www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 488

Травертин таштарына болгон талап өсүүдө

01-апрель 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Жалал – Абад областынын Сузак районуна караштуу Ынтымак айылында иштеп жаткан “Туз-Бел Таш” таш заводунда кайнаган эмгек парады... Бир станокто гиганттаган таштарды нан кесимдей жукарта тилип жаткан адистер болсо, экинчисинде таштарды таанылгыс калыптарга салып жаткан жабдыктын “тилин билгендер” өз иштери менен алек. Андагы иш процессинен кабар алып, “Өнүгүү - Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен депутат Тынчтык Шайназаров заводдун жумушчулары ...

0 242

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Манас» эл аралык аэропортунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында болот. Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ...

0 281

Төрага Дастанбек Жумабеков Талас облусунун активи менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулады

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Талас облусундагы иш сапардын алкагында аймактын активи менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Облустагы олуттуу көйгөйлөрдү көтөрүшкөн жергиликтүү эл, “Таза суу" долбоору, жайыттардын абалы, мектеп, оорукана жана жол сыяктуу инфраструктуралык маселелерге токтолушту. Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган айрым маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, кээ бир көйгөйлөрдү чечүү боюнча ...

0 299

“Аудитордук иш жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

25-март 2019, 16:47 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков «Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 6-февралында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу жаатында институциялык мүмкүнчүлүктөрдү күчөтүү жана аудитордук иш-аракет жагында контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Мыйзамда «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган: — аудитордук уюмдар жана ...

0 464

Президент Сооронбай Жээнбеков: Шаарлардагы жана айылдардагы жашоочулар жакын арада региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы ийгиликтерди көрүшү керек

«Шаарлардагы жана айылдардагы жашоочулар жакынкы арада региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы ийгиликтерди көрүшү керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясында. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу мекендештерим! Урматтуу биздин эл аралык өнөктөштөр! Урматтуу жергиликтүү бийликтин башчылары, ишкерлер жана ...

0 308

Жогорку Кеӊештин 2-апрелдеги жыйынында кыргыз-тажик чек арасында болгон окуя тууралуу маалымат угулат

Жогорку Кеӊештин 2-апрель күнү өтө турган кезектеги жыйынында Өкмөттүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында 2019-жылдын 13-марты күнү Баткен облусунун Ак-Сай айылында болуп өткөн чек ара окуясы жөнүндө маалыматы премьер-министрдин катышуусунда угулат. Депутаттар узакка созулган талаш-тартыштан кийин ушундай чечимге келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кечээ, 19-мартта өткөн ...

0 307

Президент Сооронбай Жээнбеков Нооруз майрамы менен кыргыз элин куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: "Кымбаттуу мекендештерим! Сиздерди Нооруз майрамы менен куттуктайм! Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы.  Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты.  Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген. Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс ...

0 211

ИИМ: Нооруз майрамына байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипке өтүштү

“Нооруз” майрамына байланышкан иш-чараларды өткөрүү учурунда ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында бир катар тиешелүү чаралар көрүлөт. Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, диний-экстремисттик жана террористтик көрүнүштөрдү  алдын алуу боюнча иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу, өзгөчө маанилүү, стратегиялык жана коргоолучу обьекттерди, андан сырткары ИИОнун административдик  имараттарын кайтаруу, Нооруз майрамына даярдануу жана өткөрүү учурунда  укукка жат иш-аракеттирди жүргүзүүнү алдын алуу максатында тиешелүү иштерди жүргүзүшөт. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жер-жерлерде уюштуруучулук жана практикалык ...

0 211

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын алкагында аудиокитептер жазылып, балдар үчүн мультфильмдер кыргыз тилине которулат

18-март күнү Жогорку Кеӊеште Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйын жүрүшүндө белгиленген иш-чаралардын аткарылышы, үнөмдөлгөн каражаттарды жумшоо боюнча кеңири сөз болду. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Талкуунун учурунда негизги көңүл үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу маселесине бурулду. Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынан бөлүнгөн каражаттан 20 млн сом үнөмдөлгөн. Мына ...

0 211

Бензинге биоэтанол кошуу менен экологиялык, экономикалык кырдаалды жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралууда

  18-мартта Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Биоотун жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. Мыйзам долбоору боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев баяндама жасады. Маалыматка ылайык, азыркы тапта биоэкономика доорунда энергияны жана материалдарды кайра жаӊылануучу чийки заттарды пайдаланган биотехнологияга негизделген экономикага кадам ...

0 284

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Жалал-Абад облусунун Аксы районунда болду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү митингине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Митингде курман болгондордун элесине арналып Куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү  өткөрүлүп, эстеликке гүлчамбар коюлду. Мамлекет башчысы  өз сөзүндө «Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол ...

0 271

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү Ардактуу консулдары менен жолугушту. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди. Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш, сот-укуктук реформага байланыштуу өлкөнүн бардык тармактарындагы реформаларды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанда болуп жаткан жаңылануулар жана өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Ал бизнес кылуу үчүн шарттарды жакшыртуу жана жагымдуу инвестициялык жагдай түзүү үчүн бардык чаралар ...

0 268

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен кеңешмеси

14-март 2019, 16:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен кеңешме өткөрдү. Президент  белгилегендей, кеңешменин максаты — 2018-жылдагы иштин  жыйынтыгын талдап, кийинки жылдарга өлкөнүн тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттарын аныктоо. Кеңешмеде министрлер жана ведомство жетекчилери дагы катышышты. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Элчилери менен жолугушуу акыркы 12 жылдан бери биринчи жолу өткөрүлдү. Булак: NazarNews.kg

0 239

«Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу маалыматты президент басма сз кызматы билдидри. Жарлыкта Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык төмөндөгүдөй токтом кылынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ...

0 328

Сооронбай Жээнбеков Нурболот Мирзахмедовго кандай тапшырмаларды берди?

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовду кабыл алды. Жаз-жай мезгилинде калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери талкууланды. Нурболот Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу алкагында жасалган иштер жана болжолдонгон иш-чаралар жөнүндө маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4 миңге чукул адам жашайт. 1200гө чукул жерлерде сел коркунучу бар. Коркунучтуу ...

0 217

Сооронбай Жээнбеков: Эгемендүү мамлекетибиздин туусу ачык асман алдында кылымдар бою көккө бийик желбирей берсин!

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Сиздерди мамлекеттүүлүктүн жана эгемендүүлүктүн белгиси – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен чын дилимден куттуктайм! Санжыралуу тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат. Биздин башкы максатыбыз – Кыргызстанды ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 275

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Баткен облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна жана Бишкек шаардык сотуна 1ден талапкерди, Жалал-Абад облустук сотуна — 9 жана Баткен облустук сотуна 4 талапкерди судьялык кызмат ...

0 333

Тимур Шабданбеков КР УКМКнын төрагасынын орун басары — 9-кызматынын начальниги кызматына дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин терагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Президенттин башка буйругу менен Шабданбеков Тимур Маратович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын начальниги болуп дайындалды. Булак: NazarNews.kg

0 162

Сооронбай Жээнбеков Россиянын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-мартта, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченкону кабыл алды. Константин Чуйченко баштаган РФ делегациясы Кыргызстанга кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиясынын 21–жыйынына катышуу үчүн келген. «Кыргыз-Россия кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын жаңы сапаттуу деңгээлине чыкты. Акыркы жылдары Кыргызстан жана Россиянын ортосунда ишенимдүү мамилелер бийик деңгээлде орноду. Үстүбүздөгү жылдын март айына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик ...

0 293

Сооронбай Жээнбеков облустардын жетекчилери менен аймактарды өнүктүрүү маселелерин талкуулады

01-март 2019, 09:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-февралда, Өкмөттүн өлкөнүн облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда республиканын аймактарын өнүктүрүү боюнча маселелер жана чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы Бишкек шаарында 27-28-февралда өткөн «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясы аймактарды жана жалпысынан өлкөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатка тиешелүү бардык маселелерди талкуулоо үчүн жакшы аянтча болгонун белгиледи. Ал дагы бир жолу аймактарды өнүктүрүү маселеси ...

0 148

Сооронбай Жээнбеков: Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз

28-февраль 2019, 13:46 Кызгалдак Жакыпова

«Ирригация боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда биз амбициялуу максаттарды коюп жатабыз. Талаптар жогору. Программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт», - деп эске салды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков шаршемби, 27-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда. Программанын алкагында маселелер комплекстүү чечилет — жумушчу орундар түзүлөт, муну менен ички ...

0 174

Сооронбай Жээнбеков:  Аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги приоритет —  санариптештирүү саясатын жайылтуу

28-февраль 2019, 09:07 Кызгалдак Жакыпова

«Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калк арасына санариптештирүү саясатын жайылтуу иши — силердин түздөн-түз милдетиңер», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков  бүгүн, 27-февралда, Бишкекте өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» республикалык конференциясында. Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүүдө заманбап IT-технологияларды колдонуунун  артыкчылыктарына токтолду.  Ал белгилегендей, «Түндүк» электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүү санарип форматына өткөрүлөт. Кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат, пенсияга чыгуу, балага ...

0 470

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди Президенттин энчилүү сааттары менен сыйлады

27-февраль 2019, 17:42 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27 февралда, мамлекеттик администрациялардын башчыларын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын жана ишкерлерди ак ниет эмгеги жана өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушун өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен сыйлады. Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттары менен төмөнкүлөр сыйланды: - Абдыкулов Улан Аманбайевич – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешинин төрагасы; Абдырахманов Уланбек Кадыркулович – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой ...

0 174

Сооронбай Жээнбеков: Элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур болгон жагдайды анализдөө керек

27-февраль 2019, 17:12 Перизат Кутманалиева

«Эмнеге элибиз жергиликтүү деңгээлде чечилчү маселени борбордук бийликке айтууга мажбур? Мына ушул жагдайды анализдөө керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Кыргыз Республикасы: региондук өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциясында. Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча системалуу жана бирдиктүү саясат жоктугун, мамлекеттик жана райондук органдардын ортосунда өз ара тыгыз аракеттенүү байкалбаганын белгиледи. «Көпчүлүк ...

0 158

Сооронбай Жээнбеков Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

26-февраль 2019, 14:59 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады. «Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана жылуу каалоолорумду кабыл алыңыз. Бүгүнкү күндө Түркия өзүнүн өнүгүү жолун таап, түрк элинин жыргалчылыгына багытталган ишенимдүү кадамдарды жасап жатат. Сиз жүргүзүп жаткан мамлекеттик кайра түзүүлөр жана реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, элдин бакубаттыгын жогорулатууга жана эл аралык аренада Түркиянын аброюнун бекемделишине өбөлгө болууда. Достук, ...

0 329

Колдонуудан чыккан медициналык калдыктар кантип жок кылынат?

26-февраль 2019, 08:52 Кызгалдак Жакыпова

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин бүгүн, 25 – февралдагы жыйынында  “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралды. Бул темада баяндама жасаган тармактык комитеттин төрайымы Г. Молдобекованын айтымында, медициналык калдыктарды, курамында сымап элементи бар буюмдарды коопсуз тартипте жүгүртүү иштери укуктук талаада иреттештирилмекчи. Талкууда депутат Т.Икрамов колдонуудан чыккан медициналык буюмдардын жок кылынышы (утилизацияланышы) багытындагы иш аракеттердин ...

0 175

ЕАЭБ менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана Кытайдын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

26-февраль 2019, 08:45 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө-мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 23-январында кабыл алынган. Аталган Макулдашуунун максаты ушул Макулдашууда камтылган чөйрөлөрдө кызматташууну камсыз кылуу аркылуу Тараптардын ортосундагы экономикалык мамилелерди андан ...

0 192

Россиянын Кыргызстандагы Элчиси Андрей Крутько «Даңк» медалы менен сыйланды

25-февраль 2019, 16:03 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Крутько Андрей Андреевич «Даңк» медалы менен сыйланды. Булак: NazarNews.kg

0 281

Сооронбай Жээнбеков: Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы

23-февраль 2019, 14:28 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Мекен коргоочуларынын күнүнө карата куттуктоосу. «Урматтуу мекендештер! Баардыгыңыздарды Мекен коргоочуларынын күнү менен чын дилимден куттуктайм! Мекенди коргоо — Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы. Бүгүнкү жаркын майрам өлкөбүздүн бардык муундарынын башын бириктирип, бабаларыбыздын жакшы салттарын улап келет. Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз. Улуу Ата Мекендик ...

0 190

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы экспортко багытталган тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

22-февраль 2019, 09:28 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы “Баяна Стиль” тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.  Фабриканын ишмердүүлүгү тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мурат Тагаев жана ишкананын негиздөөчүсү Абдибаки Имаров, ошондой эле директору Айсулуу Абжапарова маалымат беришти. Фабрика 2018-жылы түзүлгөн, кийим тигүү менен алектенет жана шаардагы эң ири адистештирилген ишкана болуп саналат. Фабрикада 32 киши иштейт, алардын ...

0 236

Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот

21-февраль 2019, 14:57 Айдар Нуралиев

“Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Мамлекет башчысы ал президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын ...

0 314

Президент Баткенге бир күндүк иш сапары менен барды

20-февраль 2019, 16:58 Кызгалдак Жакыпова

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусундагы бир күндүк жумушчу сапары башталды. Ушу тапта президент Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун активи менен жолугушуп жатат. Андан кийин ал Өтүкчү айылында жаңы ачылып жаткан "Факел" чек ара тозотунун имаратынын ачылышына катышат. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 271

Сүрөт - Депутаттар Курманжан Датканын музейинен кабар алды

19-февраль 2019, 09:43 Перизат Кутманалиева

18-февралда Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы сөз кызматы билдирди. Көчмө жыйындын алкагында комитет мүчөлөрү Гүлчө айылындагы Курманжан Датканын музейинде болуп, тарыхый-маданий жайдын абалынан кабар алышты. Белгилей кетсек, аталган музейде Курманжан Датканын колдонгон буюмдарынан баштап, уулдары Камчыбек менен Абдылдабектин кымкап чепкендерине чейин сакталган. Улуу ...

0 366

Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чара

16-февраль 2019, 09:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн башкы командачысы  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу  иш чарага катышты. Президент Ооган согушунун ардагерлеринин  аскердик милдетин аткаруудагы эрдигине таазим этип, алардын эрдиги Мекенди коргоонун бийик үлгүсү болуп кала берерин билдирди. Ошондой эле Ооган согушунан  кайтпай калгандардын, мекенине келгенден кийин курман болгондорду эскерип, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты. Алардын жаркын элесин эскерүү үчүн ...

0 258

Сооронбай Жээнбеков: Ооган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги Мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, Мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет!

15-февраль 2019, 11:43 Айдар Нуралиев

«Ооган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштарыбыз үчүн Мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, Мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы командачысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-февралда Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу чогулушта. Мамлекет башчысы көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандыктар өз м лдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн ...

0 204

Сооронбай Жээнбеков министр Гүлмира Кудайбердиева менен өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселесин талкуулады

15-февраль 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда өлкөнүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алды. Өлкөдөгү жалпы, баштапкы, атайын орто жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды. Гүлмира Кудайбердиеванын маалыматы боюнча 1390 мектепке чейинки мекемелерде 187 миң бала тарбияланат. Оптимизациянын натыйжасында мектептердин алдында 7358 бала окуган мектепке чейинки 100 билим берүү мекемелери ачылган. 2018-жылы Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында 10 миң ...

0 170

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алды

15-февраль 2019, 09:31 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууга жана көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүккө абдан чоң маани берерин белгиледи. «Биз урматтуу Си Цзиньпин менен болгон достукту жана эки өлкө элдеринин ортосундагы достукту баалайбыз. 2019-жыл кыргыз-кытай мамилелериндеги маңыздуу жылдардан болот. ...

0 261

Сооронбай Жээнбеков министр Жанат Бейшенов менен өлкөнүн жол-транспорт комплексинин узак жана кыска мөөнөткө өнүктүрүү маселелерин талкуулады

13-февраль 2019, 17:16 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда өлкөнүн транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновду кабыл алды. Жанат Бейшенов Министрликтин 2018-жылдын жыйынтыктары, транспорт жана жолдор тармагында аткарылган жумуштар, жол-транспорт комплексинин узак жана кыска мөөнөттүү өнүгүү пландары, анын ичинде өлкөнү Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы жана аймактарды өнүктүрүүнүн багыттарына ылайык аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын кичи шаарлары жана айылдарында жалпы ...

0 213

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны кабыл алды

12-февраль 2019, 18:17 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сяо Цинхуаны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды. Мамлекет башчысы кыргыз тарап эки тараптуу кызматташууга жана көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүккө абдан чоң маани берерин белгиледи. «Биз урматтуу Си Цзиньпин менен болгон достукту жана эки өлкө элдеринин ортосундагы достукту баалайбыз. 201 9-жыл кыргыз-кытай мамилелериндеги маңыздуу жылдардан болот. ...

0 277

Улан Абилов КР Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

12-февраль 2019, 17:09 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Исмаилов Анарбек Касымович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу  ээлеген кызматынан бошотулду. Президенттин башка Жарлыгы менен Абилов Улан Женишович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Улан Абилов 2014-жылдан тартып аталган бөлүмдүн эксперти болуп эмгектенген, ал эми 2018-жылдын февраль айынан тартып ...

0 222

Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

11-февраль 2019, 17:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-февралда өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Кыргызстанда алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы иш-чаралар боюнча маселелер, ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун алдында турган актуалдуу пландар менен маселелер талкууланды. Министр Чыңгыз Айдарбеков министрликтин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2019-жылдын март айындагы Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиньдин ...

0 261

Сооронбай Жээнбеков Ирандын Президенти Хасан Роуханини Революция күнү менен куттуктады

11-февраль 2019, 13:57 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханини ислам ыңкылабынын жеңишинин 40 жылдыгы менен куттуктады. «Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Иран элин ислам ыңкылабынын жеңишинин мааракелүү 40 жылдыгы менен куттуктайм. Кыргыз Республикасы Иран Ислам Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берерин канааттануу менен белгилейм. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелер элдин жыргалчылыгы үчүн ...

0 380

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен жолугушту

11-февраль 2019, 08:20 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына болгон бир күндүк иш сапарынын алкагында Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшү тууралуу президенттик аппарат билдирди. Мамлекет башчылары эки тараптуу маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары 2019-жылдын март айынын аягына пландалган Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик визити талкууланды. Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын чакыруусун кабыл алып, Сочиге кыска, бирок абдан мазмундуу иш сапары менен ...

0 265

Сооронбай Жээнбеков ТүркПАнын Башкы катчысын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин Башкы катчысын кабыл алды

09-февраль 2019, 08:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Алтынбек Мамаюсуповду кабыл алды. Сооронбай Жээнбеков Алтынбек Мамаюсуповду ТүркПАнын Башкы катчысы кызматына дайындалышы менен куттуктап: «Сиздин келишиңиз менен Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгы жана көп тараптуу мамилелердин мындан ары дагы жакшыруусуна жана жогорку деңгээлге чыгарына ишенем», — деп билдирди. ТүркПА Башкы катчысы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык процессинде оң ...

0 376

Сооронбай Жээнбеков телефондон Путинге эмнелерди айтып берген?

08-февраль 2019, 09:42 Айдар Нуралиев

7-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашып, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жана ошондой эле Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына боло турчу мамлекеттик сапары тууралуу пикир алмашышты. Булак: NazarNews.kg

0 279

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-Кат ратификацияланды

07-февраль 2019, 17:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2013-жылдын 30-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Саламаттык сактоодогу натыйжалардын негизинде инновациялык ыкма боюнча донорлордун көп тараптуу трасттык фондунун администратору катары чыккан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууга (Саламаттык сактоодогу натыйжалардын негизинде каржылоонун пилоттук долбоору) (Грант №TF013310) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 13-декабрында ...

0 213

Сооронбай Жээнбеков Бишкектин орто окуу жайларына барды, ЖОЖдордун жетекчилиги жана студенттери менен жолугушту

07-февраль 2019, 09:56 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып, № 69 жана № 12-мектептерге барды.  Мамлекет башчысы № 69-мектептин класстык бөлүмдөрүн карап чыгып, окуучулар менен маектешти. Мектеп окуучулары Президент Сооронбай Жээнбековго предметтик сабактардын кандай өтүлөөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле окуучулар улуттук аспаптарда ойноп, гимнастикалык көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.  № 12-мектепте Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов борбордогу мектептердин абалы тууралуу маалымат берди.  Президент ...

0 234

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады

05-февраль 2019, 12:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди Жаз майрамы менен куттуктады. «Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Жаз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Жакында эле Кытай реформа жана ачык саясат жүргүзгөндүгүнүн 40 жылдыгын майрамдады. Бул саясатты жүргүзүүдө Сиздин мамлекетиңиз таасирдүү ийгиликтерге жетип, аймактык жана эл аралык иштер боюнча маанилүү ролду ишеничтүү аткарып келет. Буга үстүбүздөгү жылы Кытай Эл Республикасында өтө турган ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 253

Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө Мыйзамга кол коюлду

05-февраль 2019, 12:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» Мыйзамдын максаты мамлекеттик дотация механизмин киргизүү аркылуу артыкчылыкка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрүн айылдык товар ...

0 239

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

05-февраль 2019, 09:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Жарлыктын максаты —  Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо. Иш чараны эң жогорку улуттук деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83