок букача сүзө качырып, мыйзамдарды кыйгап өтөт десе, депутаттар өлкөдөгү “кризисти” тагыраагы, “кризистерди” билишпейт да, сезишпейт да окшобойбу. Же, мындай жөнөкөй иштерге баштарын ооруткулары келбейт. Мына бүгүн эле, парламент мөөнөтүнөн мурда таркай турганы имиш-имиш менен айтылып жатты эле, төраганын орун басары Мирлан Бакиров: “Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууга негиз жок. Анткени, таркатуу тууралуу сөз ...

0 143

Ауу, “Апрелчилерге” атака болуптур

20-сентябрь 2019, 10:25 Алтын Булат

Президенттик аппараттын жалдаган хакерлери “чабал” экен. Алар “Апрель” маалыматтык сайтына бир эмес, беш жолу DDOS-чабуул жасалып, аны жөнөкөй эле техникалык адистер өз убагында “блоктоп” турганга жетишкен.  Мунун канчалык чын-бышыгын, мындай маалыматты таркаткан аталган сайттан барып суроо зарыл. Ал эми биз билген маалыматты айта турган болсок, мындан бир ай мурда эле сайтка хакердик чабуул болорун “Апрелчилерге” ишенимдүү өздүк булагы кабарлаган ...

0 414

КАЙРЫЛУУ: “Элдин үнүн угуңуз урматтуу президент!”

20-сентябрь 2019, 09:30 Алтын Булат

Президентке кайрылуу! Урматтуу Сооронбай Шарипович, кыргыз элинин уулу  Садыр Жапаровдун азыркы учурда адилетсиз соттордун чечими менен абакта жатканы баардык эле кыргыз элине белгилүү жана бул элдин жүрөгүн оорутуп турат.  Сиз шайлоо үгүттөрү жүрүп жатканда Кудай алдында ыйманыңыз таза экенин, эл сизди тандап шайласа тек адилеттүүлүктү бекем тутунаарыңызды баса белгилеп айтып жаттыңыз. Элге убада кылган ар бир убадаңызды кайталап айтуунун ...

0 786

"Айдаганың БМВ, кайдан алдың тыйынды же кайын атаң кыйынбы?"

19-сентябрь 2019, 19:10 Алтын Булат

Биздин катардагы эле милициянын жалгыз башында төрттөн унаасы бар экенин билчү белеңиз. Биз угуп, уккан кулагыбызга ишене албай турубуз. Бар экен эй андайлар, алган айлыгы орточо 10 миң сом, айдаганы төрт унаа. Анан дагы ошонун баарына бир эле жасалма номур колдонуп, 108 жолу жол эрежесин бузган экен “тооба”. Эме... ишенбесеңер тиги ЖКККББнын басма сөз катчысы Ыманалы Саркулов мырзадан тактап ...

0 320

Сегизбаев Акаевди аңга, Атамбаевди абакка салды

19-сентябрь 2019, 18:07 Алтын Булат

Акаевди аңга, Атамбаевди абакка салган Сегизбаев суудан кургак чыккысы келеби? Айтор, мурдагы УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев, Атамбаевге моралдык колдоо көргөзүү үчүн эле барганын айтып, Кой-Таш окясы боюнча түзүлгөн коммиссияга агынан жарылып жаткан кези. Болбосо, кезинде ошол эле экс-президенттин “поддержкасы” менен “кайни” Сегизбаев жакшы эле семирген. Эми аскердик тажрыйбасы жок, басма сөз катчы, катардагы журналист болуп эле жүргөн адам, “жездеси” ...

0 290

Ширеңкеси жок жер өрттөгөндөр

19-сентябрь 2019, 17:05 Алтын Булат

Буга чейин Арстан Алай “Мен Кудаймын” деп калайман калайыкты чоочутуп жаткан эле. Эми бүгүн дагы бир кыз андан кем калышпай, “мен пайгамбардын ордун басуучу Махдимин” деп чыкты. “Махди” дегени исламда акыр заман болорунда келе турган Мухаммед пайгамбардын акыркы мураскери катары сыпатталат экен. Негизи эле кийинки кездери дүйнөдө жерди ширенкеси жок өрттөгөн “тентектер” көбөйдү. Азыр биз алакандай элибизден Кудай дагы, пайгамбардын мураскери да чыкты деп мактанарыбызды ...

19-сентябрь 2019, 17:05 | 290
0 708

Мадумаровго нааразы журналисттер митингге чыгышты

19-сентябрь 2019, 16:28 Алтын Булат

Бүгүн, 19-сентябрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясы жайгашкан мекеменин алдында журналист Жоодар Бузумовго тилектештигин билгизген митинг өттү. Журналист Бузумовдун өзү ал жакта болгон жок. Анын парламентте сюжет даярдап жүргөнү айтылды. Чогулган ондон ашык журналисттин ичинен үчөө-төртөөсү Адахан Мадумаровго нааразылыктарын айтты. Ал эми Журналистер коомдук бирикмесинин башчысы Марс Тулегенов, журналист менен саясатчынын ортосунда болгон пикир келишпестикке саресеп салды. - Убагында биздин дагы мындай башыбыздан ...

0 230

Акыйкатчы менен депутат кандайча кесиптеш? Себебин Токон Мамытов айтып берди

19-сентябрь 2019, 13:42 Алтын Булат

Депутат Руслан Казакбаев менен кандайча кесиптеш экенин акыйкатчы Токон Мамытов NazarNews.kg маалымат агенттигине айтып берди.  Көрсө, Мамытов ЖК депутаты Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министрлигинин кадры катары маалымат менен иштегендигин эске алып гана кайрылган. Андыктан "бөйрөктөн шыйрак" чыгарып жиберишкендерге түшүнбөй жатканын баса белгиледи КР Акыйкатчысы Токон Мамытов.  --СССР учурунда КГБда иштегендер “журналисттер, дипломаттар, анан КГБнын кызматкерлери үч эгиз бир тууган” ...

0 150

Токтогул Какчекеев: “Чек ара сыры ачык айтылбаса, ал жарылат”

19-сентябрь 2019, 11:59 Алтын Булат

“Негизинен кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу жарып ийчү деле сыр жок”, -деп коомдук ишмер Токтогул Какчекеев “NazarNews.kg” маалымат агенттигине айтып берди.  ИИМдин ардагери белгилегендерге таяна турган болсок, жыйынды жашыруун өткөрүүнүн бир гана себеби бар. Ал атайын кызматтын жашыруун маалыматтары, алардын кемчилиги же келечектеги атайын иш аткаруу максаттары болгондо гана. - Болгону өкмөт башчысы элге ток этер жерин айтыш керек. ...

0 165

Чек ара тууралуу купуя сыр бар, аны өкмөт башчы депутаттарга жашыруун айтып бермей болду

19-сентябрь 2019, 10:12 Алтын Булат

Депутаттар Баткендеги чек ара маселеси боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиевдин маалыматын жабык эшик артында угушмай болду.  Буга үч депутат каршылыгын билдирсе, 77 депутат макулдугун берди.  Мындагы келтирилген жүйөөлөргө караганда, өкмөт башчы айта турган сөздө купуя сырлар бар. Булак: "NazarNews.kg"

0 239

Баш ал десе бөрк алган сотторго кандай чара көрүлөт?

19-сентябрь 2019, 09:17 Алтын Булат

Иш аракеттеги жаңы кодекстин негизинде, соттор өмүр бою же 20 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгара алышат. Бирок, ЖК депутаты Сайдулла Нышанов парламенттин бүгүнкү жыйынында кыйыткандарына караганда, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 20 жылдан ашык убакытка эркинен ажыраткан өкүм чыгарган соттор дагы бар экен. Нышанов, Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дюшембиевге кайрылып, 22 жылга өкүм чыгарган сотторго ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 134

Тажикстан чек арага курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду

18-сентябрь 2019, 17:47 Алтын Булат

Тажикстан чек арага курулуш баштоо менен эл аралык тажрыйбаларды бузду. Вице-спикер Мирлан Бакировдун мындай пикирин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы таратты.  Анда айтылгандай, Мирлан Бакиров баштаган депутаттык топ Баткен жергесине барып, окуяны жеринде көрүп, жергиликтүүлөр менен баарлашып келишкен.  “Эл аралык тажрыйбага ылайык, талаштуу, такталбаган мамлекеттик чек ара тилкелери өзгөчө макамга ээ. Андай тилкелерге социалдык жана башка мекемелердин курулушун жүргүзүүгө ...

0 127

Акыйкатчы Токтокүчүк Мамытов качан үн катат?

18-сентябрь 2019, 16:54 Алтын Булат

“Сиз бийликчил акыйкатчы болуп жатасыз” – деп ЖК жепутаты Жанар Акаев 18-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчы Токон Мамытовго собол салды.  "Эмнегедир ушундай учурда сиздин үнүңүз катуу чыкпай жатат. Сиз накта карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн акыйкатчы болушуңуз керек эле. Прокуратура, сот сыяктуу баардык күч органдарына элдин ишеними төмөн. Чак түштө мушташтар болуп жатат, камалгандар чыгып кетет. Керек болсо азыр саясатчылар, ...

0 204

ВИДЕО - Адахан Мадумаровдун маалымат жыйынында чуу чыкты

18-сентябрь 2019, 18:42 Алтын Булат

Бүгүн, 18-сентябрда, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери  Адахан Мадумаров маалымат жыйын өткөрдү.  Анда журналистер берген суроолоруна канаатандырарлык жооп албай жаткандыгын эскертишти. Мадумаровдун суроого суроо менен жооп берген адатын токтотуусун сурангандар дагы болду. Бирок, саясатчы өз учурунда журналисттерди этиканы сактоого чакырып, “мен кезинде айтам, силер артынан айтасыңар. Айырмабыз ушунда” – деп журналистерге өз баасын бергенге дагы үлгүрдү. Булак: NazarNews. Kg

0 181

Адахан Мадумаров бийликте турганда эмне кыла алды эле?

18-сентябрь 2019, 18:56 Алтын Булат

Адахан Мадумаровдун айтымына караганда кызматтагылардын бири дагы “эшектин тушагын чечпейт". Андан сырткары Адахан Мадумаров журналисттердин кыргыз-тажик чуусу тууралуу пикирин айтты.  - Бул ызы-чуу союз мезгилинде дагы болгон. Бул ызы-чуу мен кеткенден кийин дагы болот. Бул ызы-чуу адам жаралгандан башталган, адам бул дүйнөдөн кеткенден кийин дагы боло берет, – деп Мадумаров айткан учурда, журналист тарабынан, “анда учурдагы бийликке сын такканыңыз туурабы?” деген суроо берилди. - ...

0 75

Адахан Мадумаров: “Союз тарап жаткан убактагы келишимдерге бекем туруш керек”

18-сентябрь 2019, 18:58 Алтын Булат

Союз тарап жаткан убактагы кол коюлган келишимдерге бекем туруш керек. Мындай пикирин бүгүн, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери, коомдук ишмер Адахан Мадумаров маалымат жыйында билдирди. “Ал документте “Административдик келишимдер кандай турган болсо, ал бүгүнкү күнү дагы ошол бойдон калсын” делет. Мына, Казакстан ошол келишимдердин негизинде бекем турганы үчүн Байконурду өзүнө алып койду. Байконурга азыр Орусия жыл сайын ижара төлөйт, ...

0 166

Адахан Мадумаров: “Бул бийлик элге пайда алып келчү бийлик эмес”

18-сентябрь 2019, 13:13 Алтын Булат

Бүгүн, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров журналисттер үчүн маалымат жыйын курду. Анда ал кыргыз-тажик чек арасын чечүүнүн жолдорун айтып жатып, учурдагы бийлик элге пайдалуу иш жасаарына көзү жетпей калганын билдирди.    -Биз канчалык бул бийликке чыдаган болсок, Кыргызстандын кызыкчылыгы ошончолук чектелип жатат. Кезинде билесиңерби? Борис Силаев деген болгон. Ошол киши Кировдогу бир гана суу сактагычты жаап койду ...

0 60

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду

18-сентябрь 2019, 10:55 Алтын Булат

Президенттин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Бообек Салимжанов Россия Федерациясынын Сибирь жана Урал федералдык округдарын камтыган консулдук округу менен Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулу кызматынан бошотулду. Анын ордуна Руслан Бийбосунов дайындалды. Ошондой эле президенттин дагы бир жарлыгы менен Катардагы Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Чынгыз Эшимбеков дайындалды.  Булак: "NazarNews.kg"

0 187

Чек ара чыры боюнча Атамбаев да үн катты

18-сентябрь 2019, 10:39 Алтын Булат

“Кыргыз бийлиги экс-президенттин тарапташтары менен кармашууну токтотуп, учурда курчуп турган өлкөнүн коопсуздугу боюнча маселени чечүү жолун карашы керек”. Абакта олтурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мына ушундай билдирүүсүн уулу Кадырбек Фейсбук баракчасында жазып чыкты.  Анын бул билдирүүсүндө,  мурунку президент кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсызданып жатат. Ошону менен бирге тезирээк тынчтык жана туруктуулук орношун үмүт кыларын кошумчалайт.  “Атам өзүн жакшы сезүүдө. ...

0 116

Сноуден WhatsApp менен Telegram мессенжерлерин колдонуда сак болууга чакырды 

17-сентябрь 2019, 18:18 Алтын Булат

Америкалык атайын кызматтын мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден  France Inter француз радиостанциасынын эфиринде Вотсап, Телеграм колдонгон чоңдорду сак болууга чакырды. Анын айтымында, бул мессенжерлердин колдонуучуларынын эмне жазып, эмне маалымат бөлүшүп жатканын аңдуу оңой. Эфир учурунда Сноуден, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Telegram, өкмөт башчысы Эдуард Филипп WhatsApp колдонушарын билдирген. Ал жогорку кызматтардагы чиновниктердин WhatsApp колдонуусу чоң кемчилик экенин баса белгилейт.   Ошондой ...

0 310

ВИДЕО – “Бир звонок менен иштен айдатам!” деген жигитке МАИнин жообу

17-сентябрь 2019, 15:48 Алтын Булат

Буга чейин жол эрежесин бузган айдоочунун Иманалы Саркуловдун атын айтып, МАИ кызматкерлерин коркутуп жаткан видеосу социалдык тармактарга таркаганы боюнча жазганбыз.  Бул боюнча жетекчинин пикирин билүүгө кызыгып, ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына дагы кайрылган элек.  Көп күттүрбөй алардан жооп иретинде видео да келди. Анда тууганы болуп жаткан айдоочу менен ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын орун ...

0 264

ВИДЕО - “Бир звонок менен иштен айдатам!” 

17-сентябрь 2019, 14:46 Алтын Булат

Жогорку кызматта иштеген тууганын айтып,  МАИ кызматкерин коркутуп жаткан айдоочу тууралуу видео социалдык тармактарда таркап кетти.  Анда, жаш жигит өзүн ИИМдин Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын орун басары Иманалы Саркуловдун жээни катары тааныштырган.  Ошондой эле айдоочу өзүн бошотуу үчүн инспекторго ачык эле бир жарым миң сом сунуштаган. Бул тууралуу Саркуловдун пикирин дагы чагылдырууга аракет кылабыз. Булак: "NazarNews.kg"

0 152

Кайып Шер Орусиянын агентиби?

17-сентябрь 2019, 14:23 Алтын Булат

Кийинки күндөрү өлкөнүн эгемендүүлүгүнө шек келтире, тескери үгүт кылган “эргулдар” пайда болду. Мисалга, өзүн “Апрель баатырымын” деп төшкө койгулап жүргөн Кайып Шер деген бирөө бар.  Ал, “Орусияга кошулбасак, булар сатып түгөтөт” деген сыяктуу бир катар постторун Фейсбуктагы баракчасында бөлүшүп келет. Эми логикасына туура түшүнсөк, оруска кошулсак эле “паракорлор” азайып, “корруппция” түп тамырынан кыркылат. Мындан улам ал Орусиянын шпионубу деген ...

17-сентябрь 2019, 14:23 | 152
0 88

ЖоКенин жалпы жыйыны чек ара талашын чечеби? 

17-сентябрь 2019, 15:25 Алтын Булат

“Эртең, 18-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны кезексиз  Кыргыз-Тажик чек ара маселесин карашы керек!” Мындай пикирин бүгүн депутат Исхак Масалиев, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отрумунда билдирди. -Биз чек ара боюнча токтом кабыл алганбыз. Аны кабыл алгандан бери иш тескери кетип жатат. Маселени тезинен чечүү зарыл, -дейт Масалиев. Муну эмне дечү эле, кези ...

0 356

Опурулган Опумбаевдин “3500 спецназын” чек ара күтүүдө

17-сентябрь 2019, 12:41 Алтын Булат

Убагында, Кой-Таштагы “№1 терористти...” кармоого ойлонбой команда берген Опумбаев деген УКМКнын башчысы, ал жакка үч жарым миң спецназды алып барбаганына катуу кейиген эле. Мындан улам ой келет, ошол опурулганын ичтен көргөзбөй, чек арадагы кокуйлаган кошуналарга деле көргөзүп койсо кантет.  Эми, ошончо көп очойгон жигиттер чек арада турушса, алардын сүрүн көрүп сестене түшүшөбү деген ой да...  Туура түшүнсө, Орозбек Опумбаев ...

0 167

“Временщиктер” кайда? Бак тиккен сайда!

17-сентябрь 2019, 11:11 Алтын Булат

Өлкөдө экинчи бийликти кулатканына курсант болгон Убактылуу Өкүмияттын өкүлдөрү кайда? Кечээ чогулуп олуттуу иш бүтүргөнсүп, бак тигип жүрүшпөдү беле. Башка маселе жок өлкө өнүгүп жаткансып... Мына ошол он үчү (Алмазбек Атамбаевден башкасы) борборго эмес, чек арага бак тигишкенде туура болмок экен. А баса, “ал акылдуулардын акылын пайдаланып калайын” деген бүгүнкү бийлик жокпу? Андай дейин десең кечээ президент менен жашырынып ...

0 128

Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап... 

17-сентябрь 2019, 10:40 Алтын Булат

Бүгүн кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан улам, өкмөт башчысы Абулгазиев, анын соңунан Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов, Мирлан Бакиров жана Таабалды Тиллаев Баткенге учуп кетишти. Кеткенде дагы жөн кетпей, “Премьер дагы ал жакта, биз да баратабыз...” – деп өздөрүн пиарлай кетишти.  Кыргызда “жоо кеткенден кийин кылычыңды ташка ча-ап” деген сөз бар.  Бул биздин чиновниктер таң калтыргандан тажашпады. Маселени чечиш ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 130

ВИДЕО - Уурдаган жок, ичкен жок, бирок баары бир – түрмө! Эч кандай романтика да жок.

17-сентябрь 2019, 09:07 Алтын Булат

Орусиянын Тула областынын тургуну ювелердик дүкөндү тономокчу болгон. Бирок, баардыгы ал күткөндөй болгон жок.  Дөкүндүн текчелери жылан сыйпагандай таптаза, касса болсо ачкычсыз ачылбады, анан эле эң кызык учурда сигнализация иштеп калды.  Видеону толук карап чыккан болсоңуз, жолу жок уурунун кыжырданганын көрүүгө болот. Булак: "NazarNews.kg"

0 373

Баткендеги чек ара чыры эртеңкиге чейин токтоду

16-сентябрь 2019, 19:28 Алтын Булат

Кыргыз-Тажик “курулуш” жаңжалы убактылуу, эртеңкиге чейин токтоду. Ушул жана башка маалыматтарды бизге, жеринде жүргөн Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кабарлап турду. Бүгүн буюрса тынчыды. Чек арачылар эртең 17-сентябрь күнкү сөйлөшүүгө чейин деп кетишти. Ал эми тажиктерди өздөрүнүн укук коргоо органдары алып кетишти. – деп билдирет Бекмуратов. Эске сала кетсек бүгүн, Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесинде талаштуу аймактарга тараптар өз ...

0 1012

Токтогул Какчекеев: “Сапар Исаковдун оорусун аныкташпайбы, же өлүп калышын тилейби?”

16-сентябрь 2019, 18:52 Алтын Булат

“Ал (ред. С.Исаков) суракта каалагандай жооп бербей жатса керек”. Мындай пикирин коомдук ишмер Токтогул Какчекеев NazarNews.kg МАга билдирди. Анын айткандарына караганда, тергөөнүн каалосуна канаатандырарлык жооп бериш керек. “Бирок андай болбосо ким кантип жооп берет, же кимдир бирөөгө жок жерден эле күнөө тагыш керек беле? Ал жарым жылдан бери суракта отурат мындай абалда оору өз таасирин кылат. Текебаев деле сырттагы ...

0 1676

СҮРӨТ - Тажиктер кыргыздарга агрессия көргөзө баштаганы айтылды 

16-сентябрь 2019, 17:41 Алтын Булат

“Тажик тарап элин алдына салып провокация уюштурушуп жатат”. Бул тууралуу бизге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.  Анын сөзүнө караганда, кыргыз тарап тажик чек арачыларына атаандаша Максат айылында альтернативалык курулуш башташкан. Ал менчик үйдүн тосмо дубалы. Бирок, бул курулуш иштерине тажик тарап тоскоолдуктарды жарата башташкан. Мындан мурдаарак кырдаал тынч экени. Нааразычылык билдирип чыккан жергиликтүү калк тарап кетишкени айтылган болчу. 

0 178

Орус космонавттарына тапанча берилиши мүмкүн

16-сентябрь 2019, 16:36 Алтын Булат

Орус космонавттардын экипировкасына тапанча да кириши мүмкүн. Бул тууралуу  «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. Бирок бул азырынча жөн гана сөз жүзүндө айтылып жатат.  Курал космонавттарга кайра келип Жерге конгон учурда, коркунучтуу жапайы жаныбарлар бар жерге түшүп калууда керек болушу мүмкүн экендиги айтылган. Булак: NazarNews.kg

0 143

Аксакал космонавт космоско учпай калды

16-сентябрь 2019, 15:47 Алтын Булат

Медициналык комиссиянын кортундусуна ылайык, Орусиядагы эң эле тажрыйбалуу делген космонавт Федор Юрчихин учууга даярданбай калды. Мындай чечимге космонавтарды машыктыруу борбору келген. Тагырагы дарыгерлер Юрчихиндин ден соолугу машыгууга жана космоско учууга болбой турганын айтышкан. Ал эми космонавтын өзү буга чейин Айды бир жолу чалгындап келүү максаты бар экенин айтып келген болучу. Ошентсе дагы дарыгерлердин корутундусунан кийин башка аргасы калбаганын билдирген.

0 693

СҮРӨТ - Тажик чек арачылар такталбаган жерге там салышууда

16-сентябрь 2019, 14:44 Алтын Булат

“Тажиктер курулуш материалдарын ташып келе башташты”, -деп билдирди бизге Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов. Анын айтканына караганда, учурда Лейлекте кырдаал тынч. Нааразычылык билдирип чыккан жергиликтүү калк тарап кетишкен. Учурда жергиликтүү бийлик жана эл өкүлдөрү абалга көз салып турушат.  Мындан мурдаарак белгилүү болгондой, тажик чек арачылары Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) аймагында кыргыз тарап менен макулдашылбаган курулуш иштерин жүргүзүп башташкан. Мындан ...

0 1113

Нурбек Токтакунов: “Сапар Исаковдун ооруганына ишенбегендер абакта бир жыл олтуруп көрүшсүн”

16-сентябрь 2019, 13:35 Алтын Булат

Сапар Исаковдун соттук териштирүү ишин кийинкиге жылдырууну анын жактоочулары суранышты. Мындагы келирилген жүйөөгө ылайык, Исаковдун ден соолугу күн өткөн сайын оорлошуп баратат.  Бирок, коомчулук арасында буга ишенбегендер дагы көп. Алар Сапар Исаковдун ооруп жатканынан күмөн санашууда. Жактоочу Нурбек Токтакунов “Ошол ишенбегендер, бир жыл абакта жатып көрүшсүн. Анан эмне дегенин көрөлү”, - деп билдирди. Чындыгында, бизде коррупцияга шектелген чиновниктер ооруп, ...

0 630

ВИДЕО - Абайлагыла! “Краснодар” күрүчүнөн курттар чыгууда

16-сентябрь 2019, 11:38 Алтын Булат

Жүрөктүн үшүн алган бул видео социалдык тармактар аркылуу тарап жатат. Ал видеонун авторлорунун айтымында, “Краснодар” күрүчүнүн ичинен курттар чыгууда.  Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органга кат менен кайрылдык. Жообун алар менен маалымдамакчыбыз. Булак: "NazarNews.kg"

0 1705

(18+) Собчак өзүнүн үйлөнүү тоюнда жарым жылаңач бийледи

16-сентябрь 2019, 11:33 Алтын Булат

“Мага кир, түшүмө кир...” (Войди в меня, войди в мои сны...). Мына ушул ырдын алдында жарым жылаңач бийлеген Ксения Собчактын видеосу коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан учур.  Бул бийин белгилүү орус телеалпаруучусу, өзүнүн үйлөнүү-үлпөт тоюна келгендерге “десерт” катары сунган.  Видеодо көрүнүп тургандай, ырдын текстин образга салгысы келген Собчак, бийлеп жатып жерге сойлогон, ошол учурда аны коштоп турган эки эркек, анын ...

0 181

Бурятияда митингге 2 миң адам чыктыбы же үч жүздөй элеби?

16-сентябрь 2019, 10:36 Алтын Булат

Кечээ, 15-сентябрда, Улан-Удэ шаарында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 2 миңге чукул адам митингге чыгышкан. Бурятиянын бийлиги каршылык акциясына чыккандардын талабын укпастан кетип калышкан. Бул тууралуу бир нече чет элдик ММКлар жазып чыгышты.  Албетте, жазылган жаңылыктардын дээрлик көпчүлүгүндө пропагандалык маанидеги сүрөттөр бар. Ага абай салгандарга чындап эле нааразы болгондордун саны көптөй көрүнөт. Бирок биз байкаган дагы бир сүрөт, дрон менен ...

0 2307

ВИДЕО – Поезд толо жүргүнчүлөрү бар автобусту сүзүп кетти. Каза болгондор жана жаракат алгандар бар 

16-сентябрь 2019, 09:55 Алтын Булат

Кырсык, кечээ, 15-сентябрь күнү 19:20лар чамасында, Алматы областынын Шамалган станциясында катталгандыгын,  Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Анда айтылгандай, автобустун айдоочусу тыюу салынган сигнал берилгенине карабастан поезд жолуна чыгып кеткен. Жыйынтыгында автобустун айдоочусу жана дагы бир жүргүнчү каза болуп, тогуз адам оор жаракат алган. Жаракат алгандардын ичинде 2 кичине бала бар экени айтылууда. Жалпысынан автобуста ...

0 173

Крымдын спикери Зеленскийге Украинанын чек арасын тактап алууну сунуштады

14-сентябрь 2019, 14:15 Алтын Булат

“Украина Крым жана Донбасс кошулбаган өзүнүн чегин кайрадан аныктап, мыйзамдаштыруусу керек!” Мына ушундай кеңеш бүгүн 14-сентябрда Владимир Зеленскийге карата айтылды. Тагыраагы, Крым парламентинин төрагасы Владимир Константиновдун мына ушундай билдирүүсүн РИА Новости жазып чыкты. Анда айтылгандарга караганда, Крым парламентинин төрагасы Донецк менен Луганск облустарында адамдар көп кырылганын эске алып, кайтарып алууга деле мүмкүн болбой калганын билдирген. Булак: "NazarNews.kg"

0 375

ВИДЕО - "Форсаж 9" тасмасы Грузиянын Рустави шаарында тартылууда

14-сентябрь 2019, 13:31 Алтын Булат

Грузиндер “Форсаж 9” тасмасынын трюктарын экрандан эмес, шаардын көчөлөрүнөн өз көздөрү менен көрүшүүдө. Көрсө, тасмадагы баардык эле учурга компьютердин жардамы менен тартылчу атайын эффекттер колдонулбайт экен.   Айтмакчы, Ютубка жүктөлгөн бул видео дагы, жергиликтүүлөрдүн уюлдук телефонуна тартылып алынган. Анда, кадимки адам үрөйүн учурган авто жарыш учуру кадрга түшүп калган. Булак: "NazarNews.kg"

0 157

Ооганстан – Өзбекстан – Казакстан – Кытай темир жол каттамы ишке кирди

14-сентябрь 2019, 12:36 Алтын Булат

41 вагондон турган жүк ташуучу поезддик каттамдын ачылышы Ооганстанда старт алды.  Ооганстандын географиясы борбордук жана түштүк Азияны байланыштырып турарын эске алган ал өлкөнүнүн президентти Мухаммад Ашраф Гани, бул кадам экспортко багытталган экономикада чоң өсүштөрдү алып келерин белгилеген.  Эске салсак, бизде дагы «Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу» курулаары айтылып келет. Бирок ал эмгиче ишке аша элек жана коңшу ...

0 136

Украиналыктар газдан баш тартып, отун колдонушу мүмкүн

14-сентябрь 2019, 12:29 Алтын Булат

Көгүлтүр газга караганда, ышталган отун жакшы! Украиналыктар отундун пайдасы үчүн газдан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономика жана илимдер академиясынын эл аралык мамилелер боюнча борборунун Украинадагы директору Валентин Землянский “112 Украина” телеканалынын эфиринде айтып берген.   Анын айтымында, газдан калктын баш тартуусу - бул жылуулуктун альтернативдүү булагына өтүү эмес. Бул жашоо деңгээлинин төмөндөшү дагы деле болсо уланып жаткандыгынан кабар ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2976

Жер алдында калган шахтер - 17 жылдан кийин тирүү табылды!

14-сентябрь 2019, 13:47 Алтын Булат

Кытай шахтерлору жер титрөөдөн улам жабылып, каралбай калган кенди экскаватор менен казып жатышкан учурда күтүлбөгөн окуя болду. Бул тууралуу жергиликтүү прессалардын жазгандарына таянсак, 17 жыл мурдагы болгон окуяда жер алдында калгандардын бири тирүү табылган. Тагырагы 2002-жылы Кытайдын батыш тарабында, күчү 7-8 баллга жеткен жер титрөө катталып, ошол учурда кен казып жатышкан 118 кенчи жер алдында калып кеткен. Ошол боюнча ...

0 171

Антоновкада каттооң болбосо балаңдын укугу корголбойт

13-сентябрь 2019, 18:39 Алтын Булат

Мектептеги акча чогултмай көйгөйү боюнча ата-энелердин арыз-муңу жергиликтүү депутаттарга жаккан жок. Тагыраагы бүгүн 13-сентябрда, Военно-Антоновканын 50дөй тургуну мектеп фондусуна акча чогултууга каршы нааразычылык акцияга чыгышкан. Чогулгандар мектеп жетекчилиги тамакка, китепке жана андан сырткары дагы кошумча акча талап кылып жатканын айтып чыгышкан. Бирок, алардын талабы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттарына жакпай калды. Жыйынтыгы тараптардын кармашуусу менен аяктаган. Көрсө, эл өкүлдөрүнө жакпай ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83