www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Расмий кабарлар
0 330

Президент Нил Маккейнди кабыл алды

11-декабрь 2018, 15:53 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейнди кабыл алды. Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан ЕРӨБ долбоорлору боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ЕРӨБгө ыраазычылык билдирди. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн Мамлекет башчысына Кыргызстандагы долбоорлорду ...

0 361

Президент КРнын Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

11-декабрь 2018, 11:05 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында 2018-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлөт. Жыйында «Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралат. Булак: NazarNews.kg

0 373

Сооронбай Жээнбеков: Адам укугунун жалпы декларациясында камтылган идеялар кыргыз коомунун менталитетине, дүйнө таанымына туура келет

10-декабрь 2018, 10:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-декабрда Кыргызстандын Конституциясынын 25 жылдыгына, Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына жана Адам укугунун жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган конференцияга катышып жатат деп билдирет президенттик аппараттын маалымат кызматы. Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу мекендештерим! Урматтуу депутаттар! Урматтуу Озонния Ожиело мырза! Айымдар жана мырзалар! Бүгүн биз абдан салтанаттуу жыйынга чогулуп, жүз көрүшүп жатабыз. Бир эле убакта үч мааракеге — Кыргызстандын Конституциясынын ...

0 639

Президент Сооронбай Жээнбеков: Чиновниктердин мыйзамсыз топтогон байлыктарын тууган-туушкандарына жана башкаларга каттатып, жоопкерчиликтен качуу системасын сындыра баштадык

10-декабрь 2018, 08:52 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусу. Бул тууралуу президент басма сөз кызматы билдирди. «Урматтуу мекендештерим! Жыл сайын 9-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси боюнча,  Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет. Бул күн азыркы глобалдуу проблемалардын бири жөнүндө, анын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү жолдору тууралуу ойлонууга түрткү болот. Коррупция — бул коомдун бардык чөйрөлөрүнө мите курттай сүңгүгөн, мамлекеттин натыйжалуу ...

0 353

Сооронбай Жээнбеков: Телекөрсөтүү жана радио дүйнөдө, өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу ыкчам маалымат алуунун негизги булагы

08-декабрь 2018, 11:51 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! 1958-жылдын 8-декабрында Кыргызстанда эң алгачкы телепрограмма эфирге чыккан. Андан бери өткөн 60 жыл ичинде кыргыз телекөрсөтүүсү жана радиосу өзүнүн өнүгүү жолунда зор өзгөрүүлөргө жетишти. Бүгүн телекөрсөтүү жана радио дүйнөдө, өлкөдө болуп ...

0 566

ВИДЕО: Москвада президент Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышты

08-декабрь 2018, 11:50 Кызгалдак Жакыпова

«Биз бүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана элесине Кыргызстанда гана эмес, Россияда да чоң сый-урмат менен мамиле кылаарына дагы бир ирет ынанып отурабыз», — деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-декабрда, Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында, Москва шаарында кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин ачуу аземинде. Мамлекет башчысы бул маанилүү күн менен куттуктап жана эстеликти курууга катышкандардын баардыгына ыраазычылык билдирди. «Биз бүгүн Чыңгыз Айтматовдун ...

0 279

Сооронбай Жээнбеков ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты

07-декабрь 2018, 08:54 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарында иш сапар менен болду. Мамлекет башчысы Жаматтык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты. Сессиянын аягында жыйынтыктоочу документтерге кол коюлду. ЖККУ мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан өлкөлөрүнүн Президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты. ЖККУда төрагалык Казакстандан Кыргызстанга өттү. Булак: NazarNews.kg

0 362

ЕАЭБтин Кытай менен соода-экономикалык кызматташтык тууралуу макулдашуунун милдеттүүлүгү жана Иран менен эркин соода аймагын түзүүгө багытталган Убактылуу макулдашууга тууралуу чечим кабыл алынды

06-декабрь 2018, 20:44 Кызгалдак Жакыпова

Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы менен, 2018-жылдын 17-майындагы бир тараптан Евразиялык экономикалык биримдик, анын мүчө-мамлекеттери жана экинчи тараптан  Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган Убактылуу макулдашууга тууралуу чечим кабыл алынды.  Ошондой эле 2018-жылдын 17-майында бир тараптан Евразиялык экономикалык биримдик, анын мүчө-мамлекеттери жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы түзүлгөн соода-экономикалык кызматташтык туурасында Макулдашууну күчүнө киргизүү ...

0 405

ФОТОРЕПОРТАЖ - Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана жумушчу күчүнүн ЕАЭБ мейкиндигинде жүрүү эркиндигин ишке ашырып, тоскоолдуктарды жоюшубуз керек

06-декабрь 2018, 19:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышып жатат. Сүрөткө түшүү аземинен соң Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин мүчөлөрү тар жана кеңейтилген курамдардагы жолугушууга бет алышты. Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууну уюштурганы, жылуу кабыл алуусу жана меймандостугу үчүн россиялык тарапка  жана Россия Президенти Владимир Путинге ыраазылык билдирди жана 2018-жылы Биримдиктин органдарындагы төрагалыгынын ийгиликтүү жана жемиштүү аякташы ...

0 449

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Санкт-Петербург шаарына келди

06-декабрь 2018, 14:33 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп келди. 7-декабрда Мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат. Булак: NazarNews.kg

0 324

Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти

06-декабрь 2018, 09:14 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-декабрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. 7-декабрда Мамлекет башчысы Москва шаарына иш сапары менен барып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышат. Булак: NazarNews.kg

0 326

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

05-декабрь 2018, 09:44 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2018-жылдын 4-декабрында, Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары эки тараптуу кыргыз-казак кызматташуунун актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулар кандай аткарылып жаткандыгын, ошондой эле алдыда боло турган көп тараптуу эл аралык иш-чараларга катышууну талкуулашты деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. Булак: NazarNews.kg

0 350

Сооронбай Жээнбеков: Эгемендүү мамлекетибиз алдыга койгон асыл максаттарды ишке ашырууда «Манас» бизге көөнөрбөс казына болуп кала берет

05-декабрь 2018, 09:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Манас күнүнө карата куттуктоосу. «Урматтуу мекендештерим! »Манас« — кыргыз элинин улуттук байлыгы. Элдик оозеки чыгармачылыктын теңдешсиз эстелиги. Дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври. Асыл ойдун алтын казынасы. Эпос кыргыздардын тарыхын, каада-салтын, руханий байлыгын  жана дүйнө таанымын чагылдырат. Тынчтыкты, ынтымакты туу тутуп, биримдикте өнүгүү идеясын, мекенчилдик, жаратмандык  жана адилеттүүлүк касиеттерин даңазалайт. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпосубуз Кыргызстан элинин гана эмес, жалпы адамзаттын руханий жана ...

0 321

Сооронбай Жээнбеков «Социалдык ишкерлер ассоциациясы» жана «Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту

04-декабрь 2018, 08:28 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-декабрда Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу «Социалдык ишкерлер ассоциациясы» жана «Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» коомдук уюмдардын өкүлдөрү Мирбек Асангариев  жана Сейнеп Дыйканбаева менен жолугушту. Мирбек Асангариев менен Сейнеп Дыйканбаева коомдук уюмдарынын аткарган иштери жөнүндө кыскача маалымат беришип, социалдык саясат тармагында жалпы абал тууралуу айтып беришти. Алар негизги ресурстарды жана жардамдарды чындап буга зар болгондор алып, аларга татыктуу ...

0 274

Сооронбай Жээнбеков: Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга колдоо көрсөтүү — мамлекетибиздин социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттардын бири болуп кала берет

03-декабрь 2018, 12:34 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуусу «Урматтуу мекендештер! Жыл сайын ушул күндү белгилөө — майыптарга  өзгөчө камкордук көрүү зарыл экенин эскертип турат. Майыптарга карата жасалган мамиле — коомдун гумандуулугунун көрсөткүчү. Мамлекетибиздин милдети — аларга колдоо көрсөтүп, көмөктөшүү. Жашоосуна, эмгектенишине, социалдык жана маданий талаптары аткарылышына  тиешелүү шарттарды түзүп берүү. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарыбызга жардам көрсөтүү — мамлекетибиздин социалдык саясатында мындан ары дагы артыкчылыктуу багыттардын бири ...

0 371

Сооронбай Жээнбеков ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга каражат бөлдү

03-декабрь 2018, 12:10 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (ар бир министрликке — 2 500 000 сомдон) Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 5 000 000 сом бөлүндү. Булак: NazarNews.kg

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1056

Президент Сооронбай Жээнбеков  Дональд Трампка көңүл айтты

01-декабрь 2018, 14:56 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампка АКШнын мурдагы президенти Джорж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты деп билдирет президенттик аппараттын маалымат кызматы. «Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти, дүйнөлүк масштабдагы чыгаан саясатчы жана дипломат Джордж Буш-улуусу дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Сизге, жалпы Америка элине, ...

0 807

Жаңы башчы дайындалды

01-декабрь 2018, 14:06 Айдар Нуралиев

Орозалиев Акылбек Атабекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул жарлыкка КР Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Булак: NazarNews.kg  

01-декабрь 2018, 14:06 | 807
0 393

Сот-укук реформасынын алкагындагы иш чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун кезектеги жумушчу жыйын өткөрүлдү

01-декабрь 2018, 08:41 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, эксперттик жумушчу топтун жетекчиси (ЭЖТ) Алмамбет Салиевдин төрагалыгы алдында Сот-укук реформасынын алкагындагы иш чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү жана ушул иш чараларга тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан кеңейтилген курамдагы кезектеги жумушчу жыйын өткөрүлдү. Жумушчу жыйында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин түзүүнүн (КЖБР), пробация системасын түзүүнүн жана сот системасынын жаңы шарттарда иштөөгө даярдык көрүүнүн ...

0 356

Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы президенти Саломе Зурабишвилини жеңиши менен куттуктады

30-ноябрь 2018, 16:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган Президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады деп билдирет президенттик аппараттын маалымат кызматы. «Грузиянын Президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем. Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат ...

0 325

Сооронбай Жээнбеков «Россия темир жолдору» ААКтын башкы директору Олег Белозеровду кабыл алды

30-ноябрь 2018, 09:31 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда «Россия темир жолдору» ААКтын («РТЖ») башкы директору Олег Белозеровду кабыл алды деп билдирет президенттик аппараттын маалымат кызматы. Мамлекет башчысы стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө жана активдештирүү  зарылдыгына негизделген Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы саясий кызматташуунун жогорку деңгээлин белгиледи. «Эки тарапта тең темир жолдору кызматташтыгында ишке ашырылбаган чоң потенциал бар. Сиздин Кыргызстанга келишиңиз Россиянын Президенти ...

0 261

Сооронбай Жээнбеков БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесовду кабыл алды

29-ноябрь 2018, 08:54 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда глобалдуу программанын жетекчиси, айыгышкан экстремиздин алдын алуу боюнча БУУӨПтин Атайын кеңешчиси Александр Аванесовду жана БУУ менен БУУӨПтин Контртеррористтик башкармалыгынын  делегациясын кабыл алды. Бул туурауу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирген. Экстремизмге жана радикализмге биргелешип каршы туруу боюнча  маселелер жана чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстан БУУнун Глобалдуу антитеррористтик стратегиясын ишке ашыруу үчүн олуттуу  күч аракет жумшап жаткандыгын ...

0 274

Сооронбай Жээнбеков Чүй облусундагы Токмок шаарынын өндүрүш ишканалары менен таанышты

28-ноябрь 2018, 08:54 Перизат Кутманалиева

Кыргыз Республиксынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда Чүй облусунун Токмок шаарындагы өндүрүш ишканалары менен таанышты. Мамлекет башчысы текстиль кийимдерин чыгарган «Viva Tex» жана «КазГрейн» ЖЧК “Макарон азыктарынын комплекси” ишканаларында болду. Андан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков реконструкцияланган “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасын көрүп чыкты. Бул жерде шаардагы мамлекеттик, медициналык жана билим берүү мекемелерин жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жаңы буу казандары, химиялык агрегат ...

0 353

Сооронбай Жээнбеков: Өлкөдө өндүрүш көп болсо, мекендештерибиз акча табабыз деп үйлөрүн таштап, сыртка кетпейт эле

27-ноябрь 2018, 14:25 Перизат Кутманалиева

«Биздин мамлекеттик саясат бүгүн өлкөнүн өнүгүшүнө, жарандарын жашоо-турмушунун жакшыруусуна көмөкчү боло турган ишкерлерди колдоого багытталган. Өлкөнүн финансы институттарынын бардык ресурстары айылды өнүктүрүүгө жана аймактарда ишкерликти колдоого багытталган. Өлкөдө өндүрүш канчалык көп болсо, жумушчу орундар ошончолук көп болот жана мекендештерибиз үйлөрүн таштап, акча табабыз деп сыртка кетпейт эле», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда, Чүй облусунун Токмок шаарында ...

0 582

ВИДЕО: Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинен айрым учурлар

24-ноябрь 2018, 12:59 Кызгалдак Жакыпова

Бүгүн, 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткарууга киришкенине туптуура бир жыл болду. Ал 2017-жылдын 24-ноябрында салтанаттуу инаугурацияда расмий түрдө кызматына киришкен. Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык президенттик ишинен айрым учурлар төмөнкү фото материалдарда. Булак: NazarNews.kg

0 369

Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

23-ноябрь 2018, 09:16 Кызгалдак Жакыпова

«Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруп, алар менен иштөөнү жакшыртуу, жарандарды жеке кабыл алууларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жөнүндө айткан сөздөрүнүн натыйжасында жарандардын Мамлекет башчысынын атына, анын Аппаратынын дарегине жарандардын кайрылууларынын саны кескин көбөйгөндүгү байкалууда», -деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов, Президенттин бир жылдык ишинин жыйынтыктары тууралуу кеп кылып. Сооронбай Жээнбеков Президенттик кызматына киришип ...

0 603

Сооронбай Жээнбеков: Жоламандын ийгилиги — жалпы кыргызстандыктардын ийгилиги

22-ноябрь 2018, 18:49 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-ноябрда Венгриянын Будапешт шаарында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалын жеңген Жоламан Шаршенбеков жана анын машыктыруучусу Хаким Махмудов менен жолукту. Мамлекет башчысы аларды дүйнө чемпионатындагы жетишкендиги менен куттуктап, өлкөнүн спортчулары чоң ийгиликтерге жетишип, баарын кубантып жатканын белгиледи. «45 өлкөнүн спортчулары катышкан Азия оюндарында кыргызстандык 20 азамат байгелүү орундарды жеңип алышты. Биздин спортчулар өлкөбүздүн тарыхында биринчи ...

0 870

Эркебай Мурзабеков жаңы кызматка дайындалды

22-ноябрь 2018, 11:02 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык Мурзабеков Эркебай Рустамович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору болуп дайындалды. Ал акыркы жолу «РСК банк» ААКнында гендиректор кызматын аркалаган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү буйруктары менен Касымов Жыргалбек Туратбекович жана Джумашев Саматбек Аспекович Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору кызматтарынан бошотулду. Булак: NazarNews.kg

0 450

Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө

22-ноябрь 2018, 10:40 Кызгалдак Жакыпова

«Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруп, алар менен иштөөнү жакшыртуу, жарандарды жеке кабыл алууларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жөнүндө айткан сөздөрүнүн натыйжасында жарандардын Мамлекет башчысынын атына, анын Аппаратынын дарегине жарандардын кайрылууларынын саны кескин көбөйгөндүгү байкалууда», -деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Саякбай Субанов, Президенттин бир жылдык ишинин жыйынтыктары тууралуу кеп кылып. Сооронбай Жээнбеков Президенттик кызматына киришип ...

0 334

Сооронбай Жээнбеков мамлекетти өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында өлкө парламентинин жана өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен дайыма жолугушуп турат

21-ноябрь 2018, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сороонбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, өлкө парламентинин жана өкмөттүн мурдагы жетекчилери менен жолугушту. Экс-премьер-министрлер менен экс-спикерлер коомдун түрдүү өкүлдөрү менен күн тартибиндеги проблемаларды талкуулоо аркылуу коомдун башын бириктирүү боюнча Президенттин демилгесин колдоого алышты. Ошону менен катар өлкөдөгү азыркы абал боюнча сунуштарын жана сын пикирлерин билдирип, өлкөнү өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин айтышты. Сунуштар негизинен калктын мамлекеттик бийликке ишенимин бекемдөө, экономиканы, региондорду өнүктүрүү, ...

0 576

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек

20-ноябрь 2018, 12:33 Кызгалдак Жакыпова

«Кыргызстандын саясий элитасы бири-бирин сыйлаганды, бири-бирин укканды үйрөнүшү керек. Алар конструктивдүү кызматташа алса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-спикерлери жана экс-премьер-министрлер менен жолугушуу учурунда. «Бүгүнкү жолугушуунун башкы максаты — бир аянтчада өлкөнү өнүктүрүүнүн маселелерин  талкуулоо», — деп белгиледи Президент. Келечекте сырткы жана ички саясатка тиешелүү түмөндөгөн чакырыктар күтүлүүдө, ...

0 342

Гемодиализ алгандардын азыркы эсеби 634 кишиге жетти

20-ноябрь 2018, 08:33 Кызгалдак Жакыпова

Гемодиализ алууга, - деп кезекте тургандардын саны арбып жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Бул тууралуу жагдайга депутат Алмазбек Токторов кайрылып, алардын керектөөлөрүнө каралган каражаттардын эсебин Каржы министрлигинен тактады.  Анткени,  бүгүн, 19 – ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрүн караган эле. Депутат, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 327

Мухаммедкалый Абылгазиев: Биз жаңы өндүрүш объектилерин ачуу менен катар, күч-аракетибизди «Дастан» сыяктуу ишканаларды колдоого багыттайбыз

20-ноябрь 2018, 08:17 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Дастан» Трансулуттук корпорациясы» ААК барды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Өндүрүш боюнча директор Сергей Дробышевдин айтымында, завод дүйнөлүк стандарттардын заманбап талаптарына жооп берген продукцияны өндүрүүгө жөндөмдүү уникалдуу технологиялык базасы бар көп тармактуу ишкана болуп саналат. Завод Ысык-Көл боюнда тажрыйба жүргүзүү полигонуна ээ, ал «Дастан» корпорациясына жалпы навигациялык жабдууларды тийиштүү деңиздик сыноолордон өткөрүүгө мүмкүндүк берет. «Колдогу жабдуулар ...

0 347

Эксперттик «Тегерек стол» «Санариптик Кыргызстан — 2019-2023 санариптик трансформация Улуттук программанын Концепциясын» талкуулады

19-ноябрь 2018, 08:29 Айдар Нуралиев

Бишкекте «Санариптик Кыргызстан — 2019-2023 санариптик трансформациясы Улуттук программасынын Концепциясы» боюнча эксперттик «Тегерек стол» өттү. Бул тууралуу маалыматты президент басма сөз кызматы билдирди. Иш чаранын максаты: санариптик трансформация боюнча мыкты чечимдерди издөө, башка мамлекеттердин тажрыйбасынын эске алуу менен, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эксперттик жана бизнес коомчулугу тарабынан сунушталган Улуттук программанын Концепциясын, жаңы кадамдарды, идеяларды  талкуулоо. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткарууда Улуттук ...

0 1878

КСДП куттуктабаса койсун деп, экс президент Сооронбай Жээнбековду куттуктады

17-ноябрь 2018, 21:55 Кызгалдак Жакыпова

Экс-президент Роза Отунбаева Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. «Сизди 60 жаш кутман курак мааракеңиз менен чын ыкластан куттуктайм! Сиздин саясий жана мамлекеттик ишмердигиңиз эгемендүү Кыргыз Республикасынын жаңы түптөлүү мезгилине, өткөн 27 жыл ичиндеги оор сыноолордун жана чукул бурулуштардын учуруна туш келди. Өткөөл мезгилдин мектеби Сизди такшалтты, чоң тажырыйба топтодуңуз. Жогорку Кеңештин депутаты катарындабы, Өкмөт мүчөсү катарындабы же ...

0 353

Сооронбай Жээнбеков кинематографисттерди Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады

17-ноябрь 2018, 11:32 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  өлкөнүн  кинематографисттерин кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу  кино ишмерлери жана кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар —  Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм! Кыргызстан кинематографиясы  санжыралуу тарыхка ээ. Кыргыз киночуларынын  жараткан образдары элибиздин рухий кенчине, дүйнө таанымына  өзгөчө таасир берип, бүтүндөй бир муундун көркөм дүйнөсүнө айланды. Дүйнөлүк  коомчулук  учурунда улуттук кинобузду  „кыргыз керемети“ деп жогору баалаган. Улуттук  кинематографтын  ...

0 311

Режеп Тайип Эрдоган: "Кыргызстан чечкиндүү лидерлигиңиз менен туруктуулугун күчтөндүрүп өнүгүү жолунда чечкиндүү кадамдар менен алдыга сапар алуусу улутубуз тарабынан жактыруу менен бааланып жатат"

17-ноябрь 2018, 09:04 Кызгалдак Жакыпова

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. «Урматтуу Президент, туулган күнүңүздү жакшы тилектерим менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Боордош жана дос Кыргызстандын, чечкиндүү лидерлигиңиз менен туруктуулугун күчтөндүрүп өнүгүү жолунда чечкиндүү кадамдар менен алдыга сапар алуусу улутубуз тарабынан жактыруу менен бааланып жатат. Боордоштуктан күч алган өлкөлөрүбүз арасындагы тамырдуу жана көп тараптуу тилектештик жана кызматташтык дагы илгерилээрине  толук ...

0 374

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

16-ноябрь 2018, 17:10 Кызгалдак Жакыпова

Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. «60 жылдык мааракеңизге байланыштуу чын ниеттен чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз. Кесипкөйлүгүңүзгө жана турмуштук мол тажрыйбаңызга негизденген Сиздин ишмердигиңиз мындан ары да Кыргыз Республикасынын ар тараптан гүлдөп-өнүгүшүнө, анын эл аралык деңгээлдеги аброюнун өсүшүнө жана элиңиздин асыл максат-тилектерине жетишине өбөлгө болушуна тилектешмин. Орток руханий баалуулуктарга, сан кылымдардан берки салттуу достугубузга ...

0 965

Сооронбай Жээнбеков: Атамбаев баарына "досум" же "партиялышым" деп кайрылат. Бирок чыныгы дос ал кылгандай кыянатчылыктын бирин да кылбайт болчу...

16-ноябрь 2018, 14:05 Кызгалдак Жакыпова

Президент салтка айланган адатты бузуп өзүнүн биринчи маегин көз карандысыз 24.kg. маалымат агенттигине берди. Мындан сырткары ал Алмазбек Атамбаев жөнүндө да өзүнүн пикирин билдирген.  Об Алмазбеке Атамбаеве — Лозунг вашей предвыборной гонки — «Продолжить путь». То есть продолжить путь Алмазбека Атамбаева. Когда вы последний раз разговаривали с экс-президентом? — Мой лозунг «Продолжить путь» в кыргызском варианте звучит так: «Кыргыз көчү жолун улайт» («Кыргызское кочевье продолжает путь»). Этот путь — не мой или ваш, или чей-то ...

0 395

Владимир Путин: "Сиздин жеке салымыңыз абдан салмактуу"

16-ноябрь 2018, 13:50 Кызгалдак Жакыпова

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады. «Сиз мекендештериңиздин зор урматтоосуна ээсиз жана чет мамлекеттерде кадыр-баркыңыз жогору. Мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди жылдырууда Сиздин жеке салымыңыз абдан салмактуу. Эки тараптуу жана эл аралык күн тартиби боюнча конструктивдүү диалогубузду жана биргелешкен жемиштүү иштерди улантабыз ...

0 278

Бишкекте «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясы өтүп жатат

16-ноябрь 2018, 08:50 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбековдун катышуусу менен бүгүн, 15-ноябрда  «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясынын ачылыш аземи өткөрүлүп, Мамлекет башчысы сөз сүйлөдү. Эл аралык  конференцияда Борбор Азия боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү Наталья Герман, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсе  башчысы Пьер фон Аркс, Кыргызстандагы Пакистандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кази-Хабиб-Ур-Рахман, Афганистан Ислам Республикасынын вакф жана ислам иштери боюнча министри Фаиз Османи, ...

0 436

Сооронбай Жээнбеков: Мамлекет айылдык товар өндүрүүчүлөрдү ар тараптан колдойт

15-ноябрь 2018, 13:15 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу айыл чарба кызматкерлери, фермерлер жана дыйкандар! Сиздерди, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктайм! Өлкөбүз эгемендүүлүккө жетишкенден бери айыл чарба тармагы чоң өзгөрүүлөргө дуушар болду. Өлкөдө жүргүзүлгөн жер жана агрардык реформанын негизинде айыл чарба багытындагы жерлер ...

0 278

Сооронбай Жээнбеков: "Шериктештиктин чек ара салттарын жана жакшы саамалыктарын сактап гана калбастан, аны тереңдеткенине кубанычтамын"

15-ноябрь 2018, 08:41 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңешинин 80-мааракелик жыйынынын катышуучулары менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тышкы  жана ички саясатындагы негизги маселелердин бири экендигин белгиледи. «Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин Чек ара аскерлеринин командирлеринин Кеңеши жалпы тарыхый тамырларыбызга, улуттук кызыкчылыктардын окшоштуктарына жана менталитеттердин жакындыгына таянып,  чек ара салттарын жана жакшы саамалыктарын сактап ...

0 519

Сооронбай Жээнбеков: Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет

14-ноябрь 2018, 11:37 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековдун, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун КР Жогорку Кеңешиндеги ант берүү аземине катышты. Мамлекет башчысы үч жаңы министр тең иштин майын чыгара турган курактагы адистер экенин белгиледи. “Сыноо алдыда, азыраак уктап, көбүрөөк иштегиле. Талыкпаган эмгек менен гана кадыр-барк келет. Берген антты дайым ...

0 557

Комитет Өзбекстандагы элчи кызматына Жунусовдун талапкерлигин жактырды

13-ноябрь 2018, 12:02 Кызгалдак Жакыпова

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 13-ноябрда Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси кызматына Ибрагим Жунусовдун талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Азаттык билдирди. Жунусовду бул кызматка Тышкы иштер министрлиги сунуштаган. Ибрагим Жунусов 2014-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеп келатат. ​ Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Данияр Сыдыков 2018-жылдын март айында президенттик аппараттын тышкы иштер саясаты бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Булак: NazarNews.kg

0 445

Сооронбай Жээнбеков: Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат

13-ноябрь 2018, 08:20 Кызгалдак Жакыпова

«Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, Бишкек шаарында  республика жаштарынын  конгрессинин ачылышында. Элзар Тилебалды уулу тартуулаган «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен таанышып чыгып, Президент  мамлекет башкаруучулардын улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жаткандыгын белгилеп,  бир кезде «100 менеджер» кыймылы түзүлгөн Япониянын тажрыйбасын мисалга келтирди. «Билимдүү, иштерман, жаңы көз караштардагы жаш адамдар ...

0 317

Бишкекте «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык фестиваль башталды

13-ноябрь 2018, 08:10 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте кече, 12-ноябрда «Айтматов жана театр» эл аралык театралдык  фестиваль  өз ишин баштады деп билдирет президенттин басма сөз катчысы. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков фестивалдын катышуучуларына куттуктоо жолдоду. «Бүгүн бизди гениалдуу жазуучу, философ жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун залкар чыгармачылыгы баш коштуруп турат. Айтматов жана театр — бул чыгармачыл айкалышуунун символу», — деп белгиленет куттуктоодо. Мамлекет башчысы куттуктоосунда  Айтматовдун чыгармачылыгы  искусствонун бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз болоору белгиленет. ...

0 311

Төрага баштаган делегация Париж тынчтык форумуна катышты

12-ноябрь 2018, 17:58 Кызгалдак Жакыпова

11-12-ноябрь күндөрү Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Биринчи Дүйнөлүк согуштун аяктагандыгынын 100 жылдыгына карата Париж шаарында алтымыш мамлекеттин жетекчилеринин катышуусу менен өткөн иш-чарага катышты.     Аталган иш-чаранын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков менен Франция Республикасынын Президенти Эммануэль Макрондун жолугушуусу өттү. Жолугушууда Төрага Франция мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун дубай саламын билдирди. Аны менен катар Дастанбек Жумабеков Президент ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 287

Сооронбай Жээнбеков: Биздин милдетибиз — экономикалык жана коомдук өнүгүүнүн негизги шарты катары өлкөнүн илимий дараметин сактоо жана мындан ары карай өнүктүрүү

12-ноябрь 2018, 09:18 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөбүздүн окумуштууларын жана илим кызматкерлерин кесиптик майрамы  — Илим күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти: «Урматтуу окумуштуулар жана илим кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктайм! Биздин милдетибиз — экономикалык жана коомдук өнүгүүнүн негизги шарты катары өлкөнүн илимий дараметин сактоо жана мындан ары карай өнүктүрүү. Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү аркылуу гана биз эл аралык аренадагы атаандаштыкка туруштук бере ...

0 340

ЖККУнун мүчө-мамлекет башчылары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин Декларациясын кабыл алышты

09-ноябрь 2018, 09:07 Кызгалдак Жакыпова

ЖККУ мүчө-мамлекет башчылары бүгүн, 8-ноябрда, Казакстандын Астана шаарында  Жамааттык Коопсуздук  жөнүндө  Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин  Декларациясына кол коюшту. Анын ичинде төмөнкү документтерге кол коюлду: «Эл аралык террористтик уюмдар тарабында куралдуу кагылыштарга катышкан адамдарга карата координацияланган  чаралар жөнүндө«  Жамааттык Коопсуздук жөнүндө кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын билдирүүсү жөнүндө. 1992-жылдын 15-майында кабыл алынган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи протокол. 2002-жылдын 7-октябрында кабыл алынган ЖККУнун ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83