www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аналитика
0 525

Атамбаевдин даңазасын чыгарып жүргөндөр бүгүн каякта?

Атамбаев президент болуп турганда өз даңазасын чыгаруу үчүн чоң аракет кылды. Анан тойбой кетти окшойт, ата-тегин даңазалай баштады. “Жарма” тарыхчы молдо “Касымды” чакырып жатпайбы Беш-Күңгөйдөгү дачасына, менин “Ата-тегимди” таап бер деп. Молдо “Касым” Атамбаевди чакырганда жетип барды. Атамбаевди көргөндө бортоктоп барып эле сулк жыгылыптыр. Атамбаевдин жансакчысы кийин ИИМ министри болгон Улан Исраилов бетине суу чачса, ...

0 165

Кыргыздын каргышы кайсы президентке тийет?

Кыргыз мамлекетинде 4 президент алмашты, кимир бирөөлөр 3 эле болгон деп азайтат. Үчпү,  төртпү сумма өзгөрбөйт. Кыргызстан Борбор Азияда бийлик алмаштыруу боюнча чемпион. Бир убакта кыргыздын башында Кудаян деген хан болгон. Кыргызга калмактар басып киргенде ал гареминдеги кыздар менен көңүл ачып, кыргыздын жигиттерин калмакка каршы көтөрбөй койот. Кыргыздар кырылат, биринин атасы, биринин баласы өлөт. Дайнын таппай тирүүлөрү Анжианга тентийт. Жок ...

0 512

Кочкоров Улукбек качан “улуйт” ?

Министрлердин арасында Кочкоров Улукбек деген жаш, жаңы демилге менен иштей турган  министр бар. Жашы деле күн улап эмки жаштарга орун бошотуп баратат, ал эми ишинин үзүрүн ким көрүп жатканы белгисиз. Атамбаев президент кезинде  парламент депутаттарын тандап кийирчү, “Лык.лык, лык семиз лыкылдаган ким семиз” –деп. Атамбаевге кирип барган депутаттар, уруксаты жок эле чөгөлөп жыгылып “Журт атасы” элдин бары жыргап ...

0 303

Бишкекке мэр болуп келгендердин барына кылмыш иши козголду, азыркы мэрдин иши кандай?

Бишкекке мэр болгон Нариман Түлеев камалып келди, Кубаныч Кулматов менен Албек Ибраимовдордун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал эми дагы бир Бишкекке мэр болгон Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп соттолгону калганда жандосу Атамбаев президенттик бийлигине таянып  алып калган. Бүгүн Бишкекке өзү кыргыз, бирок кыргызча билбеген Азиз Суракматлов мэр. Суракматовдун өз эне тили кыргыз тилин үйрөнүүгө далалаты чоң, айтарыбыз Феликс Куловго ...

0 112

Биткоинге эл ишенеби?

Азыркы дүйнөдө бардыгы оомалуу-төкмөлүү. Социалдык тармактарды криптовалютага айланган Биткоин интернеттик тармакта чоң оюнга айланган.Биткоиндин  башка акчалардан айрымасы бир ылдый түшүп, бир өйдө көтөрүлүп турат. Бүгүнкү күнү дүйнөдөгү 1 миллард 700 миллион адамга чейин ишенип колдонууда турган Биткоиндин курсу кайрадан көтөрүлүп баратыптыр.Акыркы мезгилде Биткоиндин наркы 2-3 эсе көтөрүлүп баратканы тууралуу атайын маалымат таратып жатышат. Кыргыздарда деле Биткоинди колдонгондор болсо ...

20-июнь 2019, 10:27 | 112
0 1794

Атамбаев өгөй баласына неге ишенбейт, анан эл ага ишенеби?

Раиса Атамбаева Атамбаевдин экинчи никеси экенин элдин баары билет. Ошол эле убакта Атамбаев дагы Раиса айымдын экинчи никеси. Экс-Канайымдын биринчи никесинен кадыресе каруу-күчкө толуп калган уулу бар экени да белгилүү.Экс-ажонун мурдагы шопуру Икрам Илмиянов «кожоюнунун» алты жылдык президенттик мөөнөтүндө үлкөн чиновникке айланып, кадр маселесинен тарта финансы маселесине чейин кийлигишкен таасирдүү фигура болгону белгилүү. Анан ал өлкөбүздө бийлик алмашкандан ...

0 312

“Революциянын бульдозеру” Бекназаровдун бешенеси кимге жакпайт?

“Революциянын бульдозеру” аталган Бекназаровдун турган турпаты бардык бийликке жакпайт. Бул жөнүндө ойлонуштуруп көрөлү: 1. Акаевдин бийлиги учурунда Бекназаровду белин бүктөп камакка тыгып салган. Себеби, Аксылык Түштүктүн кулуну депутат Бекназаров Үзөңгү-Куушту эмне үчүн  Кытайга беребиз деп Акаевдин тамагына тыгылган сөөк болгон. Турдакун Усубалиев, Акылбек Жапаров, Темир Сариев сыяктуу Түндүктүн тың чыкмалары өз жерин Кытайдан “аяшпай” берип жаткан соң Бекназаровго эмне шам? Ушул ...

0 296

Президенттер ортосунда достук жок, эки эл жакшы болсо жакшы, эки эл жаман болсо жаман

Атамбаев президент болуп турганда: “Путин менин жан кыйбас досум” же “Эрдогандай дос бул дүйнөдө табылбайт” – деп көп айтчу. Путин досу Атамбаев президенттен кеткени келип –кетип эле жүрөт, бирок досун чакырып учурашканын уккан киши жок. Ал эми Эрдоган досу менен Атамбаев бийлик башында турганда эле бири-бирин сүйбөй калган. Атамбаев Эрдоганга каршы чыккан Гүленди колдогон жок, бирок Эрдоган досу менен “Жылкыга ...

0 478

Нобель сыйлыгына канча мусулман татыктуу болгон?

Нобель сыйлыгы эл аралык эң жогорку сыйлык. Жыл сайын эң мыкты илимий иликтөөлөргө, революциялык жаңылык бере турган ачылыштарга жана коомго жана адабиятка сиңирген эмгектери үчүн берилет. 1901-жылы уюштурулган Нобель сыйлыгына миңге жетпеген адам гана лауреат болгон. Ошолордун ичинде төмөнкү мусулмандар бар: Надя Мурад Сексуалдык зордуктоого каршы чыккан Мурад муратына жетип Нобель сыйлыгына ээ болду, деги канча мусулман Нобель сыйлыгын жакында алды.Надя Мурад- ...

0 251

Президенттерди ким башкарат?

Борбор Азиянын түркүгү болуп келген, союз убагында Орто Азия аталган мамлекеттер бар. Булар демократия жолуна түшкөн, чын эле Борбор Азияда демократия орноду беле? 1. Өзбекстан, президенти Шавкат Мирзияев. Шавкат Мирзияев 2003-жылы Ислам Каримовго жагып өкмөт башчысына келген. Ошол бойдон өкмөт башчысы катары ак кызматын аткарды. 2016-жылы Ислам Каримов бу дүйнөдөн өткөн соң Өзбекстанга президент болду. Азыркы күндө мамлекетти туура жолго алпарам ...

0 123

Марксисттик көз караштагы Байпакбаев товарларды кымбаттатуу үчүн жаралганбы?

Бензинди кымбаттатабыз, бала бакчасына тамакка элден акча чогултабыз деген элге каршы мыйзамдарды ойлоп тапкан Байпакбаев дагы “Балп” этип  байпагын тескери кийди. Маркстын “Капиталына” сугарылып өскөн Экмат Жүрүкбаевичтин товар-акча-товар деген идеяны туу тутканы көрүнүп турат. Эми ал кыргыз ишкерлерине бут тоскон мыйзамдарды даярдап турмушка ашырганы турат. Экмат Жүрүкбаевичтин марксисттик көз карашы  боюнча Кыргызстанда өндүрүлгөн пиво продукцияларына акциздик марка ...

0 371

ЖК депутаттары элге мыйзам даярдайбы же көчөдөгү “хулигандардай” мушташ үчүн келгенби?

Депутаттар ортосундагы мушташ Атамбаевдин бийлиги учурунда көнүмүшкө айланган. Депутат Алтынбек Сулаймановдун “Ата-Журтчулар” менен мушташканы, СДПКчы депутат Мадеминовдун “Ата-Мекенчи” депутат Текебаев менен мушташканы учурунда катуу резонанс туудурган.  Эмки мушташтын башкы каарманы Канат Кедейканович. Кедейкан го бир күн бийликте турганы үчүн тарыхта калган. Канат мырза канатын жайып Токмокто жерди казактарга карматып жиберген, башына күн түшкөндө мэриңди урдум деп дубалдан секире качкан. Бабановдун ...

0 258

Канжар Кадыралиевди буюртма менен айыптаган кылмыш иштери токтоду

Санжар Кадыралиев деген 3-чакырылыштагы парламенттин депутаты болгон. Ал мажоритардык шайлоо учурунда өз шайлоо округунда мен деген лөктөрдү сызга отургузуп, парламентке келген. Кадыралиев 4-парламентке да депутат болгон. Бирок, ошол кезде Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча чындыкты айтканы үчүн таламандын - тал түшүндө атып кетишкен. Анын карындашы Ыргал Кадыралиева агасынын жолун жолдоп 5-чакырылыштагы парламентке депутат болуп келип, жаштыгына салып ошол кезде бийлик башында ...

0 1065

«Маңкага бучук үйүр” деген кеп бар, эмнеге ката жазган 24 жашар жигитти министр кеңешчи кылып алды?

Кыргызстанда идеология барбы деген ой туулат. Болсо идеологиянын башаты Билим, илим министри болуш керек. Биз татаал заманда жашап жатабыз, жакында президент Жээнбеков чек арачылар менен жолугушуп жатып, диний экстремист-террорчулардын күч алып баратканын баса белгиледи. Кыргызстанда калктын 80 пайызы ислам динин тутат деген кеп бар. Биз салттуу исламды, мындайча айтканда ислам дини менен катар кыргыздын каада-салтын кошо ала жүрөбүз. Бизди корейлер, ...

0 826

Мародерчуларды марага жеткизбей койгон Зарылбек Рысалиев

2010-жылы апрелде бир топ курмандыктар менен бийлик алмашты. Ал мезгилдеги көпчүлүк маалыматтан алган кабарлар боюнча өз жанын аяган жок. Бирок, эмнегедир саясат айдыңынын башында турган кээ бир “саясий чөөлөр” ушундай учурдан пайдаланып, өлүп жаткандарга кайгырып өкүрбөстөн, өз капчыгынын калыңдашын көздөп, Бишкекте мародерчулук кылышкан. Бул “чөөлөр” эртең эле өз партияларына каршы иш чыгарып жатканын жатканын унутуп, Бишкекти талап-тоношту. Бул иштер ошол ...

0 436

ЖКда Атамбаевдин кол тийбестиги каралат, бирок депутаттардын көбүн ал алып келген, кимдерди?

Атамбаевдин кол тийбестигин алып салууда ушул маселе козголду, кайсы партиядагы депутаттардын келиши үчүн Атамбаев ак батасын берген? Кээ бир депутаттардын айтуусунда “Ата-Мекен” партиясынан тышкары 5 фракциянын депутаттарын тандалган соң Атамбаев тарабынан кароодон өткөн. Мүмкүн, “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов: Игорь  Чудинов, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев сыяктуу депутаттарды Атамбаевдин кароосу жок эле өзүм алып келгем деп чыкты бул туурадыр. Кайсы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 208

Өзбекстандан келеби, Тажикстандан келеби дарбыз алсаңыз, сертификатын сураңыз

Илгери Салижан Жигитов дарбыздар жөнүндө ода жазган. Бирок Кыргызстанда дарбыздардын убагы келе элек. Азырынча Өзбекстан, Тажикстанда бышып келе баштаган дарбыздар же күнөөсканаларда бышкан дарбыздар сатыла баштады. Дарбыз каяктан бышса ошол жактан бышсын, бирок азыркы күндөгү дарбыз саткандар үчүн эмес, дарбыз алган көпчүлүк үчүн жакшы жаңылык, дарбыз аларда ким сатып жатат, каяктан сатып жатып, эскирип кетип ичти албайбы  дайынын билип алыш ...

0 369

Запкы көргөндөр Атамбаевди жамандаса мейли эле, ал бийликте турганда «бейиште» жашагандар да жамандай баштады

Усубалиевди эл акыны Майрамкан Абылкасымова, Атамбаевди депутат Иса Өмүркуловдор «Журт атасы» деп кошоматтанышты. Ал эми Акаевди маркум Барчынбек Бугубаев: «Эй кыргыздар Акаевди ата дейли» -деп коркутту. Кыргыздардын барынын жүрөгү түшүп кетип «Ата» дей баштады эле, жалгыз эле Саяковский чыгып Акаевди Ата десең, Майрамды мама деп ал деп сес көрсөттү. Атамбаевди «Журт атасы» деп даңазалап жүргөн  Иса Өмүркулов бүгүн Атамбаевди карап ...

0 367

“Азаттыктын” Раим Матраимов тууралуу иликтөөсүнө “5 канал” эмне деди?

“Өтүкчүнүн өтүк ултарганы дурус”, ар кимдин өз иши бар. Арийне, акыркы мезгилдерде саясатчысыбы, мурунку президентпи, же башка тармактын кызматкериби бардыгы журналист болуп кетишти. Туура, баары өзүн “кара пиардан” сактагысы келип жатат. “Азаттык” үн алгысы социалисттик идеологиянын эң башкы душманы болгон. Ошондуктан, “Азаттыкты” түптөгөн Азамат Алтайды угууга бир гана Кыргызстанда эмес, бүт чоң аймакта тыюу салынган. Заман өзгөрүлгөн соң, “Азаттык” суурулуп ...

0 280

Ташиев Ак үйдүн тосмосунан кайрадан секире алабы?

Камчыбек Ташиев бийликти алмаштыруу максатында 2012-жылдын 3-октябрында Ак үйдүн тосмосунан секирүүгө далалат кылган. Бул аракети үчүн Ташиевдердин үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов үчөө  сегиз ай “параша” жеп чыккан. Атамбаевдин сыртта жүргөнүнөн пайдаланып Курманбек Зулушев буларды актап жиберген. Ташиевди  Ак үйдүн тосмосунан секирүүгө эмне мажбур кылган? Мунун обьективдүү жана субьективдүү себептери бар. Субьективдүү себептери мындай: 1. Жеке адамдык ...

0 547

Улукбек элге сактаган, Албек миллион татканган, чет элге кеткен “Дастандан”...

“Дастан” ишканасы да Орусияга өтүп кеткен, мындай колун майлап туура эмес иш кылганы үчүн Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимов Кылмыш-Жаза кодексинин 171-беренеси боюнча ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу боюнча кылмыш иши козголгон. Деги эле Атамбаевдин убагында Бишкек мэрине жарыган жокпуз. Мурунку мэрлер Иса Өмүркулов, Кубаныч Кулматовдорго да кылмыш иши козголгон. СССР тараган соң жакшы завод -фабрикалар бүлүнүп, таланып тонолду, темир-тезектерин ...

0 549

“Кытыгыстан” – Атамбаев дагы эмнеге күнөөлүү?

ШОСко келген конокторду узатып  жатышып президент Жээнбеков менен премьер-министр Абылгазиевдин кызматтык машиналары капыстан кагылыша кетишет. Ошол замат учкан куштай жетип келген МАИ кызматкери менен экс-президент Атамбаев бул кырсыкка күнөөлүү болуп табылат.  Атамбаевди мейли күнөөлүү табышсын, өз кызматын аткарып жүргөн МАИ кызматкери күнөөлүү табылып кызматынан кол жууганы аянычтуу. Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

0 897

Акматбек Келдибеков эмне үчүн Атамбаевдин түшүнө кирет?

Алмазбек Атамбаев маймыл жылында туулган, Акматбек Келдибеков 60 жылда бир келген «огненный конь". Маймыл менен жылкынын кайнаса каны кошулбайт,  маймылдар шылдың болгондон башка эч нерсеге жарабай калат. 2011-жылы Өкмөт башчысы Алмаз Атамбаев болгон. Аны фракция лидерлери Текебаев, Кулов, Ташиев өкмөт башынан кетире турган болгондо, так ушул Келдибеков туура сөздү айтып коргоп калган. Ошондо Атамбаев: «Кыргыздарда үчкө бөлүнөт. Оңдон Акмат мырза спикер, ...

0 338

Ат-Башыда кар жаады, Салымбеков менен Жолдошбаевдин кар менен иши жок

«Зима не будет» деп коюшуп эле атбашылыктар жайдын дал ортосунда кар жаадыра берет. Ат-Башынын мыктылары Шайлообек Дүйшеев, Аскар Салымбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Шаки Абдыкеримов, Накен Касиев сыяктуулар Бишкекке корголоп, Ат-Башынын атын укканда качышат. Бишкекке келип алышып эки-экиден жулмалашып урушат. Ал эми Ат-Башынын 1936 Ватикан мамлекети бата турган жерин Кытайларга кармата беришти. Анан да Таластык ...

0 656

Кытайга Үзөңгү-Куушту бергени үчүн байып, башкаларды сасыктар деп Чүйдөн кубалаган Сариев

Темир Сариев аттуу өкмөт башчысы болгон, түпкү аталары Жумгалдан коллективдештирүү учурунда Чүйгө көчүп келишип, Солтонун Жоочалышына кошулган. «Жаманды коногу бийлейт» дегендей Cокулуктан оштуктарды кубалаган ушул болгон. Акаевдин заманында парламент депутаты катары Үзөңгү-Куушту Кытайга беребиз деп үзүлө чуркаган. Ал эмгеги үчүн азыр Бишкек мэриясынын айлана-тегерегиндеги Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин зор имаратты бүт менчикке ...

0 359

Алмазбек Атамбаев мурунку кесиптештери менен жолуга алган жок

Жакында эле Нур-Султан шаарында ЕврАзЭС мамлекеттерин жыйыны болду. Экс-президент Нурсултан Назарбаев бул жыйынга катышып, ЕврАзЭС тарабынан уюшулган чоң уюмга президент болуп, ага кошумча бүт түрктөрдүн да бир уюмуна жетекчи болду. Алмазбек Атамбаев ШОС болоор алдында элди дүрбөтүп митинг уюштурам деп жатып, өзүнүн мурунку кесиптештеринин алдына кадыр-баркы кеткендей. Ал эмес Атамбаев дос деп эсептеген ...

0 298

«Жаңы СССРди»  ким башкарат?

Замана кандай кары, кандай керең, Закымдап учкан сайын түбү терең. СССР өлкөсүнө ханды издеп, Ельцин. Б КМШга келет экен.   «СССРди» кыңк эткизбей башкарууга, Баш болуп СССРге жаш, карыга. Ишенген өз күчүнө «президенттер» Келсин  деп өзүн-өзү сындатууга.   Лукашенко президентке «дед» карап-карап, Кеп жебес президенттерди бирден санап. Эскерип Шушкевичти «самоотвод» деп, Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.   Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай, Келе албай турган экен ажо далай. Шарт эле жөнөйт экен угар менен, Пашинян  таланты зор, заади ...

0 204

Эки кишинин ичи дыркырап өтүп жаткандай бири Трамп, бири Атамбаев

ШКУнун болуп жаткан саммитинин учурунда эки кишинин ичи дыркырап өтүп жаткандай бири Трамп, бири Атамбаев. Трамп болсо көптөн бери ШКУнун атаандашына айланган Путиндин ар бир баскан изи Трамптын ичин өткөзүп, ичи күйгөндөн  туз эжалап жиберет. Ал эми Атамбаевге эмне жок, кечээ эле президент болуп туруп ШКУнун саммиттерин өткөзүп жүрбөдү беле. Бүгүн саммитке каршы боогону менен «богуна куурай» ...

0 223

50 млн калкы бар уйгурлар Кытайда бир автонмиялуу район, 3 млн калкы бар кыргыздар мамлекет

Байыркы замандарда кыргыз эли айыл-апа, тууган-туушкан болуп жашашкан. Бул адат азыр да элет жеринде сакталуу. Бирок шаарларда, райондун борборлорунда жана мурун башка улуттун өкүлдөрү жашап көчүп кеткен жерлерде кыргыз эли аралашып эле жашап калышты. Ошондуктан, кошунанын баркы көтөрүлүп калды. Айта турган оюбуз биздин кошуна мамлекеттер тууралуу. Кытай  Сооронбай Жээнбеков Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин ...

0 199

“Кытыгыстан” –ШОСко мүчө мамлекет башчылары кантип эс алышат?

Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары Бишкекте саммит өткөзүп жатат, бир кезде тыныгуу убакыт болуп калды. Кой көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жакшы черибизди жазып анекдот айтып алалы дешет.  Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары дайыма жолугуп бири-бирине анекдот жүрүшүп анекдотторду жатка билип калган. Ошондуктан, убакытты үнөмдөш үчүн анекдотторго номер коюп алышкан. Орусиянын мамлекет башчысы Путин анекдот баштайт: -Жыйырма эки! –дейт, угуп отургандар ...

0 219

Сагынбаеваны сагынсаңыздар Батукаевге бата берген ошол

Сагынбаева Саламаттыкты сактоо министри болуп туруп: “Азиз Батукаев өлгөнү калды, аны бошотбосок болбойт” –деп, медициналык бүтүм чыгартып, боштондукка чыгарган. Ал кезде президент Алмазбек Атамбаев болгон, ал эми анын экинчи аялы Раиса Атамбаева Татарстанга барып, ошол кезде ал жактын президенти Миннихановго : “ Душа моя Татарстан” -деп чыйылдаган. Чыйылдаса чыйылдай берсин, бирок ал кезде ал президенттин жубайы эле да, болгондо да ...

0 260

Кары келсе парламентке, жаш келсе ишке

Карылардын ичинде да мыктылар бар. Ошол мыктылардын бири Мыктыбек Абдылдаев. Созолонуп ырдаган Абдылдаев совет мамлекетинен бери келаткан “бийлик сүйгөн” алмашкыс кадр. Өзүн гана ойлобойт ага-инилерин бийлик тарапка вице-премьер, депутат,  Бишкекке мэр кыла жүрөт. Акаев президент кезинде Мыктыбек Абдылдаев Башкы прокурор эле, бирок эмнегедир Бакиевдин учурунда президенттик аппаратты башкарып орун басары Медет Садыркуловго бийликти бийлетип койгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясына ыйлактап жатып, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 204

Парламент эми каникулга кетер алдында ойгонду

Зеленский комик болсо да Украинада Порошенконун ордун алып президент болду. Эң биринчи аракети парламентти жайлады, анткени Рада мурунку президент Порошенконун парламенти экен. Бизде болсо кандай? 2017-жылы 24 – августта ал кезде президентке талапкер болуп жаткан Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысынан кетти. Анын ордуна Сапар Исаков өкмөт башчысына көрсөтүлдү. Парламентте отурган депутаттар 99 пайыз менен жүздөрү кызарбай Сапар Исаковдун талапкердигин колдоп беришти. ...

0 290

Матраимовду колдогон Атамбаев, эмнеге анын артынан “кара пиар” издеп калды?

Улукбек Ормонов, Раим Матраимовдор элге жакшылык кылып жатат. Ушул кезге чейин Алмазбек Атамбаев атасы Шаршенге элди чакырып куран окутту деген кеп жок. Окутпаса койсун, илгери ал президент кезинде айт күнү  Чүйдүн губернатору айтылуу трайбалист Кеңеш Кулматовдун улуу Кубанычбек Кулматов барат. Албетте, Кубанычбек мырза илгери Кыргызстандын прокурорунун орун басары болуп туруп, Токмоктогу “мафиянын” ана башы  Бостоновду колдогон апасы Сакен Кыдыралиевадан ...

0 373

ШОСко мамлекет жетекчилери келди, Атамбаевдин “сөөлөтү” жок го?

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султанда ЕврАзЭСтин  жыйыны болду. Экс-президент Нурсултан Назарбаевди чакырышып, Белорус мамлекет башчысы Александр Лукашенко аны мактады эле,  отургандардын оозу ачылып калды. Лукашенко ар кимди мактай бербейт, ал Бээжинге Си Цзиньпиндин чакыруусу менен чоң форумга барып, бирок аягын күтпөй кетип калган. Анын себебин талдоочулар Путин менен кайым айтыша кеткенине байланыштырган. Нур-Султанга барып Нурсултан акени өлө мактаганы, балким Путин менен ...

0 414

Атамбаевдин калпы жана чындыгы (экс-президенттин сөзүн талдайбыз)

11-июнь 2019, 11:18 Кызгалдак Жакыпова

8-июнда КСДП партиясы “Коррупция менен реалдуу күрөш!” деген аталыштагы митингин өткөрдү. “Форумга” чогулгандар өтө көп болгон жок. Митинг “отуруу” форматында өттү. Сахнанын ролун аткарган тепкичтин айланасына, жанына отургучтар коюлуп, ал жакка митингчилер отурушту. Партиянын активисттери, Атамбаевдин камактагы жакын адамдарынын туугандары жана алардын жактоочулары сөз сүйлөштү. Атамбаев эң акырында чыгып, эки тилде 40 мүнөткө жакын сүйлөдү. Бул тууралуу Elgezit.kg маалымат агенттиги ...

0 955

Соттун «Телибай тентеги» Арабаев «араалаган» Кытайлык бизнесменге ыдык көрсөткөн Маманов качан бошотулат?

11-июнь 2019, 06:34 Кызгалдак Жакыпова

 Манас Арабаев сотту тескеп турганда жалаа менен далайлар камалып кеткен. Кыргыз олигархтарынын ичинен таланттарды колдогон Рустам Маманов сыяктуу жана элден жеген акчасын ач көздүк менен эч кимге жылдырбаган, «Чык татытпас Чынарбайлар» акча үчүн жанталашып өлө турган сасыкбай көпөстөр да бар. Рустам Маманов көп таланттарды колдоду. Мисалы, Келдибек Ниязовду, Асель Турдалиеваны, Бек Борбиевди, Рахман Разыковду, Гүлнара Кахарованы, Диля Момунованы, «Бешилик"- куудулдар ...

0 1892

Батукаев камалып жатып кыргыздардын кулагын кессе, камактан соң 6 жылдан кийин Батукаев тууралуу сурак бергендер сунала баштады

10-июнь 2019, 18:50 Кызгалдак Жакыпова

Эмне атка минерлер камак десе эле ооруп калышабы же чын эле атка минерлер оорукчанбы? Батукаевди бошотууга активдүү катышкан ал кездеги Башкы прокурор Аида Салянова камакта жатып ооруп калса, ал кездеги ЖАМКтын ачендиги, аны узатууга узанып киришкен Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын реанимиция бөлүмүндө жатып калды. Эгер Батукаев боюнча суракка барбаса анда ...

0 1869

Ирсалиевдердин ыры чыга баштады, анткени таякеси Абылгазиев тайап, Соцфондду менчиктештирип алгандай

10-июнь 2019, 15:50 Кызгалдак Жакыпова

Абылгазиев тууганчыл өкмөт башчысы экенин элдин бары билет. Ал жээндерине «кукловод»  экенине дагы бир далил. Анын жээни Рахатбек Ирсалиев Акылбек Жапаровдун кланын тоңкойто чаап, Кочкордон бир нече ирет депутат болгон. Бабанов Өмүрбектин өмүрлөш досу, бирок негедир өз досун эмес 2017-жылы президентттик шайлоодо Атамбаевди колдоп, Бабановго каршы чыккан. Анткени СДПК мүчөсү, "Юнис-Курулуш" курулуш компаниясынын, "Альба", “Стройиндустрия”,  Wintech  ишканаларын, Кочкор автовокзалын менчиктештирип ...

0 474

Чыңгыз чексиздикке кетти, бирок зор таланты менен кыргыз элинин жаман жактарын дүйнөгө таратып кетти...

10-июнь 2019, 12:34 Кызгалдак Жакыпова

Ал компартияны сындап, бирок компартиядан жакшылык көргөн СССРдеги бирден-бир адам. Сталин, Хрущевдер  Бунин, Куприн, Булгаков, Ахматова, Пастернак сыяктуу партияны сындагандарды сыздатчу. Бир гана Айтматов өз учурунда пайдаланып кетти. Ажал кайра чексиздикке алып кетет. Демек, Айтматов да чексиздикке кетти. Орустун улуу акыны Пушкин өз өмүрүндө жыргаган эмес, аялы көзүнө чөп салган, Дантес аны эркектин катарынан чыгарып “мүйүздүү” кылып, ит аткандай атып ...

0 548

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: Кимдер каршы, кимдер колдойт?

10-июнь 2019, 09:03 Кызгалдак Жакыпова

Президент менен өкмөт башчысынын пикири эки башка болгону биздин мамлекетте эле болсо керек. Бул темир жол курулуп калса Кытайдан Европага поюздар бажактап каттап калат,ортодо Кыргызстандын бюджетине 2 млрд түшүп турат. Эгер Кытайдын стандартындагы темир жолдон биздин стандаттагы темир жолго жүктү оодарыш үчүн станция Кыргызстанга курулса эл жумуш менен камсыз болот. Кытай океанды айланып же Орусия, Казакстан аркылуу ...

0 2249

Айтбаевдер өздөрүн ак сөөк сезишип, балдарын эмнеге эл менен ойноттурган эмес?

10-июнь 2019, 06:26 Кызгалдак Жакыпова

Президенттер Жээнбеков, Атамбаев, Бакиев, Акаев, биринчи секретарлар Масалиев, Усубалиев, Раззаковдор калың элдин катмарынан чыгышкан. Ал эми Айтбаевдер өздөрүн ак сөөк сезишип, балдарын эл менен ойноттурган эмес? Алардын тарбиясында эшке чыгып булганыч, сасыган көчөдөгү балдар менен ойноо уят болгон. Айтбаевдерге ак сөөк атка минерлердин балдары менен гана “интеллигенттүү” ойношуп, “ таптаза” жүрүш керек болгон. Деги Айтбаевдер деген ким? Совет учурунда Сыдыгалы ...

0 2807

“Эки дөө кармашса, ортосундагы кара чымын же президент “өлөт”

09-июнь 2019, 09:51 Кызгалдак Жакыпова

Биз билгени Салымбеков канча президент менен иштешпеди. Эми да парламенттик шайлоонун босогосунда турабыз. “Эмгек” партиясы козголобу,козголсо ким менен жарышка чыгат? Же азык элинин дагы бир “азуулуусу”, Ош базар менен Кара-Кеченин көмүрүнөн төө көтөрө алгыс дүнүйө жыйнап, автобуска эл менен кошо түшкөн депутаттарга боору ооруган үкасы ак шейшеп жамынып, “арбак” болуп чыга калбайбы деп чоочуйбу? Салымбеков “Дордойу” менен жүз миңдеген кыргыздарды ...

0 941

“Жылкыга карап ышкырган” жылкы мүнөз Жылкыбаевдин “жылымтык” осурагы Ошту жыргатабы?

08-июнь 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

“Жылымтык” осурак сасык болот, жылымтык Жылкыбаев жылып Атамбаевге, жылып Жээнбековго кирип жүрүп Ошто ордун бекемдеп алды. “Жылкыга карап ышкырып, акчага карап иш кылган” Жылкыбаев Бостерини боздотуп, “бүргөнүн майын сызгырып, кумурсканын ичегисин артып жүрүп” элдин байлыгын топтоп алган. Байлык болгон соң бийликке жулунуп Эмилбек Каптагаевди капталынан мыкчып түшүп Ысык-Көлгө губернатор болгон, машинасын жөн айдай албаган Жылкыбаев ГАИлерге кор болуп жүрүп Атамбаевдин ...

0 847

Мамлекеттик кызматкерлер каякка барышат?

08-июнь 2019, 07:37 Кызгалдак Жакыпова

Санай берсек тизме көп, булардын кимиси “абийир туткуну” (узник совести), кимиси коррупционер болгон: Атамбаев Алмазбек –Экс-президент, Жээнбековдун заманында куугунтукталды. Отунбаева Роза –Экс-президент, Атамбаевдин заманында куугунтукталды. Бакиев Курманбек –Экс-президент, Отунбаеванын заманында куугунтукталды. Акаев Аскар –Экс-президент, Бакиевдин заманында куугунтукталды. Текебаев Өмүрбек –Экс-спикер, Атамбаевдин заманында камалды. Келдибеков Акматбек –Экс-спикер, Атамбаевдин заманында камалды. Нарматова Надира –Экс- вице-спикер, Атамбаевдин заманында куугунтукталды. Бабанов Өмүрбек –Экс-премьер, Атамбаевдин заманында куугунтукталды. Исаков Сапар –Экс-премьер, Жээнбековдун заманында камалды. Сатыбалдиев Жантөрө ...

0 573

Миллиардаган дайны жок жоголгон акча эми 8-июнда митингде чачылабы?

07-июнь 2019, 11:34 Кызгалдак Жакыпова

КСДП партиясы 8-июнда саат 11-де «Форумдун» имаратынын алдында өлкөбүздө жүрүп аткан коррупцияга каршы күрөшкө каршы митинг болот. АША КСДП партиясынын төрагалыгынан да, мүчөлүгүнөн да кеткенин жар салган. Бирок КСДП партиясынын жетекчиси башка, штаб жетекчиси Фарид Ниязов 8-июнда боло турган митингге өзүнүн жеке кызыкчылыгында өткөрө турган митингине көбүрөөк адам топтоо үчүн киши башына 5000 сомдон акча таратып жатат имиш деген кеп ...

0 589

Абылгазиевдин жээнин шайлоочулар жетекчиликке өткөзбөй коюшту

07-июнь 2019, 10:27 Кызгалдак Жакыпова

Чаян эң жырткыч жаныбар, алар төрөлө элек жатып энесинин ашказанын тешип чыгышат. Киши - чаяндар андан да коркунучтуу, алар бийлик тепкичинен өсүшүнө колдоо көрсөткөн адамдарды “кидать” этип чоң мансапка жетишет. Анан жыбыратып кийинки кызматтарга тууган-уруктарын чогулта баштайт. Абылгазиевдин чоң атасы багып алган жээни Саралаевди, ал элге жек көрүмдү болуп политехтен кубаланып келсе да, философия институтуна директор кылыш үчүн тиешелүү адамдар ...

0 1000

Уран унутулуп баратканда Абылгазиев уран кенин иштетүүнү баштаган жатабы?

07-июнь 2019, 07:51 Кызгалдак Жакыпова

Абылгазиев тоо-кен тармагындагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Премьер-министр бир катар кендерди ишке киргизүү процессин тездетүүнү, инвесторлорго көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жана четтетүүгө аракеттешүүнү тапшырды. Ал кен, өнөр жай министри Эмил Осмонбетовду катуу каарып, тиешелүү көрсөтмөлөрдү берип, ишке киргизиле турган ар бир кенге “урунттуу” жетекчини бекитүүнү жана аларга жеке жоопкерчиликти жүктөөнү талап кылды. «Кен иштетүүгө сынактарды өткөрүүнүн ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 710

Кытайлык гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом, мурдун балта кеспеген унаа министри Жанат Бейшеновдун улутташтары 8 миң сом алат

07-июнь 2019, 05:45 Кызгалдак Жакыпова

Кытай 7-июнда чек арасын жабат, биротоло жаап салсын кытайлыктарын кийирбей. Анткени, Кыргызстанда кытайлык гараж башчысы 800 миң сом алат экен, кыргыздардын орточо айлыгы 8000 сом, андан да аз алат. Аудиттин эсептегенине караганда Бишкек—Кара-Балта жолунда иштеген гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом же 11 миң 500 доллар, заправщиктин айлыгы 400 миң сом же 5700 доллар экен. Булардын көзөмөлүндө 10 эле машина ...

0 806

Путин берген “байталды”,  кыргыздар пайдаланганы байкалды

06-июнь 2019, 15:12 Кызгалдак Жакыпова

Былтыркы жылдын аягы менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп Аликбек Жекшенкулов дайындалган, ал дайындалар менен Москваны көздөй сызып, Путинди Кыргызстанга алып келүүгө даярдыктар башталган. 2019-жылдын мартында Путиндин Бишкекке иш сапарынын алдында орус тарап кыргыз мигранттарына мунапыс жарыялай турган чечим чыгарган. Мамлекеттик миграциялык кызматтын айтымына караганда, Орусияда коркунучка кабылган 200 миң Кыргызстандын жараны жашай турган. Бул мунапысты 105 миң кыргызстандык пайдаланып, дагы ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83