www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтын Булат

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (120)

0 160

Ооганстан – Өзбекстан – Казакстан – Кытай темир жол каттамы ишке кирди

14-сентябрь 2019, 12:36 Алтын Булат

41 вагондон турган жүк ташуучу поезддик каттамдын ачылышы Ооганстанда старт алды.  Ооганстандын географиясы борбордук жана түштүк Азияны байланыштырып турарын эске алган ал өлкөнүнүн президентти Мухаммад Ашраф Гани, бул кадам экспортко багытталган экономикада чоң өсүштөрдү алып келерин белгилеген.  Эске салсак, бизде дагы «Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу» курулаары айтылып келет. Бирок ал эмгиче ишке аша элек жана коңшу ...

0 137

Украиналыктар газдан баш тартып, отун колдонушу мүмкүн

14-сентябрь 2019, 12:29 Алтын Булат

Көгүлтүр газга караганда, ышталган отун жакшы! Украиналыктар отундун пайдасы үчүн газдан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономика жана илимдер академиясынын эл аралык мамилелер боюнча борборунун Украинадагы директору Валентин Землянский “112 Украина” телеканалынын эфиринде айтып берген.   Анын айтымында, газдан калктын баш тартуусу - бул жылуулуктун альтернативдүү булагына өтүү эмес. Бул жашоо деңгээлинин төмөндөшү дагы деле болсо уланып жаткандыгынан кабар ...

0 2981

Жер алдында калган шахтер - 17 жылдан кийин тирүү табылды!

14-сентябрь 2019, 13:47 Алтын Булат

Кытай шахтерлору жер титрөөдөн улам жабылып, каралбай калган кенди экскаватор менен казып жатышкан учурда күтүлбөгөн окуя болду. Бул тууралуу жергиликтүү прессалардын жазгандарына таянсак, 17 жыл мурдагы болгон окуяда жер алдында калгандардын бири тирүү табылган. Тагырагы 2002-жылы Кытайдын батыш тарабында, күчү 7-8 баллга жеткен жер титрөө катталып, ошол учурда кен казып жатышкан 118 кенчи жер алдында калып кеткен. Ошол боюнча ...

0 173

Антоновкада каттооң болбосо балаңдын укугу корголбойт

13-сентябрь 2019, 18:39 Алтын Булат

Мектептеги акча чогултмай көйгөйү боюнча ата-энелердин арыз-муңу жергиликтүү депутаттарга жаккан жок. Тагыраагы бүгүн 13-сентябрда, Военно-Антоновканын 50дөй тургуну мектеп фондусуна акча чогултууга каршы нааразычылык акцияга чыгышкан. Чогулгандар мектеп жетекчилиги тамакка, китепке жана андан сырткары дагы кошумча акча талап кылып жатканын айтып чыгышкан. Бирок, алардын талабы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттарына жакпай калды. Жыйынтыгы тараптардын кармашуусу менен аяктаган. Көрсө, эл өкүлдөрүнө жакпай ...

0 1382

ВИДЕО - Путин 20 жыл мурун берген убадасын аткарып “жүздү” урду

Видео 13-сентябрь 2019, 17:06 Алтын Булат

«РИА Новости» агентиги “Президент Владимир Путин 20 жылдан кийин Дагестан аскерлери менен ичкилик ичти” деп жазып чыкты. Ага таянсак, Орусия президенти менен болгон түз байланыш учурунда, анын ичилбей калган бокалы дагы деле турганын эскертишкен.  Ал окуя, 1999-жылы Путиндин Дагестанга жасаган алгачкы иш-сапарында болгону баяндалат. Анда, Басаев менен Хаттаб баштаган  бандиттик топ өлкөгө чабуул жасаган мезгил болгон. Согушкерлер чабуулун чагылдыруу ...

0 799

Эльвира Аманова: “Садыр Жапаровдой адам кылымда бир жаралса керек”

13-сентябрь 2019, 15:37 Алтын Булат

- Эльвира, сен Садыр Жапаровду активдүү колдогондордун бирисиң, ал тууралуу чыгарган постторуңду окуп калабыз. Эмне себептен колдоп калганыңа кызыгып көрсөк болобу?  - Ооба, албетте. Садыр Жапаров камалып калганда, аны ушунча көп эл “бошоткула” деп чырылдап жүрүштү го. Ошолорду көрүп менде ал кишиге карата “бул ким эле...” деген кызыгуу пайда болду. “Эл сынчы, эл тараза” деп бекер айтылбаса керек. Көпчүлүктүн ...

0 433

Сауд Арабиянын ханбийкеси 10 айга камалды

13-сентябрь 2019, 13:08 Алтын Булат

Арабиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бен Салмандын карындашы Хасса бинт Салманды Париж соту сыртынан 10 ай шарттуу түрмө жазасына тартты жана 10 миң евро айып пул салды. Анын жан сакчысы Рани Саид да 8 ай абакка шарттуу түрдө кесилип, 5 миң евро айып пул төлөмөй болду. Ханбийке Хасса “француз жаранына карата күч колдонууда жардамдашкан” деп айыпталып келген эле. Бул тууралуу ...

0 51

Лавров Сирияда согуш токтоду дейт

13-сентябрь 2019, 11:03 Алтын Булат

“Сириядагы согуш чынында эле токтоду”.  Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун мына ушундай расмий билдирүүсүн жергиликтүү орус сайттары жазып чыгышты.  Анда, Орусиянын ТИМинин башчысынын “Сирия өлкөсү акырындык менен баштапкыдай тынч жашоосун калыбына келтирүүдө. Азырынча, сириялык өкмөт көзөмөлдөбөгөн -  Идлиб провинциясында жана Евфраттын чыгыш жээктеринде гана чыңалуу коркунучу сакталып турат”, -деп айтканы жарыяланган. Булак: "NazarNews.kg"

0 350

Статистика: Чүй, Бишкекке көчүп келгендердин көбү нарындыктар 

13-сентябрь 2019, 10:16 Алтын Булат

Ички миграциянын агымы 14,4 пайызга азайды. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата чыгарган жыйынтыгында айтылат.  Ал маалыматтарга таянсак, өлкө ичинде жер которгондордун негизги себеби - региондордо жумуш орундардын жоктугу. Мындан улам ишке жарамдуу калктын 48,9 пайызы боорбор калаага жана Чүй облусуна көчүп келишкен. Булар, калктын 20 жаштан 34 жашка чейинки катмары.  Ошондой эле бул ...

0 82

Миң долларлык смартфондор жарыяланды

13-сентябрь 2019, 09:39 Алтын Булат

Жакында эле «Apple» компаниясы уюлдук байланыш аппараттарынын жаңы үлгүлөрүн сунуштады. Ал маалыматка назар салсак, смартфондордун баалары: iPhone-11 Pro үлгүсү 999 доллардан, ал эми iPhone-11 Pro Max —1099 доллардан, iPhone-11  699 доллардан башталат. Бул албетте баштапкы баалары гана. Буга дагы кошумча кызматтар, салыктар кошулуп баа мындан дагы кымбатташы мүмкүн.   Ал эми, буга байкоо салган  NASDAQ порталы, аталган компаниянын бюджети ...

0 297

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Биздин депутаттар, саясатчылар канча "маңыроо" болсо, бийлик башындагыларга ошончолук жакшы”

12-сентябрь 2019, 18:17 Алтын Булат

Табылды ага, "чимкирик", "кой" деген сөздөргө чиновниктердин чычалай бергени туурабы? Саясатчылар дайыма элдин сынында болот. Саясатчынын ар бир кыймылын, аракетин эл билгиси келет. Жөнөкөй жаран деле жаңылат. Бирок, ал эл көзүндөгү адам эмес да. Ал эми элдин элегинде турган саясатчынын жаңылганы бул чоң резонанс. Мисалга өткөндө эле бир депутат, кыздарына туфлисинин боосун байлатып жаткандай аракеттеги сүрөтүн Фейсбукка жүктөй салган ...

0 139

Сулайман Кайыпов: “Орхон Енисей жазууларыбызды дагы жандандырып, аны да ала жүрүүбүз керек”

12-сентябрь 2019, 16:49 Алтын Булат

Латын алфавитине өтүү керекпи? Бул маселе учурда коомчулуктун эрмегине айланды. Түрдүү талкуулоолор болуп жатат. Антсе да талаштан тактык жаралат эмеспи. Бул багытта биз менен Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов ой бөлүштү. - Агай, азыр элдин көбү телефон, компьютер колдонуп калышпадыбы. Муну эске алганда кыйынчылык жаратып калбайбы? Кат жазышуу, алышуу деген болот... - Тескерисинче, телефон ...

0 240

Сулайман Кайыпов: “Латынча орток алфавитин киргизе албай коюшкан”

12-сентябрь 2019, 15:43 Алтын Булат

Латын алфавитине өтүү керекпи? Бул маселе учурда коомчулуктун эрмегине айланды. Түрдүү талкуулоолор болуп жатат. Антсе да талаштан тактык жаралат эмеспи. Бул багытта биз менен Тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов ой бөлүштү. - Сулайман агай, латын алфавитине өтүүнүн канчалык зарылчылыгы бар? - Албетте, бул өзү отуздун тегерегиндеги тамганы жаттап алып эле ошону шатыратып окуп же ...

0 400

Косинус, котангенс. Ким аны жашоосунда колдонду?

11-сентябрь 2019, 18:19 Алтын Булат

"60 градус косинуска эмне барабар?”. Мына ушундай суроо Каныбек Исаковдун Билим берүү жана илим министрине талапкерлигин кароо учурунда депутат Дастан Бекешов тарабынан берилди. Өз кезегинде Исаков филология тармагынын адиси экенин, ошондуктан бул суроого жооп бере албасын айтты. Бирок, депутат Бекешов бул мектеп программасында бар экенин эскертип, анын кереги бар же жок экенин эч ким түшүндүрүп бере албай жатканын кошумчалады.

0 578

Коррупцияга айыпталган жапон өкмөт башчысы кызматын тапшырды

11-сентябрь 2019, 16:58 Алтын Булат

Окинава аралынан Американын аскер базасын чыгара албаганы үчүн Япониянын премьер-министри Юкио Хатояма отставкага кеткенин жарыялады. АКШнын аскер базасын чыгаруу Хатояманын шайлоо алдында берген убадаларынын бири болгон. Бирок, ал бул ишенимди актай албагандыгын, мындан улам кызматын улантууга абийири жол бербегенин айтып шайлоочуларынан кечирим сурады. - Мен отставкага кеттим. Бирок, эл алдында мен жалгыз күнөөлүү эмесмин. Менин аркаман биздин партиянын башкы ...

0 162

Эми Америка Европага коргоочу боло албайт

11-сентябрь 2019, 15:42 Алтын Булат

Эми Америка Европага коргоочу боло албайт. Германиянын канцлери Ангела Меркель мына ушундай билдирүү таратты. Анын белгилөөсүндө, Европа АКШнын баалулуктарына байланган. Ошентсе дагы Америка Европаны автоматтык коргоо менен алектенбейт. “Америка өзүнүн коопсуздук маселесин чечип алсын. Мындан ары алар коргоочунун ролун ойной турган автоматташтыруу жок”, -дейт Меркель. Булак: "NazarNews.kg"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 165

Окумуштуулар эң коркунучтуу кан тобун аныкташты

11-сентябрь 2019, 15:20 Алтын Булат

Гарвард университетинин окумуштуулары изоантигендер тутумундагы AB (IV) – кан группасы эң коркунучтуу деген жыйынтык чыгарышты. Алардын изилдөөсүндө белгилүү болгондой, бул чанда кездешчү төртүнчү топтогу терс канды алып жүрүүчүлөр, онкологиялык оорулар менен башкалардан көбүрөөк жабыр тартышат. Статистика боюнча, мындай топтогу канды алып жүрүүчүлөр дүйнө жүзүндөгү элдердин 8 пайызын түзөт. Иликтөөлөргө ылайык, алардын чандасы гана балалуу болуу рахатын татышат жана бала жаралган ...

0 285

“Батьканын” дагы буту үзөңгүдөн тайып баштадыбы?

11-сентябрь 2019, 13:07 Алтын Булат

“Чернобыль авариясы үчүн Орусия Украинага компенсация төлөшү керек”. Мындай билдирүү менен чыккан Беларустун президенти Александр Лукашенко газ менен нефтке жеңилдиктерди берүүнү талап кылды. Эгер ал талап аткарылбаса, “Достук” (Дружба) газ түтүгүндөгү учукту алып сала турганын айтып коркутту. Көпчүлүк эксперттер муну Владимир Путиндин жеке өзүнө карата айтылган коркутуу катары сыпатташууда. Ал айтылгандарга ишенсек, “Батька” президенттик ордун сактап калуу үчүн ушундай ...

0 6863

Тосуп алыңыздар, Бакир уулу кайрадан жаш “мастураты” менен

11-сентябрь 2019, 12:21 Алтын Булат

Тал чыбыктай буралган, жапжаш кыздардын бирин кетирсе, кайра андан дагы жашын аялдыкка алган Турсунбай Бакир уулу кайрадан коомчулуктун көңүл чордонунда. Ток этери, Турсунбай ата... ой ажыке, Фейсбук баракчасында, @kanym_5894 аттуу жубайына узаткан табышмагы жана ал аялынын, “шок” кылган жообу тууралуу пост жазып, жубайынын сүрөтүн кошо чыгарган. Башка колдонуучулар ажыкебиздин бул постунун астына “дин боюнча аялынын сүрөтүн чыгарганы туура эмес ...

0 213

Студенттердин саны кескин азайып жатат

11-сентябрь 2019, 11:12 Алтын Булат

Айрым ЖОЖдордо 100дөн эле студент калды. Мындай пикирин ЖКнын жыйынында, өзүнө берилген депутаттын суроосуна жооп берип жатып Билим берүү министрине көрсөтүлгөн Каныбек Исаков айтты. Искаковдун пикиринде студенттердин азайышы сандан сапатка алып келиши мүмкүн. Ошону менен бирге, ал “эгерде мамлекеттин күчү жетсе, бюджеттик эсептен окуткан эле жакшы”, -деген пикирин айтты. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү Билим берүү министрине көрсөтүлгөн ...

0 92

Самсаалаган саман чач Трампта эле бар

11-сентябрь 2019, 09:49 Алтын Булат

Ирети жок, үймөк самандай самсаалаган чач. Мына ушундай чач жасалгасы менен Америка лидери Дональд Трамп мактанып чыкты. Ал буга чейин өзүнүн тартипке салынбаган чачына сын тагып келгендерге жооп кайтарды. АКШ президенти “Бул менин чачым. Балким ал жакшы эмес чыгаар. Бирок, мындай чач менде гана бар! Алар көпчүлүк досторумдукуна караганда эң сонун экенин ишенимдүү айта алам. Кыйла жакшы. Кыйла!” – ...

0 1014

Кайсы буюмдарды үйдө кармоого болбойт? Сынган буюмдар балээ чакырат

10-сентябрь 2019, 18:15 Алтын Булат

Балким көп эле жолу уккандырсыңар – сынык идишти же жарака кеткен күзгүнү үйдө кармабайт. Биоэнергетик адистер дагы муну тастыкташат. Эмнеге? Анткени, кандай гана жыртык, тешик, жарака болбосун алар өзүнө жагымсыз энергетиканы топтоп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Эгер үйдө сынык, талкаланган же бузулган буюмдар болсо, анда алар, ден-соолукка жана психикалык сезимге доо кетирүүчү жагымсыз энергияны айланага таратышат. Жыйынтыгында үй тургундары оорушат, ...

0 619

“Кара жашикте” Атамбаевди куттуктоого дагы болбойт

10-сентябрь 2019, 16:40 Алтын Булат

Бир убакта Атамбаевди айга-күнгө теңеген “Карыпбековдун кара жашиги”, учурда Жээнбековдон чыккан чаңды желпип турган, Жайнак Үсөн уулунун КТРКсы, «социал-демократтар» суранган 5 мүнөттүк эфирди берүүдөн баш тартты. Буга, СДПК партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков катуу таарынып алган. Анын айтымында, тарапташтары мурунку президентти туулган күнү менен КТРКнын “Арноо концерт” программасы аркылуу «Кыргызстаным» деген ыр менен куттукташмак. "КТРК да Атамбаевден башкалардын ...

0 322

Орусия менен Украинанын туткун алмашуусунда Порошенко өзүн өзү мактады

10-сентябрь 2019, 14:58 Алтын Булат

Украинанын мурунку президенти Петр Порошенко Москва менен Киевдин ортосундагы туткундарды алмашууга өзүнүн тийиштиги бар экендигин айтты. Ал “Деңиз укугу боюнча эл аралык трибуналынын чечими Путинди жарга такаган. Ошондуктан ал украиндерди бошотууга аргасыз болду!” деп Фейсбук баракчасына жазып чыкты.  Анын айтымында “украиналык баатырлардын” үйүнө кайтышына Порошенконун тушунда эле алгачкы кадамдар жасалган экен. Тагырагы, Кремль туткундарды бошотуусуна жеке өзүнүн салымы болгондугун ...

0 478

“Крокодилдер” качан кыргызча сүйлөйт?

10-сентябрь 2019, 13:07 Алтын Булат

Жогорку Кеңеште өткөн мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган конференцияда депутат Каныбек Иманалиев “Кыргыз мамлекети, кыргыз сөздүгү, "Манас" барда кыргыз тили жоголбойт”, - деп айтты. Албетте, “Манас” менен кыргыз “кырылгыс” болуп нечендеген кылымдарды карытып келе жатат. Андан көрө Каныбек мырза Чүй каналындагы “крокодилдер” да качан кыргызча сүйлөп каларын кошумчалап койсо болмок экен. Булак: "NazarNews.kg"

0 1285

ВИДЕО - Депутат Өмүрбек Бакиров мугалимдин деңгээли окуучунукунан төмөн дейт го...

Видео 10-сентябрь 2019, 12:46 Алтын Булат

Кече ЖоКедеги депутаттар Билим берүү министрлигине өкмөт сунуштаган Каныбек Исковдун талапкерлигин колдоп беришти. Албетте сын-пикир айтылды, ийгилик каалашты. Эми “Алыбек алына жараша...” эле болсо болмок. Мында “балык” болбой маарап коюну эп көргөндөр четтен чыкты. Алардын бири жана тамашалуусу “деңгээл” тууралу айткан Өмүрбек Бакировдун акыл айткандары болду окшойт. Анда “Айыл жерлериндеги мугалимдердин деңгээлдери начар. Бул талашсыз! Мына ошол айылдык мугалимдердин ...

0 249

Кыргызстанда 7 жылдан кийин минималдуу айлык 5 миң сом болот

10-сентябрь 2019, 09:58 Алтын Булат

Учурда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги айлык акыны көтөрүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны коомдук талкууга чыгарды. Ага ылайык, айлык акы этап-этабы менен жогорулайт. Сунуштамада айтылгандай, бул республикалык бюджетке оордук келтирбөөгө максатталган. Бүгүнкү күндө айлык акынын минималдуу өлчөмү 1750 сомду түзөт. Ал эми, Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2019-жылдын II-кварталында эмгекке жарамдуу жаштагы калктын минималдуу керектөөлөрү 5292,61 сомду ...

0 176

ВИДЕО - Кыргызстандык өзбек улутундагы мушкер өзбек мушкери Рузибоевди беттешке чакырды

Видео 10-сентябрь 2019, 09:50 Алтын Булат

Өзбекстандын Бухара шаарында болуп өткөн беттеште улуту өзбек кыргызстандык мушкер Журабек Тешебоев атаандашын 30 секундда жеңип алды. Ошол эле жерден ал Нурсултан Рузибоевди рингге чакырды.  "Мына мен келдим. Кыргызстанда болуп өткөн окуяны барыңар билесиңер. Нурсултан кай жерде мушташам десе, аны менен ошол жерде беттешем. Кыргызстан алга!" -деди Тешебов.  Эске салсак, Өзбекстандык мушкер Нурсултон Розибоев Кара-Суудагы беттеште жеңилүү ызасын тарткан. ...

0 430

Кой-таштыктар УКМКнын жетекчисинин үстүнөн арызданышты

09-сентябрь 2019, 17:02 Алтын Булат

Мурдагы президентти кармоо учурунда, анын Кой-Таштагы менчигине ырайымсыздык мамиле кылган тартип сакчыларына нааразы болгон адамдардын арызы Башкы прокуратурага тапшырылды. Арызга 1700 адам кол койгон. Мындай билдирүүнү СДПК партиясынын штабы таратты. Анда, Кылмыш кодексинин 138-беренеси (денеге оор жаракат келтирүү), 190-беренеси (турак жай кол тийбестигин бузуу), 150-берене (коркунучта калтыруу), 151-беренеси (жардам көрсөтпөө) жана 244-беренесин (барымтага алуу) эске алуу менен жазылган жарандардын ...

0 3874

Кызы порно актриса экенин билип калган атасы аны өлтүрмөкчү болгон

09-сентябрь 2019, 15:38 Алтын Булат

Түбү ооганстандык Улуу Британиянын эки жараны порноактрисаны өлтүрүүнү пландап жатышып, жергиликтүү полициянын колуна түшүштү. Алардын бири кыздын өз атасы экенин The Daily Mail жазып чыкты. Айтылгандай, кыз 2017-жылы иудаизмди кабыл алып, күйөөсү менен Австрияга келген жана ал жерде күйөөсүнүн порнографиялык фильминде роль аткара баштаган. Киши өлтүрүүгө шектелгендердин бири 54 жаштагы Мохаммед Патман актрисанын атасы экени белгилүү болду. Ал 49 ...

0 143

“Унаа-пара”. Көлдүк чиновник параны унаа менен алган

09-сентябрь 2019, 13:03 Алтын Булат

Жерди каттоо үчүн мыйзамсыз сый акы катары автоунаа алганга шектелип Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат тараткан маалыматка ылайык, жергиликтүү жаран пара катары, архитектура башкармалыгынын башчысына “ВАЗ” автоунаасын берген, бирок ортодогу келишимдери боюнча жер тилкеси катталбай же унаа артка кайтарылбагандан улам унаанын ээси арыз жазууга мажбур болгон экен. Демек, пара берген жана ...

0 372

Бадыраң, банан, бокал, лампочка... Дарыгерлер ички органдарда калып калган кызыктай предметтердин сүрөттөрү менен бөлүштү

09-сентябрь 2019, 12:11 Алтын Булат

“Секс-оюнчуктары атайын боолору менен сатылышы керек! Бул адамдардын ичинен алып чыгууга ыңгайлуу” деген билдирүүсүн Орусиялык бир дарыгер Twitter баракчасына жайгаштырган. Бул постту жазуу менен ал дарыгер адамдардын ички органында калып калган секс-оюнчуктарды көп жолу опперация жолу менен алганына жини келгенин жашырган эмес. Айтып олтурса, дүйнөнү таң калтырган адам баласынын мындай кылыктары өтө эле көп. Тагырагы, дарыгерлер тарабынан жарыяланган рентген ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 331

Кожобек калпты катыра айтабы?

09-сентябрь 2019, 10:40 Алтын Булат

Жогорку Кеңеште өзүн “илита” атаган депутат бар эмеспи, Кожобек Рыспаев дегенчи, ии ошо... “Жардан кулап аман калдым” – деген маалыматын таратты го. Эми болушунча аракет кылыптыр актанганга. Бирок ошол айтып жатканын ашыра апыртып ийгенин өзү деле байкабай калды өңдөнөт. Жакында анын “артымдан “Ауди” унаасы түртүп ийип, тоголонуп кетип баратам, тоголонуп кетип баратам...” –деген жомок сымал кеп айткан видеосу тарады.

09-сентябрь 2019, 10:40 | 331
0 2412

ВИДЕО - Москва — Владивосток каттамындагы учак өрттөнүп кетти

Видео 09-сентябрь 2019, 09:20 Алтын Булат

Кечээ, 8-сентябрда болжол менен Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9дан 55 мүнөт өткөндө Шереметьево аэропортунда учак өрттөндү. Мындай маалыматты Москва регион аралык транспорт прокуратурасы билдирген. Анда айтылгандарга караганда, учак Москвадан Владивостокко учмакчы болгон учактын мотору өрттөнүп кеткен. Окуя болгон учурда учактын бортунда 369 жүргүнчү болгон. Бактыга жараша жабыр тарткандар жок. Бирок башка маалыматтарда 2 адам ооруканага жеткирилгени айтылат. Эске ...

0 3547

Окумуштуулар арктика жаракаларынан башка планеталык кораблга туш болушту

07-сентябрь 2019, 17:18 Алтын Булат

Түштүк уюлду изилдөөчүлөр белгисиз учуучу тарелканын (НЛО) күбөөсү болушту. Шумдуктуу табылганын анда жатканына кеминде 3 миң жыл болгон. Бул тууралуу "Диалог.UA" билдирет. Окуянын күбөлөрү айткандарына таянсак, алгач алар жерден асманга спирал түрүндө буралып чыгып жаткан нурларды алыс аралыктан көрүшкөн. Жакындап келгенде көргөн көздөрүнө ишенбей катып калышкан. Анткени алардын бет маңдайында, музга оролгон белгисиз учуучу объектин корпусу жаткан болучу. Белгилей ...

0 669

Рита Карасартова: “Бийлик чоң муштумдарга таянган саясатын жүргүзүп жатат”

09-сентябрь 2019, 12:21 Алтын Булат

Мындай оюн укук коргоочу Рита Карасартова NazarNews.kg маалымат агенттигине Бишкек шаарында эки адамдын зөөкүрлөр тарабынан сабалганы боюнча пикирин билдирип жатып айтты:    “Бийлик өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн бүгүнкү күнү акчалууларга жана чоң муштумдарга таянып жатканы ачыктан-ачык. Бир шайлоочуну сатып алса болот. А дагы бирөөсүн коркутуп койсо болот деп. Ошентип башкаруу ыкмасында дагы акчалуу менен чоң муштумдарга таянганы, жөнөкөй ...

0 188

Осунбек Жамансариев: “Мечитти саясатташтырган туура эмес болууда”

07-сентябрь 2019, 15:48 Алтын Булат

“Бишкектеги, “Апрель шейиттери” мечитинде дагы деле текшерүү иштери жүрүүдө. Бул апрель окуясында катышкандардын жана анда курман болгондордун жакындарынын моралдык укугун бузууга жатат”. Мындай пикирин юрист Осунбек Жамансариев NazarNews.kg маалымат агентигине билдирди.  Жамансариевдин айтымында, саясатташтырып мечитти камап коюу туура эмес. Ал 7-апрелде курман болгондорго арналып салынган. Кандай болгон күндө дагы ал мечит элдики. - Биринчиден муну эл колдонуп жатат. Камакка алууда эч ...

0 279

Каза болгонуна 2 ай болгон аял ымыркай төрөдү

07-сентябрь 2019, 12:34 Алтын Булат

Ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок, бул Польшада болгон чыныгы окуя. Мында ымыркайдын жарык дүйнөгө келишине, Краков шаарындагы дарыгерлердин эмгеги зор болгонун жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты. Ал маалыматтарга таянсак, бир айлык боюнда бар аял оор акыбалда ооруканага жаткырылган. Дарыгерлер анын мээси жабыркаган болушу мүмкүн деген диагноз коюшкан. Кийинчерээк адистер аялдын мээсинин функциялары токтоп калганын аныкташкан. Анткен менен дарыгерлер, аялдын жатынындагы түйүлдүктүн ...

0 762

Дарыгерлер дарыгердин жанын сактай алышкан жок

07-сентябрь 2019, 10:16 Алтын Булат

5-сентябрь күнү кан тамырын кесип алган дарыгерди оор акыбалда, өзү иштеген ооруканага алып келишкен. Бирок, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады. Айтылгандай, өз жанын кыйган дарыгер Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасында реаниматолог болуп көп жылдан бери иштеп келген. Өз жанын кыюуга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Учурда бул ...

0 232

ВИДЕО - Интернетте таанышуу тиркемесин өздөштүргөн чоң эне жаш жигиттер менен мамиле түзүүдө

Видео 07-сентябрь 2019, 09:30 Алтын Булат

Нью-Йорктук 83 жаштагы Хэтти Ретрож аттуу кемпир күйөөсү менен ажырашканга чейин аны бир дагы жолу башкага алмаштырган эмес. Бирок, ал жакындан бери интернетте таанышуунун кыныгын алган. Ошондон тарта жалаң жаш жигиттер менен мамиле түзүп келет. Мына ушундай маалыматтар Хэтти чоң эне тууралуу тартылган видеодо камтылат. - Көрсө мен сыяктуу өтө эле картаң айымдар менен кездешүүнү каалагандар көп экен. Азыр ...

0 516

Меркель кайрадан өзүн жаман сезүүдө – ойлонуп олтурган фотосүрөтү пайда болду

06-сентябрь 2019, 18:13 Алтын Булат

Кытай өлкөсүнө болгон иш сапарында, Ангела Меркелдин ден – соолугу жайында болгон жок. Ал өлкөнүн гимни ойноп жаткан учурда отургучта олтуруусун уланткан. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар тараткан маалыматтарга таянсак, 30 градус күндүн ысыгында иш-чараны өткөрүү оңой болгон эмес. Ошентсе дагы Меркель оорусун сыртка байкатпоого аракет кылгандыгын жазышат. Жолугушуу учурунда дагы ал көңүлдүү жана сөзмөр болгон. Эске сала кетсек, Меркельдин ...

0 523

МАИ ар бири 60 миң сомго бааланган алкотестер сатып алат

06-сентябрь 2019, 17:32 Алтын Булат

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардын ичимдик ичкен, ичпегенин текшерүүчү атайын аппараттарды (алкотестер) сатып алат. Бул боюнча Мамлекеттик сатып алуулар порталында тендердин шарттары жайгаштырылды. Ага ылайык, ведомство 160 даана алкотестерди 9 миллион 568 миң сомго сатып аларын көрсөтүлгөн. Демек ар бир аспап 59 миң 800 сомго бааланат экен. Эми кызыктар тараптар сынакка документтерди 27-сентябрга чейин тапшыруулары керек. Биз ...

0 690

ВИДЕО - Балалуу болууга эч качан кеч эмес! Индияда 74 жаштагы кемпир эгиз төрөдү

Видео 06-сентябрь 2019, 15:30 Алтын Булат

Индиянын Андхра-Прадеш штатынын Эрраматти Мангаямма аттуу тургуну дөйнөдүгү эң эле улгайган апа болду. Ал эконун жардамы менен эгиз кыз төрөгөн. Коомчулук буга “шок” болуп, бул маалыматка ишенип, ишенбей турган чагы. Төрөттү кабыл алган жергиликтүү клиниканын директору, улгайган апаны кесерево жолу менен төрөткөнүн, учурда эненин жана эгиз кыздарынын ден-соолугу жакшы экенин билдирген. Айтылгандай, 74 жаштагы Мангаямма менен анын 80 жаштагы ...

0 392

ВИДЕО - "ОЙ ШУМДУК": Адам итке эмес, ит адамга кожоюн боло баштаптыр   

Видео 06-сентябрь 2019, 14:08 Алтын Булат

Өзүнө таандык вилласы бар жана кабриолет минип жүргөн Гюнтер IV аттуу германиялык ит дүйнөнүн эң байларынын бири болуп калды. Анын учурдагы байлыгы 373 миллион долларга бааланат. Маалыматтарда, Гюнтер IVкө мурас атасы Гюнтера IIIтөн калды. Өз убагында, жалгыз мураскери катары, 1991-жылы Карлот Либенштайн аттуу немис графиня-мультимиллионер айым өзүнүн багып алган үй жаныбарына байлыгын калтырып кеткен. Ошентип учурдагы мураскер, 13 жаштагы ...

0 76

АУДИО - ВИДЕО - Орусиялык активист Котов 4 жылга кесилди

Аудиофайл Видео 06-сентябрь 2019, 12:10 Алтын Булат

Москвадагы Тверь райондук соту митингдерде бир нече ирет мыйзам бузгандыгы үчүн активист Константин Котовду 4 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Айтылгандай, Котов Орусиянын “Митинг, пикеттерди уюштурууда белгиленген тартиптерди бир нече ирет бузуу” беренеси менен соттолгон экинчи адам болду. Буга чейин ушул эле берене менен Ильдар Дадин 2 жылга эркинен ажыратылган болчу. Котов ...

0 285

ВИДЕО - Бир бөтөлкө арак үчүн дүкөнгө уурулукка кирген

Видео 06-сентябрь 2019, 11:13 Алтын Булат

Орусиянын Йошкар-Ола шаарында күлкү келерлик карактоо болду. Тагырагы биздин телеграм каналга келген видеодо, дүкөнгө уурулукка кирген адам мас болуп калып полициянын колуна түшкөнүн көрүүгө болот. Ал адам дүкөндүн айнегинен текчеде тизилип турган арактарды көрүп кармана албай калып, 1-2 бөтөлкө ичкилик алуу үчүн ичкери кирген. Бирок, кубанганынан чыдабай ошол эле жерде ичип баштаган. Полиция келген учурда ууру дүкөнгө кандай киргенин ...

0 383

АУДИО - Мелис Аспеков: Кара-Балтадагы кытайлар кыргыз мыйзамдарын "уруп ойношпойт"

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 18:02 Алтын Булат

Кара-Балтадагы “Жунда” заводу өз билимдик кылып, санитардык нормаларды бузуп жатат. Бул тууралу жарандык активист Мелис Аспеков NazarNews.kg сайтына билдирди. Айтымында, жергиликтүү тургундар ага телефон чалып, жеринде иликтеп берүүнү суранышкан.  Активистке жеткен маалыматтарга караганда, кытайлар заводдун айланасындагы дачаларды сатып алышкан. Учурда документ боюнча 18 гектардай жер, 11 кашар калган. Муну “Чайна Петрол Компани (Жунда)” 2013-жылы 800 миң АКШ долларга сатып ...

0 162

«Дориан» бороонунан каза болгондордун саны өсүүдө

05-сентябрь 2019, 12:09 Алтын Булат

Багам аралдарында катталган бул күчтүү шамалдан улам каза болгондордун саны 20 адамга жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ММКлар жазып жатышат. Эске салсак, кечээ АКШнын Флорида, Жоржия жана Түштүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бороондун айынан баарынан көп Багам аралдарынын Барбадос, Сент-Люсия, Сент-Томас, Абако жана Чоң Багам аралдары жабыр тарткан. Ылдамдыгы саатына 300 километрге чейин жеткен бороондон 7 киши каза болуп, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 201

АУДИО - Кубанычбек Исабеков: “Кумтөргө” кайсы жерлер берилгенин билбейм. Эгерде 2010-жылы кол коюлган жерген болсо, анда корук жерлер берилди”

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 14:02 Алтын Булат

“Кумтөр” менен түзүлгөн келишим күчүнө кирди. Ошол эле учурда эки тараптын ортосундагы соттук териштирүүлөр токтотулганын жакында эле кыргыз өкмөтү жарыялады. Бул учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев, буга чейинки өкмөт башчы Сапар Исаковдун колу коюлган мурдагы келишимди “өлкө кызыкчылыгына жооп бербейт” деген жүйөө менен четке каккандан кийинки жаңы келишим. Эми ага ылайык, “Центерра” кыргыз тарапка 150 миллион доллар төлөөрү айтылууда. ...

0 122

АУДИО - Сауд Арабиянын өнүктүрүү фонду бөлгөн 30 миллион доллар кайда?

Аудиофайл 05-сентябрь 2019, 12:05 Алтын Булат

Бүгүн, 5-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү Нарындагы “контейнер мектеп” тууралуу кеп козгошту. Анда депутат Төрөбай Зулпукаров 2016-жылы парламент 27 мектептин курулушу үчүн Сауд Арабиясынын фонду бөлгөн 30 миллион доллардын ушул убакытка чейин колдонулбаганын эскертип өттү. Демек, атайын мектеп курууга бөлүнгөн акча бар экен да. Анда ал кайда? Башка максатта пайдаланып кеттиби же бирөөнүн сол чөнтөгүнө кирип кеттиби? Булак: ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83