www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (5182)

0 335

Аскарбектин байлыгынан бөлүп бербейсиңерби?

03-май 2019, 19:38 Айдар Нуралиев

Кеменгер делген Исхак Раззаковдон калган жалгыз Элмира деген кызы оорукчан уулу Берк менен Москвада жашап жатат. Өп-чап жашоонун “кемесинде” термелген кары кишинин акыбалын сураган деле жан жок. Өткөндө депутат Т. Тиллаев гана кайрылып жардамын бериптир. Атаганат, сүйлөгөндө оозунан Раззаковду түшүрбөгөндөр негедир кызын унутта калтырышып умсунтуп турган убагы. Эмне үчүн көсөмдүн жеринен чыккан көпөс (качып кеткен) Аскарбек Шадиевдин каражатынан Элмира апчебизге бөлүштүрүп коюшпайт? ...

0 155

Кытып алмайлар, буйтап кетмейлер токтобойт

03-май 2019, 19:16 Айдар Нуралиев

Экономикалык кылмыштар туурасында эч ким кеп кылбай калды. Баары эле коррупцияны бучкактап жыгылууга энтеңдейт, бирок анын куйругун да кармай албай бозала болуп жатышканы айдан ачык көрүнүп калууда. Ириде мындай кармашты өлкө жетекчилери башкаларга сабак болчудай сыпатта айгинелеп койсо калгандары ошол чыйырга түшкөн бойдон күрөштү күчөтүп жиберишмек. Тилекке каршы 35 тургай бир коррупционердин изине түшө албай тамашага алынып кеткендигин бийлик моюндашы керек. ...

0 450

Сыдыковдун мышыгын “пыш” дечүлөр табылабы?

03-май 2019, 17:19 Айдар Нуралиев

Жемкорлорду алыстан издеп убара болбой деле койсо болот АКСтин мыкчыгерлери. Алар ак үйдө эле жадырап жайнап, жаркөптөй кайнап отурушканын силерден бөлөгүнүн баары билет. Тилекке каршы тиштүүлөрдү куйругунан тиштеш үчүн айбаттуу, анан азуусу бекем болуш керектигин эстен чыгарбоо кажет. Болбосо доллар менен оозго урганда отуз эки тишиңе доо кетери турган иш. Ошол үчүн алсыздарды гана баса калууга жараган күч түзүмдөрүнүн билермандары көрсө ...

0 164

ВИДЕО - Журналисттик иликтөө фонду жана эксперттер сөз эркиндигин талкуулады

03-май 2019, 17:04 Айдар Нуралиев

Бүгүн "Сорос Кыргызстан" фонду, Журналисттик иликтөө фонду жана эксперттердин катышуусунда  сөз эркиндигинин учурдагы абалы  талкуулангандыгын «Азаттык» жазып чыкты. Жыйында медиа чөйрөдөгү соңку чуулгандуу жана резонанстуу окуяларга саресеп салынды. Иш-чарада "Азаттыктын" директору Айзада Касмалиева кайсы бир иликтөө чыккан соң аны башка маалымат каражаттары да коштоп, илип кете албай жатканын айтты. Көп учурда коомдо ич ара айтылып ...

0 326

Бутага алынган Атамбаевдер

03-май 2019, 17:00 Айдар Нуралиев

Былтыртан бери карай бутага айланган мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевди “оор куралдар” менен тынбай аткылап келатышат. Өч алгысы келгендер-туура эмес кыймылы аркылуу камалып чыккандар, дагы деле темир тор артында отургандар, кезинде тумшукка жеген Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана азыркы бийликтин лөктөрү. Башында кыйла кунары уча түшкөн Атамбаев күндөн-күнгө кайратына келип, чыйрала баштаганы тигилердин ого бетер жинин кашайтып жатат. Түрмөнүн боткосуна “семиргендер” болсо эркиндик ...

0 1503

Актилек Гүлжигит кызы: Жолдошум менен сегиз жыл жашасам, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм

03-май 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

Фейсбуктагы интернет баракчасына КТРКнын диктору, журналист Актилек Гүлжигит мын булуарды жазып калтырды. Актилек Гүлжигит кызы: Раматылык жолдошум (жер кабар айтпасын) менен кыйсыпыр урушуп жашап жүргөндө, балдарым эс тартып калган экен. Арактын кесепетинен турмушта көп кыйынчылыктар болду. Сегиз жыл жашаган болсом, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм. Үйдө баары талкаланган. Менин көйгөйүм идиш-аяк, буюм-тайым эмес эле, мен балдарыма эмне тамак берем деп тыбырчылачумун. ...

0 294

Хиджабы жок рингге чыккан Ирандык боксер кыз соттолот

03-май 2019, 16:20 Айдар Нуралиев

Ирандык боксер кыз Садаф Хадем рингге хиджабы жок чыкканы үчүн соттолуп кетиши мүмкүн экендигин Eurosport агенттиги билдирет. Маалыматка ылайык, Садаф Хадемдин машыктыруучусу  эркек адам болгондугу үчүн да күнөөлөнүдө. Хадем – эларалык деңгээлдеги беттештерди жеңген алгачкы Ирандык кыз болуп эсептелинет. Учурда спортчу жана машыктыруучусу Францияда калууда жана аталган өлкөдөн башпаанек суроодо. Булак:NazarNews.kg

0 502

№47 колониянын аймагына 200 миң сом ыргыткан таксист белгилүү болду

03-май 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына тыюу салынган “предметти” ыргыткан факт катталды. Бул тууралуу КРнын ЖАМКнан кабарлайт. 19-апрелде Гагарина жана Кривоносова көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №47 мекеменин  алдына Namba Taxiнин «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унаасы келген. Белгисиз адамдар унаадан чыгып, 200 миң сом өлчөмүндөгү акчаны колониянын ичине ыргыткан. Бирок, аталган мекеменин кызматкерлери жана аскер күзөтчүлөрү убагында байкап ...

0 88

Сооронбай Жээнбеков согуштун ардагерлерине 20 миң сомдон берет

03-май 2019, 15:14 Айдар Нуралиев

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 74 жылдыгына карата согуштун ардагерлерине 20 миң сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат бөлүмү кабарлады. Буга президенттин резервдик фондунан 7 млн. 91 миң сом бөлүндү. Жөлөкпул ардагерлерге төмөнкү категориялар боюнча бөлүндү: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына; Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына; Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер ...

0 289

ВИДЕО - Бир айда канча тойго барасыз? Таң калган, чочуган депутаттардын жообу

03-май 2019, 14:42 Айдар Нуралиев

"Бир айда канча тойго барасыз? Акыркы жолу тойго качан бардыңыз?" - деген суроону Спутник агентигинин журналисти депутаттарга узатып көрдү. Анда маалым болгондой, 1-май күнү депутаттар үч кесиптешинин мааракесине барууга жетишиптир. Биринчиси — Искендер Матраимовдун атасынын жаркын элесине арналган Кара-Суу районундагы спорттук иш-чара. Экинчиси — Төрөбөй Зулпукаровдун Ноокат районундагы күрөш боюнча мелдеши. Үчүнчүсү — Сагындык Келдибаевдин Өзгөн районунда өткөргөн тою.

0 150

Саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга акысыз 2 тоннага жакын дары-дармек берди

03-май 2019, 13:41 Айдар Нуралиев

Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм Кыргызстанга акысыз 2 тоннага жакын дары-дармек берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, дары дармектер Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо боюнча департаментине өткөрүлүп берилген. Дарылар Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарындагы жана Бишкек шаарындагы дарылоо-профилактикалык мекемелерге жиберилет. Жалпы салмагы 1951 килограммды түзгөн дарылар, чукул кырдаал болгондо таратылат. Булак NazarNews.kg

0 176

Бейшенов бейишке киргендей эйфориядан качан чыгат?

03-май 2019, 13:28 Айдар Нуралиев

Жанат Бейшенов деген министр мырза бар. Жол боюнча кыйратып атат, тимеле. Мейли кыйратсын каршылыгыбыз жок. Бирок, чечкиндүү кадамдарды шилтесе жакшы болот эле. «Эт менен челдин ортосунда» олтурган жетекчиден кандай өзгөрүүнү күтөбүз? Ошол жерде иштегендер эле айтып атат, келген каттарга кандай кол коюп, кантип жооп берүүнү билбейт экен деп. Баардык тепкичтерди басып өтпөстөн, көчөдө жүрүп эле министр болуп олтуруп калса билбейт ...

0 4921

Батукаевдин иши боюнча онколог Эмил Макимбетов камалды

03-май 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

Нарындагы СИЗОдон 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулуп, “ардак” менен Чеченстанга узатылган  кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөө кайра жүрүп жаткан. Кримтөбөлгө «оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен белгилүү онколог,  балдардын онкология жана гематология борборунда эмгектенген Эмил Макимбетов камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы ...

0 225

Алмамбет Шыкмаматов: Соттордо эч кандай реформа жүрбөгөндүгү далилденди

03-май 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновдун Жогорку Сотто өткөн сотунан соң, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов,  бүгүн соттор эч кандай реформа жүрбөгөнүн, дагы деле адам укуктары сакталбаганын далилдегенин айтты. "Сот мыйзам, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, саясий конъюнктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн дагы мыйзамдар иштебегенин, адам укугу сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөнүн далилдеди. Текебаев, ...

0 590

Сот Өмүрбек Текебаевдин конфискацияланган үй мүлкүн кайтарды

03-май 2019, 12:12 Айдар Нуралиев

Бүгүн, Жогорку Сотто “Ата Мекен” партиясынын  лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнбек Чотоновдун иши жактоочулардын өтүнүчү менен мыйзамдагы жаңы жагдайлар боюнча кайра каралып жаткан. Адвокат Жаныбеков, буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү суранган, бирок сот мындай өтүнүчтү четке какты. Анткени, бул ишке юридикалык баа берилип калган. Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновдун конфискацияланган үй ...

0 177

Түркия Индиядагы кандуу кол салууну айыптады

03-май 2019, 11:50 Айдар Нуралиев

Түркиянын тышкы иштер министри: “ Индиянын Махараштра аймагында полиция кызматкерлерин ташыган автобуска карай бомбалуу кол салууда көп сандаган кишинин каза болушу катуу капага салды. Кол салууну айыптап, каза тапкандардын жакындары менен Индия элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-деди. Өлкөнүн батышындагы  Махараштра аймагында кечээ атайын кыймыл полицияларын ташыган микро автобус өтүп баратканда мурда жолго жайгаштырылган бомбанын жарылуусунан 15 полиция ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 847

Владимир Зеленский Путиндин жообун берди

03-май 2019, 12:56 Айдар Нуралиев

Украинанын жаңы лидери Владимир Зеленский, Орусиянын президенти В.Путиндин:“Украинанын жаңы президенти экөөбүздү бириктирген көп нерсе бар” деген сөзүнө жооп кайтарды. Зеленский фейсбуктагы баракчасына:”Крымды тартып алуудан соң, Донбасстагы каардуу кырдаалдан кийин, экөөбүздү бириктирген бир эле нерсе бар. Ал мамлекеттик чекара”, - деп жазды. Украина президенти,“Украина нефтини экспорттоого бөгөт, өздөрү жарыялаган Донецк жана Луганск республикаларына орус паспортун ...

0 185

Америкалык миллиардер наркотикалык затты өндүрүп, дары катары таркатып келген

03-май 2019, 10:40 Айдар Нуралиев

Америкалык миллиардер жана Insys Therapeutics фармацевтикалык ири компаниянын негиздөөчүсү Джон Капур опиоидди алдамчылык жол менен жарандарга таркатууга жана аны уюштурууга шектелди. Капур 2017-жылы октябрда ФБР тарабынан кармалган. Маалыматка ылайык, ал докторлорду сатып алып, алар муктаж болбогон адамдарга эле опиоиддик дарыларды жазып бере беришкен. Опиоид-бул морфинден да бир нече эсе күчтүү наркотикалык зат.   Бостон шаарында федералдык соттун бир нече адамдан турган комиссиясы Капурдун ...

0 97

“Центерра Голд” компаниясынын акционерлер кеңешине 3 кыргызстандык  кирди

03-май 2019, 10:00 Айдар Нуралиев

1-майда Торонтодо Канадалык “Центерра Голд” компаниясынын акционерлер кеңешинин жаңы курамын шайлашкан. Кеңешке Ричард В. Коннор, Стивен А. Ланг, Майкл Парретт, Жак Перрон, Скотт Г. Перри, Шерил К. Пресслер, Брюс В. Вальтер, Сьюзан Юркович мүчө болуп кирген. Ал эми аталган компаниянын 11 ададмдан турган жаңы курамына Кыргызстандын атынан Аскар Өскөмбаев, Дүйшөн Касенов жана Максат Көбөнбаев кирди. ...

0 267

ФОТО - Бишкекте эс алуу багында 3 метр комуз жана жыгач тегирмен пайда болду

03-май 2019, 09:34 Айдар Нуралиев

Бишкекте, Анкара жана Виноградной көчөлөрүнүн кесилишинде, 3 метр комуз, жыгач тегирмен, отургучтар жана жыгачтан төшөлгөн жалгызаяк жол пайда болду. Мэриянын маалыматына караганда, аталган буюмдарды "Бишкекжашылдандыруу" ишканасы, кампасындагы жыгачтар менен жасап чыгышкан. Аталган эс алуу жайы “Алтын Ордо” жана “Кара-Жыгач” жаңы конуштарынын жашоочулары үчүн ачылат. Эс алуу багынын аянты 15 миң квадрат метр. Барыдк санитардык шарттар каралган.

0 235

Текебаевдин жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн

03-май 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

«Ата Мекен» партиясынын лидери, түрмөдөгү саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши Жогорку сотто жаңы жагдайлар боюнча каралат.Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов  журналисттерге билдирген. Маалыматка ылайык, жаңы жагдай катары Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстеринин жаңы редакциясы ишке кирген. Ал актыларга ылайык соттолуучулардын жаза мөөнөтү кыскарышы мүмкүн. Калган жагдайлар боюнча ...

0 67

Жогорку Кеңеш өлкөдө уран казууга жана чалгындоого тыюу салган чечим чыгарды

03-май 2019, 08:46 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңеш республиканын аймагында уран кенин казууга жана чалгындоого тыюу салынсын деген чечим кабыл алды. ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков парламентте Кызыл – Омпол уран кенин караган жыйынды жыйынтыктап жатып атайын саясый чечим менен тааныштырды. “Депутаттар да, өкмөт да мыйзам долбоорлорун иштеп чыгат, талкуу болот. Бирок негизинен парламент саясий чечим кабыл алды - Кыргызстандын ...

0 70

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

03-май 2019, 08:18 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды.  Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдук саясий турмушундагы мындан аркы өнүгүү келечеги жана ролу, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде анын бардык мамлекеттик бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандык интеграция үчүн ...

0 135

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

02-май 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды.  Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдук саясий турмушундагы мындан аркы өнүгүү келечеги жана ролу, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде анын бардык мамлекеттик бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандык интеграция үчүн ...

0 179

Сот Атамбаевди 600 миң сом айыпка жыкты

03-май 2019, 08:11 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык соту мурдагы президент А.Атамбаев менен «Апрель» телеканалын саясатчылар Ахматбек Келдибековго, Азимбек Бекназаровго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 600 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Шаардык соттун бул чечимимне каршы тараптар да бар. “Медиа полиси” институтунун директору.ю медиаэксперт Бегайым Үсөнова “Апрель” каналын акча төлөөгө милдеттендирген чечимин сындады. Анын айтымында, “Апрель” телеканалы болгону Атамбаевге микрофон сунган. Бул экс-президенттин жоопкерчилиги. Доогерлер, Атамбаевден “Апрель” ...

0 678

ВИДЕО - Таиланддын королу генералга үйлөндү

02-май 2019, 16:35 Айдар Нуралиев

Таиланддын Королу Маха Вачиралонгкорн (Рама Х) генерал Сутхида Вачиралонгкорн. Үйлөнүү, үлпөт той 1-майда өттү. Майрамдык кечээ 3 күнгө созулат. Ал эми 4-майда расмий таажы кийгизүү менен Таиланддын жаңы канайымын тааныштыруу болот. Нике каролдук ырым-жырымдардын жана мыйзамдарына дал келсе да, жаңы канайым каролдун үй-бүлөсүнө таандык баардык эле мүмкүнчүлүктү жана статусту пайдалана албайт. Сутхида айым 1978-жылы 3-июнда төрөлгөн. Алгач ал Thai ...

0 363

ВИДЕО-Бандиттер байырлаган ош

02-май 2019, 16:04 Айдар Нуралиев

“Азаттык” бул жолу Ошто ишкерлерди карактаган спортчулардын чоо-жайын иликтеди. Оштон башталган кылмыш изи мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисинин өлүмүнө алып барды. Жабырлануучулар бул кылмыштардын артында укук коргоо органдарынын лөктөрү турарын айтышууда.   Булак:NazarNews.kg

0 774

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: “Садыр Жапаровдун соту мыйзамды тебелөө менен акыйкатсыз өттү”

02-май 2019, 15:50 Айдар Нуралиев

Садыр Жапаровго чыгарган Жогорку соттун чечимине коомчулук нааразы болуп атканын көрүп атабыз.  Элдин маанайы менен эсептешпегендер эмне болгонун билесиңер? Эртең адилетсиз чечим чыгарган сотторду жазалоо күнү келсе, алар тозоктун отуна чейин эле түрмөдө өздөрү отуруп калышпайбы?.. – Жылдызкан айым, Садыр Жапаровду Жогорку сот 10 жылга камады. Мурункусунан 1 жыл 6 айга гана кыскарды. «Мыйзамсыз чечим чыкты» деп президентке чейин кайрылдыңыз. «Акталат» ...

0 992

Жеген ашына түкүргөн Алмамбет Шыкмаматов

02-май 2019, 15:36 Айдар Нуралиев

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов дымагы күч болгону менен колунан «кокон тыйын» деле келбейт. Текебаевдин аркасы менен министрликке чейин жеткен, азыр депутат болуп жыргап жүрөт. Эң башкысы, ал шефке гана кошомат кылганды, өзүнө жол тапканды кыйын өздөштүргөн. Анан калса, башкалардын ийгилигин көралбаган ичтарлыгын кээде байкатып коёт. Маселен, 1-май күнү Кара-Сууда Искендер Матраимов ата-энесине арнап спорттук иш-чара өткөзгөн. 20 миңден ашуун ...

0 626

Бабанов менен Атамбаев биригүүнү сүйлөштүбү?

02-май 2019, 14:49 Айдар Нуралиев

Буга чейин Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келе турганын, инвестиция тартуу менен бийликке кызматташуу жолду сунуш кылган. Бирок, ага оң жооп болгон эмес. Козголгон кылмыш иштери боюнча суралып, камакка алынышы жең ичинен бычылган болчу. Кырдаалды байкаган Бабанов оңой олжо болмок беле? Бишкекке келүүдөн баш тартты. Себебин түшүндүрдү: саясый чыңалуулар провокациялык чатактарга айланып кетиши боюнча жоруп. Реалдуу турмушта Бабановдун электораты жана миллиондору арбын. Ал ...

0 2149

Кримдүйнөгө каршы күрөш: ким жеңди?

02-май 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

Батукаев 2013-жылы түрмөдөн «айыккыс ооруга чалдыкты» деген жүйө менен сот чечимине ылайык мөөнөтүнөн мурда бошоп кеткен. Кыргыз бийлиги уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу сын-дооматтан арыла элек. Коомчулуктагы соңку нааразылыкка ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «мындай топтор болгон жана мындан кийин да боло берет» деген мазмундагы пикири ого бетер кошул-ташыл болду. 2010-жылдын апрель окуяларынан кийинки өлкө жетекчилеринин баары эле «караларга» каршы аёосуз күрөш болорун убада берген. ...

0 1022

Төрдө отуруп уят кылып бүттүң, эми Артисбекович, ылдый түш!

02-май 2019, 14:26 Айдар Нуралиев

Буга чейин Исхак Масалиев, Алтынбек Сулайманов ж.б. депутаттар спикер Дастан Жумабековдун деңгээли жок экенин, регламентти, мыйзамдарды билбегенин айтышып, кескин түрдө сынга алышкан. «Балык башынан сасыйт» дегендей, парламенттин төрагасы эң жөнөкөй маселелерден чалынып, элге күлкү болуп атса, кантип бийликке аброй алып келсин? Ансыз да Жогорку Кеңештеги дээрлик көпчүлүк депутаттар өз көмөчтөрүнө күл тартышып, элге жек көрүнүп келатканын тана албайбыз. Мындай шартта ат ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 230

Бети калың Мурашевге качанкыга чейин чыдайбыз?

02-май 2019, 13:56 Айдар Нуралиев

Учурда жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп аткан кез. Тилекке каршы, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев «быш» этип да койгон жок. Коомчулук үчүн оор уйкуда жаткандай сезилет. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей, быйыл анчейин алдын ала билдирүүлөргө бара албады. А былтыр элибизди Мурашев картошка айдаганга үндөп, Өзбекстан чоң өлчөмдө сатып аларын жар салган. Ортодон ...

0 138

Жогорку Кеңеште комитет уран казган компанияны колдоорун айтты

02-май 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кызыл-Омпол кенине байланыштуу инвестор компанияны колдойт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов билдирди. Анын айтымында, биздин позициябыз -мыйзам бузуу иши болбосо инвесторду колдоп, Кызыл-Омполдогу уранды казып чыгып кетиш керек. Ал эми Кубатбек  Боронов, депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда баш-аягы 20дай лицензия ...

0 478

ВИДЕО - Питерде кыргыз мигранттарды тоноп, сабап, акчасын алып жүргөн “ОПГ” мүчөлөрү кармалды

02-май 2019, 13:00 Айдар Нуралиев

Санкт-Петербургда жарандарды тоноп жүргөн, Кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алар кыргызстандык мигранттарды коркутуп, күч колдонуп тоноп жүрүшкөн. Бул тууралуу КРнын ИИМнен кабарлайт. КРнын жана Орусиянын укук коргоо органдарына буга чейин Санкт-Петербург жана Ленинград облустарынын аймагында азиат улутундагы кылмыштуу топтун балдары Кыргызстандын жарандарын тоноп, зомбулук көрсөтүп жүрүшкөндөрү туурасында бир топ даттануу түшкөн.   Кылмышкерлер, аталган аймакта ...

0 321

ВИДЕО - Кубатбек Боронов “Раим Миллионго” барганына актандыбы же ишиңер эмне дедиби?

02-май 2019, 15:25 Айдар Нуралиев

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду журналисттер ак үйдөн кармап алып, кечээ, Матраимовдордун “иш-чарасына” баргандыгы туурасында сурашты. “Мен, биринчиден Райымбек  Матраимовго эмес, Искендер Матраимовго баргам. Экинчиден, демалыш күнү болчу, жеке сапарым”, - деп бул жеке ишим деген таризде жооп кайтарып койду. Кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов менен соттошуп жаткан учурда, аткаминерлердин бул кылыгы чоң талкууну жаратууда.

0 172

Караколдо уранга каршы митинг башталды

02-май 2019, 11:36 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 2-майда саат 10:00до Каракол шаарынын стадионунда уран кендерин иштетүүгө каршы митинг башталды. Маалыматка ылайык, иш-чарага болжол менен 40ка чукул шаардык активист катышууда. Алар митингди Алыкул Осмоновдун "Ата-Журт" ыры менен башташты. Караколдогу уран казууга каршы петиция 30325 кол топтогон. Бүгүн, Жогорку Кеңеш кезектеги отурумда Кызыл-Омпол уран кенин карайт. Бирок, парламентте 20дай ...

0 312

Жогорку Кеңеште уран кенин кароого 20 эле депутат келгени кандай?

02-май 2019, 11:15 Айдар Нуралиев

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында 20дай гана депутат отурганын журналисттер жазып чыкты. 2-майда, Жогорку Кеңеш кезектеги отурумда Кызыл-Омпол уран кенин карашмак. Парламентте 20дай гана депутат отурганына карабай, таблодо келген депутаттардын саны 110 деп жазып коюшкан. Муну Азаттыктын журналисттери сүрөткө тартып алышкан. Эске салсак, кечээ, 1-майда Жогорку Кеңеш түбү менен спикерин баш, вице-премьер-министрин төш кылып Раим ...

0 989

Кудрет Тайчабаров: Раим миллиард элди бүгүн "беттен ары бир чапты"

02-май 2019, 10:26 Айдар Нуралиев

Ооба, "пощечина" берди. Колуңардан пок келбейт деди. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деди. Депутаттардын айтымында Раим миллиард чакырганы үчүн барыптыр. Туура, чакырды. Анткени, бул иш чара жылда болот, бирок, мынча саясатчы барчу эмес. Раим булардын баарын чакырып бул жолу элге баары менин колумда. Шайлоодо Икрамдын ордун мен сатып алганмын, оппозициясы болобу, позициясы болобу баарын каалагандай бийлетип коём. Кел десем ...

0 350

Эрдоган менен Путин телефондон кимдин тагдырын чечти?

02-май 2019, 10:06 Айдар Нуралиев

Түркиянын  Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Маалыматка ылайык, телефондогу сүйлөшүүдө президенттер эки тараптуу маселелер менен катар Ливияда болуп жаткан акыркы  кырдаалды талкуулагады. Түркия мамлекети, Ливияда  тынчтык жана өсүү болушун колдоорун билдирди. Мындан тышкары, эки лидер Сириядагы абалды жөнгө салууда Астана процессинин алкагында жакындан кызматташуунун  улантылышы  талкуулады. Булак:NazarNews.kg

0 156

Казакстанда миттингге чыккандардан 80 адам кармалды

02-май 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Казакстандын Ички иштер министрлиги, 1-майда Нур-Султан, Алматы, Семей, Караганда, Шымкент жана Актөбө шаарларында өткөн нааразычылык акцияларында 80ден ашык адам кармалганын расмий билдирди. Маалыматка ылайык, нааразы болгон адамдарды кармоононун негизги себептери, “уруксаатсыз митингге чыгуу, өзүн агрессивдүү алып жүрүү жана коомдук тартипти бузду”- түшүндүрүлүүдө. Азыр кармалган адамдар укуктук баасын ала элек. Министрликтин билдирүүсүндө, акциялардын катышуучуларына ...

0 149

Экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун соту уланууда

02-май 2019, 10:56 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 2-майда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов жана алар менен бирге айтыпталган 12 кишинин иши каралат. 30-апрелде судья Кубанычбек Касымбеков тергөө менен кызматташа турганын айтып, күнөөсүн мойнуна алган “Дастан” ишканасынын мурдагы директору  Юрий Васильевдин ишин өзүнчө кароо чечимин кабыл алган. Муну А.Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев мыйзамсыз деп атады.

0 601

“Эл деген сел, мен силерге көрсөтөм…” деп Атамбаев ызырынып жатат

02-май 2019, 12:38 Айдар Нуралиев

Эсиңерде да, 6-7-апрель күндөрү Алмазбек Атамбаев элдин астына чыгып, бийликти өлө туздап, эки айдан кийин митингге чыга турганын эскерткен. (Келаткан 5-июнда Сапар Исаковдун камалганына бир жыл толот, «концерт койгонду» ошого болжосо керек.) Натыйжада, баарыбыз күбө болгондой, апрель айы митингдерге бай болду. Элибиз региондордон бери ар кандай көйгөйлөр үчүн нааразычылык акцияларына чыгышууда. Өкмөтүбүз баш, күч органдары төш болушуп, коомчулук менен иштөөнү оң ...

0 172

Кыяс Молдокасымов: Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылды

02-май 2019, 08:06 Айдар Нуралиев

"Кытай Эл Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштууларынын кытай жазма булактарын жана архивдик документтерди иликтөөсүнүн жыйынтыгында биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу жазып калтырган материалдар табылды», — деп билдирди КР Президентинин  Аппаратына караштуу «Мурас» коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов.  Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон жумушчу визитинин алкагында Пекинде КЭР Коомдук илимдер академиясынын ...

0 604

ВИДЕО - “Кырк чоро” ЛГБТ уюмуна кол салып, алар милицияга арыз жазууда

01-май 2019, 18:20 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 1-майда ЛГБТнын укугун коргогон «8/365» кыймылына эки жолу кол салуу болгондугун Клооп.кж сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, алгачкы "кол салуу", феминисттер жана кызтекелерден турган уюм Бишкектин батыш тарабындагы эс алуу багына барганда болгон. ЛГБТнын таламын талашкан “Кыргыз индиго” уюмунун мүчөсү Надира Масюмованын сөзүнө караганда, Минивэн унаасы менен келген 10-12дей эркек кишилер, андан “гейлерди кайдан сабайлы?”,- деп сурашкан. Масюмова дароо жакын жердеги ...

0 1060

ВИДЕО - Казакстанда ызы-чуу башталды

02-май 2019, 09:37 Айдар Нуралиев

Казакстандын мартта аталышы өзгөртүлгөн башкалаасы Нур-Султан менен Алматы шаарында алдыдагы президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырыктар ташталууда. Алматынын Борбордук эс алуу багы менен Нур-Султандагы конгресс-холлдун имаратынын жанында 1-майда ондогон кишилер чогулуп, башкалаанын аталышынын өзгөрүшүнө жана келе жаткан шайлоого ишенбөөчүлүк көрсөтүп митингге чыгышты. Алматыда чогулгандар "Нур-Султан – менин борборум эмес, Токаев – менин президентим эмес, Дарига – ...

0 1183

Индияда 20 студент өз жанын кыйды

01-май 2019, 14:58 Айдар Нуралиев

Индияда, Телинган штатынын  Билим берүү кеңеши сынактын жыйынтыгын угузгандан кийин, 20 студент өз жанын кыюуга барган. Алардын ата-энеси буга компьютердик системаны күнөөлөп жаткандыгын New York Post жазып чыкты. Маалыматка ылайык, миллиондун ичинен 350 миң студент начар баа алып калышкан. Экзаменден төмөн баа алып калган студенттердин жакындары, нааразычылык акциясын уюштуруп жатып, бийликти- тесттин жыйынтыгын кайра карап чыгууга мажбурлашты. Жергиликтүү бийлик, студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ...

0 287

Баткендеги прокурордун өлүмүнө шектелгендер сотторго нааразы

01-май 2019, 13:26 Айдар Нуралиев

Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова сотттордун адилетсиздигин билдирип чыкты. “Көп адамдардын фамилиялары, фактылар айтылып жатат, бирок аларды протоколго киргизбей, «Мелис көргөзмө бербей жатат» деп туура эмес маалымат таратып жатышат. Биз келтирген 147 өтүнүчтөн 137си канааттандырылган жок. Кыйноо боюнча иш козголгон жок. 20 саат мыйзамсыз ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2831

«Атаң кыргыз…»: Наталья нарындык атасын 32 жылдан кийин таап, Кыргызстанга келди

01-май 2019, 11:48 Айдар Нуралиев

Россиянын Брянск шаарынын тургуну Наталья атасын көп жылдан бери издеп, аны Нарын облусунан тапкан. Бул тууралуу Натальянын Кыргызстандагы иниси Чыңгыз Абыкеев билдирди. Анын айтымында, Натальянын атасы Ишенбек Абыкеев Нарын районунун Миң-Булак айылында 1964-жылы туулган. Ал Россиянын Брянск шаарында аскердик кызматын өтөп жүргөндө жергиликтүү тургундун кызы менен таанышып, аны менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Бирок андан кыздуу болгонун билген эмес. Ишенбек ...

0 275

Депутаттык мандатты эми эл бөлүштүрөбү?

01-май 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Исхак Масалиев, парламенттин отурумунда, шайлоочу  партияга эле эмес, талапкерге да добуш берүү нормасын киргизүүнү сунуштады. Андан жыйынтыгы менен шайлоодо көп добуш алгандар Жогорку Кеңешке өтөт. “Добуш берүүчү кабинада компьютер коюлуп, биометрикалык чиптин жардамы менен шайлоочу кабинадагы компьютерден тандаган партиясын жана тизмедеги он талапкерин тандап белгилейт. Ал кагазды компьтерден басып чыгарып, урнага салып кетет”- деп ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83