www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (5503)

0 160

Фоторепортаж – ШКУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн искусство чеберлеринин “Улуу достуктун кербени” Гала-концерти

14-июнь 2019, 14:47 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 13- июнунда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн искусство чеберлеринин “Улуу достуктун кербени” Гала-концерти болду. Гала-концертке КыргызРеспубликасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Беларусь Республикасынын Президенти Александр ...

0 166

Сооронбай Жээнбеков: ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө

14-июнь 2019, 17:10 Айдар Нуралиев

«ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө», – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекет башчысынын сөзүнүн тексти: «Урматтуу Мамлекет башчылары! Урматтуу жыйындын катышуучулары! Биздин борбор калаабыз Бишкекке кош келиңиздер. Саммиттин бардык катышуучуларына жагымдуу жана эсте каларлык маанайды ...

0 149

Бишкекте Индия Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визити болот

14-июнь 2019, 13:50 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамдарда өтөт, жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Ошондой эле бүгүн, 14-июнда күндүн экинчи жарымында  Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына расмий визити болот.  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуулар тар жана кеңири ...

0 137

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти

14-июнь 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 14-июнда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыларын Конгресс-холлдун имаратында тосуп алды. Бирге сүрөткө түшүү аземинен соң делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына багыт алышты. ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан ...

0 1405

Жигитти 580 сомду мойнуна алдыруу үчүн башын пакет кийгизип кыйнаган

14-июнь 2019, 11:43 Айдар Нуралиев

22 жаштагы жигит Октябрь РИИБнин төрт кызматкерин “580 сом урдады” деп мойнуна алдыруу үчүн кыйнаган. Убактылуу кармоочу жайга барганда белгилүү болгон. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов бидирген.   Ал жигит, оперлердин колунан 30 майда жабыркаган. Уурулуктан тышкары, аны өрттөгөнгө тийешеси бар деп кыйнашкан. Убактылуу кармоочу жайга барган топтун бири Закир Аманбаевдин ...

0 165

Эмомали Рахмон Кыргызстанга келди

14-июнь 2019, 10:38 Айдар Нуралиев

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 14-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Тажикстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Булак: NazarNews.kg

0 583

АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкери Тажикстандык аялын атып өлтүрдү

14-июнь 2019, 10:21 Айдар Нуралиев

7-июнда эртең менен Вашингтондогу үйүнөн Тажикстандан чыккан 45 жаштагы Лола Голумованын жансыз денеси табылган. “Ахбор” жазып чыкты. Полиция эшикти талкалап үйгө киргенде, Голумованын ажырашып жаткан жолдошу Джейсон Риффтин өзүн-өзү атканын да көрүшкөн. Ал ооруканага жеткенде башка атылган октон каза болуп калган. Полициянын божомолунда, АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкери алгач жубайын өлтүрүп, андан соң өзүн ...

0 166

Ирандын Президенти Хасан Рухани Кыргызстанга келди

14-июнь 2019, 09:17 Айдар Нуралиев

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Ирандын Президентин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Булак: NazarNews.kg

0 255

«Кыргызстан – Кытай» бизнес-форумунда 7 млрд доллардан ашык суммадагы документтерге кол коюлду

14-июнь 2019, 09:20 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда өткөн «Кыргызстан – Кытай» бизнес-форумунунун жыйынтыгы боюнча 7 млрд АКШ долларынан ашуун суммага 24 документке кол коюлду. 1. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, «FTZCOC» Борбор Азия логистикалык борборунун жана «Искра Азии» ААК ортосунда «Искра Азия» эркин соода кызматташтыгынын кыргыз-кытай өндүрүштүк паркын илгерилетүү жана модернизациялоо жөнүндө кызматташуу тууралуу рамкалык келишим 2. ИИКА, «Ассоциация АЮ Холдинг» юридикалык жактардын бирикмеси жана «Чанъань» ЖЧКсы ортосунда стратегиялык ...

0 170

Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды

14-июнь 2019, 08:59 Айдар Нуралиев

Бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтөт. Ага Кыргызстандан тышкары Индия, Казакстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстан мамлекеттеринин жетекчилери катышат. Аталган уюмда байкоочу макамына ээ болгон Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын башчылары да бүгүнкү жыйынга катышуу үчүн келген. Саммитти жыйынтыктап жатып, 30 документке кол коюлушу күтүлүүдө. 11 өлкөнүн лидерлери катышып жаткан саясий иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө. 13-июнда ...

0 209

Голуновдун иши: ИИМдин эки генералы кызматынан бошотулду

13-июнь 2019, 20:55 Айдар Нуралиев

Орусиянын президенти Владимир Путин «Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голуновдун ишине байланыштуу полициянын эки генералын кызматынан бошотту. Москванын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Батыш административдик округу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Андрей Пучков жана ИИМдин Башкы башкармалыгынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Юрий Девяткин кызматынан бошотулду. Мунун алдында ички иштер министри Владимир Колокольцев аларды иштен бошотууну Владимир Путинге сунуш кылган. «Медузанын» кабарчысы Иван Голунов 11-июнда кечинде ...

0 237

Топчугүл Шайдуллаева: Эне

13-июнь 2019, 20:48 Айдар Нуралиев

АҢГЕМЕ Райондук бейтапканынын каттоо бөлүмүндө саарлап тоо тараптагы айылдан келген кемпир бир топ отуруп калды. Качан бул жерде иштеген кыздар келе баштаганда колунда эртеден бери абайлап кармап отурган кагазды айнек тешиктен аларга сунду. – Кызым, бу кыз силерге ооруп келип, жатып дарыланып кетиптир, ооруусу эмне дарт экен балам, билип берчи. Кемпирдин капкара болуп туурулган арык, узун колунан бүктөлгөн кагазды алып жатып ак халатчан ...

13-июнь 2019, 20:48 | 237
0 274

Окумуштуулар кант диабетин пайда кылган үч себепти атады

13-июнь 2019, 20:37 Айдар Нуралиев

Үч ири иликтөөнүн жыйынтыгы туура эмес тамактануу диабеттин өрчүшүнө чоң таасир этерин көрсөткөн. Рациондогу B12 витамининин көптүгү, жашылча-жемишти аз колдонуу, негизи эле туура эмес тамактануу кант диабетин пайда кылат. Бул тууралуу Medicalxpress АКШ окумуштууларына таянып жазды. Үч ири иликтөөнүн жыйынтыгы туура эмес тамактануу диабеттин өрчүшүнө чоң таасир этерин көрсөткөн. "Жашылча-жемишти, сүт жана эт азыктарын аз жеген адам кант диабетине чалдыгышы мүмкүн. Ошол эле ...

0 212

Жогорку Кеӊеште экс-президент А.Ш.Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн атайын комиссия түзүлдү

13-июнь 2019, 20:29 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеӊештин жыйынында Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Ш.Атамбаевге каршы күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин атайын комиссиясы түзүлдү. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков бул маселе комитетте «Кыргыз Республикасынын Президентинин ...

0 201

Фоторепортаж – Президент Сооронбай Жээнбековдун жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусу

13-июнь 2019, 20:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Мамлекеттер башчылары кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү, анын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон көрүнүктүү салымы үчүн КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге I даражадагы «Манас» орденин ...

0 259

Пакистандын жана Индиянын премьер-министрлери Кыргызстанга келди

13-июнь 2019, 17:23 Айдар Нуралиев

Индиянын өкмөт башчысы Нанендра Моди жана Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт. «Манас» эл аралык аэропортунан эки өлкөнүн  Премьер-министрлерин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды. Имран Хан жана  Нанендра Моди сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 239

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду

13-июнь 2019, 16:19 Айдар Нуралиев

«Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду», — деп баса белгиледи Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамдагы жолугушууда. КЭР Төрагасы мамлекеттик визит менен меймандос жана дос Кыргызстанга дагы бир жолу келгенине кубанычта экенин өзгөчө баса белгиледи. Си Цзиньпин кытай элинин атынан боордош кыргыз элине салам жана жакшы ...

0 306

Атамбаевдин кол тийбестигин алууну парламенттин жарымы колдоду

13-июнь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын саясат айдыңында Алмазбек Атамбаевге каршы багыт алган цунамиге айлануу коркунучу бар  жаңы толкун кам урду. Кечээ экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзүүнү 40 депутат колдоп чыккан. Бүгүн, Атамбаевдин кол тийбестигин алуу сунушуна 60 депутат кол койгон. Депутаттардын мындай чурулдашына Атамбаевдин «чимкирик» деп атоосу себеп болуп, Канатбек Исаев парламентте Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу ...

0 383

Шайлоонун шарапаты Тазабек Икрамовду туура сүйлөттү эй

13-июнь 2019, 13:22 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өкмөттөн Бишкек жана Ош шаарларындагы таштанды иштетүүчү заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр эмне болгондугун сурады. Анын айтымында, Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз, бирок, шаарлардагы таштанды маселеси чечилбей, санитардык коопсуздукту эч ким мойнуна алгысы келбейт. Таштанды таштоочу жайды жасоо жана заводдун курулушу боюнча маселеде эч нерсе белгисиз. “Азыркы таштанды ...

0 300

Сооронбай Жээнбеков: Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз

13-июнь 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

«Бүгүн биз тарыхый чечим кабыл алабыз – биздин мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге – ар тараптуу стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү баскычына көтөрөбүз», –  деп баса белгиледи  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы  Си Цзиньпин менен анын Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн кеңири курамдагы жолугушууда.  Мамлекет башчысы Кытайдын Төрагасы менен болгон быйылкы жылдагы үчүнчү жолугушуу өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын ...

0 327

Саламаттык сактоодогу кадрдык башаламандык же Сагынбаева мамлекеттин эркесине айланганда

13-июнь 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Аида Исмаилова Космосбек Чолпонбаев башында турган Саламаттык сактоо министрлигинин кадрдык саясатын кескин сынга алды. Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институнун ректору болуп Рустам Курманов дайындалган. Анын чуулу коррупциялык иштерге тийешеси бар. “2016-жылы Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнөн улам, 12 кылмыш иши козголгон.  Жыйынтыгында, дары-дармек менен камсыздоо тармагындагы аткаминерлердин шалаакылыгынан мамлекет ...

0 2121

Салянова абакта кыйноого кабылды же эски телефон менен отурган келинди ким коргойт?

13-июнь 2019, 11:30 Айдар Нуралиев

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча, СИЗО – 1 абагына киргизилген экс- башкы прокурор Аида Салянованын туугандары ага карата кыйноо болгондугун айтып чыгышты. Аида Салянованын эжеси Чынара Турдалиеванын жергиликтүү ММКларга берген маалыматына караганда, Салянова азыр өтө начар акыбалда. Ал тез арада ооруканага жатып дарыланууга муктаж. СИЗО – 1 мекемесинин медициналык бөлүмүндө керектүү жабдыктар жана дары-дармектер жетишсиз болгондуктан, башкы ...

0 220

Дмитрий Медведевдин  твиттерин  хакерлер талкалашкан

13-июнь 2019, 10:21 Айдар Нуралиев

Хаккерлер Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин  твиттердеги (Twitter) аккаунттун талкалап киришкен. Бул тууралуу РИА Новости билдирет. Интернет-колдонуучулары орус өкмөт башчысынын атынан Ирактын Орусиядагы элчиси Хайдар Хадинин жарыялоосуна  кызыктай жооптор жазылып жатканын байкашкан.Комментарийлерди тез  эле өчүрүп салышкан. Орусия өкмөтүнүн өкүлдөрү, Медведевдин каттоо тизмесине кирүү калыбына келгендигин такташты. Булак: NazarNews.kg

0 238

Казакстанда адамдарды кармоо уланууда

13-июнь 2019, 15:20 Айдар Нуралиев

12-июнда Алматанын Астана аянтында полиция кармоо жүргүздү. Окуя болгон жерде жүргөн «Учур чактын» ("Настоящего времени") репортеру,  кечки саат 19:30 да 100 гө чукул адам кармалганын кабарлады. Башында полиция аталган райондогу карылар менен аялдарды документ текшерүү шылтоосу менен автобуста текшерип карашкан. Кечке маал полиция аталган жерге жакындагандарды эле кармап баштаган. Кармалгандардын арасында жарандык активисттер да бар. Нур-Султан шаарында «Байтерек» монументинин алдына чыккан беш адам ...

0 1034

Илмияновдун камакта экени чынбы?

13-июнь 2019, 09:04 Айдар Нуралиев

Ың-жыңы жок болгон Икрамжан Илмияновдун камакта жатканына ишенбегендер да чыга баштаганы ырас. Анткени былтыр күздөн бери жалгыз камералык “люкста” жаткан кишиден түк кабар жок. Жактоочусу ким экенин деле билбейбиз. Чамасы ага жактоочулук милдетти бийликтеги “көмүскө генералдар” аткарып жатса керек. Себеби “шопур” деген каймана атка конгон бул мырзанын ичинде сактаган далай урунттуу сырлары бар. Анткени анын аракетисиз үлкөн “операциялар” жүзөгө ашырылмак ...

0 219

Чыңгыз Айдарбеков Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту

13-июнь 2019, 08:52 Айдар Нуралиев

КР тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту. КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жайгашкан уран калдык сактагычтарын калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты. Булак: NazarNews.kg

0 242

Халтмаагийн Баттулга Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды

12-июнь 2019, 16:52 Айдар Нуралиев

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды. Монголия Президенти белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлде өнүктүрүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Халтмаагийн Баттулга жолугушуулардын активдешкенин жана Кыргызстан менен Монголия ортосундагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлге чыкканын канааттануу менен баса белгиледи. «Саясий мамилелердин өнүгүүсү башка чөйрөдөгү өнүгүүгө ...

0 1592

Аида Салянованын камералашы ким экендиги айтылды

12-июнь 2019, 16:31 Айдар Нуралиев

Мурунку прокурор Аида Салянова менен бир камерада отурган аял, адам өлтүрүү эмес алдамчылык боюнча отурат. Бул тууралуу ЖАМК билдирди. Белгилүү болгондой, күнөөлөнүүчү Салянова СИЗО-1де аялдар корпусунда кармалууда. Аны менен бир камерада, алдамчылык менен кармалган 1992-жылы туулган келин жатат. Андан тышкары, Улан Саляновду өлтүрдү деген кине менен камалган 1983-жылы туулган А.А. СИЗО-1 абагынын эркектер корпусунда кармалууда. ...

0 587

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

12-июнь 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу үчүн тезинен комиссия түзүштү. Бул тууралуу эл өкүлү Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, чечим депутаттардын үчтөн экисинин колу коюлса эле Башкы прокуратурага жиберилиши керек. “Башкы прокурор Алмазбек Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасын Жогорку Кеңешке жиберет. Бирок, мен айткан “Президенттин ишмердигинин гаранты” Мыйзамынын 12-беренесин алып ...

0 372

Монголия президенти Чыгыш менен байланыштырган соода темир жолун куруу ниетин билдирди

12-июнь 2019, 15:11 Айдар Нуралиев

Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий визитинин алкагында бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуу аземи болду. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген. Мамлекет башчылары Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан соң учурашуу аземинен ...

0 303

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү журналисттер чагылдырат

12-июнь 2019, 14:31 Айдар Нуралиев

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин 2019-жылдын 13-14-июнунда Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды. Мисалы, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын  115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү. Ошондой эле Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү ...

0 477

Дастанбек Жумабеков: “Матраимовдор элге кызмат кылган үй-бүлө”

12-июнь 2019, 13:15 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында борбордук трибунадан сөз алып,  мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Ал Матраимовдорду «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мүнөздөдү. Алар уюштурган тойго бийлик өкүлдөрү Атамбаевдин тушунда да барып жүргөн.  «Төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат» дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок.  Сиз архивге айланып карап коюңуз, сиздин ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 362

ВИДЕО - Ханзаада Гарринин Меган Марклга берген кымбат белегинин сыры чечмеленди

12-июнь 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

Журналисттер герцогиня Мегандын королева Елизавета II нин 9-июндагы салтка айланган туулган күн кечесиндеги жаңы  “түбөлүк шакегинин” сырын чечмелөөгө өтүштү. Бул тууралуу People жазып чыкты. Маалыматка ылайык, аталган шакекти ханзаада Гарри алардын үйлөнүү үлпөтүнүн бир жылдык датасында “түбөлүк шакегин” белек кылган. Мындай бриллиант менен шөкөттөлгөн, түбөлүктүүлүктү баяндаган кымбат шакектерди  маанилүү окуядан кийин салтуу түрдө белек кылат. Мисалга, туулган ...

0 910

Кожобек Рыспаев: “Журналисттерче жокпузбу? Биз “чимкирик” эмес, саясый элитабыз”

12-июнь 2019, 11:29 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаттары спикер Дастан Жумабековго  экс-президенттин "чимкирик" дегенине жооп бербейсиң деп жаалашты. Бүгүн парламенттик отурумда депутат Кожобек Рыспаев бул боюнча нааразычылыгын билдирип чыкты. “Бизди ушуну менен экинчи жолу “чимкирик” деди. Коомчулук муну талкуулап, шылдыңдап жатышат. Журналисттерче жокпузбу? Журналистке “кебетең жакпайт” дегени үчүн Туйгунаалы Абдраимовду иштен алдырышты. Аны журналисттер аз жерден талап-жеп коё жаздашты. Алмазбек ...

0 302

Жогорку Кеңеш Атамбаевге чара көрөбү?

12-июнь 2019, 10:37 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңеште  кээ бир депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев боюнча ишти колгоо алууну бүгүнкү жыйында айтып чыгышты. ЖК депутаты Канатбек Исаев: “Башкы прокуратура, Финпол, Ички иштер министрлиги тиешелүү иш алып барбай жатса, Жогорку Кеңеш демилгени өз колуна алып, мурунку президент Атамбаевге тиешелүү баа бериши керек”, - деп айтты. Исаев Атамбаевдин 8-июнда өткөн митингде сүйлөгөн сөздөрүн кескин сынга алды. Булак:NazarNews.kg

0 215

Монголиянын президенти Бишкекке келди

12-июнь 2019, 10:21 Айдар Нуралиев

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Монголия президентин “Манас” эл аралык аэропортунда Монголиянын президентин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Иш сапардын жүрүшүндө Халтмаагийн Баттулга Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, бир катар эки жактуу документтерге кол коюулушу күтүлүүдө. Монголиянын Президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Халтмаагийн Баттулга Кыргыз Республикасындагы Монголиянын ...

0 206

Соттолгондугун жойгондор депутат боло алат. Же саясатчылар өзүн ойлоодобу?

12-июнь 2019, 09:47 Айдар Нуралиев

Мурда соттолуп, бирок андан толук кутулгандарга депутаттык креслого ат салышууга жол берилиши мүмкүн. Мындай шарт менен “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” мыйзамына толуктоолорду киргизүүгө сунуштар түшүүдө. Мындан мурдараак “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, мыйзам чыгаруучу  жогорку органдарга мурда соттолбогон, мыйзам жагынан көйгөйү жок жарандар катыша аларын билдирген. Бирок, көпчүлүк депутаттарды ...

0 239

"ТилБил Camp" жайкы тил лагери ачылды

12-июнь 2019, 09:01 Айдар Нуралиев

2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата Тогуз-Торо районунун 6-7-8-класстарынын окуучулары үчүн  быйыл дагы англис тил лагери уюштурулуп жатат. "ТилБил Camp" жайкы тил лагеринин уюштуруучулары бул жылы дагы Тогуз-Торо районунун англис тилчи мугалимдери жана 6-7-8-класстарынын окуучулары үчүн жайкы эс алуу күндөрүнө карата англис тили лагерин өткөрүү алдында турат.  2018-жылы  окуучулар өз  каражатарына окуган болсо, быйыл толугу менен АКШ өкмөтү каржылаган "Бүтүрүүчүлөрдүн чакан гранттар" ...

0 216

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамайдын бюстунун ачылыш салтанатына катышты

12-июнь 2019, 08:53 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын бюстунун ачылыш салтанатына катышты. Жусуп Мамайдын эстелиги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы «Манас» скульптордук-архитектуралык комплексинин аймагына орнотулду. Бюсттун автору – скульптор, эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жусуп Мамай тууралуу айтып жатып, «Манас» эпосун сактоодогу анын чыгармачылыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүгүн кыргыз эли үчүн тарыхый маанилүү күндөрдүн бири. Жусуп Мамайдын ...

0 207

Германиялык туристти сүзүп өлтүргөн айдоочу кандай жаза алды?

11-июнь 2019, 19:04 Айдар Нуралиев

Кочкор районунда Германиядан келген туристтерди унаасы менен сүзгөн айдоочу 5 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасы жатак абакта өтөөсү белгиленди. Нарын облустук сотунун коллегиясы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 мекемесинин жетекчиси А.М.нын пикирин угуп, соттолуучу Ариеттин (аты-жөнү өзгөртүлдү) кечирим суроо өтүнүчүн карап чыкты. Кочкор райондук сотунун 2017-жылдын 26-октябрындагы чечими менен Ариет Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 281-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде эки эпизод менен күнөөлүү ...

0 190

Кытай актерлору Бишкекте «Манас» операсын коюшту

11-июнь 2019, 19:00 Айдар Нуралиев

Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Манас» операсы өтүүдө. Опера Кытайда жалпысынан тогуз жолу коюлган. Буга чейин 2018-жылы 4-5-январда Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясында «Манас» эпосунун кытай тилиндеги операсы коюлган. Опера Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде жазылып, Кытайдын Маданият министрлигинин жана Улуттук опера институтунун көмөгү менен коюлган. «Манас» операсынын бет ачары 2017-жылдын 30-сентябрында Бээжин шаарында болгон. Аталган опера ...

0 311

КР Эсептөө палатасы айыл өкмөтүнө текшерүү жасап, ишине талдоо жүргүзгөн

11-июнь 2019, 18:51 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Жергиликтүү бюджеттерде каржы тартибин бузуу жосундары жана кадрлардын алмашуусу арбын, абал кыйла оор десек да болот. 2018-жылы Эсептөө палатасы 222 айыл өкмөтүнө текшерүү жасоо менен бирге, алардын эки жылдык ишине талдоо жүргүздүк. Каржы тартибинин бузулушунан улам, жергиликтүү каржы кызматкерлердин арасында өз жанын өзү кыйгандар да бар экен. Менимче, алардын адистигин жогорулатып, эмгек ...

0 315

Адвокатуранын төрагасы Билим Раимкулов СИЗОдо дипломун жактады

11-июнь 2019, 17:36 Айдар Нуралиев

Адвокатуранын төрагасы Билим Раимкулов СИЗОдо жатып, юридикалык жогорку билимин жактады.Бул тууралуу  анын жактоочусу Арман Кайгыров билдирди.  Маалыматка ылайык, Раимкулов юридикалык ишмердиги боюнча лицензияга ээ болду. “Жактоочулук ишимди жүргүзүп жатып, Адвокатуранын төрагасынын жубайына ал да юридикалык лицензиянын ээси экендигине карабай, КУУда диплом берилген эмес. Адвокатурада төрага тарабынан бийликти басып алуу болду”, -деп айтты ал.  Ал белгилегендей, Раимкулов бир нече жолу кылмыш ...

0 297

Алмазбек Атамбаев айдоо укугунан ажыратылдыбы?

11-июнь 2019, 17:02 Айдар Нуралиев

Интернетте мурунку мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин укугунан ажыратылганы тууралуу маалымат пайда болгон. Бул маалыматты укук коргоо органдары текшеришкен. Маалыматка ылайык,  guobdd.kg сайтынын “Айдоочулук укуктан ажыратуу” бөлүмүндөАлмазбек Атамбаевди 238-берененин 1-пунктуна ылайык 1 жылга айдоо укугунан ажыратылган. Жол кайгуул кызматы билдиргендей, маалымат так эмес. 2019-жылдын 1-январынан тарта айдоо укугунан ажыраткан мыйзам бузуулар тууралуу жаңы Кодекс күчүнө кирген. Учурда каттоо баракчасынан мурунку президенттин ...

0 218

Жеңиш Разаков ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын Саммитин өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү

11-июнь 2019, 16:56 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Жеңиш Разаков «Манас» Эл аралык аэропорту, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы сыяктуу бир катар объекттерди, ошондой эле мейманкана комплекстерин жана инфратүзүмдүк объекттерди даядоонун жүрүшүн текшерди. «Биздин алдыбызда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Саммитин өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана чет элдик ...

0 237

“КТ Мобайлга” жаңы директор келди, эми жаңыча шыпырабы же?

11-июнь 2019, 16:20 Айдар Нуралиев

“КТ Мобайл” ишканасына Мураталы Жакыпов жаңы директор болуп дайындалды. Мындай чечимди 10-июнда “Кыргызтелекомдун” башкармалыгы кабылдады. Жакыпов ушул мезгилге чейин “Кыргызтелекомдо” иштеп, буга чейин “Инклюзивдик чеберчиликти өстүрүү”  өнүгүү сектордук программасынын атайын адиси болуп келген. “КТ Мобайл” компаниясынын мурунку директору, Salam операторун ишке бермекчи болгон Нурбек Мукамбетов, майдагы ызы-чуудан кийин кызматын тапшырган. Көп кыргызстандыктын түшүнө кирген айлыгы бар ...

0 697

Молдомуса Конгантиевдин сотуна Акылбек Жапаров барбай койду

11-июнь 2019, 15:43 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 11-июнда Биринчи май райондук сотунда ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевге байланышкан соттук териштирүү иштери башталды.Аны 2010-жылдагы апрель  окуясы боюнча кызматын чектен ашыруу боюнча кылмыш иши козголгон. Сот залында сот Мирлан Термечиков соттук отурумдун катышуучуларына, сотко белгилүү дарек боюнча Акылбек Жапаровго да сотко күбө катары катышууга чакыруу кагазы жибергенин айткан. “Мөөнөтү эскиргендиктен чакыруу кагазы сотко катарылган. Эшикти ...

0 158

Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен ШКУ Саммитинин жыйынына даярдыктын жүрүшүн талкуулады

11-июнь 2019, 14:53 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасына боло турчу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитине, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттерине даярдыктын жүрүшү талкууланды. Мындан тышкары, министр Чыңгыз Айдарбеков Шахнай кызматташуу уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги кезектеги жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы бардык аты аталган иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн өзгөчө маанисин белгиледи.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 472

Бишкектеги эки массалык мушташка катышкандар такталды

11-июнь 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Бишкектин Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн  кызматкерлери массалык мушташка катышкандардын өздүгүн тактады. Бул тууралуу шаардык ИИББбасма сөз кызматы билдирди. Биринчи чыр-чатак 8-июнда саат 02:01 чамасында, 9-июнда 03:30да болгон. Эч ким милицияга кайрылган эмес, медициналык мекемелерге да түшкөндөр болгон эмес. “Биринчи конфликттин катышуучулары, Бишкектин тургундары, 36 жаштагы М.У. жана 33 жаштагы М.Н.  Милиция тактаган ...

0 2332

Аида Салянованы криминалдар коркутууда

11-июнь 2019, 13:07 Айдар Нуралиев

Камактагы экс-генпрокурор Аида Салянованын жактоочусу, Рабига Сыдыкова анын өмүрүнө кабатыр экендигин басма сөз жыйынында билдирди. Юристтин айтымында, Аида Саляновага криминалдар тарабынан коркутуулар болгон. “СИЗО 1ге Салянованы такыр камабай жана коррупцияга күнөөлөбөш керек болчу. Азиз Батукаевди бошотууда анын тийешеси жок”, - деп айтты “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева. Булак:NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83