www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурбек Айдар

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (168)

0 335

Конокко келген аялды үй ээсинин ити өлтүрө талап салды

13-сентябрь 2019, 13:05 Нурбек Айдар

Казакстандын Тараз шаарында питбультерьер (питбуль) 54 жаштагы аялды талап, ал аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя күндүзү болгон. Аялдын кыйкырыгын уккан коңшулары чуркап келип, дубалдын ар жагында питбуль аялды тиштеп, жулуп жатканын көрүшкөн менен жардам бере алышкан эмес. Келген “Тез жардам” да жабырлануучуга жардам бере албай жарым саат күтүп турган. Полиция келип ...

0 366

Оригиналдуу куттуктоо. Тарапташтары Атамбаевди митинг өткөрүп куттукташат

13-сентябрь 2019, 12:24 Нурбек Айдар

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары лидеринин туулган күнүнө карата митинг өткөрүүнү чечишти. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева социалдык баракчасына жазды. Митинг 17-сентябрда борбор калаанын Горький атындагы эс алуу багында болот. 17-сентябрда Алмазбек Атамбаев 63 жашка толот. Мындан мурун тарапташтары Атамбаевди КТРдин “Арноо концерти” программасы аркылуу куттукташмакчы болгонун, бирок КТРдин жетекчилиги уруксат бербей койгонун маалымдашкан эле. Тагдырдын тамашасы деген ушул. Атамбаевдин ...

0 87

Жапайы жаратылыштын эң күлкүлүү сүрөттөрү: Сынакта финалга чыккан сүрөттөр. 2-бөлүк

13-сентябрь 2019, 11:34 Нурбек Айдар

Судьялардын пикиринде, бул жылы сынактын финалына мурункуларга караганда бир топ кызыктуу сүрөттөр чыккан. Жапайы жаратылыштын эң кызыктуу сүрөттөрүн аныктай турган бул жыл сайын өткөрүлүүчү Comedy Wildlife Photography Awards сынагынын уюштуруучулары 2019-жылдын 40 финалчысын жарыялашты. Булак: "NazarNews.kg"

0 100

Кылмышкер өзбек жаранын өлтүрүп, эртеси өрттөп салган

13-сентябрь 2019, 11:22 Нурбек Айдар

Орусиянын Калининград шаарында өзбек жаранын өлтүргөнгө шектелген жаранды колго түшүрүштү. Аталган региондун прокуратурасынын 12-сентябрда берген маалыматына караганда,  кылмышка шектүү катары 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Кармалган адам өзбек мигрантынын жүрүм-туруму жакпаганынан улам өлтүргөнүн айтып көрсөтмө берген. Маркум менен кылмышка шектүү уруша кетип, ал өзбек жаранын күрөк менен сабап салып кетип калган. Эртеси келип анын өлүп калганын көрүп, кылмышын жашыруу ...

0 586

Оштун губернатору Ак-Буура айылынын көйгөйүн чечип бермей болду

13-сентябрь 2019, 10:28 Нурбек Айдар

10-сентябрь күнү Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кара-Суу районунун борборунан 30 чакырым, айыл өкмөт борборунан 40 чакырым алыстыкта жайгашкан аталган райондун Ак-Буура 1, 2, 3, 4 айылдарынын калкы менен жолугушту. Ош шаарына чектеш жайгашкан бул айылдарда жылпысы эки миңдей кожолук жашайт, бирок кээ бир айылдан 10, калгандарынан 100-200дөй гана адам катталган. Мындан сырткары бир да социалдык ...

0 133

Кандай адамдарга балык жегенге болбойт?

13-сентябрь 2019, 10:09 Нурбек Айдар

Сельдь – пайдалуу касиеттеринин көптүгү боюнча мактана ала турган уникалдуу балык. Бирок, ошого карабастан аны пайдаланууда айрым каршы көрсөтмөлөр да бар. Көпчүлүгүбүз бул балыкты туз менен пайдаланабыз, мындайча айтканда, туздалган балыкты жейбиз. Ошондуктан аны этияттап жеген туура, себеби, болгону 1 грамм туз эле 100 миллилитрге чейин суюктукту чыгарбай кое алат. Ошондуктан дарыгерлер гипертониктерге жана бөйрөк оорулары менен ооруган адамдарга ...

0 246

Жапайы жаратылыштын эң күлкүлүү сүрөттөрү: Сынакта финалга чыккан сүрөттөр. 1-бөлүк

13-сентябрь 2019, 11:31 Нурбек Айдар

Судьялардын пикиринде, бул жылы сынактын финалына мурункуларга караганда бир топ кызыктуу сүрөттөр чыккан. Жапайы жаратылыштын эң кызыктуу сүрөттөрүн аныктай турган бул жыл сайын өткөрүлүүчү Comedy Wildlife Photography Awards сынагынын уюштуруучулары 2019-жылдын 40 финалчысын жарыялашты. Булак: "NazarNews.kg"

0 186

4 кишинин өмүрүн алган  жол кырсыгы: Жеңил унаа кортежде бараткан

13-сентябрь 2019, 09:04 Нурбек Айдар

9-сентябрда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө жеңил унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза болгон. Аталган жеңил унаа үйлөнүү тоюндагы кортежде болгон, бирок ал башка унаалардан артта калып калган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, 9-сентябрда Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Шкода үлгүсүндөгү унаа менен жүргүнчү ташуучу автобус сүзүшкөн оор жол кырсыгы катталган. Бул кырсыктан ...

0 214

Ваорани – элге аралашпаган уруу

12-сентябрь 2019, 18:05 Нурбек Айдар

Адамзаты улам бир чокуну багындырып, цивилизация барган сайын өнүгүүдө. Бирок, ошол эле маалда планетабыздын айрым жерлеринде али кийим эмне экендигин билбегендер да бар. Маймылдарга аңчылык кылган бул ваорани уруусу Эквадордун чыгыш тарабында көчүп-конуп жашайт. Жалпы саны - 4 миң киши. Бойлору кичинекей, орточо – 1 жарым метр. Сырткы дүйнө менен аралашпайт. Дарактарда көп убактысын өткөргөндүктөн, көпчүлүгү жалпак таман. Негизинен ...

12-сентябрь 2019, 18:05 | 214
0 632

Алмазбек Акматалиев: “Депутаттар КОЙ болсо, ал КОЙлорду ким шайлады?..”

12-сентябрь 2019, 17:09 Нурбек Айдар

Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев социалдык баракчасына пост жазды. Анда ал “а дейбиз, бу дейбиз, аларды биз шайлап атабыз! Өзүбүз шайлап алып анан кайра ат коюп. Шайланып атканда УРМАТТУУ, шайлангандан кийин КОЙ болуп калабы?” деп суроо койгон. “Депутаттарды го койлор деппиз! Мейли дейли..., алар таарынабы, жокпу, туурабы, туура эмесспи, ал башка кеп! Эми, ал койлор, анда, шайланып келип ...

0 469

Кадыржан Батыровдун эс алуу жайы УКМКга берилди

12-сентябрь 2019, 16:55 Нурбек Айдар

Кадыржан Батыровдун Базар-Коргон районунун Арстанбаптагы эс алуучу жайы УКМКга өттү. Бул маалыматты жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Кадыржан Батыров 2010-жылы июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Андан соң 2011-жылы анын бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Анын негизинде Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка коюлуп, кийин соттун чечими ...

0 106

Небере “жетишпейт”. Орусияда үч чоң адамга эки бала туура келет

12-сентябрь 2019, 15:52 Нурбек Айдар

Акыркы 100 жылда Орусияда чоң ата, чоң энелердин неберелеринин орточо саны 6,7 эсеге азайган. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 1926-жылы Орусияда 100 чоң ата менен чоң энеге 542 небере туура келсе, 2002-жылы 87, ал эми 2019-жылы 81 эле небере туура келген. Булак: NazarNews.kg

0 173

Москвада эки жаштагы кыргызстандык кыз 3-кабаттан кулап кетти

12-сентябрь 2019, 15:03 Нурбек Айдар

Москва шаарында кыргызстандык эки жарым жаштагы кыз 3-кабаттан кулап түштү. Бул тууралуу МК.ру басылмасы жазып чыкты. Анын маалыматына караганда, кырсык Менжинск көчөсүндө болгон. Наристе балкондон кулап кеткен. Маалыматка караганда, ошол убакта аны ата-энеси кароосуз калтырып коюшкан. Бир топ жерлери сынган наристе учурда ооруканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Булак: "NazarNews.kg"

0 149

Башка жол калбай калдыбы? Орусияда дин кызматкерлери ыйык суу чачып шаардыктарды “дарылашты”

12-сентябрь 2019, 14:38 Нурбек Айдар

Орусиянын Тверь шаарында дин кызматкерлери шаардын элин аракечтиктен дарылоо үчүн учактан шаардын үстүнө 70 литр ыйык суу чачышты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, кечээ, 11-сентябрда Тверь митрополити церковдун эки кызматкери менен бирге шаардын элин дарылашты. Алар учкан учакта дин кызматкерлеринен сырткары 70 литр ыйык суу, икона болгон. Шаардын үстүнөн учкан ...

0 98

“Аа. Бул кадр менен өкмөт алыска бара албай калды го”. Депутат агенттиктин директору тууралуу сын айтты

12-сентябрь 2019, 13:55 Нурбек Айдар

Бүгүн, 12-сентябрда, Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер боюнча угуулар өтүп жатат. Депутат Авдывахап Нуриев Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин башчысы Мирслав Аманкуловго абаны тазалыгын сактоо менен кантип күрөшүү боюнча суроолорун берип, жарытылуу жооп ала алган жок. Акыры “Мейли эми, өкмөткө кандай сунуштарды киргизесиңер, ошолордун бешөөсүн айтып бериңизчи?” деп кайрылды. Ага да тыңгылыктуу ...

0 493

ММА мушкери мушташ учурунда бычакталып каза болду

12-сентябрь 2019, 13:14 Нурбек Айдар

Сентябрдын 10унан 11инен караган түнү массалык мушташ учурунда бычактан алган жараатынан улам 23 жаштагы Муслимбек Омонов каза болду. Ал кикбокс боюнча Өзбекстандын жети жолку жана дүйнөнүн чемпиону болгон. Ошондой эле маркум ММА боюнча Азия чемпиону да болчу. Маалыматка ылайык, Ташкент шаарындагы кафелердин биринен эркектерден турган эки топ арасында пикир келишпестик орун алган. Анан алар сыртка чыгып мушташканга чейин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 106

Адамдын жүзүн тааныган 800дөй видеокамера орнотулду

12-сентябрь 2019, 12:50 Нурбек Айдар

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычынын алкагында, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйынында айтты. Маалыматка ылайык, Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктары 46,9 пайызга азайган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8 пайызга кыскарган. Булак: "NazarNews.kg"

0 294

UFC чемпиону Валентина Шевченко элди Матраимовдордун турнирине чакырды

12-сентябрь 2019, 12:37 Нурбек Айдар

UFC чемпиону Валентина Шевченко видеокайрылуу жасап, анда элди Матраимовдор өткөрүп жаткан турнирге чакырды. Эске салсак, 15-сентябрда Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк ММА (WEF) кулатуу эртаймаш федерациясы турнир өткөрөт. Мелдешке Орусия, Өзбекстан, Украина, Азербайжан жана Беларустук белгилүү спортчулар катышуусу күтүлүп жатат. Бул турнирди EREM спорт клубу уюштуруп жатат. Белгилүү болгондой, аталган спорт клубу Матраимовдорго тиешелүү. Булак: "NazarNews.kg"

0 108

Кожобек Рыспаев депутаттарды кой деп атагандарга нааразы

12-сентябрь 2019, 11:51 Нурбек Айдар

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат профсоюздардын айланасындагы маселеге кайрылды. Рыспаев алардын депутаттарды ачык эле кой деп жатышканына нааразы болду. Ошондой эле ал профсоюздар мамлекеттин мүлкүнүн баарын сатып жатканын, бул боюнча өкмөткө тапшырма берүү керектигин кошумчалады. «Биз кой эмеспиз. Учурунда айрым жетекчилердин «чимкирик» деген сөзүнө жооп кылып “элитабыз” деп айткам. Ошондон баштап катуу сынга кабылдык”, -дейт депутат. Булак: "NazarNews.kg"

0 441

Өзбекстандык аял жаңы төрөлгөн ымыркайларды экинчи кабаттан ыргытып салды

12-сентябрь 2019, 11:37 Нурбек Айдар

Өзбекстандын Наманган облусунда төрөтканада жаткан аял эки ымыркайды экинчи кабаттан ыргытып салды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Өзбекстандын Наманган облусунда жаңы төрөгөн аял кызынын буту кыйшык төрөлгөнүнө капа болуп, төрөткананын экинчи кабатынан ымыркайын ыргытып салган. Кылмышын жашыруу үчүн ал башка да ымыркайды ыргыткан. Окуя 9-сентябрга караган түнү болгон. Бир сааттан ...

0 207

Көчмөндөр оюндарынын ачылуу-жабылуу аземи болбойт

12-сентябрь 2019, 10:45 Нурбек Айдар

16-21-сентябрь аралыгында Таласта өтө турган Улуттук көчмөндөр оюндарынын ачылуу-жабылуу салтанаты болбойт. Бирок, Улуттук көчмөндөр оюндарынын урматына 21-сентябрь күнү салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Улуттук көчмөндөр оюндары дароо эле спорттук мелдештер менен башталат. Жалпысы спорттун 10 түрү боюнча мелдештер өтөт. Ошондой эле этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" ...

0 145

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун соту кайрадан башталат

12-сентябрь 2019, 10:25 Нурбек Айдар

Бүгүн, 12-сентябрда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин Биринчи май райондук соту кайра карап баштайт. Буга чейин, тактап айтканда 21-августта жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу караган Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин райондук сотко кайра кароого жөнөткөн эле. Ошондой эле, Өмүрбек Текебаев өзүнө каршы көрсөтмө бергендердин бири ...

0 109

Шумахер 6 жылдык комадан кийин эсине келди

12-сентябрь 2019, 09:38 Нурбек Айдар

Белгилүү автожарышчы Михаэль Шумахер 6 жылдык комадан кийин эсине келди. Ал 2013-жылы лыжа тээп жүрүп, башынан жаракат алып, комага түшкөн. Ошондон бери эсине келе элек болчу. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Маалым болгондой, 50 жаштагы спортчу Париждеги Жорж Помпиду атындагы ооруканалардын биринде эсине келген. "Формула-1" жарышынын 7 жолку чемпионунун эсине келгенин оорукананын кызматкерлери тастыктаган. Булак: "NazarNews.kg"

0 544

Зөөкүрлөрдүн милицияда иштеген агасы да камалды

11-сентябрь 2019, 17:59 Нурбек Айдар

Бишкектин Жал кичирайонунда эки эркекти аёосуз сабагандардын агасы Казыбек Бапышов 10-сентябрда  кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Эске салсак, 28-августта саат 7де милицияга мушташ болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек ШИИББинин патрулдук кызматынын экипажы барган. Алардан сырткары Чүй ОИИББинин кызматкери да окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүүлөрдү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген. Чүй ОИИББинин кызматкери патрулдук экипаждын ...

0 1320

Якутияны дүрбөлөңгө салган зордуктоо. Якут кызын зордуктаган кыргыз жарандары соттолду

11-сентябрь 2019, 17:25 Нурбек Айдар

Якутияда резонанс жараткан зордуктоо боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу “Московский Комсомолец” жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, соттун чечими менен негизги айыпталуучу 14 жылга, дагы экөө 3 жана 4 жылга эркинен ажыратылган. Эске салсак, 2019-жылдын 17-март түнү 23 жаштагы эркек аялды күчтөп автоунаага салып, гараж комплекстеринин биринде зордуктаганы айтылган. Андан кийин ал аялды унаа ...

0 263

Кубанычбек Кожоев: “Темир Сариев өкмөт башчы болуп турганда чыккынчылык кылган”

11-сентябрь 2019, 16:39 Нурбек Айдар

Кыргызстандын Орусиядагы соода өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчиси Кубанычбек Кожоев Кыргызстандын Москва шаарындагы маданий-көргөзмө борбору ошол убактагы премьер-министр Темир Сариевдин айынан талкаланып, дагы деле иштебей турганын айтты. Кыргызстандын Орусиядагы соода өкүлчүлүгүнүн мурунку жетекчиси эми ал павильон кайра калыбына келеби же келбейби деп бушайман. Төмөндө биз Кубанычбек Кожоевдин катын жарыялайбыз. “Кечээ жакында Москва шаарында казак эли үчүн тарыхый ...

0 164

Эл башынын ролун аткарган актёр депутат болду

11-сентябрь 2019, 13:40 Нурбек Айдар

Казакстандык актёр Нурлан Алимжанов мажилис депутаты катары ант берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Нурлан Алимжанов Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевге арналган "Лидердин жолу" деп аталган тасмада баш каармандын ролун жаратып, коомчулукка таанылган. 35 жаштагы Нурлан Алимжанов Назарбаев түптөгөн Nur Otan партиясынын мүчөсү. Булак: "NazarNews.kg"

0 3647

Хабибдин аялы ким? Спортчу аялынын жүзүн эч кимге көрсөтө элек

11-сентябрь 2019, 12:42 Нурбек Айдар

Орусиялык мушкер, UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун аялы тууралуу ушул убакка чейин маалыматтар жокко эсе. Үйлөнүү тоюнда да анын жүзү жабык болгон. Социалдык тармактарда да таптакыр сүрөтү жок. Бирок, телеграмм каналдардын бири спортчунун жеке жашоосу тууралуу жазып чыкты. Андагы маалыматтарга караганда, UFC чемпионунун аялынын аты Патимат. Хабиб экөөнүн таанышканына көп болгон. Экөө алыс тууган, бир айылдан болот жана бир мектепте ...

0 89

Монголияда Centerra Goldдун лицензиясы жокко чыгарылды

11-сентябрь 2019, 11:42 Нурбек Айдар

10-сентябрда Монголиянын борбору Улан-Батор шаарынын административдик иштер боюнча кассациондук соту канадалык «Сентерраголд Монголия» (Centerra Gold Inc) компаниясынын геологоиялык чалгындоо жана иштетүү боюнча лицензиясын жокко чыгарган чечимин чыгарды. Бул тууралуу монгол маалымат каражаттары жазып чыгышты.  “Сентеррага” каршы доо арызды “Ноён уул тоосун сактоо кыймылы” деп аталган мамлекеттик эмес уюм берген. Буга чейин “Ноён уул тоосун сактайбыз” деген коомдук кыймыл түзүлгөн. ...

0 286

Эки жыл СИЗОдо отурган адам ГУБОПту башкарат

11-сентябрь 2019, 10:56 Нурбек Айдар

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалык) жетекчиси болуп Каныбек Абдрахманов дайындалды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары жазып чыкты. Кызыгы, анын 2017-жылы кылмышка шектелип кармалганында. Каныбек Абдрахманов ал кезде Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеп турганда пара талап кылууга шектелген экен. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери Каныбек Абдрахманов менен кош дагы 3 милиция кызматкерин кармап, ...

0 72

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру: Тайпада Тажикстан алдыга чыкты

11-сентябрь 2019, 09:30 Нурбек Айдар

10-сентябрда Футбол боюнча 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылкы Азия Кубогунун тандоо турниринин F тайпасында экинчи тур өттү. Кыргызстандын курамасы бул турда оюн өткөргөн жок. Анда Япония Мьянманы 2:0 эсебинде утса, тажикстандыктар монголдорду 1:0 эсебинде жеңди. Турнирдин алгачкы турунда биздин футболчуларыбыз тажиктерге жеңилип калган эле. Кечээки жеңиши кошулуп тажиктер 6 упай менен тайпада биринчи орунга чыкты. Андан кийин үчтөн упай менен Япония ...

0 504

Кылыч Шанаев, жарандык активист: “Келечек курбай, оюн өткөргөн өкмөт!”

11-сентябрь 2019, 09:08 Нурбек Айдар

Бийлик өкүлдөрүнүн уялбай барып контейнерден курулган мектепти ачышы коомчулукта өтө чоң талкуу жараткан. Бийликке сын айткандар өтө көп болду. Мына ошондойлордун бири, коомдук активист Кылыч Шанаев окуучулар контейнер мектепте окуп жатканда аш-тойдун кереги бар беле деген оюн бөлүшкөн: "Мектеп салганга каражат жок" деп жатпадык беле? Бүгүн мына белгилүү болгондой  2019-жыл Талас облусундагы Көчмөндөр оюнун өткөрүүгө  жалпысынан 50 млн сом акча  ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 186

Кыргызстанда 2 жылда 11 адам жынысын алмаштырган

10-сентябрь 2019, 17:52 Нурбек Айдар

2018-жылы жана 2019-жылдын 7 айында Кыргызстанда 11 адам жынысын алмаштырган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, мыйзам боюнча медициналык көрсөткүчтөргө карап гана жыныс алмаштырууга болот. Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн комиссия жынысын өзгөртүүнү каалаган адамды текшерген соң, алмаштырса болот деген тыянак чыгарып берет. Ошол тыянактын негизинде, ал адам башка документ ала алат. Ал документте толук ...

0 138

Сүлүүлүк салонү, броня менен каптылган, сүнүш... Же Б.Баатыр тууралуу билесизби?

10-сентябрь 2019, 16:13 Нурбек Айдар

Азыр жарнамаларсыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Ар бир бурчта жарнама илинип турат же үйүңүздөн чыкпасаңыз деле сыналгыдан көрөсүз. Жарнама боюнча жаман айткыбыз келген жок, бирок аны туура которушса... Бул көйгөйлөрдөн арылууну каалаган жарандарыбыз, мындай кайра кайталанбасы үчүн байкап калган каталарды сүрөткө тартып, интернетке да жүктөп жатышат. Биз бул сапар андай каталардын айрымдарын сунуштамакчыбыз. Булак: "NazarNews.kg"

0 110

Жакшы идея экен. Пластик үчүн жаңы урналар орнотулууда

10-сентябрь 2019, 14:24 Нурбек Айдар

Бишкек шаарынын мэриясы жаш ишкерлер менен биргеликте “Желимсиз Бишкек” акциясынын алкагында пластиктерди чогултуу үчүн атайын урналарды орното башташты.   Шаардык мэриянын маалыматына караганда, Бишкектин Түштүк магистралдагы жаңы салынган эс алуу жайына бийиктиги эки метрден ашкан эки урна орнотулду. Ар бирине бир толтурганда миңдей желим бөтөлкө батат. Мэрия бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү үчүн жиберүүгө бул ыңгайлуу экенин ...

0 75

Бишкек ЖЭБи кышка даяр болду

10-сентябрь 2019, 14:06 Нурбек Айдар

Бишкек ЖЭБи кышкы жүктөмдөрдүн максимумун аткарууга даяр. Бул тууралуу “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бардык жабдуулар керектүү көлөмдөгү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү. Бишкек ЖЭБи үчүн Д, ДГ жана Г маркаларындагы көмүрдү жеткирүүгө тендердин жеңүүчүсү аныкталган. 2019-2020-жылдарынын күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ЖЭБине көмүрдү жеткирүүчүлөрдүн бири болуп "КонтактУглеПром" ТОО табылды. Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин ...

10-сентябрь 2019, 14:06 | 75
0 244

4 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы: Жеңил унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен

10-сентябрь 2019, 12:46 Нурбек Айдар

9-сентябрда Бишкек шаарында 4 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Шкода унаасынын айдоочусу 17 жаштагы Б.Б. Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй баратып, каршы тилкеге чыгып автобус менен сүзүшкөн. Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун ...

0 180

Сталинди атасы Пржевальскийби?

10-сентябрь 2019, 12:06 Нурбек Айдар

Сенсациябы? Николай Пржевальский Сталиндин атасы болушу мүмкүнбү? Сталиндин чыныгы атасы ким? Учурда көптөгөн китептердин авторлору Сталиндин атасы аракеч өтүкчү эмес, улуу саякатчы Николай Пржевальский деп ишендиришүүдө. Мындай адамдар бул эки улуу адамды бириктирүүгө жакшы эле аракет кылышкан. Мисалга, Пржевальский менен Сталиндин окшоштугун, Сталин туулгандан мурун Пржевальскийдин ооруп калып Кавказга келишин, Сталиндин туулган күнүнүн башка экенин келтиришкен. ...

10-сентябрь 2019, 12:06 | 180
0 271

Улуттук-мекенчил күчтөрдүн  биримдиги кеңешме өткөрдү

10-сентябрь 2019, 11:35 Нурбек Айдар

Кечээ 9-сентябрда Улуттук-мекенчил күчтөрдүн курултайын өткөрүү боюнча туруктуу иш алып барып жаткан аткаруу комитетинин кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу аталган биримдиктин аткаруу кеңешинен кабарлашты. Ал маалыматка ылайык, кеңешменин күн тартибинде аткарылган иштер жөнүндө маалымат берилип, жыл аягына чейинки иш-чаралар аныкталган. Алар: 1. Конституцияны жаңылоо боюнча элдик демилге менен 12 миң 700 адамдын колу топтолуп, КРнын Жогорку Кеңешине тапшырылган маселенин ...

0 92

Төө-Ашууга кар жаады. Дөңгөлөгүңөрдү кышкыга алмаштыргыла

10-сентябрь 2019, 09:46 Нурбек Айдар

Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Төө-Ашуу жана Суусамыр аркылуу жол жүргөн айдоочуларга унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы алмаштыруусун же чынжыр ала жүрүүсүн эскертет. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жолдун бул участокторунда кардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Булак: "NazarNews.kg"

0 151

Фараондор Египетке кайдан барышкан. Окумуштуулардын оозу ачылууда

10-сентябрь 2019, 09:32 Нурбек Айдар

Германиядагы Макс Планк институтунун жана Тюбинген университетинин окумуштуулары 1500-3500 жыл болгон 90 египеттик мумиялардын геномун калыбына келтиришти. Аны талдап көрүшүп, байыркы египеттиктер африкалыктар эмес экендигин аныкташты. Фараондордун айрымдары түрктөр болсо, дагы бирлери азыр Израиль, Иордания, Сирия, Ливан, Грузия жана Абхазия жайгашкан түштүк европалыктар болуп чыккан. Мындан бир аз мурун Цюрихтеги iGENEA генеологиялык борборунда Тутанхамондун мумиясынын генин изилдешкен эле. Анын жыйынтыгында, ...

0 646

Бишкекте автокырсыктан 4 адам каза болду

09-сентябрь 2019, 18:18 Нурбек Айдар

Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Шкода үлгүсүндөгү унаа менен автобус сүзүшкөн оор жол кырсыгы катталды. Учурда кырсык болгон жерде ИИМдин Жол кыймылынын кызматкерлери, ӨКМнын куткаруу кызматы жана "Тез жардам" кызматы иштеп жатат. Кырсык эмнеден улам болгону боюнча азыр маалымат жок. Бишкек ШИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын маалыматы боюнча, 4 жаран кырсык болгон жерде каза болсо, дагы бир ...

0 1133

Улан Үсөйүн: "Кызда "кыздык" болсо, балада "балалык" бар деген суроо бизди ойлонтпойбу?"

09-сентябрь 2019, 17:15 Нурбек Айдар

Жарандык активист Улан Үсөйүн өзүнүн Фейсбук баракчасына кыздык тууралуу өз оюн жазган. Анын бул постуна оң пикирин да, каршы пикирин да айткандар көп. Биз анын бул оюн төмөндө толук бермекчибиз.  "Дагы бир «КЫЗДЫК» деген «БЛЯТЬ»! «Я не девушка, кому я нужна» - дейт! Баарың эле эмнеге «кыздыка байланасыңар ыя? Эркегиң деле, кызын деле? Же «кыздык» деген неме Силерге «бактылуу жашоону ...

0 978

Ташкентке тарых издеп, архив кезип... Тарыхчы Кыяз Молдокасымов Ташкентке кетти

09-сентябрь 2019, 16:53 Нурбек Айдар

“Эми он күн бою сиздер менен кабарлаша албайм, сиздер жазганды окуй да албайм. Өзүм да жазбайм. Кайрадан Ташкентте архивде болом. Өлкөсүн өнүктүрүп, өксүктөрдү түзөп, элинин зор кадырлоосуна ээ болуп, Борбордук Азияда лидерлик тизгинди бекем кармаган Шавкат Миромоновичтин өлкөсүндөгү өзгөрүүлөргө күбө болуп кайтам. Тарыхчылык кесипке такшалткан, азгырган, таалим-тарбия берген, илимий жетекчим, раматылык Хамид Зияев жашап өткөн шаарда болом. ...

0 243

Акылбек Мамасейитовдун "крышасы" күчтүүбү?

09-сентябрь 2019, 14:50 Нурбек Айдар

Акылбек Мамасейитов Баткен облустук ИИБин жетектемек болду. Бул тууралуу буйрук 6-сентябрда чыккан. Эске салсак, Акылбек Мамасейитов буга чейин Жалал-Абад облустук ИИБин жетектеп турганда начар иштеди деп жумуштан айдалган. Ага 2018-жылдын апрель айында Тогуз-Торо районундагы “Макмалалтын” комбинатына жергиликтүү тургундар кирип, өрттөп салышы себеп болгон. Бирок, начар иштеди деп жумуштан айдалган адамды 2019-жылдын май айында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгына дайындашкан ...

0 144

Каттабек Шамшиев: “Өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы, бирөөнүкүнө батмак беле?”

09-сентябрь 2019, 13:30 Нурбек Айдар

Эй, кыргызымдын кыздары! Жигиттердин эң мыктысын арзуу кылбагыла. Тескерисинче, ушундай ыймандуу, тарбиялуу, адептуу болгула, ошол жигиттер силерди арзуу кылсын! Жашоодо үч нерсе жаш тандабайт: Сүйүү, өлүм жана оору. Таш боор адамдан жылуулук күтпө. Анткени, ал өзү мээримге зар. Эч кимге, эч качан дартыңды айтпа. Өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы, бирөөнүкүнө батмак беле? Көчөлөрдө ...

0 296

Жаңы премьер-министрди “койлор” шайлаштыбы?

09-сентябрь 2019, 13:20 Нурбек Айдар

Кечээ, 8-сентябрда Грузиянын премьер-министри болуп 44 жаштагы Георгий Гахария шайланды. Аны парламенттин 98 депутаты колдоп берди, ал эми оппозициялык партиялар каршылык иретинде добуш берүүгө катышпай коюшту. Кызыгы, шайлоонун алдында болду, жарандык коомдун өкүлдөрү Георгий Гахариянын премьер-министрликке шайланышына каршы болуп, парламенттин имаратына койлорду айдап келишти. “Уят” кыймылынын лидерлеринин бири Гига Макарашвили “парламенттин ичинде “койлордун” бир бөлүгү отурат. Койлор гана берилген буйрук ...

0 151

Валентина Шевченконун кытайлык мушкерге жообу: “Көзүңдү ач!”

09-сентябрь 2019, 12:49 Нурбек Айдар

UFCнин жеңил салмак боюнча жаңы чемпиону кытайлык Вейли Чжан Валентина Шевченко менен беттешкиси келгенин дагы билдирди. Ал алгач бразилиялык мушкер Жессика Андрадени жеңер менен эле Шевченко менен беттеште күчүн сынап көрүүнү каалаганын айткан эле. Кечээ жакында ал Твиттер аркылуу дагы бир жолу мекендешибизди беттешке чакырды. Буга жооп кылып Шевченко: “Урматтуу Вейли, сен чемпион болгонуңа болгону эки күн болду, бирок ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2678

Сүйлөшкөн кызы карабай кеткени үчүн анын 3 жашар баласын алып кетип, өлтүрүп салган

09-сентябрь 2019, 12:19 Нурбек Айдар

Казакстанда 5-сентябрда 23 жаштагы жигит тааныш келиндин колунан 3 жаштагы кызын тартып алып, качып кеткен. Ошол эле күнү баланын жансыз денесин табылган. Белгилүү болгондой, баланы уурдап кеткен адам, ал баланын апасы менен 2014-жылдан баштап мамиледе болгон. Экөө сүйлөшүп жүрүп, кийин жолукпай калышкан. Өч алуу үчүн ал сүйгөнүнүн жеңесин өлтүрүп салып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, 4 жылдан кийин ал ...

0 545

Америкада эң чоң аллигатор кармалды

09-сентябрь 2019, 09:56 Нурбек Айдар

Америкада өтө чоң аллигатор кармалып, бул жаңы рекорд койду. АКШнын Жорджия штатында аңчылар узундугу 4,3 метрге, салмагы 318 килограммга жеткен аллигаторду кармашты. Бул тууралуу Daily Mail маалымдады. Бул АКШда кармалгандардын ичинен эң чоңу болуп саналат. Мурунку рекорд 2013-жылы кармалган аллигаторго караштуу болуп келген. Анын узундугу 4,21 метр болчу. Маалыматка караганда, бул аллигаторду атып алган аңчылар анын суудан чыгып турган ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83