www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 203

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарындагы жаңы Калкты тейлөө борборуна барды

20-июль 2019, 10:21 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков , 19-июлда Ош шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору — 2ге  барды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) төрагасы Алмаз Мамбетов  Калкты тейлөө борбору Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ачылып жатканы жөнүндө Мамлекет башчысына маалымат берди. Анын иши жаңы форматта жүргүзүлөт, бул жерде паспорт берүү кызматы жана жарандык актыларды каттоо боюнча ...

0 157

Токтогул ГЭСин реаблитациялоого инвестициялык насыя берүү жөнүндөгү кошумча макулдашуу ратификацияланды

20-июль 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019 жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган,             2015-жылдын 31-июлундагы „Токтогул ГЭСин реабилитациялоо.           2-фаза“ долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

0 146

ЦАРЭС 1 жана 3, 2- фаза долбоорун кошумча каржылоо жөнүндөгү макулдашуу ратификацияланды

20-июль 2019, 10:12 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Зайым берүү жөнүндө макулдашууну (Стандарттык операциялар (жеңилдетилген шарттарда) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3 коридорлору, Фаза 2 — Кошумча каржылоо) жана 2018-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант берүү жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү ...

0 136

Сүрөт - Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту

19-июль 2019, 16:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда СССР спортунун эмгек сиңирген чебери, узундукка секирүү боюнча Олимпиада чемпиону Кыргызстанда төрөлгөн Татьяна Колпакова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы Кыргызстанга келгени жана Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын наамындагы сыйлыгына жеңил атлетика боюнча салтка айланган эл аралык турнирге катышканы үчүн  атактуу спортчуга ыраазычылык билдирди. Президент 1980-жылы Москва шаарында өткөн ...

0 179

Ли Нак Ён: "Кыргызстанга 7 млн. долларлык жардам берүүгө даярбыз"

18-июль 2019, 19:21 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен жолугушту. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Мамлекет башчы өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп жатканы үчүн Түштүк Кореяга ыраазычылык билдирип, Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиктин (КОИКА) алгылыктуу ишмердигин белгиледи. Өткөн жылдары Кыргызстанга берилген гранттык ...

0 151

Президент Сооронбай Жээнбеков Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту

18-июль 2019, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Кыргызстанга расмий визит менен келген Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. «Бул акыркы 28 жыл ичиндеги, биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки Корея Республикасынан жогорку деңгээлдеги алгачкы визит. Сиздин визитиңиз өлкөлөр ортосундагы достукту бекемдөөгө жана өз ара аракеттешүүнү активдештирүүгө өбөлгө болот», — ...

0 140

Президент Сооронбай Жээнбеков Германия Канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады

18-июль 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 17-июлда Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында мындай деп айтылат: «Сиз кыргыз-герман кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошуп келе жатасыз. Тажрыйбалуу дүйнөлүк лидер катары Европа континентинде гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү камсыз кылууда Сиздин кошкон жеке салымыңыз баа жеткис. Кыргыз эли Сиздин эгемендүү ...

0 262

Олег Панкратов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды

16-июль 2019, 16:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда кол койгон Жарлыкка ылайык Панкратов Олег Михайлович Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.  

0 181

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

16-июль 2019, 16:19 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-июлда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин (МТБМК) төрагасы — Мамлекет башчысынын кеңешчиси Дастан Догоевди жана МТБМКга караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды. Президентке өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча милдеттердин аткарылышы тууралуу маалымат берилди. «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ...

0 175

Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

12-июль 2019, 20:13 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 29-майында кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган бул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 26 мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн ...

0 153

«Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамга кол коюлду

12-июль 2019, 19:43 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 29-майында кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын статистика жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу, аны Бириккен Улуттар Уюмунун расмий статистика жаатындагы фундаменталдык принциптерине толук дал келтирүү, улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, жогорку сапаттуу расмий статистиканы өндүрүү, коомчулуктун расмий статистикага болгон ...

0 218

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту

Аудиофайл 12-июль 2019, 18:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Мамлекет башчысы бул Аскар Маминдин Казакстандын Премьер-министри болгондон кийинки алгачкы расмий визити экенин белгиледи. «Казакстан биздин негизги өнөктөштөрдүн бири. Сиздин сапарыңыздын алкагында кыргыз-казак эки тараптуу кызматташуу тууралуу кеңири ой-пикир бөлүшүп, маанилүү чечимдерди даярдоого шарт түзүлдү деп ишенем», — деп баса белгиледи ...

0 170

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Москва шаарына бир күндүк иш сапары менен барды

Аудиофайл 12-июль 2019, 10:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-июлда, Швейцарияга болгон расмий сапары аяктаганда бир күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарында болду. Сапардын алкагында ал Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу форматта өттү. Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Россиянын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ...

0 186

Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы Айбек Абдивалиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

11-июль 2019, 15:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин З-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жөндөмсүз болгондугунан улам Кыргыз Республикасынын ...

0 166

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, продукцияларды Швейцарияга экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл

Аудиофайл 11-июль 2019, 13:16 Кызгалдак Жакыпова

«Биз биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, продукцияларды Швейцарияга экспорттоону кеңейтүүбүз зарыл», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Швейцариянын Берн шаарында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушууда. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу ...

0 477

АУДИО - Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун судьясы Айбек Абдивалиевдин ыйгарым укуктары токтотулду

Аудиофайл 11-июль 2019, 11:25 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин З-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга жөндөмсүз болгондугунан улам Кыргыз ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 181

АУДИО - Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагындагы келишимдер

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:58 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында 10-июлда өткөн Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтер: — Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Швейцариянын Бириккен Соода палатасынын ортосундагы өз ара кызматташтык тууралуу документ; — Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм Департаменти менен «Switzerland Tourism» ...

0 192

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында 10-июлда Берн шаарында Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы Швейцария менен эки тараптуу мамилелер Кыргызстан үчүн тышкы саясатта эле эмес, экономиканы ийгиликтүү өнүктүрүүдө да артыкчылыктуу экенин белгиледи. Швейцария парламенттик демократияны курууда, жарандык коом институттарын бекемдөөдө, улуттук өнүгүү программаларын ишке ашырууда Кыргызстанга омоктуу колдоо көрсөтүүдө. Президент өлкөдө инвестициялык климатты ...

0 150

АУДИО - Швейцария Президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы ишине канаатанды

Аудиофайл 11-июль 2019, 10:25 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстандын парламенттик демократияны бекемдөө боюнча алган багыты уланат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-июлда, Швейцариянын Берн шаарында Швейцария Конфедерациясынын федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио менен болгон жолугушууда. Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда парламенттер аралык жетишерлик активдүү диалог бар экенин белгиледи. Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, Кыргызстан Европа Кеңеши жана Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы ...

0 184

Президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

10-июль 2019, 19:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бүгүн, 10-июлда бир катар документтерге кол коюлду. Кол коюлган документтер: — «Жер-жемиштер боюнча кошумча наркты түзүү чынжырчасындагы стандарттарды сактоо боюнча дараметин бекемдөө жолу менен чакан жана орто ишканалардын рынокторго жетүүсүн кеңейтүү» экономикалык долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө документ;

0 205

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Швейцария Президенти Ули Маурер эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты

10-июль 2019, 19:05 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Ули Маурер менен жолугушту. Мамлекеттер башчылары өлкөлөр үчүн кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыктын азыркы абалын жана келечегин талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен учурашуу учурунда Швейцария Президенти Ули Маурер 25 жыл өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана достуктун духунда өткөнүн белгиледи. «Биз кыргыз тарап ...

0 199

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Швейцария Президенти Ули Маурердин расмий жолугушуу аземи болду

10-июль 2019, 16:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда бир күндүк расмий визит менен Швейцария Конфедерациясында. Визит Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен расмий жолугушуу аземинен башталды. Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты жана расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

0 255

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына келди

09-июль 2019, 16:57 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына келди. Расмий визиттин жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп ...

0 132

Президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти

09-июль 2019, 09:09 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына учуп кетти. Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен ...

0 179

Джапар Эрматов Нарын облусунун Райондор аралык сотунун судьясы кызмат ордунан убактылуу четтетилди

08-июль 2019, 18:35 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө макулдук бергендигине байланыштуу Нарын облусунун Райондор аралык ...

0 190

Чуй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Марат Канулькуловдун ыйгарым укуктары токтотулду

08-июль 2019, 18:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин З-бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, Канулькулов Марат Эдильевич сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен байланышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн ...

0 176

Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өткөрдү

08-июль 2019, 18:26 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде Баткен облусундагы маселелерге арналган жыйын өткөрдү. Ага Президенттик Аппараттын, Коопсуздук кеңешинин, күч органдарынын, Баткен облусунун жетекчилиги катышты. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын бекемдиги, аймактык бүтүндүгү улуттук кызыкчылыктардын негизи, ал эми бүгүнкү күндөгү артыкчылыктуу багыт — чек арага жакын жашаган жарандардын коопсуздугун, ден соолугун ...

0 250

АУДИО - Кыргыз Республикасынын Президентинин атына 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында жарандардан 8120 кайрылуу келип түштү

Аудиофайл 08-июль 2019, 16:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президентинин атына 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында (3-январдан 30-июнга чейин) жарандардан 8120 кайрылуу келип түштү. Алардын ичинде: — Жазуу жүзүндө (электрондук) кайрылуулар — 6243; — Коомдук кабылдамаларда кабыл алынган жарандар — 994; — «Ишеним телефондору» жана кызматтык телефондору аркылуу кайрылган жарандар — 587; — Коомдук кабылдамаларда маалыматтык-укуктук кеңештерди жана жардамдарды алган жарандар — 163; — Биринчи радионун «Биринчи кабылдама» берүүсүнүн «түз эфири» аркылуу кайрылган жарандар — 133 түздү. Жазуу жүзүндө (электрондук) келген бардык 6243 кайрылуулардын ...

0 153

АУДИО - Фоторепортаж — 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу

Аудиофайл 08-июль 2019, 16:09 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, 2019-жылы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшыруу аземине катышты. Мамлекет башчысы быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө алтын сертификат жана эң жогорку балл алгандардын 57 пайызы региондордун бүтүрүүчүлөрү экенин канааттануу менен белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков жаш муундардын татыктуу билим алуусуна, эмгектенүүсүнө шарттарды түзүү — мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыты болуп саналаарын баса белгиледи.   Бул ...

0 271

Некролог — Баялинов Марклен Касымалиевич

07-июль 2019, 13:35 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылдын 5-июлунда узакка созулган оорудан кийин, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Улуттук кино академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Марклен Касымалиевич Баялинов 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Марклен Касымалиевич Фрунзе шаарында 1933-жылдын 15-декабрында Кыргыз эл жазуучу Касымалы Баялиновдун үй-бүлөөсүндө туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин 1955-жылдан баштап, Кыргыз ССРнин маданият министрлигинде ...

0 183

Президент Сооронбай Жээнбеков Евросоюздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту

07-июль 2019, 11:15 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-июлда, Европа Союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа Комиссиясынын вице-төрайымы  Федерика Могерини менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кыргызстанга расмий сапары менен келген Федерика Могерини менен учурашып, Евросоюзду парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. «Европа Союзу Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш. Биз ортобуздагы кызматташууга артыкчылыктуу маани беребиз», — деп айтты Президент жана Кеңейтилген ...

0 307

Президент Сооронбай Жээнбеков: Медицина кызматкерлери ооруга кабылып, кыйналган адамдарга үмүт тартуулап, алардын саламаттыгы үчүн кам көрүшөт

06-июль 2019, 10:11 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Медицина кызматкеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: «Урматтуу саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери! Сиздерди Медицина кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Дарыгерлик жан дүйнө тазалыгын талап кылган, эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип. Сиздер ооруга кабылып, кыйналган адамдарга үмүт тартуулап, алардын саламаттыгы үчүн кам көрөсүздөр. Сиздердин эмгегиңиздер менен ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 236

АУДИО - «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Аудиофайл 05-июль 2019, 16:22 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 30-майында кабыл алынган.     Бул Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин мүчөлөрүнө кызматтык милдеттерин аткарууда  материалдык сыйакы төлөп берүүнүн тартиби жана механизмдери аныкталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

0 204

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы курулуп жаткан Үй-бүлөлүк медицина борбору менен таанышты

Аудиофайл 04-июль 2019, 18:14 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында Баткен шаарындагы курулуп жаткан Үй-бүлөлүк медицина борбору (ҮМБ) менен таанышты. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин жана Архитектура, курулуш жана коммуналдык-чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин маалыматы боюнча,  үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы курулуп жаткан имараты 2001-жылы башталган. Долбоор боюнча, имарат 2 блоктон, 3 кабаттан турат, ...

0 210

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

04-июль 2019, 16:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков АКШнын Президенти Дональд Джон Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Америка Кошмо Штаттарынын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн достук мамилелер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташууну мындан да тыгыз өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп саналат ...

0 173

Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты

04-июль 2019, 15:27 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун (КТБ) иши менен таанышты. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгын аткарууга алып, калкты тейлөөнү жакшыртуу жана жакшы шарт түзүү максатында жаңы имаратка ...

0 165

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстан уникалдуу органикалык продукция менен гана регионалдык атаандаштыкка туруштук бере алат

04-июль 2019, 15:25 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстан уникалдуу органикалык продукция менен гана регионалдык атаандаштыкка туруштук бере алат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда, Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы химикаты жок, экологиялык таза продукция менен глобалдык конкуренцияга туруштук берүү максатын түшүндүрүп кеттти. «Кыргызстанда иштетилип жаткан жердин көп бөлүгү өзү эле „органикалык“ болуп саналат, анткени биздин фермерлер ...

0 458

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда

04-июль 2019, 11:56 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушууда. Мамлекет башчысы Баткен жергесинин көйгөйлөрүн башкаларга караганда жакшы билерин айтып, миграция, жумуш орундары менен камсыз кылуу, чек араны бекемдөө, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу проблемаларын чечүү өз ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жана мамлекеттин негизги милдети экенин баса ...

0 165

Президент Сооронбай Жээнбеков Армениянын Премьер - министри Николо Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү

03-июль 2019, 14:53 Кызгалдак Жакыпова

Армян тараптын демилгеси менен бүгүн, 3-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Николо Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.  

0 260

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

03-июль 2019, 13:29 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Беларусь Президенти Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. «Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү мамлекеттик майрамына байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин акылдуу жетекчилигиңиз астында Беларуста мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасы эки тараптуу форматтагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө,  ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ алкагында көп ...

0 331

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбековдун кечээги бир күнү

Аудиофайл 01-июль 2019, 10:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 30-июнда Чүй областынын Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган майрамдык иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы Кожомкул баатыр кыргыз элин даӊазалаган өз заманынын залкар инсаны болгондугун баса белгиледи. --«Байыркы кыргыз элинин тарыхын аты алтын тамгалар менен жазылып, ысымы ызаат, урмат-сый менен эскерилген инсандар көркөмдөп турат. Дүйнөгө улуу ...

0 178

«Ден соолук кербени» долбоору аркылуу 2 млн АКШ доллары бөлүнүп, алыскы райондорго дарылоо-диагностикалык жардам көрсөтүлөт

27-июнь 2019, 17:59 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында “2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)” долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Ратификациялык мыйзам долбоору боюнча КР саламаттык ...

0 172

Сооронбай Жээнбеков: Терроризм менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарга коллективдүү жол менен гана жетишүүгө болот

27-июнь 2019, 18:00 Кызгалдак Жакыпова

«Терроризм менен күрөшүүдө натыйжалуу жыйынтыктарга коллективдүү жол менен гана жетишүүгө болот. Бул максатта аскердик-саясий, финансылык жана идеологиялык тармактардагы узак мөөнөттүү кызматташтык керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-июнда, Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Комитетинин жыйынынын катышуучулары менен болгон жолугушууда. Мамлекет башчысы 2019-жылдын күз айларында ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин ...

0 190

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарын атады

26-июнь 2019, 17:27 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды.  Өлкөнүн агрардык тармагынын учурдагы абалы жана мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча тийиштүү отчет берилди. Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстанда айыл чарба өлкө экономикасынын реалдуу секторунун артыкчылыктуу тармагы болуп саналат. Агрардык тармакты өнүктүрүү ...

0 195

Парламенттик журналисттер клубу түзүлдү

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 22-23-июнда Ысык-Көлдө отузга жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү. Анда Парламенттик журналисттер клубун түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Жыйында Жогорку Кеңештин 2019-2020-жылдардагы коммуникациялык стратегиясы талкууланып, Төрага Дастанбек Жумабеков журналисттердин суроолоруна жооп берди. ЖМК өкүлдөрү Жогорку Кеңештин ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу багытындагы аракеттерге, парламенттик кабарчылар менен иш алып баруунун шарттарына, эл ...

0 147

Фоторепортаж — Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган Улуттук форум

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумдун ишине катышты. Кыргызстан Миӊ жылдыктын өнүгүү максаттарынын бири —  балдардын өлүмүн үчтөн экиге кыскартууга жетишкен 62 мамлекеттин бири. Форумда актуалдуу темалар жана  өлкөдө балдардын укугун касыз кылуу жана коргоо боюнча механизмдер талкууланды. Иш чарага БУУ балдардын ...

0 170

Сооронбай Жээнбеков: Балдардын укугун коргоо башкы максат!

Балдардын гармониялуу өнүгүүсү —  мамлекеттин артыкчылыктуу багыты бойдон калат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда, Баланын укугу жөнүндө БУУнун конвенциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын бул Конвенцияга кошулганынын 25 жылдыгына арналган Улуттук форумда. Мамлекет башчысынын сөзү: «Урматтуу Улуттук форумдун катышуучулары! Урматтуу  Рената Винтер айым! Урматтуу коноктор! Ушул жылдын ноябрь айында Баланын укугу жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун конвенциясы кабыл алынганына 30 ...

0 173

Сооронбай Жээнбеков: Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан тобокелчиликти азайтуу үчүн бул тармактагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл

«Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан тобокелчиликти азайтуу үчүн өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитетинин биринчи жыйынында. Мамлекет башчысы келечектеги чакырыктардын бири катары Кумтөрдө алтынды казып алуунун азайышы күтүлүп жатканын атады. «Кумтөрдү эске албаганда, мамлекеттик бюджетке тоо-кен тармагындагы ишканалардан түшкөн киреше болгону 2 млрд сомдон ашпайт. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 138

Кыргызстанда соттор кагазга 9 милилондон ашык акча коротушат

25-июнь 2019, 09:40 Айдар Нуралиев

КРнын Жогорку сотунун алдындагы сот департаменти кагаз сатып алууга 9 миллион 39 миң сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталы  билдирди. А4 форматындагы кагаздан 34,4 миң таңгак сатып алуу пландалууда. Кыргызстандын аймагында өндүрүлгөн товарлардын ички жеткирүүчүлөрүнө жеңилдик берилет.  Булак:NazarNews.kg

0 140

Сооронбай Жээнбеков Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту

24-июнь 2019, 18:09 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда Кыргызстанга расмий визит менен келген Австрия Республикасынын Парламентинин Федералдык кеңешинин президенти Инго Аппе менен жолугушту.  Кыргыз-австрия кызматташтыгынын азыркы абалы жана мындан ары өнүктүрүү келечеги талкууланды.  Мамлекет башчысы белгилегендей, Австрия Парламентинин Федералдык кеңешинин президентинин расмий визити өлкөлөрдүн биргелешкен өз ара аракеттешүүсүн тереңдетет.  Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Кыргызстан парламенттик демократияны куруу боюнча Австрия менен тажырыйба ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83