www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 520

Кимдин сакасы айкүр конду?

21-декабрь 2017, 12:20 Перизат Кутманалиева

Ыргыткан сакасы айкүр конгондордун ичинде азыркы өкмөт башчы Сапар Исаков турганы кадиксиз. Анын биринчи орун басары Аскарбек Шадиевдин сакасы текеникиндей эңкей экен. Тарыхта биринчи жолу бир буту өкмөттөгү, экинчи буту парламенттеги кызматкерди жолуктуруп жатабыз. Антсе да маянаны өкмөттүн казынасынан аларын билдик. Дагы бир орун басар Даир Кенекеев болсо шайлоонун эпкини аркылуу келип өпкөсүн басты. Анткени анын чырылдап айткан калыс кеби ...

21-декабрь 2017, 12:20 | 520
0 1157

Атамбаевдин ыры популярдуу болуп баратат

21-декабрь 2017, 11:31 Перизат Кутманалиева

Кезинде көп кырдуу инсан экендигин Владимир Путин деле жашырган эмес. Кантсе да Алмазбек Атамбаевдин саясаттан тышкаркы аракеттерине ичи жылыган окшобойбу. Өткөндө өзбектердин жылдызы Фарух Закиров болсо экс-ажонун “Кыргызстаным” деген ырын кыраатына келтире аткарганын угуп, кыйла таң калган жайыбыз бар. Бул ирет болсо ошол ырды Азербайжандын композитору, ырчысы Озан Араз Элсес аткарыптыр. Ырдын коңур үн менен аткарылышы ого бетер ажаатын ачыптыр. Ал ...

0 786

Мурашев эсеп билеби?

21-декабрь 2017, 09:21 Перизат Кутманалиева

Саясат Айыл чарба, тамак аш жана  меллиорация министри Нурбек Мурашев сабатсыздыгын дале далилдеп келет. Кече жакында парламент алдында депутаттын суроосуна жооп берип жатып, «Министрдин айдоочусунун айлыгы 45 миң сомдун тегерегинде » деп айтты. Мурашевдин кагаз калем алып эсептегенге мээси жетпесе министирликтеги эсепчилерди чогултуп алып, эсептеттирсе болмок. Министрликтин айдоочусу 14 миң сом айлык алаарын, күнүмдүк бөлүнгөн  бензинди акчага айлантса айына ошол сумма ...

21-декабрь 2017, 09:21 | 786
0 2317

Кыргызстанды сызга отургузган Иван Грозныйдын “кайра тирилиши” кандай кабыл алынат?

20-декабрь 2017, 16:42 Перизат Кутманалиева

Бийликтан даамы ушунчалык таттуу болобу же кечээки ордун башкалар ээлеп калгандыгына кызганып жатабы, кыскасы экс-президент А.Атамбаевдин саясатка кайра кайтып келери тууралуу билдирүүсү көпчүлүгүбүздү таң калтырууда. Анын бул ат жүрүшү алгач өзүнүн КСДП партиясын жетектөөдөн башталары белгилүү болду. Бийлик партиясы жаңы жылдын алгачкы айынын соңунда кезектеги курултайга чогулуп, партияга төрага шайлашат экен. Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер – экс-президент А.Атамбаев каралып ...

0 1147

“Жакшы баланын” Башкы прокуратурага кайрылып жатышын актануу аракети деп гана түшүнүүгө болот…

20-декабрь 2017, 14:55 Перизат Кутманалиева

Экс-президент Курманбек Бакиев жана анын бир туугандарынын түгөнбөгөн дүнүйө-мүлкү дале болсо бөлүштүрүлүп бүтө элек. Баарынан кызыгы, 2010- жылы бийликти колго алган Убактылуу өкмөт тарабынан “Бакиевдердин байлыгы улутташтырылсын” деген декларация иш жүзүндө күчүн жоготуп, “ууруну каракчы тоногондой”, азыркы бийликтегилер тарабынан итбекер менчиктештирилип же са­тып алынууда. Өткөндө Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 1 га. жакын участокту “мурдагы ээсине бергиле” деген буйрук бере коём деп, Мамле­кеттик каттоо ...

0 1315

Элге жек көрүндү Сариева экинчи кызматга келбесин

20-декабрь 2017, 11:58 Перизат Кутманалиева

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Эльвира Сариева дегенди кайдан-жайдандыр таап алып, Аны акыркы 4-5 жыл аралыгында ар кайсы кызматга дайындап жакшы эле эркелетти. Жэ ал үмүттү актап тыңыраак иштеп берсечи. Тажрыйбасы нөл болсо да Билим берүү министри, вице-премьер, президенттик аппаратта бөлүм башчы, акырында президенттин аппараттын башчысынын орун басары да кылды. Бул жылдары Сариева эл тарабынан бир да жакшы сөз укпады. Катуу сынга кабылып, элге ...

0 753

“Реформа планшеттен башталат”

19-декабрь 2017, 16:56 Перизат Кутманалиева

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ар бирине бирден планшет берилет. Бул тууралуу бүгүн, премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугун сактоо боюнча тузүлгөн комиссиянын жыйынында айтты. Бул тууралуу: «Бүгүнкү күнү тартип бузган айдоочуларга протокол кагаз жүзүндө толтурулуп келет. Эми планшет аркылуу системалык негизде толтурууга өтөт. Каражат бюджеттин эсебинен бөлүнөт. Бул система эрежени бузган айдоочунун идентификациялык номурун сактап калат. Мында акча берип соодалашууга дагы болбойт. ...

0 4814

Жунусовдун "Эламаны" Раиммиллионду жоктоп,зарлап...

19-декабрь 2017, 16:25 Перизат Кутманалиева

Экс президент Атамбаевдин колтугуна кирип кетип өз бактысын ошол жактан тапкан чала ырчы Ибрагим Жунусов деген элге "Эламан" деген ыры менен таанылган. Чынында ал ырдын багын өзү эмес Динара Акулова ачканы ырас. Ырдап жүрүп саясатка секирди. Бакиевдер менен катуу ынак болуп "Ак-жолдон" депутат болуп , "Каркыраны" казактарга карматты. Анан элдин баарын уялтып Эл артисти наамын алды. Атамбаев тушунда деңгээли жетпесе да вице,анан ...

0 491

Бажы кызматы бир ажыдардан кутулуп, дагы бир ажыдарга тутулду

19-декабрь 2017, 15:48 Перизат Кутманалиева

Деги эле, Кыргызстандын Бажы кызматынын багы ачылбай койду. Башынан бери эле коррупцияга кокусунан малынганы бешиктеги балага да бештен белгилүү. Акаев,Бакиев тушунда деле бул тармактын жетекчилик кызматындагылар жогорку бийликтин бийик жеринде олтургандарга "кошелок" болуп келишкен. Атамбаевдин убагында деле андай вазийпаны аткаргандар болду. Бакиевдин тушунда Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, кеңешчи кызматтарын аркалаган. 2010-жылы Атамбаев аны төрага кылып, ревалюциянын деми, ...

0 472

Фарид Ниязов эми президенттин саясый салмагын арттырып берсин

19-декабрь 2017, 14:52 Перизат Кутманалиева

Эки күн мурун президент Сооронбай Жээнбеков бир катар кадрдык өзгөрүүлөрдү жүргүздү. Президенттин аппарат башчылыгына мындан бир ай мурун өзүнө кеңешчи кылып даярдаган Фарид Ниязовду дайындады. Бул адам иштин көзүн билет. Тажрыйбалуу.Баары менен тил да табыша алат.Анын аппарат башчы болоору күтүлүп эле жаткан. Фарид мырза эми Сооронбай Жээнбековго эң негизгиси арка-бел болуп берип,анын саясый салмагын эл аралык жана өзүбүздүн өлкө ичинде артырууга күч ...

0 4125

Сооронбай Жээнбековдун колунда «көзүр карталар» турат

18-ноябрь 2017, 14:49 Гүлжан Шерипбаева

2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын президентин шайлоолор өттү. Бийликтин партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков биринчи турда эле ынанымдуу жеңишке жетишти, антсе дагы, көптөгөн серепчилер эки тур өтөөрүн болжолдоп жатышкан. Көпчүлүк адамдар чоң акчалар жана административдик ресурстун ортосунда күрөш жүрөт деген ишеничте болгон. Ошол эле серепчилер административдик ресурс жеңди, ал эми акча экинчи позицияда калды деп эсептешүүдө, эми акча ээсине каршы кылмыш иши ...

0 3007

Кумтөр жана мөңгүлөр тууралуу орус эксперти эмне дейт?

11-ноябрь 2017, 17:28 Айнура Абдиназарова

Кыргыз жериндеги мөңгү, суу маселеси боюнча Евразия континентиндеги Табигый байлыктарды коргоо агенттигинин ага эксперти Виктор Козловдун пикирин силер менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Айтмакчы, бул кепти балким биздин депутаттар деле, балким кайсы бир эксперттер деле айткан болушу мүмкүн. Болгону «Кыргызга орус айтмайын ишенбейт» деген кеп бар эмеспи. Ошондон улам, теги орус улутунан чыккан эксперттин атынан да чагылдырып койолу деп чечтик. 1993-жылдан бери ...

0 937

Зилалиев Алдар көсөөнүн баштыгына салынды... Карганын көзүн карга чукумак беле...

28-сентябрь 2017, 09:55 Перизат Кутманалиева

Шайлоонун шайтан оюндары күн санап күч алууда. Канча какшап, “Мыйзамды сыйлайлы” деген менен мыйзамды уруп ойнобогондор четтен чыгып атат. 21-сентябрда активист Адил Турдукулов жана Эрик Ирискулбеков президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөгөн вице-премьер- министр Дүйшөнбек Зилалиевдин кайрылуусу боюнча укуктук баа берүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына эки арыз жазышкан. Эске салсак, 19-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Баткен облусунун активи менен жолугушуп, КСДПнын ...

0 1265

Ичкиликти жакшы көргөндөр элчи болуп АКШга Кыргызстанды уят кылышты

26-сентябрь 2017, 12:34 Перизат Кутманалиева

Ар бир мамлекеттин тышкы саясатын, жүзүн элчилер көрсөтөт эмеспи. Ошондуктан тигил же бул өлкөгө элчилерди дайындоодо алардын чет тилин билгендиги, билими менен интеллектуалдыгы эмес, жүрүш- турушу, кала берсе өң-келбетине да көңүл бурулат. Бирок эмнегедир дайыма өзүнүн шоопур, жансакчы, пол жуугучтарын мамлекеттик чоң кызматтарга дайындаган президентибиз АКШга ал кездеги пресс-катчысы Кадыр Токтогуловду ылайык көргөн. Дипломатиялык билими мындай турсун, жүзүндө жылдызы байкалбаган бул ...

0 1129

Бекназаровго карата “бет тырмаарлык” башталды…

06-сентябрь 2017, 19:26 Перизат Кутманалиева

“Кайда баратабыз?”-деп кыйкыргың келет. Бирок, уга турган бирөө жок. Угат деген ажоң жок, угат деген кожоң жок. Ажоң менен кожоң биригип алып, «билгенин» кылып атканда кимге кайрылаарды да билбейсиң… Саясый күрөш абдан балиттик менен башталып атат. 2-сентябрда президентикке талапкер катары 7-болуп расмий катталган коомдук ишмер Азимбек Бекназаров “Текебаевдин соттук ишинде жалган көрсөтмө берген”- деп шектелип, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук ...

0 1856

Регионалдык баланс сакталбай калды. Чыке спикерликтен кетиши зарыл

31-август 2017, 12:45 Перизат Кутманалиева

Ошентип, Сапар Исаков премьер-министр болуп шайланды. Кандай гана кара пиарлар орун албасын, ал баарын жиреп өтүп, мамлекеттин жогорку кызматынан орун алды. Коомчулук жаш кадрдан үмүт кылып турганы байкалууда. Сапар мырза кочкорлук болот. Спикер Чыныбай Турсунбеков нарындык. Ошондо эң жогорку эки креслону Теңир-Тоонун кулундары ээлеп алышы кандай ыя? Башка региондогу элибиз нааразы болбойбу? Андыктан, Турсунбеков кызматын өткөрүп берип, жөн эле депутат болуп жүрүшү ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1132

Шайлообек Атазов, коомдук активист: “Жомок жана популизм”

31-август 2017, 01:23 Перизат Кутманалиева

Сапар Исаковдун “Жаңы доор- кырк кадам” программасы реалдуу турмушка ишке ашчудайбы же элди алагды кылыш үчүн жазылган программабы? -Сапар Исаковдун программасы депутат Каныбек Иманалиевдин берген суроолорундай эле окшойт. Чындыкты эске алсак, анда бул кадам эмес, көз боёмоочулук! Бул элди алдоо! Жомок жана популизм! Анда “Лиглас”, “Кумтөр”, тышкы карызыбыз, Дача-суу, таможныйдагы коррупциялык системалар, жумушсуздукту чечүү боюнча кадамдары жокко эсе. Булак: "Майдан кж"

0 780

Каректе 15 октябрь: бул жолу тиреш 2 же 3 талапкердин ортосунда кырчылдашчудай

21-август 2017, 14:26 Перизат Кутманалиева

Эми минтип ушул жыл­дын 15-октябрында Кы­ргызстан кайрадан прези­денттик шайлоонун алдын­да турат. Бирок, бул шай­лоо буга чейинки айтылган шайлоолордон айырмала­нып, өткөн шайлоолордой кайсы бир талапкерге ык койбочудай. Анткенге азы­ркы бийлик өзү да себепкер болуп берди окшойт. Анткени биздин бир себеби укуругу узундарыбыз алты жыл аралыгында улуттук бир лидер­ди даярдап чыгара албаганында бол­ду. Анан калса 2010-жылдагы “… өтөн зордук” менен кабыл алынган Консти­туция ...

0 934

Чыныбай барга топук кылыш керек болчу

03-август 2017, 13:24 Перизат Кутманалиева

Саясаттын арканын тартам дегендердин көбү тайрайып мурду менен жер сүзүп жатып каларын көрүп эле келатабыз. Кимдер гана бутунан эмес, тилинен аксабады дейсиң? “Мен кыйынмын!”—деп өпкөсүн каккандарды каккан казыктай саясат жерден чыккыс кылып кагып жиберди го? Эмген сайын бир боорсок боло бербей турбайбы, бул турмушта туугандар. Ошондой окуянын бири тууралуу анда эмесе кеп таштайлы. Чыныбай Акунович тууралуу мурда анчалык деле кеп токулчу эмес. ...

0 1181

Ташиевдин кадыры арта баштадыбы?

02-август 2017, 12:00 Перизат Кутманалиева

Президенттикке “Ата-Журт” партиясынан талапкер катары учуп чыккан Камчыбек Ташиевдин тегерегине мурда-кийин бийликте чечүүчү кызматта олтургандар топтоло баштаганы, алар: “Камчыке, биз сени колдойбуз, аягына чейин барсаң жеңип чыгабыз”,- деп дем-күч болуп турганы чынбы? Коомчулукта буга чейин: “Камчыбек Ташиев до конца бара албайт, акчасы да, духу да жетпейт, анын максаты соодалашуу”- деген кеп тараган болчу. Биздин кабарчы Ташиведин штабына барып келди. Бир да ...

1 2328

“Каралар” шайлоого карата активдешүүдөбү?

02-август 2017, 09:20 Перизат Кутманалиева

Баякы эле эски салт кайра өз нугунда. Дегеним, Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү кыргыз жараны Мурсалим Өмүрзаковду Россия ИИМи тарабынан депортациялоо боюнча чечим кабыл алган видео интернетке тарады.  Анда Орусиянын Ички иштер министрлиги 17-июлда кабыл алган чечим боюнча жазасын жаңы өтөп бүткөн Өмүрзаков ал өлкөнүн аймагынан чыгып кетүүсү керектиги, эгер ал аткарылбаса, анда ал Россияга өмүр бою кирүү ...

0 24501

ВИДЕО - Ырчы Бахтияр Токторовду уурдап кетишиптир...

04-август 2017, 19:31 Гүлжан Шерипбаева

Бахтияр Токторовду уурдап кетишиптир. Бул тууралуу Мырза Добутов өзүнүн Фейсбук баракчасына каткырган “быйтыкчалар” менен жазып чыкты. Лейлектиктер издөө салып атышат.”Бахтиярды уурдагандар эмгек сиңирген артист наамын албай калган ырчылар болушу мүмкүн”, -  деген шек бар деп айтышууда.Бүгүн аны менен жолуга турган болгон Адылбек Акматов Өтмөктө күтүп атканын билдирсе, дагы бир ФБ колдонуучу “Бахтияр Токторовду 6-август күнү ...

1 2253

Чынында Атамбаев Чыныбай Турсунбековду колдойбу?

Президенттик шайлоо биздин өлкөдө бул жолу татаал өтө турганы байкалып калды Анын негизги себепкери Атабаевдин өзү болуп жатканы өкүнүчтүү. Ал өз партиясынан С.Жээнбековду талапкер катары атаганы менен, ошол эле учурда өз партиясынан Ч.Турсунбековдун да өз алдынча шайлоого катышуусуна каршы эместигин элге ачык жарыялап салды. Мындай эки ача тандоо бийликти оппозицияга алдырып жибербештин айынан келип чыкты. Ошонун айынан бүгүн Атамбаев “түштүк шайлоочуларынын ...

0 1724

“Чабал өрдөк эрте учат” деген чын белем…

Учурда президенттик шайлоого чыгам дегендердин арасынан Темир Сариев гана ары-бери чапкылап жаны тынбай эле. муну менен өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүгө, эл үчүн баарына даяр экенин далилдөөгө далалат жасап жатат. Акыркы жумада эле Нарын, Ысык-Көл, Таласты чарк айланып үлгүрдү. Коомчулук болсо “чабал өрдөк эрте учат” дегенушул, үгүт иштерин расмий башталганча эле шайы ооп калат го мындай текирең-таскак менен дешүүдө. Ал ортодо Сокулукта күнүнө ...

0 1042

“Балакай катуу кетиптир!”

Кыргызстанда атам-замандан бери калган, мамлекеттин ичиндеги дагы бир өзүнчө мамлекет болгон профсоюздар федерациясы деген уюм бар. Ал уюм өзү менен өзү, көмүскөдөн чыкпай эле чоң-чоң иштерди кылат экен. Ал иштердин көпчүлүгү алып-сатмай, жеп-ичмей жана кызмат талашмай. Сыртынан карапайым өңдүү көрүнгөнү менен Федерациянын ичине кирсең оозуң ачылат. Ар бир профсоюздук босстун астында колтойгон кычыраган жол тандабастар, болгондо дагы эски-уску эмес, алар ...

08-июль 2017, 10:35 | 1042
0 1323

“Чабал өрдөк” Темир Сариевдин кирпич заводу Сокулуктун экологиясын талкалап жатыптыр

Учурда президенттик шайлоого чыгам дегендердин арасынан Темир Сариев гана ары-бери чапкылап жаны тынбай эле. Муну менен өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүгө, эл үчүн баарына даяр экенин далилдөөгө далалат жасап жатат. Акыркы жумада эле Нарын, Ысык-Көл, Таласты чарк айланып үлгүрдү. Коомчулук болсо «чабал өрдөк эрте учат» деген ушул, үгүт иштери расмий башталганча эле шайы ооп калат го мындай текирең-таскак менен дешүүдө. Ал ортодо Сокулукта ...

0 3571

Аалы мырза Жээнбековдордун кланына каршы иштейби?

КСДП депутаттарынын ичинен таасирдүү персона катары Аалы Карашевдин өзүнчө орду бар. Буга чейинки шайлоолордо Ош аймагында жемиштүү иштеп, партия үчүн чоң салымдарын кошуп келген. Азыр болсо Аалы мырза чайналып, чын жүрөгүнөн КСДПнын талапкерин ачык сүрөп чыгууга даабай атыптыр. Себеби, Жээнбековдордун кланы менен Карашев башынан каршылашып келгени, тар чөйрөдө тирешүүсү боюнча да маалыматтар бар. Эми кантет? Аныгында, Алмазбек Атамбаевдин айтканынан ары кете ...

0 766

Өмүрзак Төлөбеков «Президенттин жылдызы» деген тасма тартабы?

Буга чейин «Президент жана БОМЖ» тасмасы менен Борбор Азия өлкөлөрүндө таанымал болгон Өмүрзак Төлөбековду кыргыз элине тааныштыруунун кажети жок. Бул инсан бир канча кинолордун автору. Жакында эле саясый ишмерлер боюнча даректүү тасма тартууга да белсенгенин укканбыз… Кызыгы, кечээ бизге жеткен маалыматтар боюнча, президент Алмазбек Атамбаев тууралуу тасма тартууга Өмүрзак Төлөбековго сунуш түшкөнүн эшиттик. Профессионал киношник катары Өмүрзак мырза буга чейин маданият ...

1 1180

Чыныбай Турсунбековдун сөзүнө ким ишенип, шайлоодо колдойт?

КСДПнын саясий кеңешинде көп жылдан бери жүрүп, партиянын кадыр- баркынын “артышына” кол кабыш жасап, олигарх башы менен каржылап келатып, президенттик шайлоо жакындаганда бийликтин “рупор” саясий уюму тарабынан талапкер статусун ала албаганы аз келгенсип, андан “тебилип” кеткен Чыныбай Турсунбековдун “ич күптүсүн” түшүнсөк болот. КСДП өз курултайын 15-июлга белгилегенин билебиз. Бирок, анын чынында качан өтөрү тууралуу талаш-тартыштар токтобой келатат. Бийлик партиясы Сооронбай Жээнбековго гана ...

0 1287

Кир суу менен таза сууну кошсо суу тазарабы?

Президенттикке талапкер катары аттанган Темир Сариев өзүнүн шайлоо штабын башкарууга Эсептөө палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимованы дайындаганы белгилүү болду. Албетте, Темир Сариевдин жанында Элмира айым акактай таза ишмер экени белгилүү. Өзү да кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири болгон Султан Ибраимовдун кызы. Чыныгы мекенчил, патриот адамдын кызы. Анан ошондой айымдын тендер чырынан улам кызматтан ыргыган, ага чейин 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин 1 млн. ...

0 1035

Канат Исаев Бабановго ыктай баштады

«Саясатта достук болбойт, кызыкчылык гана болот» деп айтылат эмеспи. Президенттик шайлоо жакындаган сайын кастар дос болуп, достор душманга айлана баштады. Мына кечээ эле Бабановду сатып кеткен Канат Исаев, учурда кайрадан Өмүрбек мырзаны шынаарлап жанынан чыкпай калды. Сыягы, президент болуп калса деп арканды алыс ыргытып, бир кездеги кемчилигин оңдоонун аракетин көрүп, ар-намысын жыйыштырып койгондой. Бабанов болсо бир кезде тескери бурулуп кеткен Исаевди шайлоодо кереги ...

0 1440

Буту-колу тушалган Сулайманов…

“Бир Болдун” лидери Алтынбек Сулаймановду өткөн Жогорку Кеңештин чакырылышында “чоң муштум” катары билсек, бул жолкусунда эл ырыскысына кол салгандардын коргоочусу катары таанылды. Дегенибиз, чылгый “коррупционерлерди” депутат кылып алып келгени аз келгенсип, аларды “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай” камкордук көрүп келет. Алсак, фракциясындагы коррупцияга шектелген Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Исхак Пирматовдор жоопкерчилик, мыйзам барын түк сезишпей жүрүшкөнү элдин кыжырын кайнатууда. Ошондуктан Сулайманов “жеп-ичкичтерге” ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 1240

Талапкерлер кандай пиарларды колдонушат же шайлоо алдында кантип алданабыз?

Шайлоо алдында пиар компаниялар ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен шайлоочуларга психологиялык таасир калтырышат. Мындан улам талапкердин шайлоодон утуп кетишине шарт түзүлөт. Дүйнөдө элдин көңүлүн өзүнө бурган кандай пиарлар колдонулуп келет? Бактылуу үй-бүлө Шайлоого аттанган депутат же президент элге жакшы гана тарабын көрсөткөнгө аракет кылат. Ал үчүн буга чейин жашырып жүргөн үй-бүлөсүн колдонушу да мүмкүн. Газета, телевидение же социалдык тармактар аркылуу үй-бүлөсү менен ...

0 1036

Өз фракциясына шаасы келбеген Төрөбаев өлкөнү кантип башкарат?

«Өнүгүү-Прогресс» партиясы 27-июнда курултай өткөрүп, партия лидери Бакыт Төрөбаевди президентикке көрсөттү. Төрөбаев учурда 44 жашта, Жогорку Кеңештин депутаты. Бакыт мырза жетектеген «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын Жогорку Кеңеште 13 депутаты бар. Бирок фракция ичинде ыйкы-тыйкы күчөп, ынтымак ыдыраган. Төрөбаевдин баарын бир муштумга бириктирип кармаганга шаасы жетпей калды. Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдиновдон башкасы жүз буруп кетишти. Учурда анын баары Сооронбай Жээнбековго иштешүүдө. Мындан ...

0 949

Исаев илбериңки болсо да иши чатак…

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин төбөсүндө айланган кара булут жакынкы арада тарабай калды өңдөнөт. Учурда депутатка байланыштуу 6 кылмыш иши тергелип жатат. Ал мамлекетке 14 миллион сом чыгым келтирген. УКМК Исаевдин иши жакында сотко өтө турганын маалымдады. Өмүрбек Текебаевдин интригасына кирип, түз бараткан жолунан адашканына азыркы тапта катуу өкүнүп, бармагын тиштеп турган чагы. Анда-санда бийликти сындап бакылдай койчу эле, анысы да ...

0 1867

Камчыбек Ташиевдин “камчысында” касиет барбы?

Камчыбек Ташиев деген ысым кыргыз саясатында олуттуу орунда тураары айкын. Бул мырза бир кездеги бетке чапма, эмоцияга толгон, амбициясы ашынган, «Кызыл жинди» мүнөзүнөн кайтып, кыйла олуттуу тартып, маселеге тереңден кароо менен баа берүүгө тез үйрөнүп, анын ар бир кадамын тыкыр анализдегенге өткөнү аброю кадимкидей арта баштады. Ырасында, Камчыбек Ташиев катардагы бизнесмендиктен парламенттен депутаттыгына өсүп жеткен сон майы түгөнгөн бульдозерче «өчүп» калбады. Чыйрак ...

0 880

Аракетин эртелеткен Аргенбаевич

Темир Сариев деген ысым акыркы бир жылда эң көп айтылган ысымдардын алдыңкы катарынан орун бербей келет. Темир мырзанын мынча “пиар” болушу анын соттолуп же оттолуп, морадер же коррупционер болушунан улам эмес. Анын аракети, иши, элге кылган мээнети анан да өзүнүн бышып жетилген саясатчы болгондугунан улам Сариев деген ысымды азыр ар бир кыргызстандык жакшы маанайда оозанып туру. Ырас, ажо жарыш жакындап келет. ...

0 1298

Кыргызстанды жамандап жазмайынча моокуму канбаган Андрей Грозин Казакстандын “тыңчысыбы”?

Андрей Грозин аттуу саясат таануучу бар. Кесиби боюнча тарыхчы. Бирок, жогорку окуу жайды аяктагандан бери карай эле маалымат берүү жаатында, тагыраагы, саясат таануучу катары эмгектенип келет. Дал ушул каарманыбыз ар бир макаласында Кыргызстанды жамандамайынча жаны жай албайт. Себеби, эмнеде? Ой жүгүртүп көрөлү. Алгач Андрей Грозиндин өмүр таржымалына кыскача токтололу. Ал 1967-жылы Россия Федерациясында туулуп, 1995-жылы Аль-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетин аяктаган. ...

0 4327

Алмамбет Шыкмаматов: “Бабановдун Кыргызстанды алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айлантам дегенин утопия деп эсептейм”

1-июлда борбор калаада өткөн жыйында парламенттеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого ат салышарын расмий жарыялады. Жыйын жүрүшүндө ал адатынча тоодой убадаларды бергенге да үлгүрдө. Бирок, анын курулай убадаларына, асыресе, жакынкы аралыкта Кыргызстанды өнүгүп бараткан 10 өлкөнүн катарына кошом дегенине коомчулук ишенбей туру. Маселен, ошол эле жыйынга катышкан “Ата Мекен” фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттык” радиосу ...

0 978

Ногойбаев кызматтан алынсын…

Казакстан “Маймак” станциясынын ижара акысын төлөбөй жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков айтып чыкты. Бул туурасында Рыскелди мырза: “Кыргызстан “Луговой” станциясынын ижара акысын үзгүлтүксүз төлөп жатат. Казаксстан Таластагы “Маймак” станциясын колдонгону үчүн ижара акысын, жер салыгына акча төлөбөй келе жатат”, – деп билдирди. Буга байланыштуу маселени оңду чече албаган “Кыргыз темир жолунун” жетекчиси Алмазбек Ногойбаевди кызматтан алууну сунуштады. Булак: "Фабула"

0 1225

Жусупжанга не жок

Соцдемчилердин катарында жүрүп элге таанылып, Атамбаевдин шарапаты менен облус башкарып, аткаруу бийликтин үзүрүн көргөн Жусупжан Жээнбеков эркин гезиттердин биринен оозун чоюп, КСДПдан талапкер катары тандалган Сооронбай Жээнбековду шыйрактан ылдый шыбаптыр. Аны менен эле тим болболбостон ажонун тагына татыктуу инсандын бири өзү экенин бети кызарбастан ачык айтып, күрдөөлдүү күздөгү шайлоого катыша турганын кыйытыптыр. Эми башкасы болсо да ушуга не жок. Бөлөктү сындагандан көрө ...

03-июль 2017, 09:15 | 1225
0 803

Королдор эмне кыла алышат?

Ушул жылдын күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев сыяктуу саясатчылар президенттик кызмат үчүн күрөшө турган болууда. Бул талапкерлердин ичинен айрымдары президенттик жагоону тагынган сүрөтүн түшүрүп торт да жасап жиберди. Саясатчылар жулунуп жаткан президенттик реалдуу түрдө кандай кызмат? Өткөн жылы Кыргызстанда референдум өтүп, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскартылып, премьер-министрдин укугу ...

30-июнь 2017, 15:38 | 803
0 923

“Кыргызстан” убадасын унутту, өздөрү барбы деги?

ЖКдагы 5 фракциянын бири – бул “Кыргызстан” фракциясы. Бул фракция “Бир бол” партиясы сыяктуу эле бийликтин колуна-бутуна жылуу суу куюп туруу ыкмасын тандап алган. Мурунку лидери Канат Исаев да айырм учурларда курч маселелерди көтөрүп калчу эле. Азыркы лидери Алмазбек Баатырбековдун эмне кылып жатканы белгисиз. Лидер катары өзүн көрсөтө албай, же курч маселелерди көтөрө албай жүрөт. Исаев болсо өзүнө козголгон кылмыш иши ...

0 1255

Элден калбай эки дос да аттанды

Кыргыз саясатында «абысындар» атыккан Акундун уулу Турсунбек менен Бакирдин уулу Турсунбай дагы ажолук аламан байгеге камынып баштады. Акыйнеги түгөнбөгөн ажыке-акыйкатчылардын артында колдогон электораты эле эмес, акчасы дагы жок окшойт. Бакир уулу раматылык жубайынын унаасын сатам десе, Акун уулу үйүмдү күрөөгө коюп насыя алам деп жалпыга жар салды. Кыздын сыры төркүнүнө маалым болгондой, бул экөөнүн болгон дарамети, чама-чаркы жалпы кыргызга дайын эмеспи. Албетте, ...

0 1769

Чойбековду чоёңдотпой текшербейсиңерби?

Токмок шаардык Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Максат Чойбеков Жайыл райондук милициясында башчы болуп турганда контрабанда менен келген товардан түшкөн акчаны оперлер менен бөлүшпөй жалгыз өзү лап этип койгонунан улам, коллективи «бунт» көтөрүп кууп чыгышкан эле. Акчасы көп неме экен да, кайра кызматтан кызматка секирип отуруп, азыр Токмокто. Кечээ жакында түштүктө мал уурдаган чоң мафиянын жүзү ачылып, бир топ мал түндүк аркылуу ...

0 3338

Жантөрө Сатыбалдиев Жээнбековго эмес, Сариевге иштеп жатканы эмнеси ыя?

Экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев жакында боло турчу президенттик шайлоодо «Ак шумкар» партиясына, тагыраагы Темир Сариевге жан тартып иштеп бере баштады. Эмне себептен СДПКга иштеген жок? Же Сооронбай Жээнбековду теңине албайбы? Атамбаевдин бийлиги Жантөрөнүн көчүгүн жакшы эле жаап келди эле го. Ошто Мамдирекцияны жетектеп тургандагы алешемдиктерин жаап- жашырышпады беле. Атамбаевдин партиясы көрсөткөн талапкерди колдобой Сариевди колдоп жатканына караганда бир мандем бар го. ...

0 1215

Ажону айланасы адаштыра баштадыбы?

Чоң саясый аренада бүйүр кызыткан, асыресе талаштуу жагдай жаралганы турат. Биз бул жаатта ой калчап, калыс сын пикир менен туура багытты берүүнү эп көрдүк. Алмазбек Атамбаевдин Казань шаарында журналисттерге интервью бергендеги сөзү аябай эле таң калычтуу угулду. Президент: «Сентябрдын башында жаңы өкмөт дайындалып, ал 2020-жылга чейин иштейт» деди. Анын бул сөздөрү саясатчылар менен депутаттардын, окурмандардын көбүн «шок» кылды. Көп кишилерде: «Атамбаев ...

0 2334

Сабатсыз, башка партиялардын жасалгасын «уурдаган» Бакыт Төрөбаев үй-бүлөлүк башкарууну орнотобу?

«Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл» деген макалды Бакыт Төрөбаев кыязы аб-ы-ыдан жакшы көрөт окшойт. Чоң саясатка аттанганына азыноолак жыл болбой жатып, амбициясы көкүрөгүн тепкилеп «Мен президент болот элем» деп чыкты. Акыркы 2-3 жылдан бери карай «Фермерлерге, дыйкандарга бекер трактор таратам» деген пиарын катуу жүргүзүп, анан дагы президент болуу дымагын шайлоо жылы боло электе эле эртелеп билдирген. Мына ошол «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын курултайы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 2428

Турсунбеков президенттик креслону кыялданса, Ибраимов премьер болуунун амалына өттү

Эгер Алмазбек Атамбаев Конституцияны өзүнө ыңгайлаштырып, экинчи ирет шайлоого баруу менен ордунда калууга кам урса, бүгүнкүдөй КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу болбойт эле. Бирок, анда көпчүлүк катмардын нааразычылыгын жаратмак. Башта маани бербей жүргөнбүз. Көрсө, Чыныбай Турсунбековдун дымагы күчтүү тура. Ал президенттик шайлоого өз алдынча талапкер катары чыгуу үчүн позициясына катуу туруп, КСДПнын «мураскерине» каршты чыкканы түмөн түйшүктүү ойлорду жаратты. Кол бөлүнүп, карта бузулууда. ...

0 1814

Чыке тактыны эңсей баштады...

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков акыркы жылдары саясатта өз ордун таба алды. Эл колдоосуна ээ болуп жарк деп чыга албаса да, саясий салмагы артып, жогорку бийлик чөйрөсүндөгү саясатчылар эсептеше турган деңгээлге жетти. Өзгөчө Жогорку Кеңештин спикери болгону, ар тараптан бышты. Экинин юири болуп, өлкөнүн бир тизгинин чоюп отурат. Амбиция ойгонду. Учурда президент болсом деп дегдей баштады. КСДП Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83