www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдар Нуралиев

NazarNews порталында журналист.

Автордун жаңылыктары (5410)

0 395

Дамир Мусакеев: 20 млн. сомдук байлык эмес, менчик үйүм да жок кызматтык батирдемин

09-май 2019, 12:04 Айдар Нуралиев

Кечээ, 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ага өлкөдөн чыкпоо шарты коюлган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9- башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин 20 млн.сомдук байлыгы жок экенин Башкыпрокуратура ырастады. Маалыматка ылайык, ал ата-энеси айылда бай болбосо да жакшы чарбасы бар экенин, үй-бүлөдөгү төрт бала бардыгы иштерин ...

0 173

"Өлбөс полк" жүрүшүн баштады

09-май 2019, 09:58 Айдар Нуралиев

Жүрүштүн катышуучулары Масалиев менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 09:00дө чогулушту. Ал эми саат 10:00дө Абдрахманов көчөсү, андан ары Фрунзе менен басып, "Жеңиш" аянтына барышат. Жүрүшкө чыккандар колдоруна согушка катышкан, тылда эмгектенген аталарынын, чоң аталарынын плакаттарын көтөрүп алышкан. Чогулгандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып, милиция кызматкерлери көз салып турат.    

0 394

Түркиянын жаңы согуштук куралы - энергиялык башкарылуучу Алка

09-май 2019, 09:51 Айдар Нуралиев

Алка-башкарылуучу энергия курал системасы алгач ирет Стамбулдагы 14-Эл аралык Коргонуу өнөр жайынын жарманкесинде (IDEF'19) таанытылды. Бул тууралуу TRT сайты жазып чыкты. Түркия, акыркы мезгилдеги террордук кол салууларында көп колдонулган жарылуучу зат жүктөлгөн учкучсуз учуучу аппараттарды жана колго жасалган жарылуучу заттарды зыянсыздаштыруу үчүн дүйнөдө болушунча жаңылануусу болгон башкарылуучу энергия курал системасы Алканы өнүктүрүп чыгарды. Түркиянын ракета чыгаруу жаатында лидер фирмасы ROKETSAN, Алка башкарылуучу энергия курал системасын ...

0 315

Дымактуулар зам эмес, "сам" болгусу келишет

09-май 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Майлуу кызматта жүргөндөрдүн амбициясы аттын башындай болору белгилүү. Жаралган кырдаалдан улам кызматтан чегингендер улам кыбырай башташты. Алмаз Акматалиев, Абдыганы Эркебаев, Мавлян Аскарбеков, Өмүрбек Суваналиевдерге  азыркы бийлик парпыратып жарыгын чачты акыры. Анткени булар бир ишке жарап берери күмөндүк жаратпайт. Карыса деле бир улакты же козуну жара тартууга жарап коюшат, чынбы?  Демек,  кыйладан бери ак үйдү көз талыгыча карагандарга четинен кызмат бериле баштады. ...

0 165

Сооронбай Жээнбеков Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

09-май 2019, 08:11 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Россия Федерациясынын Кыргыз Републикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Мамлекет башчысы 40тан ашуун адам курман болгон Шереметьево аэропортундагы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. «Биз Россиянын эли менен бирге кайгырып жатабыз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. «Биз сиз менен улуу майрамдын — Улуу Ата Мекендик согуштун 74 жылдыгынын алдында жолугушуп жатабыз. Биздин аталарыбыз жана чоң ...

0 2617

Аслан Сартбаев: "Ташкул Керексизов менен Райым Матраимовдун окшоштугуна баа бердим..."

09-май 2019, 10:41 Айдар Нуралиев

Менин баамымда, соңку күндөрү Райым Матраимовго психологиялык басым жасоого далалаттанган саясый күчтөрдүн чабуулу уланууда. Бирок, мындай аракеттер суу кечпейт. Тек гана коомду жасалма түрдө дүрбөтүү катары сыпаттадым. Мунун өзү кайсы бир деңгээлдеги сыноо. Ар түрдүү партиялар, топтор жана фейктер тарабынан жамандоолор элдин пикирин билдирбейт. Кара пиарларды Райым мырза көңүлүнө деле албаса керек.  1-майда Кара-Сууда өткөн спорттук иш-чарага Кыргызстанга төбөсү көрүнгөн жоон ...

0 465

Президенттин кеңешчиси УКМКда сурак берүүдөбү?

08-май 2019, 17:08 Айдар Нуралиев

“Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев беш сааттан бери УКМКда суракта отурат, ал адвокат керек экенин айтууда”- деген билдирүү ММКларда тараган. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Дастан Догоевдин кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Эске салсак, Биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкүлдөрү өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз ...

0 289

Дамир Мусакеевдин байлыгынын орточо баасы 20 млн. сомду чапчыган

08-май 2019, 16:30 Айдар Нуралиев

УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. Башкыпрокуратура Мамлекеттик Каттоо кызматынын маалыматына таянып, келтирилген мүлктөр 2010-2017-жылдар аралыгында атасына, апасына, эки ата өтүшкөн байкесине катталган мүлктөрдүн базар баасы көз карандысыз эксперттердин маалыматында 20 млн. сомдон ашкандыгын жазган. Д.Мусакеевге мыйзамсыз байлык топтоо беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Булак:NazarNews.kg

0 1190

Атамбаевдин жан сакчысы Мусакеевге кылмыш иши козголду

08-май 2019, 16:05 Айдар Нуралиев

УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. “ММКларда УКМКнын 9-кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин мүлктөрү туурасындагы макалалар коомдук талкууну жаратты. Анда кыймылсыз мүлктөрдүн так дареги жана аталыштары келтирилген Макаланын авторлорунун айтымында аталган мүлктөр УКМКнын 9-башкармалыктын орун басары жана башчысы болгон маалда менчиктештирилген. Бирок, ал мүлктөр Мусакеевдин туугандарына катталган”, - деп билдирди Башкыпрокуратура.

0 483

Көзү ачыкпыз деп алдаган аялдар кемпирди тоноп кетти

08-май 2019, 15:43 Айдар Нуралиев

Кемин райондук Ички иштер бөлүмү тарабынан алдамчылык фактысы боюнча аялдар кармалды Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет. 2019-жылы 20-мартта Кемин райондук ИИБна 79 жаштагы тургун М.А. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, эки белгисиз аял ишенимге кирип, дубаны жандырып  төлгө салып беребиз деп үйүнө кирип тоноп кетишкен. Алар үйдөн 42 миң сом жана 150 евро урдап из ...

0 832

ВИДЕО - Жаш жубайларды чийки эт менен урган чоң апа

08-май 2019, 15:04 Айдар Нуралиев

Инстаграмда казакстандык жаш жубайлардын үстүнө чийки эт менен ургулаган апалардын тасмасы бир топ талкуу жаратууда. Жеке баракчага чыгарылган роликте белин жоолук менен бириктирип таңдырган эки жаштын үстүнө ак кездемени жаап койгонун көрөбүз. Алардын маңдайына жыйылган кемпир-кесектер кездемени чийки эт менен ургулап ырымдап, артына ыргытып коёт. Муну көргөн казактар,“бизде ушундай салт бар беле ой-бай? ...

0 199

Казакстан Башкы прокуратурасы митингге чыккандар жазаланарын эскертти

08-май 2019, 14:40 Айдар Нуралиев

Казакстан Башкы прокуратурасы жарандарды мыйзамсыз митингдерге чыкпоого чакырып, катышкандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти. Көзөмөл органдын билдирүүсү өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы 9-майда Алматы жана Нур-Султан баш болгон ири шаардарда таза шайлоого үндөгөн митинг өткөрүү планын жарыялагандан кийин чыкты. Башкы прокуратура мыйзамсыз акцияларга катышкандар жоопкерчиликке тартыларын буга чейин да эскерткенин, ага кулак төшөбөгөндөр административдик жазага тартылганын белгилеген. Казакстандын Ички иштер министрлиги 1-майда өткөн ...

0 2634

 Видео - Макрегор казакстандык балакайды миллиарддаган долларга баалады

08-май 2019, 14:14 Айдар Нуралиев

Жеңил салмактуулар арасында UFC тин мурдагы чемпиону атактуу спортчу Конор Макрегор  Instagram-дағы баракчасына, анын белгилүү басыгын туураган казакстандык балакайдын видеосун жайгаштырып пикир калтырды. Ирландиялык спортчу Макрегор, кичкинтай  таэквондочунун тотамини айланып, Конорду туураган басыгы тартылган тасманын алдына: “Ой, азамат! Могу бала миллиарддаган доллар турат”, - деп жазды. Аталган роликти 24 саатта 6 млн. адам көргөн. Булак:NazarNews.kg

0 234

Сириялык балдар Крымга “Артекке” эс алганы келди

08-май 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Сириялык офицерлердин балдарынын тобу жана ал жактагы Орусиялык аскер адамдарынын балдары Москва рейсы боюнча Симфереполь аэропортуна келип конуп, балдарды эларалык балдар “Артек” борборуна алып кетишкен. Бул тууралуу РИА новости жазып чыкты. Мындай иш-чара “Согуштук бир туугандык” ветерандар уюмунун демилгеси менне уюшулган. “Артекке” эс алганы келген балдар - Сирия армиясында каза болуп калышкандардын балдары. Булак:NazarNews.kg

0 368

9-майда Президентти тартууга тыюу салынды

08-май 2019, 13:18 Айдар Нуралиев

Президенттин алдындагы маалыматтык саясат бөлүмү 9-майда аянтта өтүүчү жүрүштө Сооронбай Жээнбековду тартууга тыюу салды. Белгилей кетсек,  буга чейин Бишкек шаардык басма сөз кызматы президент катышкан иш чараларда дронду колдонуп жана камерага , сүрөткө тартууга тыюу салган маалымат тараткан. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын айтымында, президентти тартууга жеке сүрөтчүсүнө жана операторуна уруксат. Эртеңки иш-чараны Коомдук телеканал түз ободо чагылдырат, каалоочулар ...

0 2106

Кытайлык “Гонконг” клиникасы  кыргызстандыктардын акчасын  алдоодобу?

08-май 2019, 12:33 Айдар Нуралиев

Кыргызстандык аял Бишкектеги кытайлык “Гонконг” медициналык клиникасына карата даттанды. Анын айтымында, ”Гонконг” клиникасы аялдан 48 миң сом алып, оорусуна теледен жарнамалаган жыйынтык чыгарып бере алган эмес. Бул тууралуу ММКларга Гулина Питер билдирген. “75 жаштагы, 9 баланын энеси апам Батма, эки жума мурун дарыланып баштаган. Апамдын муундары ооручу. 6 ай сайын ооруканага көрсөтүп турабыз. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 165

Эми иттерге паспорт берилеби?

08-май 2019, 11:48 Айдар Нуралиев

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланып, анда маалымат берген Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов, соңку эки жылда көрүлгөн аракеттерден улам Кыргызстанда эхинококкоз менен ооругандардын саны 279 адамга кыскарган. Анын айтымында, жаныбардан адамга жугуучу илдеттерди алдын алуу үчүн биринчи кезекте иттер көзөмөлдө болушу керек. “Бул долбоор боюнча иттерге каргы алуудабыз. Биркасын илип ...

0 383

Парламент Атамбаев өңдүү салыктан качкандарга тиши өтөбү же журналисттик иликтөөгө мээси жетеби?

08-май 2019, 11:34 Айдар Нуралиев

Бүгүн ЖКнын кезектеги отурумунда вице – спикер Аида Касмалиева Жалил Атамбаевге байланышкан териштирүү аягына чыгышы керек экендигин айтты.  ЖК депутаты, Ж.Атамбаевдин өз ар-намысын 50 млн. сомго баалаган арызын кайтарып алуусу менен эле бул ишке чекит коюлбагандыгын билдирди. “Ишкердин доо арызы - коррупция менен күрөштө жеңиш эмес. Журналисттин иликтөөсүндөгү ишкер мамлекеттен канча салыгын жашырып ...

0 167

Түркия менен Кыргызстандын ортосунда адам сатууга каршы механизмдер иштелип чыкты

08-май 2019, 11:00 Айдар Нуралиев

Кыргыз жана Түрк делегациясы адам сатууга атайын механизмдерди иштеп чыкты. Бул тууралуу Башкыпрокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дарданов башында турган иштиктүү топ  Анкарага иш сапар менен барып келишти. Тараптар алдыдагы эки тараптуу  кызматташуу жана мекеме аралык кызматташтыкты бекемдеп, адам сатуу, мыйзамсыз миграция, терроризм жана  диний экстремизм, баңги заттарын аткезчилик жол ...

0 201

АКШда эки окуучу классташтарына карай ок атты

08-май 2019, 10:51 Айдар Нуралиев

АКШнын Колорадо штатында Хайлендс-Ранч конушундагы мектепте атышуудан 1 адам каза болду, жетөө жарат алды. Рейтер сайтынын маалыматына ылайык, мектепте эки окуучу курал алып келип, классташтарын аткан. Аларга эмне себеп болгону белгисиз. Окуяга күбө болгон жабыркагандардын биринин атасы аткан бир бала класстын ичинде болгон, экинчиси эшиктен кирип келип  эле ата баштаганын айтты. Окуучу пистолетти ...

0 256

 “Көк бөрү” командаларынын оюнчулары мушташты

08-май 2019, 11:31 Айдар Нуралиев

7-майда Жеңиш күнүнө карата Көкбөрү федерациясы уюштурган көкбөрү оюнунун республикалык турнирде  улакчылар арасында уруш чыкты. “Достук” командасынын оюнчусу Манас Ниязов менен “Сары-Өзөндүн” улакчысы Нурбек Юсупов мушташа кеткен. Экөө аттын үстүнөн жөөлөшүп, кийин жерге түшүп мушташа кеткен. Урушка башка оюнчулар да ат үстүнөн аралашып, бири-бирин жөөлөшүп, кийин эки улакчыны ажыратып калышты. Оштун «Достук» командасы ...

0 594

Батукаев үчүн АША жоопко тартылабы...

08-май 2019, 10:09 Айдар Нуралиев

Батукаевди «өлөт» деген врачтар Атамбаевдин дагы бир кыңыр ишин ачыкка чыгарабы?Бул тууралуу "Чалкан" сайты жазып чыкты. 2013-жылы апрель айында абакта жаткан жеринен кримтөбөл Азиз Батукаевдин бир эле күндө соттун чечими менен чыгарылып, ошол эле күнү Бишкекке коштоо менен келип, «Манас» аэропортунан кызыл килем менен басып барып жеке учак менен учуп кеткени убагында кызуу талкууланган. Тоок уурдагандар жылдап темир тор артынан чыга албай ...

0 201

Эрдоган, Рамазан айынын Түркия, Ислам дүйнөсү жана бүткүл адамзат үчүн пайдалуу болушун тиледи

08-май 2019, 09:14 Айдар Нуралиев

Режеп Таййип Эрдоган, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу ТRT басылмасы жазып чыкты. Сөзүндө Рамазан айынын жардамдашуу айы болгонуна басым жасаган Эрдоган: «Тынчтык дини болгон Исламдын ар түрдүү жамандыкка, ар түрдүү зулумдукка кескин түрдө тыюу салган, жакшылыкты, көмөктөшүүнү, кам көрүүнү, жардамдашууну шыктандырган рамазан айын туура пайдалана алсак кандай бактылуу болобуз»,-деди. Эрдоган, ушул ...

0 277

 Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор  ишке ашырылууда

08-май 2019, 11:58 Айдар Нуралиев

Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу "Назарньюс" сайтына ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырыла баштады. Аталган долбоордун стратегиясы менен кадамдык планы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын түзүмүн реформалоо боюнча жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан.  Түзүмдү кайрадан түзүүнүн ...

0 251

Президент театрлардын абалын көрүп чыкты

07-май 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 7-майда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына жана Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына барды.Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдирди. Кыргыз драма театры акыркы жолу тогуз жыл мурда оңдолгону, азыр оңдоп-түзөөгө жана материалдык-техникалык базаны жаңылоого 76 млн. сомдон ашуун каражат керек экени, жылына театр өзү тапкан каражатка алты спектакль тартуулап жатканы айтылды. Орус ...

0 881

Равшан Жээнбеков Атамбаевдин акчасына жалданган “көмүскө топ” менен эмнени пландап жатат?

07-май 2019, 16:32 Айдар Нуралиев

Атамбаевди токтоосуз камаш керек, акыркы 6 жылда Кыргызстанда кандай жаман иштер болгон болсо анын баарына Атамбаев күнөөлүү деп бакылдап жүргөн Равшан Жээнбеков Аатамбаевдин акчасына заматта сатылып, анын кулуна айланды. “Пулуң болсо кулуңмун” деген принципти бекем кармаган Равшан Бабырбекович “кароосуз” калган экс-президентти болушунча “саап” жатканын жакындан билгендер кабарлоодо. Ал Атамбаевга маалыматтык жактан да колдоо көрсөтүп, учурдагы бийликти каралоо үчүн атайын топ ...

0 127

Рейтердин 2 журналистти камактан бошотулду

07-май 2019, 16:24 Айдар Нуралиев

7-майда, Мамлекеттик сырды ачты деген кине менен Мьянмада 7 жылга эркинен ажыраган Рейтер маалымат агенттигинин эки журналистти бошотулду Кабарчылар 500 күн абакта жаткандан кийин Янгондо эркиндикке чыкты. Кабарчылар, 33 жаштагы Ва Лоун жана 29 жаштагы Киав Со Оо Ракхайн штатындагы айылда ондогон мусульман-рохинджи лердин өлүмүн журналисттик иликтөө жүргүзгөн убакта , 2017-жылдын декабрында камакка ...

0 170

Жалил Атамбаев "Азаттыктын" кабарчысына карата жазган арызын кайтарып алды

07-май 2019, 16:11 Айдар Нуралиев

Милициянын отставкадагы полковниги, ишкер Жалил Атамбаев "Азаттыктын" кабарчысы Ыдырыс Исаковко карата жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу Slon.kg агенттигине Атамбаевдин жактоочусу Шумкар Абжапаров билдирди. Жактоочунун айтымында, арызды катарып алуу чечимин даттануучу тарап өздөрү чечкен. “Орозонун ыйык күнүндө урушуп-талашпайлы, элге үлгү бололу деп арызды кайтарып алуу чечимин кабыл алдык. Биз Ыдырыс Исаковду кечирдик”, - деди ал. Ал эми журналист Ыдырыс Исаков ишкер Жалил Атамбаевдин арызын кайтарып алганы ...

0 681

Зилалиев камакта жатып уран боюнча “бомбасын” жардырган жатат

07-май 2019, 15:11 Айдар Нуралиев

Камакта жаткан мурунку вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев, уран казуу иши боюнча Жогорку Кеңеш менен кызматташууга даяр экендигин билдирген катын жарыялады. Ал жарыялаган катында, абакта жатсам уран боюнча күнөөнүн баарын эле мага оодарып жатышат деген таризде жазган. “Мен Мамлекеттик энергетика жана өнөр-жай комитетинен (ГКПЭН) кеткениме 2 жыл болду. Кээ бир жетекчилер өз кылгандарын мага оодарып жатышат. Уран боюнча түзүлгөн ...

0 474

Раатбек Санатбаев тирүү болгондо бүгүн 50 жашка толмок

07-май 2019, 14:28 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 7-майда атактуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбаны аталган,  дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге уткан Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 50 жашка чыкмак. Атактуу балбанды жакындан жакшы билген спорт журналисти  Кабыл Макешов ал тууралуу эскерет. Каман алптын урпагы Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев 1969-жылы ...

0 208

ИИМде ички иштер министринин орун басары менен Кытай Эл Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жана ыйгарымдуу элчиси жолугушту

07-май 2019, 15:07 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 7-май күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин имаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов менен Кытай Эл Республикасынын өзгөчө кырдаалдар жана ыйгарымдуу элчиси, Ду Девень айымдын жолугушуусу болду. Жолугушууга Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлү Цай Чжисюн дагы катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укук коргоо органдары тармагында, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо ...

0 180

Өз жанын кыймакчы болгон кыз куткарылды

07-май 2019, 14:01 Айдар Нуралиев

7-май күнү 112 кызматына «Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан бир кыз секирүүгө аракет кылып жатат» деген маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар үйдүн 5-кабатынан 4-кабатына түшүп, кыздын өмүрүн сактап калышты. Кыз «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилди. Кыздын өмүрүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 кызматкери сактап калды. Кыздын мындай кадамга барышынын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 272

Журналист Ыдырыс Исаковго Акыйкатчы кол сунду

07-май 2019, 13:13 Айдар Нуралиев

КРннын Акыйкатчысы Токон Мамытов “Азаттык” радиосунун кызматкери Ыдырыс Исаковдун иши боюнча юридикалык жардам берээрин билдирди. Соттук отурумга Акыйкатчы мониторинг жүргүзөт. Сот Ош шаардык сотунда болуп калса, мониторинг жүргүзүүнү Акыйкатчы аппаратынын Ош облусундагы өкүлчүлүктүн кызматкерлери жасашат.  Ыдырыс Исаковдун иши “Азаттык” радиосунун Бишкек шаарында жайгашкан кеңсесинин дареги боюнча (жоопкер расмий түрдө Бишкек шаарында иштейт, Ошко иш боюнча жөнөтүлгөн болчу) карала турган болсо, анда соттук ...

0 460

ВИДЕО - Суталиновдун атасы ыйлап кайрылды

07-май 2019, 13:16 Айдар Нуралиев

Мурат Суталинов - 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкандардын соту боюнча айыпталып абакта 10 жылдык өмүрүн өткөрдү. Бүгүн, 7-майда, Бишкек шаардык сотунун сот залынан бошотулган Мурат Суталиновдун атасы Абдыбек Суталинов чогулгандарга кайрылып, кубанычтан  көзүнө жаш алып, колдоосу үчүн эли-журтка, соттун алдына келгендерге  ыраазычылык билдирди. "Баарыңарга рахмат. Колдогонуңарга рахмат. Баарыңарда жакшылык болсун, эч кандай кырсык болбосун. Силерди кудай сактасын", — деди ал.

0 222

УКМК: Издөөдө жүргөн ЭТУ согушкери кармалды

07-май 2019, 12:34 Айдар Нуралиев

2019-жылдын май айынын башында КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) катарына рекурттарды жөнөтүү каналдарына бөгөт коюуу жана аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында,чет элдик өнөктөш кызматтар менен биргеликте террористтик иштерге катыштыгы бар үчүңшектелип, издөөдө жүргөн КР жараны А.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, А.Н. сирия-ирак куралдуу согуш аймагында диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, эл аралык террористтик ...

0 159

Эрдоган, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг менен жолукту

07-май 2019, 12:30 Айдар Нуралиев

Түндүк Атлантика Кеңешинин жыйналышы үчүн Анкарага келген Столтенберг, Чанкая сарайында президент Эрдоган тарабынан кабыл алынды. Жабык эшик артындагы жолугушуу 1 саатка созулду. Кабыл алууга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын НАТО Па Түрк делегациясынын төрагасы Оман Ашкын Бак менен Президенттик аппараттын байланыш башчысы, проф.др.Фахреттин Алтун да орун алды. Булак:NazarNews.kg

0 232

Экономика минитстри Олег Панкратов мынча не көбөт?

07-май 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынында депутат  Алмазбек Токторов Экомика министри Олег Панкратовдун ишин сындап, министрликти тамеки өндүрүүчүлөрдүн товарын өлкөгө киргизүүгө жол ачканын айыптады. “Панкратов кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз. Чет жакка чыкса, бизнесс-класс менен гана учат.  Командировкалап эле жүрөт. Чет жакта экинчи паспортун колдонот. Муну да көтөрүп чыгабыз”,- деп  айтты депутат.

0 556

Мурат Суталинов өкүнүчүн айтты

07-май 2019, 12:16 Айдар Нуралиев

Бүгүн сот залында эркиндикке чыккан Мурат Суталиновдун бошотулушу, анын жакындарынан тышкары жарандык коомду да кубандырууда. Суталинов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандан эч жакка чыкпаарын айтты. Ал дарылануусун Бишкекте эле улантат. “Эмнеге өкүнөсүз?” – деген суроого “дарыгерлик кесибин тандабаганына өкүнөм”- деп жооп берди Суталинов. Ал бүгүн соттон бошооруна ишенген эмес, күтүүсүз ...

0 349

ВИДЕО- Эркиндикке чыккан генерал Мурат Суталинов элден кечирим сурады

07-май 2019, 11:34 Айдар Нуралиев

Бүгүн  сот залында эркиндикке чыккан Мурат Суталиновдун бошотулушу, анын жакындарынан тышкары жарандык коомду да кубандырууда. Суталинов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 2010-жылы апрель окуясында трагедияны токтото албаганы үчүн элден кечирим сурады. "Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим ...

0 336

ВИДЕО - Суталинов эркиндикке чыкты

07-май 2019, 11:19 Айдар Нуралиев

Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотту. Соттук отурумга алынып келинген М. Суталиновду залда отурган тарапташтары шатыраган кол чабуунун коштоосунда тосуп алып, боштондук деп жар салышты. Ал эми Суталиновдун жактоочусу: “Темир тор артында “мыйзамдагы ууру” эмес генерал отурат”,- деп сөзүн баштады. Ошондой эле жактоочу коргоо докладын ыйлап ...

0 282

Роналдунун апасы сыймыктанган билдирүү таратты

07-май 2019, 10:55 Айдар Нуралиев

Португалиянын курама командасынын жана италиялык  “Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналдунун 64 жаштагы апасы Долореш Авейру уулунун жарата элек ийгилктерине сыймыктанып, Твиттерге билдирүү калтырды. Апасы, Ювентус Роналду келгиче 20 жыл эч кандай ийгиликке жете алган эмес, Роналду келиши менен команда кризистен чыгып, кайрадан чемпион аталгандыгын жазган. Менин уулум, менин сыймыгым – деп сыймыктанарын билдирди. Белгилей ...

0 361

Айдоочулук күбөлүк берүү мекемесинин мурдагы башчысы  соттолду

07-май 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду. Буга Алмаматовдун жактоочусу макул эмес. Шаардык сотко Октябрь райондук соту чыгарган өкүмдүн үстүнөн адвокат  апелляциялык арызынын негизинде шаардык сот 14-майда карайт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук ...

0 2259

ВИДЕО - Соода маркетиндеги мушташты кытайлык спортчулар чыгардыбы?

07-май 2019, 09:53 Айдар Нуралиев

Цзянсу кытай провинциясында массалык мушташ болду. Таэквондисттер спорттук костюмду жарнамалоо максатында соода маркетинда согуштук ыкмаларды көрсөтүп жаткан. Спортчуларынын машыгуу залынын кызматкерлери менен болгон урушунун себеби белгисиз. Кээ бир маалыматтарга караганда, башка машыгуучулар тынч болбой жаткан таэквондисттердин үстүнөн арызданышкан. Ал эми, күбөлөр тасмада сулап жаткан спортчулардын куулугу деп аташты. Алар соттон жеңилдик алуу максатында, элдер телефонго тарта ...

0 212

Сирияда террордук уюм ДЕАШ менен көкүрөгүн тосуп согушкан жалгыз НАТО өлкөсү Түркия

07-май 2019, 09:26 Айдар Нуралиев

Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарада НАТО Консейи жана НАТОнун Жер Ортолук Деңиз диалогунун өнөктөштөрүнүн жыйналышында сөз сүйлөдү. Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда террордук уюм ДЕАШ менен көкүрөгүн тосуп согушкан жана бул террор уюмун жеңилүүгө учураткан жалгыз НАТО өлкөсү Түркия экенин айтты. Президент Режеп Таййип Эрдоган, борбор шаар Анкарада НАТО Консейи жана НАТОнун Жер Ортолук Деңиз диалогунун өнөктөштөрүнүн жыйналышында сөз сүйлөдү. Сөзүндө ...

0 189

Бүгүн Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасы сотто каралат

07-май 2019, 09:21 Айдар Нуралиев

Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык сотунда 2010-жылы апрель окуясына байланыштуу күнөөлөнүп 20 жылга соттолгон,  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы  Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотуу маселесин карайт. Бул тууралуу “Назарньюс” сайтына генералдын  жубайы Гулнара Суталинова билдирди. Анын айтымында, С.Суталинов азыр дарыланууда эмес, колонияда, эгер ЖАМКдан алып келишсе, ал сотко катышат. Мурат Суталионовдун ...

0 253

Шаршембиевдин кармалышы “атайын шоубу”?

07-май 2019, 08:45 Айдар Нуралиев

«Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев кармалды» деген маалымат - «атайын таратылган калп», деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы. Маалыматка ылайык, аталган комитет муну 2019-2023-жылдарга карата жарыялаган «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жаманатты кылуу аракети жүрүп жаткандагы менен байланыштырды. Эске салсак, өткөн жумада, айрым ММКлар Шаршембиев пара менен кармалып, бирок кайра бошотулганын жазып ...

0 224

Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян кайрымдуулук фондунун директорун кабыл алды

07-май 2019, 08:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун Башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Америни кабыл алды. Жолугушууда аталган Фонддун Кыргыз Республикасындагы ишмердиги, элет жерин таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын өнүктүрүү, жаңы ооруканаларды куруу жана оңдоп түзөө, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери ...

0 176

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда уран казылбайт

07-май 2019, 08:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын конституциялык укугун коргоо,  мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышы тууралуу сөз болуп, Мамлекет башчысы кызуу талкууланып жаткан уран казуу маселеси боюнча пикирин билдирди. «Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 466

Президент Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян кайрымдуулук фондунун директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Америни кабыл алды

06-май 2019, 19:08 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян атындагы кайрымдуулук жана гуманитардык фондунун Башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Америни кабыл алды. Жолугушууда аталган Фонддун Кыргыз Республикасындагы ишмердиги, элет жерин таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын өнүктүрүү, жаңы ооруканаларды куруу жана оңдоп түзөө, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери ...

0 215

Казакстан кыргызстандык сайттын иштешине бөгөт койду

06-май 2019, 17:50 Айдар Нуралиев

Казакстанда эки күндөн бери кыргызстандык Kaktus.media сайты ачылбай жатат. Сайттын жетекчилиги муну атайын бөгөт коюу деп эсептейт. Алар муну Алматыда өткөн нааразычылык акцияларды чагылдыруу менен байланыштырышууда. Ал эми, Казакстандын Маалымат жана коммуникация министрлигинин сайтындагы маалыматта, Kaktus.media тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизилген эмес. Булак:NazarNews.kg

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83