www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурбек Айдар

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (168)

0 126

АКШ армиясын согуштук даярдыкка келтирди

18-сентябрь 2019, 09:21 Нурбек Айдар

Американын вице-президенти Майк Пенс АКШ армиясын согуштук даярдыкка келтиргенин айтып чыкты. Бул тууралуу Reuters маалымдады. Анда айтылгандай, Америка тарап Сауд Арабиядагы нефть объекттерине болгон чабуулдардан кийин ушул кадамга барган. Ошондой эле Пенс АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул чабуулдарды талкуулоо үчүн Сауд Арабиясына кеткенин билдирди. Ал эми Трамп болсо мындан аркы кадамдарын ойлонуп жатат.

0 61

Мирлан Мурзаев “Дордойго” кайтып келди

17-сентябрь 2019, 18:00 Нурбек Айдар

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жана "Дордой" футболдук клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев Түндүк Кипрдин командасы менен түзгөн келишимин бузуп, “Дордойго” кайтып келди. Кыргыз Премьер-Лигасы билдиргендей, Түндүк Кипрдин Футбол федерациясы ФИФА тарабынан таанылган эмес. Ошондуктан, бул чемпиондукта Мурзаев ойносо, улуттук курама команда үчүн Азия жана Дүйнө чемпиондуктарынын тандоо турларында ойной албай калмак. Булак: "NazarNews.kg"

0 105

Улуттук көчмөндөр оюндары. Көк-бөрү боюнча алгачкы жыйынтыктар чыкты

19-сентябрь 2019, 13:34 Нурбек Айдар

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-бөрү боюнча 9 команда ат салышууда. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында бул 9 команда 3 тайпага бөлүнгөн. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, спорттук оюндар 16-сентябрда саат 16:00дө Райкан Алканов атындагы ат майданында башталган. Көк-бөрү боюнча мелдештин жыйынтыктары: 1-күндүн жыйынтыгы:

0 217

Норвегияда балыкчылар “башка планеталык” балыкты кармап алышты

17-сентябрь 2019, 17:18 Нурбек Айдар

Норвегияда балыкчылар таң калычтуу балык кармап алып, кууруп жеп алышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, норвегиялык Оскар Лундаль аттуу балык кармоо боюнча гид кардарлары менен палтус балыгын кармоо үчүн деңизге чыккан. Туристтер Түндүк деңизиндеги Аннейа аралына жакын жерде балык уулап жатышкан. Лундаль кайырмагына бир нерсе түшкөнүн байкап, кылды тарта баштаган. 800 метр тереңдиктен балык уулап жатышкандыктан, ...

0 515

Садыр Жапаровдун уулу менен кошо кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты

17-сентябрь 2019, 16:54 Нурбек Айдар

Садыр Жапаровдун уулу Дастан менен кошо кырсыкка кабылган кыз ооруканадан чыкты.  Маалыматка ылайык, К.Д. аттуу 1998-жылы туулган кыз тиешелүү медициналык жардамдарды алган соң 5-сентябрда ооруканадан чыккан. Эске салсак, саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Садыр уулу 22-август күнү саат 22:00 менен 23:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар айылында жайгашкан "Фрунзе" маркетинин алдында болгон жол кырсыгында көз жумган. Ал айдаган мотоциклде 20 ...

0 103

Чек арадагы чыр-чатак. Киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду

17-сентябрь 2019, 16:44 Нурбек Айдар

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак боюнча киши өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына ИИМдин өкүлдөрү маалымат берип жатып билдиришти. Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков парламенттин укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында окуялардын хронологиясын тизмектеп берди. Эми маалыматтар эртең палатада угулмакчы. Булак: "NazarNews.kg"

0 168

ВИДЕО - Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийди

17-сентябрь 2019, 15:30 Нурбек Айдар

Жүрүп бараткан унаага эки жолу чагылган тийип, бактыга жараша эч ким жабыр таркан жок. Маалыматтарга караганда, бул окуя Орусиянын Новосибирск шаарынан Бердск шаарына бараткан трассада болгон. Машинага чагылгандын тийгени анын артында бараткан унаанын видеорегистраторуна тартылып калган. Эки жолу чагылган тийгенде айдоочусу унаасын токтоткон. Белгилүү болгондой, чагылган тийгенден эч ким жабыр тарткан эмес.

0 225

Камчыбек Ташиев: “Чек арага саткындарды, саясий сойкуларды жөнөтпөгүлө!”

17-сентябрь 2019, 15:01 Нурбек Айдар

Экс-депутат Камчыбек Ташиев да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу элге кайрылды. Ал өз билдирүүсүндө чек арага саясий сойкуларды, коркокторду жибербөөнү айтып, каза болгон чек арачынын жакындарына көңүл айтты. “Урматтуу эл-журтум! Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду, мен болсо алыс чет жакта болуп калдым, жүрөгүмдү тилип кетти. Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президенти жана бийлик ээлери бар ...

0 114

Бүгүн Бишкек шаардык соту баңги сатканга шектелген адамдын баш коргоо чарасын карайт

17-сентябрь 2019, 14:34 Нурбек Айдар

Ушул жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдө баңги затын сатууга шектелип Роман Пивцов аттуу жаран кармалган. Өздүк булактар берген маалыматка караганда, Роман Пивцов кармалган учурда анын жанынан 500 грамм гашиш табылып, тартылып алынган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине ири өлчөмдөгү баңги заттарын даярдоо жана сатуу беренеси боюнча катталып, сотко ...

0 142

Чек арадагы атышууда жаракат алгандар борбордогу ооруканага жөнөтүлдү

17-сентябрь 2019, 13:20 Нурбек Айдар

Чек арадагы атышууда жаракат алгандардын 10у аскердик учак менен борбордогу ооруканага жөнөтүлдү. Жаракат алгандарга борбордогу медициналык мекемелерде тиешелүү жардамдар көрсөтүлөт. Кечээ, кыргыз-тажик чек арасында болгон атышууда бир чек арачы каза болуп, 13 кишинин жаракат алганы кабарланган. Жабырлануучулардын жетөө аскер кызматкери болсо, алтоо жергиликтүү тургундар. Булак: "NazarNews.kg"

0 1526

Кызматтан кетирген селфи. Шоколадга жуунган чиновник иштен айдалды

17-сентябрь 2019, 13:05 Нурбек Айдар

Орусиянын Ульяновск облусунун губернатору Сергей Морозов өзүнүн IT-сферасы боюнча кеңешчиси Светлана Опенышеваны кызматтан кетирип, ага карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды. Анын бул кадамга барышына 55 жаштагы кеңешчисинин шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып, Инстаграмм баракчасына жүктөгөнү себеп болгон. Маалыматтарга караганда, Светлана Опенышева Азербайжандагы санаторийлердин биринде эс алып жүргөн учурунда шоколад ваннасын кабыл алып жатканын селфи кылып тартып Инстаграммга жүктөгөн. ...

0 115

ВИДЕО - Мышыктар менен бала кобранын каршы турушу

17-сентябрь 2019, 12:48 Нурбек Айдар

Индиялык актер Нил Нитин Инстаграмм баракчасына төрт мышык кобрага чабуул кылып жаткан видеону жүктөдү. Анда мышыктар жыланды карап жатканы, ал тургай бирөөсү жыланды бир чапканы тартылган. Жыйынтыгында бала кобра качып кетүүгө аракет кылган. Бул видео социалдык тармактарга тарап, эки күндө эле аны 90 миң жолу көрүшкөн. Булак: "NazarNews.kg"

0 91

Баңги зат сатууга шектелген жаран камакка алынды

17-сентябрь 2019, 12:14 Нурбек Айдар

Роман Пивцов аттуу жаран баңги зат сатууга шектелип, ИИМдин баңгизат сатууга каршы башкармалыгы тарабынан кармалып, бирок өз иш-аракетин так далилдей албай, тараптар бири-бирине кылмыш ишин козготкон. Кийин ал Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кайрадан кармалып, 12-сентябрда Свердлов райондук соту тарабынан Роман Певцовдун баш коргоо чарасы каралып, камакка алынган. Милиция аны мектептерде балдарга баңги затын сатып жүргөн деп айыптап ...

0 286

ВИДЕО – Баткендеги атышуунун видеосу

17-сентябрь 2019, 14:16 Нурбек Айдар

Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы атышуунун видеосу жарыяланды. Бул видеодо минеметтордун жана автоматтардын атылган үндөрү угулуп жатат. Булак: "NazarNews.kg"

0 87

Чек ара чырында жаракат алгандардын тизмеси

17-сентябрь 2019, 11:10 Нурбек Айдар

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан бир киши каза таап, 13 жаран жарадар болду. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. 17-сентябрга карата Баткен облусунун Лейлек райондук ооруканасында 13 киши жатат. Тизме: 1. Ж.Б., аттуу жаран 1978-жылы туулган. Моюнуна ок тийип, жаракат алган. Абалы туруктуу; 2. Болжол менен 12 жаштагы өспүрүм. Оң колу жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор, катуу коркуп калгандыктан, ...

0 668

Айбек Мусаев, машыктыруучу: “Силер го качып кетесиңер. Эл эмне болот?”

17-сентябрь 2019, 10:51 Нурбек Айдар

Кечээ болгон чек ара чырына байланыштуу коомчулукта бийлик тарапка нааразычылыктар көп болуп жатат. Бийликтин шалаакылыгынан улам ушундай окуялар катталып жатканы чын. Ошондой бийликке нааразычылыгын билдиргендердин бири, “Жаш-Күч” спорттук клубунун машыктыруучусу Айбек Мусаев да өзүнүн Фейсбук баракчасына өз оюн жазган. Анын жазгандарын төмөндө сунуштайбыз. “Оо, бийлик башчылары, Оо, Жогорку Кеңеш! Чек ара маселесин биринчи орунга коюп, көйгөйдү чечпесеңер болбой калдыыы. Аз-аздан атышып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 186

Кечээки чек ара чырында Тажикстандын 3 чек арачысы каза болгону айтылууда

17-сентябрь 2019, 10:19 Нурбек Айдар

16-сентябрда болгон чек ара чырында Тажикстандын 3 чек арачысы каза болду. Бул тууралуу Азияплюс маалымат кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка ылайык, тажик тараптан эки катардагы жоокер жана чек ара жамаатынын коментанты каза болгон. Тизме: Овчи-Калач чек ара жамаатынын коменданты подполковник Убайдуллоев Рустам Амонулоевич, 1984-жылы туулган;

0 485

Турсунбай Бакир уулу президентке кайрылды

17-сентябрь 2019, 10:09 Нурбек Айдар

Экс-акыйкатчы, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президентке кайрылды. Ал эгер президент уруксат берсе, Баткендеги чек ара маселесин чечип келем дейт. Кыргызстандын Баткен облусундагы чек араларыбызда кайра-кайра болуп жаткан атышуулар, жаңжалдар боюнча «ЭрК» партиясынын Кыргыз жумуриятынын президенти Сооронбай Жээнбеков мырзага Коопсуздук жана чек ара маселеси өлкөнүн түштүгүндө эң курч болуп жатат. Жылуу жерде ...

0 100

Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду

17-сентябрь 2019, 09:54 Нурбек Айдар

Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду. Бул тууралуу «Саясий туткундарды коргоо» комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Карыбековду жатак абакка которуу боюнча адвокаттардын өтүнүчү сот тарабынан 4-сентябрда канааттандырылган.  Эске салсак, Эрнест Карыбеков саясатчылар Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров менен бирге 2016-жылдын март айында, «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен кармалган. Асанов ...

0 115

Артында 3 баласы калды. Каза болгон чек арачы тууралуу эмнелер белгилүү?

17-сентябрь 2019, 09:27 Нурбек Айдар

Кечээ, 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, жети жоокер жаракат алган. Алардын экөөсүнүн абалы оор. Мындан сырткары жергиликтүү алты тургун да жаракат алды. Жаракат алгандардын баары учурда Исфанадагы райондук ооруканада дарыланышууда. Чек ара кызматынын маалымат кызматынын билдиришинче, каза болгон чек арачы Равшан Муминов 41 ...

0 204

Орусиянын абактарында 1 миң 300 кыргызстандыктар отурат

16-сентябрь 2019, 18:04 Нурбек Айдар

Орусиянын абактарында 1 миң 300 кыргызстандыктар жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Новосибирск шаарындагы мекендештер менен жолугушууда айтты. Анын айтымында, абакта отурган кыргызстандыктардын көбү өзүнүн эле мекендештерине карата кылмыш жасаганы үчүн соттолгондор.  «Орусияда 1 миллион 200 жүз миң кыргызстандыктар бар, анын 500 жүз миңдейи орус жарандыгын алгандар. Талдап көрүп, өзүбүздүн мигранттар өзүбүздүн эле жарандардын алдап, тоноп кетип жатканын байкадык”, ...

0 876

Балээ болду. Эми помидор да жей албай калабызбы?

16-сентябрь 2019, 17:08 Нурбек Айдар

Стивен Гандри аттуу америкалык кардиолог “Өсүмдүктөрдүн парадоксу” аттуу китебинде көптөгөн витамин жана минералдар болгонуна карабастан помидорлор ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн деп жазган. Адистин айтымына караганда, помидорлордо адамдын ден соолугуна олуттуу коркунуч келтире турган заттар да бар. Сөз өсүмдүктөр зыянкечтерден коргонуу үчүн бөлүп чыгара турган лектиндер жөнүндө болуп жатат. Кардиологдун ырасташынча, дал ушул лектин организмге кирген соң, зыяндуу бактерияларды ...

0 300

Борбор Азиядагы эң чоң мечит октябрда ачылат

16-сентябрь 2019, 16:08 Нурбек Айдар

Борбордук Азиядагы эң чоң мечит ушул жылдын октябрь айында Тажикстандын борборунда ачылышы пландалууда. Бул мечитте бир убакта 120 миң киши намаз окуй алмакчы. Мечиттин пайдубалы туура 10 жыл мурун, тактап айтканда 2009-жылы октябрь айында курулуп баштаган. Объектин курулуш долбоорун Тажикстан менен Катардын адистери иштеп чыгышкан. Мечиттин ар бири 75 метр бийиктиктеги 4 мунарасы бар. Борбордук бул мечит Душанбенин түндүк жагында ...

0 158

Өзбек депутаттары ашыкча каада-салттарды кыскарткан устав иштеп чыкты

16-сентябрь 2019, 15:02 Нурбек Айдар

Өзбекстандын парламенти өлкөдө жамандык-жакшылыктарды өткөрүүнү жол-жобосун иштеп чыкты. Бул парламенттин эки палатасынын тең депутаттарынын сынынан өткөн. Устав аш-тойлорго кеткен чыгымды жана убакытты үнөмдөйт. Мисалга, той болордон бир жума мурун маала комитетине кабарланышы керек жана той бир гана күн өтөөрү уставда жазылган. 200гө чейин конок чакырылышы жана той түнкү 11ден кечикпей бүтүшү шарт. Кортежде 3 машинадан көп болбошу керек. Айрым учурларда ...

0 110

Жактоочу Айткуловдун иши сотко өткөрүлдү

16-сентябрь 2019, 14:34 Нурбек Айдар

Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы Икрамидин Айткуловго карата алдамчылык боюнча кылмыш ишин Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматта, Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өткөрүлгөн Икрамидин Айткуловго карата алдамчылык боюнча кылмыш иши аяктады жана Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Башка иштер боюнча сотко чейинки иштер уланууда, -деп ...

0 627

Сүрөт кайсы жакта тартылганы белгисиз. МАИчилер маршрутканы табыша элек

16-сентябрь 2019, 14:11 Нурбек Айдар

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы  №6 маршруттагы бусикте кыпчылып бараткан бала кайсы жакта тартылганын издеп жатышат. Жакында Фейсбук колдонуучусу бул сүрөттү чыгарып, ал социалдык тармактарда чоң талкуу жараткан. Анда сүрөттүн Чүй облусунун Ысык-Ата районунда тартылгандыгы айтылып жаткан болчу. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы нын маалыматына караганда, учурда өлкөнүн бардык аймактарындагы маршруттук таксилер текшерилип ...

0 516

Атамбаев Максим Бакиевден 3 миллион доллар алганбы?

16-сентябрь 2019, 13:51 Нурбек Айдар

Камакта жаткан мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 2009-жылы президенттик шайлоого катышып, добуш берүү күнү өз талапкерлигин алып салып элдин кыжырын келтирген эле. АША ошондо бул аракетин Бакиевдердин бийлигине шылтап, штаб башчысы Бакыт Бешимовду “сатылып кетти” деп күнөөлөгөн. Бирок, АШАнын бул айткандары жөн эле апыртма экенин ошол кезде Атамбаевге буту үзүлгөнчө чуркаган саясатчы Кубанычбек Кадыров “Азаттык” үналгысына ...

0 218

Роналду атасын эстеп ыйлады

16-сентябрь 2019, 13:36 Нурбек Айдар

Анын атасы тууралуу видеону көргөндөн кийин атактуу футболчу Криштиану Роналду көз жашын тыя албай калды. Футбол жылдызына атасы Жозе тууралуу видеролик Пирс Морган менен болгон маек учурунда көрсөтүлгөн. Жозе аракеч болгон жана анын айынан ооруп Роналду 20 жашка чыкканда каза болгон. Видеодо атасы көптөгөн маанилүү учурларды өткөрүп жибергенин айткан. Анын ичинде Роналдунун футболдогу ийгиликтерин, ...

16-сентябрь 2019, 13:36 | 218
0 180

Кемпирди троллейбустан түшүрүп салган айдоочу иштен алынды

16-сентябрь 2019, 12:37 Нурбек Айдар

Улгайган аялды троллейбустан түшүрүп салган айдоочу иштен алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынан маалымдашты. Буга чейин социалдык тармактарда видео таркаган болчу, анда коомдук унаанын айдоочусунун “сасып жатасың” деп жүргүнчү кемпирди троллейбустан түшүрүп салганы тартылган. Окуя Бишкек шаарындагы №11-каттамдагы троллейбустардын биринде болгон. Булак: "NazarNews.kg"

0 103

Бейшенбек Бекешов: “КЫРГЫЗДЫН КӨЗҮ КЕЖИГЕСИНДЕ”

16-сентябрь 2019, 12:26 Нурбек Айдар

Акыркы убактарда Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча сунуштар айтылып жатат. Бул мүмкүн кыргыз эли үчүн пайдалуу болот чыгар, балким тескерисинче болуп калабы, азырынча белгисиз. Ошондой эле бул сунуш түрдүү талкууларды жаратты. Сунушту жактагандары да бар, колдобогондору да бар. Бул тууралуу өзүнүн оюн журналист Бейшенбек Бекешов да социалдык баракчасына жазган. “Алдын көрө албайт, дайыма кылчактап артын карап турат”, - дечү бейиши ...

0 335

Усама Бен Ладендин уулу өлтүрүлдү

16-сентябрь 2019, 11:30 Нурбек Айдар

“Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Дональд Трамп да тастыктады. “Аль-Каида” террордук уюмунун негиздөөчүсү Усама бен Ладендин уулу, ушул эле уюмдун жетекчилеринин бири 30 жаштагы Хамза бен Ладен ооган-пакистан чек арасында өткөрүлгөн атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Качан жана кайсы жерде экени так айтылган жок. Эске салсак, №1 ...

0 428

Айбек Мырза: “Жер-Үйдө кенинде мамлекеттин үлүшү жок. Бул деген кылымдын аферасы”

16-сентябрь 2019, 11:02 Нурбек Айдар

Биз "Жер-Үй: кечээ, бүгүн, эртең" элдик жыйынын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы Айбек Мырза менен маектешип, элдик жыйын тууралуу суроолорубузга жооп алдык. - Сиздер өткөрүп жаткан элдик жыйынды өткөрүүнүн себеби эмнеде? - Президент С. Жээнбековдун Коопсуздук кеӊештин жыйынында "Тоо-кен тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиптир" деп коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элди көмөктөшүүгө чакырганы болду. - Элдик ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 564

Семетей Талас уулу: “Турук кенин иштетүүнү чынчыл бизнесмен утуп алды”

17-сентябрь 2019, 18:20 Нурбек Айдар

Ата-мекендик инвесторлор келсин дейбиз, келсе чуулдайбыз. Кен-байлыктар боюнча чуулуу кабар чыкса эле, айрыкча алтын кендердин кытайларга жең ичинен, ит бекерге сатылып кеткенин угуп, канча сапар, “мамлекет же ата-мекендик инвестор ушул кенди иштетсе, сырткы инвесторго кетчү киреше ички рынокто калып, канчалаган жумуш орду түзүлмөк” деп саныбызды аткып кейип келебиз. Алардын сап башындагылардын бири – менмин. 2 күндөн бери Ак-Талаа районундагы Турук ...

0 502

Эмилбек Каптагаев: “Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктар боюнча пикирлери колдоого арзыйт”

16-сентябрь 2019, 09:43 Нурбек Айдар

“Кечээки жолугушууда президент Сооронбай Жээнбековдун кен байлыктарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу, лицензия берүүнү тартипке салуу боюнча пикирлери мага жакты, колдоого арзыйт”. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты. “Анын "Кыргызкөмүр" жана "Кыргызалтын" ишканалары баардык кен казылып жаткан жерлерде үлүшкө ээ болуп, мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кыла ала тургандай ыйгарым укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү болууга тийиш деген пикирин кантип ...

0 68

ВИДЕО - “Эталон” базарында тытылган желек илинип турат

16-сентябрь 2019, 09:44 Нурбек Айдар

“Бишкектеги курулуш каражаттарын сатуучу “Эталон” базарында Кыргыз Республикасынын желеги тытылган абалда желбиреп турат. Базардын жетекчилиги эмне үчүн анын ордуна башка илип койбойт, -деп окурманыбыздан кат келди. Окурманыбыздын айтымында, желектин ушундай абалда турганын ал 15-сентябрь күнү көрүп, сүрөткө, видеого тартып алган. Булак: "NazarNews.kg"

0 5503

Ташкентте 25 жаштагы гейди союп кетишти

14-сентябрь 2019, 13:14 Нурбек Айдар

12-сентябрь күнү Ташкенттин Юнусабад районунда Шокир Шавкатов аттуу 25 жаштагы жигит өлтүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, анын өлүмүнө шектелип 40 жаштагы эки жаран кармалган. Белгилүү болгондой, Шокир Шавкатов Инстаграммдагы өзүнүн баракчасына гей экендигин ачык жазган жана тааныгандар анын чынында эле “көгүлтүр” экендигин айтышкан. Ошол күнү Шокир ЛГБТ-коомчулугунун өкүлдөрү чогулуучу түнкү клубга барып, бир нече ...

0 456

Назира Айтбекова: “Мырзалар, силер бизден таарынуу, телтектөө сапаттарыбызды талашпагылачы!”

14-сентябрь 2019, 12:08 Нурбек Айдар

Белгилүү алпаруучу, актриса Назира Айтбекова социалдык баракчасына эркектерге байланыштуу пост жазды. Анда ал аялдарга тийиштүү айрым сапаттарды эркектердин талашпай эле коюусун өтүнгөн. “Таарынуу, телтектөө, мүнөз көрсөтүү, бултуктап-тултуктоо, кара тизмеге киргизүү, кетип калуу, канча күн дайынсыз жоголуп кетүү - аялдарга тийиштүү сапат! Суранам, мырзалар, бизден бул сапатты талашпагылачы! Айып бизден кетип, асманды сөөмөй менен ...

0 917

Эки жаштагы кыз кокусунан апасын өлтүрүп алды

14-сентябрь 2019, 11:38 Нурбек Айдар

Окуя Беларустун Брест облусунда катталды. Анда эки жаштагы кыз кокусунан апасын муунтуп өлтүрүп алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, ушул жылдын 31-август күнү жаш үй-бүлө 2 жаштагы кызы менен Старое Село деп аталган айылга конокко келишкен. Наристенин апасы, 21 жаштагы Юлия Шарко автоунаанын терезеси аркылуу кызын алып жаткан учурда наристе терезенин жабуу механизмин басып ...

0 830

Заворотнюк комага түшүп калды

14-сентябрь 2019, 10:29 Нурбек Айдар

Актриса Анастасия Заворотнюкту өтө оор абалда болгону үчүн медикаменттик комага түшүрүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, ал эки жума мурун ооруканага түшкөн, абалы начарлап кеткендиктен бүгүн түнү аны жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Учурда дарыгерлер мындан ары эмне кылуу тууралуу ойлонуп жатышат. Актриса мындай абалда жатканда операция кылуу да мүмкүн эмес экен. Мындан мурун Заворотнюк мээнин рагы ...

14-сентябрь 2019, 10:29 | 830
0 231

ВИДЕО - Бразилияда дайверлер өтө чоң анакондага туш келишти

14-сентябрь 2019, 09:45 Нурбек Айдар

Бразилияда дарыяда сүзүп жүргөн дайверлер өтө чоң анакондага жолугуп калган. Анаконда дарыянын түбүндө сүзүп жүргөн. Бартоломео Бове менен Хука Игарапе Бразилиядагы Формоза дарыясын изилдеп жүрүшүп, өтө чоң анакондага туш келип калышкан. Дайверлердин айтымында, анаконданын узундугу 7 метрден кем эмес. Өмүрлөрү үчүн коркунучтуу болсо да, чыдабаган дайверлер жыланга болушунча жакын барышкан. Анаконда суу астында өзүн тынч алып жүргөн жана адамдар менен ...

0 635

ВИДЕО - Үчүнчү аял алгысы келген эркекти эки аялы сабап салды

14-сентябрь 2019, 10:28 Нурбек Айдар

Индиянын Тамилнад штатында үчүнчү аял алам деген күйөөсүн эки аялы сабап салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалым болгондой, Динеш аттуу жигит 2016-жылы биринчи жолу үйлөнгөн. 3 жылдан кийин ал жашыруун түрдө дагы бир аял алган. Мунусунда күйөөсү дагы бир аял алууга ниеттенип жатканын эки аялы билип, аны сабап салышкан. Аларга жергиликтүү тургундар да кошулуп, Динешти сабап жатканын видеодон ...

0 186

Бизде да ушундай болсо кана. Филиппиндин президенти элге пара талап кылган чиновниктерди атууга уруксат берди

13-сентябрь 2019, 17:38 Нурбек Айдар

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте элге пара талап кылган чиновниктерди атууга, бирок өлтүрбөөгө уруксат берди. Дутерте аткан адам кийин абакка түшүп калбасы үчүн коррупционерлерди бутка атууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. “Эгерде силер салык, бажы төлөмүн жана башкаларды төлөп жатсаңар, а бул акмактар пара талап кылса, анда ургула. Эгерде куралыңар бар болсо, аларды ата берсеңер болот. Бирок өлтүрбөгүлө. Себеби, ...

0 150

4 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы: Ооруканада жаткан жүргүнчү кыз да каза болду

13-сентябрь 2019, 17:23 Нурбек Айдар

9-сентябрда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө жеңил унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза болгон. Ошондой эле, 7 киши да жаракат алган. Жаракат алгандардын бири, бүгүн, 13-сентябрда, Шкода унаасынын жүргүнчүсү болгон 19 жаштагы кыз да каза болду. Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу. Эске салсак, 9-сентябрда Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Шкода үлгүсүндөгү унаа ...

0 183

ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ! (Мигранттын сүйүүсү). 2-бөлүм.

13-сентябрь 2019, 17:10 Нурбек Айдар

Дүкүлдөгөн поезд каза-орус чек арасына жетип акырын токтоду, форма кийген чек арачылар биринин артынан бирин, вагондон чыгарбай текшерип жатты, “ваши документы” дегенди уккан Үмүтай эмне деп жооп берерин билбей, Акжол байкесин жалт карады. Аңгычакты эле Акжол өз документине кошо Үмүтайдын документин текшерүүчүгө сунду. Көпкө ойлонуп карап турган жаш лейтанант акырын “жүрүңүз, мени менен” деп Акжолду  өзү менен ...

0 137

ТАЛКАЛАНГАН ТАГДЫР, ҮМҮТҮ ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТАЙДЫН СҮЙҮҮСҮ! (Мигранттын сүйүүсү). 1-бөлүм

13-сентябрь 2019, 17:08 Нурбек Айдар

Мектепти жаңы аяктап жаткан Үмүтайдын, ал убакта жогорку окуу жайга тапшырганы мүмкүнчүлүгү жок болсо да, бирок келечекте жогорку окуу жайын аяктайм деген аруу тилеги бар болчу. 2004жылдын май айында коңшусу Акжол байке келинчеги менен Москвадан айылга барышты, жакшы иштеп барыптыр, мал жан сатып алды, чегине фундамент куйдурду, мындайча айтканда, акча таап келгени көрүнүп эле турду. Үмүтай болсо мына-мына мектебин аяктап ...

0 74

Иран менен Кыргызстандын Ички иштер министрлери "Ата-Бейит" мемориалына гүл коюшту

13-сентябрь 2019, 16:38 Нурбек Айдар

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жана  Иран Ислам Республикасынын Ички иштер министри Абдолреза Рахмани Фазли "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Иран ИИМнин башчысы жана Кыргызстандын  ИИМ министри 1916-жылкы каргашалуу окуяларда курман болгондордун  мемориалына,  саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына гүл коюшту. Делегациянын  өкүлдөрүнө "Ата-Бейит"  мемориалдык ...

0 157

Чаткалда басмачылык кылган “Басмач” кармалды

13-сентябрь 2019, 16:14 Нурбек Айдар

2019-жылдын 8-сентябрь күнү саат 16:00 чамасында 1985-жылы туулган Т.И. аттуу Ала-Бука районунун тургуну өзүнүн оор жүк ташуучу автоунаасы менен Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында бараткан учурда, өзүнө бейтааныш эки жаран жеңил автоунаасы менен алдынан эч себепсиз тосуп токтотушкан. Айдоочунун тоскондордун бири өзүн “Болот” деп тааныштырып ушул жолдо жүргөнү үчүн 10 миң сом бересиң деп опузалап коркутушуп, оор жүк ташуучу автоунааны 3-4 ...

0 86

Самат Курманкулов реабилитациялык борборго которулду

13-сентябрь 2019, 16:00 Нурбек Айдар

Чүй ОИИББинин жетекчиси Самат Курманкулов реабилитациялык борборго которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кой-Ташта  мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвадагы Николай Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунан реабилитациялык борборго 12-сентябрда которулган. Абалы мурункуга салыштырмалуу бир топ жакшы. Булак: "NazarNews.kg"

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 63

АКШда Трамптын келемиш кебетесиндеги шар учурулду

13-сентябрь 2019, 14:38 Нурбек Айдар

АКШнын Мэриленд штатындагы Балтимор шаарында бул шаарга боло турчу президент Дональд Трамптын сапары алдында анын келемиштин образындагы чоң шарын учурушту. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Буга АКШ президентинин Балтимор тууралуу “кылмыштуулук менен келемиштер жуккан шаар” деп айтканы себеп болгон. Ал бул сөздү Мэрилендден конкресмен болгон Элайжа Каммингсти сындап жатып айткан эле. Каммингс президент менен анын үй-бүлөөсүнө каршы ...

0 61

Нур-Султанда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

13-сентябрь 2019, 14:22 Нурбек Айдар

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында бизнесмендерден акча талап кылып келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, КНБнын Нур-Султан шаары боюнча департаменти тарабынан коркутуп-үркүтүү жолу менен бизнес-чөйрөсүнөн такай акча алып жүргөн этникалык кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердиги токтотулган. 10-сентябрда Нур-Султанда өткөрүлгөн атайын операция учурунда Тойота үлгүсүндөгү унааны ишкерден алып жатканда уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83