www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (5410)

0 673

ФОТО – Валентина Шевченко бикиничен сүрөткө түшүп, денесиндеги чаянды көрсөттү

21-июнь 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

UFC чемпиону Валентина Шевченконун Инстаграмдагы катталуучуларынын саны  1 000 000 го жеткен. Белгилей кетсек, спортчу Инстаграмда аудиториясы миллионго жеткен дүйнөдөгү сегизинчи колдонуучу болду. Ал жакында эле Америкада UFC 238 турниринде Жессика Айды нокаутка кетирүү менен чемпиондук титулун коргоп калган. Булак:NazarNews.kg

0 247

КР Президентинин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтөт

21-июнь 2019, 15:30 Айдар Нуралиев

«Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны 2019-жылдын 24-июнунда өтөт», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев. Анын маалыматына ылайык, туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш ишмердиги өлкөдөгү өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү маселелерин чечүү багытында иштей турган Комитетти түзүү боюнча чечим кабыл алган. Комитет мамлекеттин жана бизнес ...

0 1862

Жандандыруу бөлүмүндө кыздын өмүрүн сактаган дарыгер токмок жеди

21-июнь 2019, 15:10 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунда эркек адам, жандандыруу бөлүмүндө кызды куткарган дарыгерди токмоктоп салган. Бул маалыматты облустун ИИБнин басма сөз кызматы тастыктады. ММКнын маалыматына караганда, жабырлануучунун эки жерден мурду сынып, баш мээси чайкалган. ИИБден билдиргендей, тергөө иштери жүрүп, экспертиза дайындалды. Булак:NazarNews.kg

0 895

Бишкекте 9-классты бүткөндөрдүн бардыгы күбөлүк алалбай жатат

21-июнь 2019, 14:58 Айдар Нуралиев

Бишкектин бардык 9-класстары бүткөн күбөлүгүн алалбайт. “Бүгүн мектепте бүтүрүү аземи болуп, анда бүтүрүүчүлөргө грамота тапшырылды. Аттестаттар али даяр эмес. Окууга тапшыра тургандар кантет? Мектепте документтерди 25-июнда берерине сөз беришүүдө”, - деп даттанышты ата-энелер. Билим берүү министрлиги болсо күнөөсүн мойнуна албай, бардык мектептерде 9-классты бүткөндүгү тууралуу күбөлүк берилгенин айтып кашкайышууда. Бул жылы 9-классты 96 миң ...

0 4676

Албек Ибраимов: “СИЗОдо “өтө маанилүү адамга” орун даярдап жатышкан го”

21-июнь 2019, 14:19 Айдар Нуралиев

Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго байланышкан соттук процесс уланууда.  Соттун жүрүшүндө, СИЗО толуп калгандыгы белгилүү болду. Сотко Коррупцияга каршы кызматынын директору Сагынбек Исмаиловдон, соттолуучуларды  шаардык тергөө изоляторуна которуу тууралуу кат келип түшкөн. Сот соттолуучулардын оюн сураганда, Кубанычбек Кулматов жактоочуну жактарын айтты. Албек Ибраимовдун айтымында, ага кайсы жакка отурса да, айырмасы жок. “Азыр мага ...

0 1402

Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештин айыптоолоруна байланыштуу БИЛДИРҮҮСҮ

21-июнь 2019, 12:37 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш. Атамбаевдин КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-июнунда айтылган айыптоолорго байланыштуу БИЛДИРҮҮСҮ "Урматтуу мекендештер! КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан менин дарегиме айтылган айыптоолор жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясый атаандашты четтеттүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан. Сооронбай Жээнбеков менин оозумду ...

0 493

“Кыргыз почтасы” кызматкерлери 1 жылда 4 миллион сомду урдаган

21-июнь 2019, 12:12 Айдар Нуралиев

Акыркы бир жылда эле “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине карата он кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу “Республика – Ата-Журт” фракциясынын парламенттик отурумунда МИ нын директору Марс Наспеков билдирди. Анын айтымында, “Кыргыз почтасы” системаны автоматташтырып, акчаны накталай эмес банк аркылуу берүү системасына өтүүгө камылга көрүүдө. “Так ушул накталай акча биздин кызматкерлерди азгырып жатат. Азыр Дүйнөлүк банктын долбоору менен системаны автоматташтырууга ...

0 1116

Экс-мерлердин сотунда соттолуучуга тез жардам чакырылды

21-июнь 2019, 11:49 Айдар Нуралиев

Бишкекте Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго карата сот ишин баштады. Соттун жүрүшндө соттолуучулардын ичинен Сейиткан Алиев өзүн жаман сезип, ага тез жардам чакыртылды. Белгилүү болгондой соттолуучу остеоартрит менен жабыркайт. Ал дайыма ооруну сездирбеген даары менен жүрөт. К.Кулматов менен А.Ибраимов башында туган 14 айыпталуучу коррупция боюнча кармалууда. Тергөөнүн маалыматында, мурунку чиновниктер курулуш иштеринин аянтын жана кеткен ...

0 363

Жашы жете элек өспүрүм кыздар түндө эжесинен качып Ошко кеткенге аракет кылышты

21-июнь 2019, 11:14 Айдар Нуралиев

Кечээ, 21-июнда, саат 21:05 Акыйкатчы аппаратынын алдындагы “115 шыр байланыш” кызматына Батыш автобекетинен Бишкек-Ош-Бишкек жолунда жүргүнчү ташыган айдоочулар телефон чалып, аларга 7 жана 11 жаштагы жашы жете элек эки өспүрүм кыздар келип, Ошто жашаган атасына жеткирип коюсун суранып жатышканын айтып чалышкан. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз катчысы Эльмира Мадиева билдирди. Малыматка ылайык, Телефон чалуу болор замат, саат 21:15 Акыйкатчынын орун ...

0 924

ВИДЕО - Пенсионерден пара алган Соцфонддогу орун басар кармалды

21-июнь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Соцфондунун башчысынын орун басары жашы өтүп калган аялдан акча алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекет кызматынан билдирет. Маалыматка ылайык, Р.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал, Сузак райондук Социалдык фонддун үлкөн кызматкери пенсияга чыгаруу үчүн акча талап кылып жатканын айткан. Жарандын арызын КРнын ККнин кылмыштарды каттоо бирдиктүү реестерине 326 – берене ...

0 1474

Орусиялык депутат Грузиядагы миңдеген адамдар катышкан митингдин күнөөкөрү болду

21-июнь 2019, 10:27 Айдар Нуралиев

Орусиялык депутаттын жоругунан улам, Тбилисиде миңдеген каршылык акциясына чыгышты. Полиция аларга карата көздөн жаш агызган газ жана желим ок колдонушкан. 20-июнда түнү парламенттин алдына чогулган демонстранттардын 70ге чукулу жарат алып, 39ун полиция кармап кетти. Маалыматка ылайык, орусиялык депутат Сергей Гаврилов Тбилисиге  Православия боюнча парламенттер аралык ассамблеяга төрагалык кылуу үчүн барып, грузин спикеринин креслосуна отурганы демонстрациянын себеби болду. Нааразы болгон ...

0 256

Сооронбай Жээнбеков Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды

21-июнь 2019, 08:45 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июнда, Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановду кабыл алды. Акылбек Султанов 2019-жылдын январь–май айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы тууралуу маалымат берди. Статкомитеттин маалыматтарына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түзүп, 5,6 пайызга жогорулады. ИДПнын өсүшү өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрүнүн өсүшүнүн эсебинен жогорулаган. Ошондой эле ...

0 166

Муктар Жумалиев Кыргызстандын ЕБ жана ЮНЕСКОдо туруктуу өкүлү, КР Франциядагы жана Нидерланддар Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды

21-июнь 2019, 08:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джумалиев Муктар Кабылбекович Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Европа Бирлигиндеги туруктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Нидерланддар Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча ...

0 367

Атамбаевди “опэгэшник” деп аташты

20-июнь 2019, 16:49 Айдар Нуралиев

Депутат Альфия Самигулина бүгүнкү отурумда, Жогорку Кеңеш экс-президенттин дарегине айтылган айыптар далилденбесе, кандай жоопкерчилик күтөөрүнө кызыкты. “Биз мурдагы президентти уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деп бүт өлкөгө жар салдык. Сленгди колдонуу менен эле аны кылмышкер кылып салдык. Атамбаев жасаган такталган кылмыштар жок. Эгер, тергөөнүн жүрүшүндө калган 6 кылмыш аныкталбаса, анда Жогорку Кеңеш кандай жоопкерчилик алат?”, - ...

0 556

Жогорку Кеңеш Атамбаев боюнча токтом кабыл алды

20-июнь 2019, 16:07 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламенттик отурумда токтом кабыл алынды. “Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом талкууланып, аны парламенттин 100 депутаты колдоп, бешөө “каршы” добуш берди. Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссия демилгечи топтун Атамбаевге койгон тогуз кинесин карап чыгып, алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы ...

0 1765

Депутат: “Азиз Батукаевдин ишинде Раиса Атамбаеванын аты аталса таң калбайм”

20-июнь 2019, 15:35 Айдар Нуралиев

Депутат Аида Исмаилова, экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын аты кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча калпып чыгышы мүмкүн экендигин айтты. Эл өкүлү айткандай, ага Раиса Атамбаеванын “кыйратпаган” курбуларынын кылыгы  менен бир нече жолу кездешүүгө туура келген. “Кудайбергенова, Султангазиева, Сагынбаева жогорку кызматтарды ээлеп алышып, иштебей эле көчө таптап кутуруп басып жүрүшкөн. Эгер, Раиса Атамбаеванын аты Азиз Батукаевдин ишинде калпып чыкса деле ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 256

Кашкар Жунушалиев курсанттарды узатты!

20-июнь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин катышуусунда ИИМдин академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү. Быйыл ИИМдин академиясын 118 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана лейтенант наамын алышты. Министр Кашкар Жунушалиев куттуктоо сөзү менен чыгып, бүтүрүүчүлөргө каалоо-тилегин арнады: « ИИМдин академиясынын дубалдарында алынган терең теоретикалык билимдер, негиздүү кесиптик даярдык жана моралдык-психологиялык бышыруу бүтүрүүчүлөрдүн андан ары өнүгүүсүнө жана өзүнүн ордун табууга бекем негиз болгондугун белгилейм. ...

0 983

ВИДЕО - Карамат Орозова, бир топ “чимкириктерге”, ой депутаттарга “өткөнүн” эстетип койду

20-июнь 2019, 13:30 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча каралууда. Жыйында бакылдаган бир топ депутаттарга, парламентарий Карамат Орозова “өткөнүн” эстетип койду. Анын айтымында, жөнөкөй депутаттар ага жылдап кире албай койгон. Ал эми азыр шыбап жаткандардын көбү, ошондо сый –урматка жетип, сыйлыктарды алган. “Кээ бириңиздер “Урматтуу Алмаз Шаршенович, сизден биз көп нерсени үйрөндүк, бизди такшалттыңыз, тарбияладыңыз”, “Урматтуу ...

0 2978

Журналисттин өлкөдөн чыккан 700 миллион доллар боюнча суроосуна Текебаев даана жооп берди

20-июнь 2019, 13:33 Айдар Нуралиев

Ушул жылдын 17-июнунда “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакунов менен Өмүрбек Текебаевдин интервьюсу интернетке жарыяланды. Анда Али Токтакунов 1 айдан бери башы айланып, адашып жооп таба албай жүргөн дежур суроосун Өмүрбек Чиркешовичке да мындай деп кайталап берип, Текебаевден так жооп алды. Бул тууралуу Сонункабарлар.кг жазып чыкты. Али Токтакуновдон суроо: -Өмүрбек Чиркешович, өзүңүз көрсөңүз керек, “Азаттык” жакында бир иликтөө чыгарды. “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген. Бул ...

0 365

Бакыт Төрөбаев: “Журналисттер Райым Матраимов боюнча хайпка жооп берсин”

20-июнь 2019, 11:21 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда, депутат Бакыт Төрөбаев  Райым Матраимовдун тегерегиндеги хайп боюнча ММКны сындады. Анын айтымында, “Азаттык” 700 миллион долларды алып чыгып кетүү боюнча чуулгандуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин, “5 – каналдын” журналисттери андан шек жаратты. Ал, мындай каралоодо документтери жасалма болуп калса, журналисттер жооп бериши керек деп эсептейт. Булак:NazarNews.kg

0 458

Депутат КТРКда Екатерина Андреевадай диктор жок экенине даттанды

20-июнь 2019, 10:52 Айдар Нуралиев

Бүгүн, Жогорку Кеңештин отурумунда, КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчётун угууда депутат Бакирдин Субанбеков: “дикторлор атайын даярдыктан өтөбү?” - деп сурады. “Неге бизде алып баруучулар алмаша беришет? ОРТнын диктору Андреева (Екатерина Андреева) 15-20 жылдан бери эле алып барып келе жатат. Бизде эмнеге дикторлор бат-бат эле алмаша беришет?”, - деп айтты Субанбеков. КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу, алып баруучулардын иш графиги ошондой экенин ...

0 286

Кара-Балтада эне-бала өз үйүндө бычакталды

20-июнь 2019, 10:19 Айдар Нуралиев

Кара-Балтанын четиндеги үйгө беткапчан белгисиз адамдар кирип, энеси менен баласын бычактап кетишкен. Бул тууралуу Чүй ИИБнин басма сөз кызмты билдирген. Белгилүү болгондой, кол салуу тууралуу маалымат 19-июнда кечки саат 17:56дар болгон Жайыл райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Анда кабарлаган келин, анын күйөөсүн жана кайын энесин беткапчандар бычактап кеткенин айткан. Экөө тең дароо жан берген. “Окуя болгон жерге опер тобу ...

0 769

Аида Саляновага карата лицензия боюнча козголгон кылмыш иши кайра каралат

20-июнь 2019, 09:51 Айдар Нуралиев

Мурдагы Башкы прокурор жана Юстиция министри, экс-депутат  Аида Саляновага карата лицензия боюнча козголгон кылмыш иши бүгүн, 20-июнда  кайра каралат. Жакындарынын маалыматында, иш быйыл жаңы кирген кодекстердин негизинде каралмай болду. Жергиликтүү укук коргоочулар Аида Саляновага байланышкан Жогорку Сотто карала турган ишке көңүл бурууга чакырышты. Эске салсак, Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турган мезгилде "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин ...

0 126

Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту

20-июнь 2019, 09:04 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын кызматкерлери менен жолугушту. Мамлекет башчысы кытайлык окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди. «Биринчи жолу былтыр Бишкекте, кийин Пекин шаарында жолугуп, кыргыз-кытай тарыхы тууралуу кеңири баян курдук. Андан бери бир нече айдын ичинде сиздер тараптан көптөгөн жаңы маалыматтар ...

0 157

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

20-июнь 2019, 09:01 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында КР Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Өкмөттүн Аппаратынын жетекчиси — министр Самат Кылжыев, экономика министри Санжар Муканбетов, айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев ант беришти. Мамлекет башчысы Өкмөттүн  жаӊы мүчөлөрүн өмүрүндөгү маанилүү окуялардын бири — ...

0 359

Улуттук госпиталдын “Көз микрохирургиясынын” жамааты жетекчиси Иманбаеванын чалчактаганынан чаалыкты

20-июнь 2019, 15:12 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 19-июнда Улуттук Госпиталдын алдындагы №1 “Көз микрохирургиясы” бөлүмүнүн жамааты жетекчиси Салтанат Иманбаевага каршы Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясына чыкты. Алар "бир нече мыйзам бузууларга барган" деп жетекчисинин атына нааразычылыгын билдирди. Алардын айткандарын төмөндө төкпөй-чачпай беребиз. “Улуттук госпиталдын №1 “Көз микрохирургиясы” бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева 19 жылдан бери бөлүм башчылык кызматты аркалап келе жатат. Ошондон бери ал тарабынан көптөгөн ...

0 193

Мира Жангарачева музейге директор болуп шайланды

19-июнь 2019, 13:47 Айдар Нуралиев

Гапар Айтиев атындагы көркөм искусство музейине  Мира Жангарачева директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, дайындоо боюнча буйрукка министр Азамат Жамангулов кол койгон. Мира Жангарачева 1998-1999-жылдары Эмгек жана социалдык коргоо министри болуп иштеген.   Булак:NazarNews.kg

0 136

14 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

19-июнь 2019, 13:27 Айдар Нуралиев

Чүй облусунда Шамшы дарыясына 14 жашар бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бала 17 – июнда жоголуп кеткен. Издөөгө алты куткаруучу жиберилген. Учурда баланын денеси табылып, милициянын кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Булак:NazarNews.kg

0 170

Чүйдө 15 күндөн бери үч жаштагы бала изделүүдө

17-июнь 2019, 11:25 Айдар Нуралиев

Чүй облусунда 15 күндөн бери 3 жаштагы баланы изделүүдө. Ал сууга чөгүп кетиши мүмкүн деген божомол бар. Бул тууралуу Кыргызстандын ӨКМ билдирди. Белгилүү болгондой, 2-июнда 11:00до куткаруучуларга балдардын ата-энеси, 2016-жылы туулган уулу табылбай жаткандыгын билдиришкен. Жайыл райондук Суусамыр айыл аймагынын “Биринчи май” айылындагы дарыяга түшүп кетиши мүмкүн. 16-июнда 35 куткаруучу иштеп жатат. Издөө иштери уланууда. Булак: NazarNews.kg

0 1152

Икрамжан Илмияновго айыбы угузулду

17-июнь 2019, 11:28 Айдар Нуралиев

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмияновго карата тергөө иши аяктады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат-борборунан жазып чыкты. УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан И.Илмияновго карата, 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча-каражатына мыйзамсыз ээлик кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши акырына чыкты. 2019-жылдын 10-июнунда  Илмияновго КРнын ККнин  “Ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча айыбы угузулуп, тергөө иштери токтотулду. ...

0 783

Адвокатура президентке жана башкы прокуратурага арыз жазды

17-июнь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Адвокатурасында ызы-чуу чыкты. Уюмдун өкүлдөрү президентке жана башкы прокуратурага, төрага Билим Раимкуловдун көптөгөн мыйзам бузуу иштеринин үстүнөн арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу Адвокатура Кеңешинин мүчөсү, Адвокатура окуу борборунун мурунку жетекчиси Арман Кайгыров билдирди. Анын айтымында, бул жерде башаламан коротуу, Билим Раимкулов СИЗОдо жатып, юридика боюнча жогорку билимди алып эле тим  болбостон, анын жубайы Адвокатуранын мүчөсү, эч ...

0 226

ВИДЕО - “Лучше всех” долбоорунда 6 жашар кыргызстандык Султай шахматты катырды

17-июнь 2019, 09:35 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык Чыгыз Султай  «Биринчи каналдын» «Баарынан мыкты!» («Лучше всех!»)  долбоорунун 16-июндагы катышуучусу болду. 74 мүнөткө созулган берүүнүн 13 мүнөтүн Султайга арнашты. Максим Галкин көрүүчүлөргө Султайды: “Ак-кара чатыраштын ханзаадасы, пешка менен ферздерди жок кылуучу, жаш гроссмейтер”, -деп тааныштырды. “Сен акчага ойнойсуңбу?” – деген алып аруучунун суросуна бала: “Бир жолу 3 миң сом утууп алгам, анын 2 миң сомун атам коротту, миң сомун чоң ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 150

«Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» долбоор коомдук талкууга чыгарылды

17-июнь 2019, 08:58 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт. Аталган документ жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге өбөлгөлөө жана алардын эмгек потенциалын ...

1 1176

"Бешинчи канал" "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча: "Элге жарыяланган документтер жасалма болуп чыкты"

16-июнь 2019, 14:52 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-июнда "Бешинчи канал" жаңылыктарынын кечки чыгарылышында "Азаттыктын" эки апта мурда жарыялаган "Кыргызстандан изи сууган миллиондор" деген иликтөөсүнө улай өз репортажын көрсөттү. Репортажды даярдаган журналист Элнура Алканова "Азаттыктын" иликтөөсүндө банктын дүмүрчөктөрү деп көрсөтүлгөн кагаздар дүмүрчөк эмес эле, акча которууга билдирме (заявка) болуп чыкканын айтат. Бул тууралуу Супер.кж маалымат агенттиги билдирди.  Ошондой эле, репортажды даярдоонун жүрүшүндө банк дүмүрчөктөрүнүн чын же калпын аныктоо ...

0 242

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитине катышты

15-июнь 2019, 19:12 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин жыйынына  катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасы өз ара ишенимди жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча жыйындын максатын жана принциптерин бекем кармана тургандыгын билдирди.  Жыйындын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин Декларациясын кабыл алышты. Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков ...

0 465

ВИДИО:Путин Си Цзиньпинге туулган күнүндө балмуздак менен торт белек кылды

15-июнь 2019, 17:53 Айдар Нуралиев

Кытай лидери быйыл 66 жашка толду. Россия президенти Владимир Путин Кытай лидери Си Цзиньпинге туулган күнүнүн урматына балмуздак менен торт белек кылды.  Туулган күнгө арналган чакан иш-чара Душанбеде Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын 5-cаммитинин алдында болуп өттү. ​РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Си Цзиньпинди анын резиденциясына барып куттуктаганын айтты. Булак: NazarNews.kg  

0 395

Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна жаткырылды

15-июнь 2019, 17:12 Айдар Нуралиев

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянова 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Мындай маалыматты Салянованын жакындары "Азаттыкка" билдиришти. Аны Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова да ырастап, Салянова дарыгерлердин жана Сааламаттык сактоо министрлигинин "дарыланууга муктаж" деген бүтүмүнөн кийин бейтапканада калганын айтты. Ишембиде Аида Салянова Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна ...

0 267

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту

15-июнь 2019, 16:45 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда, Тажикстандын Душанбе шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин талааларында Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту. Эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болду. Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экендигин  билдиришти.

0 226

«Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» долбоор коомдук талкууга чыгарылды

15-июнь 2019, 16:24 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Аталган документ жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге өбөлгөлөө жана ...

0 574

Абдыкерим Муратов : Жесир калган жеңемдин кошогу

15-июнь 2019, 16:05 Айдар Нуралиев

  АҢГЕМЕ Биз, майдалар, чоң атам менен бир туугандардын балдарын бүт аба дечүбүз. Анан калса, туугандар анча көп эмеспиз, баарыбыз эски колхоз курулганда эле энчилип берген тамаркаларыбызга ээлик кылып турабыз, андыктан бир үйдүн түтүнү башка үйлөрдү да аралап кетет. Жамандык-жакшылык гана эмес, орозодогу арапалыктарыбыз да, уйубуз тууса кайнаткан ууз ашыбыз да бирге. Тандыр тебелесек да, кийиз кылсак да, оро ачсак да, көмүр ...

0 205

Футбол: "Copa America-2019" турнири башталды

15-июнь 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

Түштүк Америкада негизиги континенталдык кубок деп саналган Копа Америка турнири башталды. Түндө турнирдин ачылышында Бразилия менен Боливия өлкөлөрү ойноду. Бул матчта үй ээлери Боливияны 3:0 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болушту. Бразилиядан башка «А» тайпасында Венесуэла жана Перу командалары бар. Ал эми «В» тайпасында; Аргентина, Колумбия, Парагвай, Катар; Ошондой эле «С» тайпасында; Уругвай, Чили, Эквадор, Жапония өлкөлөрү камтылды. Быйылкы Копа Америка турнири Бразилиянын Рио-де-Жанейро, ...

0 234

Оман кысыгындагы кемелерге Иран кол салды

15-июнь 2019, 15:37 Айдар Нуралиев

АКШнын президенти Дональд Трамп Оман кысыгында нефть танкерлерине жасалган кол салууларды Ирандын жасагандыгын айтты. Трамп бул маалыматты Fox Newsка берген интервьюсунда берди. Трамп : «Иранды кантип токтотосуңар»,- деген суроого «Көрөбүз»,- деп жооп берди жана Ормуз кысыгынын жабылбай тургандыгын, жабылса да мунун көпкө созулбай тургандыгын жактады. Оман кысыгында эки чоң нефть танкеринде жарылуулар болгон. Танкерлердеги 44 кишилик экипаж Иран изилдөө – куткаруу топтору тарабынан ...

0 208

Президент Сооронбай Жээнбеков: Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча алдыбыздагы милдеттерди биргелешип чече алабыз

15-июнь 2019, 15:21 Айдар Нуралиев

«Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча алдыбыздагы милдеттерди биргелешип чече алабыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Тажикстандын Душанбе шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы өз ара ишенимди жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча Кеңешменин максаттарын жана принциптерин бекем карманат.     «Биз Бешинчи саммиттин „Коопсуз жана ...

0 199

ЖАМК: “Аида Саяляновага 2 жолу тез жардам чакырылганы жалган”

15-июнь 2019, 12:48 Айдар Нуралиев

ЖАМК СИЗО-1 абагында жаткан Аида Саляновага эки жолу тез жардам  чакырылган деген Анын эжесинин берген маалыматын четке какты. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын айтканына караганда, жакында эле Аида Саляновага ЖКнын бир катар депутаттары Бахадыр Сулейманов, Алмамбет Шыкмаматов, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиевдер келип кетишкен. Алар абактын шартына да, анын саламаттыгына доомат аййтышкан эмес. Мурунку ...

0 203

Турсунбек Акун жалаа жапканы үчүн Атамбаевден 100 миң сом өндүрүүнү көздөп сотко берди

15-июнь 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

Мурунку Акыйкатчы Турсунбек Акун Октябрь райондук сотуна беделиме шек келтирди деген кыязда Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн арыз жазды. Ал мурунку президенттен 100 миң сом өлчөмүндө моралдык компенсация өндүрүп берүүнү өтүнүүдө. Анын айтымында, Атамбаев аны Азиз Батукаевден 100 миң доллар алган деп каралоодо. “Бул карандай калп. Мен сотко берем. Бирок, ойлоп атам 100 миң сом деле Атамбаев ...

0 292

ФОТОРЕПОРТАЖ - Сооронбай Жээнбековду Душанбе шаарында тосуп алышты

15-июнь 2019, 11:56 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин ишине катышуу үчүн бир күндүк визит менен Тажикстандын Душанбе шаарына келди. Булак: NazarNews.kg

0 1494

Элмурза Сатыбалдиев келин алып, заманбап той берди

15-июнь 2019, 11:39 Айдар Нуралиев

Мурунку башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиев 14-июнда уулун үйлөндүргөн. Элмурза Сатыбалдиевдин келин-уулу Элхан менен Тамиланын заманбап үйлөнүү тоюу 14-июнда Бишкек шаарында өттү. Элхандын карындашы Эльдана Сатыбалдиева той күнү тартылган сүрөттү социалдык түйүндөгү баракчасына жайгаштырган. Элхан 24 жашта болсо, жубайы Тамила Киргизбаева 22 жашта. Булак: NazarNews.kg

0 6648

Семетей Талас уулу: «Эркектерди УКМКга, Салянованы кылмыш дүйнөсүнүн «резиденциясына» камоо акмакчылык»

15-июнь 2019, 11:14 Айдар Нуралиев

Эркин журналист Семетей Талас уулу facebook баракчасына экс-башкыпрокурор Аида Салянованы СИЗО-1ге камап, камакка алынган башка чиновниктерди УКМКнын камоо жайына камагандыгын ашкерелеген бидирүүсүн жазып чыкты. Анын айтымында, аял кишиге мындай мамиле кылуу - жеткен акмакчылык. «Эркектерди УКМКга жаап, аял кишини кылмыш дүйнөсүнүн резиденциясы болгон СИЗО-1ге камоо - жеткен акмакчылык!», - деп жазды Семетей Талас уулу. Эске салсак, буга чейин ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 172

Фоторепортаж –Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визити

15-июнь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

14-июнда, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визити болуп өттү. Кыргыз  Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди чакан жана кеңири курамда жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушуулардын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюшту, жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү жасашты. Сооронбай Жээнбеков жана Нарендра Моди расмий визит кыргыз-индия кызматташуусунун бардык багыттарына дем берип, аларды жаңы жогору деңгээлге алып чыгаарына ишеним ...

0 243

Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарына учуп кетти

15-июнь 2019, 10:19 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин ишине катышуу үчүн бир күндүк визит менен Тажикстандын Душанбе шаарына учуп кетти. Булак: NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83