www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 219

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарына учуп кетти

Аудиофайл 28-май 2019, 14:45 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мааракелик жыйынына катышуу үчүн эки күндүк иш сапары менен Нур-Султан шаарына учуп кетти. Иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысынын Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Казакстандын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелер боюнча маселелердин бардык багыттарын талкуулоосу пландаштырылууда. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны чакан жана кеңири курамда өтөт, жыйындын ...

0 230

Эксперттик топтун мүчөлөрү вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен сот-укуктук реформаны өткөрүүнүн жүрүшүн талкуулады

27-май 2019, 09:21 Айдар Нуралиев

Сот-укуктук реформанын алкагында иш чараларды өткөрүүнү талдоо боюнча эксперттик топтун мүчөлөрү 24-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда жаңы жазык мыйзамдарынын шартында укук коргоо органдарынын тергөө жана ыкчам кызматтарынын иштөө маселелери, ошондой эле республиканын аймактарындагы укук коргоо жана сот органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын сот реформасынын алкагында кабыл алынган мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча ишин ...

0 222

Фоторепортаж - Кашкар Джунушалиев  Талас облусуна барды

Кашкар Джунушалиев  Талас облусунда болгон иш сапарында ИИМдин  мамлекеттик кызмат көрсөткөн борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 23-май күнү Кыргыз Республикасынын  ички иштер министри Кашкар  Джунушалиев  кызматтык иш сапары менен Талас шаарына келди.  Кыргыз  Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Талас  ОИИБдин  кызматкерлери жана ардагерлери  менен жолугушту. Талас облустук биргелешкен ооруканасынын имаратында жайгашкан  медициналык ...

0 281

Кашкар Джунушалиев эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушту

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин төрагалыгы алдында Кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү, андан сырткары Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары Курсан Асанов, Мирлан Каниметов, алдыңкы кызматтардын башчылары болушту. Бул ...

0 229

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды

Аудиофайл 21-май 2019, 14:01 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда Сауд Арабия Королдугунун Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды. Элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Элчи Абдурахман бин Саид бин Мухаммад Аль-Жума ушул жылдын 31-майында Мекке ...

0 759

ИИМ Акылбек Мамасейитовдун кызматка дайындалышы боюнча өз пикирин билдирет

“АЗИЯ NEWS” газетасы 2019-жылдын апрель, май айларынын ичинде ИИМдин кадыр-баркына шек келтирген бир катар материалдарды жарыялады. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.  Албетте, ИИМдин Басма сөз кызматы ар бир жарыяланган материалдар боюнча ИИМдин пикирин билдирип келди. Ошол эле убакта кандайдыр бир маселелер жаралса, аны чечүүнүн да жолдорун издеди. Биринчиден, аталган макалалардын чыгышына жана андан ары өнүгүшүнө “АЗИЯ NEWS” газетасынын башкы редакторунун ...

0 254

АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков: “Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти

Аудиофайл 17-май 2019, 18:00 Айдар Нуралиев

“Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти. Анын артында кимдер турганын билебиз. Ысык-Көлдө туристтик сезон башталып, даярдык көрүп жаткан кезде дүрбөлөң салуу - туризм тармагына балта чапкандай эле болду. Өкмөт дагы убагында реакция кылбай, ушундай кырдаалга келдик. Муну жөн жерден эле козгоп алдык, бул козголбой турган нерсе болчу”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда, Ысык-Көл облусунун ...

0 231

АУДИО-Сооронбай Жээнбеков: Экологиялык жактан таза айыл-чарба продукцияларыбыз атаандаштыкка туруштук бере алат

Аудиофайл 17-май 2019, 14:07 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 17-майда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында,  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Өлкөнүн башкы багыттарынын бири – бул атамекендик экологиялык жактан таза агропродукциясын экспортко чыгаруу. Биз дүйнөлүк рынокто өзүбүздүн экологиялык таза азыктарыбыз менен атаандаштыкка туруштук бере алабыз», - деп билдирди Балыкчы шаарынын эли менен жолугушууда. Жолугушууда Мамлекет башчысы коңшу өлкөлөр менен анын ичинде Кытай Эл Республикасынын рыногуна Кыргызстандын ...

0 205

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 16-майда, Мамлекет башчысы эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Иш сапардын алкагында, 16-майда, Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат. 17-майда Мамлекет башчысы ...

0 264

Бишкек шаардык сотуна жаңы төрага шайланды

14-май 2019, 13:54 Айдар Нуралиев

Бишкек шаардык сотунун  төрагасы болуп  Азамат Алыбаев шайланды.Бул тууралуу Шаардык соттон билдирди. “Мурунку шаардык соттун төрайымы Ирина Воронцованын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жаңы төрага болуп Азамат Алыбаев шайланды”- деп билдирди мекемеден. Андан тышкары шаардык соттун төрагасынын  кылмыш-жаза иштери боюнча -Талантбек Аккозуев, жарандык иштер боюнча -  Гүлмира Садыкова, экономикалык кылмыштар боюнча – Болотбек Сатыбалдиев дайындалган. Булак:NazarNews.kg

0 210

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүү киргизилди

14-май 2019, 13:36 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 4-апрелинде кабыл алынган. Аталган Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу жөнүндө мыйзамдарын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 123-беренесинин 15-бөлүгүндө камтылган ченемди жүзөгө ашыруу. Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Мыйзамы жаңы ...

0 1009

Коррупция боюнча СИЗОго камалган чиновник бошотулду

13-май 2019, 16:33 Айдар Нуралиев

“Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын директору Талант Абдуллаев камактан бошотулгандыгын Биринчи май райондук соту билдирди. Бүгүн, тергөө соту Абдуллаевдин баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү. “Башкы прокуратура анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча даттанууну сотко жөнөткөн. Сот аны тастыктап берген. Эске салсак, соттун чечими менен “Инфокомдун” директору Талант Абдуллаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана Мамкаттонун төрагасынын орун ...

0 791

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды бир катар облустук сотторуна жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

10-май 2019, 12:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна, Чүй облустук сотуна жана Ош шаардык сотуна 1ден талапкерди, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустук сотуна 2ден жана Нарын облустук сотуна 6 талапкерди — ...

0 337

Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын дос элин Улуу Жеңиштин 74 жылдыгы менен куттуктады. «Биздин элдерибиз Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарында жана оорукта баш кошкондукту, каармандыкты жана кайталангыс эрдикти көрсөтүп, фашизмди жеңип, болочок муундар үчүн эркиндикти жана тынчтыкты сактап калышты. Алардын даңазалуу эрдиги ар дайым биздин эсибизде калат. Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты ...

0 393

Абдыганы Эркебаев жаңы кызматка барды

06-май 2019, 15:20 Айдар Нуралиев

Абдыганы Эркебаев Кыргызстан элдеринин достугу Ассаблеясына төрага болуп  шайланды.Мындай чечим Ассамблеянын 3-майдагы кезексиз курултайында кабыл алынган. Андан тышкары, КЭАнын мурунку төрагасы Токон Мамытовдун отчёту угулду. Ассамблеянын 2016-жылдын 30-апрелинен тартып 2019-жылдын 4-майына чейинки ишмердүүлүгүнө сарэсеп салынды. Булак:NazarNews.kg

0 255

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды

02-май 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы, Акыйкатчы Токон Мамытовду кабыл алды.  Ассамблеянын отчеттук мезгилдеги иштеринин жыйынтыктары, Ассамблеянын 25 жылдык мааракесин жана уюмдун IX курултайын өткөрүү талкууланды. Ошондой эле Ассамблеянын өлкөнүн коомдук саясий турмушундагы мындан аркы өнүгүү келечеги жана ролу, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө маселелеринде анын бардык мамлекеттик бийлик бутактары менен өз ара аракеттенүүсү жана жарандык интеграция үчүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 562

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

30-апрель 2019, 11:11 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 29-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтык маселелерин талкуулашты, буга чейин жетишилген макулдашуулар боюнча позицияларын такташты жана ошондой эле алдыда боло турчу эл аралык көп тараптуу иш-чараларга катышуу маселелерин талкуулашты. Булак: NazarNews.kg

0 286

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкка кызыкдар кытай компанияларынын жетекчилери менен жолугушту

26-апрель 2019, 20:25 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде  «China Railway Construction Corporation Limited» Кытай темир жол курулуш компаниясынын төрагасы Чэнь Фэньцзиан менен жана ушул эле күнү «Чайна Роуд» компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Лу Шань менен жолугушту. Транспорт жана темир жол чөйрөлөрүндө, анын ичинде “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана болочок кызматташуу маселелери ...

0 432

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тарыхы жөнүндө Кытай жазма булактарын биргелешип изилдөө маселесин талкуулады

26-апрель 2019, 18:22 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо жана Кытай Байыркы тарыхты изилдөө институтунун чет өлкөлөр менен кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Ли Цзиньсю менен жолугушту. Мамлекет башчысы кытайлык достор менен жолугушуу ал үчүн дайыма жагымдуу экенин белгиледи. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелерге 26 жыл ...

0 201

Адам сатууга каршы күрөшүү...

26-апрель 2019, 13:45 Айдар Нуралиев

Бул мааалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Тармактык комитеттин жумушчу тобу миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча көчмө жыйын өткөрдү Бүгүн, 26-апрель күнү Чүй облусунда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданияты жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин депутат Евгения Строкова башында турган миграция, адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын иликтөө боюнча жумушчу топтун көчмө ...

26-апрель 2019, 13:45 | 201
0 203

Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү...

26-апрель 2019, 13:39 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы  билдирди. “Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт 29-апрель, саат 10:00дө депутат Махабат Мавлянованын демилгеси менен уюштурулуп жаткан  “Турмуштук оор кырдаалга кабылган жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды жумушка орноштуруу менен маселелерди чечүү жолдору” аталышындагы форум өтөт. Иш-чара мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен ...

0 2938

ВИДЕО - Ким Чен Ын Орусияга поезд менен келди...ат кошчулары тердегенче чуркап...

25-апрель 2019, 08:49 Кызгалдак Жакыпова

Түндүк Кореянын ырайымсыз лидери Ким Чен Ын чопкутталган поезд менен Орусияга келди. Орусия тарап Кимди нан туз менен тосуп алды. Ал жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип, өзүн расмий сапарын жемиштүү болот деп белгилеп кетти.   Жолугушуунун жүрүшүндө саясий жана дипломатиялык жол талкууга алынат жана Путин менен Ким эл аралык сүйлөшүү жүргүзөт. Андан сырткары Кореянын лидери РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров ...

0 443

Бирөөнүн үлүшүнө үй курган губернатор

24-апрель 2019, 17:14 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте Марат Акматалиев деген жаран жер тилкесин сатып алып, үй курганга акча топтоп жаткан. Анан акчасын чогултуп бүтүп 5 бүлөгө үй курмай болгондо анын үлүшүнүн бир топ жерине Чүй облусунун мурдагы губернатору Бакыт Кудайбергенов, аялы Динара Доконова экөө уй куруп алган экен. Прократура Акматалиевдин арызы туура деп жатат. Булак: Багыт гезити

0 1662

Жээнбеков Казакстан менен Өзбекстандын президенттерине көңүл айтты

21-апрель 2019, 16:28 Айдар Нуралиев

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 11 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Казакстандын жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаевге жана Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. «Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакайып кетүүнү каалайм», - деп айтылат мамлекет башчынын көңүл айтуу телеграммасында. 20-апрелде ...

0 279

Фоторепортаж – “Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” ачылыш аземи

21-апрель 2019, 16:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, “Ош – түрк дүйнөсүн маданий Борбору” ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу аземдин алдында уюмдун башкы катчысы Дюсен Касеинов Президент Сооронбай Жээнбековго Ч.Айтматов атындагы ТҮРКСОЙдун ардактуу төш белгисин анын түрк дүйнөсүнө кошкон салымы үчүн тапшырды. Мындай төш белги буга чейин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовго жана анын бир тууганы Роза Айтматовага тапшырылган. Кыргызстанда бул төш белги мамлекеттик ...

0 567

Президент Сооронбай Жээнбеков: Оштун ТҮРКСОЙ тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору” катары жарыяланышы - мыйзам ченемдүү көрүнүш!

20-апрель 2019, 21:14 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, «Ош — түрк дүйнөсүн маданий Борбору» ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: «Кадырлуу мекендештерим! Урматтуу бүгүнкү аземдин катышуучулары! Азиз меймандар! Бүгүн Ордолуу Ош шаарында чоң майрам! "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору“ салтанатына кош келиӊиздер! Түрк дүйнөсүндө орошон орду бар Ош шаары „Түрк дүйнөсүнүн маданий Борбору“ деп жарыяланды.Кыргызстандын көп улуттуу эли үчүн ТҮРКСОЙ ...

0 283

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушту

20-апрель 2019, 17:24 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Франция Республикасынын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан жана Франция ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана мындан ары карай өз-ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасында Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрттүн кесепеттери тууралуу маалыматты өкүнүү менен кабыл алышты жана француз ...

0 201

Кыргыстан Digital CASA долбоорунун алкагында алган каражаттын бир бөлүгү өлкөнүн региондорун санариптештирүү багытында жумшалат

19-апрель 2019, 18:29 Кызгалдак Жакыпова

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Мурда Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн оодук бөлүгүн айыл чарба менен өнөр жай тармактары түзсө, азыркы учурда тейлөө кызматын көрсөтүү тармагы ИДӨнүн 50 пайызы менен алдыга чыкты. Ошондуктан, тейлөө кызматын карап отура бербей, айыл чарбасын өнүктүрүү зарыл. Бул тууралуу Экономикалык университеттин «Финансы жана кредит» кафедрасынын башчысы Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана ...

0 197

Депутат Мирлан Бакиров: «Өкмөт көмүскө экономиканын көйгөйлөрү боюнча тереӊ ойлонуусу кажет»

19-апрель 2019, 17:01 Кызгалдак Жакыпова

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 19-апрелде «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы иши жөнүндө КР Премьер-министринин отчету тууралуу” маалымат угулду. Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова баштаган Өкмөт мүчөлөрү, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты. Вице-премьер-министр А.Өмүрбекованын маалыматы боюнча 2018-жылы КР Өкмөтүнүн «Биримдик, Ишеним. Жаратмандык» программасынын максаттары 93,3% аткарылган. 2018-жылы экономикалык өсүштүн оӊ динамикасынын сакталышы ...

0 231

Президент Сооронбай Жээнбеков Афганистандын тышкы иштер министри Салахуддин Раббанини кабыл алды

19-апрель 2019, 12:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде, Афган Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Салахуддин Раббанини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысы министрдин Кыргызстанга болгон алгачкы сапары кыргыз-афган кызматташтыгын бекемдеп, аны жаңы, сапаттуу деңгээлге көтөрөөрүнө ишенимин билдирди. «Биз Афганистандын Президенти Ашраф Ганини июнь айында Бишкекте өтө турчу ШКУга мүчө мамлекеттеринин жыйынында күтөбүз. Бизде „Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык“ ...

0 173

Төрага Дастанбек Жумабеков эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга катышты

18-апрель 2019, 18:28 Айдар Нуралиев

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн, 18-апрелде Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын  (КМШ ПАА) 49-пленардык отурумунун алкагында Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында уюштурулган эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча конференцияга катышты. Аталган конференция Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Европа Кеңешинин, Жамааттык ...

0 299

Фоторепортаж-Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядан 1 млрд. евро алып кайтат

17-апрель 2019, 12:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий визити менен Германия Федеративдүү Республикасында жүрөт. 16-апрель, визиттин экинчи күнүндө, Берлинде Президент Сооронбай Жээнбеков менен ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий жолугушуу салтанаты өттү. Андан ары мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен ошондой эле Бундестагдын Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 171

Сүрөт - Президент Сооронбай Жээнбеков ГФР Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту

17-апрель 2019, 09:36 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  16-апрелде Германияга расмий визитинин алкагында  Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.  Сооронбай Жээнбеков менен учурашып, Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө  Германия жана Евробиримдик биле турганын белгиледи. “Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин ...

0 260

Президент Сооронбай Жээнбеков менен ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болду

16-апрель 2019, 16:07 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 16-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий визитинин алкагында Президент Сооронбай Жээнбековдун жана ГФР Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн соң Кыргызстандын Президенти Ардактуу коноктордун китебине Германия элине эң жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырды. Расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруудан кийин, Мамлекеттер башчылары аскердик салтанатты көрүштү, эки өлкөнүн гимндери жаңырды, Бундесвердин ардактуу кароолун кыдырып чыгышты. Салтанаттуу азем ...

0 281

Президент Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу Франция Президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты

16-апрель 2019, 15:59 Кызгалдак Жакыпова

Президент Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү  өрт кырсыгына байланыштуу Франция Президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү  өрт кырсыгына байланыштуу бүгүн, 16-апрелде Франция Президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты. «Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү  өрт кырсыгы жөнүндө кабарды  терең кайгыруу менен кабыл алдым.  Нотр-Дам — дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн ...

0 294

Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга келди

15-апрель 2019, 09:21 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде эки күндүк расмий иш сапары менен Германияга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Визиттин биринчи күнү, 15-апрель экономикалык блокко арналат. Мамлекет башчысы кыргыз-немис экономикалык форумга катышат,  Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөйт, айыл-чарба ишканасына барат. Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы,  Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан ...

0 242

Бакыт Төрөбаев АКШнын элчиси Дональд Лу менен жолугушту

12-апрель 2019, 09:30 Айдар Нуралиев

11-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу менен жолугушту. Б тууралу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билидирди. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси көтөрүлдү. Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев алгач элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, ишине ...

0 351

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду

09-апрель 2019, 09:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди. Үч Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 636 адам кабыл алынат (анын ичинен 538 — чоң адамдар жана 98 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Бир Жарлыкка ылайык, 448 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана ...

0 283

Президент Сооронбай Жээнбеков дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту

08-апрель 2019, 13:55 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-апрелде, UFC версиясынын аралаш күрөшүү боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле анын машыктыруучусу Павел Федотов, «Кулатуу Эртаймаш ММА» Дүйнөлүк федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана Валентина Шевченконун апасы — Елена Шевченко катышты. Мамлекет башчысы меймандарды жылуу кабыл алып, Валентинаны жеңиши менен жана аялдардын эң жеңил салмагында чемпиондук курду жеңип алышы менен куттуктады. Президент Сооронбай ...

0 282

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: кечээ жана бүгүн (жыйнак)

08-апрель 2019, 09:42 Айдар Нуралиев

- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү: кечээ жана бүгүн. Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрүн алган ыңкылапта Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, мамлекетти 15 саясатчыдан турган Убактылуу өкмөт колуна алган. «Азаттык» Убактылуу өкмөттө мүчө болгон саясатчылардын жолуна жана учурдагы абалына сереп салды. (Директтен видео) - Апрель окуяларын эскерүүдөгү ажырым. 2010-жылдагы Апрель революциясына быйыл тогуз жыл болду. 90го жакын адамдын өмүрүн алган ыңкылапты президент Сооронбай ...

0 187

Казакстанда саламаттыкты сактоо тармагына бир триллион теңгеден ашык каражат бөлүндү

08-апрель 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

Казакстандын саламаттык сактоо тармагына бир триллион теңгеден ашык каражат бөлүндү. Бул тууралуу 7-апрелде өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасы аркылуу билдирди. «7-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленүүдө. Быйыл ал саламаттык сактоо кызматтарын жайылтуу темасына арналган. Казакстанда республикалык бюджеттен саламаттык сактоо тармагына 1 триллион 180 миллиард теңге (3 миллиард 105 миң долларга жакын) бөлүнгөн. Бул жаатта көп иштер жасалууда. ...

0 218

Гүлнара Каримованын адвокаты өзбек кесиптештерин «үндөбөгөн» жактоочулар деп атады

08-апрель 2019, 09:29 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) өзбек кесиптештери тууралуу пикирин билдирип, аларды «үндөбөгөн» адвокаттар деп атады. «2016-жылы декабрда алгачкы жолу Гүлнара Каримова менен жолугууга уруксат беришкен. Ташкенттеги эки күндүк угуулар маалында Каримова тарабынан дайындалган өзбекстандык адвокаттар бир дагы жолу ооз ачышкан жок. Басым алдындагы үндөбөгөн адвокаттар. #Адилетсиз адилеттүүлүк», – деп жазды швейцариялык адвокат. Грегуар ...

0 249

Ташкентте 133 салык кызматкери иштен алынды

08-апрель 2019, 09:24 Айдар Нуралиев

5-апрелде Ташкенттин Шайхантахур райондук салык бөлүмүнүн бардык 133 кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу аталган мекемедеги өз булактар билдиришти. «Атайын отряд келип, баарыбыз өз каалообуз менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазышыбыз керектигин айтышты. Бул президент Мирзиёевдин буйругу деп, бир күндө 133 кызматкердин баары иштен алынды», — деп билдирди булак. Өлкөнүн Мамлекеттик салык комитетинин басма сөз кызматы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. 4-апрелде Ташкентте ...

0 171

Францияда үч күндүн ичинде СПИДге каршы күрөш үчүн 4,5 миллион евро чогулду

08-апрель 2019, 09:20 Айдар Нуралиев

Францияда 25чи жолу өткөн кайрымдуулук марафонунда СПИДге жана ВИЧ-инфекциясына каршы күрөш үчүн 4,5 миллион евро чогулду. Бул өнөктүк ВИЧтин алдын алуу программаларын жана илимий изилдөө иштерин каржылаган Sidaction бирикмеси тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет. Эл аралык француз радиосу (RFI) кабарлагандай, быйыл акция 5-6-7-апрель күндөрү өттү. Sidaction акциясын жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттары кеңири чагылдырышат. Өткөн жума күнү Франциянын бардык негизги телеканалдары прайм-тайм ...

0 264

Душанбеде кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аяктады (видео)

08-апрель 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

6-апрель кечинде Душанбеде кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны аяктады. Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен анын тажикстандык кесиптеши Азим Иброхим жетектеген эки өлкөнүн расмий делегацияларынын жолугушуусу жабык өтүп, ага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Жыйындан кийин Азим Иброхим чек ара меселелерин чечүүдө «бир аз жылыштар» бар экенин айтып, жолугушуу жакшы атмосферада өткөнүн белгиледи. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары ...

0 224

БШК дене тарбия жана спорт кызмакерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

07-апрель 2019, 17:38 Айдар Нуралиев

Бигкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов “Газпром-балдарга” дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышып, дене тарбия жана спорт тармагында эмгектенген бардык спортчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу иш чарада мини-футболчулар аралык өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Ардактуу 1-орунду Улуттук оюндар боюнча ОРБӨСМ (олимпиадалык резервдик балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби) командасы алып, БШКнын төрагасынын орун ...

0 420

"Бузуп салыш оңой, кайра куруу - оор", - Омар Хайям

07-апрель 2019, 17:20 Айдар Нуралиев

Наталья Кулматова Биринчи май районунун тургунунун курулуш компаниясынын атына даттануу менен кайрылган арызынын негизинде комиссиялык көчмө жыйын уюштурду. БШКнын депутаты Наталья Кулматованын атына А. Торунлу жаранынын атынан түшкөн арызынын негизинде комиссиялык көчмө жыйын уюштурулган. Арызда А. Торунлу, ОсОО “Памир строй” курулуш компаниясы салып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуштун жүрүүсүндө келип чыккан бузуулар жөнүндө айтып, айтылган ...

0 229

Президент Сооронбай Жээнбековдун Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуусунда айтылган арыздар жана кайрылуулар тастыкталды

05-апрель 2019, 09:33 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 9-январындагы Чүй облусунун Сокулук районунун активи жана коомчулугу менен жолугушуусу учурунда айтылган маселелер жана сунуштар боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ бийлик органдарынын ишмердигин комплекстүү текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиевдин буйругуна ылайык жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында Чүй облусундагы Сокулук районунун жашоочулары айткан арыздары жана кайрылуулары тастыкталды. Ведомстволор аралык жумушчу ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 197

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү санариптештирүү боюнча милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирди

04-апрель 2019, 09:20 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде КР Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоевди, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди жана КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Өлкөдөгү санариптик трансформация боюнча чаралар жана милдеттер, ошондой эле 2018-жылдын ...

0 228

Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү

03-апрель 2019, 09:23 Айдар Нуралиев

2-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасында муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады. Телефондук сүйлөшүүдө Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Президенти ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83