www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (5503)

0 126

Сооронбай Жээнбеков:Бишкекти Евразия чөлкөмүндөгү эл аралык кызматташтык борборлордун бирине айландырышыбыз керек

30-апрель 2019, 07:57 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-апрелде кыргызстандыктарды жана борбор шаардын тургундарын Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу борборубуздун тургундары жана коноктор! Кадырман мекендештерим! Сиздерди Бишкек шаарынын Күнү менен куттуктайм! Бишкек Кыргызстан элинин турмушунда өзгөчө орунду ээлейт.  Ал — мамлекетибиздин борбору жана сыймыгы. Региондогу ири экономикалык, саясий жана маданий борборлордун бири. Борбор шаарыбыз жыл өткөн сайын кулачын керип кеңейүүдө, өнүгүүдө жана жаңыланууда. Заманбап имараттар салынууда. ...

0 237

Бардык акча которуу сиситемалары Кыргызстанга чектөө киргизди

29-апрель 2019, 17:22 Айдар Нуралиев

12-апрелде, “Алтын корона – акчалай которуу”системасы Кыргызстандын коммерциялык банктарына  акча которуунун көлөмү бир айда 100миң сомго чейин чектөө киргизгенин билдиргенин Улуттук Банктан кабарлашты. Чектөө 16-апрелден баштап, РФнын  Борбордук банкынан сунушу менен киргизилген. Мындан соң, кээ бир коммерциялык банктар Орусиядан акча которуунун чектөөсү боюнча маалыматты өздөрүнүн сайтына жайгаштырышкан. “Азыр кардар 30 күн ичинде, Орусиядан Кыргызстанга 100 миң сомдон ашык акча которо албайт”- деп ...

0 325

Кыргызстанда 100 сом үчүн манжасын сындырды

29-апрель 2019, 17:17 Айдар Нуралиев

Чүйдүн Москва районунун соту Петровка мечитинин имамы К.А. боюнча чечимин чыгарды. Бул боюнча соттон кабарлайт. Ал, 2018-жылдын 13-сентябрында болжол менен 15:30төр чамасында Ратмир (аты өзгөртүлдү) иштеген Беловодск айылындагы рентген-кабинетке келген. Айыпталуучу, аны оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, халатын, майкасын айрып жана денесине залал келтирген. Экспертизанын жыйынтыгы менен Ратмирдин  денесиндеги залал аныкталып, манжасы катуу жабыркаган. Имамдын айтымында, ал 11-сентябрда келип, рентгенге түшүп, 100 сом ...

0 1373

Эрдоган дүйнөлүк аренада өз күчүн дагы бир жолу көрсөттү

29-апрель 2019, 15:58 Айдар Нуралиев

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси Режеп Тайип Эрдоган, партиясынын Анкарадагы Кызылжахамам районунда ишке ашырган 28-Кеңешүү жана баа берүү жыйналышынын жабылыш отурумунда сөз сүйлөп экономикага токтолду. Президент Режеп Таййип Эрдоган, куралдуу жана дипломатиялык террорго багынбаган Түркиянын, экономикалык террорго да моюн сунбай турганын айтты. Кеңешмеде сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде экономикада тең салмактуулук уланды.Көрсөткүчтөрдү ...

0 261

ВИДЕО-Балыкчыдан эл жөө жүрүш менен борборго агылууда

29-апрель 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

Фейсбукта Илимбек Исраилов деп катталган жаран Балыкчыдан эл жүрүш менен борборго келе жатканын жазып видеосун жүктөгөн. Биз  Исраиловдун жазганын эч өзгөртүүсүз бердик. Илимбек Исраилов:“Ысык-Көлдөн карапайым калк борбор калаага жөө жүрүш менен келет жатат.Бүгүн, 29-Апрель! Эртең, 30-Апрель Ала-Тоо аянтында тынчтык митинги өтөт деп угуудабыз! Эми Улуу урматтуу мекендештер,бул чыныгы элдик сунуш,элдик тоскоолдук,элдик талаптар. Ушул урандын артынан кээ бирөөлөр ...

0 307

Зеленский Бодрумда эс алып кетти

29-апрель 2019, 15:15 Айдар Нуралиев

Украинанын жаңы президенти Зеленский Бодрумда үч күн эс алды. Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский үй-бүлөсү менен чогуу келген Мугланын Бодрум районундагы эс алуусун аяктады. Бодрумдун Гүвержинлик аймагындагы беш жылдыздуу отелде үч күн эс алган Зеленский жана үй-бүлөсү эртең мененки убактарда отелден жөнөп кетишти. Зеленский кетип баратып аны узаткан жооптуу кызматкерлер менен өз-өзүнчө кол кармашып коштошту. Президент Зеленский андан соң ...

0 665

Акүйдүн алдына бир аял өзүн өрттөйм деп чыкты

29-апрель 2019, 14:12 Айдар Нуралиев

Бишкекте, Асипа Кадыркулова  жалгыз бой аял өзүн өрттөй турганын айтып борбордук аянтка чыкты Аялдын айтымында, анын нааразычылыгына  Кочкор райондук ооруканасынын директорун, облустук сот у тийешеси бар боргон.  Кадыркулова, аларды коррупция боюнча айыптап жатат. Аны менен президенттик аппараттын коомдук кабылдамасынын өкүлү Улан Жолдошбеков жолугуп, маселени чечүүгө көмөктөшөөрүн билдирди. Аялдын колундагы бензин менен ширеңкени кийинчирээк милиция ...

0 229

ВИДЕО:“Түндүкэлектронун” бөлүм башчысы пара менен кармалды

29-апрель 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

“Түндүкэлектронун”бөлүм башчысы У.Н.35миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Финансы полициясына Ж.Ш. аттуу жаран кайрылган. Анын айтымында,“Түндүкэлектронун” бөлүм башчысы бир мыйзамсыз документ ишин оң жагына  бүтүрүп  берүүгө 50миң сом сураган. Бир ай ичинде аталган кызматкер,сураган 50 миң сомун алган.Акыркы 35 миңин алып, жаранга уруксат кагазын берип жаткан ...

0 190

  «Жашылдар» партиясынын митинг өткөрүүсү сотто каралууда

29-апрель 2019, 13:24 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы «Жашылдар» партиясынын уран кенине байланыштуу нааразылык акциясын Ала-Тоо аянтына өткөрүүгө уруксат берилген жок.Бул тууралуу партиянын төрагасы Эркин Бөлөкбаев Назарньюс сайтына билдирди. Анын айтымында, Биринчи май райондук соту борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим чыгарган. Сот 30-апрель күнү Ала-Тоо аянтында башка иш-чара өткөрүлөөрүн жүйө кылып, «Жашылдар» партиясына Горький гүлбагында акция өткөрүүнү сунуш кылган. Бирок партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев ...

0 298

Соттолгон чиновниктердин туугандары журналисттерге жулунду

29-апрель 2019, 13:03 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык сотунда, ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча сотто айыпталгандардын баш коргоо чарасын  караган сот отуруму болууда. Сот, чечим  чыгарууга чыгып кеткенде соттолуучу чиновниктердин туугандары журналисттерге жулунган. Алар, айыпталуучуларды  тасмага, сүрөткө тартпоо талабын коюп, уруш чыгарышкан. Туугандардын бири:“Силер бизди тажаттыңар. Телефондоруңарды алгыла. Биздин ордубузда болуп калсаңар экен”–деп тилдеп кыйкырып, журналисттердин телефондорун тартып алууга аракет жасашкан. Эске салсак,  УКМКнын кармоо жайында  мурунку премьер-министр Сапар Исаков ...

0 184

Кыргыз-кытай чек арасы жабылат

29-апрель 2019, 12:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт-унаа өтмөгүндөгү” чек ара пункту,  1-майдан 5-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.  “Жаз жана эмгек” майрамын утурлай, чек ара-Кытай тараптын демилгеси менен жабылууда, Булак:NazarNews.kg

0 351

Сатыбалды Далбаев каза болду

29-апрель 2019, 12:02 Айдар Нуралиев

Бүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти Сатыбалды Далбаев көз жумду. Ал 1934-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа кыштагында туулган. 1952-жылы Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институтка тапшырып, аны 1957-жылы аяктаган. Сатыбалды Далбаев 1952-жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген. 1970-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган, төрт жылдан кийин эле ...

29-апрель 2019, 12:02 | 351
0 222

Балыкчыдагы митингчилер жөө жүрүшкө чыгат

29-апрель 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

Балыкчыда уран кенин казууга каршы  200дөй адамдын катышуусунда тынч митинг өтүүдө. Митингди жергиликтүү активисттер уюштурган. Аталган митингде, Балыкчыдан Бишкек шаарына чейинки жөө жүрүш пландалып жаткан. Жөө жүрүшкө Балыкчы шаардык соту тыюу салып, тынч митингге гана уруксат берген. Бирок, түштөн кийин, чогулган эл жөө жүрүшкө чыгарын жергиликтүү активист Марат Акатов билдирүүдө. Булак:NazarNews.kg

0 404

Жалил Атамбаев журналистти сотко берди

29-апрель 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Милициянын отставкадагы полковниги,түштүктөгү эң бай адамдардын бири  Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн сотко берип, соттон 50 млн.сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган. Эске  салсак, ушул жылдын апрель айында Азаттыктын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн алкагында журналист Ыдырыс Айтбаевдин «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аталыштагы видеоиликтөөсү көрсөтүлгөн. Анда, Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй ...

0 520

Гүлнара Каримованын 1 миллион долларлык жол тандабастарына сот чечим чыгарды

29-апрель 2019, 11:33 Айдар Нуралиев

Маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гулнара Каримованын конфискацияланган,баасы асман чапчыган жол тандабастары сатылбайт деген чечим чыгарды.Каримова учурда, Зангиотто жайгашкан аялдар түрмөсүндө жатат. Швецариялык басылма Le Tempsтин маалыматына караганда, анын Mercedes-Benz SLR2DR, Bentley Arnage жана  Range Rover Sport V8 – үлгүсүндөгү 1 миллион долларга бааланган. 2003-жылдан бери,аталган унааларга чечим чыкпай келген. Эми аларды, Г.Каримованын 2009-жылы 18 миллион франкка сатып алган ...

0 196

Орозо 6-майда башталат

29-апрель 2019, 10:57 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы Уламалар кеңешинин чечими менен быйылкы орозо айы 6-майда башталары белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 5-майда  кечинде айга карап, орозонун так башталышы 1 күнгө жылып калышы мүмкүн экендигин Кыргызстан Уламалар кеңешинен билдирилди. Булак:NazarNews.kg

29-апрель 2019, 10:57 | 196
Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 211

“Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт

29-апрель 2019, 10:34 Айдар Нуралиев

29-апрель, саат 10:00дө депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен уюштурулуп жаткан  “Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт. Иш-чара мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен жогору окуу жайларын, атайын мектеп интернаттарын жана кесиптик лицейлерди бүтүргөн жетим балдардын ортосундагы байланышты арттырууга багытталган. Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен ...

0 287

ВИДЕО-Подиумда кулаган модель жан берди

29-апрель 2019, 10:20 Айдар Нуралиев

Бразилиянын Сан Паулу шаарында,Соарес Ocksa брендинин кийимдерин көрсөтүп жаткан учурда,подиумда басып бара жатып кулап кеткен модель жигит көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Талес Соарес аттуу модель болгону 26 гана жашта болчу. Алгач ал жыгылганда көрүүчүлөр аны шоунун бир бөлүгү деп ойлошкон. Бирок, калтырап оозунан ак көбүк чыга баштаганда гана дарыгер чакырылып,эл дүрбөгөн. Бирок,Соарести медиктер да сактап калалган эмес. Учурда,анын жыгылган себеби такталууда. Булак:NazarNews.kg  

0 265

Ноокендин башчысы төрт хан сарайда жашайбы? Жалал-Абаддагы акимдердин байлыгы

29-апрель 2019, 10:15 Айдар Нуралиев

Жалал-Абаддын район жетекчилери Ош менен Ысык-Көл облусунун акимдеринен баш калкалоочу турак жайы бар экендиги менен айырмаланат. Арасында төрт үйгө ээлик кылгандар да бар. Дагы биринин жери кенен болсо, башкасынын мал-жаны белен. Бул ирет Жалал-Абад облусундагы акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясын карап чыктык. Бул дубан Арстанбап жаңгак токою, Сары-Челек көлү сыяктуу туристтик жайлары менен таанымал. Мындан сырткары, өлкөнүн экономикасын өргө ...

0 208

«Ала-Арча» резиденциясында өрт чыкты

29-апрель 2019, 09:57 Айдар Нуралиев

Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында реконструкция болуп жаткан эски имараттардын биринин чатырындагы өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирд. “Бүгүн резиденциянын аймагындагы имараттардын биринин чатыры күйдү, толук эмес, бир бөлүгү. Өрт өчүрүүгө беш автоунаа тартылган. Жабыр тарткандар жок. Өрт чектөөгө саат 16:37де алынып, андан ары өрчүшүнө жол берилген жок”, - деп кабарлайт ОКМдин басма сөз ...

0 242

Бишкектин 141жылдыгына карата- Согдиана, "Ялла" тобу келет

29-апрель 2019, 10:22 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек өзүнүн 141 жылдыгын белгилейт. Аталган мааракеге карата, мэрия майрамдык концерт даярдоодо. 19-апрелден баштап шаарда, ар кандай маданий иш-чаралар коюлуп келген. Эң чоң майрамдык иш-чара, бүгүн, "Ала-Тоо" аянтында өтмөкчү. Аталган концертке Орусиянын белгилүү ырчысы Согдиана жана Өзбекстандык "Ялла" тобу келип Бишкектиктерге жакшы маанай тартуулайт.  Ал эми атамекендик белгилүүлөрдөн - "Элес", "Инсан" тобу, Гулнур Сатылганова, Мирбек Атабеков катышат. Акырында 6 мүнөттүк фейерверк атылат. Бул күнү, ...

0 226

Канайым Бактыгулова, элчи: "Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко чыгарууга өбөлгө түзөт"

29-апрель 2019, 09:45 Айдар Нуралиев

«Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко, анын ичинде Кытай базарына чыгарууга жана таанытууга өбөлгө түзөт», - деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал Кыргызстан биринчилерден болуп КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесин колдоого алганын эске салды. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ...

0 260

Президент Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды

29-апрель 2019, 08:17 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Кытай Эл Республикасына жумушчу визитинин алкагында Эл аралык көргөзмө борборундагы Кыргызстандын жарманке павильонуна барды. Мамлекет башчысы павильонду көрүп чыгып, анын экспонаттары менен таанышты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары көргөзмөнүн аянтчасын максималдуу колдонуусу жана кыргызстандык экологиялык таза айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайын ири рынокко көрсөтүүсү керек. “Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 млн адам келери күтүлүүдө. Президент ...

0 898

Кубанычбек Кадыров: "Атамбаевге түрмөдөн орун бошотуп келдим"

27-апрель 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын коомдук саясый жана мекенчил күчтөрүнүн ll-Курултайында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагы кемчилдиктерин айтып: "Кубанычбек Кадыров түрмөдөн Алмазбек Атамбаевге орун бошотуп келди" - деди. Андан сырткары Кадыров кыргыз элинин алдында кала айтып келгендигин айтып Атамбаевди тез арада камалышы керектигин айтты. Булак: NazarNews.kg

0 308

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка кызыкдар кытай компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

26-апрель 2019, 20:25 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде  «China Railway Construction Corporation Limited» Кытай темир жол курулуш компаниясынын төрагасы Чэнь Фэньцзиан менен жана ушул эле күнү «Чайна Роуд» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Лу Шань менен жолугушту. Транспорт жана темир жол чөйрөлөрүндө, анын ичинде “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана болочок кызматташуу маселелери ...

0 312

Принц Уильям Нур мечитине барды

26-апрель 2019, 18:49 Айдар Нуралиев

Британия тактысынын экинчи  принци принц Уилиям Жаңы Зеландияда террордук кол салууга бута болгон Нур мечитине барды. Англис коомдук басма сөз органы БиБиСинин кабарына караганда 2 күндүк Жаңы Зеландия сапарынын негизинде Крайстчерчтеги Нур мечитине барган Уильям мечиттерге карата террордук кол салууну «сүрөттөлүшү мүмкүн болбогон бир жек көрүү кыймылы» деп мүнөздөдү. Уильям ашыкча оңчул террористтин максатына жетүүдө ийгиликсиз болгондугун көрсөтүү үчүн мечитти зыярат ...

0 451

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарыхы жөнүндө Кытай жазма булактарын биргелешип изилдөө маселесин талкуулады

26-апрель 2019, 18:22 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо жана Кытай Байыркы тарыхты изилдөө институтунун чет өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ли Цзиньсю менен жолугушту. Мамлекет башчысы кытайлык достор менен жолугушуу ал үчүн дайыма жагымдуу экенин белгиледи. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 26 жыл ...

0 397

Бишкек шаарынын мэри автобустар боюнча түшүндүрмө берди

26-апрель 2019, 17:10 Айдар Нуралиев

Кытайлык компания чыгарган автобустар Алматы, Монголия, Гавана, Бангкок шаарларында пайдаланылары айтылды. Бишкекке Кытайдан алып келинген автобустар боюнча айрым комментарийлерге жооп берип, шаар мэриясы түшүндүрмө берди. 24-апрель күнү борбор калаага Кытай өндүрүшүнөн чыккан 60 автобус алып келинген. Жаңы унаалар бир жуманын ичинде линияга чыга турганы айтылган. Автобустарды президент Сооронбай Жээнбеков да көрүп, бирине түшкөн.  Мэриянын маалыматы боюнча газ менен жүргөн автобустар тендер аркылуу тандалып ...

0 317

Украинада украин тили мажбур түрдө колдонулат

26-апрель 2019, 16:20 Айдар Нуралиев

Украина парламенти украин тилин мамлекеттик мекемелер мажбур түрдө колдонуу мыйзамын чыгарды. Парламенттин Жалпы Кеңешинде украин тилинин мамлекеттик тил катары колдонуу боюнча мыйзам долбоорун 331 депутаттан 278 депутат кабыл алды. Ушуга караганда мамлекеттик башкаруучулар, депутаттар, Борбордук банк кызматкерлери, сот жана прокурорлор менен бирге келишим менен аскердик кызматын өтөгөн аскерлер, мугалимдер жана саламаттык сактоо кызматкерлери украин тилинде сүйлөшөт. Бул мыйзам жеке турмуш менен диний ...

0 310

Украинанын жаңы президенти чарчаганын Түркияда жазат

26-апрель 2019, 15:59 Айдар Нуралиев

Зеленский Түркияда эс алат Украинада президенттик шайлоону жеңген Владимир Зеленский шайлоо үгүт иштериндеги чалыгуусун Түркияда эс алып жазат. Зеленский социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Ачык болуу темасында макулдаштык. Мына ушундай. Түркияга учабыз. Балдарды жылдык көңүл ачуу фестивалына алып барам»,-деди. Акыркы төрт айдан бери биринчи жолу эс ала турганын белгилеген Зеленский Украинага эки күндөн кийин кайта турганын билдирди. Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ...

0 224

Адам сатууга каршы күрөшүү...

26-апрель 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Бул мааалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Тармактык комитеттин жумушчу тобу миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча көчмө жыйын өткөрдү Бүгүн, 26-апрель күнү Чүй облусунда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданияты жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутат Евгения Строкова башында турган миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын иликтөө боюнча жумушчу топтун көчмө ...

26-апрель 2019, 13:45 | 224
0 217

Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү...

26-апрель 2019, 13:39 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди. “Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт 29-апрель, саат 10:00дө депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен уюштурулуп жаткан  “Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт. Иш-чара мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 282

Бала саткан гинекологдордун соту болду

26-апрель 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык №4 төрөт үйүнүн перинаталдык борборунун кызматкери 2800 долларга жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан. Бул туурасында 24-апрелде, бала сатууга шектелип кармалган гинекологдордун сотунда күбө катары катышкан Б.С. аттуу жаран айтты. Эскерте кетсек, 2018-жылы 7-сентябрда Бишкекте бала сатты жана мыйзамсыз аборт жасады делген шек менен бир нече гинеколог кармалган. Сегиз дарыгер сот жоопкерчилигине тартылууда. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактын маалыматы боюнча үчөө ...

0 200

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Пекинге учуп кетти

25-апрель 2019, 14:26 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван ...

0 275

Кыргыз Республикасынын ИИМде “Генералдар клубунун” төрагасы Садырбек Дубанаевди маарекеси менен куттукташты

25-апрель 2019, 12:13 Айдар Нуралиев

Бул мааалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2019-жылдын 25-апрель күнү ИИМдин Борбордук аппаратында салтанаттуу  шартта “Генералдар клубунун” төрагасы, запастагы милициянын  генерал-майору Садырбек Дубанаевди маарекеси менен куттукташты. Салтка ылайык, туулган күн ээсин жетимиш жаш маарекеси менен куттуктоого ИИМдин жетекчилиги, ИИМдин генералдар клубу, кесиптештери,  башкармалыктардын жана кызматтардын башчылары чогулушту. Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын  генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков милициянын ардагерин жетимиш ...

0 183

УКМК: Издөөдө жүргөн ЭТУ согушкери кармалды

24-апрель 2019, 13:02 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 20-апрелинде КР УКМК тарабынанКР аймагына эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин кирүүсүнө бөгөт коюуу боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте Сириядагы ЭТУ согушкери деп шектелип, издөөдө жүргөн 1991-ж.т. КР жараны “А.у.А.” кармалды.   Такталгын боюнча, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террористтик топко кирип, Сирия аймагындагы диверсиялык даярдыктан өтүп, согуш аракеттерине катышып келгени аныкталды. 2018-жылдын ноябрь айларында ...

0 195

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизатын сатып жүргөн жаранды кармашты

24-апрель 2019, 11:53 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын кызматкерлери  өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизатын ташыган жолду аныктоого жана ага бөгөт коюга багытталган атайын операцисын жүргүзүшкөн. 2019-жылдын 20-апрель күнү баңгитрафигинин жолуна бөгөт коюга  багытталган ыкчам иш-чаралардын натыйжасында баңгизаттарды даярдоо, сактоо, сатуу, өткөрүп берүү менен алектенген жаран кармалган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 килограммдан ашык гашиш табылып алынды. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып ...

0 231

Жолдогу “афёра” катуу талкууга түштү

23-апрель 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

Буга чейин деле бир топ маалымат булактарында Түркия менен Өзбекстандагы шылуундук үчүн эл аралык издөөдө жүргөн түркиялык ишкер Кыргызстанда Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жол долбоорлорун тендерден утуп келгени ачык эле айтьшып келген. Бирок, мурдагы бийлик бул аракеттерге салкын мамиле кылып койгон. Жакында Ички иштер министрлигинин иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча буга чейин Кыргызстанда тендерлерди утуп, эки ири жол долбоорун ишке ашырып келген Түркиянын жараны, ...

0 730

Атамбаевдин кыңыр иштери иликтенмей болду

23-апрель 2019, 15:43 Айдар Нуралиев

Өзбекстандык олигарх Салимбай байбача менен майрамдап, аны айга-күнгө теңеп теңселген Оштун байларынын бири Жалил Атамбаевдин салыктарды жашырганы боюнча макаласы “Азаттык» сайтына «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» деген ат менен жарык көргөн. Мына ошондон соң, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштагандыгы белгилүү болду. Аталган макаланын видео тасмасында айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө ...

0 807

ВИДЕО - Каныбек Иманалиев: «Атамбаевди сындап койсоң - 30 миллион сом, 40 кишини өлтүрсөң 20 миллион сом»

23-апрель 2019, 15:37 Айдар Нуралиев

Бүгүнкү Жогорку Соттун алдында өткөн митингде, “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев, 6 миллион элдин “аферист” Маевскийге утулуп калуусуна жол берген кыргыз сотторунун ишин сындады. «Кыргызстанда сот киши өлтүргөнгө эң чоң сумма 500 миң сом айып салат. Атамбаевди сындап койсоң- 30 миллион сом төлөшүң керек экен. Демек, 40 кыргызды өлтүрсөң 20 эле миллион сом төлөйсүң. Ушулар сот болууга татыктуубу?», - деп айтты ...

0 171

"Коммерсантъ": Путин менен Ким Чен Ын 25-апрелде Владивостокто жолугушат

23-апрель 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Орусия президенти Владимир Путин менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу 25-апрелде Владивостоктун Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өтөт. Бул тууралуу "Коммерсантъ" өз булактарына таянуу менен билдирди. Жолугушуу өтө турган жерди коопсуздук талаптарына байланыштуу Түндүк Корея тандаган. Буга чейин Кремль Ким Чен Ын менен Путиндин Орусиядагы жолугушуусу апрелдин экинчи жарымына белгиленгенин маалымдаган. Бүгүн Владивостокко Ким Чен Ындын эжеси, Түндүк Кореянын Борбордук ...

0 251

Бекназаров коррупционерлердин атын атоого даяр

23-апрель 2019, 14:42 Айдар Нуралиев

Саясатчы Азимбек Бекназаров 12-апрелде элдик курултай боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө. Жыйындын жүрүшүндө Бекназаров мамлекеттин бюджетине зыян келтирген коррупционерлердин баары Жогорку Кеңеште отураарын белгилеп: “Эгерде бийлик коррупционерлердин атын ачык айтпаса, анда биз элдик курултайда кайсы коррупционер кайдан, канча алгандыгын айтып беребиз” – деп билдирди. Муну менен Бекназаров коррупционерлер менен бийликке шарт коюп, соодалашууну көздөп жатканы же чындап күйүп-бышып жатканы курултайда билинет. ...

0 442

Мирлан Айтиев, митингдин катышуучусу: «Атамбаевдин боштондукта жүрүшү мыйзамсыз»

23-апрель 2019, 14:20 Айдар Нуралиев

- Эмне себептен Атамбаевдин камалышын да талап кылып жатасыздар? - Талап кылганыбыздын себеби, Атамбаевдин коррупциялык иштери далилденсе деле боштондукта жүрөт. Анын боштондукта жүрүшүнүн өзү мыйзамсыз. Себеби, эл көрүп турат. Мына Текебаев өзүңөр билгендей, Атамбаевдин катыштыгы бар кылмыш иштерин далилдөөгө белсенгенде камалган. Бул эми саясый буюртма экени белгилүү. Мыйзамды бузгандыгы үчүн камалсын. Ошол убакта бул кишинин аброюна шек келтирген адамдар миллиондогон сомго ...

0 158

Алгачкы жолу Бишкекте МУРАС FEST муундар фестивалы өтөт

23-апрель 2019, 14:08 Айдар Нуралиев

“Үй-бүлө – адамдын баалуу мурасы” Үй-бүлө – ата-энелер, балдар, чоң апа-чоң аталар – бул адамдын табылгыс байлыгы! Улуулар тарбия берүү менен маданият, тажрыйба жана билими менен бөлүшүшөт. Биздин да максатыбыз – өзүбүздүн балдарыбызга алардын жашоо турмушуна керектүү насааттарды жана улуттук баалууктарыбыз менен бөлүшүү. “Азыркы учурда балдар ар кандай гаджеттер менен убакытын өткөрүү менен таза абада, ...

0 196

Депутат Алтынбек Сулайманов: «Жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо иши качан башталат? Ушул маселени такай көтөрөбүз, азыркыга чейин жообу жок»

23-апрель 2019, 13:53 Айдар Нуралиев

Азыр аймактардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эмне маселе чечет? Эч нерсе чечпей калышты. Ошондуктан, аларды жоюш керек, бизге губерниясы жок губернаторлордун эмне кереги бар. Бул тууралуу «Бир Бол» фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин Конститциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди. «Жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо иши качан башталат? Ушул маселени такай ...

0 179

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

23-апрель 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

«Нур Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев партиянын съездинде сенаттын мурдагы спикери, учурда мамлекет башчынын кызматын аркалап жаткан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттике сунуштады. Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин башкаруучу партиянын съездди алгачкы жолу өтүп жатат. Назарбаев өткөн айда кызматын тапшырган, бирок «Нур Отандын» лидери бойдон калган. Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленген. Казакстанда жана ...

0 193

Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районундагы Орок орто мектебинин жана Бишкек шаарындагы № 59-мектептин абалы менен таанышты

23-апрель 2019, 13:46 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Сокулук районундагы Орок орто мектебине, ошондой эле Бишкек шаарындагы № 59-мектепке барды. Бул эки мектепте тең учурда долбоордо каралгандан 3-4 эсе көп окуучулар билим алышат.  Мамлекет башчысы мектептердин имараттарын, класстарды, жаңы окуу корпустарын куруу үчүн бөлүнгөн жерлерди көрүп чыкты, алардын долбоорлору менен таанышты. Ал окутуучулар менен маектешип, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулардын саны ...

0 251

Митингге чыккандар Атамбаев, Жолдубаева жана Сегизбаевди камакка алууну талап кылышты

23-апрель 2019, 13:38 Айдар Нуралиев

«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камакка алуу талабы айтылды. Мындай талапты Саясий туткундарды бошотуу комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев келтирди. “Атамбаев ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага таянып алып, отуздан ашык кишини саясий куугунтуктун негизинде камашты. Жыйынтыгы өздөрү Кыргызстанды тоноду, өзү Кыргызстандын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 275

Митингде чогулган эл Атамбаевдин камалышын талап кылышты

23-апрель 2019, 12:59 Айдар Нуралиев

Экс –депутат Садыр Жапаров менен «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары өткөрүп жаткан митингде мурдагы Президент А.Атамбаевдин камалышы да талап кылынууда. Чогулган эл, Атамбаев менен мурдагы Башкыпрокурор Индира Жолдубаева жоопкерчиликке тартылсын деген ураандарды көтөрүп чыгышкан. Булак: NazarNews.kg

0 277

ВИДЕО - Өкмөт уран казууну токтотууга чечим кабыл алды

23-апрель 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Кечээ, 22-апрелде кыргыз өкмөтү, Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алгандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, митингде сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн мындай чечимине карапайым элдин бирдиктүү демилгесинин тийешеси бар. Булак: NazarNews.kg  

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83