www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (5503)

0 413

Абдыганы Эркебаев жаңы кызматка барды

06-май 2019, 15:20 Айдар Нуралиев

Абдыганы Эркебаев Кыргызстан элдеринин достугу Ассаблеясына төрага болуп  шайланды.Мындай чечим Ассамблеянын 3-майдагы кезексиз курултайында кабыл алынган. Андан тышкары, КЭАнын мурунку төрагасы Токон Мамытовдун отчёту угулду. Ассамблеянын 2016-жылдын 30-апрелинен тартып 2019-жылдын 4-майына чейинки ишмердүүлүгүнө сарэсеп салынды. Булак:NazarNews.kg

0 312

Президент Эрдогандын Рамазан айына карата билдирүүсү

06-май 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

Президент Режеп Таййип Эрдоган, рамазан айынан улам социалдык медиа барагынан бөлүшүүсүндө, «Башы кайрымдуулук, ортосу кечиримдүүлүк, аягы азаптан  кутулуу болгон Рамазан, улутубуз, Ислам дүйнөсү жана бүткүл адамзат үчүн пайдалуу болсун»,деген сөздөрдү жазды. Эрдоган: «Жараткан Аллах ибадеттерибизди кабыл кылсын, бизди биримдик жана ынтымак менен Рамазан айт майрамына жеткирсин»,-деди. Булак: "trt.net.tr"

0 2255

ВИДЕО - Күйгөн учактын ичиндеги ызы-чуу тасмага түшүп калган

06-май 2019, 19:48 Айдар Нуралиев

Москвада Шереметьево аэропортунда «Аэрофлот» компаниянысынын Superjet учагы кырсыкка учурап 41 адам көз жумду. Орусиянын Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцовага кырсыкта жыбыркагандарга ыкчам жардам көрсөтүү тапшырмасы берилгендигин РФнын Тергөө комитети билдирди. Sukhoi Superjet 100 учагы 5-майда кечинде аэропортко өрттөнгөн абалда конгон. Маалыматка ылайык, борттогу адамдардан 37 адам гана аман калган. Каза болгондордун арасында экипаж мүчөлөрү да бар. Аман калгандардын айтымында, көп адамдын курман болуп ...

0 439

“Кызыл китеби” жок үйлөр

06-май 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик экотехинспекция “Элит Хаус” деген компания куруп жаткан тогуз кабаттуу 2 үй мыйзам бузуу менен салынып жаткандыгын аныктаган жана сот ал үйлөрдү түрттүрүп салуу тууралуу чечим чыгарган. Бишкектин Октябрь районундагы А.Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан “София” комплекси “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамынын нормаларын, эрежелерин жана талаптарын бузуу менен салынып жаткандыгын экотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча регион аралык башкармалыгынын инспекторлору ...

0 267

Түркияда кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

06-май 2019, 14:11 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 6-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий сапары башталды. Тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сапар Түркиянын башкы дипломаты Мевлют Чавушоглунун чакыруусу боюнча уюштурулууда. Сапардын алкагында Айдарбеков өлкө жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт жана Түркиядагы диаспора өкүлдөрү, мекендештер менен жолугат. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР)  Президенти Мустафа Акынжыны да, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглун кабыл алды. Министр Чавушоглу, ...

0 3399

Каннибализмге айыпталган кыз боюнча чуу чыкты

06-май 2019, 13:40 Айдар Нуралиев

Түндүк-Кавказда жайгашкан Кубан облусунда окуучуну каннибализмге күнөөлөгөн ызы-чуу чыкты.Бул тууралуу Life.ru. жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 12 жаштагы окуучу кыз кишинин этин жеген деп айыпталганына карабай, мектепте окуп жатканына ата-энелер чуу чыгарышкан. Окуя мындайча болгон: 2018-жылы полиция 12 жаштагы окуучу кызды жана бир эркекти каннибализмге шектүү катары кармашкан. Окуучу кыз чоң киши менен бирдикте ...

0 895

Азиз Батукаевдин ишинде дарыгердин айыбы жок

06-май 2019, 13:12 Айдар Нуралиев

Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталган дарыгерлердин күнөөсү жок. Бул тууралуу кармалган дарыгер Эмиль Макимбетовдун жактоочусу Анара Кыштообаева билдирди. Анын айтымында, Э.Макимбетовго коррупция, документти мыйзамсыз жасоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагышууда. “Менин коргоого алганым, санавиациага, тарнспорттоого, анализдерге да тийешеси жок. Ал Азиз Батукаевди жеке караган эмес, анын өзүн да, ...

0 1266

Кыргызстандын түрмөлөрүндө айыкпас дартка чалдыккандар менен 84 жашка жетип калган карылар да бар

06-май 2019, 12:41 Айдар Нуралиев

Учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө ден соолугу оор акыбалда же жедеп карылыгы жетип калган адамдар да отурат. Бул тууралуу укук  коргоочу Төлөйкан Исмаилова, азыр ушул маселенин үстүндө иштеп жатканын ММКларга билдирди. “Айыкпас ооруга чалдыккан Мурат Суталинов гана эмес, андай оор абалдагы отуздай киши учурда түрмөдө отурат. Жашы 84кө кирип, баса албай калган карыя бар. Адам укуктары корголгон өлкөлөрдө андай адамдар ...

0 320

Түрмөдөн куралдар жана 2 темир сейф табылды

06-май 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

4-май күнү, УКМК  Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылында жайгашкан №3 түрмө катаал режимдеги жаза өтөөчү жайда  тинтүү иштерин жүргүзгөн. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК), тинтүү учурунда 30 чөнтөк телефону, аларды дүрмөттөчү жабдыктар, 15 сим-карта табылган. Мындан тышкары 1 литр брага, 1 литр бензин, колго жасалган жылытуучу мештер, элүүдөн ашуун бычак жана эки темир сейф алынган. Казылган жерлер ...

0 273

Ири өлчөмдөгү аткезчилик жол менен баңгизат жасоочу каражат табылды

06-май 2019, 12:10 Айдар Нуралиев

УКМК, аткезчилик жол менен алынып келе жаткан наркотикалык затты өндүрүүчү ири көлөмдөгү жүктү кармашты. Маалыматка ылайык, 25-апрелде  ыкчам-иликтөө ишинин жүрүшүндө Ош облусунда “Дэу-Нексия” унаасы жана аны башкарып бара жаткан 25 жаштагы Э.у.Р. кармалды. Ошол эле унаада 36 жаштагы коңшу өлкөнүн жараны болгон. Тинтүү  учурунда  багажниктен, коңшу мамлекеттен мыйзамсыз алып келе жаткан  10-13 литрлик  8  желим челек ангидр уксус ...

0 3455

Депутаттын байпагы талкууга түштү

06-май 2019, 11:06 Айдар Нуралиев

Интернетте ЖК депутаты Эмил Токтошевдин АКШнын желеги тартылган байпагы жана бут кийимин эгиз кыздары кийгизип жаткан сүрөтү талкууга түштү. Сүрөттө кыздары атасынын туфлисинин боосун байлап берип жатышкан.  Депутат өзү бул сүрөттөн эч кандай жаман нерсе көрбөгөнүн билдирген. Анын сөзүнө караганда, сүрөт үйдөн тартылган. “Мен үйдөн ушундай байпак кийем, мындан эмне болмок эле? Ар кандай байпактарды кийгенди жактырам. ...

0 575

Муфтият садака-фитирдин өлчөмүн аныктады

06-май 2019, 10:49 Айдар Нуралиев

Мусулмандан дин башкармалыгы баалар базар баасына жараша өзгөрөрүн белгилейт. Садака-фитир адам башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет.                                         Буудай        Мейиз       Ун           Арпа      ...

0 278

Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды өлтүрүп кетишти

06-май 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 3-май күнү болжол менен саат экилер чамасында Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаарынын Москва району боюнча башкармалыгынын 29 полициянын бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын Яковлевск ькөчөсүндөгү №6 үйдө 25 жаштардагы азият түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгын кабарлашкан. Каза болгон адам Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаран болуп чыккан. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз ...

0 723

ВИДЕО - Өрттөнгөн учак 41 адамдын өмүрүн алды

06-май 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Москвада Шереметьево аэропортунда «Аэрофлот» компаниянысынын Superjet учагы кырсыкка учурап 41 адам көз жумду. Орусиянын Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцовага кырсыкта жыбыркагандарга ыкчам жардам көрсөтүү тапшырмасы берилгендигин РФнын Тергөө комитети билдирди. Sukhoi Superjet 100 учагы 5-майда кечинде аэропортко өрттөнгөн абалда конгон. Маалыматка ылайык, борттогу адамдардан 37-38 адам гана аман калган. Каза болгондордун арасында экипаж мүчөлөрү ...

0 210

Президент Сооронбай Жээнбеков: Орозо айы ыймандуулуктун, жан-дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы

06-май 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар! Сиздерди ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Ата-бабаларыбыздан келе жаткан Орозо айынын маани-маӊызы  бийик. Орозо айы ыймандуулуктун, жан-дүйнөнү тазалоонун жана сабырдуулуктун айы. Элибизди тынчтыкты, биримдикти бекемдөөгө, адамдарды бири-бирине жардамдашууга, урмат-сый менен мамиле жасоого чакырат. Орозо айында муктаж адамдарга көңүл буруп, садага берип, достук ...

0 211

SpaceX космоско жүк ташуучу кемесин учурду

04-май 2019, 17:40 Айдар Нуралиев

Илон Масктын SpaceX компаниясы Эл аралык космос станциясына жүк ташуучу Dragon кемесин учурду. Учуу мезгили компаниянын Youtube сайтындагы каналында түз көрсөтүлдү. Жүк ташуучу кеме эл аралык космос станциясына тамак-аш жана илимий эксперименттерге керектелүүчү жабдыктарды жеткирет. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Март айынын башында SpaceX компаниясы учурган Falcon 9 ракетасы эл аралык космос станциясына ийгиликтүү конуп, кайра жерге кайтып келген. Ал – космонавтика ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 214

Депутат Садык Шер-Нияз Азербайжандын маданият министри Абульфас Гараев менен жолугушту

04-май 2019, 17:18 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 2-3-май күндөрү Азербайжан Республикасынын Бакы шаарында өткөн «5-Дүйнөлүк  маданий  диалог»  форумунун алкагында  Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Социалдык, маданий, гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Садык Шер-Нияз Азербайжан Республикасынын маданият министри Абульфас Гараев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында кинематографияны өнүктүрүү, бул тармакта тажырыйба алмашуу, жаш кинорежиссерлордун билимин жогорулатуу маселелеринен тартып, маданий- гуманитардык ...

0 854

Президент Сооронбай Жээнбеков уран кени тууралуу айтты

04-май 2019, 13:24 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин бсма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын конституциялык укугун коргоо,  мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышы тууралуу сөз болуп, Мамлекет башчысы кызуу талкууланып жаткан уран казуу маселеси боюнча пикирин билдирди. «Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн ...

0 235

"Фани" бороону Индияда

04-май 2019, 12:05 Айдар Нуралиев

Индияда көптөгөн күндөрдөн бери тынчсыздануу менен күтүлүп жаткан «Фани» бороону кургактыкка жетти. Метеорология  мекемеси бороондун Орисса жана Пурри аймагынын жакындарында саатына 180 километр ылдамдык менен кургактыкка жеткендигин билдирди. Орисса аймагынын премьер  - министрлигинен берилген маалыматта да бороондон  таасирлениши күтүлүп жаткан аймактардан бир миллиондон ашуун кишинин аймактан чыгарылгандыгы билдирилди. Өлкөдө 9 аймакта 10 миң айыл жана 52 райондун бороондон таасирленери белгиленип, бүгүн элдин үйлөрүнөн ...

04-май 2019, 12:05 | 235
0 460

«Курал жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

04-май 2019, 11:54 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган. Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” мыйзамын “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан, ошондой эле мыйзамдын жарандардын куралды жана ...

0 826

Неге Акаевге боор тартабыз?

03-май 2019, 19:49 Айдар Нуралиев

Ак үйдүн ыптасына кирип алып, элдин эмес жалаң өзүнүн келечегине кам көргөн ак жакалуулардын жоруктарына ичи сыйрылган карапайым калк кимди бооруна тартып арманын айткысы келерин кыйналбай эле сезүүгө болот. Баары эле “кылычын” жалаңдатып үркүтүп турса айла жоктон бирөө-жарымга эл ыктайт экен да? Бекер жерден Жанарды башкалардан таза дегенибиз жок да? Кээде таамай айткан сөзү менен жүрөккө жылуулук берип салган менен анда деле чийки ...

0 421

Аскарбектин байлыгынан бөлүп бербейсиңерби?

03-май 2019, 19:38 Айдар Нуралиев

Кеменгер делген Исхак Раззаковдон калган жалгыз Элмира деген кызы оорукчан уулу Берк менен Москвада жашап жатат. Өп-чап жашоонун “кемесинде” термелген кары кишинин акыбалын сураган деле жан жок. Өткөндө депутат Т. Тиллаев гана кайрылып жардамын бериптир. Атаганат, сүйлөгөндө оозунан Раззаковду түшүрбөгөндөр негедир кызын унутта калтырышып умсунтуп турган убагы. Эмне үчүн көсөмдүн жеринен чыккан көпөс (качып кеткен) Аскарбек Шадиевдин каражатынан Элмира апчебизге бөлүштүрүп коюшпайт? ...

0 257

Кытып алмайлар, буйтап кетмейлер токтобойт

03-май 2019, 19:16 Айдар Нуралиев

Экономикалык кылмыштар туурасында эч ким кеп кылбай калды. Баары эле коррупцияны бучкактап жыгылууга энтеңдейт, бирок анын куйругун да кармай албай бозала болуп жатышканы айдан ачык көрүнүп калууда. Ириде мындай кармашты өлкө жетекчилери башкаларга сабак болчудай сыпатта айгинелеп койсо калгандары ошол чыйырга түшкөн бойдон күрөштү күчөтүп жиберишмек. Тилекке каршы 35 тургай бир коррупционердин изине түшө албай тамашага алынып кеткендигин бийлик моюндашы керек. ...

0 582

Сыдыковдун мышыгын “пыш” дечүлөр табылабы?

03-май 2019, 17:19 Айдар Нуралиев

Жемкорлорду алыстан издеп убара болбой деле койсо болот АКСтин мыкчыгерлери. Алар ак үйдө эле жадырап жайнап, жаркөптөй кайнап отурушканын силерден бөлөгүнүн баары билет. Тилекке каршы тиштүүлөрдү куйругунан тиштеш үчүн айбаттуу, анан азуусу бекем болуш керектигин эстен чыгарбоо кажет. Болбосо доллар менен оозго урганда отуз эки тишиңе доо кетери турган иш. Ошол үчүн алсыздарды гана баса калууга жараган күч түзүмдөрүнүн билермандары көрсө ...

0 233

ВИДЕО - Журналисттик иликтөө фонду жана эксперттер сөз эркиндигин талкуулады

03-май 2019, 17:04 Айдар Нуралиев

Бүгүн "Сорос Кыргызстан" фонду, Журналисттик иликтөө фонду жана эксперттердин катышуусунда  сөз эркиндигинин учурдагы абалы  талкуулангандыгын «Азаттык» жазып чыкты. Жыйында медиа чөйрөдөгү соңку чуулгандуу жана резонанстуу окуяларга саресеп салынды. Иш-чарада "Азаттыктын" директору Айзада Касмалиева кайсы бир иликтөө чыккан соң аны башка маалымат каражаттары да коштоп, илип кете албай жатканын айтты. Көп учурда коомдо ич ара айтылып ...

0 415

Бутага алынган Атамбаевдер

03-май 2019, 17:00 Айдар Нуралиев

Былтыртан бери карай бутага айланган мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевди “оор куралдар” менен тынбай аткылап келатышат. Өч алгысы келгендер-туура эмес кыймылы аркылуу камалып чыккандар, дагы деле темир тор артында отургандар, кезинде тумшукка жеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана азыркы бийликтин лөктөрү. Башында кыйла кунары уча түшкөн Атамбаев күндөн-күнгө кайратына келип, чыйрала баштаганы тигилердин ого бетер жинин кашайтып жатат. Түрмөнүн боткосуна “семиргендер” болсо эркиндик ...

0 1647

Актилек Гүлжигит кызы: Жолдошум менен сегиз жыл жашасам, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм

03-май 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

Фейсбуктагы интернет баракчасына КТРКнын диктору, журналист Актилек Гүлжигит мын булуарды жазып калтырды. Актилек Гүлжигит кызы: Раматылык жолдошум (жер кабар айтпасын) менен кыйсыпыр урушуп жашап жүргөндө, балдарым эс тартып калган экен. Арактын кесепетинен турмушта көп кыйынчылыктар болду. Сегиз жыл жашаган болсом, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм. Үйдө баары талкаланган. Менин көйгөйүм идиш-аяк, буюм-тайым эмес эле, мен балдарыма эмне тамак берем деп тыбырчылачумун. ...

0 403

Хиджабы жок рингге чыккан Ирандык боксер кыз соттолот

03-май 2019, 16:20 Айдар Нуралиев

Ирандык боксер кыз Садаф Хадем рингге хиджабы жок чыкканы үчүн соттолуп кетиши мүмкүн экендигин Eurosport агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Садаф Хадемдин машыктыруучусу  эркек адам болгондугу үчүн да күнөөлөнүдө. Хадем – эларалык деңгээлдеги беттештерди жеңген алгачкы Ирандык кыз болуп эсептелинет. Учурда спортчу жана машыктыруучусу Францияда калууда жана аталган өлкөдөн башпаанек суроодо. Булак:NazarNews.kg

0 605

№47 колониянын аймагына 200 миң сом ыргыткан таксист белгилүү болду

03-май 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына тыюу салынган “предметти” ыргыткан факт катталды. Бул тууралуу КРнын ЖАМКнан кабарлайт. 19-апрелде Гагарина жана Кривоносова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №47 мекеменин  алдына Namba Taxiнин «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаасы келген. Белгисиз адамдар унаадан чыгып, 200 миң сом өлчөмүндөгү акчаны колониянын ичине ыргыткан. Бирок, аталган мекеменин кызматкерлери жана аскер күзөтчүлөрү убагында байкап ...

0 160

Сооронбай Жээнбеков согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон берет

03-май 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине 20 миң сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады. Буга президенттин резервдик фондунан 7 млн. 91 миң сом бөлүндү. Жөлөкпул ардагерлерге төмөнкү категориялар боюнча бөлүндү: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына; Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына; Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер ...

0 359

ВИДЕО - Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу

03-май 2019, 14:42 Айдар Нуралиев

"Бир айда канча тойго барасыз? Акыркы жолу тойго качан бардыңыз?" - деген суроону Спутник агентигинин журналисти депутаттарга узатып көрдү. Анда маалым болгондой, 1-май күнү депутаттар үч кесиптешинин мааракесине барууга жетишиптир. Биринчиси — Искендер Матраимовдун атасынын жаркын элесине арналган Кара-Суу районундагы спорттук иш-чара. Экинчиси — Төрөбөй Зулпукаровдун Ноокат районундагы күрөш боюнча мелдеши. Үчүнчүсү — Сагындык Келдибаевдин Өзгөн районунда өткөргөн тою.

0 231

Саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга акысыз 2 тоннага жакын дары-дармек берди

03-май 2019, 13:41 Айдар Нуралиев

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм Кыргызстанга акысыз 2 тоннага жакын дары-дармек берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, дары дармектер Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо боюнча департаментине өткөрүлүп берилген. Дарылар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы дарылоо-профилактикалык мекемелерге жиберилет. Жалпы салмагы 1951 килограммды түзгөн дарылар, чукул кырдаал болгондо таратылат. Булак NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 264

Бейшенов бейишке киргендей эйфориядан качан чыгат?

03-май 2019, 13:28 Айдар Нуралиев

Жанат Бейшенов деген министр мырза бар. Жол боюнча кыйратып атат, тимеле. Мейли кыйратсын каршылыгыбыз жок. Бирок, чечкиндүү кадамдарды шилтесе жакшы болот эле. «Эт менен челдин ортосунда» олтурган жетекчиден кандай өзгөрүүнү күтөбүз? Ошол жерде иштегендер эле айтып атат, келген каттарга кандай кол коюп, кантип жооп берүүнү билбейт экен деп. Баардык тепкичтерди басып өтпөстөн, көчөдө жүрүп эле министр болуп олтуруп калса билбейт ...

0 5377

Батукаевдин иши боюнча онколог Эмил Макимбетов камалды

03-май 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

Нарындагы СИЗОдон 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулуп, “ардак” менен Чеченстанга узатылган  кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөө кайра жүрүп жаткан. Кримтөбөлгө «оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен белгилүү онколог,  балдардын онкология жана гематология борборунда эмгектенген Эмил Макимбетов камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы ...

0 297

Алмамбет Шыкмаматов: Соттордо эч кандай реформа жүрбөгөндүгү далилденди

03-май 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун Жогорку Сотто өткөн сотунан соң, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов,  бүгүн соттор эч кандай реформа жүрбөгөнүн, дагы деле адам укуктары сакталбаганын далилдегенин айтты. "Сот мыйзам, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн дагы мыйзамдар иштебегенин, адам укугу сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Текебаев, ...

0 674

Сот Өмүрбек Текебаевдин конфискацияланган үй мүлкүн кайтарды

03-май 2019, 12:12 Айдар Нуралиев

Бүгүн, Жогорку Сотто “Ата Мекен” партиясынын  лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнбек Чотоновдун иши жактоочулардын өтүнүчү менен мыйзамдагы жаңы жагдайлар боюнча кайра каралып жаткан. Адвокат Жаныбеков, буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган, бирок сот мындай өтүнүчтү четке какты. Анткени, бул ишке юридикалык баа берилип калган. Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун конфискацияланган үй ...

0 238

Түркия Индиядагы кандуу кол салууну айыптады

03-май 2019, 11:50 Айдар Нуралиев

Түркиянын тышкы иштер министри: “ Индиянын Махараштра аймагында полиция кызматкерлерин ташыган автобуска карай бомбалуу кол салууда көп сандаган кишинин каза болушу катуу капага салды. Кол салууну айыптап, каза тапкандардын жакындары менен Индия элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-деди. Өлкөнүн батышындагы  Махараштра аймагында кечээ атайын кыймыл полицияларын ташыган микро автобус өтүп баратканда мурда жолго жайгаштырылган бомбанын жарылуусунан 15 полиция ...

0 1000

Владимир Зеленский Путиндин жообун берди

03-май 2019, 12:56 Айдар Нуралиев

Украинанын жаңы лидери Владимир Зеленский, Орусиянын президенти В.Путиндин:“Украинанын жаңы президенти экөөбүздү бириктирген көп нерсе бар” деген сөзүнө жооп кайтарды. Зеленский фейсбуктагы баракчасына:”Крымды тартып алуудан соң, Донбасстагы каардуу кырдаалдан кийин, экөөбүздү бириктирген бир эле нерсе бар. Ал мамлекеттик чекара”, - деп жазды. Украина президенти,“Украина нефтини экспорттоого бөгөт, өздөрү жарыялаган Донецк жана Луганск республикаларына орус паспортун ...

0 251

Америкалык миллиардер наркотикалык затты өндүрүп, дары катары таркатып келген

03-май 2019, 10:40 Айдар Нуралиев

Америкалык миллиардер жана Insys Therapeutics фармацевтикалык ири компаниянын негиздөөчүсү Джон Капур опиоидди алдамчылык жол менен жарандарга таркатууга жана аны уюштурууга шектелди. Капур 2017-жылы октябрда ФБР тарабынан кармалган. Маалыматка ылайык, ал докторлорду сатып алып, алар муктаж болбогон адамдарга эле опиоиддик дарыларды жазып бере беришкен. Опиоид-бул морфинден да бир нече эсе күчтүү наркотикалык зат.   Бостон шаарында федералдык соттун бир нече адамдан турган комиссиясы Капурдун ...

0 166

“Центерра Голд” компаниясынын акционерлер кеңешине 3 кыргызстандык  кирди

03-май 2019, 10:00 Айдар Нуралиев

1-майда Торонтодо Канадалык “Центерра Голд” компаниясынын акционерлер кеңешинин жаңы курамын шайлашкан. Кеңешке Ричард В. Коннор, Стивен А. Ланг, Майкл Парретт, Жак Перрон, Скотт Г. Перри, Шерил К. Пресслер, Брюс В. Вальтер, Сьюзан Юркович мүчө болуп кирген. Ал эми аталган компаниянын 11 ададмдан турган жаңы курамына Кыргызстандын атынан Аскар Өскөмбаев, Дүйшөн Касенов жана Максат Көбөнбаев кирди. ...

0 365

ФОТО - Бишкекте эс алуу багында 3 метр комуз жана жыгач тегирмен пайда болду

03-май 2019, 09:34 Айдар Нуралиев

Бишкекте, Анкара жана Виноградной көчөлөрүнүн кесилишинде, 3 метр комуз, жыгач тегирмен, отургучтар жана жыгачтан төшөлгөн жалгызаяк жол пайда болду. Мэриянын маалыматына караганда, аталган буюмдарды "Бишкекжашылдандыруу" ишканасы, кампасындагы жыгачтар менен жасап чыгышкан. Аталган эс алуу жайы “Алтын Ордо” жана “Кара-Жыгач” жаңы конуштарынын жашоочулары үчүн ачылат. Эс алуу багынын аянты 15 миң квадрат метр. Барыдк санитардык шарттар каралган.

0 300

Текебаевдин жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн

03-май 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

«Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши Жогорку сотто жаңы жагдайлар боюнча каралат.Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов  журналисттерге билдирген. Маалыматка ылайык, жаңы жагдай катары Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстеринин жаңы редакциясы ишке кирген. Ал актыларга ылайык соттолуучулардын жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Калган жагдайлар боюнча ...

0 123

Жогорку Кеңеш өлкөдө уран казууга жана чалгындоого тыюу салган чечим чыгарды

03-май 2019, 08:46 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңеш республиканын аймагында уран кенин казууга жана чалгындоого тыюу салынсын деген чечим кабыл алды. ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков парламентте Кызыл – Омпол уран кенин караган жыйынды жыйынтыктап жатып атайын саясый чечим менен тааныштырды. “Депутаттар да, өкмөт да мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат, талкуу болот. Бирок негизинен парламент саясий чечим кабыл алды - Кыргызстандын ...

0 124

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

03-май 2019, 08:18 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды.  Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдук саясий турмушундагы мындан аркы өнүгүү келечеги жана ролу, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде анын бардык мамлекеттик бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандык интеграция үчүн ...

0 268

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

02-май 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды.  Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдук саясий турмушундагы мындан аркы өнүгүү келечеги жана ролу, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде анын бардык мамлекеттик бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандык интеграция үчүн ...

0 272

Сот Атамбаевди 600 миң сом айыпка жыкты

03-май 2019, 08:11 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык соту мурдагы президент А.Атамбаев менен «Апрель» телеканалын саясатчылар Ахматбек Келдибековго, Азимбек Бекназаровго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Шаардык соттун бул чечимимне каршы тараптар да бар. “Медиа полиси” институтунун директору.ю медиаэксперт Бегайым Үсөнова “Апрель” каналын акча төлөөгө милдеттендирген чечимин сындады. Анын айтымында, “Апрель” телеканалы болгону Атамбаевге микрофон сунган. Бул экс-президенттин жоопкерчилиги. Доогерлер, Атамбаевден “Апрель” ...

0 812

ВИДЕО - Таиланддын королу генералга үйлөндү

02-май 2019, 16:35 Айдар Нуралиев

Таиланддын Королу Маха Вачиралонгкорн (Рама Х) генерал Сутхида Вачиралонгкорн. Үйлөнүү, үлпөт той 1-майда өттү. Майрамдык кечээ 3 күнгө созулат. Ал эми 4-майда расмий таажы кийгизүү менен Таиланддын жаңы канайымын тааныштыруу болот. Нике каролдук ырым-жырымдардын жана мыйзамдарына дал келсе да, жаңы канайым каролдун үй-бүлөсүнө таандык баардык эле мүмкүнчүлүктү жана статусту пайдалана албайт. Сутхида айым 1978-жылы 3-июнда төрөлгөн. Алгач ал Thai ...

0 466

ВИДЕО-Бандиттер байырлаган ош

02-май 2019, 16:04 Айдар Нуралиев

“Азаттык” бул жолу Ошто ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайын иликтеди. Оштон башталган кылмыш изи мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмүнө алып барды. Жабырлануучулар бул кылмыштардын артында укук коргоо органдарынын лөктөрү турарын айтышууда.   Булак:NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 901

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: “Садыр Жапаровдун соту мыйзамды тебелөө менен акыйкатсыз өттү”

02-май 2019, 15:50 Айдар Нуралиев

Садыр Жапаровго чыгарган Жогорку соттун чечимине коомчулук нааразы болуп атканын көрүп атабыз.  Элдин маанайы менен эсептешпегендер эмне болгонун билесиңер? Эртең адилетсиз чечим чыгарган сотторду жазалоо күнү келсе, алар тозоктун отуна чейин эле түрмөдө өздөрү отуруп калышпайбы?.. – Жылдызкан айым, Садыр Жапаровду Жогорку сот 10 жылга камады. Мурункусунан 1 жыл 6 айга гана кыскарды. «Мыйзамсыз чечим чыкты» деп президентке чейин кайрылдыңыз. «Акталат» ...

0 1154

Жеген ашына түкүргөн Алмамбет Шыкмаматов

02-май 2019, 15:36 Айдар Нуралиев

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов дымагы күч болгону менен колунан «кокон тыйын» деле келбейт. Текебаевдин аркасы менен министрликке чейин жеткен, азыр депутат болуп жыргап жүрөт. Эң башкысы, ал шефке гана кошомат кылганды, өзүнө жол тапканды кыйын өздөштүргөн. Анан калса, башкалардын ийгилигин көралбаган ичтарлыгын кээде байкатып коёт. Маселен, 1-май күнү Кара-Сууда Искендер Матраимов ата-энесине арнап спорттук иш-чара өткөзгөн. 20 миңден ашуун ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83