www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 352

Сооронбай Жээнбеков РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту

04-февраль 2019, 14:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда Бишкекке расмий визит менен келген Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. «Биз россиялык досторубуз менен жолугушканга ар дайым кубанычтабыз. Сиздин расмий визитиңиз маанилүү саясий окуянын — Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алдында өтүп жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, министр Сергей Лавров менен жылуу учурашып. «Владимир Владимировичтин мамлекеттик визити биздин өлкөлөр ортосундагы ...

0 267

Сооронбай Жээнбеков: Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет

04-февраль 2019, 09:05 Кызгалдак Жакыпова

«Корчубек Акназаровдун өмүр жолу, өрнөгү эчендеген жаш муундарга үлгү, чоң сабак болуп кала берет!», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында. Мамлекет башчысы жалпы журттун аксакалы, замандын залкарларынын бири Корчубек Акназаров менен түбөлүк коштошуу, бул жаратылыштын мыйзамы болсо дагы элге, мамлекетке эбегейсиз зор салым кошкон ушундай инсандардын өтүп ...

0 587

Сооронбай Жээнбеков Кашкар Жунушалиевди кабыл алып эмне тапшырма берген?

02-февраль 2019, 12:12 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-февралда өлкөнүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алды. Ички иштер министри 2018-жылдын жыйынтыгы жана 2019-жылга карата пландар тууралуу айтып берди. Сот-укуктук реформанын алкагында милдеттерди ишке ашыруу, коррупция менен күрөшүү, ички иштер органдарынын катарын таза эмес кызматкерлерден тазалоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылдын январында 10 миңден ашуун кылмыштар жана жоруктар ...

0 309

Некролог - Корчубек Акназаров

02-февраль 2019, 09:38 Кызгалдак Жакыпова

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Элибиздин татыктуу уулу, көрүнүктүү советтик-партиялык, коомдук ишмер, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагындадүйнөдөн кайтты. Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.  К. Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларусь фронтунда ...

02-февраль 2019, 09:38 | 309
0 280

Сооронбай Жээнбеков: "Үч бийликтин бутагы эриш-аркак, биргеликте иштесе, мамлекетибиз өнүгөт"

31-январь 2019, 12:36 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында КР Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов ант беришти. Мамлекет башчысы жаңы өкмөт мүчөлөрүн ант бериши менен куттуктап, ант беришкен министрлер буга чейин  жооптуу иштерде иштеп, аздыр-көптүр тажрыйба топтогондорун, тажрыйбасын жана билимин колдонуп, эл күткөн ийгиликтерди алып келээрине ишенгенин белгиледи. Сооронбай ...

0 242

Сооронбай Жээнбеков: Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна шарт түзүшүбүз керек

30-январь 2019, 19:11 Кызгалдак Жакыпова

«Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна шарт түзүшүбүз керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-январда КР Коопсуздук Кеңешинин жыйынында. Жыйында «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселеси каралды. Мамлекет башчысы жерибиздин жаратылыш байлыктарынын жоопкерчиликсиз жана сарамжалсыз пайдаланылып жатканына бөгөт коюу — бул келечекке болгон негизги камкордук экенин белгиледи. «Кендерди казып ...

0 202

Сооронбай Жээнбеков: Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды тартууга коррупциялык жол менен лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатат

30-январь 2019, 13:20 Кызгалдак Жакыпова

«Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды  тартууга коррупциялык жол менен лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатат „, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2019-жылдын 30-январында, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында. Анда ‚Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө‘ маселе талкууланууда. Мамлекет башчысы жер казынасын сактоо,  жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту ...

0 292

Кызык, жаңы мыйзамдардан паракор аткаминерлерибиз кантип коргонот болду экен?

30-январь 2019, 08:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга жана бул адамдарды коргоо үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилеп, калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле ...

0 413

Кыргызстан менен Түркия Өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишим ратификацияланды

29-январь 2019, 14:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 9-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Аталган Келишимде эки өлкөнүн жарандары үчүн социалдык камсыздоо жаатында тең укуктарды түзүү каралган. Келишимге жана Келишимди ишке ашыруу боюнча Административдик макулдашууга ылайык эки өлкөнүн ...

0 186

Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды

29-январь 2019, 09:07 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын 2018-жылдагы ишмердигинин алдын ала жыйынтыктары, ошондой эле 2019-жылдагы мамлекеттик жогорку аудит органынын пландары тууралуу маалымат берди. Эсептөө палатасынын төрагасы белгилегендей, Эсептөө палатасынын эскертүүлөрүн аткаруу боюнча аудит объектилеринин иш-чаралар планына ылайык, төлөөлөрдүн ордун толтуруу Эсептөө палатасынын такай көзөмөлүндө турат. Мамлекет башчысы укук коргоо органдары ...

0 162

Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоорун  Каржылоо жөнүндө макулдашуу  ратификацияланды

28-январь 2019, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну („Digital CASA — Кыргыз Республикасы“ долбоору) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган. Мыйзам 2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши ...

0 359

Сооронбай Жээнбеков: Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күн 900 күндүк курчоодо калган адамдардын Жеңишке болгон үмүтүн жандырып, ишенимин ойготкон

26-январь 2019, 09:30 Кызгалдак Жакыпова

«Ленинград шаарын фашисттердин курчоосунан толук бошоткон күн 900 күндүк курчоодо калган адамдардын Жеңишке болгон үмүтүн жандырып, ишенимин ойготкон», — деп айтылат Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 27-январда белгилене турчу Ленинградды фашисттердин курчоосунан толук бошотуу күнүнө карата кайрылуусунда. Мамлекет башчысынын атынан кайрылууну бүгүн, 25-январда КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкектеги Лениград Блокадачыларынын эстелигинин жанында өткөн эскерүү митингинде окуду. Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусу толугу менен ...

0 632

Президент Сооронбай Жээнбековдун бир күндүк иши

25-январь 2019, 23:15 Кызгалдак Жакыпова

1. Жанат Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды Жанат Бейшенов Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри болуп дайындалды. Атайын жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. 2. Президент Сооронбай Жээнбеков Украина, Индия, Куба, Словакия жана Ливандын Элчилеринин Ишеним грамоталарын кабыл алды Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-январда Украинанын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Валерий Жовтенко, Индия Республикасынын Толук жана Ыйгарым ...

0 320

Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

25-январь 2019, 09:11 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда өлкөнүн футбол боюнча Улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды. Мамлекет башчысы курама команданын мүчөлөрүнө, машыктыруучуларына, дарыгерлерге жана Ата Мекендик футболдун өнүгүшүнө салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирип, аларга жаңы бийиктиктерди багындырууну каалады. КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кыргыз футболун колдоп, командага көңүл бурганы үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда футбол ...

0 306

Сооронбай Жээнбеков: "Жүрөктөрүбүз сыймыкка жана футболчулардын эң сонун оюну, жигиттерибиздин мекенчилдиги жана каармандыгы үчүн ыраазы болуу сезимдерине толуп турат"

24-январь 2019, 17:30 Кызгалдак Жакыпова

«Бул күндөрү биздин жүрөктөр өлкөбүз үчүн сыймыктануу жана силердин эң сонун оюнуңар, мекенчилдигиңер жана каарман эмгегиңер үчүн ыраазы болуу сезимдерине толуп турат», — деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын спортчуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо аземинде. Мамлекет башчысы ушул күндөрү өлкөбүздө көтөрүңкү маанай орноп, ар бир кыргызстандык мекенчилдик жана сыймыктануу сезимдерине бөлөнгөнүн баса белгиледи. «Силер өлкөбүздүн намысын ...

0 282

Данияр Сыдыков: Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө

24-январь 2019, 09:09 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргыз-россиялык мамилелерди, союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү илгерилетүү, достукту бекемдөө жана экономикалык долбоорлорду алга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келүүгө чакырган. Азыр тараптар бул маселенин үстүндө иштешүүдө. Россия Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 160

Сооронбай Жээнбеков министр Улукбек Кочкоров менен мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн автоматташтырылган системасын ишке ашыруу маселелерин талкуулады

24-январь 2019, 09:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. Эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Министр мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Президент Сооронбай Жээнбеков «Санариптик Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасынын жана ведомстволор аралык электрондук «Түндүк» системасынын негизинде мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнүн ...

0 437

Сооронбай Жээнбеков министр Улукбек Кочкоров менен мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн автоматташтырылган системасын ишке ашыруу маселелерин талкуулады

23-январь 2019, 16:11 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-январда өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. Эмгек жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын талаптарын ишке ашыруу маселелери талкууланды. Министр мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтырууну ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Президент Сооронбай Жээнбеков «Санариптик Кыргызстан» бирдиктүү санарип платформасынын жана ведомстволор аралык электрондук «Түндүк» системасынын негизинде мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүнүн ...

0 239

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

23-январь 2019, 09:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын ченемдериндеги карама-каршылыктарды, кемчиликтерди жана боштуктарды жокко чыгаруу, Евразия Экономикалык Биримдигинин укуктук ченемдик актылары менен гармонизациялоо жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ...

0 351

Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды

22-январь 2019, 16:52 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. УКМКнын өткөн жылдагы ишмердигинин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ...

0 251

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын парламентинин депутаттары менен жолугушту

22-январь 2019, 08:27 Кызгалдак Жакыпова

Үстүбүздөгү жылдын 21-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын парламентинин депутаттары Джевдет Йылмаз жана  Лютфи Элванды кабыл алды. Президенттик Аппараттын тараткан расмий маалыматтарына ылайык, бул жолугушууда 2018-жылдын сентябрь айында Бишкекте болуп өткөн Кыргызстан-Түркия жогорку жетекчилеринин стратегиялык кызматташуу боюнча кеңешинде макулдашылган маселелерди ишке ашыруу жумушу талкууланды.  Бул талкууланган маселелердин негизгилери болуп соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, маданий жана билим ...

0 347

Ломбарддардын иштөө тартиби өзгөрдү

21-январь 2019, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Ломбарддардын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизилди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган.  Мыйзам «Ломбарддардын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин жоболорун Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 341-беренесине ылайык келтирүү максатында кабыл алынган. Ага ылайык эгерде зайымчы белгиленген мөөнөттө зайымды тындырбаса, ...

0 349

Төрага Дастанбек Жумабеков менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ха Таёк эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселесин талкуулады

19-январь 2019, 09:37 Айдар Нуралиев

18-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ха Таёкту кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы жана байланыштардын келечеги тууралуу пикир алмашты. Төрага Дастанбек Жумабеков саясий байланыш жана парламенттер аралык кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгилеп, бул ...

0 554

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты

16-январь 2019, 17:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-январда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрагасы Бактыбек Шамкеевди кабыл алды. Мамлекеттик ипотеканы берүүдөгү пайыздык ченди азайтуу, ипотекалык насыяларды берүүнүн процессин жана механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланды. МИК төрагасы Бактыбек Шамкеев Мамлекеттик ипотекалык насыялоонун программасын ишке ашыруу боюнча пландар тууралуу айтып берди. Анын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар аркылуу ипотекалык рынокко узак мөөнөттүү ресурстарды киргизүү ишке ашырылууда, ал ипотекалык ...

0 444

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия, АКШ, Кытай жана Түштүк Кореядагы элчилерди дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду

16-январь 2019, 08:23 Кызгалдак Жакыпова

Бул кызматтарга талапкерлер Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде колдоо тапты. Аликбек Жекшенкулов, Болот Отунбаев, Динара Кемелова жана Канайым Бактыгулованын дипломаттык тажрыйбасы, иштеги артыкчылыктары эске алынган.  Элчилердин ар кандай билдирүүлөрү, дипломатияга гана эмес, жөнөкөй кызматтык этикага сыйбаган жүрүм-турумдары көп талкууларды жаратып келген. Мындан улам мамлекет башчысы өлкөнүн жүзү болгон элчилерди дайындоо маселесине кылдат мамиле жасоо керектигин белгилеген эле.  Элчилерге коюлган талаптар талапкерлерди кароо учурунда ...

0 856

Кызматында анчалык деле кадыры көтөрүлбөгөн Кадыр Токтогулов кызматынан тебилди

14-январь 2019, 18:34 Кызгалдак Жакыпова

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ жана Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Атайын Жарылыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.  Токтогулов Кадыр Мирбекович Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Канададагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кызматынан бошотулду. Булак: NazarNews.kg

0 437

КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев: ШКУнун алкагында 2019-жылдын апрель айынын үчүнчү декадасында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу өтөт

14-январь 2019, 08:39 Айдар Нуралиев

Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында 2019-жылдын апрель айынын үчүнчү декадасында Бишкекте ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук Кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди. Ал Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттер башчыларынын алдыда боло турган саммитинин алкагында Коргоо министрлигинин жетекчилеринин, Тышкы иштер министрлеринин жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйындары сыяктуу үч ири иш чараларды ...

0 281

Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын июнь айында Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин Саммитин өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү

12-январь 2019, 09:24 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Ал 2018-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүн эске салды. «Биз ШКУну өз ара ишенимге негизделген кызматташууну өркүндөтүүчү аянтча катары көрөбүз. ШКУнун кадыр-баркы жыл өткөн сайын бекемделүүдө. Ага мүчө ...

0 488

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

11-январь 2019, 13:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.  Жарлыктын тексти: «2018-жылы региондорду өнүктүрүү өлкөнү орто мөөнөттөгү келечекте өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыгы болуп аныкталган. Өзгөчө көңүл региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине бурулду. Дотациялуу калктуу конуштарда ачылган өнөр жай жана инновациялык ...

0 584

Президент Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барды

09-январь 2019, 19:46 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районуна болгон иш сапарынын алкагында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна барды. Бул борбор КР Эмгек жана Социалдык ѳнүгүү министрлигине карайт. Борбордун жетекчиси Айзада Асанованын айтымында, медициналык пункттун капиталдык оңдоп түзѳѳ иштерине жана дарылоо, физкультура кеңсесин оңдоп түзѳѳ иштерин жүргүзүүгө акча каражаты керектелет. Сооронбай Жээнбеков реабилитациялоо борборун карап чыгып, көйгөйлүү ...

0 389

Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районуна иш сапары менен барат

09-январь 2019, 10:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн региондору боюнча иш сапарларын улантууда. 2019-жылдагы алгачкы иш сапарын Мамлекет башчысы бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Сокулук районунан баштады. Иш сапарынын алкагында Президент Сокулук районунун тургундары менен жолугушат, «Агропродукт Азия»  айыл чарба логистикалык борбору жана «Империал Групп Компани» бут кийим чыгаруучу ишкана менен таанышат. Президент ошондой эле Сокулук районундагы ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендерди реабилитациялоо Борборуна да барат. Булак: NazarNews.kg

0 518

Бүгүн кыргыздын "Ак мөөрү" Эсенбүбү Нурманбетова менен коштошуу зыйнаты болот

04-январь 2019, 09:30 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз музыкалык искусствосу оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсенбүбү Нурманбетова 2019-жылдын 2-январында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Эсенбүбү Нурманбетова 1957-жылдын 13-июнунда Талас облусунун Арал айылында туулган. Эсенбүбү Нурманбетова 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтун, 1984-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1984-жылдан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында опера ырчысы катары ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 285

Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

29-декабрь 2018, 09:39 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёевди жана Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2019-жыл менен куттуктады. Кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Өзбекстанда мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн иш-чаралар өзгөчө белгиленди. Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келе жаткан жылдагы болочок иш-чараларды талкуулашты. Булак: NazarNews.kg

0 278

Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

28-декабрь 2018, 09:13 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан Президентин жана жалпы түркмөн элин келе жаткан 2019- жаңы жыл менен куттуктады. Мамлекет башчылары ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусун талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча 2019-жылга карата биргелешкен пландарды аныкташты. Булак: NazarNews.kg

0 240

Президент Сооронбай Жээнбеков: 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы укуктук мейкиндикте иштөө мезгили келди

27-декабрь 2018, 14:57 Кызгалдак Жакыпова

«2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы укуктук мейкиндикте иштөө мезгили келди», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынында. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.  Мамлекет башчысы даярдык стадиясы аяктап, жаңы укуктук мейкиндикте иштөө мезгили келгенин белгиледи. «Жарандарыбыздын арыздарын каттоодон баштап соттун өкүмү чыгып, анын аткарылышына чейинки аракеттер силердин иштегениңерге жараша болот. Ушул иштер ...

0 452

Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынын өткөрүп жатат

27-декабрь 2018, 10:23 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда соттук реформа боюнча Кеңештин жыйынын өткөрүп жатат. Күн тартибинде эки маселе каралууда: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жаңы долбоорлорун талкуулоо. Мамлекет башчысы 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы 5 кодекстер жана 2 мыйзамдар күчүнө кире турганын эске салды. «Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ...

0 260

Сооронбай Жээнбеков цунамиге байланыштуу Индонезиянын президентине көңүл айтты

26-декабрь 2018, 08:55 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков көп адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунамиге байланыштуу Индонезия Республикасынын Президенти Джоко Видодого көңүл айтты. «Көп сандаган адамдардын курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген, Индонезиянын Бантен жана Лампунг провинцияларындагы болуп өткөн цунами жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына ...

0 359

Сооронбай Жээнбеков: Мамлекетибиз дүйнө коомчулугунун алдыӊкы сабында болушу үчүн эң башкы роль билимдүү жана кесипкөй жаштарга таандык!

25-декабрь 2018, 16:09 Айдар Нуралиев

“Келечекте мамлекетибиз башкалардан артта калбай, дүйнө коомчулугунун алдыӊкы сабында болушу үчүн эң башкы роль билимдүү жана кесипкөй жаштарга таандык болот. Кыргызстандын келечеги мына силер – жаштарсыңар!”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшыруу аземинде. Мамлекет башчысы билим алууда мыкты ийгиликтерди жаратып, стипендияга татыктуу болушу менен студенттерди ...

0 281

Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өлкөнүн бардык областтарынан келген балдар үчүн Жаңы жылдык балаты өтөт

25-декабрь 2018, 14:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эртең, 26-декабрда Бишкек шаарында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын өтүүчү салттуу Жаңы жылдык балатыга катышат. Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан өткөрүлгөн Жаңы жылдык балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан мектеп курагындагы 1100 окуучу чакырылган. Алардын арасында – окуунун мыктылары, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана мелдештердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар бар. Булак: NazarNews.kg

0 251

Сооронбай Жээнбеков Соликамскидеги шахтада чыккан өрттө шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты

25-декабрь 2018, 09:02 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Соликамскидеги шахтада өрт чыгып, шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. «Соликамскидеги шахтада өрт чыгып, кенчилер трагедиялуу каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын жакындарына жана туугандырына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», -деп ...

0 279

Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту

24-декабрь 2018, 09:29 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрү, коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчысы жыл жыйынтыкталаар алдында Элдик апрель революциянын катышуучулары менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин  угуп, келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап коюуну ылайык тапкандыгын белгиледи. Анткени бүгүнкү катышуучулар менен 2018-жылдын 5-апрелинде  жолугушуп, анда жылына эки жолу отурум өткөрүү сунушу колдоого ...

0 266

Сооронбай Жээнбеков: Мен эч качан элдин кызыкчылыгын сатпайм!

20-декабрь 2018, 09:17 Кызгалдак Жакыпова

“Мен эч качан элдин кызыкчылыгын сатпайм!”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-декабрда 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында. Үч сааттан ашуун созулган маалымат жыйынында 40 журналист 80ден ашык суроо беришти. Журналисттерди тышкы жана ички саясат, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, экономиканы өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү, укук коргоо органдарынын реформасы, сот-укуктук реформалар ж.б. ар кыл маселелер кызыктырды. Ошондой эле Мамлекет башчысынын үй-бүлөсү ...

0 328

Сооронбай Жээнбеков: Мамлекеттин миграциялык саясаты жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга, айрыкча балдардын кызыкчылыктарын коргоого багытталууга тийиш

18-декабрь 2018, 12:31 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Эл аралык мигранттар күнүнө карата кайрылуусу. «Урматтуу мекендештер! Бүгүн дүйнө коомчулугу өз эмгеги менен чет өлкөдө эмгектенип, үй-бүлөсүнө жакшы турмуш шарттарын түзүүгө умтулгандардын күнүн белгилеп жатат. Чет мамлекеттерде иштеп жаткан мекендештерибиздин эмгегин биз жогору баалайбыз. Алар — Кыргызстанда маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашырып жаткан экономикалык инвесторлор. Кыргыз Республикасынын миграциялык саясаты жарандарыбыздын турмушун жакшыртууга, айрыкча үй-бүлөнүн камкордугунда тарбиялана турган балдардын кызыкчылыктарын коргоого ...

0 460

ФОТО - Айыл өкмөттөрдө кайсы мыйзамдар көп бузулуп жаткандыгы аныкталып, аларды болтурбай коюу мүмкүндүгү талдоого алынышы керек

18-декабрь 2018, 08:21 Айдар Нуралиев

17-декабрда Жогорку Кеӊеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин демилгеси менен «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө арналган парламенттик угуу өттү. Иш-чарага өкмөт өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Талкуунун жүрүшүндө ...

0 296

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

17-декабрь 2018, 09:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.  «Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Сизди Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм. Казакстан көз карандысыздык жылдары, Сиздин жетекчилигиӊиздин астында олуттуу ийгиликтерге жетишти. Сиз демилгелеген масштабдуу мамлекеттик кайра өзгөртүүлөр жана реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүүсүнө, элдин бакубатчылыгынын жогорулашына жана эл аралык аренада Казакстандын ...

0 317

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

15-декабрь 2018, 14:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президентиик аппараттын маалымат кызматы билдирет. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган. Протокол менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 10-беренесинин 2-пунктуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин курамына ...

0 408

СҮРӨТ: Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү

15-декабрь 2018, 09:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Дастан Догоев 2019-2023-жылдарга карата «Санариптик Кыргызстан» санарип трансформациясынын Концепциясынын презентациясын жасады. Мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик бутактарынын башчылары — Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Джумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев инновациялык технологияларды кеңири колдонуу зарылдыгын белгилешти. Концепцияны талкуулоо учурунда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара ...

0 1630

Президент Эрдоганга көңүл айтты

14-декабрь 2018, 18:30 Жазгүл Урманбетова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынын кесепетинен Түркиянын көптөгөн жарандарынын курман болгондугуна байланыштуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет. «Анкара-Конья каттамындагы темир жол кырсыгынын кесепетинен Түркиянын көп сандагы жарандарынын курман болгондугу тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун бир туугандарынын жана жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 342

Кыргыз-кытай эки жактуу кызматташтыгын өркүндөтүү талкууланды

14-декабрь 2018, 09:21 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун Мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасынын орун басары Ван Чэнь мырза менен жолугушту деп билдирет өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы. Жолугушуу Кытай Эл Республикасынын Цзянсу провинциясынын Янчжоу шаарына «Жибек Жолу боюндагы цивилизациялардын биригүүсү жана өз ара пайдалуу негиздеги кызматташтыктын тереңдеши» темасындагы VI Кытай ...

0 459

Каржы министри дайындалды

13-декабрь 2018, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Жеенбаева Бактыгүл Жаныбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын финансы министри болуп дайындалды. Аталган жарлыкка КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Белгилей кетсек, мурдагы финансы министри Адылбек Касымалиев 6-декабрда кызматтан кеткен. Булак: NazarNews.kg

13-декабрь 2018, 16:44 | 459
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83