www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майрамбек Каримов

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (4609)

0 458

Сүрөт - Экс-судья Эмилбек Мамытовдун көз боёмочулук, баскынчылык жоруктары…

22-март 2019, 18:37 Майрамбек Каримов

Турмушта түшкө кирбеген, төбө чачыңды тик тургузган окуялар арбын учурайт. Дал ошондой абалга ишкер Раджаб Абдурасулов кабылган.  Биз макалада экс-судья Мамытов Эмилбек ишкер Раджаб мырзанын кантип ишенимине кирип, сызга отургузуп кеткени туурасында кеп козгойбуз. Элибизде «бир жолу туз-даам таткан жериңе миң жолу салам бер» деген жакшы насаат айтылат. Маңызы – ичкен кудугуңа түкүрбө, жакшылыкты жамандык менен кайтарба, адамдык касиетиңди сакта дегенди ...

0 85

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болот

14-март 2019, 09:40 Майрамбек Каримов

29-мартта “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Мыйзам долбоору боюнча  парламенттик угуу болот. Иш-чара Жогорку Кеңештин жыйындар залында, саат 11:00дө өтөт. Бүгүнкү күндө колдонуудагы мыйзамдардын нормаларына ылайык Жогорку Кеңеш бюджеттердин долбоорлорун жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү, кароо жана бекитүү маселелерин бир эле учурда кароого аргасыз болуп жатат. ...

0 887

Исмаил Исаков Садыр Жапаровдун апасына көңүл айтты

08-март 2019, 19:53 Майрамбек Каримов

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун апасы Хадижан Максутованын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтамын.  Садыр Нургожоевич, сени түшүнүп турамын, сай-сөөгүң сыздап эки дүйнө көзүңө көрүнбөй, түбү жок ойго батып турасың..., оорду толгус жоготуу болду.  Эми сабыр кыл. Хадижан апанын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Баарыбыздын тагдырыбыз Жараткандын колунда, кайрат кыл, аза кайгысыңды тең бөлүшөм.   Армиянын генерал-лейтенант Исмаил Исаков Булак: NazarNews.kg

0 8936

Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев Садыр Жапаровдун апасына көңүл айтты

08-март 2019, 18:49 Майрамбек Каримов

Кыргызстандын патриоту, Мекенчил уулу Садыр Жапаровдун апасы Хадижан Максутованын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтамын.  Садыр Нургожоевич, Хадижан апанын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп арты кайырлуу болсун. Алла-таалам жайын жаннаттан кылып бейишти насип этсин. Садыр Жапаровго бир туугандарына жана жакындарына орду толгус жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөм.   Милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев Булак: NazarNews.kg

0 486

Бийликтин Шухратка “тиши” өтпөйбү?

08-март 2019, 18:01 Майрамбек Каримов

Өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы агенттиктин директору Шухрат Сабировдо элдин кызыкчылыгы деген түшүнүк такыр жок экен. Мамлекеттик жетекчилерди дагы тоготпой турганы билинди. Кимге таянып мурдун балта кеспей жатат? Шиши толгонду кыргыз эли тез эле чыгарып коё турганын эске алганда, Сабиров эси барда этегин жыйып иштеши зарыл. Дегенибиз, бензин, солярканын баасы 31-32 сомдон ашпаш керектиги Жогорку Кеңеште айтылып, өкмөткө тапшырма берилди. Өкмөт бул ...

0 3474

Кубанычбек Кадыров, экс-депутат: “Атамбаев Максимден 3 млн доллар алды, ортого Сапар Исаков түштү” деп айтышкан”

08-март 2019, 16:01 Майрамбек Каримов

– Кубанычбек Бекбосунович, “Ак ийиет, бирок сынбайт” дегендей, абактан сынбай чыгышыңыз менен… – Рахмат – Азыр ден-соолук кандай? – Ден-соолук Кудайга шүгүр.жакшы. – 3 жыл абакта жатпадыңызбы, ушул аралыкта бийлик сындыруу аракетин көрүп, ден-соолукка залал келтирген окуя болгон жокпу? – Оору-сыркоодон алыс болдук, Атамбаев иштеп турган убакытта бизди криминал менен рамкага салып басым кылабыз деген аракеттери ишке ашкан жок, биз катуу турдук. – Көбүнчө эмне менен ...

0 1800

Өмүрбек Бабанов мекенге инвестиция менен келгенге даяр

08-март 2019, 15:46 Майрамбек Каримов

Социалдык тармактарда “Бабанов келсин” деген кампания орун алып, көптөгөн мекендештер өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги оппоненти Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишин талап кылышууда. Албетте, буга бир канча жүйөөлүү себеп бар. Биринчиден, Бабанов өзү берген жигиттик сөзүнө туруп, жаңы бийлик калыбына келишинче саясаттан жана маалымат майданынан толугу менен четтеп турганы, жаңы президентибизге эң ыңгайлуу шарт түзүп берди. Болбосо, Жогорку Кеңеште отуруп ...

0 459

Баш кесерге иш бар!

08-март 2019, 14:31 Майрамбек Каримов

Баш кесер болуп иштейм дегендердин курагы 18ден 45 жашка чейин болушу керек. Шри-Ланкада баш кесер боюнча жарыяга жумуш издеп жүргөн 102 киши жооп берген. Бул туурадуу "Известия" басылмасы жазып чыкты. Маалыматта аталган жарыя жергиликтүү бийликтин баңгизат саткандарга өлүм жазасын кайтаруу чечиминен кийин чыккан. Ага ылайык, баш кесер болуп иштейм дегендердин курагы 18ден 45 жашка чейин болушу керек. Андан тышкары, ...

08-март 2019, 14:31 | 459
7 551

Сабатың качан жоюлат?

08-март 2019, 14:03 Майрамбек Каримов

Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабековдун өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге жазган каты коомчулукту жалпы парламенттин азыркы абалына, анын түзүлүш курамына болгон ишенимин иренжитип, кол шилтетти. Жалаң акча менен, тааныш, криминалдык элементтерге жакын азыркы түзүмдүн ишмердүүлүгү дал ушундай эле болмок. Туура, төрага Дастан Жумабеков филолог эмес, жок эле дегенде корректорлук кесипти аркалаган эмес. Бирок өлкөнүн экинчи адамы, саясаттагы, мамлекеттик түзүлүштөгү экинин бири болуп ...

08-март 2019, 14:03 | 551
0 244

Алкынды самындай жылмышкан Анарбек Бекмуратов

08-март 2019, 13:16 Майрамбек Каримов

Гезитибиздин өткөн сандарында Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автотранспорт агенттигинин жетекчиси Анарбек Бекмуратов тууралуу макала жазганбыз. Макала чыккандан кийин Бекмуратовдун өзүм билемдик саясатынын курмандыгы болгон Абдыразак деген аксакал байланышка чыкты. Көрсө бул Анарбек Бекмуратов бир тууган кайнагасы экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге таянып алып учурунда далайды ыйлаткан экен. Бирок, алкынды самындай жылмышкан Бскмуратов казынага ири суммадагы зыян келтирсе дагы кайрадан кызматка келгенин биз ...

0 246

Жеңил пиар, жеңил баа болгон “Эмаком”

08-март 2019, 13:00 Майрамбек Каримов

Бишкек шаарындагы «Эмаком» курулуш компаниясы 5-март күнү Кыргызстандыктарды 5-март Ак калпак күнұ менен куттуктап, шаардагы калпак кийбей жүргөн мырзаларга калпак кийгизишти. Кийгизгени жакшы деңизчи, бирок, ушундай жакшы күндү пайдаланып упай топтогонго болгон аракетине нааразы болдук. Бул бир, экинчиден ал калпактардын баары синтетика, анан калса балтайтып туруп «Эмаком» деп жаздырып, калпактын оюу түшө турган жерине чаптаган. Улуттук баш кийимдин көркүн бузуп компанияңарды ...

0 278

Сайдулла Нышанов, ЖК депутаты: “Мурашевдин ишине элдин басымдуу бөлүгү нааразы”

08-март 2019, 12:44 Майрамбек Каримов

– Сайдулла Канболотович, «дыйкандар айыл чарба министрлигине жийиркенүү менен мамиле кылып калышты» дедиңиз. Мындай сөздү элдин пикирине таянып айтып атасызбы? – Ооба, элдин баары ушинтип атат. Дыйкандарга «биздин элдин саны мынча, өндүрүлгөн продукциянын мынчасын керек кылабыз, калганын рынокко чыгарууда бир топ маселелер болушу мүмкүн» деп күзүндө эле айтыш керек болчу. Так келишим болбогондон кийин башка мамлекетке өткөрүш кыйын. Эл ушуларга ишенип ...

0 1152

Бабановдун банкын тоноп кетишти…

08-март 2019, 12:27 Майрамбек Каримов

Ош облусунун Араван районунда белгисиз адамдар “Кыргызстан” коммерциялык банкынын банкоматын талкалап, ичинен 900 миңден ашык акчасын уурдап кеткен. Кылмыш февраль айынын 9унан 10уна караган түнү катталган. Арадан ай өткөнүнө карабай, милиция шектүүлөрдүн изине түшө элек. Себеби уурулар банкоматты алдынан эмес, арткы тарабынан ачкандыктан, камера уурулардын бетин тартып калган эмес. “Кыргызстан” коммерциялык банкы президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабановго тиешелүү. Булак: «Фабула»

0 175

Олег Панкратов иштен айдалабы?

08-март 2019, 12:14 Майрамбек Каримов

Өлкөнүн экономикасы сызга отуруп калды. Өсүш жок. Инвестиция нөл. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Түркия менен Кытайды өнүгүү темпи боюнча артка таштаганыбызды жар салды. Ыйлаарыбызды же күлөөрүбүздү билбейбиз дегендей кеп. Албетте, калпка эл ишенбейт. Ушуну чоңдор түшүнбөй коюшту. Кызыгы, элге өсүш болду деп айкырык салган өкмөт башчысы, жең ичинен Экономика министри Олег Панкратовду иштей албай койду деген таризде кызматынан шыпырганы турат. Айтор, парадокс. Булак: «Фабула»

0 503

Атамбаев ушак айткандыгы үчүн жооп бере баштады, мамлекетти талаптоноп, уурдагандары үчүн качан жооп берет?

08-март 2019, 11:59 Майрамбек Каримов

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаев саясатчылар Азимбек Бекназаровго, Акматбек Келдибековго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге ар-намыстарына шек келтиргендиги үчүн ар бирине 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди. Ал эми соттун дагы бир чечими менен «Апрель» телеканалы аталган саясатчыларга акысыз эфирдик убакыт бермей болду. Белгилей кетсек, жогоруда аталган саясатчылар өткөн жылдын аягында Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалын сотко берип, анда “ар-намысыбызга ...

0 353

Канча актансаң да булганып калгансың!

08-март 2019, 11:45 Майрамбек Каримов

Банктан 5,5 млн. сом кредит алып, анан анын 4,800 млн. сомун төлөбөшкө мыйзам чыгартып алган Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун ошол былык иши билинип калгандан кийин коомчулугубуз аны катуу сынга алып турушту. Биздин гезит дагы эки-үч ирет жаздык… Анан ошондон далай убакыт өтүп, Абдыгулов толкундана айтып турат: «Менин каражатымды Генпрокуратура текшерди, мен эч нерсе жашырбай банктагы эсептертимди ачып бердим. Кредит ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 132

Президент Сооронбай Жээнбеков Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

08-март 2019, 11:02 Майрамбек Каримов

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  өлкөбүздүн асылзат айымдарын 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу айымдар! Сиздерди жаркыраган Жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат.  Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө ...

0 334

Гапар Айтиевдин үйүн селсаяктар байырлоодо

08-март 2019, 10:41 Майрамбек Каримов

Шаар тургуну Бакыт Болгонбаев Фейсбуктагы баракчасына Гапар Айтиевдин үйүн селсаяктар байырлап алганын көрсөткөн видео жарыялап, бул маселеге көңүл бурулбай жатканына нааразы болду. Социалдык тармакка жарыяланган видео коомчулуктун талкуусуна түштү. СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев жашаган үй шаардын чок ортосунда – Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан. Булак: «Азия ньюс»

0 469

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков Эл аралык аялдар күнүнө карата айымдарды куттуктады

08-март 2019, 12:51 Майрамбек Каримов

7-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутат Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын жети дубанынан чыккан айымдарды Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы бидирди. Сыйлангандардын арасында Роза Айтматова, Лайли Үкүбаева, Аалы кызы Назира, Динара Чоочунбаева, Гүлшайыр Садыбакасова, Гүлмира Турдубаева, Алтынай Жусупбекова жана Самара Токтакунова бар. Аларга гүлдесте менен белектер тапшырылды. Жогорку Кеӊештин Төрагасы аталган айымдар бүт ...

0 189

Сүрөт - ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев ИИМдин кызматкер айымдарын 8-март майрамы менен куттуктап жылуу сөздөрүн арнады

07-март 2019, 13:19 Майрамбек Каримов

  ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев ИИМдин кызматкер айымдарын 8-март майрамы менен куттуктап жылуу сөздөрүн арнады: Кыргыз Республикасынын аялдары көп учурда өздөрүнүн тагдырларын мамлекетке жана коомго кызмат кылуу менен байлыныштырышат. Анын ичинде биздин дагы министрлик дагы бар. Ички иштер министрлигинин ар кандай бөлүмдөрүндө жүздөгөн аялдар кызматтарын өтөшүп, мырзалар менен теңдикте татаал жана жоопкерчиликтүү тапшырмаларды аткарышууда. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев аялзатын Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады. Кашкар Джунушалиев өз ...

0 5766

Ак үй ШЫБЫРТ: Текебаев жакынкы күндөрү эркиндикке чыгат...кызына жазган каты...

06-март 2019, 18:58 Майрамбек Каримов

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана экс-депутаты Өмүрбек Текебаев камакка малынгандан бери эки жылдан ашуун убакыт өттү. Аталган саясатчы үчүн аянтта дагы бир нече митинг өтүп, арты ачарчылык жарыялаганы менен майнап чыккан жок. Баса, социалдык тармакта Өмүрбек Текебаев кызына жазган каты жарыя болду. Катта, “Салам Айданэк! Кызым, Пекинге качан жөнөп жатасың? Көрүшпөй калсак жакшы бар. Жакшы оку. Үй менен ...

0 1386

Алмазбек Акматалиев: "Ээй, туугандар! Иса Өмүркулов эмес, Атамбаев деле убагында Бакиевди саткан"

06-март 2019, 10:45 Майрамбек Каримов

Иса Өмүркулов Атамбаевди "көзүн май баскан" деп сыппаттаса, Исаны бир тобу "саткын" деп жазып жиберишти, убагында үндөбөй эле, баарына макул болуп жүрбөдү беле деген таризде! Бул тууралуу пикирин Алмазбек Акматалиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.  "Ээй, туугандар! Атамбаев деле убагында "Бакиев менен сопсонун эле иштешсе болот экен" деп мактап жактап, Бакиевдин колунан орден алып, аны менен кучакташып өбүшүп кетпеди беле! Анда, ал ...

0 177

Рита Карасартова: “Жоопко тартуу деген сөзсүз эле камоо эмес”

25-февраль 2019, 11:37 Майрамбек Каримов

-ТЭЦ боюнча коррупцияга тиешеси барлардын баары камалабы же ал жердеги коррупция менен  болгон күрөш тандалма жүрөбү? -Ошол маселеге тиешеси барлардын баарын жоопко тартуу керек. Жоопко тартуу  деген сөзсүз эле камоо эмес. Илгертеден кыргыз эли айыпка жыгып келген. Ошондуктан дароо эле камабай айып пулга жыгыш керек. Ичкенин кускандай кылып. Баардыгы жоопко тартылбаса, күрөш тандалма жүрө баштаганы оркоюп көрүнүп калат. Аны коррупция менен ...

0 137

Равшан Жээнбеков: "Сотторго, укук коргоо органдарына 80 пайыз эл ишенбейт"

25-февраль 2019, 11:24 Майрамбек Каримов

Равшан Жээнбеков менен коомчулуктун көңүл борборундагы  айрым саясий жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк. -Равшан мырза, Нурбек Токтакунов чындыкты айткан үчүн ушундай жагымсыз жагдайга кептелип жатабы? -Ооба. Нурбек Токтакунов көрүнүктүү граждандык лидер.  Ал Кыргызстандагы сөз эркиндигине, саясий эркиндикке,  атуулдук коомдордун өнүгүшүнө, демократияга кошкон салымы  абдан чоң. Анын жеке маселесине чейин кирип, атайын кызматтардын кызматын пайдаланып, жаман атты кылуу туура эмес. Көз карашын, өзүнүн позициясын ...

0 86

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда усулдук окуу жыйыны өттү

25-февраль 2019, 11:04 Майрамбек Каримов

Ар бир жетекчи өздүк курамдын жетектөө менен бирге алардын жөндөмдүүлүгүнө, кызматтык тартибине, мыйзамдуулукту бузбоого жана алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура, так  кынтыксыз аткаруусуна артыкча көңүл буруп, алардын ишмердүүлүгүн жогорулатууда ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Үстүбүздөгү жылдын 21-февралынан 23-февралына чейин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун түндүк аймагы боюнча жетектөөчү курамдын кызматтык ишмердүүлүгүн жогорулатуу, күжүрмөн даярдыкты жана кызматтык тартипти жогоруулату максатында, бөлүктөрдүн жетектөөчү курамынын кызматкерлери менен биргеликте усулдук окуу жыйын болуп ...

0 2207

Каргап-шилеп күйөөсүн жамандаган аялдын тилинен кан тамып...

23-февраль 2019, 15:53 Майрамбек Каримов

Бул окуя жакында эле болгону тууралуу Айжан эже айтып берди. Кайын энем 78 жашка чыкканда катуу ооруп, врачтар “киши болбойт” деп ооруканадан чыгарып берип коюшту. Анан үйгө алып-келип, алыс жакынга кабар берип, акырындан даярдана баштадык. Айткандай апабызды үйгө алып келгенибизде, бир кыймылдап койбой төрт күн жатты тилден калып. Же бир тамак ичпейт, созулуп эле жатып калды. Анан үйдөгүлөр боз үйдөн бери ...

0 1377

Жанар Акаев: «Абылгазиевдин иш алып баруусуна жалпысынан жакшы деген баа берем»

23-февраль 2019, 15:47 Майрамбек Каримов

-Мукан Абылгазиев жакын арада премьер-министрликтен кетээри ачык эле айтыла баштады. Анын өкмөттө иш алып баруусуна элдин ичи чыкпай жаткандай. Эл өкүлү катары айтсаңыз, сиз кандай баа бересиз? -Премьер-министр Мукан Абылгазиевдин иш алып барууса жалпысынан жакшы деген баа берем. Биринчиден, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра алды. Көйгөйү көп долбоор болгону менен старт алды. Бул долбоорго инфраструктуралык өзгөртүүлөрдү киргизүү менен маселени чече алабыз ...

0 470

Мирлан Жээнчороев: “Бабанов экөөбүздү кайраштырган бузукулар болгон”

23-февраль 2019, 15:43 Майрамбек Каримов

«Бийлик бутактарындагы жемкорлор менен күрөшүү үчүн саясий элитаны тазалоо керек» — деп күпүлдөп жатасыз. Демек, эски саясий элитаны тазалоо үчүн бийлик бутактарындагы кадр саясатын түп тамыры менен оодаруу керекпи? -Кеп бийлик бутактарында же Жогорку Кеңеште отурган депутаттардын кимиси Акаев, Бакиев, Атамбаев бийлигинде иштегенинде эмес, кеп башкада болуп жатпайбы. Беш жылда бийлик менен кошо позициясы алмашкан эргулдарды бийлик бутактарынан тазалоо керек. Улам ...

0 1900

Кордолгон эне

23-февраль 2019, 15:21 Майрамбек Каримов

Үй-бүлөдөгү ички көйгөйлөрдү, сырды коомчулукка жарыя кылуу ары туура эмес, ары жагымсыз нерсе болсо да, эл билсин, башкаларга сабак болсун деп, гезитке кайрылып отурабыз. 103 жыл өмүр сүргөн апам Бүбүтай Кожоналиева өмүр бою кымыз жасаган, эмгекчил, берешен, берекелүү, элди баккан, үлгүлүү, бактылуу, кемчилиги жок аял эле. 7 уул-кызынын алтоосун — ​Каныбектен башкасын — ​жогорку окуу жайлардан окутту. Ал 2016-жылдын октябрына чейин кичүү сиңдибиздин колунда турду. Бирок, ...

23-февраль 2019, 15:21 | 1900
0 310

Депутаттардын көк бөрүсү уланууда

23-февраль 2019, 15:19 Майрамбек Каримов

23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин "Ак-Кула" ат майданында көкбөрү оюну өтүп жатат. Оюнду парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков ачты. Бул ирет өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардан куралган командалар улак тартып жатышат. Жалпысынан төрт команда катышкан оюнда журналисттерден, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен да түзүлгөн командалар катышууда. Учурда өкмөт өкүлдөрү менен спорт агенттигинен куралган командалар беттешип жатат. Азырынча эсеп 2:2. Мелдешти өткөрүү демилгесин ...

0 1214

Адыл Бакиев, экс-президенттин иниси: «Тогуз жылдан бери колдорунан келишинче жамандашты, унчукпадык. Эми чындыкты айтууга убакыт келди!»

23-февраль 2019, 15:11 Майрамбек Каримов

Өткөн жумада маалымат сайттардын биринде “Клан Бакиевых рвется в Кыргызстан” деген аталышта макала жарык көрүп, анда 2010-жылдагы окуялардан кийин четке чыгып кетүүгө мажбур болушкан экс-президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары ата-журтуна кайтып келүү аракетине өтүшкөнү, 2020-жылда боло турган парламенттик шайлоого да активдүү кирише тургандыгы жазылган. Коомчулукта Бакиев темасы азыр да актуалдуу, биздин саясатчылар анын тегерегинде сүйлөө менен саясий капитал топтогонду адатка ...

0 528

Атанын орду эбегейсиз зор

23-февраль 2019, 15:07 Майрамбек Каримов

Ата - деген улуу сөз. Атанын көңүлүн калтырып койгон эң жаман иш. Эгер анын көңүлүн калтырса, ал оңой менен жазылбайт. Уул-кыздарын чоңойтуп, эрезеге жеткирген дал ушул аталар. Атасы жок өскөн бала бактысыз. Ар бир бала атанын мээримин да көргүсү келет. Тилегеним ар бир баланын атасы жанында болсо экен.  Атанын касиети да чоң. Анын бир гана көз карашынан биз баарын билип турабыз. Атаны ...

23-февраль 2019, 15:07 | 528
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 159

Ата Мекенди коргоочуларды куттуктайбыз!

23-февраль 2019, 14:35 Майрамбек Каримов

Баардык кыргызстандыктардын мырзаларын 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен NazarNews.kg маалымат агенттигинин жалпы жамааты куттуктайт. Сиздерге бекем чын ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз. Үй-бүлөнүн таянаар тоосу, тиреги, чек арабызды коргой турган жакын адамдарыбыз, аталар, ага-инилерибиз жана жолдошторубуз ар дайым аман болсун. Сиздерге күч кубат каалап, Ала-Тообузда ар дайым тынчтык болуп, асманыбыз ачык болсун! Булак: NazarNews.kg

0 3096

Артыкбаевдин ТЭЦ ишине тийешеси жоктугу тастыкталды

23-февраль 2019, 14:33 Майрамбек Каримов

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иш сотто карала баштады. Анын алдында укук коргоо органдарынын маалыматын Жогорку Кеңеш депутаттары укту. Маалымат берүүгө келген Башкы Прокурор Өткүрбек Жамшитов менен УКМКнын тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу депутаттардын суроолоруна жооп берип, айрым учурда иштин купуялуугуна шылтап жооптон качып да кетип жатышты. Депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып тергөө тобунун башчысы Сагынбек Самидин ...

0 149

Сооронбай Жээнбеков: Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы

23-февраль 2019, 14:28 Майрамбек Каримов

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата куттуктоосу. «Урматтуу мекендештер! Баардыгыңыздарды Мекен коргоочуларынын күнү менен чын дилимден куттуктайм! Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы. Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик ...

0 5522

Аскер: "Тузакка салган кумар"

22-февраль 2019, 20:19 Майрамбек Каримов

Токтобек уулунан кабар алганы борборго келген.Уулунун кем-карчтарын алып бере кетейин деп бүгүн базарга чыккан эле.«Дордой»базарын кыдырганды ѳзү да жаштыгынан жакшы кѳрѳт.Азыр да базарда кандай ѳзгѳрүүлѳр болгонун кылдат карап бараткан.Аңгыча кийими дал-далынан айрылып, колдору кара шири болуп бүткѳн селсаяктын түптүз эле ѳзүн карай келатканын кѳрүп чочуп кетти.Селсаяк жинди болгон немедей ыржайып, сары тиштерин кѳрсѳтѳ күлүп алган. Жакындай берип: - Токо, Токо, - деди ...

22-февраль 2019, 20:19 | 5522
0 169

Кенжебек Бокоев: “Мен айтсам, элге таянып айтам “чириген министрлик болду деп” эл айтып жатат”

22-февраль 2019, 19:21 Майрамбек Каримов

– Кенжебек мырза, ЖКнын жыйындарында аймактарды көтөрүү тууралуу бир катар мыйзамдарды көтөрүп келесиз. Ушул тапта аймактагы бийликти ирилештирүү боюнча маселе айтылып жатат. Сиз муну көптөн бери эле айтып келесиз. Мунун зарылдыгы канчалык болууда? -Президенттин 2018-2019-жыдды катары менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп, бир эмес эки указын чыгарды. Мына ушунун негизинде өкмөттүк эки жумушчу топ түзүлгөн. Биринчиси, аймактарды өнүктүрүү боюнча, экинчиси административдик аймактык ...

0 228

Нурбүбү Кененбаева: "Чөөлөр деп Атамбаевдин айланасында жүргөндөрдү айтмакчымын.."

22-февраль 2019, 18:52 Майрамбек Каримов

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кече күнү берген маегинде "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын жактоочуларын кутурган чөөлөргө салыштырды. Анын сөздөрү боюнча, аларды чөөлөргө өзүнүн тарапташтары салыштырган эмес, бул калыс айтылган сөздү биринчи жолу бул окуяга байланышы жок Адахан Мадумаров айткан. -Бирок абдан туура айткан экен. Анткени булар чындап эле карасам чөөлөрдүн эле өзү, болгондо да кутурган чөөлөр. Мисалы, алардын катарында кече күнү эле башка партиянын катарындагы ...

0 405

Сапар Мурзакулов: "Советтик Кыргызстандан мураска калган ЖЭБди АШАнын учурунда курулган деп оозу мурду кыйшайбай айтты да.."

22-февраль 2019, 18:42 Майрамбек Каримов

Тогуз толгоо бир келдиби? Бүгүн Форум Ишканасынын имаратында Атамбаев баш болгон, Карамушкина төш болгон КСДПчылыр журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. А дегенде Атамбаев айтчу сөзүн айтып, акыркы үмүтү аялдарда калганын кыйытып акырын жылып чыгып кетти. Андан кийин маалымат берүү үчүн калган жетөө кенен отуруп жебирегенге өтүштү.  "Ал эле, бул эле апийимдин гүлү эле" дегендей алардын айткандарына таянсак бүгүнкү күндө ЖЭБ боюнча жемкорлукка ...

0 1447

Дастан Сарыгулов: “218 млн доллар зыянды элге, Жогорку Кеңешке жашырып айтпай койгон Темир Сариев чыккынчы эмес эле, бул чындыкты ачыкка чыгарган мен чыккынчы экенмин да?

22-февраль 2019, 18:23 Майрамбек Каримов

Гезитибиздин 8-февраль күнү чыккан санында элибизге да, өлкөбүзгө да өтө маанилүү, чоң көйгөйгө айланган маселе “Центеррага” алдырып жиберген алтын байлыгыбызды кайтарып алганга, анын пайдасын элибиз көргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?—деген суроону “Кыргызалтынды” 1992-1999-жылдар аралыгында жетектеген Дастан Сарыгулов менен талкуулаган маекти жарыялаганбыз. Тышкы карызыбыз 5 млрд долларга жакындап, бюджет дефицити 10-15 млрд сом болуп турса, тышкы инвестиция 30 пайызга азайса, кайдан каражат тапса ...

0 1328

Светлана Аширова: “Он беш кесипти аркалап, жети тилде эркин сүйлөйм”

22-февраль 2019, 18:15 Майрамбек Каримов

Цирк ханышасы, балерина, фотомодель, ырчы жана актриса Светлана Аширова “Алдадың”, “Сүйүүгө таазим”, “Сага”, “Шашпа” аттуу клиптерге тартылып, “Салам Бишкек” тасмасында роль жараткан. Ат үстүндө түрдүү оюндарды көрсөтүп, татынакай келбети менен таланты шайкеш келген ажарлуу айым бизде мейманда. -- Светлана айым, көп кырдуу талант ээси экениңизди билебиз, чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар? -- Туура. Спорт менен маданиятты бирдей алып кетүүгө куштармын. Андыктан ар дайым ...

0 387

Жыргалбек Турускулов: “Кол койгондор жана кредиттин акчасын жегендердин баарысы жооп бериши керек”

22-февраль 2019, 18:06 Майрамбек Каримов

-ТЭЦ боюнча коррупцияга тиешеси барлардын баары камалабы же ал жердеги коррупция менен  болгон күрөш тандалма жүрөбү? -Бишкек ЖЭБи (ТЭЦ) боюнча бүгүнкү күндө эч кандай тандалма иш жүргүзүлгөн жок. Анткени, Техника-экономикалык негиздемеси (ТЭО) жок ири долбоорго кол коюп, долбоорду ишке коё беришкен. Эң негизги  долбоор болгондон кийин эмнени курабыз? Канча суммага? Кайсыл каражатка? Кантип курабыз? – деген суроо болушу керек болчу. Бары ...

0 831

Ирина Карамушкина: "Президентти Алмазбек Атамбаевге каршы ким бузуп жатканы да белгисиз"

22-февраль 2019, 17:19 Майрамбек Каримов

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын маалымат жыйынында депутат Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен элдешүүгө аракет кылгандыгын, бирок андан эч кандай маянап чыкпагандыгын билдирди. Карамушкинанын айтымында, Сооронбай Жээнбеков элдешүүгө баргысы келбей жатат жана аны Алмазбек Атамбаевге каршы ким бузуп жатканы да белгисиз. КСДП Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусуна үмүттөнөт.  Булак: NazarNews.kg

0 961

Чолпонбай Турдалиев: “Какырынып түкүрүү кургак учук оорусун пайда кылат”

22-февраль 2019, 16:57 Майрамбек Каримов

Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учуктун оор түрү катталган 27 өлкөнүн катарына кирет. Бул дарттын көбөйүшүнүн бирден-бир себеби, миграция жана элдин экономикасы. Ал эми экинчи себеби, ден соолукка кайдыгер карап, өздүк гигиенаны сактабагандык. Коомдук жайларда какырынып түкүрүү да аталган оорунун пайда болушуна себеп болот. Кургак учук оорусу туурасында маалымат алуу үчүн №15 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Чолпонбай Турдалиев  менен маектештик. -- Бүгүнкү ...

0 346

Кыргызстандагы эмгекчилдердин укуктарын коргоо шылтоосу кимдерди байытып жатат?!

22-февраль 2019, 16:52 Майрамбек Каримов

Белгилүү “Дело№” гезитинин соңку санында – “АКШын Борбордук чалгындоо башкармалыгы бийликке басым көрсөтүүчү күчтөрдүн Кыргызстандагы саны көбөйүүдө”,  деген макалада, өлкөбүздө бийликке таасир этүүчү жападан жалгыз дал ошол “НПОлор жана нпочулар”, деп аталган.  Ошол НПОлордон караганда,  өлкөбүздөгү абдан чоң  жана чынында бийликтин баардык бутактарына таасир берүүчү уюм бул профсоюздар федерациясы (анын дагы формасы НПОдогудай – коомдук бирикме). Бирок ал теория ...

0 137

Аял затынын укугун коргоо максатында жаңы конуштарда тренингдер өткөрүлдү

22-февраль 2019, 16:45 Майрамбек Каримов

Аял затынын укугун коргоп, зордук-зомбулуктун алдын-алуу максатында “Аялдарды колдоо борборунун” жетекчилери Бишкек шаарындагы Ак-Босого, Калыс-Ордо, Көлмө жаңы конуштарына атайын тренингдерди өткөрүп, аталган конуштун тургундарына сабак өтүштү. Үч ай бою жаңы конуштарда жүргүзүлгөн тренингдин жыйынтыктары боюнча “Аялдарды колдоо борборунун” жетекчилери атайын жыйын өткөрүп, кеңири маалымат беришти. Бакен Досалиева, “Аялдарды колдоо борборунун” жетекчиси: --Өзүңүздөр көрүп жаткандай коомдо акыркы учурларда аял затына зордук-зомбулук ...

0 4891

Медер Бишкек: “Иним Алтынбектин сөөгүн дале мүрзөлөрдөн издеп жүрөм”

22-февраль 2019, 16:17 Майрамбек Каримов

Кыргыз элинин түрдүү тармактагы таланттары, иштин көзүн билгендери бар. Аларды мамлекет бөпөлөп, өлкө үчүн иштеп берүүсүнө жакшы шарт түзсө, балким эчак өнүгүү жолуна түшмөктүрбүз. Чыгыш медицинасы боюнча дарыгер, Тай-цзи чебери Медер Бишкекти омуртка грыжасы ж.б. түрдүү оорулары, суроолору менен Германиядан, Катар, Кувейт, Түркия, Россия, Казакстандан издеп келишет. Баркташат. А бизчи, ал адамды баалай алдыкпы? Ал жазган ар бир кыргызга керектүү ...

0 237

Чыныгы баатыр колун канга булгабайт

22-февраль 2019, 16:08 Майрамбек Каримов

Ар бир адам учурда бирөөнү жаткыра чапкан адамды же билегинде күчү бар адамды баатыр деп билишет. Бирок, баатыр адам бирөөнү өлтүрүп же бирөөнү сабап койгон менен чектелбегенине баам салсак болот. Эмесе убагында эл оозуна алынган, чыныгы баатыр аталган Төрөгелди баатырдан бир акылман киши теңтуш катары сураган экен. -Төрөгелди сени баатыр-баатыр эле дейт, жеке өзүңдүн оюңда канча жолу баатылык кылдың?-деп сураганда Төрөгелди баатыр ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 302

Таластын мэри Айдар Жусупбековду 4-ирет кетире албай койгон “интриган” депутаттар тарасын

22-февраль 2019, 15:51 Майрамбек Каримов

Өткөн шаршемби, 20-февраль күнү Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбековду «ээрден оодарам» деген депутаттардын аракети текке кетип, төртүнчү жолу «мыш» болду. Далыдан бычак уруп, «кутум» уюштурган Шаардык кеңештин «котур таштуу» депутаттары, мэрди ээрден кулатууга керек болгон 21 добушту чогулта алышпаптыр. Жыйынга катышкан 28 депутаттын тогузу калаа башчысынын кетишине каршы чыкты. Ошентип, депутаттын 18и күлгө чапкан «немедей» бозала болуп, мэрдин алдында уяты чыкты. Эми ...

0 181

Лаврова ыйыкпы?

22-февраль 2019, 15:26 Майрамбек Каримов

Учурда ТЭЦтеги чырдуу жагдайды сот карап баштады. Бул жагдайга байланыштуу коомдо эки ача пикирлер арбын. Айрымдар күнөөлүүлөр жазалансын дешсе, кээ бирлер абакта отургандарды «эки дөөнүн ортосундагы курмандык» катары сыпатташууда. Ал ортодо дал ушул ТЭЦти модернизациялоо ишинин финансы маселесине түздөн-түз жоопкер мурдагы каржы министри Ольга Лаврова эмнеге камалбайт деген суроого бүгүнкү күнгө чейин жооп таба албай убара тартышууда. Расмий айып тагылган менен ...

22-февраль 2019, 15:26 | 181
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83