www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (5503)

0 763

Бабанов менен Атамбаев биригүүнү сүйлөштүбү?

02-май 2019, 14:49 Айдар Нуралиев

Буга чейин Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келе турганын, инвестиция тартуу менен бийликке кызматташуу жолду сунуш кылган. Бирок, ага оң жооп болгон эмес. Козголгон кылмыш иштери боюнча суралып, камакка алынышы жең ичинен бычылган болчу. Кырдаалды байкаган Бабанов оңой олжо болмок беле? Бишкекке келүүдөн баш тартты. Себебин түшүндүрдү: саясый чыңалуулар провокациялык чатактарга айланып кетиши боюнча жоруп. Реалдуу турмушта Бабановдун электораты жана миллиондору арбын. Ал ...

0 2413

Кримдүйнөгө каршы күрөш: ким жеңди?

02-май 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

Батукаев 2013-жылы түрмөдөн «айыккыс ооруга чалдыкты» деген жүйө менен сот чечимине ылайык мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткен. Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу сын-дооматтан арыла элек. Коомчулуктагы соңку нааразылыкка ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «мындай топтор болгон жана мындан кийин да боло берет» деген мазмундагы пикири ого бетер кошул-ташыл болду. 2010-жылдын апрель окуяларынан кийинки өлкө жетекчилеринин баары эле «караларга» каршы аёосуз күрөш болорун убада берген. ...

0 1228

Төрдө отуруп уят кылып бүттүң, эми Артисбекович, ылдый түш!

02-май 2019, 14:26 Айдар Нуралиев

Буга чейин Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов ж.б. депутаттар спикер Дастан Жумабековдун деңгээли жок экенин, регламентти, мыйзамдарды билбегенин айтышып, кескин түрдө сынга алышкан. «Балык башынан сасыйт» дегендей, парламенттин төрагасы эң жөнөкөй маселелерден чалынып, элге күлкү болуп атса, кантип бийликке аброй алып келсин? Ансыз да Жогорку Кеңештеги дээрлик көпчүлүк депутаттар өз көмөчтөрүнө күл тартышып, элге жек көрүнүп келатканын тана албайбыз. Мындай шартта ат ...

0 332

Бети калың Мурашевге качанкыга чейин чыдайбыз?

02-май 2019, 13:56 Айдар Нуралиев

Учурда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп аткан кез. Тилекке каршы, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев «быш» этип да койгон жок. Коомчулук үчүн оор уйкуда жаткандай сезилет. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, быйыл анчейин алдын ала билдирүүлөргө бара албады. А былтыр элибизди Мурашев картошка айдаганга үндөп, Өзбекстан чоң өлчөмдө сатып аларын жар салган. Ортодон ...

0 212

Жогорку Кеңеште комитет уран казган компанияны колдоорун айтты

02-май 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кызыл-Омпол кенине байланыштуу инвестор компанияны колдойт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов билдирди. Анын айтымында, биздин позициябыз -мыйзам бузуу иши болбосо инвесторду колдоп, Кызыл-Омполдогу уранды казып чыгып кетиш керек. Ал эми Кубатбек  Боронов, депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда баш-аягы 20дай лицензия ...

0 592

ВИДЕО - Питерде кыргыз мигранттарды тоноп, сабап, акчасын алып жүргөн “ОПГ” мүчөлөрү кармалды

02-май 2019, 13:00 Айдар Нуралиев

Санкт-Петербургда жарандарды тоноп жүргөн, Кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар кыргызстандык мигранттарды коркутуп, күч колдонуп тоноп жүрүшкөн. Бул тууралуу КРнын ИИМнен кабарлайт. КРнын жана Орусиянын укук коргоо органдарына буга чейин Санкт-Петербург жана Ленинград облустарынын аймагында азиат улутундагы кылмыштуу топтун балдары Кыргызстандын жарандарын тоноп, зомбулук көрсөтүп жүрүшкөндөрү туурасында бир топ даттануу түшкөн.   Кылмышкерлер, аталган аймакта ...

0 419

ВИДЕО - Кубатбек Боронов “Раим Миллионго” барганына актандыбы же ишиңер эмне дедиби?

02-май 2019, 15:25 Айдар Нуралиев

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду журналисттер ак үйдөн кармап алып, кечээ, Матраимовдордун “иш-чарасына” баргандыгы туурасында сурашты. “Мен, биринчиден Райымбек  Матраимовго эмес, Искендер Матраимовго баргам. Экинчиден, демалыш күнү болчу, жеке сапарым”, - деп бул жеке ишим деген таризде жооп кайтарып койду. Кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов менен соттошуп жаткан учурда, аткаминерлердин бул кылыгы чоң талкууну жаратууда.

0 246

Караколдо уранга каршы митинг башталды

02-май 2019, 11:36 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 2-майда саат 10:00до Каракол шаарынын стадионунда уран кендерин иштетүүгө каршы митинг башталды. Маалыматка ылайык, иш-чарага болжол менен 40ка чукул шаардык активист катышууда. Алар митингди Алыкул Осмоновдун "Ата-Журт" ыры менен башташты. Караколдогу уран казууга каршы петиция 30325 кол топтогон. Бүгүн, Жогорку Кеңеш кезектеги отурумда Кызыл-Омпол уран кенин карайт. Бирок, парламентте 20дай ...

0 402

Жогорку Кеңеште уран кенин кароого 20 эле депутат келгени кандай?

02-май 2019, 11:15 Айдар Нуралиев

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында 20дай гана депутат отурганын журналисттер жазып чыкты. 2-майда, Жогорку Кеңеш кезектеги отурумда Кызыл-Омпол уран кенин карашмак. Парламентте 20дай гана депутат отурганына карабай, таблодо келген депутаттардын саны 110 деп жазып коюшкан. Муну Азаттыктын журналисттери сүрөткө тартып алышкан. Эске салсак, кечээ, 1-майда Жогорку Кеңеш түбү менен спикерин баш, вице-премьер-министрин төш кылып Раим ...

0 1216

Кудрет Тайчабаров: Раим миллиард элди бүгүн "беттен ары бир чапты"

02-май 2019, 10:26 Айдар Нуралиев

Ооба, "пощечина" берди. Колуңардан пок келбейт деди. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деди. Депутаттардын айтымында Раим миллиард чакырганы үчүн барыптыр. Туура, чакырды. Анткени, бул иш чара жылда болот, бирок, мынча саясатчы барчу эмес. Раим булардын баарын чакырып бул жолу элге баары менин колумда. Шайлоодо Икрамдын ордун мен сатып алганмын, оппозициясы болобу, позициясы болобу баарын каалагандай бийлетип коём. Кел десем ...

0 438

Эрдоган менен Путин телефондон кимдин тагдырын чечти?

02-май 2019, 10:06 Айдар Нуралиев

Түркиянын  Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Маалыматка ылайык, телефондогу сүйлөшүүдө президенттер эки тараптуу маселелер менен катар Ливияда болуп жаткан акыркы  кырдаалды талкуулагады. Түркия мамлекети, Ливияда  тынчтык жана өсүү болушун колдоорун билдирди. Мындан тышкары, эки лидер Сириядагы абалды жөнгө салууда Астана процессинин алкагында жакындан кызматташуунун  улантылышы  талкуулады. Булак:NazarNews.kg

0 268

Казакстанда миттингге чыккандардан 80 адам кармалды

02-май 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Казакстандын Ички иштер министрлиги, 1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында өткөн нааразычылык акцияларында 80ден ашык адам кармалганын расмий билдирди. Маалыматка ылайык, нааразы болгон адамдарды кармоононун негизги себептери, “уруксаатсыз митингге чыгуу, өзүн агрессивдүү алып жүрүү жана коомдук тартипти бузду”- түшүндүрүлүүдө. Азыр кармалган адамдар укуктук баасын ала элек. Министрликтин билдирүүсүндө, акциялардын катышуучуларына ...

0 238

Экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланууда

02-май 2019, 10:56 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 2-майда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана алар менен бирге айтыпталган 12 кишинин иши каралат. 30-апрелде судья Кубанычбек Касымбеков тергөө менен кызматташа турганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган “Дастан” ишканасынын мурдагы директору  Юрий Васильевдин ишин өзүнчө кароо чечимин кабыл алган. Муну А.Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев мыйзамсыз деп атады.

0 718

“Эл деген сел, мен силерге көрсөтөм…” деп Атамбаев ызырынып жатат

02-май 2019, 12:38 Айдар Нуралиев

Эсиңерде да, 6-7-апрель күндөрү Алмазбек Атамбаев элдин астына чыгып, бийликти өлө туздап, эки айдан кийин митингге чыга турганын эскерткен. (Келаткан 5-июнда Сапар Исаковдун камалганына бир жыл толот, «концерт койгонду» ошого болжосо керек.) Натыйжада, баарыбыз күбө болгондой, апрель айы митингдерге бай болду. Элибиз региондордон бери ар кандай көйгөйлөр үчүн нааразычылык акцияларына чыгышууда. Өкмөтүбүз баш, күч органдары төш болушуп, коомчулук менен иштөөнү оң ...

0 277

Кыяс Молдокасымов: Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылды

02-май 2019, 08:06 Айдар Нуралиев

"Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштууларынын кытай жазма булактарын жана архивдик документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгында биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу жазып калтырган материалдар табылды», — деп билдирди КР Президентинин  Аппаратына караштуу «Мурас» коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов.  Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон жумушчу визитинин алкагында Пекинде КЭР Коомдук илимдер академиясынын ...

0 791

ВИДЕО - “Кырк чоро” ЛГБТ уюмуна кол салып, алар милицияга арыз жазууда

01-май 2019, 18:20 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 1-майда ЛГБТнын укугун коргогон «8/365» кыймылына эки жолу кол салуу болгондугун Клооп.кж сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, алгачкы "кол салуу", феминисттер жана кызтекелерден турган уюм Бишкектин батыш тарабындагы эс алуу багына барганда болгон. ЛГБТнын таламын талашкан “Кыргыз индиго” уюмунун мүчөсү Надира Масюмованын сөзүнө караганда, Минивэн унаасы менен келген 10-12дей эркек кишилер, андан “гейлерди кайдан сабайлы?”,- деп сурашкан. Масюмова дароо жакын жердеги ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1204

ВИДЕО - Казакстанда ызы-чуу башталды

02-май 2019, 09:37 Айдар Нуралиев

Казакстандын мартта аталышы өзгөртүлгөн башкалаасы Нур-Султан менен Алматы шаарында алдыдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырыктар ташталууда. Алматынын Борбордук эс алуу багы менен Нур-Султандагы конгресс-холлдун имаратынын жанында 1-майда ондогон кишилер чогулуп, башкалаанын аталышынын өзгөрүшүнө жана келе жаткан шайлоого ишенбөөчүлүк көрсөтүп митингге чыгышты. Алматыда чогулгандар "Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес, Дарига – ...

0 1328

Индияда 20 студент өз жанын кыйды

01-май 2019, 14:58 Айдар Нуралиев

Индияда, Телинган штатынын  Билим берүү кеңеши сынактын жыйынтыгын угузгандан кийин, 20 студент өз жанын кыюуга барган. Алардын ата-энеси буга компьютердик системаны күнөөлөп жаткандыгын New York Post жазып чыкты. Маалыматка ылайык, миллиондун ичинен 350 миң студент начар баа алып калышкан. Экзаменден төмөн баа алып калган студенттердин жакындары, нааразычылык акциясын уюштуруп жатып, бийликти- тесттин жыйынтыгын кайра карап чыгууга мажбурлашты. Жергиликтүү бийлик, студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ...

0 404

Баткендеги прокурордун өлүмүнө шектелгендер сотторго нааразы

01-май 2019, 13:26 Айдар Нуралиев

Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова сотттордун адилетсиздигин билдирип чыкты. “Көп адамдардын фамилиялары, фактылар айтылып жатат, бирок аларды протоколго киргизбей, «Мелис көргөзмө бербей жатат» деп туура эмес маалымат таратып жатышат. Биз келтирген 147 өтүнүчтөн 137си канааттандырылган жок. Кыйноо боюнча иш козголгон жок. 20 саат мыйзамсыз ...

0 3033

«Атаң кыргыз…»: Наталья нарындык атасын 32 жылдан кийин таап, Кыргызстанга келди

01-май 2019, 11:48 Айдар Нуралиев

Россиянын Брянск шаарынын тургуну Наталья атасын көп жылдан бери издеп, аны Нарын облусунан тапкан. Бул тууралуу Натальянын Кыргызстандагы иниси Чыңгыз Абыкеев билдирди. Анын айтымында, Натальянын атасы Ишенбек Абыкеев Нарын районунун Миң-Булак айылында 1964-жылы туулган. Ал Россиянын Брянск шаарында аскердик кызматын өтөп жүргөндө жергиликтүү тургундун кызы менен таанышып, аны менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Бирок андан кыздуу болгонун билген эмес. Ишенбек ...

0 343

Депутаттык мандатты эми эл бөлүштүрөбү?

01-май 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Исхак Масалиев, парламенттин отурумунда, шайлоочу  партияга эле эмес, талапкерге да добуш берүү нормасын киргизүүнү сунуштады. Андан жыйынтыгы менен шайлоодо көп добуш алгандар Жогорку Кеңешке өтөт. “Добуш берүүчү кабинада компьютер коюлуп, биометрикалык чиптин жардамы менен шайлоочу кабинадагы компьютерден тандаган партиясын жана тизмедеги он талапкерин тандап белгилейт. Ал кагазды компьтерден басып чыгарып, урнага салып кетет”- деп ...

0 663

ВИДЕО - Шаңдуу кыргыз  бийи Кытайдагы шоуну жарды

01-май 2019, 10:04 Айдар Нуралиев

Уйгур бий тобунун артисттери кыргыз бийин бийлеп чыгышты. Аталган бий, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Хотан шаарында өткөн шоудо көрүүчүлөргө тартууланган. Кыргыз бийинин ыргактарын көрөрмандар абдан жакшы кабыл алышты. Булак:NazarNews.kg

0 167

Уранга каршы турган Эркин Булекбаевге айып пул салынды

01-май 2019, 12:01 Айдар Нуралиев

“Жашылдар” партиясы Кыргызстанда уран кенин иштетүүгө каршы чыккандардын алгачкыларынын бири. Алардын бул аракетине бийлик тарабынан бир топ кысымдар болуп келгендиги ырас. 30-апрелде, уран иштетүүгө каршы нааразычылык акциясында “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаевди милиция кармап кеткен. Шаардык милиция аны митинг өткөрүүгө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимин бузду деп айыптаган. Тартип бузуу кодексинин 82-беренесине ылайык, ...

0 313

Венесуэла: Оруссия,Туркия, Кытай Мадуро тарап, АКШ Гуайдо тарап болуп “согушабы”?

01-май 2019, 09:29 Айдар Нуралиев

Венесуэланын президенти Николас Мадуро анын бийлигин таанып, колдоп аянтка чыккан венесуэлалыктарга ырахматын айтты. Эске салсак, Венесуэлада, 21-январда жаңы шайланган  президент Мадурого каршы массалык көтөрүлүштөр болгон.  Аталган өлкөнүн оппозициялык лидери Хуан Гуайдо мыйзамсыз түрдө өзүн  утурумдук мамлекет башчысы жарыялап алган. АКШ баш болгон батыштын бир катар мамлекеттери анын бийлигин кабылдап, бул үчүн Мадуро Гуайдону Американын “марионеткасы” деп атаган. Өз кезегинде, Орусия, Кытай, Түркия баштаган бир катар өлкөлөр Мадурону ...

0 184

 Эрдоган, Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптады

01-май 2019, 12:46 Айдар Нуралиев

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Социалдык бөлүшүү барагы Твиттер аркылуу Венесуэладагы төңкөрүш аракетине көз салып, бул өлкөдө элдин эгемен экенин белгилеп, «Венесуэлада постмодерн колониалдык губернатор дайындоо аракетинде»,-деп билдирди. Демократияда негизги таяныч шайлоо экендиги даана байкалышы керектигин белгилеген Эрдоган, бул өлкөнүн кантип башкарыла турганынын шайлоонун жыйынтыгында белгилене турганын айтты. Президент Эрдоган: «Төңкөрүштөр менен күрөшкөн өлкө катары Венесуэладагы төңкөрүш аракетин айыптайбыз»,-деп айтты. Булак:NazarNews.kg

0 263

Садыр Жапаров 10 жылга эркинен ажырады

01-май 2019, 08:35 Айдар Нуралиев

Жапаровдун иши сотто жыл башында күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине байланыштуу каралып, саясатчынын  1,5 жыл жаза мөөнөтү кыскартылды. Бул тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Жактоочулары соттун чечимине канааттанган жок. Алар  "сот анын ишин кайра башынан кароо чечимин кабыл алып же жазасын 7,5 жылга чейин кыскартышы керек болчу" деп жатышат. Сотко төрагалык кылуучу Шерали Камчыбеков сот отурумунун катышуучуларын чечим менен ...

0 409

Кыргыз паспортун эл аралык “шылуун” компания даярдаган

30-апрель 2019, 19:02 Айдар Нуралиев

Эл аралык маалымат каражаттарынын жазганына баам салсак, Литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясы Африка өлкөлөрүндөгү коррупциялык чууга катыштыгы бар экен. Алардын айтканына таянсак, Конго Демократиялык Республикасыдагы биометрикалык паспортко байланыштуу чуунун изи Президент Кабиланын кланына алып келди. Дүйнөдөгү эң кымбат паспорт – Конго паспорту. Кирешенин бөлүгү президенттин жакын адамына таандык болгон оффшордук компанияга кетет. Алсак, ар бир Конго жараны үчүн бир паспорттун ...

0 195

Май айындагы майрамдарга карата милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет

30-апрель 2019, 18:56 Айдар Нуралиев

Май айынын башында Эмгек күнүнө, Конституция күнүнө, Жеңиш күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар, элдик эс алуулар пландалган. Май майрамдары көптөгөн жарандардын катышуусундагы массалык жана коомдук-саясий маанидеги иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми, жогорудагы иш-чараларды майрамдоо учурунда милиция кызматкерлеринин алдында коомдук жайларда жана көчөлөрдө коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, ага бөгөт ...

0 181

Бишкек мэриясы таштандыларды сорттоочу завод курууга тендер жарыяланды

30-апрель 2019, 19:01 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык мэриясы катуу таштандыларды иргөөчү жана кайра иштетүүчү завод курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Тендер эки стадия менен өткөрүлмөкчү. Биринчи стадияда бааларга басым жасалбай, жалаң гана техникалык сунуштар каралат. Ал эми, экинчи стадияда коммерциялык сунуштар, ошондой эле тендерге байланыштуу бардык документтер каралат. Тендерге катышуучулардын арызы ушул жылдын 7-июнуна чейин кабыл алынат. Булак: «Мантыш»

0 234

Кыштут айылына жаңы мектеп салынат

30-апрель 2019, 18:37 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Баткен районунун Кыштут айыл аймагында жумушчу сапары менен болду. Өкүл тоолуу айылдардагы элдин жашоосунан кабар алып, бир катар социалдык обьекттердин абалы менен таанышты. Жергиликтүүлөр аймактагы эки орто мектептин акыбалына тынчсызданууларын билдиришти. Анткени убагында элдик ашар жолу менен салынган, эскилиги жеткен бул мектептерге, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда экендиги жөнүндө ...

0 2071

Шыкмаматов кечирим сурады

30-апрель 2019, 18:25 Айдар Нуралиев

Өткөн аптада уранды казууга каршы уюштурулган митингде айрым саясатчыларга микрофон бербей, аларды элдин арасынан сүрүп чыккан балдар болгон. Ошол жигиттерди айрымдар сөз бербей койгону үчүн чыгымчы аташкан эле. Ошол чагымчы деген адам Агзам Данияров видеобилдирүү жасады. Анын кайрылуусунда, ал эч кандай провакатор эместигин айтып, дарыгер болуп иштээрин жана уран темасын саясатташтырбоого чакырган эле. Көп өтпөй эле бул тууралуу ЖК ...

30-апрель 2019, 18:25 | 2071
0 263

ИИМ: “Милициянын жаш достору” республикалык масштабтагы кароо-сынагы өттү

30-апрель 2019, 18:34 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 2019-жылдын 30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында салтка айланып, жыл сайын өткөн “Милициянын жаш достору” кароо-сынагы өттү. Сынакка республиканын 9 мектебинен келген 90 ашык окуучу катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кароо-сынактын максаты жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу, өсүп келе жаткан муунду укуктук жактан тарбиялоо, өспүрүмдөрдүн пайдалуу иш менен алектенүүгө тартуу, чынчылдыкка, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 953

Төрт жолу эрдик жасасада «Эрдик» медалына ээ болбогон жигит

30-апрель 2019, 18:02 Айдар Нуралиев

Тажик-кыргыз чек арасындагы чыр чатактын чордону болгон Үч-Дөбө айылынын тургуну Дүйшөбай Максытов Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында жашайт. Суу чарба тармагында иштеген Дүйшөбай Максытов төрт адамдын өмүрүн куткарып калган. Алардын үчөөсү сууга агып бараткан адамдардын өмүрүнө байланыштуу болсо, бирөөсү 2014-жылдын 7-майындагы тажик-кыргыз жаңжалына туш келген. Дүйшөбай Максытов өз башынан өткөргөн окуяларынын ичинен эң кооптуусу 2014-жылдагы тажик-кыргыз чек ара жаңжалындагы ...

0 135

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн коңшу өлкөнүн жаранын кармашты

30-апрель 2019, 16:26 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Жакында, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында оор кылмыш иши үчүн коңшу республиканын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынган жаран жашырынып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. 2019-жылдын март айынын аягында Бишкек шаарынын аймагында ...

0 255

Мугалимдердин айлыгын 1000 долларга көтөрөт

30-апрель 2019, 16:22 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеев тармактык жыйналышта кенедей айлык алып иштеген мектеп  мугалимдеринин абалына токтолду. Ал мугалимдердин айлыгын 1000 долларга чейин көтөрүү маселесин койгондугун Озбекстандын Билим берүү министри Шерзод Шерматов билдирди. Анын айтымында, Өзбек президенти жана өкмөтү акыркы кезде мугалимдердин айлыгын көтөрүү менен алектенип жаткандыгын айтты. Булак:NazarNews.kg

0 490

Президентке 3 миллион доллар пара алган деп айып тагылды

30-апрель 2019, 16:02 Айдар Нуралиев

Армениянын экс-президенти Роберт Кочарянга ири суммадагы пара алуу боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Армениянын Башкы прокуратурасы билдирүү тараткан. Анда, Кочарян кен казууга уруксат берүү үчүн 3 миллион доллар ишкер Сильва Амбарцумяндан алгандыгы айтылат. Материал сотко жиберилген. Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган экинчи президенти Р.Кочарян азыр түрмөдө отурат. Себеби, ал 2008-жылы  шайлоодон уткан Серж Саргсянды колдоп ...

0 483

Колониянын подполковниги асынып өлдү

30-апрель 2019, 15:28 Айдар Нуралиев

27-апрелге караган түнү, Ташкент облусунун Зангиата районундагы жатак абактын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага кызматкери, подполковник Асомхожа Аброров иш бөлмөсүндө асынган абалда табылды. Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин жана Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын өкүлдөрү подполковниктин өзүнө кол салуусуна депрессия себеп болгонун билдиришти. Башкы прокуратура учурда өзүн-өзү өлтүрүү фактысы боюнча териштирүү баштады. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ...

0 257

Журналисттер Президентке ачык кат жолдошту

30-апрель 2019, 15:24 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын журналисттери жана жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазышты. Анда алар 50 млн. сомдук доо арызга жыгылган "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковду коргоп калууну өтүнүшкөн. «Сиз буга чейинки бир катар билдирүүңүздө өлкөдө коррупцияга каршы олуттуу күрөш жүргүзүлөрүн, коррупционерлер коомчулуктун алдында ашкереленээрин, кандай гана коррупциялык иштер болбосун анын сот тарабынан аныкталып, өз баасын аларын билдирип, ...

0 166

Мамкаттоонун төрагасынын орун басары үй камагына чыкты

30-апрель 2019, 13:37 Айдар Нуралиев

26-апрелинде Бишкек шаардык соту Сарыбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Руслан Сарыбаевдин апасы 27-апрелде каза болгону маалым болгон. Сарыбаевдин өзү да кант диабети менен ооруп жүргөнү айтылып келет. Эске салсак, ал 17-апрелде эки ай тергөө абагына камалган. Тендер чырына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары ...

0 856

«Эжемди жылаңач видеого тартып...»: Жаш жигит айылдашынын атасын коркутуп, акча талап кылган

30-апрель 2019, 13:14 Айдар Нуралиев

24-апрель күнү Ноокат райондук соту опузалап талап кылуу фактысы боюнча Ядгорго (аты өзгөртүлдү, Т.Я.Р.) карата өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат. Айыпталуучу — Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын 1992-жылы туулган тургуну Ядгор үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы. Убактылуу иштебейт жана мурда соттолгон эмес. Маалыматка караганда, Ядгор ушул жылдын январь айынан баштап Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын 1961-жылы туулган тургуну Хокимжонду ...

0 347

Трамптын ички саясаты Орусияга сатыла баштады

30-апрель 2019, 13:06 Айдар Нуралиев

АКШ Президенти Дональд Трамп, анын үй-бүлөсү жана  Trump Organization компаниясы кечээ,  Deutsche Bank банкын жана Capital One компаниясын сотко бергендигин РИА Новости жазып чыкты. Маалымат боюнча, АКШнын каржылык чалгындоо кызматы бир нече банктарга Трамптын байлыгы жана анын Орусия банктары менен болгон бизнеси  тууралуу маалымат  талап  кылган кат жөнөтүшкөн. Чакырык каты Трамп менен 20 жылдан бери бизнес мамиле түзүп келе жаткан Citigroup, Bank ...

0 982

ВИДЕО - Айдоочулардын эсине, күйүүчү майды кантип “экономдоо” керек

30-апрель 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

Күйүүчү майга болгон баа күндөн-күнгө өсүп жатканы көптөгөн айдоочуларды тынчсыздандырат. Баалар болсо өсүүнүн үстүндө.Ушул өңүттөн алып караганда, интернет желесинде күйүүчү майды экономдой турган– Фри Фул каражаты тууралуу видео пайда болду. Фри Фул унаанын кыймылдаткычтарынын иштешин  жумшартып, үнүн басаңдатат. Фри Фулду колдонгондор, мурда 100км ге 11литр ичсе - азыр ошол чыгым 30%га азайганын жазышкан. Фри Фулдун негизги элементи катары, неодимдин (NdFeB) негизинде ...

0 239

ВИДЕО-Бишкекте уранга каршы акция уланууда

30-апрель 2019, 12:27 Айдар Нуралиев

29-апрелде Балыкчы шаарында митингге чыккандар нааразылык акцияны бүгүн Бишкек шаарынын Горький гүлбагында улантып жатышат. Акцияга чыккандардын бири, алгачкылардан болуп уранга каршы чыккан активист Марат Акатов жергиликтүү тургундар уран казууга каршы болуп Балыкчыдан бери келишкенин айтты: «Бул жалгыз эле Ысык-Көл, Нарын облусунда жашагандардын көйгөйү эмес. Бүт кыргыз элинин көйгөйү. Эгер уран ...

0 354

ФОТО-9 жаштагы баланы машинага  сүйрөтүп, сабаган.

30-апрель 2019, 11:11 Айдар Нуралиев

Бишкектин “Алтын Казык” конушунун тургуну 9 жаштагы жээнин машина менен 20 метрдей сүйрөтүп сабаган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-апрелде Биринчи Май райондук милициясына жаш баланын кордолуп сабалганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге  барганда, баланын таекеси “таенесинин акчасын урдады” деген  айып менен, тарбиялоо максатында баланы  BMW маркасындагы унаа менен 20 метрдей сүйрөткөн.

0 237

«Двойной форсаж - 2» фильминин режиссёру каза болду

30-апрель 2019, 11:21 Айдар Нуралиев

Джон Синглтон бир канча убакыт мурун инсульт алып, андан соң  Лос-Анжелестин ооруканасында 2 жума комада жатып, 29-апрелде көз жумган. Режиссёр, 51 жашта болгон. Синглтон Коста-Рикиден келгенден кийин абалы кескин начарлап, акыркы кезде буту ооруп жатканын айтып, 17-апрелде дарыгерге көрүнүп жүргөндө инсульт алган.   Джон Синглтон “Көчөдөн келген балдар”, “Двойной форсаж”, “Кылмыштын америкалык тарыхы” аттуу фильмдери менен белгилүү болгон.      Булак:NazarNews.kg

0 1282

ВИДЕО:“ИГИЛдин” лидеринин жардырууну талкуулаган видеосу чыкты

30-апрель 2019, 10:08 Айдар Нуралиев

Акыркы кезде, ММКларда “Ислам мамлекети” террористик уюмунун лидери  аль-Багдадинин өлгөндүгү тууралуу билдирүүлөр  жарыяланган. Бирок, аталган маалыматка расмий тактоо болгон эмес. Ушу тапта, Абу Бакр аль-Багдади сырткы келбетин өзгөртүп, Сириядан Иракка качууга бир нерсе жолу аракет кылгандыгын 29-апрелде, SITE Intelligence Group жазып чыкты. 2014-жылдын июлунда, интернетте Аль-Багдадинин Ирактын Мосул шаарындагы чоң мечитте тартылган видеосу жарыяланып, талкуу жараткан эле. Аталган видеодо аль-Багдади Сирияга ...

0 161

Трамп менен Эрдоган террорду талкуулады

30-апрель 2019, 13:40 Айдар Нуралиев

Президент Р.Т.Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эрдоган -Трамп сүйлөшүүсүндө эки тараптуу жана аймактык маселелер каралды, 75 миллиард долларлык соода максаты кайрадан такталды. Анда, Сириядагы абал менен катар эле террорго каршы бирге күрөшүү кызматташтыгын улантуу макулдашылды. Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиянын Орусиядан С-400 коргонуу системасынын алынышы тууралуу иш алып баруу ...

0 197

АКШ Бээжиндеги мусулмандарды кыйноону жазып чыкты

30-апрель 2019, 08:50 Айдар Нуралиев

АКШнын Эл аралык диний эркиндик боюнча комиссиясы (USCIRF) 29-апрелде, Кытайдагы мусулмандардын абалына өзгөчө көңүл бурулган дүйнөдөгү дин тутуу эркиндиги тууралуу баяндамасын жарыялады. Кытайда бийлик мусулмандарга карата туруктуу катаал тартибин орнотконуна 2 жылдан ашты. Алар мусулмандарды такай аңдып, телефондорунан бери тинтип, атүгүл ДНКсына чейин текшерүүдө. Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, 2017-жылдан бери Шиңжаңда 800 миңден ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 195

Бишкектин туулган  күнүн майрамдоого 1 млн. 900 миң сом чыгымдалган

30-апрель 2019, 08:29 Айдар Нуралиев

Бишкектин 141-жылдыгын белгилөөгө шаардык бюджеттен 1 млн. 900 миң сом бөлүнгөн. Анын басымдуу бөлүгү музыкалык аппаратурага жана фейерверкке коротулган. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлады. Анын айтымында, жогорудагы сумма  чет өлкөлүк ырчыларды майрамдык иш-чарага чакырууга жумшалган эмес. Ал, Бишкектик  айрым байларынын  шаардыктарга сунган белеги болгон. Шаар күнүн майрамдоого Орусиядан «Ялла» тобу жана ырчы Согдиана Федоринская чакырылган.

0 155

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлерин кабыл алды

30-апрель 2019, 08:07 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде ШКУга мүчө мамлекеттер башчыларынын саммитинин алдында башталган ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесинин алкагында үч жолугушуу өткөрдү. Белгилүү болгондой, ШКУ саммити 2019-жылдын июнь айында Бишкекте өтөт. Россия Федерациясынын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы жана КР Куралдуу Күчтөрүнө көрсөтүлүп жаткан аскерий-техникалык жардам үчүн Россия Президенти ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83