www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (5182)

0 130

Канайым Бактыгулова, элчи: "Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко чыгарууга өбөлгө түзөт"

29-апрель 2019, 09:45 Айдар Нуралиев

«Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко, анын ичинде Кытай базарына чыгарууга жана таанытууга өбөлгө түзөт», - деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал Кыргызстан биринчилерден болуп КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесин колдоого алганын эске салды. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ...

0 154

Президент Эл аралык көргөзмөдөгү Кыргызстандын жарманке павильонуна барды

29-апрель 2019, 08:17 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Кытай Эл Республикасына жумушчу визитинин алкагында Эл аралык көргөзмө борборундагы Кыргызстандын жарманке павильонуна барды. Мамлекет башчысы павильонду көрүп чыгып, анын экспонаттары менен таанышты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары көргөзмөнүн аянтчасын максималдуу колдонуусу жана кыргызстандык экологиялык таза айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайын ири рынокко көрсөтүүсү керек. “Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 млн адам келери күтүлүүдө. Президент ...

0 729

Кубанычбек Кадыров: "Атамбаевге түрмөдөн орун бошотуп келдим"

27-апрель 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын коомдук саясый жана мекенчил күчтөрүнүн ll-Курултайында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагы кемчилдиктерин айтып: "Кубанычбек Кадыров түрмөдөн Алмазбек Атамбаевге орун бошотуп келди" - деди. Андан сырткары Кадыров кыргыз элинин алдында кала айтып келгендигин айтып Атамбаевди тез арада камалышы керектигин айтты. Булак: NazarNews.kg

0 183

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка кызыкдар кытай компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

26-апрель 2019, 20:25 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде  «China Railway Construction Corporation Limited» Кытай темир жол курулуш компаниясынын төрагасы Чэнь Фэньцзиан менен жана ушул эле күнү «Чайна Роуд» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Лу Шань менен жолугушту. Транспорт жана темир жол чөйрөлөрүндө, анын ичинде “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана болочок кызматташуу маселелери ...

0 218

Принц Уильям Нур мечитине барды

26-апрель 2019, 18:49 Айдар Нуралиев

Британия тактысынын экинчи  принци принц Уилиям Жаңы Зеландияда террордук кол салууга бута болгон Нур мечитине барды. Англис коомдук басма сөз органы БиБиСинин кабарына караганда 2 күндүк Жаңы Зеландия сапарынын негизинде Крайстчерчтеги Нур мечитине барган Уильям мечиттерге карата террордук кол салууну «сүрөттөлүшү мүмкүн болбогон бир жек көрүү кыймылы» деп мүнөздөдү. Уильям ашыкча оңчул террористтин максатына жетүүдө ийгиликсиз болгондугун көрсөтүү үчүн мечитти зыярат ...

0 338

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарыхы жөнүндө Кытай жазма булактарын биргелешип изилдөө маселесин талкуулады

26-апрель 2019, 18:22 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо жана Кытай Байыркы тарыхты изилдөө институтунун чет өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ли Цзиньсю менен жолугушту. Мамлекет башчысы кытайлык достор менен жолугушуу ал үчүн дайыма жагымдуу экенин белгиледи. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 26 жыл ...

0 264

Бишкек шаарынын мэри автобустар боюнча түшүндүрмө берди

26-апрель 2019, 17:10 Айдар Нуралиев

Кытайлык компания чыгарган автобустар Алматы, Монголия, Гавана, Бангкок шаарларында пайдаланылары айтылды. Бишкекке Кытайдан алып келинген автобустар боюнча айрым комментарийлерге жооп берип, шаар мэриясы түшүндүрмө берди. 24-апрель күнү борбор калаага Кытай өндүрүшүнөн чыккан 60 автобус алып келинген. Жаңы унаалар бир жуманын ичинде линияга чыга турганы айтылган. Автобустарды президент Сооронбай Жээнбеков да көрүп, бирине түшкөн.  Мэриянын маалыматы боюнча газ менен жүргөн автобустар тендер аркылуу тандалып ...

0 231

Украинада украин тили мажбур түрдө колдонулат

26-апрель 2019, 16:20 Айдар Нуралиев

Украина парламенти украин тилин мамлекеттик мекемелер мажбур түрдө колдонуу мыйзамын чыгарды. Парламенттин Жалпы Кеңешинде украин тилинин мамлекеттик тил катары колдонуу боюнча мыйзам долбоорун 331 депутаттан 278 депутат кабыл алды. Ушуга караганда мамлекеттик башкаруучулар, депутаттар, Борбордук банк кызматкерлери, сот жана прокурорлор менен бирге келишим менен аскердик кызматын өтөгөн аскерлер, мугалимдер жана саламаттык сактоо кызматкерлери украин тилинде сүйлөшөт. Бул мыйзам жеке турмуш менен диний ...

0 195

Украинанын жаңы президенти чарчаганын Түркияда жазат

26-апрель 2019, 15:59 Айдар Нуралиев

Зеленский Түркияда эс алат Украинада президенттик шайлоону жеңген Владимир Зеленский шайлоо үгүт иштериндеги чалыгуусун Түркияда эс алып жазат. Зеленский социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Ачык болуу темасында макулдаштык. Мына ушундай. Түркияга учабыз. Балдарды жылдык көңүл ачуу фестивалына алып барам»,-деди. Акыркы төрт айдан бери биринчи жолу эс ала турганын белгилеген Зеленский Украинага эки күндөн кийин кайта турганын билдирди. Украинада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында ...

0 101

Адам сатууга каршы күрөшүү...

26-апрель 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Бул мааалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Тармактык комитеттин жумушчу тобу миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча көчмө жыйын өткөрдү Бүгүн, 26-апрель күнү Чүй облусунда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданияты жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутат Евгения Строкова башында турган миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын иликтөө боюнча жумушчу топтун көчмө ...

26-апрель 2019, 13:45 | 101
0 103

Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү...

26-апрель 2019, 13:39 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди. “Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт 29-апрель, саат 10:00дө депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен уюштурулуп жаткан  “Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт. Иш-чара мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен ...

0 190

Бала саткан гинекологдордун соту болду

26-апрель 2019, 13:01 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык №4 төрөт үйүнүн перинаталдык борборунун кызматкери 2800 долларга жаңы төрөлгөн ымыркайды саткан. Бул туурасында 24-апрелде, бала сатууга шектелип кармалган гинекологдордун сотунда күбө катары катышкан Б.С. аттуу жаран айтты. Эскерте кетсек, 2018-жылы 7-сентябрда Бишкекте бала сатты жана мыйзамсыз аборт жасады делген шек менен бир нече гинеколог кармалган. Сегиз дарыгер сот жоопкерчилигине тартылууда. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактын маалыматы боюнча үчөө ...

0 95

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Пекинге учуп кетти

25-апрель 2019, 14:26 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү - 2019 көргөзмөсүнө” катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Визиттин алкагында Мамлекет башчысы КЭР Төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Ван ...

0 169

Кыргыз Республикасынын ИИМде “Генералдар клубунун” төрагасы Садырбек Дубанаевди маарекеси менен куттукташты

25-апрель 2019, 12:13 Айдар Нуралиев

Бул мааалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2019-жылдын 25-апрель күнү ИИМдин Борбордук аппаратында салтанаттуу  шартта “Генералдар клубунун” төрагасы, запастагы милициянын  генерал-майору Садырбек Дубанаевди маарекеси менен куттукташты. Салтка ылайык, туулган күн ээсин жетимиш жаш маарекеси менен куттуктоого ИИМдин жетекчилиги, ИИМдин генералдар клубу, кесиптештери,  башкармалыктардын жана кызматтардын башчылары чогулушту. Кыргыз  Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын  генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков милициянын ардагерин жетимиш ...

0 87

УКМК: Издөөдө жүргөн ЭТУ согушкери кармалды

24-апрель 2019, 13:02 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 20-апрелинде КР УКМК тарабынанКР аймагына эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана согушкерлердин кирүүсүнө бөгөт коюуу боюнча өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте Сириядагы ЭТУ согушкери деп шектелип, издөөдө жүргөн 1991-ж.т. КР жараны “А.у.А.” кармалды.   Такталгын боюнча, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террористтик топко кирип, Сирия аймагындагы диверсиялык даярдыктан өтүп, согуш аракеттерине катышып келгени аныкталды. 2018-жылдын ноябрь айларында ...

0 128

ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери баңгизатын сатып жүргөн жаранды кармашты

24-апрель 2019, 11:53 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын кызматкерлери  өзгөчө ири көлөмдөгү баңгизатын ташыган жолду аныктоого жана ага бөгөт коюга багытталган атайын операцисын жүргүзүшкөн. 2019-жылдын 20-апрель күнү баңгитрафигинин жолуна бөгөт коюга  багытталган ыкчам иш-чаралардын натыйжасында баңгизаттарды даярдоо, сактоо, сатуу, өткөрүп берүү менен алектенген жаран кармалган. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 килограммдан ашык гашиш табылып алынды. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 138

Жолдогу “афёра” катуу талкууга түштү

23-апрель 2019, 15:47 Айдар Нуралиев

Буга чейин деле бир топ маалымат булактарында Түркия менен Өзбекстандагы шылуундук үчүн эл аралык издөөдө жүргөн түркиялык ишкер Кыргызстанда Тараз-Талас-Суусамыр жана Ош-Баткен-Исфана жол долбоорлорун тендерден утуп келгени ачык эле айтьшып келген. Бирок, мурдагы бийлик бул аракеттерге салкын мамиле кылып койгон. Жакында Ички иштер министрлигинин иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча буга чейин Кыргызстанда тендерлерди утуп, эки ири жол долбоорун ишке ашырып келген Түркиянын жараны, ...

0 608

Атамбаевдин кыңыр иштери иликтенмей болду

23-апрель 2019, 15:43 Айдар Нуралиев

Өзбекстандык олигарх Салимбай байбача менен майрамдап, аны айга-күнгө теңеп теңселген Оштун байларынын бири Жалил Атамбаевдин салыктарды жашырганы боюнча макаласы “Азаттык» сайтына «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» деген ат менен жарык көргөн. Мына ошондон соң, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштагандыгы белгилүү болду. Аталган макаланын видео тасмасында айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Иликтөө ...

0 720

ВИДЕО - Каныбек Иманалиев: «Атамбаевди сындап койсоң - 30 миллион сом, 40 кишини өлтүрсөң 20 миллион сом»

23-апрель 2019, 15:37 Айдар Нуралиев

Бүгүнкү Жогорку Соттун алдында өткөн митингде, “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев, 6 миллион элдин “аферист” Маевскийге утулуп калуусуна жол берген кыргыз сотторунун ишин сындады. «Кыргызстанда сот киши өлтүргөнгө эң чоң сумма 500 миң сом айып салат. Атамбаевди сындап койсоң- 30 миллион сом төлөшүң керек экен. Демек, 40 кыргызды өлтүрсөң 20 эле миллион сом төлөйсүң. Ушулар сот болууга татыктуубу?», - деп айтты ...

0 85

"Коммерсантъ": Путин менен Ким Чен Ын 25-апрелде Владивостокто жолугушат

23-апрель 2019, 14:45 Айдар Нуралиев

Орусия президенти Владимир Путин менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу 25-апрелде Владивостоктун Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өтөт. Бул тууралуу "Коммерсантъ" өз булактарына таянуу менен билдирди. Жолугушуу өтө турган жерди коопсуздук талаптарына байланыштуу Түндүк Корея тандаган. Буга чейин Кремль Ким Чен Ын менен Путиндин Орусиядагы жолугушуусу апрелдин экинчи жарымына белгиленгенин маалымдаган. Бүгүн Владивостокко Ким Чен Ындын эжеси, Түндүк Кореянын Борбордук ...

0 166

Бекназаров коррупционерлердин атын атоого даяр

23-апрель 2019, 14:42 Айдар Нуралиев

Саясатчы Азимбек Бекназаров 12-апрелде элдик курултай боюнча маалымат жыйын өткөрүүдө. Жыйындын жүрүшүндө Бекназаров мамлекеттин бюджетине зыян келтирген коррупционерлердин баары Жогорку Кеңеште отураарын белгилеп: “Эгерде бийлик коррупционерлердин атын ачык айтпаса, анда биз элдик курултайда кайсы коррупционер кайдан, канча алгандыгын айтып беребиз” – деп билдирди. Муну менен Бекназаров коррупционерлер менен бийликке шарт коюп, соодалашууну көздөп жатканы же чындап күйүп-бышып жатканы курултайда билинет. ...

0 357

Мирлан Айтиев, митингдин катышуучусу: «Атамбаевдин боштондукта жүрүшү мыйзамсыз»

23-апрель 2019, 14:20 Айдар Нуралиев

- Эмне себептен Атамбаевдин камалышын да талап кылып жатасыздар? - Талап кылганыбыздын себеби, Атамбаевдин коррупциялык иштери далилденсе деле боштондукта жүрөт. Анын боштондукта жүрүшүнүн өзү мыйзамсыз. Себеби, эл көрүп турат. Мына Текебаев өзүңөр билгендей, Атамбаевдин катыштыгы бар кылмыш иштерин далилдөөгө белсенгенде камалган. Бул эми саясый буюртма экени белгилүү. Мыйзамды бузгандыгы үчүн камалсын. Ошол убакта бул кишинин аброюна шек келтирген адамдар миллиондогон сомго ...

0 57

Алгачкы жолу Бишкекте МУРАС FEST муундар фестивалы өтөт

23-апрель 2019, 14:08 Айдар Нуралиев

“Үй-бүлө – адамдын баалуу мурасы” Үй-бүлө – ата-энелер, балдар, чоң апа-чоң аталар – бул адамдын табылгыс байлыгы! Улуулар тарбия берүү менен маданият, тажрыйба жана билими менен бөлүшүшөт. Биздин да максатыбыз – өзүбүздүн балдарыбызга алардын жашоо турмушуна керектүү насааттарды жана улуттук баалууктарыбыз менен бөлүшүү. “Азыркы учурда балдар ар кандай гаджеттер менен убакытын өткөрүү менен таза абада, ...

0 113

Депутат Алтынбек Сулайманов: «Жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо иши качан башталат? Ушул маселени такай көтөрөбүз, азыркыга чейин жообу жок»

23-апрель 2019, 13:53 Айдар Нуралиев

Азыр аймактардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эмне маселе чечет? Эч нерсе чечпей калышты. Ошондуктан, аларды жоюш керек, бизге губерниясы жок губернаторлордун эмне кереги бар. Бул тууралуу «Бир Бол» фракциясынын башчысы Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин Конститциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда билдирди. «Жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо иши качан башталат? Ушул маселени такай ...

0 84

Назарбаев президенттикке Токаевдин талапкерлигин көрсөттү

23-апрель 2019, 13:51 Айдар Нуралиев

«Нур Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев партиянын съездинде сенаттын мурдагы спикери, учурда мамлекет башчынын кызматын аркалап жаткан Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин президенттике сунуштады. Нурсултан Назарбаев президенттик ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин башкаруучу партиянын съездди алгачкы жолу өтүп жатат. Назарбаев өткөн айда кызматын тапшырган, бирок «Нур Отандын» лидери бойдон калган. Убактылуу президент Касым-Жомарт Токаев кол койгон жарлыкка ылайык, кезексиз президенттик шайлоо быйыл 9-июнга белгиленген. Казакстанда жана ...

0 95

Президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районундагы Орок орто мектебинин жана Бишкек шаарындагы № 59-мектептин абалы менен таанышты

23-апрель 2019, 13:46 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде Сокулук районундагы Орок орто мектебине, ошондой эле Бишкек шаарындагы № 59-мектепке барды. Бул эки мектепте тең учурда долбоордо каралгандан 3-4 эсе көп окуучулар билим алышат.  Мамлекет башчысы мектептердин имараттарын, класстарды, жаңы окуу корпустарын куруу үчүн бөлүнгөн жерлерди көрүп чыкты, алардын долбоорлору менен таанышты. Ал окутуучулар менен маектешип, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мектептерде окуучулардын саны ...

0 152

Митингге чыккандар Атамбаев, Жолдубаева жана Сегизбаевди камакка алууну талап кылышты

23-апрель 2019, 13:38 Айдар Нуралиев

«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камакка алуу талабы айтылды. Мындай талапты Саясий туткундарды бошотуу комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев келтирди. “Атамбаев ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага таянып алып, отуздан ашык кишини саясий куугунтуктун негизинде камашты. Жыйынтыгы өздөрү Кыргызстанды тоноду, өзү Кыргызстандын ...

0 180

Митингде чогулган эл Атамбаевдин камалышын талап кылышты

23-апрель 2019, 12:59 Айдар Нуралиев

Экс –депутат Садыр Жапаров менен «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары өткөрүп жаткан митингде мурдагы Президент А.Атамбаевдин камалышы да талап кылынууда. Чогулган эл, Атамбаев менен мурдагы Башкыпрокурор Индира Жолдубаева жоопкерчиликке тартылсын деген ураандарды көтөрүп чыгышкан. Булак: NazarNews.kg

0 180

ВИДЕО - Өкмөт уран казууну токтотууга чечим кабыл алды

23-апрель 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Кечээ, 22-апрелде кыргыз өкмөтү, Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айылындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алгандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, митингде сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн мындай чечимине карапайым элдин бирдиктүү демилгесинин тийешеси бар. Булак: NazarNews.kg  

0 208

Уран казууга Адахан да каршы болду

23-апрель 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Коомчулукта Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөп, жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн кол чогулта баштаган. Кечээ жеринде дагы 600дөй адамдын катышуусунда митинг болду. Кыргызстандын ар тарабынан уранды казууга каршы пикирлерин билдирүүнүн этеги тыйыла элек. Ал турсун өлкөнүн саясатчыларынан тартып маданиятчыларына дейре ойлорун айтты. Чек ара маселесинен улам көрүнбөй кеткен ...

0 1986

Митингде чыр чыгып кете жаздады

23-апрель 2019, 12:09 Айдар Нуралиев

Экс –депутат Садыр Жапаров менен «Ата-Мекен» фракциясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапташатары өткөрүп жаткан митингде чагым чыгып кете жаздады.  Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев сүйлөп жаткан учурда, митингдин чок ортосуна чыгып, башаламандык жараткысы келген жигитке карай, К.Иманалиев: «Атамбаевдин кишилери жүрөт. Мына провакация жасоого аракет кылып жатат. Аты Гүлжигит»-деп кыйкырып калды. Митингдин ортосунда бир аз ызы-чуу болуп, ал жигитти чогулган элден ...

0 759

Сооронбай Жээнбековдун 1 ай ичиндеги ийгиликтери

23-апрель 2019, 12:03 Айдар Нуралиев

Сооронбай Жээнбековдун 1 ай ичиндеги ийгиликтери: 1. Орус президенти В.Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагындагы сүйлөшүүдө, Россия Кыргызстандагы 240 ооо ооо доллар карызын кечти. 2. Аталган мамлекеттик иш сапарында Россия Кыргызстанга 30 ооо ооо доллар каражат белек кылды. 3. Эки өлкөнүн президенттери Кыргызстанга келе турчу 5 ооо ооо ооо долларлык 17 ири келишимдерге кол коюшту. 4. Мигранттарга байланыштуу жеңилдиктер каралып, оң натыйжага чечилди. 5. Германияга ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 93

ИИМ: 2019-жылдын биринчи чейрегинде ИИОнун жашы жете электер менен иштөө инспекциянын тескөөчүлөрү тарабынан комплекстүү алдын алуу иштери жүргүзүлдү

23-апрель 2019, 11:18 Айдар Нуралиев

Республиканыничкииштер органдарындагы Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жашы жете электер тарабынан жана аларга карата жасалган укук бузуулар, кылмыштарды ачуу, ошондой эле, кароосуз, көзөмөлсүз калганжашы жете электерди аныктоо боюнча иштер алып барылууда. Ар бир чейрек сайын республиканын аймактарында кызыктар мамлекеттик органдардын, мекемелердин, ошондой эле балдар иштери боюнча комиссиялардын, билим берүү, социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ...

0 92

ИИМ: Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖККК кызмат катары түзүлгөндүгүнө 28 жыл толгондугун белгилешүүдө

23-апрель 2019, 10:46 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында  (БМЖККК) баңги ишмердигине каршы күрөшүү кызматынын түзүлгөндүгүнө 28-жыл толгондугуна арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, түзүмдөрдүн жетекчилери, Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын ардагерлери менен өздүк курамы катышышты. Салтанаттуу иш-чараны ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов ачып, чогулгандарды кесиптик майрамы менен куттуктады.“Бүгүнкү күнү БМЖКККнын алдына коюлган ...

0 610

ВИДЕО - Жогорку сотто Садыр Жапаровдун соту башталды

23-апрель 2019, 10:26 Айдар Нуралиев

Жогорку сотто экс-депутат Садыр Жапаровдун иши карала баштады. Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабадин Токтосунов сотту акыйкат болууга чакырды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Мындан кийин адвокаттар соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келген жок. 23-апрелде Жогорку сотто "Ата Мекен" партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин соту да болот. Соттук отурумдарга байланыштуу "Ата ...

0 116

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери уурдоого аракет жасаган жаранды кармашты

23-апрель 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милициянын кызматкерлери тарабынан кайтарууда турган Бишкек шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан Жогорку окуу жайдын биринин имаратынакирип, мүлкүн уурдоого аракет жасаган жаранды кармашты. 2019-жылдын апрель айынын 14нөн 15не караган күнү кызматка милиция батальонунун милиционери кызмат өтөөгө чыгышкан. 2019-жылдын апрель айынын 14-күнү болжол менен саат 20:15 чамасында милициянын кызматкери тарабынан жогорку окуу жайдын ...

0 136

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанды "медициналык туризм" өлкөсү кылуу максатын койгон Ош шаарындагы кыргыз-түрк эл аралык клиникасына барды

23-апрель 2019, 09:43 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-апрелде Ош шаарындагы кыргыз-түрк эл аралык клиникасын көрүп чыкты. Аталган долбоорду ишке ашырууга эл аралык инвесторлордун каражаттары сарпталган. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы клиниканын имаратын көрүп, жабдуулар менен таанышты.  Клиниканын аткаруучу директору Тууганбай Өмүрзаковдун маалыматына ылайык, Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү боюнча саясатын колдоо максатында «Көз Клиникасы» ААК аймактагы медицинаны өнүктүрүүгө өзүнүн салымын ...

0 808

Украин шайлоосу: мыйзам бузуулар тууралуу кайрылуу түштү

21-апрель 2019, 21:12 Айдар Нуралиев

Украинанын убактысы боюнча саат 15:00гө карата добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча 690 кайрылуу түштү. Анын арасында мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, бюллетенди сүрөткө тартуу же сыртка алып чыгып кетүү, шайлоочуларды коркутуу, сатып алуу аракети сыяктуу мыйзам бузуулар бар. Кайрылуулардын бешөө боюнча гана сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Украинанын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 15:00гө карата шайлоочулардын 45 пайызы добуш берди. Ички иштер министрлиги ...

0 117

Белгилүү сүрөтчү Монир Фарманфарманиан дүйнө салды

21-апрель 2019, 20:59 Айдар Нуралиев

Ирандын белгилүү сүрөтчүсү Монир Фарманфарманиан 97 жаш курагында, өзүнүн Тегерендагы үйүндө дүйнө салды. Бул тууралуу ISNA агенттиги жазды. 2015-жылы Нью-Йоркто Гуггенхайм музейинде анын алгачкы жеке көргөзмөсү өтүп, күзгү жана айнек мозаикадан жасалган сүрөттөрү коюлган. 2017-жылы Тегеренда Фарманфарманиандын жашоосуна жана чыгармачылыгына арналган музей ачылган. «Негарестан» тарыхый гүлбагында жайгашкан «Монир» музейинде сүрөтчүнүн 50дөн ашуун эмгеги коюлган. Монир Фарманфарманиан Ирандын түндүк-батышында, Казвин шаарында туулган. Тегерен университетинин ...

0 275

Шокалад чыгаруудагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири...

21-апрель 2019, 20:57 Айдар Нуралиев

Шокалад чыгарууда Германия биринчи турат 2017-жылы жалпы 4 миллион тонна шокалад өндүрүлгөн Европа Биримдигинде эң көп өндүрүм кылган өлкө Германия болду. Европанын статистика кызматынын көрсөткүчтөрүнө караганда, 2017-жылы Германия 1,3 миллион тонна менен Европа Биримдигинде эң көп шокалад чыгарган өлкө катары биринчи орунду ээледи. Германиядан кийин 18 пайыз менен Италия (700 миң тонна), 9 пайыз менен Франция жана Нидерландия (400 миң тонна), 7 ...

0 204

Түштүк Кореянын президенти Казакстанга келди

21-апрель 2019, 20:00 Айдар Нуралиев

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин мамлекеттик сапары менен Казакстанга келди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты. Түштүк Корея лидерин Нур-Султан аэропортунан казак тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов баш болгон делегация тосуп алды. Маалыматка караганда, ал сапардын алкагында Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарабев, мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушат. Ошондой эле Мун ...

0 352

Ооруканада каза болгон адамды тайыз жерге көмүшкөн

21-апрель 2019, 19:33 Айдар Нуралиев

Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы психиатриялык ооруканада каза болгон адамды тайыз жерге көөмп коюшкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, адамдын сөөгү мынчалык тайыз жерге көмүлбөшү керек. «Ушул жылдын 18-апрель күнү түштөн кийин ооруканада каза болгон кишини 60 сантиметр казылган жерге көөмп жатышыптыр. Биздин айылдыктар аны видеого тартып алышкан экен. Биз бул нерсеге кыжалатпыз. Себеби, бизде чөө жана жолбун иттер көп. Алар тайыз жерге көмүлгөн сөөктү ...

0 162

Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш тагынды 

21-апрель 2019, 19:13 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык балбан Малика Боотаева жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине спортчу өзү кабарлады. Дүйнө чемпионатында Боотаева 62 килограмм салмакта күч сынашып, натыйжада экинчи орунга татыган. Алтын медалды украиналык спортчу алса, коло байгени колумбиялык балбан алды. Анын айтымында, мелдеш  20-апрелде, Абу-Даби шаарында башталды, эми 27-апрелде жыйынталмакчы.  34 жаштагы Малика Боотаева былтыр дагы дүйнө биринчилигинен күмүш ...

0 270

Жаңылыш партияга жаңылыш добуш бергени үчүн бармагын кесип салды

21-апрель 2019, 18:38 Айдар Нуралиев

«Пилге добуш бермекмин бирок жаңылыштык менен гүлгө добуш бердим»,- деген Кумар бушаймандык менен чыкпай турган сыяга малынган сөөмөйүн кести. Индияда жаңылыш партияга добуш берген киши сөөмөйүн кести. БиБиСинин кабарына караганда Индиядагы парламенттик шайлоонун негизинде түндүктөгү Уттар Прадеш аймагында Паван Кумар аттуу шайлоочу добушун бергенден кийин жаңылыштык менен бийликтеги Бхаратия Жаната партиясына добуш бергендигин байкады. Кумар социалдык медиада жарыяланган видеодо жергиликтүү бир партияга ...

0 475

Уран иштетүүгө каршы акция

21-апрель 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

Бишкек шаарында 15 чакты киши Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы акцияга чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» жарандык активист, акциянын катышуучусу Аманбол Бабакулов билдирди: - Балыкчы шаарынан келген жарандык активисттер «уран кенин иштетүүгө эл уруксат берген эмес» деп айтып жатышат. Алар кенди иштетүүгө каршы. «Эл уруксат бергени тууралуу маалыматтар калп» деп айтышты. Бабакуловдун айтымында, май айында уран кенине каршы масштабдуу ...

21-апрель 2019, 18:05 | 475
0 3772

Украин шайлоосу: Порошенко менен Зеленскийге добуш берүүлөрдүн саны

21-апрель 2019, 16:44 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 21-апрелде Укринада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Талапкер жана азыркы президент Петро Порошенко добуш берүүгө жубайы жана уулу менен келди. «Бизде элдин эркин тандоосу бар жана демократиялык салт корголгон – дал ушул нерсе Украинанын европалык мамлекет экенин мүнөздөйт. Беш жыл аралыгында биз өз өлкөбүздү европалык үй-бүлөгө кошуу багытында абдан чоң прогресс жасадык», - деди Порошенко. Ал эми экинчи талапкер Владимир Зеленский ...

0 547

"Колуңду берчи"

21-апрель 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

АҢГЕМЕ Түн бир оокум. Асман бетинде жаркырап турган сансыз жылдыздарды каардуу булут каптап, бир да жылдызга жаркыроого мүмкүндүк бербей кыйнайт. Бул учур караңгыны жазданып, үмүт шооласы кире албаган, буга чейин бейтааныш бөлмөдө бала жалгыз жатты. Апасынын ысык алакандарын тынбай издеп, күнөөсүз наристе ширин уйкуда кыйналып, издегенин таба албай кайгылуу жатаар эле. Энесинин мээримге толгон жылуу алакандарына зар, кайра-кайра төшөктөн колун бери созуп, ...

21-апрель 2019, 16:37 | 547
0 1461

Жээнбеков Казакстан менен Өзбекстандын президенттерине көңүл айтты

21-апрель 2019, 16:28 Айдар Нуралиев

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 11 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаевге жана Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. «Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакайып кетүүнү каалайм», - деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында. 20-апрелде ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 183

Фоторепортаж – “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” ачылыш аземи

21-апрель 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, “Ош – түрк дүйнөсүн маданий Борбору” ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу аземдин алдында уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов Президент Сооронбай Жээнбековго Ч.Айтматов атындагы ТҮРКСОЙдун ардактуу төш белгисин анын түрк дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн тапшырды. Мындай төш белги буга чейин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана анын бир тууганы Роза Айтматовага тапшырылган. Кыргызстанда бул төш белги мамлекеттик ...

0 369

“Дарак ыры” баш байгени алды

20-апрель 2019, 20:46 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы Орусиянын Самара шаарында өткөн “Балдарга - кино” аттуу эл аралык фестивалда баш байгени утту. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду жазды. Анда Орусия, Түштүк Корея, Эстония, АКШ, Бангладеш, Норвегия, Германия, Финляндия жана Иран кинорежиссерлору тарткан 16 тасма көрсөтүлгөн. «Дарак ыры» мюзиклинин бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Чыгарма буга чейин АКШда, Орусияда, Иранда көрсөтүлгөнү жатат. Быйыл 25-апрелден тартып ...

20-апрель 2019, 20:46 | 369
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83